Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу»; 

2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»;  

2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» 

2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

2012-жылдын 4-июлунан № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»; 

2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө»; 

2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, кредиттик союздарды, «Кепилдик фонд» ААКты, депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларды, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорду, турак жай-сактык кредиттик компанияларды тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын «___»_________  

№_________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 8-пунктунун 11-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11) банктарды жана алардын алмашуу пункттарын кошпогондо, маалымкат-сертификат китепчелери болууга тийиш;»;  

- 20-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «Банктар, алардын алмашуу пункттары,» деген сөздөр алынып салынсын; 

үчүнчү абзацындагы «банкта (алмашуу пунктунда),» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 21-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «банктын (алмашуу пунктунун),», «Банктын, алмашуу пунктунун,» деген сөздөр алынып салынсын; 

экинчи абзацындагы «банктар,» деген сөз алынып салынсын; 

- 22-пунктундагы «Банктар,», «банк,» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 27-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«инсандыгын тастыктаган документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жободо белгиленген.»; 

- 30-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакциядагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Кардардын маалыматтарын идентификациялоо жөнүндө маалымат операцияларды каттоо журналына жазылууга тийиш (3-тиркеме).;- Жобонун 1а -тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Приложение 1а 

Финансылык чалгындоо органына жөнөтүү үчүн кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо  

ЖУРНАЛЫ  

ЖУРНАЛ  

регистрации информации об операциях с клиентами для передачи в орган финансовой разведки 

Опера-ция жүргүзүлгөн күн/Дата совершения операции  

Операциянын түрү(1)/Вид операции(1)  

Операциянын суммасы сом менен/Сумма операции в сомах  

Кардардын аты-жөнү/Юридикалык жактын аталышы/ФИО клиента/Наименование юридического лица  

ПИН, Инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн номери, берилген күнү/ИСН, КР ЮМ күбөлүктүн номери/берилген күнү/ПИН, номер документа, удостоверяющего личность, дата выдачи/ИНН, номер свидетельства МЮ КР, дата выдачи  

Жеке адамдын жашаган дареги/юридикалык жактын катталган жери/Адрес места жительства физического лица/места регистрации юридического лица  

Жеке адамдын орун алган жеринин дареги/юридикалык жактын жайгашкан жери/Адрес места пребывания физического лица/места нахождения юридического лица  

Результат проверки клиента в санкционных перечнях./ Санкциялык тизмелерде кардарды текшерүүнүн жыйынтыгы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

Алмашуу бюросунун жооптуу кызматкеринин кол тамгасы/  

Подпись ответственного работника обменного бюро __________________   

   

Алмашуу бюросунун жетекчисинин кол тамгасы/  

Подпись руководителя обменного бюро __________________  

 Эскертүү/Примечание:  

 операциянын түрү: чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу/вид операции: покупка или продажа иностранной валюты. »; 

 

 

 

 

 

 

- Жобонун 3 -тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3 -тиркеме 

Операцияларды каттоо  

ЖУРНАЛЫ  

20__-ж "___" ____________ 

Күндүн башталышына  

карата калдык 

Валюталар түрү 

Суммасы  

   

Кириштөө боюнча операциялар (сатып алуу) 

 

 

Чыгашалар боюнча операциялар (сатуу) 

 

 

 

Валюталар аталышы 

Валюта-лар суммасы 

Алма-шуу курсу 

Берүүгө карал-ган сумма, сом менен 

Резидент эместер  

Аты-жөнү

Юридикалык жактын аталышы 

ПИН, Инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн номери, берилген күнү /ИНН, ИСН, КР ЮМ күбөлүк номери 

Валюталар аталышы 

Валюталар суммасы 

Алмашуу курсу 

Берүүгө каралган сумма, сом менен 

Резидент эместер  

Аты-жөнү

Юридикалык жактын аталышы 

ПИН, Инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн номери, берилген күнү /ИНН, ИСН, КР ЮМ күбөлүк номери 

Жыйынтыгында:  

сатылып алынган валюталар:  

Анын ичинде  

резидент эместерден сатылып алынгандар  

Башка түшүүлөр  

Күндүн башталышына карата калдык 

Валюталар түрү 

 

 

Жыйынтыгында 

сатылган валюталар:  

Анын ичинде  

резидент эместерге сатылгандар  

 

Башка чыгашалар 

  Суммасы 

 

 

Алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемелеринин жооптуу кызматкеринин кол тамгасы 

Алмашуу бюросунун, алмашуу пунктунун, МФК, МКК, КС жана адистештирилген финансы мекемелеринин жетекчисинин кол тамгасы 

  

Эскертүү

1. «Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта» сабында валютанын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө сатылып алынган жана сатылган валютанын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

2. «Алмашуу курсу» деген 3 жана 8-графалардагы «Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта» сабында сатылып алынган же сатылган бардык валюта боюнча орточо алынган курс чагылдырылат. Орточо алынган курс берүүгө каралган жалпы сумманын (4 жана 9-графалар) сатылып алынган/сатылган чет өлкө валютасынын жалпы суммасына карата катышы катары, валютанын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет. 

3. Резидент эместер менен операция жүргүзүү учурунда 5 жана 10-графаларда «Н» белгиси чагылдырылат, ал эми резидент эместер менен операциялык күн ичинде ишке ашырылган операциялардын жалпы көлөмү алмашуу бюросунун күндөлүк отчетторунда көрсөтүлөт. 

4. Алмашуу бюролор алмашуу бюросунун кассасы аркылуу нак чет өлкө валютасын алмаштыруу менен байланышы жок операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок. 

