Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону (мындан ары Жобо) 2021-жылдын 28-октябрында кабыл алынган №126 Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №126 «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси колдонууга киргизилген. 

Жаңы кабыл алынган Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, жеке жана юридикалык жактар тарабынан жасалган укукка каршы, күнөө келтирген жосундар күчүн жоготкон Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде берилген жоруктар жана бузуулар эмес, укук бузуулар деп аталат. 

Ушуга байланыштуу токтомдун долбоору менен Жобонун 13-пунктуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. 

Мындан тышкары, токтомдун долбоорунда төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына таасир этүү чарасы катары салынган айыптык төлөм өлчөмүн аныктоого карата ченемдерди тактоо сунушталат. Ошондой эле, долбоордо Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир этүү чараларын колдонуунун негиздерине жана тартибине карата кээ бир ченемдерге айрым өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү каралган. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык натыйжалардын жана коррупциялык кесепеттердин келип чыгышын болжолдоо  

Токтомдун долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4.  Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, токтомдун долбоору коомдук талкуулоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат (koomtalkuu.gov.kg). 

 

5.  Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталган токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

 

6.  Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат  

Бул токтомдун долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Токтомдун долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. 

 

Төлөм системалары  

башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ 

Төраганын орун басары З.Л. Чокоев 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Толук/жарым-жартылай 

жөнгө салуучу таасирине 

талдап-иликтөө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

БЕКИТЕМ 

____________________________________ 

(кызмат орду) 

__________________________________ 

(кол тамгасы) 

20___ жылдын «___» _______________  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2022-жылдын 9-мартындагы №2022-Пр-141/58-О «Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө мөөнөтү:_________________ _________________ (башталышы) (аягы) 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Лелевкина Э. В. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги ______ 

жумушчу топтун мүчөлөрү

- М.Ш. Акулуева, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; 

- А.Т. Сыргатаев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси; 

- Э.Д. Бардинов, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; 

- Б.К. Айылчиев, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин көзөмөлдөө тобунун жетектөөчү адисинин милдеттин аткаруучу;  

- А.Л. Безуглов, «ПЭЙ24» ЖЧКнын төрагасынын орун басары; 

- М.Т. Бекишева, «ПЭЙ24» ЖЧКнын юристи; 

- У.Х. Нишонов, «АЙБИЕС МА» ЖЧКнын юристи. 

- А.М. Маратова, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси, жумушчу топтун катчысы; 

 

Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: 

Маратова А. М., 66-90-99, ammaratova@nbkr.kg; 

Сыргатаев А.Т., 66-91-43, asyrgataev@nbkr.kg

 

1. Проблемалар жана мамлекеттик кийлигишүү үчүн негиздер 

 

1.1 Проблемаларды чагылдыруу 

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине терс таасирин тийгизүүчү тобокелдиктерди азайтуу, төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу жана системалуу тобокелдиктерди азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14-50-3-(ПС) токтому менен «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы бекитилген. 

Жобонун жаңы редакциясын кабыл алуу Улуттук банкка системалуу тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдыгын төмөндөтүүгө, төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укугу корголушун, төлөм системасынын коопсуздугун, туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди. 

2019-жылы төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүнүн алкагында тиешелүү таасир этүү чаралары көрүлгөн: үч төлөм уюмунун жана төлөм системаларынын үч операторунун лицензиясы токтотулган, эки төлөм уюмунун жана төлөм системасынын эки операторунун лицензиялары кайтарылып алынган.  

2020-жылы төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине тышкы көзөмөлдүн жана текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төлөм системасынын бир операторунун/төлөм уюмунун лицензиясы боюнча төлөмдөрдү кабыл алууга жана төлөмдөрдүн/операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр киргизилген, төлөм системасынын бир операторунун лицензиясы жана төлөм уюмдарынын эки лицензиясы кайтарылып алынган, ошондой эле мыйзам бузууларды четтетүү боюнча тогуз жазма буйрук жөнөтүлгөн. 

2021-жылы төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына 25 жазма буйрук жөнөтүлүп, төлөм системасынын эки операторуна, төлөм уюмдарына жана бир кызмат адамына айыптык төлөм салынды, төлөм системасынын эки операторунун жана эки төлөм уюмунун лицензиясы жокко чыгарылган. 

Ошол эле учурда, «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун ченемдерин иш жүзүндө колдонуу процессинде мамлекеттин кийлигишүүсүн талап кылган бир катар проблемалар аныкталган. 

1-проблема. «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун ченемдерин Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү зарылчылыгы. 

2021-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынып, ага ылайык 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө кирген.  

Жаңыдан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан жол берилген укукка каршы кылмыштуу аракеттер буга чейин күчүн жоготкон Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленгендей бузуулар эмес, укук бузуулар деп аталат. Буга байланыштуу Жобого «укук бузуулар» деген сөздү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. 

2-проблема. Төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына салынуучу айыптык төлөмдүн өлчөмү так белгиленген эмес. 

Жобонун 10-пунктунда Улуттук банк төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмуна алардын активдеринин баланстык наркынын (акыркы отчеттук датага карата) 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө төмөнкү учурларда айыптык төлөм салууга укуктуу экендиги белгиленген. 

- Улуттук банктын жазма буйругун аткарбаса; 

- системалуу түрдө (12 календардык ай ичинде 2 же андан көп жолу) финансылык же башка отчетторду бербесе же өз убагынан кечиктирип/так эмес/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетторду же маалыматты берсе; 

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарды жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамды бузуулар. 

Бирок, жободо айрым мыйзам бузуулар үчүн айыптык төлөмдүн өлчөмү так белгиленбегендиктен, иш жүзүндө белгиленген айыптык төлөм суммасынын негиздүүлүгү боюнча талаш-тартыштуу маселелер бар. Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салууда коммерциялык банктардан айырмаланып, калыптанып калган укук колдонуу практикасы жок экендигин эске алуу менен төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу айыптык төлөмдөрдү белгилөө ченемдерин тактоо зарылчылыгы келип чыкты.  

3-проблема. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына салынуучу айыптык төлөмдүн өлчөмү так белгиленген эмес. 

«Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун 11-пунктунда Улуттук банк төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына ушул уюмдагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн (кызматтык маяна, үстөк акылар, үстөк акылар ж.б.) кошо алганда, орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу, төмөнкү учурларда: 

- төлөм системасынын операторлорунун /төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын алардын лицензиясынын иши токтотулушуна/кайтарылып алынышына жана анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган аракеттери же аракеттенбей коюусу  жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө;  

- Улуттук банктын жазма буйругун аткарбаган учурда  жылдык орточо сый акынын 50% өлчөмүндө;  

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай бою 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту сунуштаса  жылдык орточо сый акынын 30 пайызы өлчөмүндө;  

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берсе  жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

Бирок кызмат адамдарынын сый акы өлчөмү ар бир уюм тарабынан өз алдынча аныкталып жаткандыктан, иш жүзүндө кызмат адамдарына белгиленген айыптык төлөмдөрдүн өлчөмүнүн адилеттүүлүгү жана пропорционалдуулугу боюнча талаш-тартыш маселелер жаралууда. Мисалы, ар кандай төлөм уюмдарында жол берилген мыйзам бузуулар бирдей болушу мүмкүн экендигине карабастан, аз айлык алган кызмат адамынын жоопкерчилиги азыраак болот. Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салууда коммерциялык банктардан айырмаланып калыптанып калган укук колдонуу практикасы жок экендигин эске алуу менен төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына карата колдонулуучу айыптык төлөмдөрдү белгилөө ченемдерин тактоо зарылчылыгы келип чыгат.  

Кызыкдар тараптар: 

1) жөнгө салуучу орган Улуттук банк; 

2) төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары; 

3) төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөр. 

 

1.2. Кызыкдар тараптардын пикирин талдоо 

Ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча таламдаш тараптардын пикирлерине талдоо жүргүзүлөт. 

1.3. Бардык аныкталган проблемаларды жалпы талдоо 

Бүтүндөй алганда, жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнүн алкагында аныкталган проблемалар төлөм системасынын катышуучуларынын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү зарылчылыгы менен байланышкан. 

Заманбап төлөм чечимдери сунушталган атаандаштыкка жөндөмдүү жана технологиялык жактан өнүккөн төлөм рыногун өнүктүрүү инновацияларды киргизүүгө түрткү берүүчү коопсуз чөйрөнү түзүүнү талап кылат. 

Укуктук жөнгө салуудагы орун алган жетишпестиктер төлөм рыногунун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу жөнгө салуучу төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын контролдоо жана көзөмөлдөө жагындагы ченемдик укуктук актыларды туруктуу негизде жана үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө милдеттүү

1.4. Проблемалар масштабы 

2022-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасынын төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда 20 юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ, анын ичинен: 19 лицензия төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашырууга жана төлөм уюмунун ишин жүргүзүү укугуна 20 лицензия берилген. 

Төлөм системалары заманбап экономиканын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана алардын иштөө функциясы үзгүлтүккө учурашы калктын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин финансылык жоготууларына, системалык тобокелдиктердин келип чыгышына жана жайылышына алып келиши мүмкүн. 

Проблемалар масштабын төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары үчүн сапаттуу жөнгө салуу чөйрөсүн түзүү зарылчылыгы көз карашынан кароо зарыл. 

1.5. Улуттук банк тарабынан жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу проблемаларды чечүүнүн укуктук негиздери 

 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 311-беренесине ылайык, Улуттук банк төлөм системасынын катышуучуларына карата таасир этүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот: 

1) төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулганда; 

2) Улуттук банк тарабынан жеринде текшерүүлөрдү жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууда каршы аракеттер көрүлгөндө

3) финансылык отчеттуулукту туура эмес берүү максатында, иш жүзүндө орду жабылбаган жасалма жана шектүү операциялар жүргүзүлгөндө

4) төлөм системаларынын катышуучуларынын жана колдонуучуларынын кызыкчылыктарына коркунуч келтирген аракеттерде же аракеттенбей коюуларда. 

Улуттук банк төлөм системасынын ишин үзгүлтүккө учурата турган, ошондой эле төлөм системасынын катышуучусу тарабынан алардын колдонуучуларына көрсөтүлүүчү кызматтарга таасирин тийгизүүчү жогоруда көрсөтүлгөн бузууларды аныктаган учурда, Улуттук банк эскертүү жөнөтөт жана/же Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 23- главасына ылайык чараларды көрөт. 

 

1.6. Эл аралык тажрыйба 

Долбоорду даярдоонун жүрүшүндө чет мамлекеттердин тажрыйбасы каралган. 

Россия Федерациясы. Россия Федерациясында төлөм системасынын операторлоруна карата айыптык төлөмдөрдү колдонуу 2002-жылдын 10-июлундагы № 86-ФЗ «Россия Федерациясынын Борбордук банкы (Россия Банкы) жөнүндө» федералдык мыйзамынын 824 жана 825-беренелеринде каралган. Төлөм системасынын катышуучусуна (катышуучуларына) жана анын (алардын) кардарларына төлөм инфраструктурасынын кызматтарын көрсөтүү бир тараптуу тартипте убактылуу токтотулган (токтотулган) учурда Россия Банкы төмөнкүдөй айыптык төлөмдөрдү өндүрүп алат: 

1) улуттук маанидеги төлөм системасы болуп саналбаган төлөм системасынын операторунан - төлөм инфраструктурасынын кызматтарын көрсөтүүнүн убактылуу токтотулган (токтотулган) ар бир күн үчүн күрөө депозитинин 10 пайызына чейинки өлчөмдө

2) улуттук маанидеги төлөм системасынын операторунан төлөм инфраструктурасынын кызматтарын көрсөтүү убактылуу токтотулган (токтотулган) ар бир күн үчүн 10 миллион рублга чейинки өлчөмдө

Мында эки календарлык күн ичинде төлөм системасынын алкагында Россия Федерациясынын аймагында жүргүзүлгөн акча которуулардын суммасынын өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмү белгиленет. 

Россия Банкы көзөмөлүнө алынган уюмду жана анын кызмат адамдарын Россия Федерациясынын Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартат. 

 

Казакстан Республикасы. Казакстан Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн компетенциясынын чегинде төлөм системасынын операторлоруна, төлөм системаларынын операциялык борборлоруна жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун башка субъектилерине Казакстан Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана Казакстан Республикасынын “Казакстан Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамында каралган тартипте кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү тууралуу Казакстан Рспубликасынын төлөмдөрү жана төлөм системалары жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн таасир этүүнүн чектөө чараларын жана санкцияларын колдонот.  

Казакстан Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 220-беренесине ылайык, ар кандай мыйзам бузуулар үчүн 50дөн 200гө чейинки айлык эсептик көрсөткүчтүн (АЭК) өлчөмүндө айып салуу каралган. Казакстан Республикасында 2022-жылга АЭК 3 063 теңге өлчөмүндө белгиленди, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылдын 31-декабрына карата расмий курсу боюнча 602 сомду түзөт. 

Казакстанда Казакстан Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жана Казакстан Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинде төлөм системасынын операторлорунун кызмат адамдарына карата айып пул салуу каралган эмес. 

Төлөм системасынын операторлоруна, төлөм системасынын операциялык борборлоруна жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун башка субъекттерине карата Казакстан Республикасынын Улуттук банкы төмөндөгү чектөө чараларынын бирин колдонууга укуктуу: 

1) милдеттүү түрдө аткаруу үчүн жазма буйрук чыгарууга; 

2) жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө

3) жазуу жүзүндө макулдашуу түзүүгө

 

2. Жөнгө салуунун каралып чыккан варианттарынын сүрөттөлүшү жана бааланышы  

 

2.1. Жөнгө салуунун максаты 

Жөнгө салуунун максаты төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишинин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн/агенттердин/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр алдында өз убагында эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана финансылык милдеттенмелерди болтурбоо, төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо болуп саналат. 

Саналган проблемаларды чечүү үчүн “Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун төлөм системасынын операторлору тарабынан мыйзам бузуулар үчүн айыптык төлөмдөрдүн өлчөмүн көрсөтүү бөлүгүндөгү талаптарын кайра карап чыгуу зарыл.  

Максатка жетүү көрсөткүчтөрүнө төмөнкүлөр кирет: 

төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле алардын агенттеринин, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ортосундагы өз ара мамилелердин кыйла жөнгө салынган механизминин эсебинен төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу төлөмдөрдү үзгүлтүксүз өткөрүү

- калктын жоготуу тобокелдиктерин азайтуу жана финансылык ортомчулар тарабынан милдеттенмелерди аткарууга кепилдиктерди берүү

- банктык жана төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу; 

- жөнгө салуучу тарабынан төлөм системаларына, ошондой эле төлөм уюмдарынын агенттерине/субаагенттерине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамдарынын жоопкерчилиги; 

чекене төлөмдөр жана эсептешүүлөр рыногунун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүү

2.2. Жөнгө салуунун каралган варианттары 

1) “Өзгөртүүсүз калтыруу” жөнгө салуу варианты; 

2) «Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианты; 

3) альтернативдүү жөнгө салуу варианты. 

2.3. “Өзгөртүүсүз калтыруу” жөнгө салуу варианты 

Бул чечимди тандап алуу мүмкүн эмес, анткени учурдагы Жободо мүмкүн болуучу айыптык төлөмдүн максималдуу өлчөмү гана белгиленген. Ошол эле учурда тигил же бул мыйзам бузуу үчүн төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна жана алардын кызмат адамдарына айыптык төлөм кандай өлчөмдө белгилениши тууралуу маселе чечиле элек. 

Жөнгө салуунун бул вариантын ишке ашырууга болбойт, анткени Жобонун колдонуудагы ченемдери төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун субъекттери тарабынан белгисиздикти жана ишенбөөчүлүктү жаратат. 

Регламенттин бул вариантын аткарууну талдоо бул вариантты техникалык жактан ишке ашыруу жеӊилирээк деп баалоого алып келет, бирок жогоруда айтылган проблеманы чечпейт. 

2.4. «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуу варианты   

Жөнгө салуу ыкмасы болуп, Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-P-14-50-3-(ПС) «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алуу саналат.  

2. Бул жөнгө салуу варианты 1.«Проблемалар жана мамлекеттик кийлигишүү үчүн негиздер» бөлүмүндө аныкталган проблемаларды чечүүнү шарттайт. 

2.4.1. Жөнгө салуучу таасири  

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуу бөлүгүндө төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. 

Жалпысынан, Жобонун колдонуудагы редакциясына салыштырмалуу бузуунун оордугуна жараша салынуучу айыптык төлөмдөрдүн өлчөмүнө карата укуктук жөнгө салуудагы боштуктар жоюлат жана ушул Жобонун айрым ченемдери такталат. Ошондой эле, жөнгө салуунун бул варианты кабыл алынса, талаш-тартыштардын, анын ичинде төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана Улуттук банктын ортосунда колдонулган таасир этүү чараларына байланыштуу соттук териштирүүлөр менен байланышкан укуктук тобокелдиктердин олуттуу кыскарышы күтүлүүдө

Өркүндөтүлгөн ченемдик-укуктук база төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине натыйжалуу жана сапаттуу көзөмөл жүргүзүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет. 

Бул жөнгө салуу варианты 2.1. «Жөнгө салуунун максаттары» пунктунда аныкталган проблемаларды чечүүгө өбөлгө түзөт.  

2.4.2. Ишке ашыруу тобокелдиктери 

Жогоруда көрсөтүлгөн 1-2-3-проблемаларды чечүү максатында сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү Жобонун кемчиликтерин толтурууга жана өркүндөтүүгө багытталган. Ченемдик укуктук базанын жетишсиздиги жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн, төлөм системасынын ишинин төмөндөшү, натыйжасыз көзөмөл ж.б. 

