Кайта келүү

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Министрлер Кабинети 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

 

 

Токтом  

 

2022-жылдын «______» __________ № ______ 

 

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөргө жана төлөмдөргө толук масштабдуу өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, акча жүгүртүүдө ачык-айкындуулукка жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат: 

1. Керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөнүүчү негизде көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана/же QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн дайындалган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүш) орнотууну камсыз кылсын. 

2. Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана/же QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн дайындалган жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди камсыз кылуу сунушталсын. 

3. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер банктык комиссияларды эсепке алуу менен чыгымдардын сметасын караштырсын. 

4. Ушул токтомду аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы 

А. Жапаров 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын  

төрагасы 

К. Боконтаев  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

 

1. Максаты жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча накталай эмес эсептешүүлөргө жана төлөмдөргө толук масштабдуу өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, акча жүгүртүүдө ачык-айкындуулукка жетишүү жана Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыкты.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтомдун долбооруна ылайык, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу накталай эмес формада банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана/же QR-кодду колдонуу менен жүргүзүлүшү керек. Ушуга байланыштуу керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөнүүчү негизде көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана/же  

QR-коду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга дайындалган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүш) орнотууну камсыз кылууга, ошондой эле банктык комиссияларды эске алуу менен чыгымдар сметасын караштырууга тийиш. 

Ошону менен бирге коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана/же QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга дайындалган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүш) камсыз кылуу сунушталат. 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес формада төлөөгө толук масштабдуу өтүү мамлекет үчүн да, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөгөндөр үчүн да пайдалуу болот. Бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү түрдө накталай эмес формада гана төлөөгө өткөрүү, жогоруда белгиленгендей, санариптик төлөмдөрдү киргизүүнү тездетүүгө, акча жүгүртүүдө ачык-айкындуулукка жетишүүгө жана Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого өбөлгө түзөт.  

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөчүлөр үчүн пайдалуу болуп саналат, анткени мында төлөм жүргүзгөндүгү үчүн банктык комиссия төлөө талап кылынбайт, мындан тышкары, айрым учурларда төлөөчү кезек күтүүгө убактысын коротпойт. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, токтом долбоору коомдук талкуу жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишин талдап-иликтөө  

Сунушталган токтомдун долбоору колдонуудагы мыйзам ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат  

Сунушталган токтом долбоору уюмдардын өздүк каражаттарынын, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле коммерциялык банктардын, төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын, эл аралык донорлорду кошуу менен жана башка кызыкдар уюмдардын инвестицияларынын эсебинен ишке ашырылат. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын (мындан ары Методика) 3-пунктуна ылайык, ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талаптарына ишкерлер тарабынан жеке же карызга алынган каражаттарды колдонуу тартибин, ишкердик иш үчүн тобокелдиктин деңгээлин, ишкерлердин мүлктүк жоопкерчилигин, ошондой эле пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө жана өлчөмүнө таасирин тийгизген шарттарды тигил же бул деңгээлде аныктоого/өзгөртүүгө багытталган ченемдик укуктук актылар туура келет. 

Токтом долбоору Методиканын 3-пунктуна туура келбегендиктен, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын  

төрагасы К.К. Боконтаев