Кайта келүү

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын региондорун кошо алганда, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу кызыкчылыгында банктык жана төлөм системалар рыногуна иштеп жаткан жана жаңы катышуучулар менен инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн/технологиялардын киргизилишине тоскоолдуктарды азайтуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана финансы кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын төмөндөтүү, инновациялык ишти тартипке келтирүү жана контролдоо максатында атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн шарттарды жана критерийлерди конкреттештирүү максатында иштелип чыккан.  

Жобого өзгөртүүлөрдүн долбоорунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 

- инновацияларды колдоо жана калк жана бизнес үчүн финансылык продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, жаңы финансылык продуктулардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна, анын ичинде Кыргыз Республикасынын региондоруна жайылтылышы; 

- атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн документтердин формаларын жана тизмесин тактоо. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Жобонун механизми Улуттук банк атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат деп болжолдойт, ал расмий интернет-сайтта жалпы маалымат түрүндө жайгаштырылат жана билдирмелерди кабыл алуудан жана кеңеш берүүдөн баштап, тестирлөө аяктаганда отчет берүү учуруна чейин толук контролдукту жүзөгө ашырат, ага атайын чектөөлөр (аймактык, кардарлардын саны, милдеттенмелердин өлчөмү ж.б. боюнча) жайылтылат. 

Атайын жөнгө салуу режимдеринин механизмин ишке киргизүүнүн баштапкы этабында атайын жөнгө салуу режимдерин түзүү үчүн документтерди берүү боюнча талаптар билдирмелерди кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун жалпы сүрөттөөсү түрүндө берилген. Операциялык тобокелдиктерди азайтуу жана инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды киргизүүгө максатка ылайык түрткү берүү боюнча чараларды киргизүү зарылдыгы бар. Учурдагы шарттарда иштеп жаткан жөнгө салуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун санариптик формаларын өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ болгон инновациялык чечимдердин киргизилишине байланыштуу тобокелдиктерди толук өлчөмдө жаппайт: 

- инновациялык кызмат көрсөтүүлөр жана технологиялар боюнча тобокелдиктерди баалоонун татаалдыгы; 

- кызмат көрсөтүүлөрдүн жана технологиялардын инновациялык критерийлери боюнча ченемдик-укуктук базанын жетишсиздиги. 

Билдирмелерди иштеп чыгуу тажрыйбасынан атайын жөнгө салуу режимин түзүүгө билдирменин формаларын тактоо зарылдыгы да аныкталды. 

Жогоруда баяндалгандарга ылайык, Жобого сунушталган өзгөртүүлөрдүн долбоорунда билдирме ээлерине карата талаптарды кайра карап чыгуу, актуалдуу эмес ченемдерди алып салуу, атайын жөнгө салуу режимин түзүүгө билдирменин формасын жаңыртуу, атайын жөнгө салуу режимдерин түзүү тартиби жана атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында лицензия берүүгө өзгөчө талаптарды белгилөө каралат. 

 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында инновациялык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү үчүн берилген билдирмелердин мазмунун конкреттештирүү, финансылык кызмат көрсөтүүлөргө тестирлөө жүргүзүү критерийлерин тактоо жана ресурстарды оптималдаштыруу күтүлүүдө, бул атайын жөнгө салуу режимдеринин механизминин иш натыйжалуулугуна таасирин тийгизүүгө тийиш. 

Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорунда укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди чектеген ченемдер камтылбайт, анткени долбоордун сунуш кылынган ченемдерин киргизүү Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында катышуучулардын инновациялык технологияларды киргизүү боюнча ишин тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берет. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгында берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн сунушталган долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджетке кошумча финансылык оорчулук келтирбейт. 

Ченемдик укуктук актыларда атайын жөнгө салуучу режимдер бөлүгүндөгү өзгөртүүлөрдү бекитүү дагы рыноктун катышуучулары тарабынан кошумча чыгымдарга алып келбейт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат 

Токтомдун сунушталган долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген 2020-жылдын 30-сентябрындагы №504 Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлдү

 

 

 

Долбоор 

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Ушул «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү тартиби, буга чейин Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларында сунушталбаган жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарылчылыгы келип чыккан шартта, катышуучулардын атайын жөнгө салуу режимине катышуу тартиби жана аларга карата талаптар аныкталат. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптары ушул Жободо жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин/ Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары Комитет) чечимдеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, атайын жөнгө салуу режимдеринин иши боюнча укуктук мамилелерге колдонулат. 

Атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык операцияларга тиешелүү операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин аныктоо критерийлери: 

- операцияларды жүргүзүүдө жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо колдонулган технологиялар рынок үчүн принципиалдуу жаңы болуп саналат; 

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында башка субъект тарабынан сунушталбаган операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр; 

операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты колдо болгон окшош продуктуларга салыштырмалуу керектөөчүлөр үчүн жакшыртылган болуп саналат жана операцияларды жүргүзүүнүн натыйжалуулугун кыйла жогорулатат; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр банктык рыноктогу субъекттер тарабынан буга чейин колдонулган эмес же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен чектелген; 

- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынбайт жана операцияларды жүргүзүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес. 

Тестирлөө үчүн сунушталган операциянын жана (же) кызмат көрсөтүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн биринчи эки критерийге ылайык келиши атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн милдеттүү болуп саналат.»; 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү ыктыярдуулук, ачык-айкындуулук, отчеттуулуктун теңдиги жана атайын жөнгө салуу режиминин бардык катышуучуларына карата чектөөлөрдү киргизүү принциптеринин негизинде, ошондой эле банк иши жана натыйжалуу көзөмөл боюнча эл аралык стандарттардын сунуштарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мында атайын жөнгө салуу режимин ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн Борбордук банк катары Улуттук банктын ишинин негизги максаттарынын, операцияларынын жана принциптеринин өзгөрүшүнө таасир этпеши керек. 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында айрым юридикалык жактарга атайын жөнгө салуу режимине катышуунун кыйла пайдалуу шарттарын камсыз кылган жеңилдиктерди берүүгө жол берилбейт. 

Катышуучулардын тобокелдиктерди башкаруу сапаты анын ишинин масштабына жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу тобокелдиктерге шайкеш келүүгө тийиш.»; 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттары сакталышына Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгерде болсо) жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

Мында атайын жөнгө салуу режимине кирүү үчүн Билдирме ээси/Кошо билдирүүчү катары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак (эгер болсо) саналат, ал төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- Билдирме берүүчүгө (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата билдирме бергенге чейинки акыркы  

3 (үч) жыл ичинде колдонулган, аткарылбаган таасир этүү чараларынын жоктугу; 

- жоюлуу же банкроттук процессинде же атайын режимде болбоого тийиш; 

- Билдирме ээсине (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата соттун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салуунун жоктугу; 

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) уюштуруучуларынын курамында оффшордук аймактарда катталган аффилирленген жактардын же болбосо оффшордук аймактарда жашаган же тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдардын жоктугу; 

- Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) финансылык абалы канааттандырарлык болушу зарыл (же Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана жүргүзүү үчүн жетиштүү финансылык жана башка ресурстарга ээ болууга милдеттүү.)»; 

- 6-пунктундагы 9-абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Техникалык тапшырмада банк операцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аныктамасы жана мазмуну тестирлөө учурунда өзгөрүлгүс болууга тийиш.»; 

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«8. Билдирменин курамына төмөнкүлөр кирет: 

ушул Жобого карата 1-тиркеменин формасы боюнча Билдирме берүүчүнүн бланкында таризделген, ушул Жобого ылайык ага тиркелген документтердин тизмеги, жетекчинин колу коюлган жана Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, атайын жөнгө салуу режимин түзүү өтүнүчү менен берилген арыз, же болбосо, анын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген электрондук формасы; 

- ушул Жобого карата 2-тиркеменин формасы боюнча Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү жөнүндө маалымат жана Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) жазуу жүзүндөгү макулдугу; 

- ушул Жобонун 3-тиркемесинин формасы боюнча операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалымат, аны тестирлөө Билдирме ээси тарабынан сунушталат; 

- жарыяланган уставдык капиталдын суммасын көрсөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктоону алуу үчүн реквизиттери менен Билдирме ээсинин/Кошо билдирме берүүчүнүн (эгер болсо) уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же электрондук формалары; 

- Билдирме ээсинин акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик/финансылык отчету; 

- сунушталган операцияны жана кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча экономикалык болжолдоолор. 

Уюштуруу документтерин жана бухгалтердик/финансылык отчет берүү талабы Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) катары иш алып барган жактарга таркатылбайт.»; 

- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«9. Операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалыматта (3-тиркеме) болжолдонгон операциянын, кызмат көрсөтүүнүн/технологиянын мазмуну жана маңызы кыскача көрсөтүлүшү зарыл. Мында операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө толук маалымат эркин формада, анын ичинде графикалык жана схемалык формаларда кошумча тиркелүүгө тийиш.»; 

- 10-пунктунун 4-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде Улуттук банк тарабынан алынган документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе жана/же аларды карап чыгуу жана алар боюнча чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү маалыматты камтыбаса, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банк белгиленген талаптарга жооп берген документтерди алган күндөн тартып эсептелет.»; 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Эгерде Билдирмени кароонун жыйынтыгы боюнча Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги, же болбосо төмөнкүлөр аныкталса, анда анын дарегине атайын жөнгө салуу режимин түзүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлгөн кат жөнөтүлөт: 

- банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана/же кызыкчылыктарын бузуу бөлүгүндөгү олуттуу тобокелдиктер; 

- берилген документтерде так эмес маалыматтардын болушу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сунушталган же пайдаланылган окшош банктык операция же кызмат көрсөтүү болгон учурда; 

- тестирлөө үчүн сунушталган кызмат көрсөтүүнү/операцияны ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн инновациялык кызмат көрсөтүүнүн/ операциянын критерийлерине ылайык келбеген деп таануу.»; 

- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Тиешелүү комитет же комитеттер Билдирменин курамына киргизилген, каралган документтердин негизинде төмөнкү чечимдерди кабыл алат/алышат: 

- атайын жөнгө салуу режимин түзүү же түзүүдөн баш тартуу жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банк операцияларынын чектелген тизмесин жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин параметрлерин аныктоо жөнүндө

- тестирлөө учурунда кызмат көрсөтүү шарттары жана/же катышуучулардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын айрым талаптарын аткаруудан толук/жарым-жартылай бошотулушу тууралуу; 

- атайын жөнгө салуу режиминин аракетин токтотуу шарттарын белгилөө тууралуу; 

- түзүмдүк бөлүмгө атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти жүктөө жөнүндө

- атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө

- тестирлөө үчүн сунушталган операциянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна экономикалык ченемдер боюнча кошумча талаптарды белгилөө жөнүндө

- ийгиликтүү тестирлөөдө лицензиянын мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин узартуу жөнүндө.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Эгерде банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө техникалык тапшырмага ылайык, лицензия алган учурдан тартып 3 (үч) ай ичинде башталбаса, лицензиянын аракети токтотулат. Лицензиянын аракети токтотулгандыгы жөнүндө билдирүү Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусуна жөнөтүлөт.»; 

- 31-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Лицензиянын мөөнөтү аяктаганга чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө же техникалык тапшырмада белгиленген тестирлөөнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү камтылган критерийлери мөөнөтүнөн аткарылган учурда, атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусу тестирлөөнүн натыйжасы жөнүндө отчетту (мындан ары отчет) Улуттук банкка жөнөтөт, анда төмөнкүлөр камтылат:»; 

- 31-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- банк операцияларын андан ары ченемдик жөнгө салуу боюнча сунуштар.»; 

- «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун 2-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

БИЛДИРМЕ ЭЭСИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ 

Уюмдун толук аталышы 

  

Уюмдун юридикалык жана айкын дареги 

  

Уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери 

  

Күбөлүктүн берилген күнү 

  

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

  

Уюмдун веб-сайты (эгер болсо) 

  

Башка мамлекеттик органдардан башка уруксат берүүчү документтердин болушу 

  

Билдирме ээсинин байланыш адамынын аты-жөнү жана кызматы 

  

Билдирме ээсинин байланыш адамынын электрондук дареги 

  

Билдирме ээсинин байланыш адамынын телефону 

  

КОШО БИЛДИРМЕ БЕРҮҮЧҮ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ 

Уюмдун толук аталышы 

  

Уюмдун юридикалык жана айкын дареги 

  

Уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери 

  

Күбөлүктүн берилген күнү 

  

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

  

Уюмдун веб-сайты 

  

 

 

»;  

 

- «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун 3-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

ИННОВАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ/ТЕХНОЛОГИЯ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ 

Сунушталган инновациялык кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө кеңири маалымат (графикалык/схемалык форма тиркелет). 

Банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат 

Инновациялык кызмат көрсөтүүнүн/инновациялык технологияларды ишке ашыруунун бизнес-процессин чагылдыруу  

Бизнес-процессти чагылдыруу, ошондой эле бизнес-процесстин графикалык формасы тиркелет. 

Рынок үчүн кызмат көрсөтүү/технологиянын жаңылыгын чагылдыруу. Кандай социалдык жана экономикалык оң натыйжа күтүлөт? 

Сунушталып жаткан операциянын жана кызмат көрсөтүүнүн рынокто сунушталып жаткан башка банктык операциялардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, же болбосо аларды сунуштоонун жаңы технологиясынан айырмасы. Сандык көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен, кызмат көрсөтүүнүн оң натыйжасын белгилөө 

Локалдык рыноктон (эгер болсо) тышкары бирдей инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоо тууралуу маалымат же мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү 

Локалдык рыноктон тышкары бирдей банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу маалымат же мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү 

Атайын жөнгө салуу режимин түзбөстөн, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого тоскоолдук кылган Улуттук банктын ченемдик актыларынын жоболору. 

Ченемдик документтерге шилтемелер менен тиешелүү ченемдик укуктук актылардан үзүндүлөр 

Атайын жөнгө салуу режимин түзбөстөн, инновациялык кызмат көрсөтүүнү/технологияны сунуштоого тоскоолдук кылган башка жагдайлар 

Болгон учурда көрсөтүлөт 

Инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сунуштоого/ишке ашырууга байланышкан тобокелдиктер тууралуу маалымат 

Тобокелдик тууралуу маалымат: 

- тобокелдик деңгээли (төмөн, орто, жогору, кооптуу); 

- тобокелдикти минималдаштыруу ыкмалары. 

Ар бир тобокелдик жогоруда көрсөтүлгөн түзүм боюнча өзүнчө чагылдырылышы зарыл, мында маалымат коопсуздугу боюнча тобокелдик аларды минималдаштыруу же жөнгө салуу боюнча сунушталган чаралары менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

Тесттин алкагында белгилениши мүмкүн болгон чектөөлөрдүн тизмеси же толтурула турган боштуктар. 

Потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу үчүн тестирлөөнүн алкагында белгиленүүчү чектөөлөр тууралуу маалымат 

Инновациялык кызмат көрсөтүү/технология үчүн техникалык даярдык тууралуу маалымат  

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды эске алуу менен техникалык даярдык жана колдонулган технология тууралуу маалымат 

Тесттин узактыгы 

12 айдан ашык эмес 

Тесттин ийгиликтүүлүгү боюнча критерийлердин тизмеси 

Тесттин ийгилиги баалануучу критерийлер жөнүндө маалымат  

Билдирме ээси менен Кошо билдирме берүүчүнүн ортосунда функцияларды бөлүштүрүү боюнча сунуштар тууралуу маалымат (эгер болсо) 

Кошо билдирме берүүчүнүн функциялары боюнча кыскача маалымат (эгер болсо) 

Тестирлөөнү токтотуунун тартиби 

Кардарларды тейлөө же келишимдерди бузуу, каражаттарды кайтарып берүү тартиби жана тестирлөө аяктагандан кийинки башка аракеттер 

»- «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун 6-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө укугуна берилген лицензияга  

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА 

__________________________________________________________________   

(юридикалык жактын фирмалык толук аталышы, мындан ары - Катышуучу) 

1. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы…… 

2. Банктык операцияларды тестирлөө укугуна атайын жөнгө салуу режиминин параметрлери:…… 

3. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна карата киргизилүүчү милдеттенмелердин тизмеси…… 

4. Отчеттуулук формасы…… 

5. Тесттин ийгилигин баалоо үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү камтылган критерийлердин тизмеси.…… 

6. Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун тестирлөө токтотулган учурдагы иш-аракеттеринин тартиби.…… 

 

Ушул техникалык тапшырма лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

   

Төраганын орун басары / Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

  

___________________________ Аты-жөнү, кол тамгасы 

Улуттук банктын мөөрү 

».