Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын ___-__________ 

№ ________________токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында 

обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

1) 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Ушул Жобонун алкагында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн банкоматтар, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдар (төлөм терминалдар), интернет-банкинг, мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалар аркылуу обочо туруп/аралыктан сунуштоого болот.»; 

2) 3-1-пунктунун: 

биринчи сүйлөмүндөгү «банк» деген сөз «обочо туруп/аралыктан тейлөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоочу (кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу)» дегенге алмаштырылсын; 

экинчи сүйлөмүндөгү «банк» деген сөз «кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу» дегенге алмаштырылсын; 

3) Жобо төмөнкү мазмундагы 3-2-пункт менен толукталсын: 

«3-2. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар обочо туруп/аралыктан кызмат көрсөтүүдө башка ченемдик укуктук актылардын тиешелүү талаптарын сактоого милдеттүү.»; 

4) 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Ушул Жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында колдонулган мааниде түшүнүлөт. 

Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар да колдонулат:  

1) Аутентификация сунушталган идентификатордун (PIN-код, сыр сөз ж.б.) мүнөздөмөлөрүн тактоо жана салыштырып текшерүү аркылуу колдонуучунун өздүгүн аныктоо жол-жобосу. 

2) Жеке кабинет колдонуучунун кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуну обочо туруп/аралыктан тейлөө системасындагы өзгөчө бөлүгү, ал эсептин/кредиттик лимиттин абалы жана ошол эсеп боюнча акча каражатынын жылышы жөнүндө маалымат алуу, ошондой эле башка банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн колдонуу, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга билдирмелерди, тастыктоолорду жана тапшырмаларды жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.  

3) Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун мобилдик тиркемеси (мобилдик тиркеме) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга банктык жана төлөм кызматтарын обочо туруп/аралыктан сунуштоо мүмкүнчүлүгүн берген, обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларынын инструменттеринин бири болуп саналат. 

4) Колдонуучунун БФКУ алдында милдеттенмелери колдонуучунун БФКУдан кредит алууда, ошондой эле жеке кабинетти башкаруудан улам келип чыккан милдеттенмелери.  

5) Колдонуучу обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы аркылуу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн колдонгон жеке адам, юридикалык жак же болбосо жеке ишкер.  

6) Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматын сунуштоочу (кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктын лицензиясына/күбөлүгүнө ээ банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ), төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары.  

7) Обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы банкоматтарды, төлөм терминалдарын, интернет-банкингди, электрондук капчыкты, мобилдик банкингди, мобилдик тиркемени жана обочо туруп/аралыктан тейлөөнүн башка ыкмаларын колдонуу менен банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн обочо туруп/аралыктан тейлөө үчүн колдонуучу менен кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун ортосундагы байланышты камсыз кылуучу телекоммуникациялардын, санариптик жана маалымат технологияларынын, программалык камсыздоонун жана жабдуулардын жыйындысы.  

8) Обочо туруп/аралыктан тейлөө обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларын колдонуу менен колдонуучу обочо туруп/аралыктан берген буйруулардын негизинде кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун кызмат көрсөтүү ыкмасы.  

9) PIN-код (Personal identification number) операцияны аткаруу үчүн колдонуучунун өздүгүн тастыктоого мүмкүндүк берген жеке идентификациялык номер.»; 

5) 5-пунктунун: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча жалпы саясаты менен интеграцияланган маалымат коопсуздугу тобокелдигин тескөө боюнча ички саясатты иштеп чыгуу, ал маалымат коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптарын эске алуу менен колдонуучулар менен өз ара иш алып барууда, ошондой эле штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын жоопкерчилигин аныктайт;»; 

төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

«- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда ага таасир этүү жана чара көрүү тартиби жөнүндө ички ченемдик документти иштеп чыгуу жана анын актуалдуу болушун камсыз кылуу; 

- талаш маселелерди жөнгө салуу жана жаңылыш же санкцияланбаган операциялар үчүн акча каражаттарды колдонуучуга кайтарып берүү жол-жобосун иштеп чыгуу;»; 

расмий тилдеги текстинде жетинчи абзацындагы «перемещении» деген сөз «передаче» дегенге алмаштырылсын; 

6) Жобо төмөнкү мазмундагы 6-2-пункт менен толукталсын: 

«6-2. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу санкцияланбаган операцияларды кошо алганда, сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн жоопкерчиликтүү болот, мында операциялар обочо туруп/аралыктан тейлөө системасынын тизмесине, тартибине жана шарттарына ылайык колдонуучунун өзүнүн күнөөсү боюнча ишке ашырылган учурлар эске алынбайт.»; 

7) Жобо төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын: 

«7-1. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу обочо туруп/аралыктан тейлөө системасында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сунушталган кызматтардан пайдаланууга мүмкүнчүлүгүн берген, үчүнчү жактар тарабынан сунушталган атайын функцияларды же башка мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде чечимдерди кароого, ошондой эле аларга бул функциялар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.»; 

8) 9-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

9) 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматы колдонуучу менен сунуштоочунун ортосунда түзүлгөн ачык оферта келишиминин же жазуу түрүндөгү келишимдин негизинде ишке ашырылып, төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:  

- колдонуучуга кызмат көрсөтүү обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы аркылуу сунушталган учурда, ал тууралуу маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтар (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын өздүгүн тастыктаган башка документтердеги маалыматтар) жана аны идентификациялоого мүмкүнчүлүк берүүчү башка жеке маалыматтар); 

- сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси;  

- обочо туруп/аралыктан тейлөө түрүндө жана обочо туруп/аралыктан тейлөө системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу ыкмалары;  

- колдонуучунун жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун укугу, милдети жана жоопкерчилиги;  

- колдонуучу төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдүн түрү жана өлчөмү;  

- колдонуучу өзүнүн банктык эсебинин валютасынан башка валютада операцияларды жүргүзгөндө конвертациялоонун ар кандай варианттарын караган бир валютадан экинчи валютага конвертациялоо схемасы, ошондой эле валютаны конвертациялоо операцияларын жүргүзүүдө валютанын курсу жөнүндө кардарларга маалымдоо тартиби; 

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун банктык эсептеги, колдонуучунун БФКУ алдындагы милдеттенмелери боюнча же электрондук капчыктагы акча каражаттарынын жылышы жана калдыгы жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмалары;  

- колдонуучу тарабынан коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча негизги талаптар, анын ичинде аутентификациялоо жана кардардын обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын колдонууга укуктарын тастыктоо (PIN-кодду, паролду, лимиттерди колдонуу, тиешелүү жабдуулар жоголгон же уурдалган учурда колдонуучунун иш аракеттери);  

- кызмат көрсөтүүнү  сунуштоочуга ыйгарым укукка ээ эмес адам тарабынан обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын пайдалануу жабдуулары жоголгондугу, уурдалгандыгы же колдонулгандыгы фактылары жөнүндө маалымдоо жол-жобосу;  

- ыйгарым укукка ээ эмес адам тарабынан жабдуулар жоголгон, уурдалган же колдонулган учурда кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу менен колдонуучунун ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү;  

- обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн убактылуу токтото туруу жана токтотуу шарттары;  

- келишим шарттары өзгөргөн учурда, кардарга маалымдоо ыкмалары;  

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу менен, анын ичинде иштебеген жана дем алыш (майрам) күндөрү байланышуу үчүн байланыш маалыматтары; 

- коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттары бузулган учурда тараптар ортосунда орун алуучу тобокелдиктерди жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү;  

- талаш маселелерди кароо жана колдонуучунун даттанууларын жана сын-пикирлерин берүү/кабыл алуу тартиби, аларды кароо жана чечүү шарттары;  

- анын атынан электрондук кол тамга колдонулган колдонуучуну аныктоо механизми жана электрондук кол тамга ачкычынын купуялуулугун сактоо милдети.»; 

10) 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Банкоматтарды жана төлөм терминалдарын колдонуу менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууда жана тейлөө учурунда:  

1) банкомат аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөө колдонуучу менен түзүлгөн келишимге ылайык, накталай акча каражаттарын алуу, банктык эсеп боюнча ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалымат алуу, ишке ашырылган транзакциялардын бардык түрлөрү боюнча чек берүү же мобилдик телефонго смс-билдирүү жөнөтүү үчүн банктык төлөм карттар аркылуу же башка ыкмада жүзөгө ашырылат. 

2) банкомат/төлөм терминалы транзакциялар жөнүндө маалыматты кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун маалымат системасына жөнөтөт. Транзакциялар иштелип бүткөндөн кийин банкомат/төлөм терминалы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык операцияларды жүргүзүү жөнүндө тастыктоочу документти берүүгө тийиш, ал төмөнкү милдеттүү реквизиттерди камтыйт:  

- чектин номери;  

- транзакциялар/төлөм жүргүзүлгөн күн жана убакыт;  

- транзакциялардын/төлөмдүн суммасы;  

- комиссиянын өлчөмү

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун аталышы; 

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун call-center тел. номери. 

3) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу банкомат/төлөм терминалдары аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөө төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- банкоматтарды жана төлөм терминалдарын колдонуу учурунда орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктер, ошондой эле сактык чаралары жөнүндө кардарды маалымдоого;  

- банкоматтардын жана төлөм терминалдардын орнотулган жеринде коопсуздук боюнча текшерүүлөрдү дайыма жүргүзүүгө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын документештирүүгө;  

- колдоо борборлорун (сall-center) уюштурууга жана алардын күнүмдүк жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга;  

- банкоматта/төлөм терминалында банктын/төлөм уюмунун таандык көрсөткүчүн, карталары банкомат жана төлөм терминалы тарабынан тейлөөгө кабыл алынуучу төлөм системасынын логотибин жайгаштырууга.»; 

11) 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу интернет-банкинг аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөө учурунда төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер жана алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгы тууралуу кардарларга маалымдоого;  

- интернет-банкинг аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүдө коопсуздук эрежелерин жана жол-жоболорун сактоо зарылчылыгы тууралуу (паролдун, коддордун, ачкычтардын үчүнчү тарапка берилишине жол бербөө) кардарларга маалымдоого;  

- финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүүдө жана төлөмдөрдү өткөрүүдө купуялуулуктун сакталышын камсыз кылууга;  

- коргоого алынган түйүндүк протоколдорду колдонууга;  

- интернет-банкинг (колдонуучунун жеке кабинети) серверинин веб-баракчасын алмаштырып коюу алдамчылыгына бөгөт коюу механизмдерин колдонууга;  

- жүргүзүлүп жаткан операциянын тобокелдигине баа берүүнү эске алуу менен көп фактордук аутентификациялоо ыкмасын колдонууга (мисалы, пароль/код/бир жолку код жана PIN-код, биометрикалык каражаттар ж.б.);  

- татаал паролдорду колдонуу жана алардын мезгил-мезгили менен өзгөрүүсү каралган саясатты колдонууга;  

- паролдун автоматтык түрдө терилишине жол бербөө механизмдерин колдонууга;  

- колдонуучунун белгиленген убакыт аралыгынан ашыкча аракетсиздигинен улам, интернет банкингдин сервери менен туташтыруу сеансын блокировкалоо механизмин колдонууга.»; 

12) 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу обочо туруп/аралыктан тейлөөдө мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер же обочо туруп/аралыктан тейлөөнүн башка системалары аркылуу тейлөө учурунда төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- колдонуучуну кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуда каттоо жана идентификациялоо шарттары;  

- обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын/мобилдик жабдууларды колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүүдө коопсуздук эрежелери жана жол-жоболору (пайдалануучу менен сунуштоочу ортосунда билдирүүлөр менен алмашууда жана өткөрүп берүүдө колдонуучунун макулдугусуз үчүнчү жактарга маалыматтарды берүүгө жол бербөө; финансылык билдирүүлөрдү жана төлөмдөрдү берүүдө купуялуулукту камсыз кылуу);  

- колдонуучунун жеке маалыматтарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрүү;  

- төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануу тартиби;  

- ушул жобонун 10-пунктунда белгиленген башка шарттар.»; 

13) 16-пунктундагы экинчи сүйлөмүндө «чекти, карт-чекти берилгендиги тууралуу тастыктоону жана смс-тастыктоону алган учурда» деген сөздөр «/же төлөм өткөрүлгөндүгү жөнүндө тастыктоочу документтерди алуу (чек берүү, смс-тастыктоону алуу ж.б)» дегенге алмаштырылсын; 

14) 21-пунктунун 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча лимиттерди аныктоо жана баа берүү»; 

жетинчи абзацындагы «электрондук капчыктар» деген сөздөр «обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы» дегенге алмаштырылсын; 

сегизинчи абзацтагы «интернет-банкингди» деген сөздөр алынып салынсын; 

15) 26-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Идентификациялоонун тиешелүү ыкмаларын колдонуу тобокелдиктерге баа берүү процессинде аныкталууга тийиш. Идентификациялоонун тиешелүү ыкмаларын колдонууда төмөнкү аспекттер эске алынууга тийиш: обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларынын түрү (маалыматтык же операциялык), системалардын ар түрдүүлүгү (интернет-банкинг, мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер жана башкалар), кардардын статусу (юридикалык же жеке), система тарабынан уруксат берилген операциялардын түрү, көлөмү жана саны.»; 

16) 28-пунктундагы «авторизацияланбаган иш-аракеттерди» деген сөздөр «санкцияланбаган операцияларды» дегенге алмаштырылсын; 

17) Жобо төмөнкү мазмундагы 28-1-пункт менен толукталсын: 

«28-1. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматтарын сунуштоодо мониторинг жүргүзүп, колдонуучунун жеке маалыматтарынын актуалдуулугун камсыз кылууга милдеттүү.»; 

18) 29-пунктундагы «авторизацияланбаган иш-аракеттерди» деген сөздөр «санкцияланбаган операцияларды» дегенге алмаштырылсын; 

19) 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Санкцияланбаган пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү/операциялар боюнча фактыларды аныктаган учурда обочо туруп/аралыктан тейлөө системасынан жана зарыл учурда банк эсебинен жана башка инструменттерден колдонуу мүмкүнчүлүгүн дароо токтотуп турууга милдеттүү.»; 

20) 31-пунктундагы «Маалыматтык системаны» деген сөздөр «Обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын» дегенге алмаштырылсын; 

21) 32-пунктундагы «аралыктан банкингди сунуштоо тууралуу Улуттук банкка кат түрүндө» деген сөздөр «обочо туруп/аралытан тейлөө сунуштоо тууралуу Улуттук банкты баштоо эе токтотуу боюнча маалыматты алдын ала» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

22) Жобо төмөнкү мазмундагы 32-1-пункт менен толукталсын: 

«32-1. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу ушул жобонун 3- жана 4-тиркемелерине ылайык тартипте жана формада отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, колдонуучулар жана обочо туруп/аралыктан тейлөө инструменттери жөнүндө маалыматтарды Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.»; 

23) 1-тиркеменин биринчи абзацында «Аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында,» деген сөздөр «Обочо туруп/аралыктан тейлөө аркылуу» дегенге алмаштырылсын; 

24) 1-тиркеменин 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

1. Колдонуучу интернет-банкингди пайдаланууда:  

1) логинди, паролду жана башка маалыматтарды башка адамдарга ачыка чыгарбоого тийиш»; 

- колдонуучу жабдууларында логинди, паролду жана башка маалыматты (персоналдык компьютерде, уюлдук телефондо ж.б.) же башка коргоого алынбаган жабдууларда сактабоого тийиш; - пайдалануу жабдууларында логинди, паролду жана башка маалыматты (персоналдык компьютерде, уюлдук телефондо ж.б.) же башка коргоого алынбаган жабдууларда сактабоого;  

- мезгил-мезгили менен кодду, паролду жана PIN-код алмаштырып турууга, ысымы же туулган жылы сыяктуу коргоонун төмөн деңгээли менен паролдорду колдонбоого тийиш. Пароль кеминде 6 белгиден турган комбинацияны камтууга тийиш: (жазуу жүзүндө жана баш тамга) тамгалар, атайын символдор жана сандар.  

2) жеке маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш, мында башка адамдарга (паспорттун маалыматтары, электрондук почтанын дареги жана башка маалыматтар) жеке маалыматты ачып көрсөтпөө.  

3) эсеп боюнча жаңылыштыктарга же санкцияланбаган операцияларга көз салуу үчүн операциялардын тарыхын жана көчүрмөлөрдү дайыма текшерип турууга жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуну санкцияланбаган операциялар боюнча кайсы болбосун учурлар тууралуу дароо маалымдоого зарыл; 

4) веб-баракчанын тууралыгын жана коопсуздугун текшерүүгө зарыл, мында:  

- кайсы болбосун он-лайн операцияларды ишке ашыруунун же жеке маалыматты берүүнүн алдында интернет-банкингдин анык веб-баракчасы колдонулуп жаткандыгына ишенүү зарыл. Алдамчылык максатында түзүлгөн жасалма веб-баракчалардан сактануу зарыл.  

- унификацияланган ресурстар көрсөткүчтөрүнүн (URL) болушун текшерип, веб-баракчанын коопсуздугуна ишенүү зарыл, алар «https» менен башталууга, ал эми интернет-браузердин статусунда коргоого алынган туташуу белгиси чыгууга тийиш;   

- URL веб-баракчасын түздөн-түз интернет-браузерге дайым киргизип турууга жана башка ишеничтүү эмес баракчаларга кайра жиберүүлөрдөн же шилтемелерден алыс болуу;  

- мүмкүнчүлүккө жараша, электрондук операцияларды ишке ашыруу процессинде маалыматты автоматтык түрдө шифрлеген же код койгон программаны пайдалануу.  

