Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын «___»_________  

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар  

жөнүндө» жобого кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү маселеси боюнча өзгөртүүлөр 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 61-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бланктык кредиттерге төмөнкү критерийлерге ээ болгон кредиттер кирбейт: 

- 200 000 сомго жетпеген же ага барабар суммада берилген, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 36 айдан ашпаган кредиттер; 

- көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер; 

- суммасы карыз алуучунун жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы) ашпаган кредиттер; 

- пайыздык чени ай сайын Улуттук банктын расмий сайтында жарыялануучу керектөө кредиттери боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендин маанисинен ашпаган кредиттер. 

Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү таза суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш.». 

 

«Кредиттер боюнча пайыздык чендерди түшүрүү суроолор боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөргө карата  



САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Колдонуудагы редакция 

Акыркы редакция 

61. Бланктык кредиттерди берүү кеңири таралган тажрыйба болбогону жөн. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын (6) 50% өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Бланктык кредиттерди берүү учурунда банк карыз алуучунун сапаттуу финансылык отчетунан жана бланктык кредиттер берилгенге чейинки узак убакыт ичинде (алардын узактыгы кеминде 12 айды түзгөн, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди эске албаганда, кеминде эки жыл) карыз алуучу менен иш алып баруунун кредиттик таржымалынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Эскертүү: Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш.  

150000 сомго жетпеген же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 24 айдан ашпаган кредиттер же көрсөтүлгөн талаптарга ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер бланктык кредиттерге кирбейт. Мындай кредиттердин суммасы карыз алуучунун жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпоого тийиш (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы).  

Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү алардын 20% ашпоого тийиш. 

61. Бланктык кредиттерди берүү кеңири таралган тажрыйба болбогону жөн. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын (6) 50% өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Бланктык кредиттерди берүү учурунда банк карыз алуучунун сапаттуу финансылык отчетунан жана бланктык кредиттер берилгенге чейинки узак убакыт ичинде (алардын узактыгы кеминде 12 айды түзгөн, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди эске албаганда, кеминде эки жыл) карыз алуучу менен иш алып баруунун кредиттик таржымалынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Эскертүү: Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш.  

Бланктык кредиттерге төмөнкү критерийлерге ээ болгон кредиттер кирбейт: 

- 200 000 сомго жетпеген же ага барабар суммада берилген, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 36 айдан ашпаган кредиттер; 

- көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер; 

- суммасы карыз алуучунун жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы) ашпаган кредиттер; 

- пайыздык чени ай сайын Улуттук банктын расмий сайтында жарыялануучу керектөө кредиттери боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендин маанисинен ашпаган кредиттер

Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү таза суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш