Кайта келүү

Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо тартиби 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо боюнча иш-аракеттер иштин лицензиялануучу түрү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, виртуалдык активдер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат.  

2. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу болуп Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, виртуалдык активдер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде, виртуалдык активдерге байланышкан кызматтардын бир же бир нече түрлөрүн ишкердик иш катары сунуштаган юридикалык жак. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштаган, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган юридикалык жактардын ишин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. 

4. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштаган башка юридикалык жактардын иши Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актыларына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан жөнгө салынат жана көзөмөлдөнөт.  

5. Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо тартибинде (мындан ары - Тартип) коммерциялык банктар (банктар) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштаган учурда, аларга карата минималдуу талаптар белгиленет. 

6. Бул Тартиптин талаптары виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштаган банктардын ишине таркатылат. 

7. Банк Улуттук банктын макулдугу боюнча жана ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү лицензиясын алуу менен виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоого укуктуу. 

8. Банк ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык, виртуалдык активдерге байланышкан кызматтардын төмөнкү тизмесин сунуштоого укуктуу: 

1) виртуалдык активдерди которууга; 

2) виртуалдык активдерди сактоого, тескөөгө жана контролдоого;  

3) эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого. 

9. Банк тарабынан ушул Тартиптин талаптары бузулган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга жана ыйгарым укуктуу органда банктын лицензиясынын аракетин убактылуу токтотуу/кайтарып алуу жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу. 

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

10. Ушул Тартипте колдонулган терминдерди жана аныктамаларды Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында колдонулган мааниде түшүнүү зарыл. 

3. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу тартиби 

 

11. Банк виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банктын макулдугун алуусу зарыл. 

Банк Улуттук банктын макулдугун алгандан кийин, Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү жөнүндө арызы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат.  

12. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга Улуттук банктын макулдугун алуу үчүн, банк Улуттук банкка документтер топтомун тапшырууга тийиш, анда төмөнкүлөр камтылуусу зарыл:  

- банк Башкармасынын төрагасынын колу коюлган жана банктын мөөрү менен тастыкталган виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга макулдук берүү маселесин кароо жөнүндө арыз; 

- директорлор кеңешинин отурумунун протоколунан толук көчүрмө, анда директорлор кеңешинин виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү чечими, ошондой эле директорлор кеңеши болжолдонгон операцияларга жана алардын банктын ишине тийгизген таасирине ар тараптуу талдоо жүргүзгөндүгү, жана банк тобокелдик-менеджмент кызматынын корутундусунун негизинде, жаңы операцияларга байланыштуу тобокелдиктерди идентификациялагандыгы тууралуу маалымат, корутундунун банктын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү камтылат; 

- виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашыруу боюнча банктын бекитилген бизнес-планы, анда мындай ишти жүзөгө ашыруу зарылдыгынын экономикалык негиздемеси, иш-чараларды жүргүзүү боюнча маркетинг планы, болжолдонгон экономикалык эсептөөлөр, тобокелдиктерди тескөө боюнча стратегия камтылат; 

- банктын ишин кеңейтүү пландаштырылгандыгына байланыштуу анын кайра каралган уюштуруу түзүмү (зарылдыгына жараша);  

- болжолдонгон операцияларга байланыштуу кирешени болжолдоо; 

- виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу жана ички контролдоо системасынын элементтерин камтуучу ички документтер; 

- маалымат коопсуздугун (киберкоопсуздукту) жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жеке маалыматтарды иштеп чыгуу тартибин жөнгө салуучу эрежелер жана жол-жоболор; 

- ички контролдоо программасынын, финансылык мониторингдин ички эрежелери жана жол-жоболору жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик ишти каржылоого жана массалык жок кылуу куралдарын жайылтууну каржылоого бөгөт коюуга багытталган башка жол-жоболор.  

13. Улуттук банк банктын виртуалдык активдерге байланышкан ишти жүзөгө ашырууга даярдыгын текшерүүгө укуктуу.  

14. Улуттук банктын виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга макулдук алуу жөнүндө арызды кароо мөөнөтү 30 (отуз) календарлык күндү түзөт.  

Улуттук банктын макулдугун алуу жөнүндө арызды кароодо, канааттандыруу/канааттандыруудан баш тартуу чечимин Улуттук банктын төрагасынын/банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган Башкарманын мүчөсү кабыл алат.  

Улуттук банк чечим кабыл алынган датадан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ал тууралуу банкка билдирет.  

15. Ушул Тартипке ылайык Улуттук банкка берилүүчү жана бирден көп барактан турган документтердин ар бир барагы көктөлүп, номер жана кол коюлуп, талаптагыдай күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Зарылдыгына жараша, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилүүсү зарыл.  

16. Улуттук банк тарабынан документтерди кароо мөөнөтүнө арыз ээсинин документтерди жеткире иштеп чыгууга короткон убактысы, ошондой эле ушул Тартиптин 14-пунктунда көрсөтүлгөн текшерүү мөөнөтү кирбейт.  

Эгерде Улуттук банк тарабынан алынган документтер Улуттук банк белгилеген талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү белгиленген талаптарга ылайык келген документтер алынган датадан башталат.   

17. Сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан/кошумча документтер банк документтерди жеткире иштеп чыгууга алган датадан тартып 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка тапшырылууга тийиш.  

 

4. Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштаган банктарга карата талаптар 

 

18. Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтар атайын адистештирилген платформаларда сунушталат.  

19. Банк ушул Тартиптин талаптарына ылайык, агент катары 20-пунктта көрсөтүлгөн жана/же виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочулар менен түзүлгөн келишим боюнча бир же бир нече кызматты сунуштоого укуктуу. 

20. Банк виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү лицензиясы болгон шартта төмөнкү кызматтарды сунуштоого укуктуу:  

1) кардардын атынан жана анын кызыкчылыгында атайын адистештирилген платформалар аркылуу виртуалдык актив капчыгынан башка жактардын виртуалдык актив капчыгына которуу (жылдыруу). 

2) виртуалдык активдерди жооптуу сактоо жана (же) администрлөө (тескөө), контролдоо же аларды контролдоо мүмкүндүгүн берүүчү инструменттерди колдонуу.  

Виртуалдык активдерди сактоодо, тескөөдө жана контролдоодо үчүнчү жактардын кызыкчылыгында жана алардын атынан виртуалдык активдерди өз алдынча которуу мүмкүнчүлүгү менен виртуалдык активдердин жана аларды контролдоо инструменттеринин сакталышы камсыз кылынууга тийиш. Виртуалдык активдерди сактоо, тескөө жана контролдоо кызматтарын сунуштаган банк мындай тескөө жана которуу виртуалдык актив ээсинин тапшырмасына ылайык аткарылса гана аларды которот. 

3) эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана (же) ага катышуу. 

Виртуалдык активдерди баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банк эмитенттин атынан, эсебинен жана анын кызыкчылыгында виртуалдык активдери баштапкы жайгаштыруу жана (же) сатуу боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу. 

21. Виртуалдык активдерге укукка ээ болуу жана аны өткөрүп берүү шарттары смарт-контракттарга, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясынын жана (же) ушул сыяктуу технологиянын алдын ала белгиленген алгоритмдерине жана функцияларына ылайык белгилениши мүмкүн, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, анда алар мындай технологиянын алкагында түзүлөт, сакталат жана жүгүртүлөт.  

22. Катышуучулардын виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоодогу өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, катышуучулар ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык белгиленет. 

23. Банк банктын программалык тиркемесинде же виртуалдык активди сактоо жана которуу үчүн каралган башка механизмде/каражатта виртуалдык актив капчыгындагы активди сактоо жана которуу механизмин камсыз кылууга милдеттүү

24. Виртуалдык активдер аларды эсепке алууга мүмкүндүк берүүчү атайын программалык камсыздоодо эсепке алынууга тийиш. 

