Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 2 сентябрындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине карата өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык келтирүү, ошондой эле AAOIFI № 8 «Мурабаха» шариат стандартынын колдонулушун кеңейтүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоору ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу операцияларды жүзөгө ашырган банктарга таркатылат. 

Бул долбоорду иштеп чыгуу: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин «Ислам каржылоо принциптерине ылайык келишимдер» деп аталган 34-1-главасынын мазмунуна карама-каршылыктарын жокко чыгарат; 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзгөн финансы-кредит уюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо 

Иштелип чыккан токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы тууралуу маалымат 

Сунушталган долбоорду кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бюджетинен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат  

Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 7-пунктчасына ылайык юридикалык күчү жагынан жогору болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору каралып жаткан учурларда, алардын жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт. Демек, жобонун долбоору жөнгө салуучу таасирин талдоону талап кылбайт. 

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы сунушталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарууну өтүнөт.  

 

 

Банктарды көзөмөлдөө  

методологиясы жана лицензиялоо  

башкармалыгынын начальниги Ж. Сулайманбекова 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ 

Төраганын орун басары Н. Жениш 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын «___»_________ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы №18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоонун тиркемесинде: 

«Кредиттер жана лизинг (уландысы)/башка активдер» таблицасынын  

361-графасында: 

- «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын  

25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун 1-тиркемесинде:  

«БАЛАНСТЫК ОТЧЕТ» 1-бөлүгүнүн «З. «Банк тарабынан «ислам терезеси» алкагында жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүнүн «А.Активдер» графасында:  

- 3-пунктунун «в)» пункчасында «кард хасан» деген сөздөр «кард» дегенге алмаштырылсын; 

- 3-пунктунун «г)» пункчасында «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

- 7-пунктунун «в)» пункчасында «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 7-пунктунун «г)» пункчасында «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пунктунун «в)» пункчасында «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пунктунун «г)» пункчасында «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пунктунун «к) кард келишими боюнча» пунктчасы менен толукталсын; 

- 12-1 пунктунда «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

«БАЛАНСТЫК ОТЧЕТ» 1-бөлүгүнүн «Банк тарабынан «ислам терезеси» алкагында жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүнүн “Б. Милдеттенме” графасында:  

- 17-пунктунун «в)» пункчасында «кард хасан» деген сөз «кард» дегенге алмаштырылсын; 

- 17-пунктунун «г)» пункчасында «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

- 18-пунктунун «в)» пункчасында «кард хасан» деген сөз «кард» дегенге алмаштырылсын; 

- 18-пунктунун «г)» пункчасында «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

- 22-пунктунун «в)» пункчасында «кард хасан» деген сөз «кард» дегенге алмаштырылсын; 

- 22-пунктунун «г)» пункчасында «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

«ТҮШКӨН ПАЙДА ЖАНА КЕТКЕН ЧЫГЫМДАР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ» деген  

2-бөлүктүн «2А. «Банк тарабынан «ислам терезеси» алкагында жүзөгө ашырылган операциялар боюнча түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүнүн «А. операциялардан алынган кирешелер» графасында:  

- 5-пунктунун «б)» пункчасында «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 5-пунктунун «в)» пункчасында «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 6-пунктунун «б)» пункчасында «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 6 пунктунун «в)» пункчасында «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

«ТҮШКӨН ПАЙДА ЖАНА КЕТКЕН ЧЫГЫМДАР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ» деген  

2-бөлүктүн «2А. «Банк тарабынан «ислам терезеси» алкагында жүзөгө ашырылган операциялар боюнча түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүнүн «Б. Операциялар боюнча чыгашалар» графасынын 18-пунктунун «б)» пунктчасындагы «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

«ТҮШКӨН ПАЙДА ЖАНА КЕТКЕН ЧЫГЫМДАР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ» деген  

2-бөлүктүн «2А. «Банк тарабынан «ислам терезеси» алкагында жүзөгө ашырылган операциялар боюнча түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүнүн «Б. Операциялар боюнча чыгашалар» графасынын 18-пунктунун «в)» пунктчасындагы «шарика» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

«Кредиттер жана лизингдер (уландысы)/БАШКА АКТИВДЕР» 15.4-бөлүгүнүн  

361-пунктундагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

«Кредиттер жана лизингдер (уландысы)/БАШКА АКТИВДЕР» 15.4-бөлүгүнүн  

493-пунктундагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- 360-пунктунда КАПИТАЛ ЖАНА КАПИТАЛДЫН ЖЕТИШТҮҮЛҮГҮНҮН (ШАЙКЕШТИГИНИН) КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ» 15.7-бөлүгүнүн «15.В. «Каржылоо (уландысы)/башка активдер» бөлүкчөсүнүн 360-пунктундагы «Ижара» деген сөз «ижара» дегенге алмаштырылсын; 

«15.В. Каржылоо (уландысы)/башка активдер» бөлүгүнүн 370-пунктунда «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын  

30-октябрындагы №32/2 Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобонун:  

2.1-главасынын: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.1-глава. Мудараба келишими»; 

1-пунктундагы «келишимдин негизинде түзүлгөн бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Мудараба келишими төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:  

Чектелген (атайын) мудараба анын шарттарына ылайык инвестор активдердин же ишкер тарабынан инвестициялануучу объекттердин тизмеги белгилеген мудараба келишими, мында инвестициялоонун ар бир объектисине ишкер жана инвестор менен өзүнчө келишим түзүлөт. Бул учурда инвестор ар бир бүтүм боюнча, өзүнчө келишимде аныкталган каражаттарды пайдалануудан алынган пайданын бөлүгүн алууну болжолдоого укуктуу.  

Чектелбеген (жалпы) мудараба анын шарттары боюнча ишкер Макулдашуунун алкагында жана Макулдашуунун предметине ылайык кандай гана болбосун чектөөлөрсүз, өзүнүн билиминин, тажрыйбасынын негизинде инвестициялоо үчүн объектти өз алдынча аныктай турган мудараба келишими.  

Ачык мудараба анын шарттары боюнча инвестор биринчи талап боюнча ага берилген акча каражаттарын ишкерден мөөнөтүнөн мурда алуу укугу көрсөтүлгөн мудараба келишими. Бул учурда инвестор келишимде каралган пайданын бөлүгүн талап кылууга укугу жок.»; 

3-пунктундагы «Мудараба бүтүмү» деген сөз «мудараба келишими» дегенге алмаштырылсын. 

6-пунктундагы «Мудараба бүтүмү боюнча» деген сөз «мудараба келишими боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

7-пунктундагы «бүтүм боюнча» деген сөз «келишим боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

11-пунктунун «д» пунктчасындагы: 

- «Мудараба» деген сөз «мудараба» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мурабаха» деген сөз «мурабаха» дегенге алмаштырылсын; 

- «Ижара» деген сөз «ижара» дегенге алмаштырылсын; 

- «Истиснаа» деген сөз «истиснаа» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

11-пунктунун «ж)» пункчасындагы: 

- «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

12-пунктунун: 

- «а)» пункчасындагы ар башка сандагы «Мудараба бүтүмү» деген сөздөр тиешелүү сандагы «Мудараба келишими» дегенге алмаштырылсын; 

«б)», «в)», «г)» пункчаларындагы «бүтүмдөр боюнча» деген сөздөр «келишимдер боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мудараба» деген сөз «мудараба» дегенге алмаштырылсын; 

- «Банкка» деген сөз «банкка» дегенге алмаштырылсын; 

- «д)» пунктчасындагы «Банкка» деген сөз «банкка» дегенге алмаштырылсын: 

- «Мудараба» деген сөз «мудараба» дегенге алмаштырылсын; 

2.2-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: «2.2-глава. Шарика/мушарака келишими»; 

1-пунктундагы «Шарика келишими» деген сөздөр «Шарика/мушарака келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2-пунктунун: 

- биринчи, экинчи абзацтарындагы «Шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын;  

үчүнчү абзацта «Мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

3-пунктунун: 

- биринчи абзацында «Мушарака бүтүмүндө» деген сөздөр «кемүүчү мушарака келишиминде» дегенге алмаштырылсын; 

- «Шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

3-пунктунун экинчи абзацындагы 6, 7, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 19, 20, 22, 24, 27, 28, 29, 33, 34, 35-пункттарындагы «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

