Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү жана төлөм системасынын бардык катышуучуларын туташтыруу үчүн QR-коддорун колдонуу менен товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү жана төлөм системасынын бардык катышуучуларын туташтыруу үчүн QR-коддорун колдонуу менен товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, токтом долбоорунда QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кардарларга банктык продуктту/кызматтарды көрсөтүүнү милдеттүү түрдө сунуштоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген тизмекке ылайык, Кыргыз Республикасынын соода-тейлөө ишканаларында QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга багытталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү)/тиркемени орнотуу жана пайдалануу боюнча талаптарды белгилөө сунушталат.  

Мындан тышкары, токтом долбоорунда QR-коддорун колдонууда мүмкүн болуучу алдамчылык операцияларына каршы коопсуздук чараларын жакшыртууга багытталган нормаларды киргизүү сунушталат. 

Төлөм системасынын бардык катышуучуларын өз ара иш алып баруу операторуна туташтыруу үчүн «pay.payqr.kg» хостунун аталышын «өз ара иш алып баруу операторунун жана төлөм системасынын катышуучуларынын домени» деген сөздөргө алмаштыруу сунушталат. 

QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү)/тиркемени орнотууга арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу келип түшкөн учурда, зарыл болгон техникалык жардам көрсөтүү, ошондой эле аларды орнотуу жана пайдалануу боюнча консультацияларды берүү жана окутууларды өткөрүү

Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык кардарлар QR-коддорун колдонууда мүмкүн болуучу санкцияланбаган операциялардан коргоону жана коопсуздук чараларын жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз негизде, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүү

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык терс натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат  

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына коомдук талкууга сунуштоо үчүн жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине каршы келбейт.   

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Токтом долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу малымат  

Бул ченемдер ишкердикти жөнгө салуу жагында жаңы ченем болуп саналбайт, анткени жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды банктык төлөм карттарын, электрондук акчаларды жана/же QR кодун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн каралган жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен камсыз кылуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген. 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген «Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын» 4-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт. 

 

 

Долбоор 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС)  

«Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү жана төлөм системасынын бардык катышуучуларын туташтыруу үчүн QR-коддорун колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары 2022-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө

1) Кардарларга QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча банктык продуктуну/тиркемени/кызмат көрсөтүүнү сунуштоону камсыз кылсын. 

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген тизмеге ылайык, Кыргыз Республикасындагы соода-тейлөө ишканаларында QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын. 

3) Соода-тейлөө ишканаларына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча окутуу жагында зарыл болгон консультациялык-техникалык жардам көрсөтсүн. 

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелеринин 3-тиркемесине ылайык, кардарлар QR коддорун колдонууда коопсуздук жана мүмкүн болуучу санкциясыз операциялардан коргоо чараларын жакшыртууга багытталган түшүндүрүү иштерин, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үзгүлтүксүз негизде жүргүзсүн. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.  

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын «____»_______ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелеринин:  

1) 1-тиркемесинин: 

- бүтүндөй тексти боюнча «pay.payqr.kg» деген сөздөр «өз ара аракеттенүү операторунун жана төлөм системасынын катышуучусунун домени» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- «Эсептик агенттин төлөмдөрүн ишке ашыруу пункттары үчүн кошумча маалымат» бөлүмүндөгү 1-пунктунун «https://pay.payqr.kg» шилтемеси «өз ара аракеттенүү оператору» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- ушул бөлүмүнүн (1) жана (2) эскертүүлөрүндөгү «(https://pay.payqr.kg баштапкы абалында),» деген сөздөр «(өз ара аракеттенүү операторунун/төлөм системасынын катышуучусунун доменинин баштапкы абалында)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

2) Эреже төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын: 

«Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү эрежелеринин 3-тиркемеси  

 

QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдө минималдуу коопсуздук чаралары 

 

QR коддорун колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдө тобокелдиктерди азайтуу үчүн төлөм системасынын катышуучулары жана кардарлар/колдонуучулар тарабынан төмөнкү минималдуу коопсуздук талаптар сакталууга тийиш: 

· төлөмдү тастыктаганга чейин төлөм реквизиттерин текшерүү (которуу суммасы, алуучунун аты ж.б.); 

· эгерде бул функциялар ишке ашырылса, пин коддорду, лимиттерди колдонуу; 

· QR-кодду сканерлөөдөн мурун QR коддун оригиналдуулугун текшерүү керек (б.а. үстүнө башка QR-код чапталбагандыгын); 

· URL дарегинде зыяндуу контентти тааныган атайын тиркемелерди колдонуу менен QR коддорду текшерүү

· автоматташтырылган жумуш орду же тиркеме аркылуу төлөөөлөм үчүн төлөм коду төлөөөлөм учурунда гана түзүлүүгө тийиш, анткени аны үчүнчү жактар ​​пайдалануусуна же алмаштыруусуна жол бербөө зарыл; 

· купуя маалыматты камтыган QR-коддорун жарыялабаңыз; 

· капыстан табылган QR-коддорун же керексиз билдирүүлөрдү сканерден өткөрүүгө жол бербөө

· социалдык инженерия жана фишинг чабуулдарынын ыкмалары боюнча жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу жагында иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүү

· QR-коддорду сканерден өткөрүүдө алдамчылык операциялардын орун алышы ыктымалдуулугу тууралуу эскертмелерди, брошюраларды иштеп чыгуу жана аларды кардарга көрүнүктүү жерге илип коюу; 

· соода - тейлөө ишканаларында кызматкерлерди чейрек сайын окутуп туруу; 

· төлөм системасынын катышуучулары тарабынан Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу.».