Ошондой эле, өзгөртүүлөр жалпысынан төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары менен Улуттук банктын ортосунда пикир келишпестиктердин мүмкүн болуучу тобокелдиктеринин келип чыгышын азайтууга тийиш болгон айрым ченемдик талаптарды өркүндөтүүгө багытталган. 

2.4.3. Укуктук талдап-иликтөө 

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жагымсыз кесепеттерге алып келбейт, анткени ал Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуу боюнча талаптарды тактоо максатында коммерциялык банктардын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча колдонуудагы талаптарды өркүндөтүүгө багытталган. 

Бул вариант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

2.4.4. Күтүлгөн экономикалык таасирлерди баалоо 

Жалпысынан, сунушталып жаткан жөнгө салуунун субъекттери кошумча чыгым тартышпайт, анткени айыптык төлөмдөрдүн максималдуу өлчөмү өзгөрүүсүз калат. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

2.5 «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмуна Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык гана айып салуу түрүндө таасир этүү чараларын колдонуу» жөнгө салуу варианты. 

Эгерде бул вариант ишке ашырылса, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюму тарабынан банктык мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык гана айып салат. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин колдонуудагы редакциясынын 300-беренесине ылайык банктардын же финансы-кредит мекемелеринин кызмат адамы же иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган башка жактар тарабынан банк мыйзамдарынын жоболорун бузуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү жазма буйруктарын аткарбоо юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет. 

2.5.1. Жөнгө салуучу таасири 

Бул вариантты тандоо төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени ал жагдайды, бузуунун татаалдыгын жана олуттуулугун жана төлөм системаларынын колдонуучулары жана катышуучулары үчүн кесепеттерин эске албайт. Мындай мамиле анча олуттуу эмес бузууларга жол берген төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келиши мүмкүн, анткени Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган айыптык төлөмдүн өлчөмү белгиленген. Бул жасалган бузууларга ылайык эмес жазалардын салынышына алып келиши мүмкүн. 

2.5.2. Ишке ашыруу тобокелдиктери 

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдери банк мыйзамдарын сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү салуу бөлүгүндө жалпылаштырылгандыгын эске алуу менен белгиленген вариантты тандоодо мыйзамдарды колдонуунун карама-каршы практикасы жана анын натыйжасында төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун субъекттери менен Улуттук банктын ортосундагы соттук териштирүүлөр түрүндөгү тобокелдиктер болушу мүмкүн. 

2.5.3. Укуктук талдап-иликтөө  

Бул вариант «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого жарым-жартылай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат.  

Кыргыз Республикасынын «Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 152-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ушул мыйзамга ылайык банктарга жана алардын кызмат адамдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары административдик жоопкерчилик чараларына кирбейт. Жогоруда аталган мыйзамдын 149-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, ушул мыйзамдын таасир этүү чараларын колдонуу жана аларга карата даттануу тартиби жагындагы жоболору Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга жана башка юридикалык жактарга карата да колдонулат. Жөнгө салуунун ушул вариантын тандоо Кыргыз Республикасынын «Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдеринин аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн. 

2.5.4. Коомдук консультациялардын жыйынтыгы 

Жөнгө салуучу таасирди талдап-иликтөөнүн алкагында 2022-жылдын 11-мартында Улуттук банктын расмий сайтында «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жайгаштырылган. 

Коомдук консультациялардын жыйынтыгында «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» ЮЖБ жана «Баланс KG» ЖЧКсынан сунуштар келип түшкөн. 

Келип түшкөн сунуштар төмөнкү маселелерге караштуу: 

- Улуттук банк тарабынан кезектүүлүгү жана ырааттуулугу жок жөнгө салуу чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу; 

- төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык гана айыптык төлөмдөрдү салуу же колдонулуучу айыптык төлөмдөрдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган өлчөмдөргө азайтуу; 

- төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөмдөрдүн өлчөмүн активдердин баланстык наркына карата пайыздык азайтуу; 

- отчеттуулукту сунуштоо учурунда өз убагында берилбестигинин критерийлерин өзгөртүү

Кабыл алынган сунуштардын реестри 2022-жылдын 30-апрелинде Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. 

Келип түшкөн сунуштар жөнгө салуучу таасирди талдап-иликтөө боюнча жумушчу топ тарабынан 2022-жылдын 26-мартындагы отурумунда каралды. 

Бул сунуштарды талкуулоонун жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү айыптык төлөм түрүндөгү таасир этүү чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын «Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 152-беренесинде каралгандыгын белгилешти. Ошол эле учурда, мыйзамга ылайык банктарга жана алардын кызмат адамдарына көрсөтүлгөн колдонулуучу таасир этүү чаралары администрациялык жоопкерчилик чараларына тийиштүү эмес. Айыптык төлөмдүн өлчөмүнө келсек, алардын максималдуу өлчөмү да жогоруда аталган мыйзамда белгиленген. Ушуга байланыштуу, коомдук талкуулардын жүрүшүндө айыптык төлөмдөрдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган өлчөмдөргө чейин азайтуу боюнча келип түшкөн сунуштар жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн курамында кароого жатпайт. 

Кызмат адамдарына карата салынган айыптык төлөмдөрдүн көлөмүнүн пайызын орточо жылдык сый акыдан 20 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча сунуштары ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоосун эске алуу менен каралат. 

Мындан тышкары, жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазма буйругу аткарылбаган учурда таасир этүү чараларын колдонууга өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуш түшкөн. Өзгөчө, жазма буйрукту 12 календарлык ай ичинде 2 же андан көп жолу аткарбаган учурда айыптык төлөм салуу түрүндөгү жаза чараларын, ал эми 2 жолкуга чейин болсо Бузуулар жөнүндө кодекстин ченемдерин колдонуу сунушталууда (финансылык же башка отчетторду тапшырбай койгондугу же финансылык же башка отчеттуулукту же маалыматтарды өз убагында/так эмес/толук эмес бергендиги үчүн жаза чаралары жөнүндө пунктка окшош). 

Бул сунуш ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоону эске алуу менен каралат. 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык түздөн-түз жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын козгогон, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга жана таасир этүүчү жөнгө салууну талдап-иликтөөгө тийиш. 

Буга байланыштуу долбоор коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылат. 

Сунуш кылынган ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболоруна баа берүүдө алардагы коррупциялык факторлордун мазмуну аныкталган эмес. 

3. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантын тандоонун негиздемеси 

«Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 2.4-варианты боюнча төмөнкү негиздер менен кабыл алуу сунушталсын: 

2.1 «Жөнгө салуунун максаты» пунктунда аныкталган максаттар ишке ашат;  

- Жобонун ченемдерин бир мааниде түшүнүү үчүн тактоо киргизилет; 

- төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт; 

коммерциялык банктардын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине Улуттук банктын көзөмөлүнүн натыйжалуулугун жогорулатат.  

 «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуу вариантынын  

АТААНДАШТЫГЫНЫН ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА КОРУТУНДУ 

 

Талдап-иликтөөнүн методикасы (аталышы): 

Жөнгө салуучу таасирди талдап-иликтөөдө атаандаштыкка болгон таасирди талдап-иликтөө методикасы 

 

Талдап-иликтөөнүн датасы: ____ - жылдын ___ - ______________ 

 

Атаандаштыкка болгон таасирди талдап-иликтөөнүн негизги (кыскача) корутундусу: 

Жөнгө салуу варианты атаандаштыкка олуттуу таасирин тийгизбейт 

 

Атаандаштыкка болгон таасирди талдап-иликтөөнүн кеңири маалыматы

 

Кызмат көрсөтүү рыногунун негизги параметрлери 

Кызмат көрсөтүү рыногунун продукттук чеги: 

банктык продукттар жана кызматтар 

  

Кызмат көрсөтүү рыногунун географиялык чеги: 

географиялык жактан чектелбейт, коркунучу жогору өлкөлөрдүн тизмесинде көрсөтүлгөн өлкөлөрдөн тышкары  

  

Кызмат көрсөтүүлөр рыногунун көлөмү (маалыматтар бар болсо): 46,5 млрд сом 

 

1) Кызмат көрсөтүүлөр рыногунда иштеген чарбага ээлик кылуучу субъекттердин курамы: 20 юридикалык жак, анын ичинен: 19 субъект төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна жана 20 субъект төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар.  

 

Баалоо 

  

Фактордун аталышы 

Баалоо «ооба» же «жок» 

«Ооба» деген баанын түшүн дүрмөсү 

  

  

Кызмат көрсөтүүлөр рыногунун концентрация деңгээлине баа берүү 

  

  

Кызмат көрсөтүү рыногунда кандайдыр бир чарбага ээлик кылуучу субъекттин үлүшү 35 пайызды же андан жогору болгон учурда үстөмдүк абал барбы? маалыматтар болгон учурда 

Жок 

  

Үчтөн ашык чарбага ээлик кылуучу субъекттин биргелешкен үстөмдүгү, алардын ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн жана жалпысынан 50 пайыздан ашкан же жалпы үлүшү 50 пайыздан ашпаган же болбосо беш чарбага ээлик кылуучу субъект, алардын ар биринин үлүшү тиешелүү рынокто башка чарбага ээлик кылуучу субъекттердин үлүшүнөн көбүрөөк болгон учурда үстөмдүк абал барбы? - маалыматтар болгон учурда 

Жок 

  

  

Кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүү-чыгуу боюнча экономикалык чектөөлөрдү баалоо 

  

  

Жаңы жөнгө салуу пропорционалдуу эмес жогорку чыгымдарга алып келеби: учурдагыларга караганда рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн; чакан ишканалар үчүн, ири ишканалар үчүн болжолдонгондон ж.б. 

Жок 

  

Жаңы жөнгө салуу потенциалдуу катышуучулардын ресурстарга (материалдык, материалдык эмес жана башка) жетүүсүн олуттуу чектөөгө алып келеби? 

Жок 

  

Жаңы жөнгө салуу иштеп жаткан чарбага ээлик кылуучу  

субъекттердин жаңы жөнгө салууга байланыштуу бул кызмат көрсөтүү рыногундагы ишин мажбурлап токтоткон учурда жол берилгис жогору (экономикалык туруктуулукту бузууга жөндөмдүү) чыгымдарга алып келеби? 

Жок 

  

  

Кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүүдөгү административдик чектөөлөрдү баалоо 

  

  

Жаңы жөнгө салуу лицензиялык талаптардын жана рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн лицензия алуу баасын олуттуу жогорулатууга алып келеби? 

Жок 

  

Жаңы жөнгө салуу чектелген ресурстарды административдик бөлүштүрүүдө чарбага ээлик кылуучу субъекттердин укуктарынын тең укуктуулук шарттарынын бузулушуна алып келеби? 

Жок 

  

Жаңы жөнгө салуу иштеп жаткан чарбага ээлик кылуучу субъекттерге баа түзүү механизмин тандоого, продукциянын сапатын аныктоого, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жайгаштырууга чектөө киргизеби? 

Жок 

  

  

Кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүүдөгү стратегиялык чектөөлөрдү баалоо 

  

  

Жаңы жөнгө салуу экономикалык интеграциянын ар кандай туруктуу чарбалык формаларынын катышуучуларына (холдингдер, финансылык-өндүрүштүк бирикмелер, анын катышуучуларынын өз ара атаандаштык деңгээли төмөн жана кооперациянын деңгээли жогору болгон кластерлер ж.б.) интеграциянын мындай формаларына кирбеген потенциалдуу рыноктун башка катышуучуларына салыштырмалуу кошумча жеңилдиктерди алып келеби? 