2.3-главанын : 

- аталышы «2.3-глава Мурабаха келишими» деген аталыш менен алмаштырылсын; 

1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Мурабаха келишими бул банк тарабынан кардардын билдирмеси боюнча сатып алынган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды сатуу келишими. Мурабаха келишими боюнча тиешелүү лицензиясы бар банк кардардын билдирмеси боюнча өзүксатып алган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды бөлүп төлөп берүү шартында кардарга сатууга милдеттенет. Мурабаха келишиминин предметин кардарга сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка (транспорттук чыгымдар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) төлөө суммасынан турат. Үстөкдөрдүтөмөнкүчө коюлушу мүмкүн:  

- бир жолку төлөнүүчү сумма;  

- мурубаха келишиминин предметинин наркынын үлүшү.»; 

2-пунктундагы: 

- «Мурабаха бүтүмүнүн» деген сөздөр «Мурабаха келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

3-пунктунун: 

- биринчи абзацында «Мурабаха бүтүмү» деген сөздөр «мурабаха келишими» дегенге алмаштырылсын; 

үчүнчү абзацында «Мурабаха бүтүмүнүн» деген сөздөр «мурабаха келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

4, 5, 7-пункттарындагы «Мурабаха» деген сөз «мурабаха» дегенге алмаштырылсын; 

7-пунктунун:  

- 3-пунктчасынын жетинчи абзацындагы «ошол бүтүмдөн» деген сөздөр «ошол келишимден» дегенге алмаштырылсын; 

онунчу абзацындагы «Банкка» деген сөз «Банк» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мурабаха бүтүмдөрү» деген сөздөр «мурабаха келишимдери» дегенге алмаштырылсын; 

он биринчи абзацында: 

- «Мушараканы» деген сөз «кемүүчү мушараканы» дегенге алмаштырылсын; 

13-пунктундагы: 

- «Банк» деген сөз «банк» дегенге алмаштырылсын; 

- «Мурабаха бүтүмү боюнча» деген сөздөр «мурабаха келишими боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

14-пунктундагы: 

- «Мурабаха бүтүмдөрү боюнча» деген сөздөр «мурабаха келишимдери боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

15-пунктундагы: 

- биринчи абзацта «Мурабаха бүтүмү боюнча» деген сөздөр «мурабаха келишими боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- төртүнчү абзацта «ошол бүтүмдүн» деген сөздөр «ошол келишимдин» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.1-главанын:  

- аталышындагы «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«2. Товардык мурабаха (таваррук) келишими банк тарабынан акча каражатын, анын ичинде инвестиция тартуу инструменти катары колдонулат. Мындай келишимди банктын кардарларынан акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонууга жол берилбейт. 

Келишимде тараптар катары финансы-кредит уюмдары иш алып барган учурда, товардык мурабаха (таваррук) келишими тараптардын бири үчүн акча каражаттарын жайгаштыруу инструменти катары каралышы мүмкүн.  

Товардык мурабаха (таваррук) келишими банк тарабынан төмөнкү шарттардын бири сакталган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн юридикалык жакты же жеке ишкерди (мындан ары юридикалык жак) каржылоо инструменти катары колдонулушу мүмкүн:  

- товардык мурабаха (таваррук) келишиминен айырмаланган бүтүмдөрдүн жана келишимдердин түрүн колдонуу менен каржылоо сунуштоо максатка жетүүгө мүмкүндүк бербесе;  

- келишим ликвиддүүлүк менен камсыздоо же ликвиддүү акча каражаттары тартыштыгынын ордун жабуу мүмкүн эмес болгондугуна же кардарлардын чыгым тартуусуна бөгөт коюу максаттарына байланыштуу келишилсе;  

- келишимдин максаты катары банк юридикалык жактан ислам каржылоо принциптери боюнча сунушталуучу кызматтарга толугу менен өтүү жөнүндө негиздүү чечимин алгандыктан, юридикалык жактын кредиттерин кайра каржылоо саналса..»; 

4, 5-пункттарында: 

- «бүтүмүнүн» деген сөз «келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

7-пунктунун: 

- биринчи жана үчүнчү сүйлөмдөрүндөгү «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

8-пунктундагы: 

- «бүтүмүнө» деген сөз «келишимине» дегенге алмаштырылсын; 

9-пунктундагы: 

- «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын. 

10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Товардык мурабаха (таваррук) келишими ушул главанын талаптарын, ошондой эле төмөнкү талаптарды сактоо менен валюта тобокелдигин хеджирлөө инструменти катары колдонулушу мүмкүн:  

- бүтүмдөр биржалык товар түрүндө келишилсе;  

- бир валютадагы товардык мурабаха (таваррук) келишими жана биринчи валютадан айырмаланган валютада кайтарым товардык мурабаха (таваррук) келишими өз ара байланыштуу болбосо. Тараптар ортосунда келишилген бир бүтүмдүн аткарылбашы экинчи келишимди жокко чыгарбаса;  

- эки келишимдин тең аткаруу мөөнөттөрү бири-бирине дал келүүгө тийиш.»; 

11-пунктундагы «бүтүмүн» деген сөз «келишимин» дегенге алмаштырылсын; 

2.4-главанын: 

- аталышы «2.4-глава Иджара келишими» деген жаңы аталыш менен алмаштырылсын; 

1-пунктундагы «бүтүм» деген сөз «операция» дегенге алмаштырылсын; 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «2. Иджара келишими бул ижарага берүүчү кардардын билдирмеси боюнча менчигине сатып алган, же ижарачы кайрылган учурда анын менчигинде турган мүлктү же болбосо ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча пайдалануу укугуна ээ болгон мүлктү ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы төлөө үчүн пайдаланууга (ижарага) сунуштоо келишими. 

Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча мындай укукту макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы үчүн ижарачыга андан ары берүү менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугуна ээ болот.». 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «3. Иджара мунтахийя биттамлик келишими бул иджара келишиминин шарттарын камтыган келишим, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү келишимдин шарттарына ылайык сатып алууга милдеттенет.»;  

4-пунктунун: 

- биринчи абзацында «бүтүмүнө» деген сөз «келишимине» дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи абзацында «бүтүмүнө» деген сөз «келишимине» дегенге алмаштырылсын; 

5-пунктунун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «Салынган сумма ижарачы убадасын бузган учурда келип чыккан зыяндын ордун жабуу, ошондой эле ижарачынын макулдугу менен сатып алуу-сатуу келишими боюнча мүлктү сатып алуу үчүн алдын ала төлөм катары же ижара төлөмдөрү үчүн алдын ала төлөм катары гана пайдаланылат.»; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «Ижарага берүүчү ижарачы менен макулдашуу боюнча акча каражаттарынын көрсөтүлгөн суммасын.» деген 3 абзац «Ижарачы менен макулдашуу боюнча, ижарага берүүчү мудараба келишиминин негизинде каражаттардын көрсөтүлгөн көлөмүн инвестициялоо үчүн пайдалана алат.»; 

6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Иджара келишиминин предмети катары кыймылдуу (акчаны, баалуу кагаздарды жана керектелүүчү мүлктү кошпогондо) жана кыймылсыз мүлк же болбосо андан алынуучу пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шарият стандарттарына каршы келбеген учурда колдонулуучу кызмат көрсөтүүлөр болушу мүмкүн.»; 

12-пунктунун экинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Камсыздандыруу чыгашалары ижарага берүүчүгө жүктөлөт, алар ижарачы тарабынан ижарага берүүчүгө төлөнүп берилүүгө тийиш.»; 

13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«13. Иджара келишимин аткаруу үчүн банк мүлктү менчигине сатып алат же кызмат көрсөтүү укугуна ээ болот.»;  

20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:: 

«20. Ижара келишиминин негизги шарттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

а) аталышы, ошондой эле Иджара келишиминин предметин тастыктоого жетиштүү болгон маалыматтар; 

б) тараптардын Иджара келишиминин предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө/сунуштоого байланыштуу укуктары жана милдеттери; 

в) ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү, төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү

г) Иджара предметин тандоону жүзөгө ашырган тараптардын жана сатуучунун көрсөтмөлөрү

д) жана башка шарттар. 

36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Иджара келишиминин предмети жок кылынган же бузулган жана аны андан ары пайдалануу мүмкүн болбогон учурда, калган иджара төлөмдөрү төлөнбөйт»; 

40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«40. Иджара келишими төмөнкү учурларда токтолушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) иджара келишиминин мөөнөтү аяктаганда; 

3) мүлктү ижарачыга сатууда; 

4) тараптарга көз каранды болбогон башка себептер боюнча.»; 

40-пункту төмөнкү мазмундагы 40.1-пунктча менен толукталсын: 

«40.1. Иджара келишими бир тараптуу түрдө токтолушу мүмкүн: 

1) иджара келишиминин шарттары бузулганда; 

2) иджара төлөмдөрүнүн мөөнөтү сакталбаган же токтотулган учурда; 

3) келишимде көрсөтүлгөн башка себептер боюнча.»; 

42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«42. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминде менчик укугун өткөрүп берүү убадасы ижарачы келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарган шартта, ижарага берүүчү тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат»; 

2.5-главанын: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5-глава. Кард келишими»; 

1-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«1. Кард бул келишим, ага ылайык бир тарап келишимдин негизинде экинчи тарапка акча каражаттарын кайтарып берүү шартында, же кайрымдуулук максатында пайызсыз насыя түрүндө берет. 

Банк кард келишимин акча каражаттарын тартуунун бир формасы катары же кандайдыр бир акы албастан, кайтарып берүү шартында ссуда берүүнүн бир формасы катары карайт.»; 

2-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«2. Кард келишими жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт. 

Кард келишиминде келишим түзгөн биринчи тараптан эч кандай кирешелүүлүктүн жоктугу жана келишим түзгөн экинчи тараптын алынган каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгү болжолдонот. 

Кард келишиминде төмөнкү негизги шарттар камтылат: 

- берилген сумманын өлчөмү

- келишимдин колдонуу мөөнөтү, кайтарып берүү күнү

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- учурдагы эсепти жүргүзүү үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм.»; 

3-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«3. Банк ишинде кард келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары банктын ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча депозиттер катары каралат. 

Кард келишиминин шарттары боюнча кардар банкка акча каражаттарын пайызсыз негизде, кардардын аларды эркин башкаруу мүмкүнчүлүгү менен берет, ал эми банк өз кезегинде өзүнүн инвестициялык саясатына ылайык тартылган ресурстардын бөлүгүн пайдалана алат. 

Күндөлүк ликвиддүүлүктүн талап кылынуучу деңгээлин жана милдеттенмени өз убагында аткаруу жөндөмдүүлүгүн кармап туруу максатында, банктын кассада же болбосо корреспонденттик эсепте акча каражаттарынын жетиштүү көлөмүн кармап туруусу зарыл. 

Кард келишиминин шарттары боюнча банк эсеп ээсин чек китепчесин же болбосо пластик карточкасын пайдалануу менен тейлей алат. Бул учурда банк эсеп ээсинен күндөлүк эсепти жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдү ала алат. 

Өзүнчө Бул учурда банк эсеп ээсинен келишиминин шарттарында ссуда берүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.»; 

4, 5, 6-пункттарда: 

- «Кард Хасан» деген сөздөр «кард» дегенге алмаштырылсын; 

4-пунктундагы «Банктын» деген сөз «банктын» дегенге алмаштырылсын; 

7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Акча каражаттарын тартуу боюнча кард келишими мазмуну боюнча депозиттик операцияларга (мөөнөттүү пайызсыз депозиттер) теңдештирилет жана К5 экономикалык ченемдер менен чектелет (жеке адамдардын депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми). Ошондой эле бул жобого ылайык, анын ичинде кард операциялары боюнча банк концентрация тобокелдигин аныктайт жана ички жоболорго ылайык аларды тескейт. 

Кард келишимдерин эсепке алуунун эсептери милдеттүү камдык талаптардын эсебине кошулат. Ликвиддүүлүктүн коэффициентин эсептөөдө бул милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндөгү жобого ылайык банктын милдеттенмелеринин суммасына кошулат.»; 

8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Кард операциялары боюнча жайгаштырылган активдер өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге теңдештирилет жана кредиттерди жайгаштыруу менен байланыштуу бардык чектөөлөргө дуушар болот. 

