Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору боюнча  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылуучу банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. 

Долбоор ислам финансылык продуктуларды көбөйтүүгө багытталган жана эл аралык шариат стандарттарына ылайык иштелип чыккан (AAOFI SS#12). 

Долбоордун милдети - ислам каржылоо принциптеринин секторун өнүктүрүү

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоору каржылоонун ислам принциптери боюнча иштеген банктарга тиешелүү жана ислам финансылык кызматтарын пайдалануучуларга кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. 

Токтом долбоорунда финансы-кредиттик мекеме жана кардар-жеке адам (өнөктөштөр) үчүн кемүүчү мушарака келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү каралган, мында келишим предмети болуп келишимдин тараптары биргелешип сатып алган кыймылсыз мүлк объектиси саналат. Ошону менен бирге кардар ижара төлөмдөрүн төлөө менен финансы-кредит уюмунун кыймылсыз мүлктөгү үлүшүн мезгил-мезгили менен сатып алат, төлөмдөр өзүнчө белгилениши да, сатып алынган үлүштүн наркына киргизилиши да мүмкүн. 

Бул келишим боюнча кыймылсыз мүлк камсыздандырылышы мүмкүн. Камсыздандыруу тобокелдиги өнөктөштөрдүн ортосунда белгилүү бир убакытта ээ болгон үлүштөрүнө жараша бөлүштүрүлөт. 

Кардар банктын макулдугу менен үчүнчү жак менен кыймылсыз мүлктү ижарага берүү келишимин түзө алат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, токтом долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, коммерциялык банктардын расмий веб-сайттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. Бул боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча сунушталат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын (мындан ары Мыйзам) 20-беренесине ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. Жогоруда аталган Мыйзамдын «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери» 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарына карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптеринин жоболорунда каралган мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат. Иштелип чыккан токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоонун зарылдыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашырууда республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бюджетинен кошумча финансылык чыгымдар талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Иштелип чыккан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоометодикасынын 4-пунктунун 6-пунктчасына ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоону талап кылбайт. Долбоор ченемдерди эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.  

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы сунушталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарууну өтүнөт.  

 

 

Банктарды көзөмөлдөө  

методологиясы жана лицензиялоо  

башкармалыгынын начальниги Ж. Сулайманбекова 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ: 

Төраганын орун басары М. Жакыпов 

 

Долбоор  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Башкарманын мүчөлөрү: А. Айбалаева 

М. Жакыпов  

Н. Жениш  

Н. Сагындыков  

Р. Сейткасымова  

З. Чокоев 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын «___»_________ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы N 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун:  

- 2.2.2.-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтары жана 2.2.3.-пунктунун биринчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 2.2-главасы төмөнкү мазмундагы 2.2.36-2.2.57-пункттар менен толукталсын: 

«2.2.36. Кемүүчү мушарака келишими бул шарика/мушарака келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн бир түрү, мында өнөктөштөрдүн бири жеке жак (кардар) башка өнөктөштүн - банк же банк эмес ФКУнун (банк) кыймылсыз мүлктөгү үлүшүн менчик укугу толугу менен ага өткөнгө чейин акырындап сатып алууга милдеттенет. 

2.2.37. Бир жагынан банк же банк эмес ФКУ (банк), ошондой эле экинчи жагынан келишимдик мамилелерге кирген жеке жак (кардар) кемүүчү мушарака келишиминин тараптары болуп саналат. Келишимдин тараптары өнөктөштөр деп аталат.  

2.2.38. Кемүүчү мушарака келишиминин предмети болуп өнөктөштөр сатып алган кыймылсыз мүлккө менчик укугу саналат. 

2.2.39. Тараптар сатып алган кыймылсыз мүлк биргелешкен менчик болуп саналат. 

2.2.40. Кемүүчү мушарака келишими боюнча кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылышы мүмкүн. 

