Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кепилдик фонддор боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кепилдик фонддор боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоорунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) токтому менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелери. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Жыл сайын «Кепилдик фонд» ААК кепилдик портфелин көбөйтүүгө, экономика чөйрөсүндөгү ишкер субъекттердин көпчүлүгүн ага камтууга, калайык-калкка бизнести каржылоо жагында жардам берүү үчүн жаңы инструменттерди иштеп чыгууга аракеттенип, ошол аркылуу калкты иш менен камсыз кылууга, көптөгөн жумуш ордун түзүүгө жол ачууда. Ишкердикти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жыл сайын берилген кепилдиктердин саны жана суммасы өсүп, ошону менен бирге иштин түрдүү тармактарында өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өсүшү байкалууда. 

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбасын киргизүү, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо үчүн кепилдик инструменттеринин институтун өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кепилдик системасын унификациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы (мындан ары Мыйзам) иштелип чыгып, кабыл алынган. 

Мыйзамда кепилдиктердин (кепилдик инструменттеринин) ар кандай формаларын жана түрлөрүн колдонуу каралган, алар секторго кредиттик тобокелдиктерди финансы-кредит уюмдары (мындан ары ФКУ) менен кепилдик фонддорунун ортосунда бөлүштүрүү аркылуу кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүүгө, ошондой эле билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгууну автоматташтырууга мүмкүндүк берет, бул ФКУнун жана кепилдик фонддорунун иши жакшырышына жана күчөшүнө алып келет.  

Ошентип, жаңы кепилдик инструменттерин апробациялоо ишкердик субъекттерине кепилдик менен камсыз кылынган кредиттердин көлөмүн кыйла көбөйтүүгө, алардын динамикалуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. 

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, токтомдун долбоорунда жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын мазмунуна кепилдик инструменттеринин жалпы жана өзгөчө аспектилерин, анын ичинде портфелдик кепилдиктерди киргизүү сунушталат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келишин талдап-иликтөө  

Сунушталган токтом долбоору колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы тууралуу маалымат  

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кепилдик фонддор боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы №504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 7-пунктчасына ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт. 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын «___»_________  

№________________________  

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кепилдик фонддор боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кепилдик фонду - акционердик коом формасында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) эсептик каттоо жол-жобосунан өткөн жана кепилдик берүү ишин жүзөгө ашырган юридикалык жак.»; 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Кепилдик фонду кепилдик берүү саясатына ылайык каттоодон өткөндүгү жөнүндө Улуттук банктын күбөлүгү болгон учурда, ишкер субъектилердин жана мамлекеттик турак жай программаларынын катышуучуларынын (мындан ары кардарлар) милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди берүү ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.»; 

- 8-пунктунун: 

- биринчи сүйлөмдөгү «фонддун мөөрү менен» деген сөздөрдөн кийин «(бар болсо)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- экинчи сүйлөмдөгү «документтерге кол коюуга жана Улуттук банкка сунуштоого» деген сөздөр «Улуттук банкка сунуштала турган документтерге кол коюуга ага» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 30-пункту төмөнкү мазмундагы 9) пунктча менен толукталсын: 

«9) Кепилдик фондунун кепилдик берүү саясаты (эки нускада)»; 

- төмөнкү мазмундагы 30-1, 30-2 жана 30-3-пункттар менен толукталсын: 

«30-1. Кепилдик фондунун кепилдик берүү иши кепилдик фондунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген кепилдиктерди берүү боюнча анын ички саясатына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

30-2. Кепилдик фондунун директорлор кеңеши кепилдик берүү саясатынын шайкештигин, лимиттер системасын, тобокелдиктерди тескөө инструменттерин жана жол-жоболорун, ички аудит системасын кайра карап чыгууга милдеттүү. Кепилдик фондунун директорлор кеңеши зарыл учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы, кепилдик фондунун уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрлар курамындагы өзгөрүүлөргө жараша, ошондой эле кепилдик инструменттерин берүү процессине таасирин тийгизген кепилдик фондунун операцияларын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө да, бирок кеминде жылына бир жолу кепилдиктерди берүү саясатын кайра карап чыгууга милдеттүү

Кепилдик фондунун Башкармасы кепилдик фондунун кепилдиктерди берүү саясатынынын аткарылышына жоопкерчиликтүү болуп саналат, ал үчүн тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды кепилдик фондунун ишине жайылтууга милдеттүү

30-3. Кепилдиктерди берүү саясаты портфелдик кепилдиктерди кошо алганда, өзүнө кепилдик инструменттерин берүү процессин камтыган бардык негизги жоболорду камтууга тийиш: 

- жалпы жоболор жана терминдер; 

- кепилдик инструменттерин берүү жол-жоболорунун толук түшүндүрмөсү

- кепилдик инструменттерин берүү критерийлери; 

- финансы-кредит уюму тарабынан карызды өндүрүү боюнча көрүлүүчү, кепилдик фондунун кепилдик инструменти боюнча талаптарды аткаруусу үчүн зарыл чаралардын тизмеси; 

- Кепилдик фондунун негизги (операциялык) ишинин жүрүшүндө келип чыккан маселелерге жана мамилелерге тиешелүү башка жоболор.»; 

- 34-пунктундагы «2, 3 жана 4-пунктчаларында белгиленген» деген сөздөр «2, 3, 4 жана 9-пунктчаларында белгиленген» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 56-пункту мамлекеттик тилде төмөнкү редакцияда берилсин: 

«56. Кепилдик фонддун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу үчүн кепилдик фонду Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч катты сунуштайт: 

1) мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч (1-тиркеме); 

2) кепилдик фонддун катышуучуларынын жалпы жыйынынын уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколун (эки нускада); 

3) 5-тиркемеге ылайык уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор тексти (эки нускада); 

