Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) өз ара иш алып баруу операторлору аркылуу QR-коддорду колдонуу менен төлөм жүргүзүүдө төлөм системаларынын катышуучуларынын системалар аралык интеграциясын камсыздоо максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Төлөм системаларынын катышуучулары колдонгон, улуттук стандартка ылайык келбеген QR-код стандарттары ар кандай системалардын ортосунда интеграциялоого жол бербейт, бул банк жана төлөм кызматтарын колдонуучуларга ыңгайсыздыктарды жаратат. Керектөөчү бир нече электрондук капчык, тиркеме ачуусу зарыл болсо, бул нак эмес төлөм ыкмаларын кыйындатат, анткени бир соода тейлөө түйүнүндө коммерциялык банктын/төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун биринде гана QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл ала алат. 

Ошондой эле төлөм системаларынын катышуучуларынын ортосунда системалар аралык интеграцияны камсыздоо, банк жана төлөм кызматтарын колдонуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2019-жылдын 15-апрелиндеги 18-СТ буйругу менен бекитилген Финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн эки өлчөмдүү штрихкод белгилеринин улуттук стандартына (Улуттук стандарт) жана төлөм системалары үчүн EMV QR-кодунун (EMV QRCPS Merchant-Presented Mode), 2017-жылдын июль айындагы 1.0 версиясы, NEQ эл аралык стандартына милдеттүү түрдө ылайык келтирүү талабы белгиленет.  

Ушуга байланыштуу токтом долбоору менен төлөм системаларынын катышуучулары Улуттук стандартка милдеттүү түрдө ылайык келтирүү жана өз ара иш алып баруу операторлору аркылуу төлөм системаларынын катышуучуларынын QR-коддорун системалар аралык интеграциялоону камсыздоо сунушталат.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат  

Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине каршы келбейт.   

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Токтом долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.  

 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу малымат  

Улуттук банктын 2019-жылдын 29-июлундагы № 2019-Пр -144/112 буйругу менен «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелери» долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөнү иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бул долбоорду иштеп чыгууда төлөм системаларынын катышуучуларына андан ары көп тараптуу интеграциялоо менен өз алдынча туташтыруу, ошондой эле өз ара иш алып баруу операторуна кошуу жана жеке QR-коддорду Улуттук стандартка ылайык келтирүү сунушталган. Бирок төлөм системаларынын айрым катышуучулары өз ара иш алып баруу операторуна өз алдынча туташуусуз жана төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын камсыз кылуусуз эле өз алдынча өнүгө башташты, бул нак эмес формада төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча соода-тейлөө ишканаларынын кеңири тармагын ээлөөгө мүмкүнчүлүк бербейт.  

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъектилердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, концепцияларды, стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер планын жана башка ушул сыяктуу документтерди кабыл алууга багытталган учурда жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө талап кылынбайт.  

Токтом долбооруна сунушталган өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы №2020-П-14/17-4-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жылдарга каралган концепциясынын» 3.2.3-пункттарын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын 5.6-пунктун санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү, нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү бөлүгүндө аткарууга багытталган.  

Мындан тышкары, бул долбоор соода/кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө төлөмдөрдү нак эмес формада кабыл алуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарт түзөт, анын ичинде бюджетке төлөө, ишкерлерге кошумча чыгым сарптабастан төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн QR-код коюуга мүмкүндүк берет.  

 

 

Төлөм системалары  

башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ 

Төраганын орун басары З.Л. Чокоев 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин» бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбооруна карата 

 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

 

Учурда колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакциясы 

Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү Эрежелери 

Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которуулардын өткөрүү Эрежелери 

3. Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү өткөрүү үчүн QR-коддорду колдонушкан, Улуттук банктын лицензиясына ээ төлөм системаларынын бардык катышуучуларына таркатылат. 

3. Бул Эрежелер Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн QR-коддорун/төлөм шилтемелерин пайдаланган төлөм системасынын бардык катышуучуларына таркатылат. 

5. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар 4-пунктта көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларда жана документтерде келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет. 

