Кайта келүү

Долбоор 

 

Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык  

капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө 

 

Банк системасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн бекемдөө, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдарына карата калктын ишенимин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. 2023-жылдын 1-июлунан тартып жаңы ачылган банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төмөнкү өлчөмдө белгиленсин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырбаган компаниялар үчүн 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес. Мындай талап микрофинансылык компанияларга өзгөртүлүп түзүлүп жаткан микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге жана кредиттик союздарга да жайылтылат; 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугун алууга талапкер болгон компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес. 

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 50 (элүү) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) кредиттик союздар үчүн: 

- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу жок кредиттик союздар үчүн 2 (эки) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу бар кредиттик союздар үчүн 5 (беш) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

5) гарантиялык фонддор үчүн 700 (жети жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2. Адистештирилген финансы-кредит уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 2025-жылдан тартып 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес деңгээлде белгиленсин. 

3. Иштеп жаткан банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (кредиттик союздар үчүн капитал) жана аны түзүүнүн мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленсин: 

2023-жылдын 1-июлуна чейин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырбаган компаниялар үчүн 100 (жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырган компаниялар үчүн 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 10 (он) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) кредиттик союздар үчүн: 

- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу жок кредиттик союздар үчүн 300 (үч жүз) миң сомдон кем эмес өлчөмдө

- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу бар кредиттик союздар үчүн 3 (үч) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 200 (эки жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

5) гарантиялык фонддор үчүн 700 (жети жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2024-жылдын 1-июлуна чейин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырбаган компаниялар үчүн 150 (жүз элүү) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырган компаниялар үчүн 350 (үч жүз элүү) млн сомдон кем эмес; 

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 17 (он жети) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) кредиттик союздар үчүн: 

- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу жок кредиттик союздар үчүн 700 (жети жүз) миң сомдон кем эмес өлчөмдө

- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу бар кредиттик союздар үчүн 4 (төрт) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2025-жылдын 1-июлуна чейин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырбаган компаниялар үчүн 200 (эки жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырган компаниялар үчүн 400 (төрт жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 25 (жыйырма беш) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) кредиттик союздар үчүн: 

- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу жок кредиттик союздар үчүн 1,2 (бир миллион эки жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу бар кредиттик союздар үчүн 5 (беш) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 400 (төрт жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2026-жылдын 1-июлуна чейин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырбаган компаниялар үчүн 250 (эки жүз элүү) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырган компаниялар үчүн 500 (беш жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 35 (отуз беш) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу жок кредиттик союздар үчүн 1,6 (бир миллион алты жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 500 (беш жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2027-жылдын 1-июлуна чейин: 

1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырбаган компаниялар үчүн 300 (үч жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырган компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

2) микрокредиттик компаниялар үчүн 50 (элүү) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу жок кредиттик союздар үчүн 2 (эки) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4) турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес өлчөмдө

4. Минималдуу уставдык капиталынын өлчөмү белгиленген өлчөмдөн азды түзгөн иштеп жаткан банк эмес финансы-кредит уюмдары акционерлер/ уюштуруучулар/катышуучулар менен бирге, ушул токтомдун 2 жана 3-пунктуларынын талаптарын аткаруу планын иштеп чыгышсын жана 2022-жылдын 30-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырсын. 

5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

7. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды жана «Кепилдик фонд» ААКты тааныштырсын. 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү: А. Айбалаева 

М. Жакыпов 

Н. Жениш 

Н. Сагындыков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбоору банк эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары БФКУ) ишинин финансылык туруктуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.  

Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 

- БФКУнун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн белгилөө жана көбөйтүүнү камсыз кылуу; 

- БФКУнун ишин кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу; 

- сунушталуучу кызматтардын көлөмүнүн жана сапатынын өсүшүн камсыз кылуу; 

- БФКУнун финансылык туруктуулугунун деңгээлин жогорулатуу. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

БФКУнун ишин лицензиялоонун алкагында учурда БФКУнун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата төмөнкү талаптар белгиленген: 

- микрофинансылык компаниялар үчүн: 

а) жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиясы жоктор үчүн 50 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

б) жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиянын ээлери үчүн 100 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

- микрокредиттик компаниялар үчүн 5 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

- кредиттик союздар үчүн: 

а) депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жоктор үчүн 30 миң сом өлчөмүнөн кем эмес; 

б) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиясы барлар үчүн 2 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

- турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 100 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

- адистештирилген финансы мекемелер үчүн 300 млн сом өлчөмүнөн кем эмес  

(2025-жылынан баштап); 

- кепилдик фонддору үчүн 300 млн сом. 

2022-жылдын 1-январына карата абал боюнча БФКУнун лицензиясы бар жана жөнгө салынуучу БФКУлардын санына бир «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК (АФКУ) адистештирилген финансы-кредит уюму, 88 кредиттик союз (КС),  

133 микрофинансылык уюм (анын ичинде 10 микрофинансылык компания (МФК),  

86 микрокредиттик компания (МКК) жана 37 микрокредиттик агенттик (МКА)), бир кепилдик фонд жана бир турак жай-сактык кредиттик компания кирет. 

Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорунда БФКУнун иши үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү каралган, бул сунушталуучу кызматтардын деңгээлине жана көлөмүнө таасирин тийгизет жана БФКУнун ишинин кеңейишине өбөлгө түзөт. 

Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунун долбоорунда БФКУнун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнүн төмөнкүдөй өлчөмү сунушталат: 

микрофинансылык компаниялар үчүн: 

а) жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиясы жоктор үчүн 300 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

б) жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиянын ээлери үчүн 600 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

- микрокредиттик компаниялар үчүн 50 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

- кредиттик союздар үчүн: 

а) депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жоктор үчүн 2 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

б) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиясы барлар үчүн 5 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

- турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн 600 млн сом өлчөмүнөн кем эмес; 

- адистештирилген финансы мекемелер үчүн 300 млн сом өлчөмүнөн кем эмес  

(2025-жылдан баштап); 

- кепилдик фонддору үчүн 700 млн сом. 

Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунун долбооруна ылайык жаңы талаптарга өтүү процессин текшилөө максатында иштеп жаткан БФКУлардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү баскыч-баскычы менен жогорулатууга сунушталат. 

2021-жылдын 31-декабрына карата компаниялар тарабынан берилген регулятивдик отчетко ылайык, төмөнкүдөй тыянак чыгарууга болот. 

БФКУ активдеринин, милдеттенмелеринин, бөлүштүрүлбөгөн кирешелеринин жана кредит портфелинин өсүш арымы көбөйүп бараткандыгына байланыштуу, анын ичинде айрым БФКУнун бир нече жолу кайрылууларынын негизинде, ошондой эле банк эмес финансы-кредит секторун турукташтыруу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо жана БФКУ тарабынан сунушталуучу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын эске алуу менен, БФКУнун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды жогорулатуу зарылчылыгын белгилейбиз. 

Мындан тышкары, БФКУнун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды жогорулатуу банк эмес финансы-кредит секторун институционалдык өнүктүрүү менен байланышкан банк эмес финансы-кредит секторунун сапатын жогорулатууга багытталган. 

Капиталдын жаңы өлчөмдөрүнүн колдонуу мөөнөттөрү боюнча кагылышуулар болтурбоо үчүн бул токтом «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Башкармалыктын токтому менен бир эле күнү кабыл алыныш керек.  

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы БФКУнун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн баскыч-баскычы менен көбөйтүү үчүн төмөнкү иш-аракеттерди сунуштайт: 

Депозиттерди (аманаттарды) тартпаган микрофинансылык компаниялар үчүн: 

Иштеп жаткан 8 МФКнын ичинен бир дагы МФК сунушталган минималдуу уставдык капиталга (300 млн сом) карата талапты аткарбайт, ошол эле учурда алардын бардыгынын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы бар экенин белгилейбиз. 

2023-жылдын 1-июлуна чейин 

Биринчи этаптагы уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн (100 млн сом) көбөйтүү талабын 8 МФКнын 7 (жетөө) аткарат. 

2024-жылдын 1-июлуна чейин 

Экинчи этаптагы уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн (150 млн сом) көбөйтүү талабын 8 МФКнын 4 (төртөө) аткарат, бөлүштүрүлбөгөн пайданы эсепке алуу менен 5. 

2025-жылдын 1-июлуна чейин 

Үчүнчү этаптагы уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн (200 млн сом) көбөйтүү талабын 8 МФКнын 1 (бирөө) аткарат, бөлүштүрүлбөгөн пайданы эсепке алуу менен 2. 

2026-жылдын 1-июлуна чейин 

Төртүнчү этаптагы уставдык капиталын минималдуу өлчөмүн (250 млн сом) көбөйтүү талабы бөлүштүрүлбөгөн пайданы эсепке алуу менен бир МФК тарабынан аткарылат.  

2027-жылдын 1-июлуна чейин 

Бешинчи этаптагы уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн (300 млн сом) көбөйтүү талабы бөлүштүрүлбөгөн пайданы эсепке алуу менен бир МФК тарабынан аткарылат. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле МФКнын келечектеги пайдасын эске алуу менен Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы МФКнын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүүнү мүмкүн деп эсептейт. 

Депозиттерди (аманаттарды) тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн

Учурда иштеп жаткан 2 МФК сунушталган уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө (600 млн сом) карата талапты аткарбайт. 

2023-жылдын 1-июлуна чейин 

Биринчи этаптагы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн (300 млн сом) көбөйтүү талабы эки МФК тарабынан аткарылат. 

2024-жылдын 1-июлуна чейин 

Экинчи этаптагы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн (350 млн сом) көбөйтүү талабы бөлүштүрүлбөгөн пайданы эсепке алуу менен 1 МФК тарабынан аткарылат. 

2025-жылдын 1-июлуна чейин 

Үчүнчү этаптагы уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн (400 млн сом) көбөйтүү талабы бөлүштүрүлбөгөн пайданы эсепке алуу менен 1 МФК тарабынан аткарылат. 

2026-жылдын 1-июлуна чейин 

Төртүнчү этаптагы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн (500 млн сом) көбөйтүү талабы бир дагы МФК тарабынан аткарылбайт. 

2027-жылдын 1-июлуна чейин 

Бешинчи этаптагы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү талабы (600 млн сом) бир дагы МФК тарабынан аткарылбайт. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле МФКнын келечектеги пайдасын эске алуу менен Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы МФКнын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү мүмкүн деп эсептейт. 

Микрокредиттик компаниялар үчүн: 

Иштеп жаткан 86 МККнын ичинен 10 МКК сунушталган уставдык капиталдын (50 млн сом) минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды аткарат, ал эми калган 76 МККнын көбү бөлүштүрүлбөгөн пайдага ээ. 

2023-жылдын 1-июлуна чейин 

Бул ишканалардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасын, келерки мезгилде керектөө үчүн камдардын, ошондой эле жакынкы келечекте уставдык капиталды көбөйтүүгө жумшала турган кошумча капиталдын болушун эске алуу менен, биринчи этаптагы уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү талабы (10 млн сом) 47 МКК тарабынан аткарылып, 55% түзөт. 

2024-жылдын 1-июлуна чейин 

Экинчи этаптагы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн (17 млн сом) көбөйтүү талабы 30 МКК тарабынан аткарылып, 35%ды түзөт. 

2025-жылдын 1-июлуна чейин 

Үчүнчү этаптагы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн (25 млн сом) көбөйтүү талабы 23 МКК тарабынан аткарылып, 27%ды түзөт. 

2026-жылдын 1-июлуна чейин 

Төртүнчү этаптагы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн (35 млн сом) көбөйтүү талабы 18 МКК тарабынан аткарылып, 21%ды түзөт. 

2027-жылдын 1-июлуна чейин 

Бешинчи этаптагы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн (50 млн сом) көбөйтүү талабы 10 МКК тарабынан аткарылып, 12%ды түзөт. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, МККнын келечектеги пайдасын эске алуу менен, ошондой эле айрым МККнын бир адамга берилүүчү микрокредиттин максималдуу өлчөмүн көбөйтүү максатында, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү боюнча бир нече жолу келип түшкөн өтүнүчтөрүн эске алуу менен, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы МКК үчүн минималдуу өлчөмдү көбөйтүүнү мүмкүн деп эсептейт. Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү менен бир адамга берилүүчү микрокредиттин максималдуу суммасы 500 миң сомдон 5 млн сомго чейин жогорулайт. 

Депозиттерди тартууга лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн: 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздардын капиталынын минималдуу өлчөмү 30 000 (отуз миң) сомдон кем эмес. 

2023-жылдын 1-июлуна чейин 

Биринчи этаптагы капиталдын минималдуу өлчөмүн (300 миң сом) көбөйтүү талабы 82 КС ичинен 75 КС тарабынан аткарылып, 91%ды түзөт. 

2024-жылдын 1-июлуна чейин 

Экинчи этаптагы капиталдын минималдуу өлчөмүн (700 миң сом) көбөйтүү талабы 82 КС ичинен 75 КС тарабынан аткарылып, 91%ды түзөт. 

2025-жылдын 1-июлуна чейин 

Үчүнчү этаптагы капиталдын минималдуу өлчөмүн (1,2 млн сом) көбөйтүү талабы 82 КС ичинен 67 КС тарабынан аткарылып, 82%ды түзөт. 

2026-жылдын 1-июлуна чейин 

Төртүнчү этап үчүн капиталдын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү талабын (1,6 млн сом) 82 КС 64ү аткарат, бул 78% түзөт. 

2027-жылдын 1-июлуна чейин 

Бешинчи этаптагы уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү талабы  

(2 млн сом) 82 КС ичинен 62 КС тарабынан аткарылып, 76% түзөт. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы кредиттик союздун капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү мүмкүн деп эсептейт. 

Депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн: 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредиттик союздун катышуучуларынын аманаттарын (депозиттерин) тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздардын капиталынын минималдуу өлчөмү кеминде 2 000 000 (эки млн) сомду түзөт. 

2023-жылдын 1-июлуна чейин 

Регулятивдик отчетко ылайык, биринчи этаптагы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн (3 млн сом) көбөйтүү талабын бардык 6 КС аткарат. 

2024-жылдын 1-июлуна чейин 

Экинчи этаптагы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү талабын  

(4 млн сом) бардык 6 КС аткарат. 

2025-жылдын 1-июлуна чейин 

Үчүнчү этаптагы уставдык капиталдын минималдуу көлөмүн көбөйтүү талабы (5 млн сом) 6 КСтин 5 (бешөө) тарабынан аткарылат. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, КС келечектеги пайдасын эске алуу менен, ошондой эле КС катышуучуларынын минималдуу санын (кеминде 10 жеке адам) эске алуу менен капиталдын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү менен милдеттенме КС бардык катышуучуларына диверсификацияланат. Ушуга байланыштуу, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы КС капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү мүмкүн деп эсептейт. 

Турак жай-сактык кредиттик компаниясы минималдуу уставдык капиталдын учурдагы талаптарын гана аткарат. Катышуучунун максималдуу тобокелдиги, ошондой эле катышуучунун максималдуу жалпы карызы өздүк капиталга байланыштуу экенин билдирет, ошондуктан чоң суммадагы кредит берүү үчүн капиталды көбөйтүү керек. Ошентип, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын келечектеги пайдасын жана кыймылсыз мүлккө болгон баанын көтөрүлүшүн эске алуу менен, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы 5 жылга бөлүнгөн этап менен турак жай-сактык кредиттик компаниясынын капиталынын минималдуу талабын жогорулатуу мүмкүн деп эсептейт. 

Иштеп жаткан кепилдик фондунун уставдык капиталынын өлчөмү 6 632 000 миң сомду түзөт, бул кепилдик фонддордун уставдык капиталына сунушталган минималдуу талаптардан көп эсе жогору. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат  

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча финансылык каржылоо талап кылынбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Сунушталып жаткан токтом долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталгандыктан, жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө талап кылынат. Ушуга байланыштуу, бул токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө белгиленген тартипте иштелип чыкты.