Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик союздарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  

токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик союздарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Улуттук банктын кредиттик союздардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү жана жалпысынан кредиттик союздар системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Бул долбоор менен кредиттик союздардын ишин жөнгө салуучу төмөнкү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы N14/2 токтому менен бекитилген Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобо. 

Улуттук банктын кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жаңы түзүлгөн, ошондой эле иштеп жаткан кредиттик союздар үчүн экономикалык ченемдерди эсептөө боюнча бирдиктүү ыкманы белгилөө болжолдонууда. 

Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, кредиттик союздар системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максатында, кредиттик союздардын институционалдык жана суммардык шайкештик боюнча капиталынын шайкештигине карата талаптарды, тиешелүүлүгүнө жараша, 12 жана 18%дан 10 жана 15%га чейин төмөндөтүү, ошондой эле депозиттерди тартпаган кредиттик союздардын ликвиддүүлүгү боюнча талаптарды 5%дан 2%га чейин төмөндөтүү каралууда. 

Ошондой эле сунушталып жаткан долбоор эгерде кредитттик союздар бардык операцияларды нак эмес түрдө жүргүзсө, кредиттик союздарга сактык пайларды кабыл алуу жана кредиттерди кассалык жайсыз эле берүү боюнча операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгында берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат  

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алуу кошумча финансылык каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Сунушталып жаткан токтом долбоору жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөнү талап кылат, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган. Ушуга байланыштуу, бул токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө белгиленген тартипте иштелип чыккан.  

 

 

Долбоор 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

кредиттик союздарды жөнгө салуучу айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Бул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен кредиттик союздарды, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү: А. Айбалаева 

М. Жакыпов 

Н. Жениш 

Н. Сагындыков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын «___»__________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик союздарды жөнгө салуучу айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:-  «II. Терминдер жана аныктамалар» бөлүмүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.2.-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

5.1.-пунктунда: 

-  экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик союздун тышкы карыз алууларынын максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө тышкы карыз алуулардын суммасына, кредиттик союздун Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамында каралган жана мамлекеттик программалар боюнча карыз алуулары камтылат.»; 

-  үчүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

-  5.1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

-  5.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1.2. Биринчи жыл иштеген кредиттик союздар үчүн, ошондой эле мамлекеттик программалар боюнча карыз алуучу кредиттик союздар үчүн, тышкы карыз алуулардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н1) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н1 () СК х 4 

Тышкы карыз алуулардын максималдуу өлчөмүнүн ченеминин (Н1) мааниси суммардык капиталдын төрт эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш.»; 

-  5.1.3-пунктундагы «8 жылдан» деген сан жана сөз «1 жылдан» деген сан жана сөзгө алмаштырылсын; 

-  5.2.2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

-  5.2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.2.3. Бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н2), төмөндөгү формула боюнча аныкталат: 

Н2.2 = МК / СК х 100 () 20%, бул жерде: 

МК - бир карыз алуучуга берилген кредиттер боюнча чогуу алгандагы карыздардын максималдуу өлчөмү

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы. 

Бир карыз алуучуга карата максималдуу тобокелдиктин ченеминин мааниси (Н2) суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш.»; 

-  5.3.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.3.3. Кредиттик союздун Улуттук банктан лицензия алышкан, финансы-кредит уюмдарынын капиталына инвестицияларынын суммасы суммардык капиталдын суммасынын 15% ашпоого тийиш. 

Финансы-кредит мекемелеринин капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н3) төмөндөгү формула боюнча аныкталат: 

Н3 = СИ / СК х 100 () 15%, бул жерде: 

СИ - КСФКнын капиталына инвестицияларды кошпогондо, Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредит мекемелеринин капиталына инвестициялардын чогуу алгандагы суммасы; 

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы.»; 

-  5.3.4-пунктунда «10» саны «15» санына алмаштырылсын; 

-  5.4.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.4.2. Негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өлчөмү (Н4) төмөндөгү формула боюнча аныкталат: 

Н4 = НК/СК х 100 () 20%, бул жерде: 

НК - негизги каражаттарга инвестициялардын суммасы (грант жана кайтарымсыз жардам катарында алынган негизги каражаттардан тышкары); 

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы; 

Кредиттик союздун имарат, жер, эмерек жана жабдуулар сыяктуу (грант жана кайтарымсыз жардам катарында алынган негизги каражаттардан тышкары), кредиттик союз тарабынан өзүнүн чарба иштерин жүргүзүүсүнө зарыл болгон негизги каражаттарга чогуу алгандагы салымдары, суммардык капиталдын суммасынан 20% ашпоого тийиш.»; 

-  5.5.1-пунктунун экинчи жана сегизинчи абзацында «5%» сөз жана белги «2%» деген сөз жана белгиге алмаштырылсын; 

-  5.6.2-пунктунун экинчи абзацында «100» деген сандан кийин « 10%» сандары жана белгилери менен толукталсын; 

-  5.6.2-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Институционалдык капиталдын шайкештиги ченеминин мааниси (Н6-1) 10% кем болбоого тийиш.»; 

-  5.6.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.6.3. Суммардык капиталдын шайкештигинин ченеми (Н6-2) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н6-2 = СК / СА х 100 15%, бул жерде: 

СК - кредиттик союздун суммардык капиталы; 

СА - кредиттик союздун суммардык активдери. 

Суммардык капиталдын шайкештик ченеминин мааниси (Н6-2) 15% кем болбоого тийиш.»; 

-  5.6.4 жана 5.6.5-пунктчалары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө жобонун: 

1) 6-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Эгерде кредиттик союздун бардык операциялары накталай эмес түрдө жүргүзүлсө жана/же бардык операциялар коммерциялык банктагы эсептешүү эсеби аркылуу жүргүзүлсө, кассалык жайдын болушу талап кылынбайт.».