5) өз пайдалануу жабдуусун (персоналдык компьютерин, уюлдук телефонун ж.б.) санкциясыз пайдалануудан жана зыян келтирүүчү программалардан коргоо зарыл;  

6) жабдууну кыска мөөнөткө кароосуз калганына карабастан, электрондук операциялар ишке ашырылган сайттан чыгып кетүүгө зарыл;  

- электрондук операциялар ишке ашырылгандан кийин системадан чыгууну унутпоого;  

7) интернет банкинг системасынын коопсуздук саясаты менен таанышып чыгууга зарыл:  

- төлөмдөрдүн, которуулардын, эсепти дебеттөөнү/кредиттөөнү ишке ашырууга жана банктык тейлөөнүн башка шарттарына карата интернет банкинг системасынын шарттары менен кылдат таанышып чыгуу зарыл;  

- интернет банкинг системасына жеке финансы маалыматты киргизүүнүн алдында аталган маалыматты пайдалануу же таркатуу шарттары менен кылдат таанышып чыгуу зарыл. 

25) 1-тиркеменин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Колдонуучу мобилдик банкингди, мобилдик тиркемени жана башка обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын колдонууда:  

- PIN-кодду, обочо туруп/аралыктан тейлөө системасынын паролун, электрондук почта паролун жана обочо туруп/аралыктан тейлөө учурунда колдонуучунун атынан санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзүшү ыктымал болгон башка маалыматтарды башка адамдарга ачыкка чыгарбоого тийиш.  

- мобилдик банкинг, мобилдик тиркеме жана башка обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы үчүн колдонулуучу өзүнүн PIN-кодун, паролун мезгил-мезгили менен алмаштырып туруу керек;  

- банктык операция ишке ашырылган уюлдук телефонун башка адамдарга колдонууга жол бербөөгө тийиш;  

- уюлдук телефонун жоготуп же уурдатып жиберген учурда кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуга маалымдоо зарыл;  

- паролду же PIN-кодду камтыган жеке маалыматты электрондук почта, социалдык тармактар жана маалыматтарды электрондук алмашуунун башка каражаттары аркылуу жөнөтпөөгө тийиш;  

- жаңылыштыктарга же санкцияланбаган операцияларга көз салуу үчүн операциялардын тарыхын жана көчүрмөлөрдү дайыма текшерип турууга жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуну санкцияланбаган операциялардын кайсы болбосун учурлары тууралуу дароо маалымдоого зарыл; 

- обочо туруп/аралыктан тейлөө системасына кирүү коопсуздугу боюнча кандай болбосун маселе жаралган учурда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга дароо билдирүүгө тийиш.  

Карттардын, алардын реквизиттеринин, PIN-кодду жана башка маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чаралар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган.»; 

26) Жобо төмөнкү мазмундагы 3- жана 4-тиркемелер менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасында 

обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу
талаптар ж
өнүндө» жобого карата 3-тиркеме 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө инструменттерин
колдонгон
жеке адамдар боюнча 

 

ОТЧЕТ 

 

Жеке адамдар үчүн 

Аралыктан тейлөө боюнча төлөм инструментинин аталышы 

Колдонучуулардын саны 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

Акча которуу 

Конвертациялоо 

Башка операциялар 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Интернет-банкинг 

Ички операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эл аралык операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мобилдик банкинг 

Ички операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эл аралык операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мобилдик тиркеме 

Ички операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эл аралык операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы 

Ички операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эл аралык операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Отчетко тиркемеси менен коштомо кат кошо тиркелүүгө тийиш. 

 

Кыргыз Республикасында 

обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу
талаптар ж
өнүндө» жобого карата 4-тиркеме 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө инструменттерин колдонгон  

юридикалык жактар жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

Юридикалык жактар үчүн 

Аралыктан тейлөө боюнча төлөм инструментинин аталышы 

Колдонучуулардын саны 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 

Акча которуу 

Конвертациялоо 

Башка операциялар 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Саны 

Көлөмү 

Интернет-банкинг 

Өлкө ичиндеги операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чет өлкөлүк операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мобилдик банкинг 

Өлкө ичиндеги операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чет өлкөлүк операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мобилдик тиркеме 

Өлкө ичиндеги операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чет өлкөлүк операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы 

Өлкө ичиндеги операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чет өлкөлүк операциялар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Отчетко тиркемеси менен коштомо кат кошо тиркелүүгө тийиш.».