25. Банк виртуалдык активдин ар бир түрү (аталышы) жана ээси боюнча аларды өзүнчө эсепке алууга милдеттүү

26. Виртуалдык активдердин көлөмү бухгалтердик баланста жана, ага жараша, виртуалдык активдерди эсепке алуу боюнча атайын программалык камсыздоодо чагылдырылган көлөмгө дал келүүгө тийиш. 

27. Банк виртуалдык актив ээлери сактоого өткөрүп берген виртуалдык активдердин сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

28. Банк виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоодо, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары ПФТД/ЛПД) чөйрөсүндөгү мыйзамынын талаптарын сактоого милдеттүү.  

29. Банк виртуалдык актив ээлери жана аларды колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтын купуялыгын жана сакталышын камсыз кылууга тийиш. Виртуалдык актив ээлери жана алардын капчыктары боюнча маалыматтар үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана берилиши мүмкүн. 

30. Банк виртуалдык активдер боюнча маалымат базасынан уруксатсыз пайдалануу мүмкүндүгүнөн коргоо үчүн бардык чараларды көрүүсү зарыл. 

31. Банк виртуалдык активдерге байланышкан кызматтардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

32. Банк виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоо процессин жөнгө салуучу, анын ичинде тобокелдиктерди тескөө, маалымат коопсуздугу, жаңылыш же санкциясыз операциялар боюнча талаш маселелерди чечүүнү кошо алганда, ички ченемдик укуктук актыларына (жобо, саясат, операциялык эрежелер, жол-жобо ж.б.) ээ болууга тийиш, ошондой эле алардын сакталышын камсыз кылуусу зарыл.  

33. Банк ПФТД/ЛПД жана алардын ишине байланышкан тобокелдиктердин талаптагыдай тескелишин камсыз кылуу максатында, тиешелүү документти иштеп чыгууга тийиш. Анда ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү милдеттерди так бөлүштүрүү жана жетекчиликтин курамынан белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылууга жооптуу кызматкерлерди дайындоо менен талаптагыдай башкаруу; кызматкерлерди туруктуу негизде окутуу, системанын тиешелүү деңгээлде иштешин текшерүү үчүн көз карандысыз ички аудит кызматы камтылуусу зарыл.  

34. Банк Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдарына ылайык, кардарды талаптагыдай текшерүүгө милдеттүү.  

35. Банк кардарды талаптагыдай текшерүү процессинде алынган жана чогултулган документтерди жана маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдарында белгиленген мөөнөткө ылайык актуалдуу абалда сактоого тийиш.  

36. Банк операциялар тууралуу жазууларды жана кардарды талаптагыдай текшерүү процессинде алынган, кеминде төмөнкүлөрдү камтыган маалыматты сактоого тийиш: 

- жөнөтүүчүнүн аты (б.а. которууну жөнөткөн кардардын);  

- эгерде операция процессинде мындай эсеп колдонулса (мисалы, виртуалдык актив капчыгынын идентификациялык номери), жөнөтүүчүнүн эсебинин номери;  

- жөнөтүүчүнүн айкын (географиялык) дареги же кардардын идентификациялык номери, туулган күнү жана жери;  

- алуучунун аты;  

- эгерде иш процессинде мындай эсеп колдонулса (мисалы, виртуалдык актив капчыгынын идентификациялык номери), алуучунун эсебинин номери;  

- айрым операциялар тууралуу толук маалымат.  

37. Банк виртуалдык активдерге байланыштуу сунушталган кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматты ушул Тартиптин 1-тиркемесинде белгиленген формага ылайык отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

38. Банк виртуалдык активдерге байланыштуу сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн көбөйтүү үчүн, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, башка виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочуларды гана агент катары ишке тартууга укуктуу. 

39. Улуттук банк мезгил-мезгили менен берилип туруучу отчеттордун негизинде, ошондой эле инспектордук текшерүү учурунда операциялык эрежелердин жана ушул Тартиптин талаптарынын сактылышын контролдойт.  

40. Эгерде виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга лицензия же уруксат берүүчү документтер кайтарылып алынса, ошондой эле виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун иши ыктыярдуу токтотулган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, бул тууралуу банкка билдирүүгө милдеттүү.  

 

5. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашыруучу банктардын агенттерине негизги талаптар 

 

41. Банк виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жакты виртуалдык активдерге байланышкан төмөнкү кызматтарды гана сунуштоо үчүн агент катары тартууга укуктуу: 

1)  виртуалдык активдерди которуу; 

2) эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

42. Агент банк менен түзүлгөн келишимде, ушул Тартиптин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоого укуктуу. 

Агентке банк менен түзүлгөн келишимде, ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоого тыюу салынат. 

43. Агент виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоо процессин жөнгө салуучу, анын ичинде тобокелдиктерди тескөө, маалымат коопсуздугу, жаңылыш же санкциясыз операциялар боюнча талаш маселелерди чечүү жагында (жобо, саясат, операциялык эрежелер, жол-жобо ж.б.) ички документтерди иштеп чыгуусу, ошондой эле алардын сакталышын камсыз кылуусу зарыл.  

44. Агент ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү милдеттерди так бөлүштүрүү жана жетекчиликтин курамынан белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылууга жооптуу кызматкерлерди дайындоо менен алардын ишине байланыштуу тобокелдиктерди талаптагыдай тескөөнү, кызматкерлерди дайыма окутууну, системанын тиешелүү деңгээлде иштешин текшерүү үчүн көз карандысыз ички аудит кызматын камсыз кылууга тийиш.  

45. Агент Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамына ылайык, кардарды талаптагыдай текшерүүгө милдеттүү.  

46. Агент банкка айкын убакыт ыргагында виртуалдык актив ээлери жана операциялар тууралуу маалыматтан пайдалануу мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү

47. Агент виртуалдык актив ээлери жана виртуалдык активдерди колдонуу менен ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтын купуялыгын жана сакталышын камсыз кылууга тийиш. Виртуалдык актив ээлери жана алардын капчыктары боюнча операциялар тууралуу маалыматтар үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык гана берилиши мүмкүн.  

48. Агент виртуалдык активдер боюнча маалымат базасынан уруксатсыз пайдалануу мүмкүндүгүнөн коргоо үчүн бардык чараларды көрүүсү зарыл. 

49. Агент виртуалдык активдерге байланышкан кызматтардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

50. Агенттер тарабынан сунушталган виртуалдык активдер боюнча кызматтар үчүн банк жооптуу болуп саналат.  

51. Банк виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоочу агенттер тууралуу маалыматты тиркемеде белгиленген формага ылайык отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

 

6. Корутунду жоболор 

 

52. Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоочу банк виртуалдык актив ээлери, агенттер тарабынан тиешелүү келишимдердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталышын контролдоого тийиш. 

53. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө келип чыгуучу талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.  

 

 

 

Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо тартибине карата 

1-тиркеме 

 

 

Банктын виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоодогу иши жөнүндө  

ОТЧЕТ 

 

 

Банктын аталышы 

Отчеттук мезгил: (ДД.АА.ЖЖЖЖ)  

 

Виртуалдык активдин аталышы 

Виртуалдык актив капчыктарынын саны  

Виртуалдык активдердин көлөмү (токендердин саны) 

Виртуалдык активдерди колдонуу менен ишке ашырылган которуулардын көлөмү  

Эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан операциялар көлөмү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп 

 

 

 

 

 

 

Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо тартибине карата 

2-тиркеме  

 

 

Банктын агентинин виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоодогу иши жөнүндө  

ОТЧЕТ 

 

 

Банктын агентинин аталышы 

Отчеттук мезгил: (ДД.АА.ЖЖЖЖ)  

 

Агенттин аталышы 

Виртуалдык активдин аталышы  

Виртуалдык актив капчыктарынын саны  

Виртуалдык активдердин көлөмү (токендердин саны)  

Виртуалдык активдерди колдонуу менен ишке ашырылган которуулардын көлөмү  

Эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан операциялар көлөмү  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп