Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун долбоору, 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 « Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого жана 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылуучу банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыгылган. 

Долбоор банктык карттардын түрлөрүн жана өзгөчөлүктөрүн камтыган эл аралык шарият стандарттарына (AAOFI SS № 2) ылайык банк карталарын колдонууну жөнгө салуу эрежелерин белгилейт. 

Милдети болуп ислам каржылоо принциптери секторун өнүктүрүү саналат. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоору ислам каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банктарга карата колдонулат. 

Токтомдун долбоорунда банктык операцияларды жүзөгө ашыруу, банктык карттарды колдонуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат, жана 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобонун 2.2-главанын түзүлүшү өзгөрүлөт, ага ылайык: 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банк "кардарыңды бил" саясатынын талаптарына ылайык карта кармоочуну идентификациялоого милдеттүү

Банкка карттардын төмөнкү түрлөрүн чыгарууга уруксат берилет: 

- дебеттик карталар; 

- кредиттик карталар.. 

Токтомдун долбооруна пункт киргизилген, ага ылайык, вади'а йад дамана келишиминин шарттарына ылайык, банк эсептин ээсине чек китепчесин же пластикалык картаны колдонуу менен кызмат көрсөтө алат. Мында банк эсептин ээсинен күндөлүк эсепти жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн төлөм алууга укуктуу. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, токтомдун долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, коммерциялык банктардын расмий веб-сайттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. Бул боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча сунушталат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын (мындан ары Мыйзам) 20-беренесине ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. Жогоруда аталган Мыйзамдын «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери» 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин жоболорунда каралган мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат. Иштелип чыккан токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоонун зарылдыгы тууралуу маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бюджетинен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү тууралуу маалымат  

Иштелип чыгылган токтомдун долбоору 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 6-пунктчасына ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоону талап кылбайт.. Долбоор ченемдерди эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.  

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы сунушталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарууну өтүнөт.  

 

 

Банктарды көзөмөлдөө  

методологиясы жана лицензиялоо  

башкармалыгынын начальниги Ж. Сулайманбекова 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ 

Төраганын орун басары М. Жакыпов 

 

 

 

Долбоор  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү туралуу. 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Башкарманын мүчөлөрү: А. Айбалаева 

М. Жакыпов  

Н. Жениш  

Н. Сагындыков  

Р. Сейткасымова  

З. Чокоев  

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын ____________________ 

№________ токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө” жобонун: 

- 2.11-главасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.11-Глава 

Банктык карттары 

2.11.1. Банкка төмөнкү шарттарда төлөм карттарын чыгарууга уруксат берилет:  

а) карт ээси зарыл сумманы өз убагында төлөбөгөн учурда пайыз төлөбөйт; 

б) банк карт ээси картты Шариятта тыюу салынган максаттарда пайдалана албасын жана бул шарт бузулган учурда банк картты жокко чыгара тургандыгын шарттоого тийиш.  

2.11.2. Банкка карттын төмөнкү түрлөрүн чыгарууга уруксат берилет: 

- дебеттик карттар; 

- кредиттик карттар. 

Банк кардарлар карттын ушул түрлөрүн колдонуусунда эсептеги акча каражаттарына пайыз чегерүүгө укуксуз. 

2.11.3. Банк кардарга эсеп ачууда документтердин каралган формаларын толтуруу эрежелерин жана карт боюнча кирешелерди/чыгашаларды эсептөө тартибин милдеттүү түрдө түшүндүрүп берүүгө жана башка түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш. 

2.11.4. Банк карт ээсинен картты чыгаргандыгы үчүн, картты тейлөө үчүн, картты кайра чыгаргандыгы үчүн, картты алмаштыргандыгы үчүн комиссиялык төлөмдү кармап калууга укуктуу.  

Банк сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө ылайык нак сумманы чыгаргандыгы үчүн так аныкталган акыны өндүрүп алууга укуктуу. Комиссиялардын өлчөмү банк тарабынан аныкталат.  

2.11.5. Банк төлөм катары картты кабыл алган тараптан комиссиондук төлөм кармап калууга укуктуу. Комиссиондук төлөмдөр товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жумшалган суммадан пайыздар катары эсептелет

2.11.6. Банк карт ээлерине отелдердеги, авиакаттамдардагы жеңилдиктерге артыкчылыктуу укуктар, ресторандарда алдын ала макулдашып коюу сыяктуу, Шариат тыюу салбаган жеңилдиктерди берүүгө укуктуу.  

Банктын карт ээсине өмүрдү шарттуу камсыздандыруу, тыюу салынган жерлерге кирүү же тыюу салынган белектерди берүү сыяктуу, Шариат жол бербеген артыкчылыктарды чегерүүсүнө укугу жок.  

2.11.7. Дебеттик карттар. 

Банктар эгерде карт ээси карт менен банктык эсебинде болгон каражаттардын чегинде пайдаланса, дебеттик карттарды чыгарууга укуктуу. 

Банк төмөнкү шарттарда чыгаша (кредиттик) лимити менен карттарды чыгарууга укуктуу: 

- карт ээси тарабынан карызды төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда, пайыздарды төлөө шартын белгилөөгө тыюу салынат; 

-карызды төлөө мөөнөтүн кечиктиргендиги үчүн айыптык төлөмдөр жана туумдар кайрымдуулукка багытталат; 

- банк карт ээсин гарантия катары депозит салууга милдеттендире алат жана бул сумманы карт ээси корото албайт. Банк бул сумманы мудараба бүтүмүнүн шарттарына ылайык карт ээси үчүн пайда алып келгидей максатта инвестициялоого тийиш жана бул суммадан алынган кайсы болбосун киреше мудараба контрактысынын шарттарына ылайык банк менен карт ээсинин ортосунда бөлүштүрүлөт.  

Карт ээсине эгерде бул карт берген банк менен алдын ала макулдашылган болсо жана бул суммага пайыз чегерилбесе, жеткиликтүү каражат лимитинен ашпаган, же андан ашык өлчөмдө накталай сумманы чыгарууга уруксат берилет. 

Эгерде банк бир сумманы төлөм катары картаны кабыл алган тарапка дароо төлөй алса, дебет картасын жана чыгымдоо (кредиттик) лимити бар картаны колдонуу менен алтын, күмүш жана накталай акчаларды сатып алууга жол берилет. 

2.11.8. Кредиттик карттар 

Банк карт ээси кредит суммасын өз убагында кайтарбагандыгы үчүн пайыз, ошондой эле калыбына келтирилген кредиттик лимитти пайдалангандыгы үчүн пайыз төлөбөй турган шартта кредиттик карттарды чыгарууга укуктуу.  

Банк карт ээсин гарантия катары депозит салууга милдеттендире алат жана бул сумманы карт ээси корото албайт. Банк бул сумманы чектелбеген мудараба бүтүмүнүн шарттарына ылайык карт ээси үчүн пайда алып келгидей максатта инвестициялоого тийиш жана бул суммадан алынган кайсы болбосун киреше чектелбеген мудараба контрактысынын шарттарына ылайык банк менен карт ээсинин ортосунда бөлүштүрүлөт. 

Банк кредиттик лимиттерди түзүүгө укуктуу. 

Карт ээси тарабынан карызды төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда, пайыздарды төлөө шартын белгилөөгө тыюу салынат. 

Карызды төлөө мөөнөтүн кечиктиргендиги үчүн айыптык төлөмдөр жана туумдар кайрымдуулукка багытталат. 

Банк кредиттик карттардын продукттары боюнча жарнама жана жарнамалык материалдарды кабыл алууга жана түшүнүүгө так жана жеткиликтүү болгудай жана кардарларды жаңылууга алып келбегидей даярдоого тийиш.  

Банктар маалыматтарды жарнамалоодо, жарыялоодо жана жайылтууда кредиттик карт продуктусунун негизги шарттары жөнүндө толук маалыматты анын толук наркын жана комиссиялык төлөмдүн өлчөмүн көрсөтүү менен ачып берүүгө тийиш. Тексти 12 өлчөмдөн кем эмес бирдей шрифт менен басылып, кабыл алуу жана түшүнүү үчүн так жана жеткиликтүү жазылуусу зарыл.  

Банк карт ээсине кредиттик карттын негизги мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымдоого тийиш. 

Банк каражаттар картка өз убагында кайтарылып берилбеген учурда бардык суммаларды алдын ала чечемелеп көрсөтүү менен штрафтар колдонула тургандыгы тууралуу карт ээсине маалымдоосу жана банк эсептери жөнүндө келишимде көрсөтүүсү зарыл. 

2.11.9. Банкка эгерде ал бул уюмдар үчүн алгылыктуу деп эсептелген Шариат эрежелерин бузбай турган болсо, эл аралык төлөм системаларга кошулууга уруксат берилет. 

Банкка эл аралык төлөм системаларына мүчөлүк төлөмдөрдү, кызмат көрсөтүүлөр үчүн жана башка төлөмдөрдү аларга пайыздык, төлөмдөр камтылганга чейин төлөөгө уруксат берилет.»; 

- 2.12 -глава төмөнкү мазмундагы 2.12.2.5-пункт менен толукталсын: 

«2.12.2.5. Вади'а йад даман келишим шарттары боюнча банк эсеп ээсин чек китепчесин же банктык картын колдонуу менен тейлей алат. Бул учурда банк эсеп ээсинен күндөлүк эсепти жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн акы өндүрүп алууга укуктуу.». 

 

2.Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү туралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө” жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы талаптар аныкталат. Бул жобо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктарга, алар банктык операцияларды жүргүзүүдө анын ичинде мындай операциялардын өзгөчөлүктөрүн жана атайын терминологияны эске алуу менен аны менен бирге "ислам терезеси" аркылуу операцияларды жүзөгө ашырган банктарга да жайылтылат.»; 

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент, аларды БФКУ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялаган БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген "өз кардарыңды бил" саясатынын талаптарына ылайык карт ээлерин идентификациялоого милдеттүү жана операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банк карт ээсин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы №2019-П-12/31-2-(НПА) токтому жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген "өз кардарыңды бил" саясатына ылайык идентификациялоого милдеттүү. БФКУнун кардарынын идентификациялык маалыматтары анын кредиттик картынын номерине байланыштырылууга тийиш.»; 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбооруна 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 

САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА 

 

 

2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган опеарциялар жөнүндө” токтому 

1. 

Глава 2.11 

Төлөм карттары 

2.11.1. Банкка төмөнкү шарттарда төлөм карттарын чыгарууга уруксат берилет: 

а) карт ээси зарыл сумманы өз убагында төлөбөгөн учурда пайыз төлөбөйт; 

б) банк карт ээсин гарантия катары депозитти салууга милдеттендире алат жана бул сумма карт ээси тарабынан сарпталбашы керек. Банк бул сумманы мудараба бүтүмүнүн шарттарына ылайык карт ээси үчүн пайда алуу максатында инвестициялоого жана бул суммадан алынган кандай болбосун киреше мудараба контрактысынын шарттарына ылайык банк менен карт ээсинин ортосунда бөлүштүрүлө тургандыгын маалымдоого тийиш; 

в) банк карт ээсине картты Шариат тарабынан тыюу салынган максаттарда пайдалана албастыгына шарт коет жана бул шарттарды бузууга жол берген учурда банк карточканы алып кое алат.  

2.11.2 Сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө ылайык нак сумманы алгандык үчүн банк өзгөрүлбөгөн төлөмдү алууга укуктуу. Бирок, нак сумма алгандык үчүн төлөм өзгөрүлбөөгө тийиш. Карттарды чыгаруу жана тейлөө үчүн төлөм өлчөмү, ошондой эле төлөм үчүн комиссиондук сыйакы өлчөмү банк тарабынан аныкталат. 

2.11.3. Банк кардардын эсебинде болгон суммага жараша кардарга дебиттик карт берүүгө укуктуу. 

Карт нак акчаларды алуу же банк эмитенттен башка уюмдарда валюталарды сатып алуу үчүн пайдаланылган учурларды эске албаганда, кардар карттарды пайдалануу үчүн банкка комиссия төлөөгө тийиш эмес. 

2.11.4. Карт ээси кредиттин суммасын өз учурунда кайтарып бербеген шартта пайыздарды, ошондой эле жаңыртылган кредиттик лимиттен пайдалангандык үчүн пайыздарды төлөбөй тургандыгы каралган шартта, банк кредиттик карттарды чыгарууга укуктуу. 

2.11.5. Банк төлөм катары картты кабыл алган тараптан комиссиондук төлөм кармап калууга укуктуу. Комиссиондук төлөмдөр товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жумшалган суммадан пайыздар катары эсептелет. 

2.11.6. Банк карт ээлеринен мүчөлүк төлөмдөрдү, карттарды узартуу жана жаңылоо үчүн комиссиялык төлөмдөрдү кармап калууга укуктуу. 

2.11.7 Эгерде карт берген банк менен ошол суммага пайыздар кошуп эсептелинбей тургандыгына алдын ала макулдашылган шартта, карт ээсине каражаттардын белгиленген лимиттен ашпаган же көбүрөөк нак акчаны алуусуна уруксат берилет. 

2.11.8. Банк отелдердеги, авиакаттамдардагы жеңилдиктерге артыкчылыктуу укуктар, ресторандарда алдын ала макулдашып коюу сыяктуу шариат тыюу салбаган жеңилдиктерди берүүгө укуктуу.  

Банк карт ээсине өмүрдү шарттуу камсыздандыруу, тыюу салынган жерлерге кирүү же тыюу салынган белектерди берүү сыяктуу шариат жол бербеген артыкчылыктарды чегерүүсүнө укугу жок. 

2.11.9. Банк шариаттын ошол уюмдар үчүн алгылыктуу деп эсептелинген эрежелерин бузууга жол бербеши шартында карттар менен иш алып барууну жөнгө салуу боюнча эл аралык уюмдарга биригүүсүнө банкка уруксат берилет. 

Банкка карттар менен иш алып барууну жөнгө салуу боюнча эл аралык уюмдарга мүчөлүк төлөмдөрдү, кызмат көрсөтүүлөр үчүн ж.б. төлөмдөрдү алар пайыздык төлөмдөрдү, анын ичинде кыйыр төлөмдөрдү чегербешине чейин төлөп туруусуна уруксат берилет, мисалы кредит берүүнү көңүлгө алуу үчүн сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү көбөйтүү учурларында. 

2.11-Глава 

Банктык карттары 

2.11.1. Банкка төмөнкү шарттарда төлөм карттарын чыгарууга уруксат берилет:  

а) карт ээси зарыл сумманы өз убагында төлөбөгөн учурда пайыз төлөмдөрүн төлөбөйт; 

б) банк карт ээси картты Шариятта тыюу салынган максаттарда пайдалана албасын жана бул шарт бузулган учурда банк картты жокко чыгара тургандыгын шарттоого тийиш.  

2.11.2. Банкка карттын төмөнкү түрлөрүн чыгарууга уруксат берилет: 

- дебеттик карттар; 

- кредиттик карттар. 

Банк кардарлар карттын ушул түрлөрүн колдонуусунда банктык эсептеги акча каражаттарына пайыз чегерүүгө укуксуз. 

2.11.3. Банк кардарга эсеп ачууда документтердин каралган формаларын толтуруу эрежелерин жана карт боюнча кирешелерди/чыгашаларды эсептөө тартибин милдеттүү түрдө түшүндүрүп берүүгө жана башка түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш. 

2.11.4. Банк карт ээсинен картты чыгаргандыгы үчүн, картты тейлөө үчүн, картты кайра чыгаргандыгы үчүн, картты алмаштыргандыгы үчүн комиссиялык төлөмдү кармап калууга укуктуу.  

Банк сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө ылайык нак сумманы чыгаргандыгы үчүн так аныкталган акыны өндүрүп алууга укуктуу. Комиссиялардын өлчөмү банк тарабынан аныкталат.  

2.11.5. Банк төлөм катары картты кабыл алган тараптан комиссиондук төлөм кармап калууга укуктуу. Комиссиондук төлөмдөр товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жумшалган суммадан пайыздар катары эсептелет

2.11.6. Банк карт ээлерине отелдердеги, авиакаттамдардагы жеңилдиктерге артыкчылыктуу укуктар, ресторандарда алдын ала макулдашып коюу сыяктуу, Шариат тыюу салбаган жеңилдиктерди берүүгө укуктуу.  

Банктын карт ээсине өмүрдү шарттуу камсыздандыруу, тыюу салынган жерлерге кирүү же тыюу салынган белектерди берүү сыяктуу, Шариат жол бербеген артыкчылыктарды чегерүүсүнө укугу жок.  

 

2.11.7. Дебеттик карттар. 

Банктар эгерде карт ээси карт менен банктык эсебинде болгон каражаттардын чегинде пайдаланса, дебеттик карттарды чыгарууга укуктуу. 

Банк төмөнкү шарттарда чыгаша (кредиттик) лимити менен карттарды чыгарууга укуктуу: 

- карт ээси тарабынан карызды төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда, пайыздарды төлөө шартын белгилөөгө тыюу салынат; 

-карызды төлөө мөөнөтүн кечиктиргендиги үчүн айыптык төлөмдөр жана туумдар кайрымдуулукка багытталат; 

- банк карт ээсин гарантия катары депозит салууга милдеттендире алат жана бул сумманы карт ээси корото албайт. Банк бул сумманы мудараба бүтүмүнүн шарттарына ылайык карт ээси үчүн пайда алып келгидей максатта инвестициялоого тийиш жана бул суммадан алынган кайсы болбосун киреше мудараба контрактысынын шарттарына ылайык банк менен карт ээсинин ортосунда бөлүштүрүлөт.  

Карт ээсине эгерде бул карт берген банк менен алдын ала макулдашылган болсо жана бул суммага пайыз чегерилбесе, жеткиликтүү каражат лимитинен ашпаган, же андан ашык өлчөмдө накталай сумманы чыгарууга уруксат берилет. 

Эгерде банк бир сумманы төлөм катары картаны кабыл алган тарапка дароо төлөй алса, дебет картасын жана чыгымдоо (кредиттик) лимити бар картаны колдонуу менен алтын, күмүш жана накталай акчаларды сатып алууга жол берилет. 

2.11.8. Кредиттик карттар 

Банк карт ээси кредит суммасын өз убагында кайтарбагандыгы үчүн пайыз, ошондой эле калыбына келтирилген кредиттик лимитти пайдалангандыгы үчүн пайыз төлөбөй турган шартта кредиттик карттарды чыгарууга укуктуу.  

Банк карт ээсин гарантия катары депозит салууга милдеттендире алат жана бул сумманы карт ээси корото албайт. Банк бул сумманы чектелбеген мудараба бүтүмүнүн шарттарына ылайык карт ээси үчүн пайда алып келгидей максатта инвестициялоого тийиш жана бул суммадан алынган кайсы болбосун киреше чектелбеген мудараба контрактысынын шарттарына ылайык банк менен карт ээсинин ортосунда бөлүштүрүлөт. 

Банк кредиттик лимиттерди түзүүгө укуктуу. 

Карт ээси тарабынан карызды төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда, пайыздарды төлөө шартын белгилөөгө тыюу салынат. 

Карызды төлөө мөөнөтүн кечиктиргендиги үчүн айыптык төлөмдөр жана туумдар кайрымдуулукка багытталат. 

Банк кредиттик карттардын продукттары боюнча жарнама жана жарнамалык материалдарды кабыл алууга жана түшүнүүгө так жана жеткиликтүү болгудай жана кардарларды жаңылууга алып келбегидей даярдоого тийиш.  

Банктар маалыматтарды жарнамалоодо, жарыялоодо жана жайылтууда кредиттик карт продуктусунун негизги шарттары жөнүндө толук маалыматты анын толук наркын жана комиссиялык төлөмдүн өлчөмүн көрсөтүү менен ачып берүүгө тийиш. Тексти 12 өлчөмдөн кем эмес бирдей шрифт менен басылып, кабыл алуу жана түшүнүү үчүн так жана жеткиликтүү жазылуусу зарыл.  

Банк карт ээсине кредиттик карттын негизги мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымдоого тийиш. 

Банк каражаттар картка өз убагында кайтарылып берилбеген учурда бардык суммаларды алдын ала чечемелеп көрсөтүү менен штрафтар колдонула тургандыгы тууралуу карт ээсине маалымдоосу жана банк эсептери жөнүндө келишимде көрсөтүүсү зарыл.  

 

2.11.9. Банкка эгерде ал бул уюмдар үчүн алгылыктуу деп эсептелген Шариат эрежелерин бузбай турган болсо, эл аралык төлөм системаларга кошулууга уруксат берилет.  

Банкка эл аралык төлөм системаларына мүчөлүк төлөмдөрдү, кызмат көрсөтүүлөр үчүн жана башка төлөмдөрдү аларга пайыздык, төлөмдөр камтылганга чейин төлөөгө уруксат берилет.  

1. 

Глава 2.12 

Ишеним боюнча жана гарантиялык сактоо бүтүмдөрү 

 

Глава 2.12 

Ишеним боюнча жана гарантиялык сактоо бүтүмдөрү 

Жаңы пункт 

2.12.2.5. Вади'а йад даман келишим шарттары боюнча банк эсеп ээсин чек китепчесин же банктык картын колдонуу менен тейлей алат. Бул учурда банк эсеп ээсинен күндөлүк эсепти жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн акы өндүрүп алууга укуктуу. 

“Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндөгү” жобо жөнундө 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому 

2. "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы талаптар аныкталат 

2. "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы талаптар аныкталат. Бул жобо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктарга, алар банктык операцияларды жүргүзүүдө анын ичинде мындай операциялардын өзгөчөлүктөрүн жана атайын терминологияны эске алуу менен аны менен бирге "ислам терезеси" аркылуу операцияларды жүзөгө ашырган банктарга да жайылтылат. 

31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент, аларды БФКУ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялаган БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген "өз кардарыңды бил" саясатынын талаптарына ылайык карт ээлерин идентификациялоого милдеттүү жана операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банк карт ээсин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы №2019-П-12/31-2-(НПА) токтому жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген. 

31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент, аларды БФКУ террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына ылайык идентификациялаган БФКУнун кредиттик карттарын пайдалануучуларды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген "өз кардарыңды бил" саясатынын талаптарына ылайык карт ээлерин идентификациялоого милдеттүү жана операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банк карт ээсин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы №2019-П-12/31-2-(НПА) токтому жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген "өз кардарыңды бил" саясатына ылайык идентификациялоого милдеттүү. БФКУнун кардарынын идентификациялык маалыматтары анын кредиттик картынын номерине байланыштырылууга тийиш