 

 

- Жобонун 4 -тиркемесинде «Банктын,» деген сөз алынып салынсын;  

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.»; 

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы, алдыңкы кеңсе кызматкерлери, ошондой эле банктын ушул багыт боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан башка кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык, жылына кеминде бир жолу окутуудан (кайра даярдыктан) өткөрүлүп турууга тийиш.»; 

- 32-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) банк Башкармасынан/ Башкарманын Төрагасынан же банктын операциялык ишин тескеген Башкарманын мүчөсүнөн (банк Башкармасынын Төрагасы ага мындай ыйгарым укуктарды берген шартта) кардар менен ишкердик мамилени түптөөгө же аны улантууга уруксат алуу;». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 3-1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-1. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы аларга жүктөлгөн милдеттерге тиешелүү маселелер боюнча аналитикалык, маалымат берүү, маалымдоо материалдарын жана сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо үчүн кеңешчилерди, консультанттарды (адистерди, эксперттерди ж.б.) ишке тартууга укуктуу. 

Кеңешчилердин, консультанттардын иши кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча кызматтык нускоолордун/келишимдердин алкагында жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Кеңешчилер, консультанттар банктын кызмат адамы болуп саналбайт жана банктын операциялык ишине (кредиттик ж.б.) катыша алышпайт. Кеңешчилердин, консультанттардын корутундусу сунуш-көрсөтмө берүү мүнөзүнө ээ, ал эми Директорлор кеңеши, банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган бардык чечимдер үчүн жоопкерчилик аталган органдарга жүктөлөт.»; 

- 10-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакциядагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Директорлор кеңеши жөнүндө жобо акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилет.»; 

- 19-пунктунун: 

он экинчи абазцы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Комитеттин мүчөсүнүн кароого алынып жаткан маселе боюнча, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул эместиги тууралуу сын-пикирлери жана сунуштары добуш берүү учурунда айтылууга жана ал протоколдо жана стенограммада (катышуучулардын сүйлөгөн сөзүнүн аудио/видео жазууларын сактоо менен жазуу жүзүндөгү толук тексти) чагылдырылууга тийиш. Комитеттин отурумунан толтурулган протоколго жана стенограммага отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы коюуга тийиш. Комитеттин отурумда катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюу аркылуу таанышууга тийиш.»; 

төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Комитеттин мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери комитеттин отурумдарынын протоколуна тиркелүүгө жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналууга тийиш.»; 

- 20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Директорлор кеңешинин жогорку деңгээлдеги жоопкерчилиги жана кеңири мүмкүнчүлүктүү ыйгарым укуктары, анын мүчөлөрү банк ишинин негизги түрлөрү жөнүндө жетиштүү билимге жана алар башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын пикирине көз карандысыз, өз пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин түшүндүрөт. Чечимдерди кабыл алууда Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү калыс болууга жана өз кызыкчылыгында же банктын айрым акционерлеринин, кызмат адамдарынын же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында эмес, банктын таламында иш алып барууга тийиш. Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлери жана сунуштары бар, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул болбогон Директорлор кеңешинин мүчөсү өз пикирин добуш берүү учурунда билдирүүгө жана ал протоколдо жана стенограммада (катышуучулардын сүйлөгөн сөзүнүн аудио/видео жазууларын сактоо менен жазуу жүзүндөгү толук тексти) чагылдырылууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумунда толтурулган протоколго жана стенографиялык отчетко (катышуучулардын пикиринин толук жазуу жүзүндө тексти) отурумда катышкан Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө макулдашылгандан (виза коюулгандан) кийин, отурумга төрагалык кылган кызмат адамы жана Корпоративдик катчы кол коет. Директорлор кеңешинин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол, стенограмма жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол коюшат. 

Комитеттин мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери комитеттин отурумдарынын протоколуна тиркелүүгө жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналууга тийиш.»; 

- 22-пунктундагы «монетардык» деген сөз «банктык» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 28-пунктунун тогузунчу абзацында «ченемдик» деген сөздөн кийин «укуктук» деген сөз менен толукталсын; 

- 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Өз ишин жүзөгө ашырууда банк Башкармасынын мүчөлөрү алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоо менен калыс болууга жана биринчи кезекте, өз кызыкчылыгында же банктын айрым акционерлеринин, кызмат адамдарынын же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында эмес, банктын таламында иш алып барууга тийиш. Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлери жана сунуштары бар, ошондой эле Башкарманын кабыл алынган чечимге макул болбогон мүчөсү өз пикирин добуш берүү учурунда билдирүүгө жана ал протоколдо жана стенограммада (катышуучулардын сүйлөгөн сөзүнүн аудио/видео жазууларын сактоо менен жазуу жүзүндөгү толук тексти) чагылдырылууга тийиш. Башкарманын отурумунда толтурулган протоколго жана стенографиялык отчетко (катышуучулардын пикиринин жазуу жүзүндө толук тексти) отурумда катышкан Башкарманын мүчөлөрүнө макулдашылгандан (виза коюулгандан) кийин, отурумга төрагалык кылган кызмат адамы жана Корпоративдик катчы кол коет. Башкарманын отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол, стенограмма жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол коюшат. 

Комитеттин мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери комитеттин отурумдарынын протоколуна тиркелүүгө жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналууга тийиш.»; 

- 38-пункту төмөнкү редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Мындан тышкары Комитет талапкердин ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берет, ал милдеттүү түрдө Улуттук банкка макулдашылууга тийиш.»; 

- 39-пунктундагы «ченемдик актыларга» деген сөздөр «документтерине» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 43-пунктунун биринчи абзацындагы «ченемдик актыда» деген сөздөр «документ» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Жаңы продукттар боюнча комитет Банкта жаңы банктык продукттарды иштеп чыгуу, жаңы банктык продукттарды банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна колдонууга киргизүү үчүн, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу мыйзам талаптарына ылайык иштелип чыккан жаңы продукттар рыногуна банктын аралашуусун контролдоо үчүн, ошондой эле тобокелдиктердин алгылыктуу деңгээлин аныктоо жана санариптик банк операцияларын контролдоонун шайкеш системаларын түзүү үчүн түзүлүшү мүмкүн.»; 

- 45-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«45. Комитет натыйжалуу, максатка багытталган жана контролдукка алынган алгачкы баа берүү процессин камсыз кылуу, учурдагы ресурстук чектөөлөрдүн чегинде банктык продукттарды же кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары иштеп чыгуу, тесттен өткөрүү жана колдонууга киргизүү үчүн жаңы банктык продукттарга жана банк операцияларын санариптик платформаларга өткөрүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ.»; 

- 46-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«46. Комитет банктын тигил же бул түзүмдүк бөлүмүн жаңы банктык продукттарды жана санариптик банктык платформаларды иштеп чыгуу процессине тартуу мүмкүнчүлүгүн аныкташы ыктымал.»; 

- 47-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«47. Комитет жаңы банктык продукттарды иштеп чыгууда жана колдонууга киргизүүдө, ошондой эле банк операцияларын санариптик платформаларга өткөрүүдө орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана аларды кыскартуу (азайтуу) ыкмаларына баа берүүгө тийиш.»; 

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет жөнүндө ички жобо аркылуу жөнгө салынат.»; 

- 49-пункту төмөнкү редакциясындагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Санариптик банктык платформаларга жана кардарларды аралыктан тейлөөгө байланыштуу жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүүдө комитеттин курамына маалыматтык технологиялар жана маалымат коопсуздугу боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кирүүгө тийиш.»; 

- 50-пункту төмөнкү редакциясында берилсин:  

«50. Жаңы банктык продукттарды жана банктык санариптик тейлөө платформаларын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү чечимин кабыл алууда Комитет өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптарын так сактоого тийиш.»; 

- 53-пунктундагы «ченемдик актыларына» деген сөздөр «документтерине» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 55-пунктундагы «ченемдик актыларына» деген сөздөр «документтерине» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 56-пунктунун 1-пунктчасындагы «ченемдик актыларынын» деген сөздөр «документтеринин» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 57-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«57. Корпоративдик катчы банктын Директорлор кеңешинин отурумдарында милдеттүү түрдө стенограмма (катышуучулардын сүйлөгөн сөзүнүн аудио/видео жазууларын сактоо менен жазуу жүзүндөгү толук тексти) толтурууга, ошондой эле жазуу жүзүндө сурамжылоону жана коммуникациялык каражаттарды колдонууну менен добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколдорду даярдоого тийиш.  

 

Корпоративдик катчы милдеттүү түрдө кол коюлган протокол жана стенограмма менен Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүн, анын ичинде коммуникациялык каражаттарды колдонуу аркылуу тааныштырууга тийиш.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоонун: 

- 11-пункту: 

төмөнкү редакциясындагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчанын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылтылышын каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук аймактар;»; 

он алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.»; 

- 15-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Эсептешүүүндөлүк) эсеби - бул, акча каражаттарын сактоо жана банктардан тышкары юридикалык жактар жана жеке ишкерлер - ушул нускоонун талаптарына ылайык, дыйкан (фермердик) чарбалар тарабынан банктык төлөм карттарды колдонуу менен ишке ашырылган эсептешүүлөрдү (акчалай түшүүлөр, төлөөлөр, башка жеке адамдар же юридикалык жактар менен өз ара эсептешүүлөр, башка финансы-кредит уюмдарына которуулар) кошо алганда, күндөлүк эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган эсеп.»; 

үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 токтому менен бекитилген» деген сөздөр «Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген» деген сөздөргө алмаштырлысын; 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Ушул Нускоо талаптарына ылайык банкка берилген документтин түп нускасы чет тилде толтурулган болсо, банкка Кыргыз Республикасынын расмий же мамлекеттик тилинде которулган, котормо мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн алардын котормосу сунушталышы зарыл.»; 

- төмөнкү редакциясындагы 36-1-пункту менен толукталсын: 

«36-1. Банктык аманат (депозитти) ачуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн жалпы шарттары банктын расмий сайтында жайгаштырылышы мүмкүн. 

Банктык аманат (депозит) келишимин түзүү кошулууга кол коюу учурунда банктык аманат (депозит) кызматын көрсөтүүнүн негизги шарттары боюнча макулдукка кол коюу менен банктык аманат (депозит) кызматын көрсөтүүнүн жалпы шарттарына кошулуу же бардык шарттары менен банктык аманат (депозит) келишимине кол коюу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.  

Кардар банктык аманат (депозит) келишимин түзүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн формаларынын бирин тандап алууга укуктуу. 

Банктык аманат (депозит) эсебин ачууда банк кардардын банктык аманат (депозит) келишиминин жалпы шарттары менен толук таанышуусун камсыз кылууга милдеттүү.»; 

- төмөнкү редакциядагы 37-1-пункт менен толукталсын: 

«37-1. Банктык аманат (депозит) кызматын көрсөтүүнүн жалпы шарттарына кошулуу банктык аманат (депозит) келишимин түзүү талаптарына ылайык жазуу жүзүндө түзүлүүгө жана жок дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- тараптардын маалыматтары; 

- банктык аманаттын (депозиттин) түрү

- банктык аманаттын (депозиттин) суммасы; 

- банктык аманаттын (депозиттин) мөөнөтү

- аманаттын (депозиттин) пайыздык ченинин өлчөмү

- акча каражаттарын тескөөнүн шарттары; 

- тараптардын кол тамгалары, ал эми юридикалык жак же жеке ишкер болсо, мөөрү (бар болсо); 

- банктык аманатты (депозитти) берүүнүн олуттуу шарттары, анын ичинде банктык аманат (депозит) келишиминин шарттарын бузгандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги менен таанышуунун шарты; 

- башка шарттар. 