 

Эрежелерде буга кошумча төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:   

 

QR-код - төлөм маалыматтарын берүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгиси.  

 

Төлөм шилтемеси - төлөм маалыматтарын берүү үчүн белгилердин текст түрүндө топтому.  

 

Төлөм маалыматтары - төлөм тууралуу толук маалыматтарды чагылдырган, белгилер топтому. 

 

Өз ара иш алып баруу оператору - ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясына ээ, төлөм системасынын катышуучулары менен техникалык өз ара иш алып барууну жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн клиринг файлдарынын түзүлүшүн камсыз кылган төлөм системасынын оператору.  

 

QR-коддорду түзүү системасы - төлөмдөрдү өткөрүү жана андан ары эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн маалыматтарды даярдоодо QR-коддорду түзүү үчүн автоматташтырылган маалымат системасы. 

QR-коддорду түзүү системасы төлөмдөрдү өткөрүү жана которуулар андан ары эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн маалыматтарды даярдоодо QR-коддорду түзүү үчүн автоматташтырылган маалымат системасы. 

6. Төлөм системаларынын катышуучулары QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өз алдынча же ушул Эрежелердин талаптарына ылайык өз ара иш алып баруу оператору/операторлору аркылуу өткөрө алышат. 

6. Төлөм системаларынын катышуучулары ушул Эрежелердин талаптарына ылайык өз ара иш алып баруу оператору/операторлору аркылуу QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

Ошол эле учурда төлөм системаларынын бардык катышуучуларынын QR коддорун түзүү системалары Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелердин 1-тиркемесинин талаптарына толук ылайык келүүсү зарыл жана өз ара иш алып баруу операторуна туташуу аркылуу төлөм системаларынын башка катышуучулары менен системалар аралык интеграциялоо үчүн функционалдык шайкештикти камсыз кылууга тийиш

8. Төлөм системасынын катышуучусу төлөмдөрдү QR-кодду колдонуу менен өз алдынча, өз ара иш алып баруу операторуна туташуусуз өткөргөн учурда, QR-кодду колдонуу төлөм системаларынын катышуучусунун өзүнүн операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык жүзөгө ашырылат, мында QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн камсыз кылууга жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүүсүнө төлөм системаларынын катышуучусу жооптуу болот. 

8. Төлөм системасынын катышуучусу төлөмдөрдү QR-кодду колдонуу менен өз алдынча, өз ара иш алып баруу операторуна туташуусуз өткөргөн учурда, QR-кодду колдонуу төлөм системаларынын катышуучусунун өзүнүн операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык жүзөгө ашырылат, мында QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн камсыз кылууга жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүүсүнө төлөм системаларынын катышуучусу жооптуу болот. 

9. Төлөмдөр өз ара иш алып баруу операторунун/операторлорунун катышуусунда QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн учурда, QR-код төлөм системасынын катышуучусу туташкан өз ара иш алып баруу операторунун операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык колдонулат.  

9. Төлөмдөр жана которуулардын өз ара иш алып баруу операторунун/операторлорунун катышуусунда QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн учурда, QR-код төлөм системасынын катышуучусу туташкан өз ара иш алып баруу операторунун операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык колдонулат. 

12. Өз ара иш алып баруу оператору төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

-ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга;; 

12. Өз ара иш алып баруу оператору төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

-ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга;; 

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (процессинг, клиринг) ишин кеминде 2 жылдан бери жүзөгө ашыруусу; 

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (процессинг, клиринг) ишин кеминде 2 жылдан бери жүзөгө ашыруусу; 

- акыркы 12 ай ичинде ага карата Улуттук банк тарабынан эч кандай таасир этүү чаралары (айыптар, төлөмдөрдү кабыл алууга чектөөлөр жана/же лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр, лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, лицензияны кайтарып алуу түрүндө) көрүлбөгөн болууга; 

