Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик маселелери  

боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө». 

2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын “___”_________  

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

кредиттик тобокелдик маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинин: 

- 2.1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредиттин суммасы (берилген күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча улуттук же чет өлкө валютасында) 300 000 сомдон ашпоого тийиш;»; 

- Тартип төмөнкү мазмундагы 2.3-пункт менен толукталсын: 

«2.3. Атайын классификация төмөнкү критерийлерге жооп берген кредиттерге карата да колдонулушу мүмкүн: 

- кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредит; 

- обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредит.»; 

- 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2. Аларга карата атайын классификация колдонулуучу кредиттер, анын ичинде кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттер, ошондой эле обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер боюнча, негизги сумма боюнча пландык төлөмдөрдү жана/же пайыздарды төлөө кечиктирилген күндөрдүн санына жараша төмөнкүдөй РППУга чегерүү өлчөмдөрү белгиленет:   

Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр:   

Классификация категориясы  

Пландык төлөмдөрдү төлөө кечиктирилген күндөрдүн саны 

РППУ 

Канааттандырарлык   

2% 

Байкоого алынган   

1-59 

10% 

Шектүү  

60-89 

50% 

Жоготуулар 

90 жана андан жогору 

100%». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-2. Бланктык кредиттер - бул, эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттарды, пенсионерлерге берилген төлөм карттары боюнча овердрафттарды эске албаганда, алар боюнча күрөө катары кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантия же кепилдик жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган башка инструменттер камсыздоо болуп саналбаган кредиттер саналат жана алар төлөөгө жөндөмдүү карыз алуучуга анын аброюнун жана киреше деңгээлине баа берүүнүн негизинде гана берилет.»; 

- 8.1-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды камтыган пайыздык чендерди, жана пайыздык чендерди белгилөө ыкмаларын;»; 

- 8.3-пунктунун: 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттерди реструктуризациялоо шарттары;»; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- кредитке/карыз алуучунун финансылык абалына мониторинг жүргүзүүнүн мезгил аралыгы.»; 

- 9-пунктунун биринчи абзацындагы «пайыздык чендерди» деген сөздөргө чейин «, анын ичинде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды камтыган» деген сөздөр кошулсун; 

- 11-пунктундагы «кредиттик тобокелдиктерди» деген сөздөр «, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти» сөздөрү менен толукталсын; 

- 12-пунктунун: 

жыйырма жетинчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Ошондой эле, банк туруктуу негизде кредиттик рейтингдин алкагында иштелип чыккан өзүнүн моделинин, анын ичинде скоринг моделинин актуалдуулугун сактап турууга, ошондой эле автоматташтырылган скоринг системаларын түзүүгө тийиш.»; 

жыйырма сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик рейтингге ылайык кредит берүү чечими, банкка биринчи жолу 200 000 сомго чейинки суммада кредит алуу үчүн арыз менен кайрылган жеке адамдар жана жеке ишкерлер боюнча, ал эми буга чейин ушул банктан кредит алган банк кардарларына (кайра кайрылган кардарларга алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге) 500 000 сомго чейинки суммада кредит берүү боюнча кабыл алынат.»; 

жыйырма тогузунчу абзацтагы «100 000 сом» сандары жана сөздөрү «500 000 сом» дегенге алмаштырылсын; 

- 16-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- Кредиттик комитеттин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;»; 

- 25-пунктунун: 

алтынчы абзацындагы «250000» саны «300 000» дегенге алмаштырылсын; 

тогузунчу абзацындагы «инвестициялык кредиттер боюнча» сөздөрү «сезондук кредиттер боюнча» сөздөрү менен толукталсын; 

он бешинчи абзацтагы «анда» сөзү «андагы» сөзү менен толукталсын; 

он бешинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Скоринг модели боюнча кароого алууда, эгерде карыз алуучу жогоруда көрсөтүлгөн документтердин/маалыматтардын айрымдарын берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, банк карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн же анын кирешесин тастыктаган башка маалыматтарды пайдалануусуна жол берилет.»; 

он алтынчы абзацтагы «кардардан (кардарлардан) кат жүзүндөгү макулдук» сөздөрү «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардан (кардарлардан) кат жүзүндө макулдук» сөздөрүнө алмаштырылсын; 

- 26-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо учурунда банк, төмөнкү укуктарды кошо алганда, кардарлардын укуктарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш:  

- кардардын кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөөгө чейин кредит алуудан акысыз негизде баш тартуу укугу.  

Мындай учурларда банк кардардан билдирмени кароо үчүн белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу; 

- кардардын келишимге кол коюуга чейин келишим долбоорун жана ага карата бардык документтерди алып, банктын чегинен тышкары юридикалык консультация алуу үчүн кайрылуу укугу, мында кардарга келишим менен таанышуу үчүн берилген убакыт бир күндөн кем эмес, бирок үч күндөн ашпоого тийиш;  

- кардардын кредитти андан ары реструктуризациялоо өтүнүчү менен банкка кайрылууга укугу;  

- кардардын кредиттин негизги суммасынын 50% ашыгыраагы төлөнгөн шартта, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, мурдагы күрөөнү эки тарапка тең алгылыктуу жана анын наркы банктын ички документтерине ылайык кредит боюнча карыздын калган суммасынын ордун жапкан нарктагы башка күрөөгө алмаштырууга укугу;  

- мөөнөтү өткөрүлгөн бир нече кредит (бир же бир нече кредиттик линиялардын чегинде субкредиттер) болгон учурда, кардардын кредиттик карызды жабууга багытталган каражаттарды бөлүштүрүү кезегин өз алдынча тандоо укугу; 

Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар менен кредиттик келишим түзүүдө банк мындай кардарларга кредит алуунун төмөнкүдөй ыкмаларын тандоо укугун берет:  

- банк тарабынан белгиленген тарифтерге ылайык комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөө менен эсептешүүүндөлүк) эсебин/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсеп ачуусуз касса аркылуу кредиттик каражаттарды нак түрдө алууга; 

- ипотекалык кредиттерди, ошондой эле мамлекеттик/өкмөттүк программалардын, анын ичинде социалдык программалардын алкагында экономиканы өнүктүрүүгө багытталган кредиттерди кардарларга - жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге берүүдө комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз эсептешүүүндөлүк) эсебин/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсеп ачуусуз касса аркылуу кредиттик каражаттарды нак түрдө алууга; 

- аны тейлөө шарттары тиешелүү келишимде аныкталган кредиттик каражаттарды эсептешүүүндөлүк) эсептен/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептен алууга.  

Мында кардарлар - жеке адамдар, анын ичинде жеке ишкерлер кредитти нак формада сыяктуу эле, нак эмес формада да төлөө укугуна ээ.»; 

- 30-1-пунктунун тогузунчу абзацындагы «кошо алганда» сөздөрү «техникалык каталардан улам, берилген маалыматты корректировкалоодо,» сөздөрү менен толукталсын; 

- 31-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Мындан тышкары, кредиттик маалыматты кредиттик бюрого өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, банк карыз алуучудан ушул банктан алынган кредиттер жөнүндө маалыматтарды жана бул кредиттерге тиешелүү бардык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үчүнчү жактарга берүүгө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө макулдук алууга милдеттүү.»; 

- 34.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34-1. Банк, эгерде кредит боюнча пландаштырылган ар айлык төлөмдөр (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) карыз алуучунун орточо айлык чогуу алгандагы кирешесине карата катышы төмөнкүнү түзгөн учурда гана карыз алуучуга улуттук валютада керектөө кредиттерин бере алат: 

- орточо айлык кирешеси 1000 эсептик көрсөткүчтөн аз болсо, 50% ашпаган; 

- орточо айлык кирешеси 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтү түзсө, 60% ашпаган; 

- орточо айлык кирешеси 2000 эсептик көрсөткүчтөн жогору болсо, 70% ашпаган.»; 

- 34-3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аралыктан/обочо туруп тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттин суммасы жөнөкөй электрондук кол коюу менен түзүлгөн келишим боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентинде) жана мүмкүнчүлүгү кеӊейтилген электрондук кол коюлган келишим боюнча 300 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентинде) ашпоого тийиш.»; 

экинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац кошулсун:  

«Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн кредиттердин суммалары Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы №2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде белгиленген.»; 

- 36-пунктунун: 

биринчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац кошулсун: 

«Банк кредиттик таржымалды электрондук түрдө кошумча жүргүзө алат, мындай учурда банкта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген кредиттик таржымал түзүү, жүргүзүү, сактоо жана алардан пайдалануу жол-жоболору болууга тийиш.»; 

экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банкта кредиттик таржымалды, анын ичинде электрондук форматтагы кредиттик таржымалды түзүү, жүргүзүү, сактоо жана алардан пайдалануу жол-жоболору болууга тийиш, мында электрондук документтердин маалымат базаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынууга тийиш.»; 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Банк менен кардар ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим жана ага кошо тиркелүүчү банк кардарынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлүүчү башка макулдашуулар, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт, аны тастыктоо катары кардардын кредиттик келишимди өзү тандаган тилде түзүүгө жазуу жүзүндө же электрондук макулдугу эсептелинет (зарыл учурда, келишим башка тилге которулушу мүмкүн), мында кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт/сакталат. Кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан кардардын укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүкчөдө көрсөтүлүүгө тийиш. Кредиттик келишимдин жана ага карата бардык тиркемелердин бүтүндөй тексти бирдей болууга жана кеминде 12 шрифт менен берилүүгө тийиш.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада сунушталган кредиттер боюнча келишимдерге алардын келишим тараптарына таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюу аркылуу тастыкталышы мүмкүн.»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Кредиттик келишимди түзүүдө келечекте аны кайтарууда проблемалардын келип чыгышына жол бербөө үчүн кредит берүү жана аны төлөө боюнча бардык шарттар сүйлөшүлүүгө тийиш, мында эгерде ал карыз алуучунун укугунун чектелишине, милдеттеринин көбөйүшүнө жана/же кардарды адаштырууга алып келсе, банк кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укугу жок. Карыз алуучу менен кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графигин түзүү учурунда, кредиттин максатына жана карыз алуучунун иш багытына, карыз алуучу сунуштаган жана ал банк тарабынан текшерилген бизнес-планга, ошондой эле акча каражаттары сарпталуучу багыттарга көңүл буруу максатка ылайыктуу. Карызды төлөө графигинде кеминде кредиттин суммасы, кредит боюнча пайыздык чен, берилген күнү, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күндөрү, ошондой эле кредит боюнча карыз калдыгы камтылууга тийиш.  

Мында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген, кредиттер боюнча пайыздык ченде камтылган салыктар карызды төлөө графигинде өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. 

Төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ал түзүлүүгө тийиш эмес болгон кредиттик продукттар боюнча (эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттар, пенсионерлерге берилген төлөм карттары боюнча овердрафттар, кредиттик линиялар ж.б.) карызды төлөө графиги талап кылынбайт.»; 

- 44-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эскертүү: Карыз алуучу кредитти максаттуу багытта пайдаланбагандыгы тастыкталган учурда банк, эгерде кредиттик келишимде башкасы каралбаса, карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу. Пайыздык чен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, чектүү жол берилген пайыз өлчөмүнөн ашпоого тийиш.»; 

- 54-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«54. Күрөө келишими мамлекеттик же расмий тилдерде (банктын кардарына тилди тандоо укугу берилет, ал кардар тандаган тилде күрөө келишимин түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө кардардын макулдугу менен тастыкталат, (бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт/сакталат)), мында күрөө келишиминин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш.»; 

- 61-пунктунун үчүнчү абзацындагы: 

«150 000 сом» сандары жана сөз «200 000 сом» сандарына жана сөзгө алмаштырылсын; 

«24» саны «36» санына алмаштырылсын; 

- 62-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Эгерде карыз алуучунун бул банкта бир нече мөөнөтү өтүп кеткен кредиттери (бир же бир нече кредиттик линиялардын чегинде субкредиттер) болсо, банк кредиттик карызды жабууга багытталган каражаттарды бөлүштүрүү тартибин өз алдынча тандоо укугун кардарга берүүгө милдеттүү.»; 

- 63-1-пунктунун экинчи абзацындагы «банктын таза суммардык капиталынын» сөздөрүнөн кийин «, ошондой эле банк тарабынан олуттуу тобокелдикти камтыган кредиттер катары аныкталган кредиттерди» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 63.3-пунктундагы «кароонун жыйынтыгында» сөздөрүнөн кийин «кредитке мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 63-4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредитке мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча кредитти төлөөгө, карыз алуучунун/гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалына, кредитти камсыздоо абалына байланыштуу проблемалар аныкталган шартта, банк зарылчылыкка жараша мындай кредитти классификациялоо категориясын кароону сунуштоо менен тез арада ал тууралуу банк жетекчилигине маалымдоого тийиш.»; 

- 64-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«64. Кредитти классификациялоо Улуттук банктын классификациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, кредиттерди берүү процессине катышпаган жактар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баа берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.»; 

-78-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Эгерде карыз алуучу кредиттик келишимде каралган кредитти максаттуу пайдалануу боюнча шарттарды аткарбаса, эгерде кредиттик келишимде башкасы каралбаса, банк карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу.»; 

- 1-тиркеменин: 

- 1-1-пунктчасындагы «250 000» саны «300 000» санына алмаштырылсын; 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мамлекеттик же расмий тилдерде кредиттик келишим (банктын кардарына тил тандоо укугу берилет, мында ал кардардын кредиттик келишимди кардар тандаган тилде түзүүгө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө макулдугу менен тастыкталат (макулдук кардардын таржымалына көктөлөт/сакталат)).»; 

- 8-пунктундагы «250 000» саны «300 000» санына алмаштырылсын; 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн күрөө келишими (банктын кардарына тил тандоо укугу берилет), аны тастыктоо катары кардардын кредиттик келишимди өзү тандаган тилде түзүүгө жазуу жүзүндө же электрондук макулдугу эсептелинет (бул макулдук кардардын кредиттик таржымалында көктөлөт/сакталат).»; 

- 25-пунктунун сегизинчи абзацындагы «рыноктук наркы» сөздөрү «рыноктук (адилет) жана жоюу наркы» сөздөрүнө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Скоринг модели боюнча кароого алууда, эгерде карыз алуучу жогоруда көрсөтүлгөн документтердин/маалыматтардын айрымдарын берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, банк карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн же анын кирешесин тастыктаган башка маалыматтарды пайдалануусуна жол берилет.»; 

- 6-тиркеменин: 

биринчи мамычасынын тогузунчу сабы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруунун, нотариустун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын ж.б. кызматтары үчүн акы төлөө).». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин: 

- төмөнкү мазмундагы 14-1 жана 14-2-пунктулар менен толукталсын: 

«14-1. Эгерде күрөө келишиминин предмети катары келечекте алынуучу буюмдар же укуктар, анын ичинде күрөө коюучунун келечекте чыгарылуучу продукциясынын запасы болсо, мындай күрөөлүк камсыздоо милдеттенме боюнча камсыздоонун түзүмүнүн 20% чейинкисин түзүүгө тийиш. Ошону менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоо боюнча күрөө келишиминде күрөө коюучу ошол мезгил ичинде күрөө келишиминде көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоого менчик укукту сатып алууга тийиш болгон мезгил аралыгы каралууга тийиш. Мындай мөөнөт 3 айдан ашпоого тийиш. 

14-2. Эгерде күрөөлүк камсыздоо катары аларды баалоо үчүн (асыл таштар, баалуу металлдар, атайы жабдуулар, лицензиялар ж.б.) өнүккөн рынок болбогон же болбосо аларды баалоо үчүн атайын билим/компетенция талап кылынган күрөө предметтери, анын ичинде талап кылуу укугу кабыл алынса, карыз алуучу милдеттүү түрдө тиешелүү квалификацияга ээ көз карандысыз баалоочу адисти ишке тартуу менен камсыздоо наркын тастыктоого тийиш. Буга кошумча, карыз алуучу кабыл алынып жаткан камсыздоонун сапаты жана мүнөздөмөлөрү боюнча документтерди сунуштоого тийиш, ал тиешелүү квалификацияга ээ эксперттин корутундусу менен тастыкталууга тийиш. 

Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жок учурда, банк күрөө жөнүндө келишимдин бул предметин камсыздоо катары кабыл ала албайт. Банк мындай камсыздоого байланыштуу  тобокелдиктерди, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары сатуу маселелерин баалоого милдеттүү.». 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан кредиттөө системасын, анын ичинде банктар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун автоматташтырылган системаларын пайдалануу бөлүгүн өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле карыз алуучулардын укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан.  

Мындан тышкары, бул токтом долбоору коммерциялык банктардын сын-пикирлерин жана сунуштарын кароонун жыйынтыгы боюнча иштелип чыкты. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунун алкагында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого (мындан ары Жобо) бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.  

Алсак, кредиттөө системасын оптималдаштыруу максатында, токтом долбоорунда скоринг кредиттеринин, банктардын сактык кассалары тарабынан берилген кредиттердин, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттердин суммасын, ошондой эле аларды берүүдө жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө тастыктоочу документтерди берүү талап кылынбаган жеке жактар-айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кредиттин суммасын көбөйтүү сунушталат.  

Ошону менен бирге токтом долбоорунда ички кредиттик рейтингдин, анын ичинде скоринг моделинин негизинде берилген кредиттердин суммасын көбөйтүү сунушталат. Банктар тарабынан сунушталган сумма негизинен чакан кредиттер категориясына кирет жана аны көбөйтүү өлкөнүн алыскы региондорундагы калкты каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтет, ошондой эле иштелип жаткан маалымат массивдеринин ылдамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылган программалык камсыздоонун кымбат баасын эске алуу менен, кредит боюнча адистин корутундусу жок кредиттерди берүү жөнүндө чечим кабыл алууда өзүнүн операциялык чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, скоринг кредиттеринин суммасын көбөйтүү банктар үчүн жагымдуу, анткени скоринг моделин колдонууда, алар кредиттик корутунду чыгарган банктын кредит боюнча кызматкерлеринин санын кыскартуу менен, банктардын административдик чыгашаларын азайта алышат.  

Мындан тышкары, банктар тарабынан 2021-жылы өткөрүлгөн тегерек стол маегинин, коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын негизинде келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен, Жободо ички кредиттик рейтингдин, анын ичинде скоринг моделинин алкагында берилген кредиттер боюнча бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.  

Алсак, ички кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттердин суммасы 100 000 сомдон 500 000 сомго чейин көбөйгөн, мында жаңы карыз алуучуларга 200 000 сомдон ашык эмес өлчөмдө берүү сунушталат.  

Муну менен бирге, ички кредиттик рейтингдин/скоринг моделинин негизинде берилген кредиттер боюнча мүмкүн болгон кредиттик тобокелдикти жабуу үчүн токтом долбоорунун алкагында бул кредиттерге карата талаптарды атайын классификацияны колдонуу менен күчөтүү сунушталат.  

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, бул токтом долбоорунун алкагында банк тарабынан комиссиялык төлөмдөрдү алуу боюнча талаптарды, Улуттук банктын талаптарын туура түшүнүүгө тоскоолдук жараткан, анын натыйжасы инспектордук текшерүүлөрдү туура эмес жүргүзүүгө алып келген эки тараптуу түшүнүү четтетилет.  

Кредит боюнча пландаштырылган ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) банктын биринин сунушунун алкагында карыз алуучунун орточо айлык жыйынды кирешесине катышын эсептөөнүн мурда кабыл алынган тартибин жеңилдетүү максатында, токтом долбоору менен ушул көрсөткүчтүн чектик мааниси көз каранды болгон эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмдөрүн пайдалануу менен бул эсептөө тартиби өзгөртүлгөн. 

Токтом долбооруна ылайык Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилет:  

- “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо;  

- Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартиби;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартиби.  

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Аталган токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобосунун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоого жана жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөгө жатат.  

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишин талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат  

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлдү.  

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

  

  

Толугу менен/ айрым 

бөлүктөрүнүн  

жөнгө салуучу таасирине 

талдап-иликтөө жүргүзүү 

(керектүүсүн сызып коюу) 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыгуучу органдын аталышы) 

 

  

  

  

 

БЕКИТЕМ 

  

  

____________________________________ 

(кызматы) 

  

  

______________________ (кол тамгасы) 

  

  

2022-жылдын ___- _______________  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдиктер  

боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИНЕ ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ ЖҮРГҮЗҮҮ 

 

 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2021-жылдын 29-октябрындагы №2021-Пр-121/190-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан ишкердик субъектилеринин ишине карата иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

 

 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө  

жүргүзүү мөөнөттөрү: _______________ _____________  

(башталышы) (аякталышы) 

 

 

 

 

 

 

  

 

 

 

 

 

 

1. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1.1 Проблемаларды чагылдыруу  

 

Кредит берүү системасын өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, анын ичинде кредиттерди берүү боюнча чечимдерди кабыл алууда автоматташтырылган системаларды колдонуу бөлүгүндө, ошондой эле карыз алуучулардын укуктарын коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдиктер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) иштеп чыкты. 

Ошондой эле, бул долбоор коммерциялык банктар тарабынан сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен иштелип чыккан.  

Белгилей кетсек, банктар бул долбоордо көрсөтүлгөн кредиттик маселелер боюнча Улуттук банкка кайра-кайра кайрылышат. Мындан тышкары, акыркы эки жолу болгон банктык тегерек столдо (2021-жылдын май, ноябрь айлары) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) камтылган талаптар, скоринг кредиттерин (мындай кредиттердин суммасын көбөйтүү өтүнүчү менен) берүүнүн шарттарына тийиштүү, карыз алуучулар тарабынан патентти/күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө берүү, карыз алуучунун карыз оорчулугун эсептөө тартиби, ошондой эле кредиттөөнүн башка шарттары боюнча системалуу түрдө маселелер көтөрүлгөн. 

Бул долбоорду иштеп чыгуу мезгилинде Улуттук банк ушул Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгына талдоо жүргүзүп, банктар тарабынан скоринг моделин колдонуу боюнча банктык практиканы, скоринг кредиттеринин суммасын көбөйтүү канчалык маанилүү экендигин, сектордун башка кредиттердин көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгын, ошондой эле керектөө кредиттеринин өсүү динамикасы, бул тармакта кредиттердин көлөмүнүн өсүү тенденциясы эмнеден улам болуп жаткандыгы, бул кредиттердин кайтарылышы кандай жана учурдагы финансылык абалды эске алуу менен аларга суроо-талап кандай экендигин изилдеп чыккан. Улуттук банк кредиттик тобокелдик банк секторунун негизги олуттуу бөлүгү болуп санала тургандыгын жана анын өсүшү аманатчылардын каражаттарынын сакталышына жана коопсуздугуна системалуу түрдө таасир этиши мүмкүн экендигин эске алуу менен бул долбоорду иштеп чыгууга этияттык менен мамиле кылган. Ушуга байланыштуу сунушталган долбоорду иштеп чыгууга көбүрөөк убакыт талап кылынды. 

 

№1 проблема. Кредиттердин белгиленген чектүү сумманын жетишсиздиги 

 

Учурда карыз алуучулардын ченемдик документтерде белгиленгенден көп суммада кредит алууга болгон муктаждыгы күн сайын өсүүдө. Бул Жободо каралган айрым кредиттердин суммасы карыз алуучулардын муктаждыктарын канааттандырууга жетишсиз экендиги менен байланыштуу (Жобонун талаптарына ылайык кредиттердин суммасы 100 000 сомдон 250 000 сомго чейин өзгөрөт). 

Карыз алуучулардын мындай муктаждыгы азык-түлүк товарларына болгон баанын жогорулашына тийгизген инфляциянын өсүү деңгээлинин тенденциясы менен да байланыштуу.  

Ошентип, токтом долбоорунда кредиттөө системасын оптималдаштыруу максатында бланктык кредиттер боюнча ченемди эсептөөдө алынып салынуучу кредиттердин суммасын 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Бул өзгөртүү долбоорго «Бланк кредиттери боюнча максималдуу көлөмдөгү тобокелдик» ченемин банк эсептөөдө алып салуучу эмгек акы долбоорлорунун суммасынын көбөйүшүнө байланыштуу банктардын биринен келип түшкөн сунуштун алкагында киргизилүүдө

Алсак, алты банктын бланк кредиттери боюнча (негизинен микро кредиттөө менен алектенген 3 банк, 2 мамлекеттик банк жана бул кредиттин суммасын 200 000 сомго чейин көбөйтүү сунушу түшкөн 1 банк) маалыматтарды талдоонун жыйынтыгы боюнча бул ченемди эсептөөдө эки банк аннуитеттик төлөм графиги жана 24 айдан ашпаган мөөнөт менен 150 000 сомго чейинки кредиттерди алып салганын белгилейбиз. Мындай кредиттер бланк кредиттерин эсептөөдөн алып салганда, бул банктар «Бланк кредиттери боюнча максималдуу көлөмдөгү тобокелдик» ченемдерин аткарат. Бул эсептен алынып салынган кредиттердин суммасы көбөйгөндө, бул банктар ченемдерди аткарышат, анткени бланк кредиттерин эсептөөдөн алып салган кредиттер боюнча максималдуу тобокелдик бланк кредиттеринин 20% ашпоого тийиш. 

Мындан тышкары, бул долбоордун алкагында банктардын сактык кассалары тарабынан берилген кредиттердин, скоринг кредиттеринин, ошондой эле, айрым айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө тастыктоочу документтерди камсыз кылууну талап кылбай берилүүчү кредиттердин суммасын көбөйтүү сунушталып жатат. Бланк кредиттери түшүнүгүнөн алынып салынган кредиттердин суммасы да көбөйтүлдү

Ошону менен бирге, ички кредиттик рейтингдин, анын ичинде скорингдик моделдин негизинде берилген кредиттерге көңүл буруу зарыл. 

Скоринг (англис тилинен scoring - «оюнда упайларды эсептөө») банктын керектөө кредити рыногунда колдонулат, бул конкреттүү карыз алуучу менен байланышкан кредиттик тобокелдиктин деңгээлин баалоо үчүн математикалык жана статистикалык методдордун технологиясын элестетет. ХХ кылымдын ортосунда АКШда пайда болгон скоринг системалары эң ири банктарынын басымдуу көпчүлүгү тарабынан колдонулат. Биздин өлкөдө кредиттик скоринг жакында эле пайда болгон (Улуттук банктын Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4- (НПА) токтому менен жобого ички кредиттик рейтингдер/скоринг модели боюнча өзгөртүүлөр киргизилген). Бүгүнкү күндө кредиттик скоринг системасын беш банк («Бай Түшүм» Банкы ААКты, «Финка Банкы» ЖАКты, «Демир КИБ» ЖАКты, «Азия Банкы» ЖАКты, «Кыргызстан» КБ ААКты), ал эми алты банк кредиттик скоринг системасын колдонууну пландаштырууда («Айыл Банк» ААКты, «Компаньон Банк» ЖАКты, «Кыргызкоммерцбанк» ААКты, «Халык Банк» ААКты, «Капитал Банк» ААКты, «РСК Банк» ААКты), ал эми калган жана 12 банк кредиттик скоринг системасын колдонбойт. Скоринг системаларынын популярдуулугу аларды колдонуу чечимдерди кабыл алууну автоматташтыруу аркылуу операциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга жана чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк бергендиги менен түшүндүрүлөт. Бирок, иштетилген маалыматтардын ылдамдыгын жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү адистештирилген аналитикалык программалык камсыздоонун кымбаттыгы көптөгөн банктарга кредиттик адистин пикирин эске албаганда, кредиттерди берүү боюнча чечим кабыл алууда бул моделди колдонууга мүмкүндүк бербейт.  

Ушуга байланыштуу, скоринг кредиттеринин белгиленген максималдуу өлчөмүн эске алуу менен (Жобого ылайык, банктар 100 000 сомдон ашпаган суммада скоринг кредитин бере алышат) банктар үчүн (банктардын маалыматынын негизинде) кредит берүүнү бекитүүдө скоринг моделин киргизүү/өнүктүрүү жана иштеп чыгуу экономикалык жактан максатка ылайыктуу эмес болгондуктан банктар өз чыгымдарын жабуу үчүн мындай кредиттердин көлөмүн көбөйтүүсү керек. Ушуга байланыштуу банк рыногунда кредиттөөдө моделди ишке ашыруу анча активдүү эмес.  

Ошону менен бирге, ички кредиттик рейтинг/скоринг модели боюнча берилген кредиттер боюнча мүмкүн болуучу кредиттик тобокелдикти азайтуу максатында долбоордун алкагында атайын классификацияны колдонуу жолу менен бул кредиттерге карата талапты күчөтүүнү сунуштайт. 

 

№ 2 проблема. Банк тарабынан комиссиялык төлөмдөрдү алуу талаптары боюнча эки жактуу түшүнүк  

 

Азыркы учурда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун (мындан ары Кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жобо) 26-пунктунун талабын эки жактуу түшүнүү маселеси бар, ага ылайык карыз алуучуга нак акчага айландырууга комиссияларды жана башка төлөмдөрдү төлөбөстөн нак түрүндө кредит алуу укугу берилет. 

Бирок, бул укук карыз алуучуга ипотекалык кредиттерди жана жеке адамдарга, ошондой эле жеке ишкерлерге экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалардын алкагында кардарларга кредиттерди берүүгө гана тиешелүү.  

Карыз алуучу тараптан касса аркылуу нак түрүндө кредит алууда, анын ичинде нак акчага айландырууда, банк комиссиялык төлөмдөрдү алууга укуктуу. 

Ошентип, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча банктар менен Улуттук банктын кызматкерлеринин ортосунда кредитти нак түрүндө алууда, анын ичинде нак акчага айландырууда, комиссияларды алуу жагынан түшүнбөстүктөр пайда болууда. 

 

 

№ 3 проблема. Карыз оорчулугунун жогорку көрсөткүчү 

 

Калк менен кредиттик мамилелердин системасынын элементтеринин бири болгон керектөө кредити калктын кредиттик ресурстарга болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зарыл. Өлкөдө керектөө кредитинин өнүгүшү кредиттөөгө калктын кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берет. Анын натыйжасында каражаттардын жеткиликтүүлүгүнүн жана суроо-талаптын жогорулашынын эсебинен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүгө түрткү болот, бул өз кезегинде, анын ичинде региондордо да, бизнестин жаңы түрлөрүнүн өнүгүүсүнө алып келет. 

Жобонун талаптарына ылайык, керектөө кредиттери боюнча карыз алуучунун орточо айлык жалпы кирешесине карата ай сайын кредиттик төлөмдөрдүн катышы 50% ашпоого тийиш, банктар аны сактоо менен карыз алуучуга улуттук валютада керектөө кредитин берүүгө укуктуу. 

Учурда Кыргыз Республикасынын банк системасында керектөө кредиттеринин өсүшү байкалууда. 2022-жылдын 1-мартына карата берилген керектөө кредиттеринин жалпы көлөмү 25,2 млрд сомду түздү (2021-жылдын 1-мартына карата 19,4 млрд сомду түзгөн, өткөн жылга салыштырмалуу 5,8 млрд сомго (же 30%) көбөйгөн). 2022-жылдын 1-мартына карата берилген керектөө кредиттеринин үлүшү кредиттик портфелдин жалпы көлөмүнүн 13,8% түздү (2021-жылдын 1-мартына карата 11,9% түзгөн).  

Камсыздалбаган керектөө кредиттери боюнча 2022-жылдын 1-мартына карата камсыздалбаган керектөө кредиттеринин көлөмү 5,7 млрд сомду түзгөнүн белгилейбиз (2021-жылдын 1-мартына карата 4,1 млрд сомду түзгөн, өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 млрд сомго (же 40%) көбөйгөн). 2022-жылдын 1-мартына карата берилген камсыздалбаган керектөө кредиттеринин үлүшү кредиттик портфелдин жалпы көлөмүнүн 22,7% түздү (2021-жылдын 1-мартына карата 21,2% түздү, ал эми 2022-жылдын 1-мартына карата камсыздалбаган керектөө кредиттеринин үлүшү кредиттик портфелдин жалпы көлөмүнүн 3,1% түздү (2021-жылдын 1-мартына карата 2,5%). 