Жок 

  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Колдонуудагы редакция  

Сунушталган редакция  

4. Улуттук банк төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарапта төмөнкүдөй жагдайлар орун алган шартта, төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу: 

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарын бузууга жол берүү

- төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун андан аркы ишине коркунуч жаратышы ыктымал болгон финансылык милдеттенмелердин аткарылбай калышы жана белгиленген мөөнөт ичинде милдеттердин ордун жабууга жөндөмсүздүгү

- төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөм системасынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына кооптуу жагдайдын же төлөм системасында системалуу тобокелдиктин келип чыгышын шарттаган аракеттери же аракеттенбей коюусу; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдарынын банк мыйзамдарын бузууга жол берүүсүнө, төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмдарынын ишинин токтотулушуна/лицензиясынын кайтарылып алынышына жана анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган аракеттери же аракеттенбей коюусу; 

- Улуттук банк көзөмөлдүк функцияларын аткарган учурда ага каршы аракеттер көрүлгөн учурда; 

- реалдуу финансылык ордун жабуу мүмкүнчүлүгү болбогон шектүү операцияларды (бүтүмдөрдүн) жүзөгө ашыруу; 

- Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамына ылайык тыюу салынган шектүү аракеттерди (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруу; 

- Улуттук банкка отчет же башка маалымат берилбесе же мөөнөтүнөн кечиктирилип/такталбаган/толук эмес берилген шартта; 

- төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензия алган учурдан тартып 1 (бир) жылдан ашык убакыт ичинде ишкердикти жүргүзүүнү кечиктирсе. 

4. Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана (же) алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузуу саналат. Улуттук банк ушул Жободо каралган бузуулар аныкталган учурда, төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана (же) алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот. 

8. Тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу чечими төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салган, көзөмөлдөө жана контролдоо (жазма буйрук жөнөтүү түрүндө таасир этүү чарасы) милдетин аткарган Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги жана Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. 

8. Тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу чечими Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан токтом түрүндө кабыл алынат.  

Жазма буйрук жөнөтүү түрүндө таасир этүү чарасын чечимин төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салган, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин аткарган Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги чечим кабыл алат. 

9. Төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна аныкталган бузууларды белгилүү бир мөөнөт ичинде четтетүү тууралуу жазма буйрук төмөнкү учурларда жөнөтүлөт: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган финансылык жана башка отчеттор берилбесе; 

- көз карандысыз финансылык аудиттин, маалымат системасынын аудитинин корутундусу жана ага карата тиркемелер белгиленген мөөнөттө жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык берилбесе; 

- Улуттук банкка мөөнөтүнөн кечиктирилген/такталбаган/толук эмес маалыматты сунуштаса; 

- инспектордук текшерүү учурунда техникалык документтер, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аппараттык-программалык комплекстин ишинде пайдаланылуучу документтер жок болсо жана/же берилбесе; 

- төлөм системасынын ишинде техникалык үзгүлтүк келип чыккан учурда ал 24 саат ичинде четтетилбесе; 

- инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында Улуттук банктын кызматкерлери көзөмөлдүк милдеттерин аткаруу учурунда аларга каршы аракеттер көрүлсө

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берилсе. 

Таасир этүү чараларын жазма буйрук түрүндө колдонуу чечими төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин аткарган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги тарабынан кабыл алынат. 

9. Төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна аныкталган бузууларды белгилүү бир мөөнөт ичинде четтетүү тууралуу жазма буйрук төмөнкү учурларда жөнөтүлөт: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган финансылык жана башка отчеттор берилбесе; 

- көз карандысыз финансылык аудиттин, маалымат системасынын аудитинин корутундусу жана ага карата тиркемелер белгиленген мөөнөттө жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык берилбесе; 

- Улуттук банкка мөөнөтүнөн кечиктирилген/такталбаган/толук эмес маалыматты сунуштаса; 

- инспектордук текшерүү учурунда техникалык документтер жана башка суралган маалыматтар/документтер берилбесе же анык эмес/толук эмес маалыматтар/документтер берилбесе, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аппараттык-программалык комплекстин ишинде пайдаланылуучу документтер жок болсо жана/же берилбесе; 

- төлөм системасынын ишинде техникалык үзгүлтүк келип чыккан учурда ал 24 саат ичинде четтетилбесе; 

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берилсе. 

 

9-1. Жазма буйрукта мыйзам бузуу фактысы көрсөтүлүүгө, төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму жана/же алардын кызмат адамдары тарабынан бузууга жол берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына конкреттүү шилтемелер, ошондой эле аларды жоюу мөөнөтү камтылууга тийиш. 

10. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. 

Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөм алардын активдеринин баланстык наркынын (акыркы отчеттук күнгө карата) 10 (он) пайызынан ашпаган учурларда белгиленет: 

- Улуттук банктын жазма буйругун аткарбаса; 

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай ичинде бою 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту сунуштаса; 

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды кандайдыр бир бузуу. 

Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып үч ай ичинде айыптык төлөм төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аткаруу чегинде айыпты мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

10. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. 

Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөм алардын активдеринин баланстык наркынын (акыркы отчеттук датага карата) 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө төмөнкү учурларда белгиленет: 

- Улуттук банктын жазма буйругун белгиленген мөөнөттө аткарбаса - төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун активдеринин баланстык наркынан (акыркы отчеттук датага карата) 10 (он) пайыз өлчөмүндө

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай ичинде 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту сунуштаса төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун активдеринин баланстык наркынан (акыркы отчеттук датага карата) 2 (эки) пайыз өлчөмүндө

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу - төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун активдеринин баланстык наркынын (акыркы отчеттук датага карата) 5 (беш) пайыз өлчөмүндө

- инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында Улуттук банктын кызматкерлеринин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу учурунда аларга каршы аракеттер көрүлсө - төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун активдеринин баланстык наркынан (акыркы отчеттук датага карата) 5 (беш) пайыз өлчөмүндө

Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып бир ай ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аткаруу өндүрүшүнүн чегинде карызды мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

11. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына айыптык төлөм белгилөө

Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына төлөмдөрдүн ушул уюмдагы бардык түрлөрүн кошо алганда, жылдык орточо сый акыдан ашпаган өлчөмдөгү (айлык, сыйлыктар, бонустар жана башкалар) айыптык төлөм төмөнкү учурларда белгиленет: 

- төлөм системасынын операторлорунун /төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын алардын лицензиясынын иши токтотулушуна/кайтарылып алынышына жана анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган аракеттери же аракеттенбей коюусу жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- Улуттук банктын жазма буйругун аткарбаган учурда жылдык орточо сый акынын 50% өлчөмүндө

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай бою 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту сунуштаса жылдык орточо сый акынын 30 пайызы өлчөмүндө

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берсе жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып үч айлык мөөнөт ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аткаруу чегинде айыпты мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

11. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына айыптык төлөм белгилөө

Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына төлөмдөрдүн ушул уюмдагы бардык түрлөрүн кошо алганда, жылдык орточо сый акыдан ашпаган өлчөмдөгү (айлык, сыйлыктар, бонустар жана башкалар) айыптык төлөм төмөнкү учурларда белгиленет: 

- төлөм системасынын операторлорунун /төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын алардын лицензиясынын иши токтотулушуна/кайтарылып алынышына жана анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган аракеттери же аракеттенбей коюусу жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- Улуттук банктын жазма буйругун аткарбаган учурда жылдык орточо сый акынын 50% өлчөмүндө

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай бою 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту сунуштаса жылдык орточо сый акынын 30 пайызы өлчөмүндө

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берсе жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында Улуттук банктын кызматкерлеринин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу учурунда аларга каршы аракеттер көрүлсө

Кызмат адамынын орточо жылдык сый акы өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

B/3/29,6*365,  

мында:  

В Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү салык төлөмдөрүн жана социалдык чегерүүлөрдү алып салуу менен төлөөнүн бардык түрлөрүн (кызматтык эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.) кошо алганда, кызмат адамынын акыркы үч ай үчүн сый акысы;  

3 айлардын саны;  

29,6 календардык күндөрдүн орточо айлык саны;  

365 бир жыл ичиндеги күндөрдүн саны;   

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып бир айлык мөөнөт ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аткаруу чегинде айыпты мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

13. Улугтук банк төлөм системаларынын операторлоруна жана/же төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузууларга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. Ушул учурда айыптык төлөмдү белгилөө чечими Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык кабыл алынат. Бир эле бузууга жол берүү үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт. 

13. Улугтук банк төлөм системаларынын операторлоруна жана/же төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын укук Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузууларга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. Ушул учурда айыптык төлөмдү белгилөө чечими Кыргыз Республикасынын укук Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык кабыл алынат. Бир эле укук бузууга жол берүү үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт. 

15. Улуттук банк төмөнкү учурларда төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине тике банктык көзөмөлдүк түрүндө атайын режим киргизүүгө укуктуу: 

- төлөм системасынын ишинин үзгүлтүккө учурашына жана/же белгиленген мөөнөт ичинде пайдалануучулар алдында милдеттенмелеринин аткарылбай калышына алып келиши ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдарда; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун келечектеги ишине кооптуу жагдайларды шартташы мүмкүн болгон, төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында финансылык милдеттенмелердин аткарылбай калышы жана белгиленген мөөнөт ичинде милдеттердин ордун жабууга жөндөмсүздүгү

- укук коргоо жана башка органдардын, адамдардын төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын мыйзамсыз аракеттерге жол бергендигин тастыктаган маалыматы болсо; 

- төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын жана/же башкаруу/аткаруу органдарынын алардын лицензиясынын токтотулушуна/кайтарылып алынышына жана анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүү фактыларын жана Улуттук банктын жазма буйруктарында белгиленген убакыт ичинде кемчиликтер четтетилбегендиги аныкталган учурда. 

Тике банктык көзөмөл төлөм системасынын оператору/төлөм уюму ишке ашырган операцияларды контролдоо, анын финансылык абалына, эсепке алуусуна жана отчетуна, алар тарабынан күндөлүк финансылык милдеттенмелеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка максаттарда киргизилет. 

15. Улуттук банк төмөнкү учурларда төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине тике банктык көзөмөлдүк түрүндө атайын режим киргизүүгө укуктуу: 

- төлөм системасынын ишинин үзгүлтүккө учурашына жана/же белгиленген мөөнөт ичинде пайдалануучулар алдында милдеттенмелеринин аткарылбай калышына алып келиши ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдарда; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун келечектеги ишине кооптуу жагдайларды шартташы мүмкүн болгон, төлөм системасынын катышуучулары жана пайдалануучулары алдында финансылык милдеттенмелердин аткарылбай калышы жана белгиленген мөөнөт ичинде милдеттердин ордун жабууга жөндөмсүздүгү келишимде белгиленген; 

- укук коргоо жана башка органдардын, адамдардын төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын мыйзамсыз аракеттерге жол бергендигин тастыктаган маалыматы болсо; 

- төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын жана/же башкаруу/аткаруу органдарынын алардын лицензиясынын токтотулушуна/кайтарылып алынышына жана анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган аракеттери же аракеттенбей коюулары; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүү фактыларын жана Улуттук банктын жазма буйруктарында белгиленген убакыт ичинде кемчиликтер четтетилбегендиги аныкталган учурда. 

Тике банктык көзөмөл төлөм системасынын оператору/төлөм уюму ишке ашырган операцияларды контролдоо, анын финансылык абалына, эсепке алуусуна жана отчетуна, алар тарабынан күндөлүк финансылык милдеттенмелеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка максаттарда киргизилет. 

23. Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган, реестрге бул тууралуу маалымат киргизилген жана төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдалган күндөн тартып, лицензиянын аракети калыбына келтирилген катары эсептелет. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банктын лицензиянын аракетин калыбына келтирүүдөн баш тартуу чечимине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттануу менен кайрылууга укуктуу. 

23. Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган, лицензиянын аракети калыбына келтирилген катары эсептелет. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банктын лицензиянын аракетин калыбына келтирүүдөн баш тартуу чечимине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттануу менен кайрылууга укуктуу. 

31. Лицензиянын аракети убактылуу токтотулган/кайтарылып алынган же өз ыктыяры боюнча жоюлган учурдан тартып төлөм системасынын оператору/төлөм уюму төмөнкүлөр боюнча ишин толугу менен токтотууга тийиш: 

- үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын, ушул процессингдин, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

31. Лицензиянын аракети убактылуу токтотулган/кайтарылып алынган учурдан тартып төлөм системасынын оператору/төлөм уюму төмөнкүлөр боюнча ишин толугу менен токтотууга тийиш: 

- үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын, ушул процессингдин, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

34. Эгерде, төлөм системасынын оператору/төлөм уюму катары банк же башка финансы-кредит уюму иш алып барса, анда таасир этүү чарасы Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июндагы № 2017-П-12\25-4-(НПА)-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык колдонулат. 

34. Эгерде, төлөм системасынын оператору/төлөм уюму катары банк же башка финансы-кредит уюму иш алып барса, анда таасир этүү чарасы Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июндагы № 2017-П-12\25-4-(НПА)-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктарга колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык колдонулат. 

 

 

 

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы:  

токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

Башкарманын мүчөлөрү: А. Айбалаева 

М. Жакыпов 

Н. Жениш 

Н. Сагындыков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын __-___________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-3-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөрүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

1) 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана (же) алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузуу саналат. Улуттук банк ушул Жободо каралган бузуулар аныкталган учурда, төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана (же) алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот.»; 

2) 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан токтом түрүндө кабыл алынат.  

Жазма буйрук түрүндө таасир этүү чарасын колдонуу чечимин төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдеттерин аткарган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги кабыл алат.»; 

3) 9-пунктунун: 

- 5-абзацындагы «инспектордук текшерүү учурунда техникалык документтер» деген сөздөрүнөн кийин «жана башка суралган маалыматтар/документтер берилбесе же болбосо анык эмес/толук эмес маалыматтар/документтер берилсе» деген сөздөр менен толукталсын; 

- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 

- тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 

4) төмөнкү мазмундагы 9-1-пункту менен толукталсын:  

«9-1. Жазма буйрукта мыйзам бузуу фактысы көрсөтүлүүгө, төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму жана/же алардын кызмат адамдары тарабынан бузууга жол берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына конкреттүү шилтемелер, ошондой эле аларды жоюу мөөнөтү камтылууга тийиш.».  

5) 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөм белгилөөгө укуктуу. 

Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата айыптык төлөм алардын активдеринин баланстык наркынын (акыркы отчеттук датага карата) 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө төмөнкү учурларда белгиленет: 

- Улуттук банктын жазма буйругун белгиленген мөөнөттө аткарбаса төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун активдеринин баланстык наркынан (акыркы отчеттук датага карата) 10 (он) пайыз өлчөмүндө

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай ичинде 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту же маалыматты сунуштаса төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун активдеринин баланстык наркынан (акыркы отчеттук датага карата) 2 (эки) пайыз өлчөмүндө

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун активдеринин баланстык наркынын (акыркы отчеттук датага карата) 5 (беш) пайыз өлчөмүндө

- инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында Улуттук банктын кызматкерлеринин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу учурунда аларга каршы аракеттер көрүлсө төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун активдеринин баланстык наркынан (акыркы отчеттук датага карата) 5 (беш) пайыз өлчөмүндө

Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып бир ай мөөнөт ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аткаруу өндүрүшүнүн чегинде карызды мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.». 

6) 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына айыптык төлөм белгилөө

Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына төлөмдөрдүн ушул уюмдагы бардык түрлөрүн кошо алганда, жылдык орточо сый акыдан ашпаган өлчөмдөгү (кызматтык эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.) айыптык төлөм төмөнкү учурларда белгиленет: 

- төлөм системасынын операторлорунун /төлөм уюмдарынын лицензиясынын иши токтотулушуна/кайтарылып алынышына, анын мажбурлап жоюлушуна же банкрот болушуна алып келе турган төлөм системасынын операторлорунун /төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын иш-аракеттери же аракеттенбей коюусу жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- Улуттук банктын жазма буйругун аткарбаган учурда жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- финансылык же башка отчетту системалуу түрдө (12 (он эки) календардык ай ичинде 2 же андан көп жолу) сунуштабаса же болбосо кечиктирип/такталбаган/толук эмес маалыматты, финансылык же башка отчетту сунуштаса жылдык орточо сый акынын 30 пайызы өлчөмүндө

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, монополияга каршы мыйзамдарын жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берсе жылдык орточо сый акынын 50 пайызы өлчөмүндө

- инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында Улуттук банктын кызматкерлеринин көзөмөлдөө функцияларын аткаруу учурунда аларга каршы аракеттер көрүлсө

Кызмат адамынын орточо жылдык сый акы өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

B/3/29,6*365, мында:  

В Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү салык төлөмдөрүн жана социалдык чегерүүлөрдү алып салуу менен төлөөнүн бардык түрлөрүн (кызматтык эмгек акы, сый акы, бонустар ж.б.) кошо алганда, кызмат адамынын акыркы үч ай үчүн сый акысы;  

3 айлардын саны;  

29,6 календардык күндөрдүн орточо айлык саны;  

365 бир жыл ичиндеги күндөрдүн саны;  

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөм белгилөө жөнүндө токтом берилген күндөн тартып бир ай мөөнөт ичинде айыптык төлөмдү төлөөгө милдеттүү

Эгерде, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аткаруу өндүрүшүнүн чегинде айыптык төлөмдү мажбурлап өндүрүү чараларын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.»; 

7) 13-пунктунун бардык тексти боюнча «бузуулар» деген сөз «укук бузуулар» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

8) 23-пунктундагы «, реестрге бул тууралуу маалымат киргизилген жана төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна маалымдалган» деген сөздөр алып салынсын; 

9) 31-пунктундагы «же өз ыктыяры боюнча жоюлган» деген сөздөр алып салынсын; 

10) 34-пунктундагы «жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына» деген сөздөр алып салынсын.