- акыркы 12 ай ичинде ага карата Улуттук банк тарабынан эч кандай таасир этүү чаралары (айыптар, төлөмдөрдү кабыл алууга чектөөлөр жана/же лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр, лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, лицензияны кайтарып алуу түрүндө) көрүлбөгөн болууга; 

- QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн жана клиринг файлдарды өз убагында түзүүсүн камсыз кылуу; 

- QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн жана клиринг файлдарды өз убагында түзүүсүн камсыз кылуу; 

- өз ара иш алып баруу операторунун системасы "Элкарт" улуттук төлөм системасынын операторлор системасына, анын ичинде "Элкарт" төлөм карты аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу/өткөрүү үчүн анын мобилдик төлөм инструменттерине туташууга тийиш. 

- Өз ара аракеттенүү операторунун системасы Элкарт улуттук төлөм системасынын операторунун системаларына кошулушу керек. 

 

- өз ара иш алып баруу операторунун системасы Улуттук банктын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына туташтырылууга тийиш.»;. 

17. Ар башка төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясы ишке ашырылган учурда, төлөм системаларынын катышуучулары өз ара иш алып баруу оператору менен QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү боюнча келишим түзүшөт. 

17. Ар башка төлөм системаларын системалар аралык интеграциялоо үчүн төлөм системаларынын катышуучулары QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү боюнча өз ара иш алып баруу оператору менен туташуу келишимин түзөт. 

24. Кандай гана туташтыруу болбосун, QR-коддун жана төлөм шилтемесинин колдонулушу Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелерге карата тиркеменин талаптарына толугу менен ылайык келиши зарыл.  

24. Кандай гана туташтыруу болбосун, QR-коддун жана төлөм шилтемесинин колдонулушу Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелерге карата тиркеменин талаптарына толугу менен ылайык келиши зарыл. 

25. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү үчүн төмөнкүдөй ырааттуу иш-аракеттер аткарылат: 

25. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү үчүн төмөнкүдөй ырааттуу иш-аракеттер аткарылат: 

1) QR-коддорду түзүү системасы аркылуу төлөмдү алуучу тарабында QR-кодду түзүүлөт; 

1) QR-коддорду түзүү системасы аркылуу төлөмдү алуучу тарабында QR-кодду түзүүлөт; 

2) төлөөчү техникалык жабдуулар (смартфон же башкалар) аркылуу түзүлгөн QR-кодду сканерден өткөрөт/төлөм шилтемеси боюнча өткөрөт; 

2) төлөөчү техникалык жабдуулар (смартфон же башкалар) аркылуу түзүлгөн QR-кодду сканерден өткөрөт/төлөм шилтемеси боюнча өткөрөт; 

3) төлөөчү төлөм системаларынын катышуучусу тарабынан автоматтык түрдө сунушталган, төлөм реквизиттерин карап чыгат; 

3) төлөөчү төлөм системаларынын катышуучусу тарабынан автоматтык түрдө сунушталган, төлөм реквизиттерин карап чыгат; 

4) төлөөчү зарылчылыкка жараша төлөм суммасын же реквизиттерин көрсөтөт; 

4) төлөөчү зарылчылыкка жараша төлөм суммасын же реквизиттерин көрсөтөт; 

5) төлөөчү төлөмдү аткарууга жиберүү менен аны тастыктайт; 

5) төлөөчү төлөмдү аткарууга жиберүү менен аны тастыктайт; 

6) төлөөчү жана төлөмдү алуучу төлөмдүн өткөрүлгөндүгүн тастыктаган онлайн билдирүү алышат; 

6) төлөөчү жана төлөмдү алуучу төлөмдүн өткөрүлгөндүгүн тастыктаган онлайн билдирүү алышат; 

7) Өз ара иш алып баруу оператору, эгерде ага төлөм системаларынын катышуучусу туташтырылса, QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр үчүн клирингдик файлдардын күндөлүк негизде өз убагында түзүлүшүн камсыз кылат. 