Ошондой эле, камсыздалбаган керектөө кредиттеринин да, бардык керектөө кредиттеринин да сапаты жакшы экендигин, мөөнөтү өткөн керектөө кредиттеринин, банктар үчүн бул көрсөткүчтү өзүнчө карап көрсөк, көлөмүнүн төмөндөө тенденциясы байкалып жатканын белгилей кетүү керек. Сектор боюнча мөөнөтү өткөн камсыздалган керектөө кредиттеринин көлөмү банктардын биринин мөөнөтү өткөн камсыздалган керектөө кредиттеринин көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен көбөйгөн (2022-жылдын 1-мартына карата 1,4 млрд сомду, ал эми 2021-жылдын 1-мартына карата 1,2 млрд сомду (0,23 млрд сомго (же 19,7%) көбөйгөн) түзгөн). Ошону менен бирге 2022-жылдын 1-мартына карата мөөнөтү өткөн керектөө кредиттеринин көлөмү 1,9 млрд сомду түздү (2021-жылдын 1-мартына карата 1,5 млрд сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 0,4 млрд сомго (же 23,8%) көбөйгөн). Бирок керектөө кредиттеринин жалпы көлөмүндө мөөнөтү өткөн керектөө кредиттеринин үлүшү 2022-жылдын 1-мартына карата 7,5% (2021-жылдын 1-мартына карата 7,9% түзгөн же 0,4% пунктка азайган) түздү. Кредиттик портфелдин жалпы көлөмүндө мөөнөтү өткөн керектөө кредиттеринин үлүшү 2022-жылдын 1-мартына карата 1% (2021-жылдын 1-мартына карата 0,9% түзгөн) түздү. Керектөө кредиттери жана камсыздалбаган кредиттер боюнча кененирээк салыштырмалуу маалымат аналитикалык каттын 2-тиркемесинде келтирилген. 

Бирок, жаңыдан берилген керектөө кредиттеринин өсүшүнө карабастан, банктар улуттук валютада керектөө кредиттерин берүүдө жогоруда белгиленген ченемдин (50% ашык эмес) эсебинен карыз алуучулардын керектөөлөрүн канааттандырууда кыйынчылыктарга дуушар болууда. 

Банктык тегерек столдун алкагында банктардан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен, карыз оорчулугунун көрсөткүчүн эсептөөнү басаңдатуу сунушталат, анын натыйжасы боюнча чектүү маани көз каранды болгон эсептөө көрсөткүчтөрүнүн көлөмүн колдонуу менен берилген эсептөө тартибин өзгөртүү болжолдонот. 

 

1.2. Кызыкдар болгон тараптардын пикирин талдоо 

Жөнгө салуучу таасирине талдоонун жана кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын чогултуунун жүрүшүндө банктардан кандайдыр бир сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн эмес. 

 

1.3. Проблеманын масштабы 

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул долбоорду иштеп чыгууда банктар тарабынан скоринг кредиттерин берүү боюнча талдоо жүргүзгөн. Бул талдоонун жыйынтыгы боюнча, 2021-жылдын 1-ноябрына карата 5 банк кредиттик скоринг системасын колдонгондугу, 6 банк кредиттик скоринг системасын колдонууну пландаштырып жаткандыгы, 12 банк кредиттик скоринг системасын колдонбогондугу тууралуу белгиленет. 

Ошондой эле, жазгы жана күзгү банктык тегерек столдор өткөрүлүп (2021-жылдын май жана ноябрь айлары), анын алкагында банктардан (1) ички кредиттик рейтингдин негизинде, (2) банктардын сактык кассалары тарабынан, (3) жеке адамдарга - каттоо жөнүндө мамлекеттик органдардын документин талап кылуудан тышкары айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилген кредиттердин көлөмүн көбөйтүү боюнча жана карыз алуучунун карыз оорчулугунун көрсөткүчүнө коюлган талаптарды жеңилдетүү менен байланышкан 4 сунуш келип түшкөн. 

Ошондой эле, кредит алуучулар нак түрүндөгү кредит алууда банктар тарабынан комиссиялык төлөмдөрдү алуу маселеси боюнча өтүп жаткан жылдын февраль айында инспектордук текшерүү жүргүзүлгөн айрым банктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен да жолугушуулар жана талкуулар өткөнүн маалымдайбыз. Бул жолугушуулардын жана талкуулардын жыйынтыгы боюнча банктар тараптан комиссиялык чегерүүлөр боюнча Жобонун ченемдерин эки жактуу түшүнүүгө жол бербөө боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды. 

 

1.4. Эл аралык тажрыйба 

Жалпысынан, сунуш кылынган талаптар боюнча башка өлкөлөрдүн ушундай талаптары изилденгендигин белгилей кетүү керек. 

№ 1 проблема боюнча 

Кредиттик рейтинг системасы эл аралык практикада активдүү колдонулат, бирок ички кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттердин суммасына чектөөлөр коюлган эмес. 

Ошол эле учурда, кошумчалай кетчү нерсе, 1990-жылдардын башында эле АКШда карыз алуучуга credit score берүү аркылуу кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана тейлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо салты пайда болгон. 

Бүгүнкү күндө АКШда каржы институттары адамдын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалоодо, биринчи кезекте, тиешелүү бюролордо болгон кредиттик таржымалды карашат. Ошол эле учурда, реалдуу жана потенциалдуу карыз алуучулар өз рейтингдерин абдан жогору баалашат жана ал көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн колунан келгендин баарын кылышат. 

Ошондой эле, скоринг системалар Батыш Европада кеңири колдонулуп жатканын белгилей кетүү керек. 

Мындан тышкары, Россия Федерациясында персоналдык кредиттик рейтинг 2019-жылдын 31-январында күчүнө кирген «Кредиттик таржымал жөнүндө» федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр менен бекитилген. Мыйзамга ылайык, кредиттик таржымал бюросу карыз алуучуга кредиттик отчет менен бирге анын жеке кредиттик рейтингин берет. Рейтингдин жыйынтыгы балл түрүндө берилет: балл канчалык жогору болсо, демек, адамдын кредиттик тобокелдик деңгээли ошончолук төмөн болот. 

Кээ бир өлкөлөрдө кредиттик рейтингге банктарга болгон карызды аткаруу гана эмес, адамдын жалпы төлөм маданияты да таасир берет. Мисалы, ал батирге же уюлдук телефонго кантип төлөп жаткандыгы эске алынат. Беларусияда бул маалыматтар да өзүнчө базага чогултулат, бирок, азырынча кредиттик рейтингге таасир бере элек. Келечекте бул маалыматтар кредиттик рейтингди түзүүдө эске алынат деп болжолдонууда. Казакстан Республикасында кредиттик бюро тарабынан карыз алуучунун жеке жана финансылык өзгөчөлүктөрүн, анын эмгек рыногунда иштегендигин жана анын кредиттик таржымалын эске алуучу кредиттик скоринг системасы колдонулат. Мындан тышкары, кредиттик бюронун ички документтеринде белгиленген тартипке ылайык кредиттик бюро кредиттик скорингди жылына кеминде бир жолу валидациялоону жүргүзөт.  

Беларусь Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 29-мартындагы № 149 токтому менен Кредит түрүндөгү акча каражаттарын берүүнүн жана аларды кайтаруунун (төлөөнүн) тартиби жөнүндө нускоо бекитилген. Бул Нускоого ылайык кредиттик жөндөмдүүлүктүн скоринги деп кредиттик жөндөмдүүлүктү баалоонун математикалык же статистикалык моделин түшүнүүгө болот. Анын натыйжалары кредит берүүчү тараптан кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда пайдаланылат. Ошондой эле, жеке адамдардын демографиялык, финансылык жана жүрүм-турум мүнөздөмөлөрү, карыз алуучунун жумуш менен камсыз болуу өзгөчөлүктөрү маанилүү критерийлер болуп саналган кредиттик скоринг моделдери колдонулат. 

Ошентип, алыскы чет өлкөлөрдө кредиттик рейтинг системасы абдан активдүү колдонулат, ал эми КМШ өлкөлөрүндө популярдуулукка ээ болууда, ошол эле учурда мындай өлкөлөрдүн финансылык уюмдары өз ишмердүүлүгүн оперативдүү жана эффективдүү жүргүзүү максатында кредиттик рейтинг системасын өркүндөтүү боюнча тынымсыз иштеп жатышат жана өз тобокелдиктерин минималдаштырышат.  

 

№ 2 проблема боюнча 

1990-жылдын 2-декабрынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» № 395-1 Федералдык мыйзамынын 29-беренесине ылайык, жеке адамдардын банктык эсептеринин ортосунда акча каражаттарын которууда кредиттик мекеме тарабынан алынуучу комиссиянын өлчөмү ушул кредиттик мекемедеги банктык эсептердин ортосунда кредиттик мекеменин ар кандай өзүнчө бөлүмдөрүндө (ички түзүмдүк бөлүмдөрүндө) көрсөтүлгөн банктык эсептерди ачуу менен аныкталышы мүмкүн эмес. 

Бирок, «комиссия» түшүнүгү Россия Федерациясынын Граждандык кодексинде да, ушул мыйзамда да камтылган эмес. Мыйзам боюнча кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар (Россия Федерациясынын Граждандык кодексинин 819-беренеси), аманаттын суммасына пайыздар (Россия Федерациясынын Граждандык кодексинин 838-беренеси), эсептеги акча каражаттары менен операциялар боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр (Россия Федерациясынын Граждандык кодексинин 851-беренеси) сыяктуу төлөмдүн түрлөрү каралган. 

Иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтар үчүн, атап айтканда, акча каражаттарын которуулар (мисалы, кардар кредиттик картаны тариздеп, аны менен төлөөлөрдү ишке ашырса, анда банк комиссияны кармоого укуктуу), валютаны конвертациялоо (алмаштыруу), документтик операциялар (эгерде кредит юридикалык жак үчүн берилген болсо, банк каражаттарды төлөөгө банктык кепилдик бергендиги үчүн кошумча комиссияны алышы мүмкүн) үчүн төлөмдөрдү эсептен чыгаруу мыйзамдуу болот. Кошумча жеңилдиктерди алуу үчүн негизги кызматтын ажырагыс бөлүгү болгон банктык операциялар боюнча комиссияларды эсептен чыгаруу мыйзамсыз болот. Мисалы, кредит берүү негизги кызмат болуп саналат. 

2020-жылдын 26-августундагы №ИН -06-59/126 маалымат катында Россия Банкы кредиттик эмес финансы мекемелерине керектөө насыясын берүү үчүн комиссияларды алууга жол берилбестигин белгилеген. Кредит берүүчүгө Россия Федерациясынын ченемдик укуктук актылары менен ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн, ошондой эле кызмат көрсөткөндүгү үчүн, эгерде ал ошол эле учурда өз кызыкчылыгында аракеттенсе жана карыз алуучу үчүн өзүнчө мүлктүк пайда түзүлбөсө («Керектөөчү кредит (насыя) жөнүндө» Федералдык мыйзамынын 5-беренесинин 19-бөлүгү) сый акы алууга жол берилбегендиги айтылган. Россия Банкы насыянын суммасын которуу кредит берүүчү тараптан комиссия алынышы мүмкүн болгон өзүнчө кызмат катары каралбашы керек, бирок керектөө кредити келишимин түзүү жана ага ылайык келип чыгуучу милдеттенмелер үчүн зарыл жана коштолуучу шарт болуп саналат деп эсептейт. Ушуга байланыштуу карыз алуучунун эсебине насыяны которуу үчүн комиссия алуу мыйзамсыз. 

Ошентип, банк же башка финансы уюму тарабынан комиссияны кармап калуу эки шарт аткарылганда, атап айтканда, кардарга кредиттик келишимдин (насыя келишиминин) шарттарында камтылган кызматтан башка кызмат көрсөтүлсө жана ал төлөнгөн болсо, жана кардар көрсөтүлгөн кызматтын натыйжасында өзүнчө мүлктүк пайдага ээ болгондо мыйзамдуу болот. 

Казакстан Республикасынын «Казакстан Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 39-беренесине ылайык, ишкердик ишке байланышпаган жеке адам менен банктык насыя келишимди түзгөнгө чейин банктар, банктын айрым банктык операцияларынын түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдар жеке адамга банктык насыяны берүүгө жана тейлөөгө байланыштуу комиссиялык алуулар жана башка төлөмдөр каралбаган, ошондой эле банктын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын сый-акы ченинен тышкары, насыяны берүү жана тейлөө менен байланыштуу жана банктык насыялык келишимде каралган комиссияларды жана башка төлөмдөрдү алуу укугу каралган кредиттөө шарттарын тандоону сунуштаганга милдеттүү.  

Банктар, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдар банктык кредиттик келишимдерде бардык комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле насыяны берүүгө жана тейлөөгө байланыштуу алынууга тийиш болгон суммаларын көрсөтүүгө милдеттүү жана түзүлгөн келишимдин алкагында бир тараптуу тартипте комиссиялардын жана башка төлөмдөрдүн жаңы түрлөрүн киргизүүгө укугу жок. Мындан тышкары, банктар, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдар, ишкердик иш менен байланышпаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жеке адамдар менен түзүлгөн банктык кредиттик келишимдер боюнча банктык насыяны тейлөө жана берүү менен байланышкан банктык эсепти жүргүзүү үчүн, ошондой эле банктык эсепке насыяны чегерүү үчүн комиссия алууга жана орнотууга укугу жок.  

 

№ 3 проблема боюнча 

№ 398-ФЗ Федералдык мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, каржылык туруктуулукка коркунучтарды азайтууга багытталган чара катары Россия Федерациясынын Борбордук банкына (мындан ары - Россия Банкы) кредиттик уюмдар жана (же) микрофинансы уюмдары үчүн жеке адамдарга кредиттик уюм же микрофинансы уюму тарабынан берилүүчү кредиттердин (насыялардын) айрым түрлөрүнүн максималдуу жол берилген үлүшүн белгилөө укугу берилген. 

Белгиленген макропруденциалдык лимиттер карыз алуучунун карыз оорчулугунун көрсөткүчтөрү 80% ашык (мөөнөтүнөн көз карандысыз) менен берилген бардык кредиттерге жана насыяларга, жана 5 жылдан ашык мөөнөткө берилген (карыз оорчулугунун көрсөткүчтөрүнөн көз карандысыз) бардык кредиттерге өзүнчө колдонулат. Ушуга байланыштуу, Россия Банкы керектөө кредиттери жана насыялар, анын ичинде кредиттик карталар боюнча макропруденциалдык лимиттер үчүн төмөнкү маанилерди белгилеген. 

1-таблица. 2022-жылдын III чейрегинде берилүүчү камсыздалбаган керектөө кредиттери үчүн макропруденциалдык лимиттердин алдын ала сандык маанилери  

 

Карыз алуучулардын карыз оорчулугунун көрсөткүчтөрү менен  

камсыздалбаган керектөө кредиттери, 80%дан ашык 

5 жылдан ашык мөөнөттөгү камсыздалбаган керектөө кредиттери

Банктар 

25 

25 

МФУ 

35 

Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-декабрындагы № 292 «Финансы уюмдары тарабынан банктык жана башка операциялардын айрым түрлөрүнө чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому менен экинчи деңгээлдеги коммерциялык банктар үчүн (мындан ары - банк), карыз алуучунун карыз оорчулугунун коэффициентинин максималдуу деңгээли үчүн 0,5 боло турган ченеми белгиленген. 

Карыз алуучунун карыз оорчулугунун коэффициенти карыз алуучунун бардык төлөнбөгөн насыялары боюнча ай сайын төлөнүүчү төлөмдүн суммасынын, анын ичинде бардык төлөнбөгөн насыялар боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн суммасынын жана карыз алуучунун акыркы алты айдагы орточо айлык кирешесине жаңы карызы боюнча орточо айлык төлөмдүн катышы катары эсептелет.  

Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын № 190 токтомуна ылайык 2020-жылдын 1-январынан тартып, карыз оорчулугуна болгон талаптар бекемдеп, өзгөртүүлөр киргизилген, башкача айтканда, банк тарабынан эки этапта жүргүзүлүүгө тийиш болгон карыз алуучунун карыз оорчулугунун коэффициентин эсептөө өзгөргөн: 

1) биринчи этап - карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо; 

2) экинчи этап - карыз алуучунун карыз оорчулугунун коэффициентин эсептөө

Беларусь Республикасынын жарандарынын карыз оорчулугун азайтуу боюнча чараларга жеке адамдардын карыз оорчулугун чектөөнүн негизги инструменттерине төмөнкүлөр кирет: 

- карыз оорчулугунун көрсөткүчү 40% ашпоого тийиш. Белгиленген мааниден ашкан учурда мындай кредиттер боюнча карыз керектөө муктаждыктары үчүн кредиттер боюнча банкка болгон жалпы карыздын 10% ашпоого тийиш. Карыз оорчулугунун көрсөткүчү керектөөчүлөрдүн керектөөлөрү үчүн кредит берүүдө эсептелет.  

- кредиттин камсыздалышы боюнча көрсөткүчү - 90% ашпоого тийиш. Эгерде кредиттин камсыздалышы боюнча көрсөткүч 90дон 100% чейин болсо, мындай кредиттер боюнча карыз (мамлекеттик колдоону пайдалануу менен берилген кредиттер боюнча карызды эсепке албаганда) кыймылсыз мүлктү каржылоо үчүн кредиттер боюнча банкка болгон жалпы карыздын 10% ашпоого тийиш. 

 

1.5. Жөнгө салууну киргизүү үчүн негиз 

Кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча талаптарды жөнгө салууну киргизүү үчүн негиз болуп банктардын скоринг кредиттерине, сактык кассалар тарабынан берилген кредиттерге, бланктык кредиттер боюнча максималдуу ченемге, ошондой эле пенсионерлерге берилген төлөм карталары боюнча бланктык кредиттердин овердрафттарын кошпогондо карыз оорчулугунун көрсөткүчүн эсептөөнү басаңдатуу же жоюу маселелери боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды кароонун натыйжалары саналат. 

Ошондой эле, аталган долбоордун алкагында Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мөөнөтү өткөн эки же андан ашык кредиттер болгон учурда төлөө тартиби, кредиттик келишимдин тили, үчүнчү жактарга карыз алуучунун кредиттик маалыматтарын берүү, келечекте пайда болуучу буюм же укукту кабыл алуу үчүн камсыздалуучу күрөөнүн жалпы курамында чектөөлөрдү белгилөө, кредиттик келишимдин милдеттенмелери боюнча карыз алуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча сын-пикирлери жана сунуштары каралып чыккан. 

 

2. Каралып жаткан жөнгө салуу варианттарын чагылдыруу жана баалоо  

2.1. Каралып жаткан маселелердин мамлекеттик жөнгө салуу максаты болуп, сектор тарабынан натыйжалуу кредиттөөдө, ошондой эле Улуттук банк тарабынан банктык көзөмөл жүргүзүүдө да орун алган кемчиликтерди четтетүү болуп саналат.  

2.2. Жогоруда көрсөтүлгөн банк чөйрөсүндөгү проблемаларды жөнгө салуу максатында, жөнгө салуунун төмөнкү үч варианты сунушталган жана каралган:  

1) «Өзгөртүүсүз калтыруу» варианты 

2) Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик боюнча өзгөртүүлөр долбоорун бекитүү.  

3)  Жөнгө салуунун альтернативдүү варианты. 

2.3. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты  

Бул вариантты тандоого болбойт, анткени, бүгүнкү күндө банк секторунун банктык тегерек столдо берген сунуштарын эске алуу менен, бул долбоордун алкагында Улуттук банктын сунушталып жаткан ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы бар.  

2.4. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианты «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик маселеси боюнча сунушталып жаткан өзгөртүүлөр долбоорун бекитүү».  

a) Жөнгө салуу ыкмасы 

Калкка кредит берүүдө, ошондой эле Улуттук банк тарабынан банктык көзөмөл жүргүзүүдө да орун алган кемчиликтерди жөнгө салуу ыкмасы сунушталган долбоорду бекитүүнү, атап айтканда, Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү билдирет: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

жобо; 

- Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартиби.  

б) Жөнгө салуучу таасирин баалоо  

Бул вариантты колдонуунун бир катар артыкчылыктары бар. 

Скоринг кредиттеринин суммасы көбөйгөн учурда, банктар скоринг модели боюнча автоматташтырылган системаларды ишке киргизүү наркынын жогору экендигин эске алуу менен операциялык чыгашасынын ордун жаба алат, жана жалпысынан, кардарлардын ыкчам жана сапаттуу тейленишине оң таасирин тийгизе алышат.  

Ошондой эле бланктык кредиттер түшүнүгүнөн чыгарылган кредиттердин суммасынын көбөйүшү банктарга мындай кредиттерди алууда тигил же бул кардарларды чектебестен, кардарлар базасын көбөйтүүгө мүмкүндүк бере тургандыгын маалымдайбыз. Ошондой эле кредиттөөнү тездетүү жана ыңгайлуулугун жогорулатуу эсебинен анын көлөмү өсүшү байкалып, бул өз кезегинде, бүтүндөй өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө мультипликативдүү натыйжага алып келет.  

Мындан тышкары, сактык кассалар тарабынан берилген кредиттердин суммасынын көбөйүшү айыл жериндеги калктын Улуттук банктын ченемдик документинде көрсөтүлгөндөн көбүрөөк көлөмдө кредит алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. 

Мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү тууралуу документ талап кылынбаган жеке адамдарга-айыл чарбасындагы өндүрүүчүлөргө берилген кредиттердин суммасын көбөйтүү менен Улуттук банк мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу документти берүүсүз, ушул Жободо белгиленгенден көбүрөөк сумманы алууну каалаган айыл чарбасындагы өндүрүүчүлөр үчүн Жобонун талаптарын жеңилдетет. 

Ошондой эле банк тарабынан комиссиялык төлөм алынышы боюнча талаптарды эки жактуу түшүнүүгө жол бербөө менен бул маселе боюнча инспекторлордун туура эмес жазма буйрук даярдоосун алдын алуу максатында, Улуттук банктын талаптарын туура түшүнүүгө алып келе тургандыгын белгилеп кетүүгө болот. 

Кредит боюнча пландаштырылган ар айлык төлөмдөрдүн (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) карыз алуучунун орточо айлык жыйынды кирешесине карата катышын эсептөө тартибинин өзгөрүшү бул талапты жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет жана бул көрсөткүчтү учурдагы эсептөөнү эске алганда, керектөө кредиттерин берүүдөгү тоскоолдуктарды четтетет.  

в) Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо  

Бул долбоордун талаптарын аткарууда тобокелдиктер орун алышы мүмкүн эмес, анткени сунушталып жаткан өзгөртүүлөр банк секторунан келип түшкөн, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында алынган.  

г) Атаандаштыкка таасирин баалоо  

Жөнгө салуунун бул вариантын кабыл алуу банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштыктын абалына өз алдынча таасирин тийгизбейт, тескерисинче, аталган рынокто алгылыктуу атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана колдоого өбөлгө түзөт. 

д) Коомдук консультациянын жыйынтыгы  

Бекитүүгө сунушталып жаткан ченемдик документтин долбоору мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган банктардын жана микрофинансылык компаниялардын ишине таркатылат. 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга жана жөнгө салуучу таасири талдап-иликтенүүгө тийиш.  

Буга байланыштуу токтом долбоору коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жайгаштырылат.  

Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболорун баалоодо коррупциялык факторлор аныкталган эмес.  