Банктык аманат (депозит) кызматын көрсөтүүнүн жалпы шарттарына кошулганга чейин банк кардарды оозеки түшүндүрүү жана жазуу жүзүндөгү макулдук алуу, бул шарттар менен тааныштыруу аркылуу банктык аманат (депозит) кызматын көрсөтүүнүн жалпы шарттарынын тексти менен тааныштырууга тийиш.  

Банктык аманат (депозит) кызматын көрсөтүүнүн жалпы шарттарынын текстине киргизилген өзгөртүүлөр кардарга өзгөртүүлөр күчүнө кирген күнгө чейинки 10 (он) жумуш күнүнүнөн кечиктирбестен тиешелүү маалыматтарды банктын бөлүмдөрүнүн операциялык залдарындагы маалымат такталарына жайгаштыруу, тиешелүү маалыматты банктын расмий веб-сайтына жайгаштыруу жана бардык жеткиликтүү байланыш каналдары боюнча билдирүү жөнөтүү аркылуу тааныштырылат. 

Банктык аманатты (депозитти) жайгаштыруунун жалпы шарттарынын бардык редакциялары банктын расмий интернет - сайтында, өзгөртүүлөр киргизилген датаны көрсөтүү менен маалыматты талап кылган кайсы күн болбосун хронологиялык тартипте сакталууга тийиш.»; 

- 39 - пунктундагы «жашы жете элек адамдын» деген сөздөр «баланын» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 42 - пунктундагы «жашы жетпеген адамдын» деген сөздөр ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндө «баланын» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 48-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин талаптарына ылайык жеке ишкер идентификацияланган учурда банктык аманат (депозит) келишими боюнча эсептерди ачуу аманатчынын өзүнүн жеке катышуусуз ишке ашырылат.»; 

Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 1-пунктунун 2-пунктчасындагы «верификациялоо» деген сөз «текшерүү» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 3-пунктундагы «жашы жетпегендер» деген сөз «балдар» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 5-пунктунун: 

1-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкө паспорту);»; 

1-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (14 жашка чейинки баланын пайдасына эсеп ачуу, ошондой эле 14-16 жашка чейинки балдардын өзү эсеп ачуусу үчүн);»; 

- 7-пунктундагы «талап кылууга тийиш» деген сөздөр «тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен талап кылууга укуктуу» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 10-пунктунун биринчи абзацындагы «верификациялоого» деген сөз «текшерүүгө» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 11-пунктунун биринчи абзацындагы «верификациялоого» деген сөз «талаптагыдай текшерүүгө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 12-пункту төмөнкү редакциясында берилсин: 

«12. Банктык эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардар, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген төлөм документтерин банкка бериши зарыл.  

Банк операциялардын мыйзамдуулугун жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун тастыктаган документтердин берилишин кардардан тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен талап кылууга укуктуу. Мындай документтер кардаргга берилген эсептер, кардар менен түзүлгөн келишимдер, төлөм документтери (мисалы, инвойстор, эсеп-фактуралар) ж.б. болушу мүмкүн. 

Кардар талап кылынган документтерди бербесе, банк эсеп боюнча операция жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш. Мындай шарт банк менен кардар ортосунда түзүлгөн банктык эсеп келишиминде каралышы зарыл. 

Банк жүргүзүлүп жаткан операциялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана мыйзамдуулугун, ошондой эле кардардын жана бенефициар ээсинин акча каражаттарын алуу булагын аныктоо максатында, кардар кошумча документтерди, анын ичинде контрагент жөнүндө маалыматты сунуштоосу үчүн акыл ченемдүү, бирок 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттөрдү белгилөөсү зарыл. Эгерде кардар белгиленген мөөнөт ичинде банк тарабынан талап кылынган документтерди сунуштабаса, банк эсеп боюнча операцияны жүргүзүүдөн баш тартууга тийиш.  

Эгерде кардардын операциялары шектүү катары таанылса жана/же кардарга карата жогору тобокелдик деңгээли ыйгарылган болсо, талап кылынган документтерди күтүү убактысы ичинде кардар тиешелүү документтерди сунуштаганга чейин банк кардардын эсеби боюнча кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.»; 

Жобого карата 13-тиркеменин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган өз алдынча юридикалык жак болуп саналбаган банктар, алардын аффилирленген жактары, туунду банктар жана обочолонгон бөлүмдөрү менен корреспонденттик мамилелер түзүлгөн учурда банк финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык чараларды көрүүгө милдеттүү

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.»; 

- 4-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөгү банктар менен корреспонденттик мамилелерди түптөө учурунда, банктын террористтик ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) боюнча алгылыксыз ишке тартылышы тобокелдиги банкта жогорулайт.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» нускоонун: 

- 4-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.»; 

- 7-пунктунун: 

он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындан тышкары, кураторлор/институционалдык инспекторлор банктын тышкы аудиторлору менен зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу жолугушуп, жана акционерлердин жалпы жыйынына (жылдык/кезексиз) катыша алышат.»; 

төмөнкү редакциядагы он экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банк акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүүдө Улуттук банкка жыйынга чейин 5 (беш) жумушкүнү ичинде акционерлердин жалпы жыйынынын күн тартибин жана материалдары жөнүндө 2 (эки) нускада жөнөтүүгө милдеттүү. Акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүүдө кураторлорго катышуу баракчасынын жана акционерлердин ишеним катынын көчүрмөлөрү (бар болсо) берилүүгө тийиш.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 13-пунктунун 6- пунктчасындагы «көз карандысыз баа берүүчүнүн» деген сөз баалоочунун (баалоочу уюмдун)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 21-пунктунун 1-пунктчасындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун: 

- 11- пункту төмөнкү редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Мында тобокелдиктерди тескөө боюнча кызматкер консультациялык добуш берүү укугу менен Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин киргизилиши керек.». 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 30-пунктунун 4-пунктчасынын жыйырма төртүнчү абзацында биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин «- банк мыйзам талаптарына ылайык, өз алдынча же баалоочуну (баалоочу уюмду) ишке тартуу менен камсыздоонун өздүк наркын баалашы мүмкүн. Кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын негизги карыз суммасынан жана камсыздоо предметин сатууга сарпталышы мүмкүн болгон каражат өлчөмүн эске алуу менен кредит боюнча пайыздардан жогору болушу кредиттердин кайтарылбай калышы тобокелдигин жөнгө салуу инструменти болуп саналат;».  

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинин: 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Эгерде, кредиттик саясатта Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан (катталган) күрөөлүк мүлктү кабыл алуу каралган болсо, анда бул учурда банктын/ФКУнун Директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттердин кайтарылып берилиши үчүн жоопкерчиликтүү болушат.»; 

- 10-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Банк/ФКУ тийиштүү рынокко (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ж.б.) иликтөөлөрдү жүргүзүп, күрөөгө кабыл алынып жаткан тиги же бул мүлктүн сапатынын критерийлерин аныктоого тийиш. Сапат критерийлери күрөөгө коюлган мүлктүн түрүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн жана бирок кеминде төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:»;  

алтынчы абзацындагы «шарттар» деген сөз «критерийлер» деген сөзгө алмаштырылсын;   

- 11-пунктунун:  

алтынчы абзацында «көз карандысыз эксперттердин» деген сөздөр «баалоочунун (баалоочу уюмдун)» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

сегизинчи абзацында «жана башка шарттар» деген сөздөр «жана башка шарт» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

- 16-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«баалоочуну (баалоочу уюмду) тартуу; 

- кредиттин суммасы менен күрөөнүн адилет наркынын сандык катышы;»; 

- 20-пунктунун: 

биринчи абзац төмөнкү редакциясында берилсин: 

«20. Банк/ФКУ кредит боюнча камсыздоо катары күрөө предметин кароо учурунда, анын төмөнкү мүнөздөмөлөрүн эске алууга тийиш:»;  

жетинчи жана сегизинчи абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«-күрөөлүк мүлктүн анын жайгашкан орду боюнча адилет наркына таасирин тийгизиши ыктымал болгон күндөлүк экономикалык шарттардын жана рыноктогу жагдайдын чагылдырылышы; 

- сапаттуу талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Банктын/ФКУнун күрөөлүк мүлк менен иш алып баруунун негизги принциптерин жөнгө салган документтеринде, банк/ФКУ күрөөлүк мүлккө өз алдынча, квалификациялуу баа бере албаган шартта, банк/ФКУ баалоочу (баалоочу уюм) менен келишим түзүүгө тийиш экендиги каралышы зарыл.»; 

- 21-1-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «көз карандысыз баалоочунун» деген сөздөр «баалоочунун (баалоочу уюмдун)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

төртүнчү абзацындагы «көз карандысыз (тартылган) баалоочуга» деген сөздөр «баалоочуга (баалоочу уюмга)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- ички баалоочунун/баалоочунун (баалоочу уюмдун) кызматын учурда же келечекте пайдалануу ички баалоочунун/баалоочунун (баалоочу уюмдун) мүлктү баалаган суммадан көз карандылыгына жол берүүгө;»;  

алтынчы абзацындагы «көз карандысыз (ишке тартылган) адис-баалоочу» деген сөздөр «баалоочу (баалоочу уюм)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

жетинчи абзацындагы « көз карандысыз баалоочу» деген сөздөр «(баалоочу (балоочу уюм)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 23-1-пунктунун биринчи абзацындагы «тиешелүү сертификаты бар көз карандысыз баалоочу адистерди» деген сөздөр «баалоочуну» деген сөзгө алмаштырылсын. 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунда 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Баалоо - баалоо иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан түзүлгөн баалоо отчетунун негизинде белгилүү бир күнгө карата кыймылсыз мүлктүн наркын аныктоо (эсептөө) процесси.»; 

төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Баалоочу (көз карандысыз адис-баалоочу) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген, баалоо ишин жүзөгө ашырууга квалификациялык сертификаты бар жеке жак. 

Баалоочу уюм - мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ишинин негизги түрү баалоо иши болуп саналган жана штатында квалификациялык сертификаты бар экиден кем эмес баалоочусу болгон юридикалык жак.»; 

- 7-пунктунун г) пунктчасындагы « көз карандысыз баалоочу» деген сөздөр «баалоочу (баалоочу уюм)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 16-пунктунун в) пунктчасындагы «көз карандысыз баалоочунун» деген сөздөр «баалоочунун (баалоочу уюмдун)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 27-пунктунда «көз карандысыз тажрыйбалуу баа берүүчү» деген сөздөр «баалоочу» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 28-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «көз карандысыз (ишке тартылган) баалоочу» деген сөздөр «баалоочу (баалоочу уюм)» деген сөздөргө алмаштырылсын: 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Баалоочу (баалоочу уюм) банктын ошол эле башка кыймылсыз мүлкүн катары менен экиден көп жолу баалоосуна жол берилбейт.»; 

- 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Банктын кыймылсыз мүлккө баа берүү жагында баалоочуга (баалоочу уюмга) карата тапшырмасы кат жүзүндө толтурулууга тийиш, ал эми баалоочунун (баалоочу уюмдун) отчетунда ошол тапшырма жана анда көрсөтүлгөн бардык параметрлер боюнча баа берүүнүн натыйжалары камтылышы зарыл. 

Башка кыймылсыз мүлктү баалоо үчүн банк мыйзам талаптарына ылайык -баалоочу (баалоочу уюм) менен баалоо келишимин түзүүгө тийиш.». 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын тышкы аудити - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, финансылык отчеттун эл аралык стандарттары жана башка маалыматтарга ылайык финансылык отчеттун бардык олуттуу аспектилеринде анын аныктыгы жөнүндө көз карандысыз пикирди билдирүү максатында, банк ишин көз карандысыз текшерүү.»;  

- 7-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- аудитордук уюмдун финансылык отчетко аудит жүргүзүү кызмат көрсөтүүсүнө, ошондой эле банкка жана анын контролундагы уюмдарга кошумча (аудитордук эмес) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн төлөө тартиби жана шарттары.»;  

- 13-пунктунун а) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Бул билдирүүдө Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоонун бар экендиги жөнүндө (аудитордук уюмдун жана аудитордун жеке каттоо номери, катталган датасы), аудитордук уюмдун телефон номерлерин, анын жетекчисинин аты-жөнүн кошо алганда, юридикалык дареги көрсөтүлүүгө тийиш;»; 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген жана Улуттук банк тарабынан банктарга аудит жүргүзүү үчүн белгиленген талаптарга жооп берген аудитордук уюм гана банктын тышкы аудитору боло алат.»; 

- 16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«16. Банктын тышкы аудитору көз карандысыз, объективдүү жана таламдардын каршы келип калышы деп эсептөөгө негиз берген кырдаалдардан оолак болууга тийиш. Банктын тышкы аудитору, эгерде аудитордук уюмдун жана аудитордун көз карандысыздыгына коркунуч туудурган тобокелдиктер болсо, банкка мындай тобокелдиктер жана аларды азайтуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө маалымат берүүгө милдеттүү.»; 

- 19-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген, ошондой эле кеминде үч жылдык аудитордук иш тажрыйбасына ээ болууга;»; 

- 20-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Финансылык отчетту аудитордук текшерүүнүн жетекчиси Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилүүгө жана төмөнкүлөргө ээ болуга тийиш:»; 

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Аудит жүргүзүлүп жаткан, банктык топ башында турган банк, банктык холдингдик компания же башкы компания жана банктын туунду компаниясы ушул Жобонун талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан милдеттүү түрдө ар жылдык аудиттен өтүүгө тийиш.»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Аудитордук корутунду аудиттин эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык түзүлөт. Ошол эле учурда бардык колдонуучулар үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык, банктын финансылык отчету боюнча аудитордун корутундусу бирдей болууга тийиш.»; 

- 52-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) аудитордук уюм Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилбеген болсо;». 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, эсептерди ачуу, банктардын алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби, корпоративдик башкаруу боюнча колдонуудагы талаптарды актуалдаштыруу, ошондой эле Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларынын талаптарын тактоо максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралган: 

1) маалымкат-сертификаттардын болушу боюнча банктарга карата талаптар алынып салынган; 

2) банктарга негизги шарттарга кошулуу формасында банктык эсептерди, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачууда келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк берилди; 

3) банктарда корпоративдик башкаруу боюнча талаптар, анын ичинде комитеттердин жана директорлор кеңешинин отурумдарын өткөрүү боюнча талаптар, банк операцияларын санариптик платформаларга которууда жаңы продукттар боюнча комитет түзүү, ошондой эле алмашуу операциялары боюнча талаптар актуалдаштырылган; 

4) ченемдик укуктук актылардын айрым ченемдери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Баалоо иши жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык келтирилди; 

5) Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына тактоолор киргизилди.  

Ошентип, долбоордо сунуш кылынган өзгөртүүлөр ченемдик укуктук актылардын ар кандай талаптарын конкреттештирүүгө жана толуктоого багытталган. Өзгөртүүлөр учурдагы кемчиликтерди жана калтырып кетүүлөрдү жоюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын күчүнө кирген талаптары менен ченемдерди актуалдаштырууга багытталган.  

Токтом долбооруна ылайык өзгөртүүлөр Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына киргизилет: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы  2019-П-12\42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө» нускоо;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы  2019-П-12\42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 токтому менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоо;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 2019-П-12/17-3-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июнундагы № 28/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартиби; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын түздөн-түз кызыкчылыктарын камтыган, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга коюлат жана анын жөнгө салуучу таасирине талдап иликтөө жүргүзүлөт.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн бирдиктүү порталга жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат  

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каражат талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн. 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

  

  

  

Толук/жарым-жартылай  

жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

______________________(кызматы) 

  

  

__________________(кол тамгасы) 

  

  

20___ -жылдын «___» ______ 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун  

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2021-жылдын 29-октябрындагы  

№ 2021-Пр-121/190-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан ишкердик субъектилеринин ишине карата иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү мөөнөттөрү

______________ __________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

1.  Проблемалар жана мамлекеттик кийлигишүү үчүн негиздер 

 

1.1. Проблемаларды чагылдыруу  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын (мындан ары Мыйзам) 136-беренесине ылайык, Улуттук банк банктардын ишин көзөмөлдөйт жана жөнгө салат. Банктык көзөмөл ошондой эле жөнгө салуу нормаларын чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырылат. 

Мыйзамдын 20-беренесине ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. 

Төмөнкү көйгөйлөрдүн бар экендигин эске алуу менен Улуттук банк тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары өзгөртүүлөр долбоору) иштелип чыккан. 

1-проблема. Ченемдик укуктук актылардагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү процесстерди жөнгө салуу зарылчылыгы 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 396-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, сунуш кылган жактын бир же бир нече конкреттүү жакка жетишээрлик ачык жиберген, өзүн сунушту кабыл алуучу жак менен келишим түзгөн катары эсептөөгө ниеттенген сунуш оферта катары таанылат. Оферта келишимдин жалпы шарттарын камтууга тийиш. 

Акыркы учурда, банктар банктык аманат (депозиттер) келишимдери боюнча банктык кызматтарды көрсөтүүдө негизги шарттарын банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырыша турган тажрыйба калыптанууда. Кардар кайрылган учурда, банктар банктык кызмат көрсөтүүнүн негизги шарттарына кошулуу каралган, кошулуу жөнүндө келишимди кол коюу үчүн бере алышат. 

Ошол эле учурда, банктардын мындай укугу Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иштөө боюнча нускоодо (мындан ары -Нускоо) каралган эмес, ушуга байланыштуу бул процессти жөнгө салуу сунушталат. 

2-проблема. Банктардагы айрым процесстерди оптималдаштырууну эске алуу менен ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү зарылдыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү зарылдыгы 

1) Көйгөйлүү жана актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү банктык тегерек столдо банктар алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууда маалымкат-сертификаттарды алып салуу боюнча пикирлерин билдиришти. 

Алсак, банктар алмашуу операцияларын жүргүзүү учурунда банктын кардарлары тарабынан маалымкат-сертификаттарды алууга суроо-талап жок, анткени банк алмашуу операцияларын жүргүзүү учурунда автоматташтырылган банк системасында басып чыгарылган операциянын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган документти (чекти) берет. 

Ушуга байланыштуу, банктардын пикирин эске алуу менен, ошондой эле банктардын ишин оптималдаштыруу үчүн өзгөртүүлөрдүн долбоорунда банктар үчүн маалымкат-сертификаттарды берүү боюнча өзгөчөлүктү кароо сунуш кылынат. 

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы токтому менен бекитилген «Кардарды талаптагыдай текшерүү тартиби жөнүндө» жобонун 27-пунктуна ылайык, эгерде документтер толугу менен же жарым-жартылай чет тилде түзүлгөн болсо, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы адамдар кардардан документтин котормо мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормосун талап кылууга тийиш. 

Мында Нускоонун 28-пунктуна ылайык чет тилде түзүлгөн документтердин котормосу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Бул талап банктардын потенциалдуу тобокелдиктерди болтурбоо үчүн документтердин которууларын нотариалдык күбөлөндүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарына байланыштуу белгиленди. 

Ошону менен бирге, банктар банктык тегерек столдо учурда иш жүзүндө документтердин котормосун иш жүзүндө нотариалдык күбөлөндүрүүнүн зарылдыгы жок экендигин белгилешти, ушундан улам жана «Кардарды талаптагыдай текшерүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Нускоого өзгөртүүлөрдү киргизүүдө

3) Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы №87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу, оффшордук аймактардын тизмесин түзүү боюнча функциялар Улуттук банкка жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына бекитилген. 

Алсак, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан белгиленет. 

Лицензиялоо максатында Оффшордук аймактардын тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

Ушуга байланыштуу мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында башка банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүдө Нускоонун талаптарын кайра карап чыгуу зарылдыгы бар, анткени террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар финансылык мекемелерге финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген чараларды сактоо менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берет. 

4) Азыркы учурда заманбап шарттарда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик формага трансформациялоо Кыргыз Республикасынын санарип экономикасынын калыптануу процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ушуга байланыштуу банктар өз ишин санарип банк продукттарын түзүү аркылуу активдүү жүргүзүшөт. 

Ушуга байланыштуу, банктардын тобокелдиктерди сапаттуу тескөө жана ички контролдоонун шайкеш системасын түзүү зарылдыгы келип чыгат, ал үчүн Жаңы продукттар боюнча комитет түзүү зарыл. 

Алсак, эгерде банк өз операцияларын санарип платформаларга которсо, анда Жаңы продукттар боюнча комитет тиешелүү милдеттенмелерди өзүнө алууга жана тиешелүү тобокелдиктерди тартууга тийиш. Демек, жаңы банк продукттарын киргизүүдөн жана/же кардарларды санариптик тейлөөгө өтүүдөн мурун Комитет бардык тобокелдиктер аныкталганына, баалангандыгына жана контролдукка алынгандыгына ишениши керек. Ошондой эле Комитеттин чечими директорлор кеңеши же функциясында ушундай чечимдерди кабыл алуу каралган, банктын тиешелүү органына алдын ала макулдашылууга же директорлор кеңешинин мүчөлөрүн Комитеттин курамына киргизүү зарыл. 

5) Банктарга комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө Улуттук банктын инспекторлору анын бизнесинин мүнөзүн жана тобокелдиктерин эске алуу менен банктын корпоративдик башкаруу түзүмүнүн жана ички контролдоонун натыйжалуулугун жана сапатын сапаттуу баалоодо кыйынчылыктарга туш болушат. Бирок, инспекторлор тобунун инспекторлору отурумдардын стенографиялык отчету менен тааныша ала тургандыгын эске алуу менен, комитеттердин, банк Башкармалыктарынын отурумдарына инспекторлордун туруктуу катышуу зарылчылыыгы келип чыгат. 

Ушуга байланыштуу, өзгөртүүлөр долбоору менен Банктын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын, банктын комитеттеринин отурумдарынын стенограммасын жүргүзүү боюнча талаптарды белгилөө сунушталат, бул инспекторлорго банктардын ички контролдугун сапаттуу текшерүүгө мүмкүндүк берет. 

6) Мындан тышкары, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, коммерциялык банктардын сунуштарын эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына, «Баалоо иши жөнүндө» мыйзамга, «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамга ылайык келтирүү максатында техникалык өзгөртүүлөр киргизилген. 

Бул техникалык өзгөртүүлөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ортосундагы карама-каршылыктарды болтурбоо жана аларды актуалдаштыруу максатында зарыл болуп саналат, бул келечекте көзөмөл жүргүзүүдө банктар сыяктуу эле, Улуттук банктын инспекторлору тарабынан да укук колдонууда пикир келишпестиктерди болтурбоого мүмкүндүк берет. 

1.2. Кызыкдар тараптардын пикирин талдап-иликтөө 

Кызыкдар жактардын пикирин талдоо ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. 

1.3. Проблемалардын масштабы 

Каралып жаткан маселенин масштабы чоң эмес, ошону менен бирге эле, тажрыйба көрсөткөндөй, айрым талаптар конкреттештирилип, тараптардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн тактоолор киргизилиши керек. 

2. Жөнгө салуунун каралып жаткан варианттарын чагылдыруу жана баалоо 

2.1. Жөнгө салуунун максаты 

Каралып жаткан маселени жөнгө салуунун максаты: 

- банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу жагында талаптарды өркүндөтүү

- банктардын ишине натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү үчүн ченемдик укуктук базанын сапатын жогорулатуу; 

- Улуттук банктын корпоративдик башкаруу, алмашуу операциялары, корреспонденттик мамилелер маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле техникалык мүнөздөгү башка маселелерди тактоо; 

- ченемдик укуктук актылардын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына, «Баалоо иши жөнүндө» мыйзамга, «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык келтирүү

 

2.2 Жөнгө салуунун каралаган варианттары: 

1) «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты; 

2) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуу варианты. 

 

2.3 «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты 

Бул вариантты тандоо мүмкүн эмес, анткени бүгүнкү күндө сунушталган өзгөртүүлөрдү актуалдаштыруу зарылдыгы бар, бул ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнү, аларды айрым талаптарда колдонулуп жаткан практиканы эске алуу менен актуалдаштырууну камтыйт. 

Жөнгө салуунун ушул вариантынын аткаруу техникасын талдоо аталган вариантты техникалык позициясы боюнча ишке ашыруу үчүн жеңилирээк, бирок жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечпейт деп баалоого алып келет. 

 

2.4. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуу варианты 

а) Жөнгө салуу ыкмасы 

Сапаттуу ченемдик база натыйжалуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жана банктар тарабынан өз ишин жүзөгө ашыруунун негизги шарттарынын бири болуп саналат. Демек, жөнгө салуу базасы иш жүзүндө талаптарды бирдей түшүнүү жана колдонуу жагында көйгөйлөр жаралбашы үчүн бардык зарыл болгон талаптарды максималдуу түрдө чагылдырышы керек. 

Колдонуудагы талаптарды конкреттештирүү, ошондой эле орун алган боштуктарды жана коллизияларды жоюу баарынан мурда ченемдик базаны өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Ошентип, сунуш кылынган ченемдерди бекитүү банктарга карата колдонуудагы талаптарды актуалдаштырууга мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, сунуш кылынган талаптар керектөөчүлөрдүн укуктары үчүн сыяктуу эле, банктар үчүн да тобокелдиктердин ар кандай түрлөрүн минималдаштыруу жана жок кылуу жана банктардын ишинин сапатын жогорулатуу зарылдыгы менен шартталган. 

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү банктарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү боюнча колдонуудагы талаптарды өркүндөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө багытталган, бул Улуттук банктын ченемдик укуктук базасынын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүгө тийиш. 

Жөнгө салуунун ушул вариантын кабыл алуу банктарга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет: 

- кардарларды тейлөөдө иш процесстерин оптималдаштыруу, атап айтканда банктык аманаттардын (депозиттердин)эсептерин ачуу; 

- алмашуу операцияларын жүргүзүүдө процесстерди оптималдаштыруу, документтери чет тилде түзүлгөн кардарларды тейлөө;  

- иерархия боюнча жогору турган ченемдик укуктук актылар менен коллизияларды жоюу; 

- банктардын ишинде санариптештирүүнү өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктерди жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу; 

- банк системасынын туруктуулугу үчүн банктарга сапаттуу көзөмөл жүргүзүү

Банк сектору динамикалуу өнүгүп келе жаткан тармак экендигин эске алганда, бүгүнкү күндөгү талаптар эртең эч кандай мааниге ээ болбой калышы мүмкүн. Демек, көзөмөлдөө механизмдерин жана инструменттерин өнүктүрүү туруктуу процесс болуп саналат, ошондой эле ченемдик базаны өркүндөтүүнү талап кылат. 

Ошентип, сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү киргизүү банктардын ишин сапаттуу жүргүзүүгө, ошондой эле аларга көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

б) Жөнгө салуучу таасирин баалоо 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын айрым талаптарын конкреттештирүү, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү мүмкүнчүлүгүн берет. 

Мындан тышкары, бул параметрди ишке ашыруу талаптагыдай банктык көзөмөл жүргүзүүгө жана укуктук тобокелдиктерди болтурбоого мүмкүндүк берет. 

в) Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо  

Сунуш кылынган талаптарды бекитүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүгө жана мыйзамдарга ылайык келтирүүгө багытталган. 

г) Коомдук консультациялардын натыйжалары  

Сунуш кылынган талаптардын колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасынын банктарынын ишине түздөн-түз тиешелүү

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

3. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантын тандоонун негиздемеси 

2-вариант боюнча токтом долбоору төмөнкү негиздер боюнча кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет; 

-  банктардын ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

 

4. Күтүлүп жаткан экономикалык натыйжаларга жана атаандаштыкка тийгизген таасирине баа берүү үчүн тиркеме 

Сунушталган долбоордо тактоочу ченемдер жана башка техникалык өзгөрүүлөр каралгандыгын эске алуу менен, банктар кандайдыр бир кошумча чыгымдарды тартпай тургандыгын белгилей кетүү зарыл.