7) өз ара иш алып баруу оператору ага туташтырылган төлөм системаларынын катышуучуларынын QR-кодун колдонуу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр үчүн клирингдик файлдардын күн сайын өз учурунда түзүлүшүн камсыз кылат

…… 

39. Төлөм системаларынын катышуучулары чейрек сайын Улуттук банкка ушул Эрежелердин 2-тиркемесинин формасына ылайык төлөмдөрдү жана которууларды QR-код аркылуу жүзөгө ашырууга байланыштуу иши жөнүндө маалыматтарды, отчеттук чейректен кийинки айдын 25нен (жыйырма бешинен) кечиктирбестен, кагаз түрүндөгү версиясын кошумча жөнөтүү менен электрондук түрдө ((документтин сканерден өткөрүлгөн версиясын) берүүгө тийиш. 

Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерине карата  

тиркеме 

Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которуларды өткөрүү эрежелерине карата  

1-тиркемеси 

 

Эки өлчөмдүү штрих-код  

символдорун(QR-код)  

пайдалануу  

менен төлөмдөрдү жана которуларды  

жүргүзүү эрежелеринин  

2-тиркемеси 

 

 

 

 

«Эки өлчөмдүү штрих-код символдорун 

(QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которуу 

жүргүзүү эрежелеринин  

Тиркемеси 2 

 

Төлөм системасынын катышуучусунун аты-жөнү 

________________________________ 

20__-жылдын ______________ кварталы үчүн. 

 

ОТЧЕТ 

QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүзөгө  

ашыруучу төлөм системасынын катышуучусунун иши жөнүндө 

 

№  

Төлөм системасынын катышуучусунун аты-жөнү 

Оператор 

QR-коддору аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн колдонулган инструменттин түрү (Элкарт-мобайл, мобилдик банкинг, электрондук капчыктар) 

Которуулар 

Товарлар/кызматтар үчүн төлөм 

QR төлөм кабыл алуулары орнотулган соодагерлердин саны (жалпы) 

 

 

 

 

анын төлөм системасынын пайдасына 

төлөм системасынын катышуучуларынын башка системаларына 

жалпы 

алардын ичинен бюджетке төлөмдөр 

 

1.  

 

 

 

 

 

 

 

 

2. 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биринчи жетекчи  

(ал жок болгон мезгилде ________________ _____________ 

- аны алмаштырган адам) (ФИО) (кол коюу) 

 

 

Аткаруучу 

_____________________ ________________ ______________ 

(кызматы) (тел. номери) (ФИО) (кол коюу)  

 

 

Отчетко кол коюлган күн "___" ___________________ 20__ жыл 

 

Мөөр 

 

 

Төлөм системалары  

башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина Долбоор 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Төлөм системасынын QR-код менен төлөм жана которуулар менен төлөөчүлөр бирдиктүү төлөм системасын сунуштоо үчүн төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн жана ар башка төлөм системаларынын система аралык интеграцияланышы мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Ушул токтомдун тиркемесинин 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирүүчү 4 жана 8-пункттарын эске албаганда, токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4.  Коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары жана алардын агенттери 2022-жылдын 31-декабрына чейин QR коддорун унификациялоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2019-жылдын 15-апрелиндеги 18-СТ буйругу менен бекитилген Финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгилеринин КМС 1348:2019 улуттук стандартына ылайык келтирүү иш-чараларын жыйынтыктасын. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.  

 

 

2022-жылдын «___» __________№______ токтомунун 2-барагы 

 

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү: А. Айбалаева  

Н. Жениш 

М. Жакыпов 

Н. Сагындыков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев 

 

 

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын «____»_______ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы «төлөмдөрдү» деген сөздөн кийин «жана которууларды» деген сөздөр менен толукталсын. 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелеринин: 

1) аталышы «төлөмдөрдү» деген сөздөн кийин «жана которууларды» деген сөздөр менен толукталсын; 

2) 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн Улуттук банктан лицензия алган жана QR-коддорун/төлөм шилтемелерин пайдаланган төлөм системасынын бардык катышуучуларына таркатылат»; 

3) 5-пункттун жетинчи абзацы «төлөмдөрдү» деген сөздөн кийин «жана которууларды» деген сөздөр менен толукталсын; 

4) 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Төлөм системаларынын катышуучулары ушул Эрежелердин талаптарына ылайык өз ара иш алып баруу оператору/операторлору аркылуу QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

Ошол эле учурда төлөм системаларынын бардык катышуучуларынын QR коддорун түзүү системалары Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелердин 1-тиркемесинин талаптарына толук ылайык келүүсү зарыл жана өз ара иш алып баруу операторуна туташуу аркылуу төлөм системаларынын башка катышуучулары менен системалар аралык интеграциялоо үчүн функционалдык шайкештикти камсыз кылууга тийиш.»; 

5) 8-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

6) 9-пункту «төлөмдөр» деген сөздөн кийин «жана которуулар» деген сөздөр менен толукталсын; 

7) 12-пункттун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Өз ара иш алып баруу операторунун системасы «Элкарт» улуттук төлөм системасынын операторунун системасына туташуусу зарыл.»; 

- төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«- өз ара иш алып баруу операторунун системасы Улуттук банктын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына туташтырылууга тийиш.»; 

8) 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ар башка төлөм системаларын системалар аралык интеграциялоо үчүн төлөм системаларынын катышуучулары QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү боюнча өз ара иш алып баруу оператору менен туташуу келишимин түзөт.»; 

9) 24-пунктундагы «QR-коддун жана» деген сөздөрдөн кийин «төлөм» деген сөз менен толукталсын; 

10) 25-пунктунун 7-пунктчасын төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) өз ара иш алып баруу оператору ага туташтырылган төлөм системаларынын катышуучуларынын QR-кодун колдонуу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр үчүн клирингдик файлдардын күн сайын өз учурунда түзүлүшүн камсыз кылат ». 

11) Эреже төмөнкү мазмундагы 39-пункт менен толукталсын: 

«39.Төлөм системаларынын катышуучулары чейрек сайын Улуттук банкка ушул Эрежелердин 2-тиркемесинин формасына ылайык төлөмдөрдү жана которууларды QR-код аркылуу жүзөгө ашырууга байланыштуу иши жөнүндө маалыматтарды, отчеттук чейректен кийинки айдын 25нен (жыйырма бешинен) кечиктирбестен, кагаз түрүндөгү версиясын кошумча жөнөтүү менен электрондук түрдө ((документтин сканерден өткөрүлгөн версиясын) берүүгө тийиш.»; 

12) Ушул Эрежелердин тиркемесин «тиркеме» деген сөздөн кийин «1» деген сан менен жана «төлөмдөр» деген сөздөн кийин «жана которуулар» деген сөздөр менен толукталсын; 

13) Эрежелер төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин  

(QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды 

жүргүзүү эрежелеринин  

2-тиркемеси  

 

Төлөм системаларынын катышуучусунун аталышы 

________________________________ 

20__-жылдын ______________ чейреги үчүн. 

 

 

QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүзөгө ашыруучу төлөм системасынын катышуучусунун иши жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

№  

Төлөм системаларынын катышуучусунун аталышы 

Оператор 

QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн колдонулган инструменттин түрү (Элкарт-мобайл, мобилдик банкинг, электрондук капчыктар) 

Которуулар 

Товарлар/ 

кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

QR-коду аркылуу төлөм кабыл алуулары орнотулган соода-тейлөө ишканаларынын саны (бардыгы болуп) 

 

 

 

 

өз төлөм системасынын пайдасына 

төлөм системаларынын катышуучуларынын башка системаларына 

бардыгы болуп 

анын ичинен бюджетке төлөмдөр 

 

1.  

 

 

 

 

 

 

 

 

2. 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биринчи жетекчи  

(ал жок учурда анын милдетин аткарган ________________ _____________ 

адам) (аты-жөнү) (кол тамгасы) 

 

 

Аткаруучу 

_____________________ ________________ ______________ 

(кызмат орду) (тел. номери) (аты-жөнү) (кол тамгасы)  

 

 

Отчетко кол коюлган күн «___» ___________________ 20__ жыл 

Мөөр