2.5 Жөнгө салуунун альтернативдүү варианты 

Жогоруда белгиленген кредиттердин суммасын 100 000 сомго көбөйтүү

Жободон банктардын карыз алуучуга касса аркылуу кредит берүүдө нак акча алгандыгы үчүн комиссиялык төлөм алуусуна тиешелүү талапты алып салуу.  

Кредит боюнча пландаштырылган ар айлык төлөмдөрдүн (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) карыз алуучунун орточо айлык жыйынды кирешесине карата катышына тиешелүү маанини 50 пайыздан 40 пайызга чейин төмөндөтүү аркылуу карыз оорчулугунун көрсөткүчүн катуулатуу.  

а) Жөнгө салуу ыкмасы 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого жана Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү

б) Жөнгө салуучу таасирин баалоо  

Бул вариантты колдонууда карыз алуучуга зарыл сумманы берүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат, касса аркылуу кредит алууда нак акча алгандыгы үчүн банктардын комиссиялык төлөм алуусу боюнча талапты туура түшүнүү. Ошондой эле бул вариантты кабыл алууда, банктардан бул көрсөткүчтүн маанисин (50 пайыздан азыраак болууга тийиш) жеңилдетүү сунушу түшкөндүгүн эске алуу менен карыз алуучуга карыз оорчулугунун көрсөткүчү 40 пайыздан ашык болгон керектөө кредиттерин берүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат.  

в) Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо 

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кредиттөө системасын өркүндөтүүгө багытталган. 

г) Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Бул вариантты кабыл алуу банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштыкка кандайдыр бир таасирин тийгизбейт. 

д) Коомдук консультациянын жыйынтыгы  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга жана жөнгө салуучу таасири талдап-иликтенүүгө тийиш.  

Буга байланыштуу токтом долбоору коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.  

Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболорун баалоодо коррупциялык факторлор аныкталган эмес. 

 

3. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантын тандоонун негиздемеси  

2-вариант боюнча токтом долбоорун кабыл алууга сунуштоого болот, анткени төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 

- (1) скоринг кредиттеринин, (2) сактык кассалары тарабынан берилген кредиттердин, (3) мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү тууралуу документ талап кылынбаган жеке адамдарга-айыл чарбасындагы өндүрүүчүлөргө берилген кредиттердин, ошондой эле (4) бланктык кредиттер түшүнүгүнөн чыгарылган кредиттердин суммасынын көбөйтүлүшү

- касса аркылуу кредит алууда нак акча алгандыгы үчүн банктардын комиссиялык төлөм алуусу боюнча талапты эки жактуу түшүнүү жокко чыгарылат; 

- карыз алуучунун бир эле убакта бир нече мөөнөтү өткөн кредити болгон учурда, аларды төлөө кезегинин такталган тартибин белгилөө

- карыз оорчулугунун көрсөткүчүнө карата талапты жеңилдетүү

- чегерилген пенсиялардын суммасы овердрафт кредиттери боюнча камсыздоо катары санала тургандыгын эске алуу менен пенсионерлерге берилген төлөм карталары боюнча овердрафттарды бланктык кредиттер түшүнүгүнөн чыгаруу; 

- күрөөлүк камсыздоонун түзүмүндө ишке ашырууда жогору тобокелдикти камтыган күрөөлөрдүн болушуна чектөөлөрдү белгилөө;  

- карыз алуучулар тарабынан кредиттик келишим боюнча милдеттенмелери аткарылбагандыгына тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык келтирүү;  

- электрондук түрдө макулдашуу жагында тактоочу талаптарды белгилөө

 

4. Күтүлүүчү экономикалык натыйжаларды жана алардын атаандаштыкка таасирин баалоо боюнча тиркеме 

Сунушталган долбоордо кредиттөө процессине карата талаптар каралгандыгын эске алуу менен алар кандайдыр бир кошумча сарптоолорду талап кылбай тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.  

Аналитикалык катка  

1-тиркеме  

 

АТААНДАШТЫККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА КОРУТУНДУ 

 

 

«Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобонун сунушталган жаңы долбоорун бекитүүнү» жөнгө салуу варианты 

 

Жүргүзүлгөн талдап-иликтөөгө ылайык методика (аталышы): 

 

Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөдө атаандаштыкка тийгизген таасирин талдап-иликтөө методикасы 

 

Талдап-иликтөө жүргүзүлгөн дата: 2022-жылдын ___ - ______ 2022-жылдын ____ - _______ чейин 

 

Атаандаштыкка таасирин талдап-иликтөөнүн негизги (кыскача) корутундусу: 

- жөнгө салуучу вариант атаандаштыкка олуттуу таасир тийгизбейт 

 

Атаандаштыкка тийгизген таасирин талдап-иликтөө жөнүндө кеңири маалымат: 

 

· Товардык рыноктун негизги параметрлери 

Товардык рыноктун продуктуулук чеги: 

- банктык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр  

 

Товардык рыноктун географиялык чектери: 

- географиялык жактан чектелген эмес 

 

Товардык рыноктун көлөмү (маалыматтар болсо): 

- маалыматтар жок  

 

1) товардык рынокто иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъектилердин курамы (маалыматтар болсо) 

- Финансы-кредиттик уюмдар-үлүшү (%): белгисиз 

(аталышы) 

 

 

· Баалоо 

 

Фактордун аталышы 

Баалоо 

«ооба» же «жок» 

«Ооба» деп баалоонун негиздемеси 

 

 

Товардык рыноктун концентрациясынын деңгээлин баалоо 

 

 

Бул товардык рынокто кайсы бир чарба жүргүзүүчү субъекттин үлүшү 35 пайызды түзөбү же андан жогору болгон үстөмдүк абал барбы - маалыматтар болсо? 

жок 

 

Ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъектилердин үлүшүнөн көп болгон жана чогуу алганда 50 пайыздан ашкан чарба жүргүзүүчү үчтөн ашык субъектинин чогуу алгандагы үстөмдүгү же тиешелүү рынокто башка чарба жүргүзүүчү субъектилердин үлүшүнөн көп болгон чарба жүргүзүүчү беш субъектинин чогуу алгандагы үлүшү үстөмдүк кылган абал барбы маалыматтар болсо?  

жок 

 

 

Товардык рынокко кирүү-чыгууда экономикалык чектөөлөрдү баалоо 

 

 

Жаңы жөнгө салуу пропорционалдуу эмес чыгымга алып келеби: 

учурдагы катышуучуларга караганда, рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн; 

ири ишканалар үчүн болжолдоого караганда, чакан ишканалар үчүн ж.б. 

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу потенциалдуу катышуучулардын рынокто сунуштары чектелген ресурстарга (материалдык-буюмдук, материалдык эмес жана башка) болгон жеткиликтүүлүгүнө олуттуу чектөөнү алып келеби? 

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъектилердин жаңы жөнгө салуу менен байланышкан ушул товардык рынокто ишин мажбурлап токтотууда жогорку (экономикалык туруктуулукту бузууга жөндөмдүү) чыгымга алып келеби? 

жок 

 

 

Товардык рынокко кирүүдө административдик чектөөлөрдү баалоо 

 

 

Жаңы жөнгө салуу рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн лицензиялык талаптардын жана лицензия алуу жол-жоболорунун наркынын олуттуу өсүшүнө алып келеби? 

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу чектелген ресурстарды административдик бөлүштүрүүдө чарба жүргүзүүчү субъектилердин тең укуктуулук шарттарын бузууга алып келеби? 

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъектилердин баа түзүү механизмин тандоону, продукциянын сапатын, өндүрүштүк кубаттуулуктардын жайгашкан жерин аныктоону чектөөгө алып келеби? 

жок 

 

 

Товардык рынокко кирүүдө стратегиялык чектөөлөрдү баалоо 

 

 

Жаңы жөнгө салуу чарба жүргүзүүчү интеграциянын ар кандай туруктуу формаларынын катышуучулары үчүн (холдингдер, финансы-өнөр жай бирикмелери, анын катышуучуларынын өз ара атаандаштык деңгээли төмөн кластерлер жана кооперациянын жогорку деңгээли ж.б.) интеграциянын мындай формаларына кирбеген рыноктун башка потенциалдуу катышуучуларына салыштырмалуу кошумча артыкчылыктарды алууга алып келеби? 

жок