Кайта келүү

Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштар жана жооптор реестри Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу, анын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө, ошондой эле бул маселе боюнча кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын кабыл алуу тууралуу 2022-жылдын 7-июлундагы билдирүү

 

Сунуштардын жана жооптордун 

РЕЕСТРИ  

(2022-жылдын 7-июлундагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча)   

 

Каттоо №  

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) 

Алынган күн 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы  

1  

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жободо белгиленген/саналган саясаттар жыл сайын каралбашы керек деген ченемди киргизүүнү сунуштайбыз (буга кошумча Банктын сканерден өткөн каты тиркелет) 

Кабыл алынган жок. 

Бул сунуш боюнча түшүндүрмө жазуу жүзүндө банкка 2022-жылдын 21-июлундагы № 2022-Исх-121-03/5721 кат жөнөтүлгөн. 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19 -июлу 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жободо Укук бузуулар жөнүндө кодекстин адилеттүүлүк принцибине шайкеш бир эле укук бузуу үчүн бир нече таасир этүү чарасы колдонулушу мүмкүн эместиги жөнүндө ченем каралууга тийиш. 

Кабыл алынган жок. 

Бул маселе Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын долбоору боюнча иштердин алкагында банктар тарабынан бир нече жолу жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда, көрсөтүлгөн мыйзам долбоорундагы ченемдерде жоопкерчиликти эки жолу колдонуу каралбайт. Бирок ошол эле бузуулар үчүн таасир этүү чараларынын бир нече түрү колдонулушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү чараларды кыйла оптималдуу жана натыйжалуу колдонуу үчүн алардын айкалышы. 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жободо төмөнкүлөр көрсөтүлсүн: 

- даттануу арызы Улуттук банктын талаптарына ылайык келбеген учурда, кайра карап чыгуу жана банкка кайтаруу зарылчылыгы келип чыккан учурда даттануунун жалпы мөөнөтүн (20 жумуш күнү белгиленет) узартуу (кеминде бир жолу) мүмкүнчүлүгү. Белгиленген мөөнөттү банк объективдүү жагдайлардан улам өткөрүп жибериши мүмкүн (мисалы: жазуу жүзүндөгү далилдерди талап кылуу, зарыл маалыматтарды чогултуу), ушундан улам, мөөнөттү бир жолку узартуу укугун кароо зарылчылыгы келип чыгат ( кеминде 10 календардык күн). Же болбосо, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине шайкеш, өткөрүп жиберилген мөөнөт менен сотко даттануу жана мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз тиркөө менен, мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз сотко берилет. Ал эми сот даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат. 

- коммерциялык банкка айыптык санкциялар колдонулган учурда, Улуттук банк ага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине окшош, жазаны колдонуу үчүн негиз болгон бардык толук жазуу жүзүндөгү далилдерди/материалдарды/документтерди бере турган ченем менен толукталсын. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 167-беренесине ылайык, Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу Улуттук банктын тиешелүү чечимин алган күндөн тартып жыйырма жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө ишке ашырылат. 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине шайкеш, таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналган бардык четке кагуучу жазуу жүзүндөгү далилдерди/материалдарды/документтерди берүү боюнча банк өзүнүн сунуштарынын негиздемеси катары Граждандык кодекстин конкреттүү ченемин көрсөткөн эмес.  

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде мындай ченемдер каралган эмес. 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

Банктык эсептер, банктык депозиттер (депозиттер) боюнча эсептер менен иштөө боюнча нускоодо, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо «резиденттер» түшүнүгүн кеңейтүү жана Салык кодексинин 24-беренесине ылайык келтирүү (б.а. иммиграция жөнүндө билдирүү берген чет өлкөлүк жеке адамдар гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында 6 айдан ашык жашаган адамдар да резидент катары таанылышы мүмкүн. Ошондой эле, качкындар, жарандыгы жок адамдар кайсы категорияга кирерин көрсөтүү). 

Кабыл алынган жок. 

Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иштөө боюнча нускоодо «резиденттер» түшүнүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат. 

«Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жободо «резиденттер» түшүнүгү каралып жаткан мамилелердин максаттарына жараша аныкталат, анткени ар бир ченемдик укуктук акт аны жөнгө салуунун максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон чечмелөөдөгү көрсөтүлгөн аныктаманы камтыйт. 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иштөө боюнча нускоодо эсептери алдын ала эскертүүсүз бир тараптуу жабылган жеке жактардын акча каражаттары юридикалык жактардыкы сыяктуу эле сактоо шарттарын караштыруу зарылдыгы (жыйынтыкталган эсепте системадан тышкаркы эсепке алуу жана андан ары эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен кеминде 3 жыл сактоо). 