2.2.41. Камсыздандыруу тобокелдиги өнөктөштөрдүн ортосунда белгилүү бир убакытта ээ болгон үлүштөрүнө жараша бөлүштүрүлөт. 

2.2.42. Келечекте өнөктөштүн мүлкү ага өтө турган шартта да, камсыздандыруу жана үзгүлтүксүз тейлөө боюнча бардык чыгымдарды көтөрүүгө өнөктөштөрдүн бирин милдеттендирүүчү шартты белгилөөгө уруксат берилбейт. 

2.2.43. Кыймылсыз мүлктүн наркы тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленген үлүштөргө бөлүнүшү мүмкүн. Демек, кардар тарабынан төлөнүүчү төлөмдөр тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталган мезгил аралыгына, белгилүү бир үлүшкө бөлүнүшү мүмкүн. 

2.2.44. Кардар банктын үлүшүнүн бардык бөлүктөрүн сатып алууга милдеттенет. 

2.2.45. Банктын кардары мүлктүн үлүшүн пайдалангандыгы үчүн банкка ижара акысын төлөйт. Ижара акысынын өлчөмү кардар сатып алган үлүшкө пропорционалдуу азаят.Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара акысы кардардын банктан кыймылсыз мүлктү сатып алуудагы үлүштөрүнүн наркына кошулушу мүмкүн же андан өзүнчө белгилениши мүмкүн. 

2.2.46. Кемүүчү мушарака келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. 

2.2.47. Кемүүчү мушарака келишиминин негизги шарттары: 

а) аталышы, ошондой эле келишим предметин идентификациялоо үчүн жетиштүү маалымат; 

б) келишимдин предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө байланышкан тараптардын укуктары жана милдеттери; 

в) төлөмдөрдү төлөөнүн өлчөмү, тартиби, шарттары жана мөөнөтү

г) башка шарттар. 

2.2.48. Кемүүчү мушарака келишиминде мындай жобо каралышы мүмкүн, ага ылайык төлөмдү негизсиз кечиктирген кардар белгилүү бир сумманы же төлөмдөрдүн тиешелүү суммасынан кошумча үлүштү төлөйт. Тиешелүү төлөмдөрдөн ашкан мындай сумманы төлөө Шариат кеңеши тарабынан бекитилген банктын ички саясатына ылайык кайрымдуулук максаттарына багытталат. 

2.2.49. Келишимде тараптар макулдашкан учурларды эске албаганда, өнөктөштөрдүн бирине өнөктөштүк капиталынан өз үлүшүн чыгарып алууга укук берүүчү жоболор камтылбашы зарыл. 

2.2.50. Кыймылсыз мүлк жок кылынган/кыйрап калган учурда келишим бузулат, калган төлөмдөр төлөнбөйт. 

2.2.51. Кемүүчү мушарака келишими төмөнкү учурларда токтолушу мүмкүн: 

а) тараптардын (өнөктөштөрдүн) өз ара макулдашуусу боюнча; 

в) мүлк бузулган учурда; 

г) келишимдин мөөнөтү бүткөндө

2.2.52. Банк менчигинин үлүшүнө жараша төлөм, ошондой эле ижара акысын талап кылууга жана өнөктөштөр менен макулдашылган мөөнөттө өз үлүшүнүн бир бөлүгүн кардардын сатып алуусу аркылуу инвестициясынын бир бөлүгүн мезгил-мезгили менен кайтарып алууга укуктуу. 

2.2.53. Банк келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык төлөмдөрдү өз убагында алууга укуктуу. 

2.2.54. Келишим боюнча кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөгө алынат. 

Кардардын талабы боюнча кыймылсыз мүлктүн үлүшүнүн 30% же андан көп бөлүгүн кардар сатып алгандан кийин же мүлктү толугу менен сатып алгандан кийин Банк менчик укугун өткөрүп берүүгө милдеттенет. Кардар бардык үлүшүн жана милдеттүү төлөмдөрүн банктын пайдасына төлөгөндөн кийин, кыймылсыз мүлк күрөөдөн чыгарылат. 

2.2.55. Кардар кыймылсыз мүлктү пайдаланууда анын сакталышын камсыз кылууга милдеттенет, ал эми аны пайдалануудан алынган пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шариат талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

2.2.56. Банк менен кардар үлүшүнө жараша мүлктүн сапатын начарлатуучу кайсы гана болбосун кемчиликтер үчүн белгилүү бир убакыт ичинде биргелешип жоопкерчилик тартат, ошондой эле өнөктөштөр өз иш-аракеттеринин натыйжасында же алардан көз каранды болбогон жагдайлардын таасиринен кыймылсыз мүлктүн начарлашы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

2.2.57. Кардар банктын макулдугу менен үчүнчү жак менен кыймылсыз мүлктү ижарага берүү келишимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана шариат стандарттарын эске алуу менен түзө алат.». 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы N 38/8  

«Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбоору боюнча 

Салыштырмалуу таблица 

№ 

Азыркы редакция 

Сунуш кылынган редакция 

1. 

2.2-Глава 

2.2.2. Шарика/мушарака келишими төмөнкүдөй эки башкы категория боюнча классификацияланат:  

1) юридикалык жакты түзүүсүз эле, катышуучуларды бириктирүү;  

2) юридикалык жакты, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык түзүлгөн өнөктөш шериктештикти жана/же юридикалык жакты түзүү менен катышуучуларды бириктирүү.  

Эгерде келишимден башкасы келип чыкпаса, шарика/мушарака келишими юридикалык жакты түзүүсүз эле, катышуучулардын биригүүсүнө карата сыяктуу эле, юридикалык жакты түзүү менен биригүүсүнө карата да колдонулат.  

Шарика/мушарака мунтахийа биттамлик - бул, шарика келишиминин негизинде өнөктөштүк формасы болуп саналат, анда өнө- ктөштөрдүн бири башка өнөктөштүн үлүшүн келишимде аныкталган өлчөмдө, ошол үлүшкө менчикке укук ага толук өтмөйүнчө бара-бара сатып алып отурат. Бул операция өнөктөштүктү түзүү менен башталат, андан кийин эки өнөктөш ортосунда үлүштөрдү сатып алуу жана сатуу ишке ашырылат.  

Сатып алып жаткан өнөктөшкө акцияны сатып алуу милдеттенмесин берүүгө гана уруксат берилет. Бул милдеттенме өнөктөштүк келишиминен көз карандысыз болушу зарыл. Мындан тышкары, сатып алуу-сатуу келишими да өнөктөштүк келишиминен көз карандысыз түзүлүүгө тийиш. Бир келишим башка келишимди түзүү шарттарында түзүлүшүнө жол берилбейт.  

2.2.3. Шарика/мушарака мунтахийа биттамлик бүтүмүндө шарика/мушарака келишиминин жалпы эрежелери колдонулат жана шарика/мушарака келишимине кайсы бир тарапка, компаниянын капиталынан өз үлүшүн кайтарып алууга укук берген кандайдыр бир жобону кошууга уруксат берилбейт.  

Шарика/мушарака келишими кат жүзүндө толтурулат. Эгерде келишим негизинде юридикалык жак түзүлгөн болсо, анда ал Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте катталууга тийиш. Өнөктөштүктү түзүү документинде же юридикалык жактын уставында өнөктөштүк максаттары так чагылдырылышы зарыл.  

Эгерде өнөктөштүк ишин жүзөгө ашыруу максатында тараптар тарабынан берилген акча каражаттары же мүлк алгылыктуу булактардан келип чыкса, банкка шериктештик келишимдерин түзүүгө жол берилет. Шериктештиктин негизинде юридикалык жакты түзүүдө шериктик ишмердүүлүк процессинде операцияларды жүргүзүүдө, анын ичинде шариат эрежелерин сактоо менен башкарууда шарияттын эрежелерин жана принциптерин сактоо боюнча бардык зарыл ырастамалар алынууга тийиш. 

2.2-Глава 

2.2.2. Шарика/мушарака келишими төмөнкүдөй эки башкы категория боюнча классификацияланат:  

1) юридикалык жакты түзүүсүз эле, катышуучуларды бириктирүү;  

2) юридикалык жакты, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык түзүлгөн өнөктөш шериктештикти жана/же юридикалык жакты түзүү менен катышуучуларды бириктирүү.  

Эгерде келишимден башкасы келип чыкпаса, шарика/мушарака келишими юридикалык жакты түзүүсүз эле, катышуучулардын биригүүсүнө карата сыяктуу эле, юридикалык жакты түзүү менен биригүүсүнө карата да колдонулат.  

 

 

3, 4 Абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

 

 

 

 

 

 

2.2.3. Абзац 1 күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

 

Шарика/мушарака келишими кат жүзүндө толтурулат. Эгерде келишим негизинде юридикалык жак түзүлгөн болсо, анда ал Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте катталууга тийиш. Өнөктөштүктү түзүү документинде же юридикалык жактын уставында өнөктөштүк максаттары так чагылдырылышы зарыл. 

Эгерде өнөктөштүк ишин жүзөгө ашыруу максатында тараптар тарабынан берилген акча каражаттары же мүлк алгылыктуу булактардан келип чыкса, банкка шериктештик келишимдерин түзүүгө жол берилет. Шериктештиктин негизинде юридикалык жакты түзүүдө шериктик ишмердүүлүк процессинде операцияларды жүргүзүүдө, анын ичинде шариат эрежелерин сактоо менен башкарууда шарияттын эрежелерин жана принциптерин сактоо боюнча бардык зарыл ырастамалар алынууга тийиш. 

 

... 

 

2.2.36. Кемүүчү мушарака келишими бул шарика/мушарака келишимдин негизиндеги өнөктөштүктүн бир түрү, мында өнөктөштөрдүн бири жеке жак (кардар) кыймылсыз мүлктө мүлктүн бөлүмдөрүн менчик укугу толугу менен ага өткөнгө чейин экинчи өнөктөштүн банк же банк эмес ФКОнун(банк) бөлүктөрүн сатып алууга убада берет. 

2.2.37. Бир жагынан банк же банктык эмес ФКО (банк), ошондой эле экинчи жагынан келишимдик мамилелерге кирген жеке жак (кардар) азайып бараткан мушарака келишиминин тараптары болуп саналат. Келишимдин тараптары өнөктөштөр деп аталат. 

2.2.38. Кемүүчү мушарака келишимдин предмети өнөктөштөр сатып алган кыймылсыз мүлк болуп саналат. 

2.2.39. Тараптар сатып алган кыймылсыз мүлк биргелешкен менчик болуп саналат. 

2.2.40. Кемүүчү мушарака келишими боюнча кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылышы мүмкүн. 

2.2.41. Камсыздандыруу тобокелдиги өнөктөштөрдүн ортосунда белгилүү бир убакытта ээ болгон үлүштөрүнө жараша бөлүштүрүлөт. 

2.2.42. Келечекте өнөктөштүн мүлкү ага өтө турган шартта да, камсыздандыруу жана үзгүлтүксүз тейлөө боюнча бардык чыгымдарды көтөрүүгө өнөктөштөрдүн бирин милдеттендирүүчү шартты белгилөөгө жол берилбейт. 

2.2.43. Кыймылсыз мүлктүн наркы тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленген үлүштөргө бөлүнүшү мүмкүн. Демек, кардар тарабынан төлөнүүчү төлөмдөр тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленген бир үлүшкө бөлүнүшү мүмкүн. 

2.2.44. Кардар банктын үлүшүнүн бардык бөлүктөрүн сатып алууга милдеттенет. 