4) кепилдик фонддун жаңы редакциядагы уставы (эки нускада); 

5) акционерлер реестри; 

6) юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кепилдик фонддун болжолдонгон аталышына алмаштырып алуу мүмкүнчүлүгүнө чейин окшош эмес же бирдей эместиги жөнүндө документ (кепилдик фонддун аталышы өзгөргөн учурда); 

7) каттоо органынын аталышка макулдук берүү жана резервге коюу жөнүндө корутундусу.»; 

- 58-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«58. Кепилдик фонду Улуттук банкка кепилдик фондунун ишин жүргүзүүгө күбөлүк берилген документтерге киргизилген башка өзгөрүүлөр тууралуу ошол өзгөрүүлөр киргизилген учурдан тартып 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдайт.»; 

- 59, 61-63-пункттарындагы жалпы тексти боюнча «20 (жыйырма)» деген сандар жана сөздөр «10 (он)» дегенге алмаштырылсын; 

- 4-тиркемесиндеги «ишкердик субъектилерине бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүш чөйрөсүн кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды, инновациялык ишкердикти колдонууга киргизүүгө жана жаңы ишканаларды ачууга багыттоосу үчүн кепилдик берүү аркылуу каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак болуп саналат. Мында, каржылоо дегенден улам кредиттерди жана аларды алмаштыруучуларды сунуштоону, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Мыйзамга ылайык, ислам каржылоо принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылган бүтүмдөрдү/операцияларды түшүнүүгө болот» деген сөздөр «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кепилдик берүү ишин жүзөгө ашырган кепилдик фонду болуп саналат» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кепилдиктерди жана кепилдик инструменттерин берүү жана алар боюнча милдеттенмелерди аткаруу;»; 

- 2-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кепилдик фонддор каржылоо келишими боюнча кардарлардын милдеттенмелеринин бир бөлүгүнө кепилдик берүү аркылуу, ошондой эле финансы-кредит уюмдары менен макулдашуу алкагында өз ишин жүзөгө ашырат.»; 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Бул эрежелерде колдонулган терминдерди жана аныктамаларды Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык түшүнүүгө болот.»; 

- 5 жана 6-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Кепилдиктерди берүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен кепилдик фонд, финансы-кредит уюму менен кардардын ортосунда кепилдик келишимин түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

Портфелдик кепилдиктер финансы-кредит уюмдары менен кызматташуу боюнча тиешелүү келишимдердин алкагында берилет. 

Кепилдик инструменттери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана кепилдик фонддун кепилдик берүү саясатына ылайык берилет. 

6. Кепилдик инструменттери каржылоо келишими боюнча кардардын милдеттенмелеринин бөлүгүнө берилет.»; 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Кепилдик фонддун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сый акынын өлчөмү кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет.»; 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Кардарлардын кепилдик фонддун кепилдиги менен камсыздалуучу милдеттенмелерин тандоо жана аларга карата талаптар кепилдик фонддун ички ченемдик документтери менен жөнгө салынат.»; 

- 10-пунктундагы «кепилдик фонддордун гарантиялары улуттук валютада гана берилет» деген сөздөр «кепилдиктер улуттук валютада берилет» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 11-пунктунун: 

- алтынчы абзацындагы «коммерциялык банктардагы» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдарындагы» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: 

«- портфелдик кепилдиктер боюнча лимит.»; 

- 13-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кепилдик фонддордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жободо аныкталган.»; 

- 23-1-пунктунун биринчи абзацындагы мамлекеттик тилдеги тексттин «уставдык капиталынан» деген сөздөр «өздүк капиталынан» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 23-2 пункту менен толукталсын: 

«23-2. Кепилдик фонддор портфелдик кепилдиктер боюнча лимитти сактоосу зарыл. Финансы-кредит уюму менен кызматташуунун алкагында берилген портфелдик кепилдиктердин лимити бир финансы-кредит уюмуна карата кепилдик фонддун өздүк капиталынан 30% чегинде белгиленген.»; 

- 25-пунктундагы «кепилдик келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 28 жана 29-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Ушул Эрежелердин 28-пунктунда каралган шарттардын аткарылгандыгы тастыкталган учурда, кепилдик фонд кепилдик келишимге жана/же финансы-кредит уюму менен кызматташуу келишимине ылайык өз каражаттарынын эсебинен кепилдик боюнча милдеттенмелерди аткарат. 

29. Милдеттенмелер аткарылгандан кийин кепилдик фонд төлөнгөн (аткарылган) кепилдиктин суммасынын ордун толтурууну талап кылуу укугуна ээ болот. Финансы-кредит уюму кепилдик фонду милдеттенмелерин аткарган күндөн тартып үч күндүн ичинде кепилдиктерди берүү саясатында каралган талап кылуу укугун ырастоочу документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.»; 

- 30-пунктундагы «кепилдик келишими» деген сөздөрдөн кийин «жана/же финансы-кредит уюму менен кызматташуу келишими» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Кепилдик инструменттерин берүү тартиби жана кепилдик инструменттеринин түрлөрү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарды эске алуу менен кепилдик фонддун ички ченемдик документтеринде өз алдынча аныкталат.»; 

- 37-пунктундагы расмий тилдеги тексттин экинчи сүйлөмү алынып салынсын; 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Кепилдик фонддордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актында белгиленет.»; 

- 51-пунктундагы «жана толуктоолорду» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 64-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«64. Улуттук банктын кепилдик фонддорго карата таасир этүү чараларын колдонуунун негизи, учуру жана тартиби, ошондой эле алардын ишин алгылыксыз жана кооптуу иш катары таануу белгилерин аныктоо жана мындай ишке кепилдик фонддун жана анын кызмат адамдарынын катышын аныктоо тартиби таасир этүү чаралары боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.».