Кабыл алынган жок. 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 775-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Банк акча каражаттарынын калдыгын алуу зарылчылыгы жөнүндө акыркы белгилүү дарек боюнча кардарга билдирет, ал эми кардар келбеген учурда акча каражаттарынын калдыгы системалык эсепте сакталат. 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иштөө боюнча нускоодо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине каршы келгендигине байланыштуу салык органынын маалымкатын талап кылуу алынып салынсын жана салыктык каттоо фактысын текшерүүнүн тартиби (б.а. документ эмес, салык органынын сайтынан алынган маалымат) жана алынган маалыматты сактоо каралсын. 

Кабыл алынган жок. 

Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иштөө боюнча нускоонун талаптары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесине ылайык белгиленет.  

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, салык төлөөчүнүн салыктык каттоо фактысын аныктоо үчүн «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында салыктык каттоонун болушу боюнча кызматты иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө чейин банктар салыктык каттоо күбөлүгүн талап кылат. 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

Кардарларды текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык ар башкача түшүнүүгө жол берилишин четтетүү (атап айтканда, нотариалдык күбөлөндүрүлбөстөн чет өлкө жаранынын паспортунун котормосун берүүгө карата) . 

Кабыл алынды. 

Токтом долбооруна киргизилген. 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

Паспорту жок 14-16 жаштагы жашы жете элек балага эсеп ачуу жана аны тескөө укугун ишке ашыруу үчүн аралыктан идентификациядан кантип өтүшү мүмкүн экенин жана Нускоодогу «Өз кардарыңды бил» саясатына карата талаптардын 3-пунктун аныктоо. 

2022-жылдын 19-июлундагы № 2022-Исх-124-07/5600 каты коммерциялык банктарга тобокелдиктерге тиешелүү баа берүү менен аралыктан идентификациялоо бөлүгүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды кабыл алуу үчүн жөнөтүлгөн, анын алкагында бул сунуш каралат. 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

Электрондук санарип кол тамга коюу менен Негизги маалымат баракчасына кол коюу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. 

 

 

Иштелип жаткан долбоордун алкагында «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган эмес. 

Бирок бул сунуш ченемдик укуктук актыга өзгөртүү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу үчүн каралат. 

10 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

Зайымчынын кредиттик делосуна карата минималдуу талаптардын бөлүмдөрүндө гарантия жана кепилдиктер бөлүмүндө каралгандай карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат жана күрөө боюнча документтер жолдошунун/жубайынын макулдугун/юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен күрөө катары мүлктү берүүгө милдеттүүлүгү жөнүндө талапты киргизүү.  

Банктын сунушу Улуттук банк Башкармасынын иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоорунун алкагында каралат. 

11 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

Акционерлердин жылдык жалпы жыйынын өткөрүү мөөнөттөрүн кайра карап чыгуу жана акционерлердин жалпы жыйыны тарабынан банктын жылдык финансылык отчетун бекитүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 127-беренесине ылайык, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктардын кызыкчылыктарын эске алуу менен эң ылайыктуу вариантты колдонуу зарыл (буга кошумча Банктын сканерден өткөн каты тиркелет). 

Банкка 2022-жылдын 12-июлундагы № 2022-Исх-121-07/5391 жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөр жөнөтүлгөн. 

12 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 

2022-ж. 19-июлу 

Учурда коммерциялык банктар сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдүн/продукциялардын процесстерин санариптештирүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө (мисалы, кредиттерди онлайн берүү ж.б.). Жобонун ченемдери аркылуу (кредиттик тобокелдик боюнча финансылык кызматтарды көрсөтүү тартибине минималдуу талаптар жөнүндө) банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон процесстер, документтер келтирилген көп сандагы ченемдер белгиленген. Коммерциялык банктар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды/продукцияларды автоматташтыруунун жаңы жолдорун колдонууга киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди жеңилдетүү максатында, банктарга убактысы чектелген тестирлөө/пилоттук долбоорлоо этабында банкта болгон ресурстарды эсепке алуу менен иштерди белгилөөнү жана тестирлөө/пилоттук долбоорлорду күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча жазылган ченемдерди толугу менен сактоону сунуштайбыз.  

Банк, Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № №2020-П-12\45-3-(НПА) токтому менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобо менен жөнгө салынуучу Улуттук банктын атайын жөнгө салуу режиминин алкагында пилоттук долбоорлорду сыноо мүмкүнчүлүктөрүн, же болбосо санарип каналдар аркылуу кызматтарды толук ишке киргизгенге чейин пилоттук долбоорлорду тестирлөө мүмкүнчүлүгүн пайдалана алат.