Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары  токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (мындан ары көзөмөлгө алынган уюмдар) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн колдонуудагы тартибин тактоо максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоору менен «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону (мындан ары Нускоо) жаңы редакцияда бекитүү сунушталууда. Нускоонун колдонуудагы редакциясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген. 

Нускоонун жаңы редакциясы төмөнкүлөрдү караштырат: 

- Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын/ Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилеринин көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине текшерүү жүргүзүүдө күтүүсүз максаттуу текшерүүлөрдү жүргүзүү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу бөлүгүндө ыйгарым укуктарын кеңейтүү

- Улуттук банк тарабынан тышкы көзөмөл жүргүзүүдө жөнөтүлгөн сунуштардын жана көрсөтмөлөрдүн көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан аткарылышын баалоо эрежесин толуктоо жолу менен текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн максаттарын кеңейтүү

- күтүүсүз максаттуу текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиздерди кеңейтүүөзөмөлгө алынган уюмдардын Улуттук банкка берилген отчеттуулугунун толуктугуна жана аныктыгына шектенүүлөр болгон учурларда); 

- текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жана анын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын/инспектордук топтун жана көзөмөлгө алынган уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартибин, анын ичинде документтерди түзүү жана алмашуу бөлүгүн тактоо; 

- көзөмөлгө алынган уюмдарга инспектордук текшерүүлөр жөнүндө отчетторду берүүнүн мөөнөтүн текшерүүнүн натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып ондон он беш жумушчу күнгө чейин узартуу; 

- башка редакциялык/техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат.  

Жогоруда белгиленген Мыйзамдын 23-беренесине ылайык, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес. 

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо максатында Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишин талдап-иликтөө 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт, аны менен бирге көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынын финансылык сарптоолорго алып келбейт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык жүргүзүлөт. 

Токтомдун долбоору менен бекитүүгө сунушталган «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан ишкердик ишти жүзөгө ашырууга таасирин тийгизбейт, көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан кардарларга/төлөм системаларынын катышуучуларына кызмат көрсөтүүнүн тартибин аныктабайт. Айтылгандардын негизинде токтомдун долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлгөн эмес. 

 

 

 

 

 

 

Токтом долбоору 

 

 

 

«Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын  

ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө»  

нускоону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо бекитилсин (тиркелет)

 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтому; 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун: 

1-пунктунун онунчу абзацы; 

токтомго карата тиркеменин 9-пункту; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-4-(НПА) «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялагандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

 

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын «___» ____________ 

№ ___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө 

НУСКОО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» ушул нускоодо (мындан ары Нускоо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) төмөнкү ишкердикти жүзөгө ашырууга укук чегерген лицензиясына/лицензияларына ээ төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (мындан ары көзөмөлгө алынган уюмдар) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу максаттары, түрлөрү жана тартиби белгиленген: 

- маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды ошол процессинг жана клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюм Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген шартта аларга карата таасир этүү чараларын колдонуу, Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан белгиленген талаптар сакталгандыгын көзөмөлдөө боюнча ишинин бир бөлүгүн түзөт. 

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын коопсуздугун, натыйжалуулугун жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында, көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталгандыгын көзөмөлдөйт. 

4. Ушул Нускоонун максаттарында төмөнкү кыскартылган белгилөөлөр жана аныктамалар колдонулат: 

- текшерүү тобу көзөмөлгө алынган уюмдун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банктын кызматкерлеринен түзүлгөн адамдар тобу, алардын ыйгарым укуктарына ушул Нускоодо аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу кирет; 

- ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм төлөм системаларынын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырган, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү

- кызмат адамдар көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруунун байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген, көзөмөлгө алынган уюмдун ишине жалпы жана учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырган адамдар; 

- башкаруунун байкоо органы көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруу органы, ал уюмдун ишине учурда жетекчилик кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун уюштуруу документтерине ылайык көзөмөлгө алынган уюмдун жогорку башкаруу органына отчет берип турат; 

- башкаруунун аткаруу органы көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруу органы, ал уюмдун ишине учурда жетекчилик кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун уюштуруу документтерине ылайык көзөмөлгө алынган уюмдун байкоо (эгер болсо) же жогорку башкаруу органына отчет берип турат. 

5. Улуттук банк/текшерүү тобу инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине, отчетторуна, агенттерине, субагенттерине, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга жана башка контрагенттерге, туунду уюмдарга тиешелүү кандай болбосун маалыматты талап кылууга жана алууга, ошондой эле алынган маалымат боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга жана зарыл болгон учурда көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлүнүн кол тамгасы жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн алууга укуктуу. 

Көзөмөлгө алынган уюм туунду уюмдар боюнча төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берет: 

- уюштуруу документтери; 

- финансылык отчеттор; 

- жетекчи тууралуу маалымат. 

Талап кылынган маалымат Улуттук банктын/текшерүү тобунун суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык берилүүгө тийиш. 

6. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду кароодо Улуттук банктын/текшерүү тобунун көзөмөлгө алынган уюмдар менен өз ара иш алып баруусу жана маалымат алмашуусу расмий сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар түрүндө жана кат жүзүндө башка документтерди сунуштоо аркылуу ишке ашырылат. 

 

2-глава. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары 

7. Көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

- көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалына жана башкаруу процессинин сапатына баа берүү

- көзөмөлгө алынган уюмда төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишине коркунуч жаратышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн жана алардын сакталышын аныктоо; 

- көзөмөлгө алынган уюм тарабынан Улуттук банкка сунушталган финансылык жана башка отчеттордун тактыгына жана аныктыгына баа берүү

- аныкталган бузууларга жол берүүлөрдү жана кемчиликтерди четтетүү, көзөмөлгө алынган уюмдун иштөө абалын жакшыртуу жана андагы тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу, ал эми зарыл учурларда  эскертүү чараларын жана/же таасир этүү чараларын иштеп чыгуу; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун мурдагы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жана/же тышкы көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө багытталган сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды аткаруусуна баа берүү

 

3-глава. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

8. Инспектордук текшерүүлөр алдыга коюлган милдеттерге жараша комплекстүү жана максаттуу болушу мүмкүн. 

9. Көзөмөлгө алынган уюмдардын инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү планы ар бир жылга түзүлөт жана ал Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн ишин тескөөгө алган төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же анын милдетин аткарган башка кызмат адамы тарабынан бекитилет. 

Инспектордук текшерүүлөрдү пландаштыруу төмөнкү негизги критерийлерди (бирок булар менен гана чектелбестен) эске алуу менен жүргүзүлөт: 

- Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) саясатына ылайык аныкталган төлөм системасынын маанилүүлүгүн; 

- уставдык капиталдын өлчөмүн; 

- бюджеттик төлөмдөрдү кабыл алуу; 

- буга чейин жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдү

- жазма буйруктардын жана таасир этүүнүн башка чараларынын ж.б. аткарылышын. 

Инспектордук текшерүүлөрдүн планына зарылчылыкка жараша өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. 

10. Комплекстүү текшерүү көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалын, менеджментинин сапатын, көзөмөлгө алынган уюмдун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосун, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун бекемдигине жана туруктуулугуна коркунуч келтире турган тобокелдиктерди, кемчиликтерди жана чабал жактарды аныктайт. 

11. Максаттуу текшерүүдө көзөмөлгө алынган уюмдун ишинин бир же бир нече түрүн текшерүү каралган. 

12. Билдирүү тартибине жараша текшерүүлөр планга ылайык (көзөмөлгө алынган уюмга алдын ала билдирүү менен) жана күтүүсүз (жүргүзүлө турган текшерүү тууралуу алдын ала билдирбестен) болушу мүмкүн. 

13. Максаттуу текшерүүлөр күтүүсүз мүнөзгө ээ болушу мүмкүн. Күтүүсүз текшерүү жүргүзүлгөн учурда текшерүүгө багыттама текшерүү тобу келген учурда түздөн-түз көзөмөлгө алынган уюмга көрсөтүлөт. 

14. Көзөмөлгө алынган уюмдун ишин инспектордук текшерүү, инспектордук текшерүүгө багыттаманын негизинде (мындан ары текшерүүгө багыттама) жүргүзүлөт. Текшерүүгө багыттамага төмөнкүлөр кол коюуга тийиш: 

- Улуттук банктын төрагасы же анын милдетин аткаруучу; 

- Төраганын орун басары/ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн ишин тескеген Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же анын милдетин аткаруучу; 

- көзөмөлгө алынган уюм жайгашкан жер боюнча Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/ Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси же аны алмаштырган адам. 

15. Күтүүсүз максаттуу инспектордук текшерүүлөр төмөнкү жагдайлар орун алган учурда ушул Нускоонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын биринин чечиминин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 

- төлөм системасынын үзгүлтүксүз иши бузууга жол берилсе; 

- көзөмөлгө алынган уюмдар алдамчылыкка жол берсе, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз ишкердикти жүргүзүү фактылары орун алса же болбосо жарандардын, уюмдардын кайрылуусу боюнча; 

- сунушталган отчеттун негизинде, көзөмөлгө алынган уюмдун финансылык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн болгон терс тенденциялар табылса, же болбосо Улуттук банкка сунушталган отчеттордун толуктугуна жана аныктыгына шектенүүлөр орун алса; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жагдайлар орун алса; 

- Улуттук банктын талаптары жана/же чечимдери аткарылбаса; 

- көзөмөлгө алынган уюм аларды аткаруусун текшерүү максатында Улуттук банк тарабынан таасир этүү чарасын колдонуунун алкагында жазма буйрук/башка талап болсо; 

- пайдалануучулар алдында милдеттенмелерди аткарбоого алып келе турган же/ жана төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин бузууга алып келиши мүмкүн болгон көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери, кызмат адамдары ортосунда пикир келишпестик (чыр-чатак) тууралуу жарандардын/уюмдардын маалыматы/билдирүүсү/кайрылуусу (көзөмөлгө алынган уюмдарга байланышкан) болсо; 

- пайдалануучулар алдында милдеттенмелерди аткарбоого алып келе турган жана/же төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин бузууга алып келиши мүмкүн болгон маалыматтар/билдирүүлөр/окуялар болсо; 

- көзөмөлгө алынган уюмдардын мыйзамсыз иши жөнүндө укук коргоо органдары тарабынан маалымат болсо. 

 

4-глава. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби 

16. Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине план чегинде инспектордук текшерүүлөрдү ушул Нускоонун 9-пунктуна ылайык, көзөмөлгө алынган инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн бекитилген планына ылайык эки жылда бир гана жолу жүргүзөт

17. План чегинде инспектордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн кеминде эки адамдан турган текшерүү тобу түзүлөт, ага Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана/же областтык башкармалыгынын/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кириши мүмкүн, мында текшерүү тобунун жетекчиси жана анын мүчөсүүчөлөрү дайындалат (мындан ары Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү). Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмга инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укугун тастыктаган документ болуп ушул Нускоонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн жактар тарабынан кол коюлган текшерүүгө багыттама эсептелет

18. Инспектордук текшерүү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 20 (жыйырма) жумуш күндөн ашпайт

19. Зарыл учурларда, багыттамага кол койгон же болбосо анын ордун алмаштырган жактын чечими боюнча, инспектордук текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү 10 (он) жумуш күнүнө чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн жана бул тууралуу текшериле турган көзөмөлгө алынган уюмга узартуу тууралуу чечим кабыл алган көрсөтүлгөн жактын колу коюлган тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 

20. Текшерүүгө багыттама Улуттук банк тарабынан ушул Нускоого карата 1-тиркемеге ылайык форма боюнча таризделет. 

21. Текшерүүгө багыттамада текшерүүнү баштоо жана аяктоо күнү, текшерүүнүн узактыгы (жумуш күнү менен берилген), текшерилүүгө тийиш болгон маселелер (комплекстүү текшерүүдөн тышкары), текшерүү мезгили, ошондой эле текшерүү тобунун курамы жөнүндө маалымат камтылууга тийиш. 

Текшерүү тобу текшерүүнү жүргүзүүдө маселелерди толугу менен иликтөө үчүн багыттамада көрсөтүлгөн текшерүү мезгилинен тышкары уюмдун мурдагы же кийинки иш мезгилин кароо зарылчылыгы келип чыкса, багыттамада көрсөтүлгөн текшерүү мезгилинен тышкары түзүлгөн маалыматтар/документтер көзөмөлгө алынган уюмдан талап кылынышы мүмкүн. 

22. Эгерде инспектордук текшерүү план боюнча жүргүзүлсө, текшерүүнүн жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмга зарыл документтердин/билдирүүлөрдүн/ системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө зарыл тизмекти кошо тиркөө менен (ушул Нускоого карата 2-тиркемеде берилген форма боюнча) текшерүү башталганга чейинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен билдирүү катын жөнөтүүгө тийиш, ал эми багыттама уюмга келген учурда көрсөтүлөт

Ушул Нускоого карата 2-тиркемеде көрсөтүлгөн документтердин/билдирүүлөрдүн/ системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн тизмеги, көзөмөлгө алынган уюмдун иш өзгөчөлүгүнө жана боло турган текшерүү мөөнөтүнө, милдетине, максатына жараша ар бир конкреттүү учурларда өзгөрүшү мүмкүн. 

23. Текшерүүнү баштоо датасы болуп, багыттамада көрсөтүлгөн дата же Улуттук банктын текшерүү боюнча тобунун текшерүү жүргүзүүгө багыттаманы көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырган дата саналат. 

24. Текшерүүгө багыттаманын түп нускасы көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат, ал эми ыйгарым укуктуу өкүлдүн кол тамгасы жана көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен тастыкталган, тапшыруу күнү жана убактысы көрсөтүлгөн багыттаманын көчүрмөсү Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан көзөмөлгө алынган уюмга тапшырылат. 

25. Текшерүүгө келгенден кийин текшерүү тобунун жетекчиси төмөнкү максаттарда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси (же анын милдетин аткарган адам) менен жолугушат: 

- текшерүүгө багыттаманы тапшырууга, ошондой эле текшерүү чөйрөсү жана милдеттери жөнүндө билдирүүгө

- текшерүү процессин талкуулоого; 

- анын/алардын иш чөйрөсүн белгилөө менен текшерүү тобунун мүчөсүүчөлөрү менен тааныштырууга; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара иш алып баруу ыкмаларын аныктоого; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун суроолоруна жооп берүүгө

26. Алгачкы эле текшерүү күнү көзөмөлгө алынган уюм ушул нускоонун 22-пунктуна ылайык жөнөтүлгөн билдирүү катында көрсөтүлгөн документтерди/маалыматтарды сунуштоого/системага кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Документтер жок болсо ал өзүнчө акт менен таризделип, ага текшерүү тобунун жетекчиси жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү кол тамга коёт. 

Текшерүү мезгил аралыгында көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна талаптагыдай камсыздалган жумуш орду менен өзүнчө жай бөлүп берүүгө милдеттүү. Бөлүнүп берилген жайда аудио/видео жаздыруучу каражаттар болбоого тийиш. Эгерде көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна бөлүп берген жайда аудио/видео жаздыруучу каражаттар орнотулган болсо, көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна текшерүү мезгил аралыгында ошол жайда аудио/видео жаздыруулар жүргүзүлбөй тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме сунуштайт. 

27. Эгерде текшерүү тобунун айрым мүчөлөрү (Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) алмаштырылса/кошулса же текшерүүгө кошумча маселелерди киргизүү зарылчылыгы келип чыкса, багыттамага киргизилген толуктоо тариздетилип, ал багыттамага киргизилген толуктоо күчүнө кирген күнү көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат (багыттамага киргизилген толуктоо күчүнө кирген күн катары ага кол коюлган жана Улуттук банкта катталган күн эсептелинет). Багыттамага киргизилген толуктоо ошол багыттаманын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

28. Инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюм аларды иликтеп чыгуусу үчүн текшерүү тобуна документтердин түп нускаларын сунуштайт. Өзгөчө учурларда гана, объективдүү себептер боюнча анын түп нускасын сунуштоо мүмкүн эмес болгон учурларда, көзөмөлгө алынган уюм жазуу жүзүндө документтердин түп нускаларын сунуштоо мүмкүн эместиги себептерин көрсөтүү менен көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн сунуштайт. 

Текшерүү тобунун талабы боюнча көзөмөлгө алынган уюм талап кылынган документтердин (болгон учурда) электрондук версияларын сунуштайт. 

29. Инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана персоналы текшерүү тобуна ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө тийиш. 

30. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу: 

- көзөмөлгө алынган уюм ишкердикти жүзөгө ашырган жайларга эркин кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун документтерин жана маалыматтарын өз убагында алууга жана текшерүүгө, анын ичинде көзөмөлгө алынган уюмдун агенттеринин/субагенттеринин ишин текшерүүгө укуктуу. Бул учурда көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобуна агенттен/субагенттен маалыматтарды алуу, жайларга жана системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш; 

- зарыл учурларда инспектордук текшерүүнүн материалдарына кошо тиркөө үчүн көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн алууга; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен анын ишине тиешелүү маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрүн алууга; 

- талап жөнөтүү аркылуу көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган/маалымат системаларына кирүү жана ишке ашырылган бардык операциялар жөнүндө маалымат алуу (отчетторду окуу, түзүү жана кагаз бетине чыгаруу) укугуна ээ болууга; 

- көзөмөлгө алынган уюмдан жана төлөм системасынын катышуучуларынан төлөм системасынын ишине тиешелүү маселелер боюнча кандай болбосун документтерди жана маалыматтарды талап кылууга. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган системаларында отчетторду түзүү жана колдонууга киргизүү көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу адамы менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат. 

31. Атайы режим киргизүү учурунда Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитеттин атайы режим киргизүү жөнүндө чечиминде жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14-50-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралар жөнүндө» жободо белгиленген иш-аракеттерди жүргүзөт. 

32. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү инспектордук текшерүүнү жүргүзүү учурунда төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча чараларга баа берүү үчүн көзөмөлгө алынган уюмдан документтерди жана маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

33. Текшерүү жүргүзүүдө Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги же ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашуу боюнча талап кылынган документтерди даярдаган жана сунуштаган көзөмөлгө алынган уюмдун кызматкерлери менен текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди түздөн-түз талкуулашы мүмкүн. 

34. Көзөмөлгө алынган уюм Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө уюмдун иши жүзөгө ашырылуучу жайларга тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылбаса, талап кылынган маалыматтарды жана документтерди, анын ичинде алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун ишине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү, уюмдун автоматташтырылган/маалымат системаларына кароо режиминде кирүү мүмкүнчүлүгүн жана көзөмөлгө алынган уюмдун маалымат системаларынан маалыматтарды электрондук түрдө сунуштоодон баш тарткан учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысын түзөт. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысы ушул нускоого карата 3-тиркемеге ылайык эки нускада түзүлөт (Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден). 

Көзөмөлгө алынган уюмдун ишин текшерүүнүн жүрүшүндө орун алган кандайдыр бир фактыны жана/же жагдайды (кызмат адамы, штаттык персонал жок болсо, кассадан калдык чыгарылса ж.б.) каттоо зарылчылыгы келип чыккан учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аныкталган фактыларды жана/же инспектордук текшерүү жагдайларын тастыктоо актысын түзөт. Аныкталган фактыларды жана/же инспектордук текшерүү жагдайларын тастыктоо актысы ушул нускоого карата 4-тиркемеге ылайык эки нускада түзүлөт (Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден). 

35. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысына/ инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыны жана/же окуяны ырастоо актысында Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү/кызмат адамдары/кызматкерлери кол коёт

Ал эми бул актыга көзөмөлгө алынган уюм тарабынан кол коюудан баш тартылган учурда же көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү/кызмат адамдары/ кызматкерлери жок болгон учурда, баш тартуу/кызмат адамдарынын жоктугу тууралуу актыда көрсөтүлөт, ал Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (текшерүү тобунун жетекчисинин жана анын мүчөлөрүнүн) кол тамгаcы менен күбөлөндүрүлөт. 

36. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысында белгиленген фактылар, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14-50-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, көзөмөлгө алынган уюмга карата таасир этүү чараларын жана башка чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 

 

5-глава. Көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги менен алдын ала жана жыйынтыктоочу жолугушуу 

37. Инспектордук текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги менен алдын ала жолугушуусу өткөрүлөт, ал көзөмөлгө алынган уюмга текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы, анын ишинде аныкталган кемчиликтер жана бузуулар тууралуу маалымдоо, алдын ала чыгарылган тыянактарды жана милдеттүү түрдө аткарылуучу жөнгө салуу чараларын талкуулоо максатында уюштурулат. 

38. Алдын ала жолугушуунун жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобунун мүчөлөрү тарабынан текшерилген участоктор боюнча айтылган маселелер тууралуу комментарий жана түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун ишин жөнгө салуу маселелери болсо, ал боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга, орун алган проблемаларды тактоого, текшерүү тобунун мүчөлөрүнө суроо берүүгө укуктуу. 

39. Текшерүү тобунун жана көзөмөлгө алынган уюмдун алдын ала жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлүп, ага жолугушуу өткөрүлгөн датадан тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде жолугушуунун катышуучулары кол коюуга тийиш. 

Көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлдөрү жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюудан баш тартса, анда көзөмөлгө алынган уюм 3 (үч) жумуш күнү ичинде себебин көрсөтүү менен Улуттук банкка кат жөнөтөт. 

40. Текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү бүткөндөн кийин 15 (он беш) жумуш күнү ичинде текшерүү тобу менен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги/кызмат адамдары ортосунда текшерүүнүн тыянактарын жана натыйжасын талкуулоо үчүн жыйынтыктоочу жолугушуу уюштурат. Жолугушууга ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн начальниги/областтык башкармалыктын/Баткен областындагы өкүлчүлүктүн жетекчиси (көзөмөлгө алынган уюм жайгашкан жерге жараша) же алардын милдетин аткаруучу кызмат адамдар, зарыл учурда - ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн ишин тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү жана/же Улуттук банктын башка өкүлдөрү/кызматкерлери катышат. 

41. Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган тыянак тууралуу маалымдайт, анда төмөнкүлөр камтылат: 

- инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын көзөмөлгө алынган уюм тарабынан бузуу учурлары; 

- колдонуудагы эсепке алуу жана отчеттуулук системасына, маалымдоо жана ички контролдоо системаларына баа берүү

- тобокелдиктерди тескөөгө баа берүү

42. Жыйынтыктоочу жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине аныкталган бардык кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү зарылдыгын маалымдайт, ошондой эле бул проблемаларды чечүүнүн алгылыктуу жолдору боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берет жана аны аткаруу мөөнөттөрүн белгилейт. 

43. Жыйынтыктоочу жолугушуудан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде протокол түзүлүп, анда бардык талкууланган маселелер чагылдырылат. Жыйынтыктоочу жолугушуунун протоколуна жолугушуунун катышуучулары (айрым адамдар жок учурда, алардын милдетин аткарган адамдар) кол коёт. 

Эгерде көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлдөрү жыйынтыктоочу жолугушуунун натыйжасы тууралуу протоколго кол коюудан баш тартса, көзөмөлгө алынган уюм 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка протоколго кол коюудан баш тартууну негиздеген кат жөнөтөт. 

 

6-глава. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет 

44. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан жазуу жүзүндө түзүлгөн отчет түрүндө Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден эки нускада таризделет. 

45. Улуттук банк көзөмөлдөө функцияларын аткаруусунда колдонуусу үчүн жана көзөмөлгө алынган уюмдун башкаруунун аткаруу органына, байкоо органына (эгер болсо) жана уюштуруучуларына/катышуучуларына/акционерлерине текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымдоо үчүн инспектордук текшерүү жөнүндө отчетто текшерүүнүн жыйынтыгы жазуу жүзүндө берилет. 

46. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетто негизги тыянактар жана корутундулар, ага кошо олуттуу тобокелдиктер жана/же кемчиликтер, проблемалар жана көзөмөлгө алынган уюм тарабынан көрүлүүсү зарыл болгон жөнгө салуу чаралары, ошондой эле жагдайды жөнгө салуу жана/же жакшыртуу үчүн милдеттүү түрдө аткарылуучу талаптар камтылат. 

47. Көзөмөлгө алынган уюмдун документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү/бузуу фактылары тууралуу маалыматты камтыган жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү инспектордук текшерүү жөнүндө отчеттун Улуттук банк үчүн даярдалган нускасына тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

48. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат, ошол эле учурда көзөмөлгө алынган уюм инспектордук текшерүү жөнүндө отчетту үчүнчү жактарга Улуттук банктын уруксаты менен бере алат. Көзөмөлгө алынган уюмдар инспектордук текшерүү жөнүндө отчеттун сакталышын камсыз кылууга тийиш жана аны кагаз же электрондук түрдө таркатууга жол берилбейт. 

49. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана үчүнчү жактарга маалымдоого болбой турган купуя маалыматтарды камтыйт. Көзөмөлгө алынган уюмдар инспектордук текшерүү жөнүндө отчеттун сакталышын камсыз кылууга тийиш жана аны кагаз же электрондук түрдө (толугу менен же бир бөлүгүн) таркатууга жол берилбейт. 

Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетту көзөмөлгө алынган уюм тарабынан (толугу менен же жарым-жартылай) үчүнчү жактарга (тышкы көз карандысыз аудитти жүргүзүү, консалтингдик кызматтарды алуу максатында ж.б.) берүү зарыл болгон учурда, мындай өткөрүп берүү Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн/областтык башкармалыгынын/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн (көзөмөлгө алынган уюмдун жайгашкан жерине жараша) же аларды алмаштырган адамдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен (көзөмөлгө алынган уюмдун суроо-талабы боюнча) жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

50. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетко инспектордук текшерүү жүргүзгөн Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт. 

51. Көзөмөлгө алынган уюм же анын айрым өкүлдөрү инспектордук текшерүү жөнүндө отчетто чагылдырылган инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогон учурда, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү каршы пикирлерди же эскертүүлөрдү көзөмөлгө алынган уюмдан отчет алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка жөнөтүүгө укуктуу. 

Каршы пикирлер же эскертүүлөр жазуу жүзүндө таризделип, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлуп, көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетко каршы пикирлер жана/же эскертүүлөр, ошондой эле аларды негиздеген документтер же алардын көчүрмөлөрү инспектордук текшерүү жөнүндө отчетко тиркелет. 

 

7-глава. Таасир этүү чаралары 

52. Көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде кемчиликтер жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу табылган учурда текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлгө алынган уюмга таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуш даярдайт. 

53. Көзөмөлгө алынган уюмга карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык мындай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу тиешелүү кызмат адамдары жана Улуттук банктын органдары тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

 

8-глава. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу 

54. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен бирге текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колуна берилет. Отчетту алууда көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлү анын инсандыгын тастыктаган документти көрсөтөт, ыйгарым укуктуу документтин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет (жетекчиден башка өкүлдөр үчүн) жана отчетту өз колу менен алгандыгы жөнүндө белги коюу менен отчетторду берүү журналына кол коёт.  

Өзгөчө учурларда (көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгондугуна, алардын медициналык көрсөткүчтөрү боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу отчетту өз колу менен тапшыруу мүмкүн эмес болгон учурда ж.б.) инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен кошо көзөмөлгө алынган уюмдун айкын дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда отчетту алган адамдын аты-жөнү жана жеткирүү датасын камтыган кайра билдирүү менен почта жөнөтмөсүн жеткиргендиги жөнүндө ырастоо милдеттүү түрдө алынууга тийиш. 

55. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчетко коштомо катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- көзөмөлгө алынган уюм отчетто камтылган сунуш-пикирлерге/корректорлоочу чараларга жараша аныкталган бузууларды жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш экендиги жөнүндө

- ушул Нускоонун 5-тиркемесиндеги форма боюнча отчет менен таанышып чыгуу баракчасына аткаруучу жана байкоочу башкаруу органдарынын мүчөлөрүн, көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруучуларын/катышуучуларын/акционерлерин инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин кол коюу зарылдыгы. Ошол эле учурда отчётто камтылган тыянактар жана корутундулар менен макул эместиги таанышып чыгуу баракчасына кол коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. 

56. Аткаруучу жана байкоочу башкаруу органдарынын мүчөлөрү (болгон учурда), көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышууга жана таанышып чыгуу баракчасына кол коюуга тийиш. Отчет менен таанышкандан кийин кол коюлган таанышып чыгуу баракчасы көзөмөлгө алынган уюмдун коштомо каты менен Улуттук банктан коштомо кат менен отчет алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кайтарылып берилет. 

Эгерде көзөмөлгө алынган уюмдун таанышып чыгуу баракчасына кол коюуга милдеттүү болгон адамдар резидент эмес болуп эсептелсе, анда көзөмөлгө алынган уюмдун суроо-талабы боюнча таанышып чыгуу баракчасын Улуттук банкка берүү мөөнөтү 30 (отуз) календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн. 

57. Аткаруучу жана байкоочу башкаруу органдарынын (болгон учурда) бул же тигил мүчөсү жана/же көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруучулары/ катышуучулары/ акционерлери жок болгон учурда, жана/же отчет менен таанышуу үчүн белгиленген убакыт аралыгында алар менен байланыш түзүү мүмкүн болбогон учурда, көзөмөлгө алынган уюм отчет алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка байкоочу башкаруу органынын тигил же бул мүчөсү жана/же көзөмөлгө алынган уюмдун уюштуруучусу/катышуучусу/акционери отчет менен таанышып чыгуу баракчасына кол кое албагандыгынын себептери жөнүндө маалымдоого тийиш. Мында, таанышып чыгуу баракчасы белгиленген мөөнөттө андан ары Улуттук банкка таанышып чыккандыгы тууралуу өзүнчө кат жүзүндөгү билдирүү жөнөтүү менен көзөмөлгө алынган уюмдун белгиленген адамынын кол тамгасы жок Улуттук банкка кайтрылышы мүмкүн. 

58. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет боюнча даттанууга жол берилбейт. 

59. Көзөмөлгө алынган уюмга инспектордук текшерүүнүн тыянактарынын жана натыйжаларынын негизинде колдонулган таасир этүү чараларына карата Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга жол берилет. 

 

 

 

1-тиркеме 

___________________________________________  

___________________________________________  

өлөм системасынын операторунун / төлөм уюмунун толук аталышы) 

ишин текшерүүгө 

ЖОЛДОМО 

Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү кызматкерлери: 

1. ______________________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

2. ______________________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

3. ______________________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

4. ______________________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

5. ______________________________________________________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

 

20___-жылдын «___» ____________ тартып __ жумуш күн мөөнөтүнө _____________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлөт. Текшерүү мезгил аралыгында күтүүсүз жагдайлар орун алган шартта текшерүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн. 

Текшерүү программасында уюмдун 20__-жылдын «___» _______________ тартып 20__-жылдын «___» _______________ чейин иштеген мезгилин жана төмөнкү багыттарды жана маселелерди текшерүү каралган: 

- _______________________________________________________________________ 

- _______________________________________________________________________ 

 

 

Төраганын орун басары/ Аты-жөнү 

Башкарманын мүчөсү

Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/ 

Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси 

 

 

 

2-тиркеме 

 

______________________________ 

Төлөм системасынын операторунун / төлөм уюмунун аталышы жана дареги 

БИЛДИРҮҮ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20___-жылдын «___» _______________ тартып _____________________________ өлөм системасынын операторунун / төлөм уюмунун толук аталышы) (филиалдарын кошо алганда) (мындан ары  Коом) төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун ишине пландык комплекстүү/максаттуу текшерүү жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт. 

Текшерүү ишин натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле текшерүү убактысын үнөмдөө максатында, тиешелүү кызматкерлерге ушул катка кошо тиркелген тиркемеге ылайык документтерди жана маалыматтарды даярдап коюуну өтүнөбүз. Мында Коомдун иши жөнүндө документтер жана башка маалыматтар текшерүү тобунун мүчөлөрүнө келген күнү берилүүгө тийиш. Бардык документтер жана маалыматтар 20__-жылдын «___» _______________ тартып 20__-жылдын «___» _______________ чейин текшерилүүчү мезгилге даярдалып, текшерүүнүн жетекчисине берилүүгө тийиш. 

Эгерде көрсөтүлгөн документтерди даярдоонун жүрүшүндө Коомдун кызматкерлеринде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, ошондой эле талап кылынган документтерди жана маалыматтарды даярдоо мүмкүнчүлүгү жок болсо, жогоруда көрсөтүлгөн инспектордук текшерүү күнү башталганга чейин алдын ала ____________________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү, кызматы, телефон номери) менен байланышуу зарыл. 

Инспектордук текшерүүдө _____ текшерүүчү катыша тургандыгы пландаштырылууда, ушуга байланыштуу _____ адамга техникалык каражаттар менен жабдылган (телефон байланышы, документтерди сактоо үчүн сейф, мүмкүнчүлүк болсо, автоматташтырылган/маалымат системаларына кирүү мүмкүнчүлүгү орнотулган компьютер жана принтер) жумуш ордун даярдап коюу зарыл. 

Текшерүү тобунун мүчөлөрүнө текшерүүгө байланыштуу бардык маселелер боюнча көмөк көрсөтүүнү, Коомдун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине суроо берүү, ошондой эле текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл маалымат булактардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууну өтүнөбүз. 

 

Тиркеме: Көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу документтердин/маалыматтардын/системаларга кирүү укуктардын тизмеги  ____ беттен турат. 

 

 

Төраганын орун басары/ Аты-жөнү 

Башкарманын мүчөсү

Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/ 

Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси 

 

 

 

 

 

Көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу документтердин/маалыматтардын/системаларга кирүү укуктардын 

ТИЗМЕГИ 

1. Уюштуруу документтери (уюштуруу келишими, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген устав), каралып жаткан мезгил үчүн уюмдун жогорку, көзөмөлдөөчү (эгерде бар болсо) жана аткаруу бийлигинин органдарынын чечимдери. 

2. Уюмдун ишин жөнгө салуучу жана анын саясатын аныктоочу документтердин пакети (ички ченемдик документтер: жоболор, эрежелер, саясаттар, нускамалар ж.б.). 

3. Каралып жаткан мезгил үчүн уюмдун уюштуруу түзүмү жана штаттык тизими. 

4. Кызмат ордун, байланыш телефондорун жана электрондук почтасын көрсөтүү менен уюмдун кызматкерлеринин тизмеси. 

5. Агенттердин/субагенттердин/товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын маалымат базалары. 

6. Кварталдар боюнча бөлүнгөн финансылык отчеттор, текшерилүүчү мезгил үчүн салык органдарына берилген отчеттор/декларациялар. 

7. Коммерциялык банктар, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар/агенттер менен түзүлгөн келишимдер. 

