Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес  

финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталына тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы №2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33\55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарын, кредиттик союздарын, турак жай-сактык кредиттик компанияларын жана «Кепилдик фонд» ААКты тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

Башкарманын мүчөлөрү: А. Айбалаева 

М. Жакыпов 

Н. Жениш 

Н. Сагындыков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын «___»__________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес  

финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталына тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин: 

- 2.2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2.2. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырбаган МФКлар Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш.»; 

- 5.1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1.2. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо шарттары Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын  

4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 4.3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. МФКлар Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш.»; 

- 24-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо шарттары Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш;». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө жобонун: 

- 8-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 40-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Улуттук банк Башкармасынын токтомунда аныкталган өлчөмдөгү суммардык капитал.». 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобонун: 

- 5 жана 6-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө жобонун: 

- 5-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы №2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 13-пунктунун 3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кепилдик фонддор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо шарттары Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген.». 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

1-ноябрындагы № 2019-П-33\55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобонун: 

- 30-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталына тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталына тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоору капитал маселелери боюнча Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Бул долбоор аркылуу банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуучу төмөнкү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат: 

- 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33\47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы №2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33\55-1-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө банк эмес финансы кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата бардык талаптарды колдонуунун ыңгайлуулугу үчүн Улуттук банктын бир ченемдик укуктук актысына бириктирүү, кыйла ыңгайлуу өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык келтирүү каралат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжалардын болушу мүмкүндүгүн болжолдоо  

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүк боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жана булактары жөнүндө маалымат  

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алуу кошумча финансылык каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Сунушталып жаткан токтом долбоору жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөнү талап кылат, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган. Ушуга байланыштуу бул токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө белгиленген тартипте иштелип чыккан.  

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын уставдык капиталынын маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

№ 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

Улуттук банкынын башкармасынынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери

2.2.2. 

Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырбаган МФКлар Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 токтому менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жободо (мындан ары текст боюнча “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобо) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоонун шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш. 

Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырбаган МФКлар Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоонун шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш. 

5.1.2. 

Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзгөн МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо боюнча шарттар Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жободо белгиленген. 

Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзгөн МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо боюнча шарттар Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген. 

Улуттук банк Башкармасынын 2019 -жылдын 9-сентябрындагы №2019-П-33/47-3-(НФКУ) токтому менен кабыл алынган Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери 

13. 

Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (К2).  

Кепилдик фонддордун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлөт.  

Кепилдик фонддордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары ____-жылдын "__" __________ № ____ "Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө" жободо аныкталган. 

Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (К2).  

Кепилдик фонддордун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлөт.  

Кепилдик фонддордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары Улуттук банк Башкармасынын токтомунда аныкталган. 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери 

11. 

МФКлар Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 токтому менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жободо (мындан ары текст боюнча “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобо) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоонун шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш. 

МФКлар Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоонун шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш. 

24. 

1) акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш; 

1) акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары Улуттук банк Башкармасынын токтомунда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш; 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтому менен бекитилген 

Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө жобо 

8. 

МККнын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү кеминде 5000000 (беш миллион) сомду түзүүгө тийиш.  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 токтому менен бекитилген  

Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобо 

5. 

МФКнын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырбаган МФКлар үчүн 50 (элүү) млн. сом өлчөмүндө белгиленет.  

Бул талап МФКга кайра өзгөртүп түзүлүп жаткан микрокредиттик компанияларга (мындан ары - МКК), микрокредиттик агенттиктерге (мындан ары - МКА) жана кредиттик союздарга (мындан ары - КС) да таркатылат. 

 

6. 

Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугун алууга ниеттенген МФК 100 (жүз) млн. сомдон төмөн эмес өлчөмдөгү минималдуу уставдык капиталга ээ болууга тийиш. 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2019 -жылдын 1- ноябрындагы № № 2019-П-33\55-1-(НФКУ) токтому менен кабыл алынган «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо 

30. 

ТСККнын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 100 000 000 (жүз миллион) сомдон аз болбоого тийиш. Кийинчерээк Улуттук банк уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн Улуттук банк Башкармасынын токтому менен кайра карап чыгууга жана белгилөөгө укуктуу.  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 токтому менен бекитилген Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө жобо 

40. 

1) кеминде 2 (эки) млн. сом өлчөмдөгү суммардык капитал; 

1) Улуттук банк Башкармасынын токтомунда аныкталган өлчөмдөгү суммардык капитал; 

Улуттук банк Башкармасынын 2019 -жылдын 9- сентябрындагы № 2019-П-33\47-2-(НФКУ) токтому менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобо 

5. 

Кепилдик фондунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 300 000 000 (үч жүз миллион) сомдон кем болбоого тийиш. 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы №14/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери 

4.3. 

Кредиттик союздун капиталынын минималдуу өлчөмү:  

а) депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы жок кредиттик союздар үчүн кеминде 30000 (отуз миң) сом;  

б) кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн - кеминде 2000000 (эки миллион) сомду түзүүгө тийиш.