Кайта келүү

Коомдук консультациялардын жыйынтыгы боюнча сунуштардын жана жооптордун 

РЕЕСТРИ 

- 2022-жылдын 11-мартындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14-50-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө, ошондой эле кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу тууралуу билдирүү 

 

Каттоо номери 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Автор (коомдук консультацияга катышуучу) 

Алынган күн 

Иштеп чыккан органдын позициясы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ушул Жобонун 2-главасынын 7-пунктуна ылайык таасир этүү чаралары бузуулардын абалына, татаалдыгына, олуттуулугуна жана төлөм системасынын пайдалануучуларына жана катышуучуларына тийгизген кесепетине жараша колдонулат. Таасир этүү чараларын колдонууда алардын кезектүүлүгү жана ырааттуулугу каралбайт. Улуттук банк бир бузуу үчүн бир нече таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

Төлөм системасы институту Кыргызстанда калыптануу жолунда бара жаткандыгын эске алып, мыйзам бузуулар аныкталган учурда, алгач "жазма буйрук" түрүндө таасир этүү чарасын колдонууну, жазма буйруктар өз убагында аткарылбаган учурда, таасир этүү чараларын колдонууда кезектүүлүктү жана ырааттуулукту эске алуу менен айып пул түрүндө таасир этүү чарасын колдонууну жана Улуттук банктын төлөм системаларына карата бир бузуу үчүн бир нече таасир этүү чараларын колдонууга мүмкүнчүлүк берген жоболордун ченемин алып салууну сунуштайбыз. Алсак, жогору юридикалык күчкө ээ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-беренесинин 3-бөлүгүндө бир эле укук бузуу үчүн эч ким эки жолу юридикалык жоопкерчилик тартпашы керектиги белгиленген. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3 жана 4-бөлүгүндө адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин чектеген, мыйзам негизинде чыгарылган ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат. Мыйзамга ылайык адам укуктарын жана эркиндигин башка максаттарда жана Конституцияда каралгандан да жогору деңгээлде чектөөлөрдү белгилөөгө жол берилбейт. 

Ошондой эле жогоруда аталган Жобонун 10, 11-пункттарында каралган айып пулдун суммасын алар максатка ылайыксыздыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесинде каралган адилеттүүлүк принцибине карама-каршы келген жана кызмат адамынын багуусунда турган адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын бузган катары кайра карап чыгуу зарыл. Кызмат адамдарына ири өлчөмдө айып пул салуу, негизинен, анын эч кандай күнөөсү жок үй-бүлө мүчөлөрүнө, багуусундагы адамдарга колдонулган жаза болуп саналат. 

Демек, жогоруда аталган Жобонун 11-пунктуна ылайык, төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлорунун кызмат адамдарына бул уюмдагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн (кызматтык маяна, сыйлыктар, бонустар ж.б.) кошкондо, жылдык орточо сый акыдан ашпаган өлчөмдө, анын 30 пайызынан 50 пайызына чейин айып салынат. 

Мыйзамдын негизинде чыгарылган ченемдик актылар алдында артыкчылыктуу юридикалык күчкө ээ Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык, өндүрүүнү жүргүзүүдө адилеттүүлүк принцибин сактоо максатында, жол берилген укук бузуу мүнөзү, келтирилген зыян өлчөмү, жеңилдетүүчү же болбосо татаалдатуучу жагдайлар, ал эми жеке адамдар боюнча укук бузуучунун инсандыгы да эске алынат. 

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 468-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого алат жана ушул Кодекстин 299-306, 323-беренелеринде жана 355-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган өндүрүү жүргүзүлөт. Жогоруда белгиленген беренелердеги санкцияларга ылайык, жеке адамдарга карата (же болбосо укук бузууга жараша кызмат адамына, юридикалык жакка карата) 570 эсептик көрсөткүчкө чейин 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул белгиленет.  

Жогоруда аталган Жобого ылайык, төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айып пул активдердин баланстык наркынан (акыркы отчеттук күнгө карата) 10 (он) пайыздан ашпаган өлчөмдө, ал эми алардын кызмат адамдарына карата кызмат адамдардын орточо жылдык сый акы өлчөмүн, анын ичинде ошол уюмдагы бардык төлөө түрлөрүн (кызматтык эмгек акы, сый акылар, бонустар ж.б.) эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси боюнча колдонулуучу өндүрүү өлчөмүнөн ашкан орточо жылдык сый акынын 30 пайызынан 50 пайызына чейинки өлчөмдө колдонулат.  

Сый акыларды, бонустарды кошо алганда, эмгек акы өлчөмү ар бир уюм тарабынан өз алдынча аныктала тургандыктан, ар башка юридикалык жактардын кызмат адамдарына карата ошол эле бузуу үчүн бирдей эмес таасир этүү чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. 

Жогоруда белгиленгендерди эске алуу менен төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата айып пул өлчөмүн аныктоо принциби кайра кароого алынсын, алар эсептик көрсөткүч түрүндө берилсин жана Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык 570 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган айып пул өлчөмү белгиленсин.  

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы №206 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо гаранты катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жогоруда белгиленген сын-пикирлер жана сунуштарды эске алышын өтүнөбүз. 

Ушул Жобонун 2-главасынын 7-пунктуна ылайык, Улуттук банк бир бузуу үчүн бир нече таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

Бул ченем Кыргыз Республикасынын кодекстеринин деңгээлинде бекитилген укук бузуулар үчүн жазаларды колдонуунун негизги принциптерине карама-каршы келет: мисалы, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде төмөнкүдөй көрсөтүлгөн: 

11-берене. Адилеттүүлүк принциби 

1. Ушул Кодекстин негизинде адамга карата колдонулуучу жаза чарасы жасалган укук бузуунун мүнөзүнө жана аны жасоо жагдайларына ылайык келүүгө тийиш. 

2. Бир эле укук бузуу үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт. 

Таасир этүү чараларын таасирлердин, чара көрүүлөрдүн натыйжаларынын «күчөшү» тартибинде колдонууну сунуштайбыз. Чараларды колдонуу ортосунда 2-чараны колдонууга чейин 1-чара колдонулгандан кийинки кырдаалды баалоо үчүн мезгил аралыгы камтылышы мүмкүн. 

Ошондой эле, банктарга карата таасир этүү чаралары боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралгандай, жобого Банктар жөнүндө мыйзамдан ченемди жазуу: 

Таасир этүү чарасы Улуттук банк тарабынан мыйзам бузуулар табылган күндөн тартып 12 (он эки) айдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн. Мында, финансылык же башка отчетторду бербөө же маалыматты, финансылык же башка отчетторду же маалыматтарды өз убагында/ туура эмес/ толук эмес берүү бөлүгүндө мыйзам бузуулар табылган күн деп Улуттук банктын тиешелүү маалыматтарын/отчетторун/маалыматтарын алган күндү түшүнүүгө болот. 

Ушул Жобонун 2-главасынын 10-пунктуна ылайык, Улуттук банк төлөм системасынын операторлоруна/ төлөм уюмдарына айып пул салууга укуктуу. 

Төмөнкү учурларда төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлоруна төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлорунун активдеринин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө (акыркы отчеттук күнгө карата) айып пул салынат: 

- Улуттук банктын жазма буйругун аткарбоо; 

- финансылык же башка отчётту системалуу түрдө (12 ырааттуу календардык айдын ичинде 2 жана андан көп жолу) бербөө же өз убагында/туура эмес/ толук эмес маалымат, финансылык же башка отчёт же маалымат берүү

Сунуштар: 

- жаңы технологияларды киргизүүдөн, жумушчу капиталдын кымбатташынан улам активдердин баланстык наркы жогорулагандыктан 7% чейин төмөндөтүү

- катары менен 3 же андан көп жолу өзгөртүү

- өз убагында эместик критерийи графиктен 2 жумуш күндөн ашса алып салуу, анткени отчёттун формасы өзгөрүп турат. 

Бул жобонун 2-главасынын 14-пунктуна ылайык, Улуттук банк төмөнкү учурларда төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлорунун кызмат адамдарын четтетүүгө же алмаштырууну талап кылууга укуктуу: 

- кызмат адамдарынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе же кызматтык милдеттерин аткарбаса/талаптыгадай аткарбаса; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы №25/8 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатына ылайык төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө талаптагыдай ишке ашырылбаса; 

- кызмат адамдарынын ошол уюмдун башкаруу органдарынын жана төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу боюнча жөнгө салуу органдарынын буйрууларын уставга ылайык аткарылышын камсыздоого жөндөмсүздүгү

- аффилирленген жана алар менен байланыштуу жактар менен операцияларды Улуттук банктын талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен ишке ашыруу; 

- төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары же алардын башкаруу органдары/кызмат адамдары Улуттук банкка маалыматты сунуштабагандыгы же болбосо өз убагында сунуштабагандыгы/такталбаган/толук эмес маалыматты сунуштагандыгы; 

- Улуттук банкка отчетторду сунуштабагандыгы же болбосо өз убагында сунуштабагандыгы, такталбаган же толук эмес маалыматты сунуштагандыгы; 

Сунуштар: 

Өз убагында сунушталбагандыгы критерийлери отчеттордун формалары өзгөрүп тургандыктан 3 жана андан көп күндөр алынып салынсын, бул дайыма талаш жаратышы мүмкүн. 

Р. Алишев  

«KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Е. Воронцова  

«Баланс КГ» ЖЧК  

 

 

 

 

2022-ж. 22.03.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2022-ж. 23.03 

Сунуштар жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөнүн алкагында каралат.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сунуштар жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөнүн алкагында каралат.