Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында акча которууда коммерциялык банктар тарабынан кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартибин сактоо боюнча талаптарды күчөтүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Колдонуудагы Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине (мындан ары Эреже) ылайык, катышуучу жана оператор (резидент жана резидент эмес) Кыргыз Республикасынын акча которуулар жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянууга тийиш. Токтом долбоору менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  

25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого (мындан ары Жобо) шайкеш келтирүү максатында, акча которууда коммерциялык банктар тарабынан кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартибин сактоо боюнча талаптарды күчөтүү сунушталат. Ошондой эле, талаптарды күчөтүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан даярдалган 2021-жылдын  

29-сентябрындагы террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча тегерек столдун резолюцияларына ылайык сунушталат.  

4.3-пунктка «өз кардарыңды бил» саясаты кардарды талаптагыдай текшерүүнүн тартибин аныктайт деген толуктоолорду киргизүү сунушталат. Мындан тышкары, тиешелүү текшерүү жүргүзүүдө катышуучу тобокелдикке негизделген ыкманы колдонуу менен акча которууну жөнөтүүчүгө жөнөкөйлөтүлгөн же күчөтүлгөн текшерүү чараларын колдонот тууралуу талап мене толуктоолорду киргизүү сунушталат.  

4.4-пунктту террористтик иштерди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан операцияларга бөгөт коюу үчүн катышуучу тарабынан ички контролдоо саясатын жана жол-жобосун иштеп чыгуу жөнүндө талап менен толуктоо сунушталат. Ошондой эле акча которууну жөнөтүү үчүн чектик сумманы көрсөтүү сунушталат, эгерде ал ашып кетсе, акча которууну жөнөтүүчүгө кардарды тийиштүү текшерүү жүргүзүлөт. 

Мындан тышкары, 4.10-пункту Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-апрелиндеги № 57 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына ылайык келтирүү максатында, эгерде жөнөтүүчү/алуучу санкциялык тизмеде же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмесинде бар болсо, катышуучу акча которуудан баш тартуу талабы менен толуктоо сунушталат. 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, 2.3-пункт менен нак эмес формадагы акча которууну Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген идентификацияланган электрондук капчыкка которуу сунушталат. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат 

Аталган токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча финансылык каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы №504 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө методикасынын 3-пунктуна туура келбегендиктен, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын______________ 

№________________________ 

токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин 

бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелеринин: 

- 2.3-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Которулган акчаны алуучу Кыргыз Республикасынын аймагында өз тандоосу боюнча которулган акчаны банктын кассасы же аралыкта орнотулган жабдуусу (банкомат/терминал) аркылуу, анын ичинде акча которуу системасындагы которулган акчаны алуучунун идентификаторун колдонуу менен нак формада алууга (эгерде ал акча которуу системасынын эрежесинде каралган болсо), же болбосо акча каражатын алуучу көрсөткөн банктык эсепке же банк тарабынан чыгарылган банктык төлөм картка жана/же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген идентификацияланган электрондук капчыкка акча каражатын которуу/чегерүү аркылуу нак эмес формада алууга укуктуу.»; 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде акча которуу системасынын эрежелеринде которулган акчаны бөлүп алуу шарты каралган болсо, акча каражатын алуучу которулган акчанын бир бөлүгүнүн суммасын идентификаторду колдонуу менен нак формада алууга, ал эми калган калдыгын алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган банктык төлөм картка жана/же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүүгө укуктуу.»; 

тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) алуучу үчүн банктын кассасынан же аралыкта орнотулган жабдуусунан (банкомат/терминал) акча каражатын нак түрдө алган учурда же акча каражаты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган банктык төлөм картка жана/же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген идентификацияланган электрондук капчыкка которулган/чегерилген учурда.»; 

- 4.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3. Катышуучу банк эсебин ачуусуз эле акча которуу системасы аркылуу акча которууда, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, кардарды талаптагыдай текшерүү тартибин аныктаган «өз кардарыңды бил» саясатынын талаптарын сактоого милдеттүү.  

Талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө, катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 3-главасынын талаптарына ылайык, тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен акча которуу жөнөтүүчүнү талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушат. 

Жөнөтүүчүнүн жана/же алуучунун инсандыгын күбөлөндүрүү үчүн катышуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоого карата 1-тиркеменин  

5-пунктундагы талаптарда көрсөтүлгөн документтерди колдонот.»; 

- 4.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:  

«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу операциялардын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу үчүн катышуучу милдеттүү жана толук сакталууга тийиш болгон ички контролдоо саясаттарын жана жол-жоболорун иштеп чыгууга милдеттүү

Эгерде акча которуунун бир жолку суммасы 70 000 сомго барабар же андан ашса же чет өлкө валютасындагы эквиваленттен ашса, катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруу аркылуу кардарды талаптагыдай текшерүүгө тийиш. 

Эгерде акча которуунун бир жолку суммасы 70 000 сомдон же чет өлкө валютасындагы эквиваленттен ашпаса, катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 12-главасында белгиленген талаптарды сактоого тийиш.»; 

- 4.8-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Акча которуу системасы аркылуу алынган акча каражаттарын алуучуга берилген учурда, катышуучу которуу системасында түзүлгөн электрондук тапшырманын реквизиттерин алуучунун инсандыгын күбөлөндүргөн документтеги маалыматтар менен толук шайкеш келүүсүн текшерүүгө тийиш.»; 

- 4.9-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери» деген сөздөрдөн кийин «, акча каражаттарын нак эмес ыкмада алууда идентификацияланган электрондук капчыктын номери» деген сөздөр менен толукталсын; 

үчүнчү абзацындагы «акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери» деген сөздөрдөн кийин «, акча каражаттарын нак эмес ыкмада алууда идентификацияланган электрондук капчыктын номери» деген сөздөр менен толукталсын; 

расмий тилдеги бешинчи абзацындагы «;» тыныш белги «.» тыныш белгиге алмаштырылсын; 

- 4.10-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Эгерде жөнөтүүчү жана/же алуучу Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкан деген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмегинде же алар Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан деген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар болсо, катышуучу жөнөтүүчүгө акча которууну жөнөтүүдөн жана/же алуучуга акча которууну алуудан баш тартууга тийиш.»; 

- 6.6-пунктунун биринчи абзацындагы «акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери» деген сөздөрдөн кийин «, акча каражаттарын нак эмес ыкмада алууда идентификацияланган электрондук капчыктын номери» деген сөздөр менен толукталсын. 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү  

киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакция 

2. Терминдер жана аныктамалар 

2.3. Банктык эсепти ачуусуз акча которуу бул, акча каражаттарын которуу, банк тарабынан жеке адамдан улуттук же чет өлкө валютасында акча каражаттарын кабыл алып, андан ары Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары башка жеке адамга (алуучуга) акча которуу системасы менен жөнөтүү аркылуу ишке ашырылган банктык операция. 

Кыргыз Республикасынын аймагынан которулган акчаны алуучу өз тандоосуна ылайык акчаны банктын кассасы же аралыкта орнотулган жабдуусу (банкомат/терминал) аркылуу нак формада, анын ичинде акча которуу системасындагы которулган акча алуучунун идентификаторун колдонуу менен нак формада алууга (эгерде ал акча которуу системасынын эрежесинде каралган болсо), же болбосо акча каражатын алуучу көрсөткөн банктык эсепке же банк тарабынан чыгарылган төлөм картка жана/же электрондук капчыкка которуу/чегерүү аркылуу нак эмес формада алууга укуктуу.  

Которулган акчаны алуучунун идентификатору банктык төлөм карты болуп саналбаган жана ошол системага туташкан бардык банктардын кассаларында же аралыкта орнотулган жабдууларында (банкомат/терминалында) которулган акча өлчөмүндөгү каражатты нак түрүндө берүү аркылуу которулган акчаны алуу үчүн гана каралган бир жолку карт түрүндө болушу мүмкүн. Мындай карттар (идентификатор) акча которулгандан кийинки 30 күндөн ашпаган мөөнөттө колдонулууга тийиш.  

Эгерде акча которуу системасынын эрежелеринде которулган акчаны бөлүп алуу шарты каралган болсо, акча каражатын алуучу которулган акчанын бир бөлүгүнүн суммасын идентификаторду колдонуу менен нак формада алууга, ал эми калган калдыкты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган картка жана/же электрондук капчыкка чегерүүгө укуктуу.  

Которулган акчаны идентификаторду колдонуу менен банкомат аркылуу алуу учурунда нак акча каражатын алуу боюнча ар бир операция улуттук валютада же анын эквивалентиндеги жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

Идентификаторду пайдалануу шарттары (идентификациялоо, лимиттер жана башкалар боюнча талаптар) системанын эрежелеринде белгиленүүгө, акча которуу системасынын катышуучусу менен операторунун ортосунда түзүлгөн келишимдерде чагылдырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.  

Акча которуу системалары боюнча каражат которуу төмөнкү учурларда жыйынтыкталган катары эсептелинет:  

1) жөнөтүүчү үчүн акча которууга буйруу аткарууга кабыл алынгандыгынын тастыктамасы алынган учурда;  

2) алуучу үчүн банктын кассасынан же аралыкта орнотулган жабдуусунан (банкомат/терминал) акча каражатын нак түрдө алган учурда же акча каражаты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган төлөм картка жана/же электрондук капчыкка которулган/чегерилген учурда. 

Эсеп ачуусуз эле юридикалык жактар, ишкердик менен алектенген жарандар ортосунда акча которууларга тыюу салынат. 

Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу башка жеке адамга (алуучуга) андан ары которуу үчүн жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен төлөмдөр аталган операция жана төлөм өздүк, коммерциялык эмес мүнөзгө ээ болгон шартта ишке ашырылышы мүмкүн. 

2.3. Банктык эсепти ачуусуз акча которуу бул, акча каражаттарын которуу, банк тарабынан жеке адамдан улуттук же чет өлкө валютасында акча каражаттарын кабыл алып, андан ары Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары башка жеке адамга (алуучуга) акча которуу системасы менен жөнөтүү аркылуу ишке ашырылган банктык операция. 

Которулган акчаны алуучу Кыргыз Республикасынын аймагында өз тандоосу боюнча которулган акчаны банктын кассасы же аралыкта орнотулган жабдуусу (банкомат/терминал) аркылуу, анын ичинде акча которуу системасындагы которулган акчаны алуучунун идентификаторун колдонуу менен нак формада алууга (эгерде ал акча которуу системасынын эрежесинде каралган болсо), же болбосо акча каражатын алуучу көрсөткөн банктык эсепке же банк тарабынан чыгарылган банктык төлөм картка жана/же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген идентификацияланган электрондук капчыкка акча каражатын которуу/чегерүү аркылуу нак эмес формада алууга укуктуу

Которулган акчаны алуучунун идентификатору банктык төлөм карты болуп саналбаган жана ошол системага туташкан бардык банктардын кассаларында же аралыкта орнотулган жабдууларында (банкомат/терминалында) которулган акча өлчөмүндөгү каражатты нак түрүндө берүү аркылуу которулган акчаны алуу үчүн гана каралган бир жолку карт түрүндө болушу мүмкүн. Мындай карттар (идентификатор) акча которулгандан кийинки 30 күндөн ашпаган мөөнөттө колдонулууга тийиш.  

Эгерде акча которуу системасынын эрежелеринде которулган акчаны бөлүп алуу шарты каралган болсо, акча каражатын алуучу которулган акчанын бир бөлүгүнүн суммасын идентификаторду колдонуу менен нак формада алууга, ал эми калган калдыгын алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган банктык төлөм картка жана/же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген идентификацияланган электрондук капчыкка чегерүүгө укуктуу. 

Которулган акчаны идентификаторду колдонуу менен банкомат аркылуу алуу учурунда нак акча каражатын алуу боюнча ар бир операция улуттук валютада же анын эквивалентиндеги жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

Идентификаторду пайдалануу шарттары (идентификациялоо, лимиттер жана башкалар боюнча талаптар) системанын эрежелеринде белгиленүүгө, акча которуу системасынын катышуучусу менен операторунун ортосунда түзүлгөн келишимдерде чагылдырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.  

Акча которуу системалары боюнча каражат которуу төмөнкү учурларда жыйынтыкталган катары эсептелинет:  

1) жөнөтүүчү үчүн акча которууга буйруу аткарууга кабыл алынгандыгынын тастыктамасы алынган учурда;  

2) алуучу үчүн банктын кассасынан же аралыкта орнотулган жабдуусунан (банкомат/терминал) акча каражатын нак түрдө алган учурда же акча каражаты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган банктык төлөм картка жана/же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген идентификацияланган электрондук капчыкка которулган/чегерилген учурда. 

Эсеп ачуусуз эле юридикалык жактар, ишкердик менен алектенген жарандар ортосунда акча которууларга тыюу салынат. 

Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу башка жеке адамга (алуучуга) андан ары которуу үчүн жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен төлөмдөр аталган операция жана төлөм өздүк, коммерциялык эмес мүнөзгө ээ болгон шартта ишке ашырылышы мүмкүн. 

4. Катышуучуга карата талаптар 

4.3. Акча которуулар системасы аркылуу, банк эсебин ачуусуз эле которууларды жүзөгө ашырууда, катышуучу, «өз кардарыңды бил» принцибин сактоо боюнча ченемдерге жана талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

 

4.3. Катышуучу банк эсебин ачуусуз эле акча которуу системасы аркылуу акча которууда, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, кардарды талаптагыдай текшерүү тартибин аныктаган «өз кардарыңды бил» саясатынын талаптарын сактоого милдеттүү

Талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө, катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун  

3-главасынын талаптарына ылайык, тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен акча которуу жөнөтүүчүнү талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушат. 

Жөнөтүүчүнүн жана/же алуучунун инсандыгын күбөлөндүрүү үчүн катышуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоого карата 1-тиркеменин 5-пунктундагы талаптарда көрсөтүлгөн документтерди колдонот.  

4.4. Катышуучу банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы аркылуу акча которуу боюнча кызматтарды сунуштоо менен Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого тийиш. 

4.4. Катышуучу банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы аркылуу акча которуу боюнча кызматтарды сунуштоо менен Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого тийиш. 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу операциялардын жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу үчүн катышуучу милдеттүү жана толук сакталууга тийиш болгон ички контролдоо саясаттарын жана жол-жоболорун иштеп чыгууга милдеттүү

Эгерде акча которуунун бир жолку суммасы 70 000 сомго барабар же андан ашса же чет өлкө валютасындагы эквиваленттен ашса, катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык түзүлгөн анкетаны толтуруу аркылуу кардарды талаптагыдай текшерүүгө тийиш. 

Эгерде акча которуунун бир жолку суммасы 70 000 сомдон же чет өлкө валютасындагы эквиваленттен ашпаса, катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  

2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун  

12-главасында белгиленген талаптарды сактоого тийиш. 

4.8. Акча которуулар системасы аркылуу алынган каражаттардын алуучуга берилиши учурунда, катышуучу которуу системасында түзүлгөн электрондук тапшырманын реквизиттеринин алуучунун ким экендигин тастыктаган документтеги маалыматтар менен толук шайкеш келүүсүн текшерүүгө тийиш. Реквизиттер дал келбей калган учурда, катышуучу ал тууралуу алуучуга маалымдоо менен акча каражаттарын алуучуга берүүдөн баш тартышы зарыл. 

4.8. Акча которуу системасы аркылуу алынган акча каражаттарын алуучуга берилген учурда, катышуучу которуу системасында түзүлгөн электрондук тапшырманын реквизиттерин алуучунун инсандыгын күбөлөндүргөн документтеги маалыматтар менен толук шайкеш келүүсүн текшерүүгө тийиш. Реквизиттер дал келбей калган учурда, катышуучу ал тууралуу алуучуга маалымдоо менен акча каражаттарын алуучуга берүүдөн баш тартышы зарыл. 

4.9. Оператор жана катышуучу ар бир акча которуу операциясы, эгерде бир нече которуу бир файлдар топтомуна бириктирилген учурда, файлдар топтому боюнча тиешелүү эсеп жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууну алган/демилгелеген жөнөтүүчү/алуучу тууралуу маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери), которуу максаты, сан жана жазуу түрүндө которуу суммасы жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын төлөм документтерин сактоо боюнча талаптарына ылайык башка маалыматтарды сактоого тийиш. 

Эгерде катышуучу акча каражаттарын которуу процессинде которууларды ишке ашырууда жөнөтүүчү жана алуучу болуп саналбаса (башкача айтканда, финансылык мекеменин (банктын) транзиттик функцияларын аткарса), ал ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык, төмөнкү талаптардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

1) чек ара аркылуу өтүүчү акча каражаттарын которууга тиешелүү жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу бардык маалыматтын өзүндө сакталышын камсыз кылууга (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери);  

2) жөнөтүүчү финансылык мекемеден (банк/акча которуу системасынын оператору) алынган чек ара аркылуу өтүүчү которууга тиешелүү бардык маалыматты кеминде беш жыл сактоого;  

3) акча каражаттарын которууга тиешелүү алуучу же жөнөтүүчү жөнүндө маалыматтар камтылбаган, чек ара аркылуу өтүүчү акча которууларды аныктоого, ошондой эле мындай которууларды аткаруу/четке кагуу/токтотуу үчүн тобокелдикти аныктоого багытталган жол-жоболорго ээ болууга. 

4.9. Оператор жана катышуучу ар бир акча которуу операциясы, эгерде бир нече которуу бир файлдар топтомуна бириктирилген учурда, файлдар топтому боюнча тиешелүү эсеп жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууну алган/демилгелеген жөнөтүүчү/алуучу тууралуу маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери, акча каражаттарын нак эмес ыкмада алууда идентификацияланган электрондук капчыктын номери), которуу максаты, сан жана жазуу түрүндө которуу суммасы жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын төлөм документтерин сактоо боюнча талаптарына ылайык башка маалыматтарды сактоого тийиш. 

Эгерде катышуучу акча каражаттарын которуу процессинде которууларды ишке ашырууда жөнөтүүчү жана алуучу болуп саналбаса (башкача айтканда, финансылык мекеменин (банктын) транзиттик функцияларын аткарса), ал ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык, төмөнкү талаптардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

1) чек ара аркылуу өтүүчү акча каражаттарын которууга тиешелүү жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу бардык маалыматтын өзүндө сакталышын камсыз кылууга (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери, акча каражаттарын нак эмес ыкмада алууда идентификацияланган электрондук капчыктын номери); 

2) жөнөтүүчү финансылык мекемеден (банк/акча которуу системасынын оператору) алынган чек ара аркылуу өтүүчү которууга тиешелүү бардык маалыматты кеминде беш жыл сактоого;  

3) акча каражаттарын которууга тиешелүү алуучу же жөнөтүүчү жөнүндө маалыматтар камтылбаган, чек ара аркылуу өтүүчү акча которууларды аныктоого, ошондой эле мындай которууларды аткаруу/четке кагуу/токтотуу үчүн тобокелдикти аныктоого багытталган жол-жоболорго ээ болууга. 

4.10. Катышуучу мыйзамсыз соода жүргүзүү, мыйзамсыз финансы операцияларына, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) багытталган операциялар боюнча акча которуу аракеттерине бөгөт коюушу зарыл. 

4.10. Катышуучу мыйзамсыз соода жүргүзүү, мыйзамсыз финансы операцияларына, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) багытталган операциялар боюнча акча которуу аракеттерине бөгөт коюушу зарыл. 

Эгерде жөнөтүүчү жана/же алуучу Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкан деген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмегинде же алар Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан деген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар болсо, катышуучу жөнөтүүчүгө акча которууну жөнөтүүдөн жана/же алуучуга акча которууну алуудан баш тартууга тийиш. 

6. Корутунду жоболор 

6.6. Оператор Улуттук банктын жана/же катышуучунун талабы боюнча ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, талап түшкөндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөт ичинде талап кылынган акча которуу операциясы, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууну демилгелеген же алган жөнөтүүчү жана/же алуучу тууралуу кеңири маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери), которуу максаты, сан жана жазуу түрүндө которуу суммасы жөнүндө кеңири маалыматтарды, акча каражаттарын жөнөтүүөлөп берүү боюнча бардык тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү (акча каражатын которууну жөнөтүүгө/алууга арыз жана кассалык ордер).  

Оператору акча каражаттары катышуучулардын кассасына түшкөн учурдан тартып аны алуучуга укук чегинде бергенге чейин өзүнүн катышуучуларынын иш-аракеттери үчүн жана акча которуунун аягына чыгышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

6.6. Оператор Улуттук банктын жана/же катышуучунун талабы боюнча ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, талап түшкөндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөт ичинде талап кылынган акча которуу операциясы, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууну демилгелеген же алган жөнөтүүчү жана/же алуучу тууралуу кеңири маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери, акча каражаттарын нак эмес ыкмада алууда идентификацияланган электрондук капчыктын номери), которуу максаты, сан жана жазуу түрүндө которуу суммасы жөнүндө кеңири маалыматтарды, акча каражаттарын жөнөтүүөлөп берүү боюнча бардык тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү (акча каражатын которууну жөнөтүүгө/алууга арыз жана кассалык ордер).  

Оператору акча каражаттары катышуучулардын кассасына түшкөн учурдан тартып аны алуучуга укук чегинде бергенге чейин өзүнүн катышуучуларынын иш-аракеттери үчүн жана акча которуунун аягына чыгышы үчүн жоопкерчилик тартат.