2.2.45. Мүлктүн үлүшүн пайдалангандыгы үчүн банктын кардары банкка ижара акысын төлөйт. Ижара акысынын өлчөмү кардар сатып алган үлүшкө пропорционалдуу азаят.Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара акысы кардардын банктан кыймылсыз мүлктү сатып алуудагы үлүштөрүнүн наркына кошулушу мүмкүн же андан өзүнчө белгилениши мүмкүн 

2.2.46. Кемүүчү мушарака келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. 

2.2.47. Кемүүчү Мушарака келишиминин негизги шарттары: 

а) аталышы, ошондой эле келишим предметин идентификациялоо үчүн жетиштүү сыпаттамасы; 

б) келишимдин предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө байланышкан тараптардын укуктары жана милдеттери; 

в) төлөмдөрдү төлөөнүн өлчөмү, тартиби, шарттары жана шарттары; 

г) башка шарттар. 

2.2.48. Кемүүчү мушарака келишиминде мындай жобо каралышы мүмкүн, ага ылайык төлөмдү негизсиз кечиктирген кардар белгилүү бир сумманы же төлөмдөрдүн тиешелүү суммасынан кошумча үлүштү төлөйт. Тиешелүү төлөмдөрдөн ашкан мындай сумманы төлөө Шариат кеңеши тарабынан бекитилген банктын ички саясатына ылайык кайрымдуулук максаттарына багытталат. 

2.2.49. Келишимде өнөктөштөрдүн бирине өнөктөштүн капиталынан өз үлүшүн алып коюуга укук берүүчү жоболор камтылбашы керек. 

2.2.50. Кыймылсыз мүлк жок кылынган/кыйрап калган учурда келишим бузулат, калган төлөмдөр төлөнбөйт. 

2.2.51. Кемүүчү мушарака келишими төмөнкү учурларда токтолушу мүмкүн: 

а) тараптардын (өнөктөштөрдүн) өз ара макулдашуусу боюнча; 

в) мүлк бузулган учурда; 

г) келишимдин мөөнөтү бүткөндө

2.2.52. Банк төлөмдү, ошондой эле менчигинин үлүшүнө жараша ижара акысын талап кылууга жана өнөктөштөр менен макулдашылган мөөнөттө өз үлүшүнүн бир бөлүгүн сатып алуу аркылуу инвестициясынын бир бөлүгүн мезгил-мезгили менен кайтарып берүүгө укуктуу. 

2.2.53. Банк келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык төлөмдөрдү өз убагында алууга укуктуу. 

2.2.54. Келишим боюнча кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайк күрөөгө алынат. 

Кардардын талабы боюнча кыймылсыз мүлктүн үлүшүнүн 30% же андан көп бөлүгүн кардар сатып алгандан кийин же мүлктү толугу менен сатып алгандан кийин Банк менчик укугун өткөрүп берүүгө милдеттенет. Кардар кыймылсыз мүлктүн үлүштөрүнүн баары бөлүктөрүн жана милдеттүү төлөмдөрүн төлөгөндөн кийин, кыймылсыз мүлк күрөөдөн чечилет.  

2.2.55. Кардар кыймылсыз мүлктү пайдаланууда анын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттенет жана аны пайдалануудан алынган пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шариат талаптарына ылайык келиши керек. 

2.2.56. Банк менен кардар мүлктүн сапаты начарлаган мүлктүн келип чыккан кемчиликтери үчүн белгилүү бир убакыттын ичинде үлүштөр боюнча биргелешип жоопкерчилик тартышат, ошондой эле өнөктөштөр кыймылсыз мүлктүн өз иш-аракеттеринин натыйжасында же алардан көз каранды болбогон окуялардын таасиринен жабыркаган бардык начарлоо үчүн жоопкерчилик тартышат.  

2.2.57. Кардар банктын макулдугу менен үчүнчү жак менен кыймылсыз мүлктү ижарага алуу келишимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана шариат стандарттарын эске алуу менен түзө алат.