Кайта келүү

Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштардын жана жооптордун реестри - кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын кабыл алуу максатында, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы №2019-П-14/62-5(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 2022-жылдын 18-мартындагы билдирүү 

Сунуштардын жана жооптордун  

РЕЕСТРИ  

 

Каттоо номери 

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) 

Алынган күн 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы 

«Региональные платежные системы» ЖЧК  

2022-жылдын 25-мартындагы 

 

Исх.№15-03-2022  

Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринде (Траст-код) (мындан ары - Эрежелер) төлөм провайдеринин хост аты катары, демейки шартта pay.payqr.kg доменди колдонуу сунушталат, анда «МПЦ» ЖАК өз ара иш алып баруу оператору домени көрсөтүлөт. 

1. Төлөм провайдеринин хост аты 

Мындай ыкмада, эрежелер төлөм уюмдарын негизги төлөм өткөрүүчү катары QR-коддо өз ара иш алып баруу операторун ишке багыттоого мажбурлашат. QR-коддорун сканерден өткөрүү механизмдеринин техникалык ишке ашырылышын жана мобилдик түзүлүштөрдүн операциялык системаларында баштапкы абалы боюнча тиркемелерди туташтыруу боюнча кеӊири ачып бербестен, мындай ыкма төлөөчүнү адаштырышы мүмкүн деп айтууга болот. Анткени операциялык система төлөм жүргүзүү үчүн ар кандай тиркемелерди сунушташы мүмкүн. Өз ара иш алып баруу операторлору аркылуу төлөм QR-код «ээси» төлөм уюму аркылуу өткөрүлгөнгө караганда алда канча кымбат болорун эске алуу зарыл, анткени мындай төлөмдөр төлөөчүгө да, соода-тейлөө ишканалары үчүн дагы пайда алып келбейт. Ал тургай, төлөөчүгө тандоо укугу берилген учурда дагы, ал дайым эле туура тандоо жасай албайт жана акырында, төлөм жасоодон баш тартышы мүмкүн. 

Өз ара иш алып баруу оператору тарабынан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча функцияларды монополиялаштыруудан төлөмдөрдү жүргүзүүнүн альтернативдүү ыкмасына жана интероперабелдүүлүк инструменти жагына басымды багыттоо үчүн Коом Эрежелерге төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт: 

· Төлөм провайдеринин хост аты катары, төлөм уюмунун доменин QR-код «ээсин» (ким топтоштурган) колдонуу; 

· Төлөм жүргүзүүнүн альтернативдүү ыкмасын камсыз кыла турган өз ара иш алып баруу операторлорунун жана башка катышуучулардын домендери 32 тэгдин 14 тэгинде үтүр аркылуу көрсөтүү (бул тэг EMV стандартында берилген жана каалаган багыты боюнча колдонууга жеткиликтүү, улуттук стандартта бул тэг тартылган колдонууга киргизилген эмес). Мисалы: «ipc.kg,otherpaysys.kg». 

 

2. Катышуучулардын иерархиясы 

Сунуш кылынган өз ара иш алып баруу схемасын ишке ашырууда төлөм уюмдары өз ара иш алып баруу операторунун тике катышуучусу боло албайт, ал катышуучу банк алдында гана субкатышуучу гана болуп калышы мүмкүн. Мындай ишке ашырууда төлөм жүргүзүү схемасында кошумча звено гана кошулбастан, комиссиялык кирешенин кошумча алуучусу дагы кошулат, бул төлөмдүн наркы кымбатташына алып келет.  

Бул QR-коддору аркылуу төлөм идеясынын өзүн нивелирлөөнү жүзөгө ашырат, ал эквайринг кызмат көрсөтүүлөрүнө соода-тейлөө ишканаларынын чыгашаларын олуттуу кыскартууга, ошондой эле төлөөчүлөрдөн кошумча жыйымдарды албоо үчүн каралган. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Компания төлөм уюмдарына өз ара иш алып баруу операторуна түз туташуу мүмкүнчүлүгүнө уруксат берүү жагын кароону сунуштайт. Мындай учурда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл: төлөм уюмдарына Улуттук банкта корреспонденттик эсептерди ачууга, ПКС жана/же ГСРРВга туташуу мүмкүнчүлүгүн берүү же болбосо, агент банк аркылуу өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү. Агент банктын кызматтары, адатта, белгиленген наркы боюнча бааланат, бул төлөмдүн наркына олуттуу таасирин тийгизбеши керек. Ошондой эле, мындай мамиле банктардын төлөм уюмдарына карата өз кызыкчылыгындагы мамилени жокко чыгарат. 

2. 3. Тариф саясаты 

Акыркы жолугушууда БПБ тариф саясаты жана операциялык эрежелери дагы деле иштелип чыгып жаткандыгына шилтеме берүү менен тарифтер боюнча бизге толук маалымат берилген эмес.  

Төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда тарифтерди түзүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Коом максималдуу түрдө толук берилген тарифтик саясатты иштеп чыгуу жана бекитүү мүмкүнчүлүгүн карап берүүнү өтүнөт, анда төлөм жүргүзүүгө жана анын акыркы наркын түзүүгө катышкан бардык төмөнкү жана жогорку комиссиялык чектер так жазылган.  

Сын-пикирлер жана сунуштар ченемдик укуктук актынын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү иштеп чыгуунун алкагында каралат. 

2. 

«Грин Телеком Сервис» ЖЧК  

2022-жылдын 25-мартындагы 

 

№ 183  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) QR-коддорун колдонуучу операторлорду интеграциялоо боюнча катуу талап коюу демилгеси эркин рынок мамилелеринин принциптерине жооп бербейт жана субъекттердин тике коммерциялык таламдарына зыян келтирүү менен сектордун ашыкча жөнгө салынышына алып келет деп эсептейбиз. Ошол эле учурда, Улуттук банк сунуш кылган модель коммерциялык субъект тарабынан башка коммерциялык субъектти ачык экономикалык мааниси жок төлөм инфратүзүмүн түзүү үчүн пайдаланылган ресурстар түрүндө субсидиялоо зарылчылыгына алып келет жана жөнгө салуучу орган тарабынан бизнес-түзүмгө басым жасоо катары чечмелениши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен өбөлгөлөөчү механизмдерди ишке тартуу менен, QR-коддорун колдонуу төлөмдөрүн өнүктүрүү методдорун кайрадан карап чыгуу сунушталат. 

2. Байланышсыз төлөмдөрдү жана интероперабелдүүлүктү өнүктүрүүнүн билдирилген максаттары Улуттук банктын жөнгө салуу ишиндеги МПА аркылуу электрондук капчыкты толуктоого тыюу салууну сактоо боюнча терс тенденциясына дал келбейт. Бул тыюу салууну сактоодо, эгерде электрондук капчыкка төлөмдү кабыл алуу контрагент тарабынан жүзөгө ашырылса, пайдалануучунун төлөм булагын тандоодо чектөө механизми түшүнүксүз, бул пайдалануучулардын олуттуу үлүшүн чектейт. Учурда электрондук акча жөнүндө жобого өзгөртүүлөр каралып жаткандыгын эске алуу менен, электрондук капчыкты МПА аркылуу толуктоого тыюу салууну финансы секторун өнүктүрүүгө, анын ичинде QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөргө зыян келтирүүчү катары жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталат. 

3. «Өз ара иш алып баруу оператору» долбооруна катышуунун экономикалык маанисин негиздөө максатында "БПБ" ЖАК тарабынан бардык белгиленген катышуучулардын экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен тарифтердин матрицасын деталдаштыруу сунушталат. 

4. «БПБ» ЖАК «Өз ара иш алып баруу оператору» долбоорунун соода-тейлөө ишканалары (ТСП) үчүн комиссияларды белгилөө жагында чектөөлөрдү белгилөөгө макул эмес. Биринчи кезекте, төлөм уюмунун соода-тейлөө ишканалары менен өз ара мамилелердин регламенти маселеси "Өз ара иш алып баруу оператору" долбоорунун тике субъектиси болуп саналбайт жана өз ишин алынган кирешелердин эсебинен жүзөгө ашырган коммерциялык субъект катары төлөм уюмунун кызыкчылыктарына түздөн-түз таасир этет деп эсептейбиз. Ошол эле учурда, белгиленген демилгелерди эске алуу менен QR-коддору аркылуу мамлекеттик төлөмдөрдүн корутундуларын, мындай төлөмдөргө карата чектүү чектөөлөрдү белгилөө максималдуу түрдө мүмкүн деп эсептейбиз. 

5. QR-код түзүмүн стандартташтыруу бөлүгүндө (2022-жылдын 1-июнуна чейин) шайкеш келтирүү боюнча сунушталган мөөнөттөр өтө эле оптимисттик болуп саналат. Программадан баштап, соода-тейлөө ишканаларынын кабыл алуу жайларында POS-материалдарды алмаштыруу менен аяктаган олуттуу өзгөртүүлөр талап кылынарын эске алуу зарыл. Ушуга байланыштуу системалар аралык интеграциянын жана коддорду стандартташтыруунун этаптуу мөөнөттөрүн кыйла реалдуу катары кароо сунушталууда. 

· 2022-жылдын 1-августуна чейин, учурдагы түзүм сыяктуу эле коддун унификацияланган түзүмү менен да, QR-код кодун колдонуу менен тутумдар аралык интеграцияны ишке ашыруу; 

• 2022-жылдын 31-декабрына чейин талаптарга ылайык QR-коддорун унификациялоо боюнча иш-чараларды аяктоо, анын ичинде жаңы стандарт менен иштөөгө өнөктөштөрдү которуу. 

6. Мындан тышкары, азыркы учурдагы Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелериндеги http://pay.payqr.kg мобилдик төлөм тиркемеси (бардык операциялык тутумдарда) домен менен байланышты автоматтык түрдө ишке багыттоо керек" деген коддун түзүмүнө карата талапка таптакыр каршыбыз. Ушуга байланыштуу коддун түзүмүнө болгон талаптарды кайра карап чыгууну сунуштайбыз.  

Сын-пикирлер жана сунуштар ченемдик укуктук актынын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү иштеп чыгуунун алкагында каралат. 

 

3. 

«Баланс КГ» ЖЧК  

2022-жылдын  

26-мартындагы 

 

Исх.№ 46/22 

1. Бул долбоор биз менен соода-тейлөө ишканалары менен орточо комиссия 2%ды түзгөн учурдагы бизнес кырдаалында салыштырылат. Ошол эле учурда, биз акчаны тартууга 0,75% түз транзакциялык чыгашаларга дуушар болобуз. Мындан тышкары, жарнама, илгерилетүү, ФОТ, ИТ, РКО жана кардарларды колдоо түрүндө туруктуу чыгашалар бар. Бүгүнкү күндө бизнес терс жана маржанын жогорулашы кардарлардын базасын жана филиалдык тармакты масштабдаштыруу шартында мүмкүн. 

Сунушталган долбоордо шарттар кырдаалды начарлатууга багытталган, анткени банктын комиссиясы жана "БПБ" ЖАКтын комиссиясы түрүндө чектөөлөр жана кошумча чыгашалар келип чыгат, бул уюмдун финансылык абалын ого бетер начарлатат. Бул схемада кошумча банктардын пайда болушу иш жүзүндө эки жолу транзакциялык жыйымга алып келээрин белгилей кетүү керек, анткени катышуучу банк бүгүнкү күндө РКО жана соода тейлөө ишканаларынан киреше алып жатат.  

2. Жаңы чыгашалардан улам, рыноктун оюнчуларына өнөктөштүк тармакты өнүктүрүү жана тейлөө пайдалуу болбойт, анткени бирдиктүү QR бренд баалуулугун нивелирлейт жана тармакты өнүктүрүүнүн операциялык чыгымдары киреше менен жабылбайт. Бул учурда, рынокто эч ким соода-тейлөө ишканаларын жана QR коддорду өнүктүрүүгө кызыкдар болбойт. Эгрде оюнчулар соода-тейлөө ишканаларынын учурдагы тармагын колдоону чечишсе, анда бирдиктүү QR иштейт, бирок соода-тейлөө ишканаларынын комиссиясы төлөм жасалган тиркемеге жараша белгиленет. (Мисалы: соода-тейлөө ишканасы үчүн аны менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча келишим түзгөн төлөм уюмунун колдонуучуларынан төлөмдөрдү кабыл алуу пайдалуураак болот жана башка төлөм уюмдарынын төлөмдөрү үчүн комиссия жогору болот.) Бул инструмент азыркы учурда өнөктөш тармактын рыногунун олуттуу үлүшүнө ээ болгон төлөм уюмдары тарабынан рынокту монополиялаштырууга алып келет. 

3. Банктардын электрондук капчыктары үчүн бул схема төлөм уюмдарына жана мобилдик капчыктарга салыштырмалуу кыйла пайдалуу, бул башында бирдей эмес рыноктук шарттарды түзөт. Тактап айтканда, транзакциялык чыгымдар мындай капчыктар үчүн төмөн болот, анткени өз ара иш алып баруу схеманын бир субъектисинин (банктын) ичинде жүрөт. Элсом, мисалы, KICB кызматын көрсөтөт, Элсомго ылайык, төлөмдүн наркы банктын комиссиясынын кеминде % га төмөн болот. 

4. Мындан тышкары, биздин комиссиялык кирешебиздин төмөндөшү байкалууда. Биринчи, соода-тейлөө ишканасынан орточо комиссиясы 1,5% менен чектелет. Экинчиси, учурдагы агрегаторлор менен иштөө схемасы түп-тамырынан өзгөрүп, түшкөн акчанын үлүшүнүн катышы агенттер үчүн төмөндөп кетишине алып келет. 

5. Шарттары көрсөтүлгөн эмес, өткөөл мезгилдин шарттары, соода-тейлөө ишканаларынын QR аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууга өтүүсүн өбөлгө түзүүчү инструменттери көрсөтүлгөн эмес. 

6. Төлөм инструменттеринин арасында төлөм уюмунун агентинин/субаагентинин абонентинин жеке эсебинен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн да камсыз кылуу. Мобилдик капчыктар бул, биринчи кезекте, абоненттин жеке эсеби болуп саналат. 

Сын-пикирлер жана сунуштар ченемдик укуктук актынын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү иштеп чыгуунун алкагында каралат.