8. Уюм сунуштаган операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн тизмеси (төлөм системаларынын категориялары, төлөмдөрдү кабыл алуу/өткөрүү инструменттеринин түрлөрү боюнча, негизги иш-чараларга көмөкчү катары). 

9. Аппараттык-программалык комплекс жөнүндө маалыматтар жана документтер (программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана техникалык колдоо көрсөтүү боюнча келишимдер, техникалык тапшырмаларды жана талаптарды тиркөө менен, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы (үчүнчү тараптын иштеп чыгуучунун катышуусу болгондо), системалык паспорттор, аппараттык-программалык комплексти өндүрүштүк пайдаланууга берүү актылары жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналдары, сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы, аппараттык-программалык комплексти коопсуздук текшерүү протоколдору, сервердик бөлмөлөрдү жайгаштыруу үчүн документтер ж.б.). 

10. Чарбалык келишимдер (банктык эсептерди ачуу жана аларды тейлөө, Коомдун кеңсесин жана анын айрым бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн жайларды ижарага/сатып алуу, антивирустук программалык камсыздоону сатып алууга лицензиялык келишимдер ж.б.). 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка мамлекеттик бийлик органдары менен кат алышуулар. 

жана башка документтер (зарыл болсо). 

 

 

 

3-тиркеме 

Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү 

АКТЫСЫ 

________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун же төлөм уюмунун аталышы) 

_____________________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду, дареги, телефону) 

_______________________________________ 20__-жылдын «___» _____________________ 

үзүлгөн жер жана датасы) 

 

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан 

_____________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү

 

төмөнкүлөр боюнча ушул акт түзүлгөн: 

______________________________ өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы) кызматкери _____________________________________ өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкеринин аты-жөнү) уюмдун ишине текшерүүнү жүргүзүүдө төмөнкүдөй каршылык көрсөткөн: 

________________________________________________________________________ 

(имаратка же жайга кирүүдө каршылык көрсөтүлгөн, жумушчу топтун мүчөлөрүнөн талап кылынган документтер/маалыматтар/системаларга кирүү укуктары сунушталган эмес, ж.б.) 

Улуттук банктын кызматкерлерине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу ______________________________ өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы) кызматкерине _____________________________________ өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызматкеринин аты-жөнү) төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун ишине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик тартуу тууралуу эскертүү берилди. 

 

Актыны төмөнкүлөр түзүштү

_________________ 

________________________________ 

______________ 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

Акт менен таанышып, белгиленген фактылар/окуялар менен макулбуз: 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Уюмдун өкүлдөрүнүн/ кызматкерлеринин  

аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

 

 

Актынын экинчи нускасын алган адам: 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Уюмдун өкүлүнүн  

аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

 

 

4-тиркеме 

Инспектордук текшерүүдө белгиленген фактыларды жана/же окуяларды ырастоо  

АКТЫСЫ 

________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун же төлөм уюмунун аталышы) 

_____________________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду, дареги, телефону) 

_______________________________________ 20__-жылдын «___» _____________________ 

үзүлгөн жер жана күн) 

 

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан 

_____________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү

 

төмөнкүлөр боюнча ушул акт түзүлгөн: 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

(белгиленген фактылар жана/же окуялар көрсөтүлөт) 

 

 

Актыны төмөнкүлөр түзүштү

_________________ 

________________________________ 

______________ 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

Акт менен таанышып, белгиленген фактылар/окуялар менен макулбуз: 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Уюмдун өкүлдөрүнүн/ кызматкерлеринин  

аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

 

 

Актынын экинчи нускасын алган адам: 

_________________ 

________________________________ 

______________ 

(Уюмдун өкүлүнүн  

аты-жөнү

(кызмат орду) 

(кол тамгасы) 

 

 

 

5-тиркеме 

Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен 

ТААНЫШТЫРУУ БАРАКЧАСЫ 

____________________________  

өлөм системасынын операторунун / төлөм уюмунун аталышы) 

 

Биз, төмөндө кол койгон _________________________ (төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы) башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү, башкаруунун көзөмөл органынын мүчөлөрү (эгерде бар болсо), ошондой эле уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери, ____________________________ өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун аталышы) 20__-жылдын «___» _______________ 20__-жылдын «___» _______________ чейинки мезгилде жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн натыйжалары боюнча отчеттун мазмуну менен жеке тааныштык. 

 

 

 

 

20__-жылдын «___» _________ отчет 

 

 

 

Аты-жөнү жана кызмат орду 

Дата 

Кол тамгасы 

______________________________  

______________ 

___________________________  

______________________________  

______________ 

___________________________  

______________________________  

______________ 

___________________________  

______________________________  

______________ 

___________________________  

______________________________  

______________ 

___________________________  

 

 

*Эскертүү: аткаруучу/байкоочу башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн кол тамгалары көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен, катышуучулардын/акционерлердин-юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн кол тамгалары өкүлү болгон юридикалык жактын мөөрү менен (өкүл өзүнүн кол тамгасын күбөлөндүрүүнү талап кылбастан ишеним каттын негизинде иш алып барган учурларды кошпогондо) күбөлөндүрүлөт