Капиталдын адекваттуулугунун коэффициентин эсептөөдө жана тобокелдиктин даражасы боюнча аларга баа берүүдө кард операциясы боюнча жайгаштырылган активдер 100% кредиттик тобокелдиктин даражасындагы кредиттерге теңдештирилет. 

Банк менен байланыштуу адамдар менен кард келишимдери Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин инсайдерлери жана аффилирленген адамдары менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар жөнүндө нускоого ылайык, банк тарабынан ишке ашырылат.»; 

2.6-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «2.6-глава. Истиснаа келишими жана параллель истиснаа келишими»; 

1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Истиснаа келишими бул, анын шарттарына ылайык, бир тарап (подрядчы) экинчи тараптын (буйрутмачынын) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга жана анын натыйжасын белгиленген мөөнөттө буйрутмачыга тапшырууга милдеттенген, ал эми буйрутмачыны иштин натыйжасын кабыл алууга жана алдын ала макулдашылган наркын төлөөгө милдеттендирген келишим.»; 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2. Истиснаа келишиминин предмети болуп, подрядчынын колдо болгон материалдарды (чийки затты) милдеттүү түрдө колдонуу менен объектти даярдоо, иштеп чыгуу (объекттин сапатын жакшыртуу же анын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн өзгөртүү) же кайра иштетүү (колдо болгонун жок кылуу натыйжасында жаңы объектти түзүү) боюнча иши же болбосо башка ишти аткаруу жана анын натыйжасын белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык тапшыруу саналат.  

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3. Параллель истиснаа келишими өзүнчө эки истиснаа келишиминин негизинде колдонулат, аларга ылайык, бир эле жак биринчи учурда - берүүчү катары катыша алат жана буйрутмачы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзөт, ал эми экинчи учурда - сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи истиснаа келишиминин алкагында өзүнүн буйрутмачынын алдындагы белгилүү бир милдеттенмелерин аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчысы менен башка келишим түзөт.»; 

13-пунктунда: 

- «Истиснаа бүтүмү» деген сөздөр «Истиснаа келишими» дегенге алмаштырылсын; 

43-пунктундагы «Банктын инвестициялары Истиснаа бүтүмдөрүндө» деген сөздөр «банктын инвестициялары истиснаа келишимдеринде» дегенге алмаштырылсын; 

48-пунктунда: 

- «Истиснаа жана Параллель Истиснаа бүтүмдөрү боюнча» деген сөздөр «Истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

49-пунктунда: 

- «Истиснаа жана Параллель Истиснаа бүтүмдөрү боюнча» деген сөздөр «истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

2.7-главанын аталышы жаңы редакцияда берилсин: 

- «2.7-глава. Гарантия жөнүндө келишим»; 

1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Гарантия жөнүндө келишим (милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу бүтүмү) боюнча бир тарап экинчи тараптын алдындагы үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча гарант болуп саналат.»; 

11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«11. Эгерде банк мудараба же кемүүчү мушараканын негизинде келишим түзсө, ага валюта курсунун өзгөрүшүнө гарантия берүүгө жол берилбейт.»; 

2.8-главанын: 

аталышы жаңы редакцияда берилсин: 

- «2.8-глава. Салам келишими»; 

1-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте белгиленген мөөнөттө экинчи тарапка (сатып алуучуга) товарды өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишимин түзүү учурунда ошол товар үчүн төлөөгө милдеттенет.»; 

2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Параллель салам келишими бул өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу болуп саналат жана белгилүү бир товарды сатып алуу, андан кийин аны берүү жана келишимге кол койгон учурда төлөөнү жүзөгө ашыруу жөнүндө сунуштоочу менен келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн эле товарды, ошол эле санда жана датада, экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркын төлөгөн башка буйрутмачыга сатат.»; 

15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Салам келишими боюнча сунуштоочу болуп саналган кардардын карызын капитал катары пайдаланууга жол берилбейт.»; 

39-пунктундагы «Салам бүтүмү боюнча» деген сөздөр «салам келишимдери боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

44-пунктундагы «Салам бүтүмдөрү боюнча» деген сөздөр «салам келишимдери боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

2.9-главанын: 

аталышы жаңы редакцияда берилсин: 

«2.9-глава. Документардык аккредитив келишими»; 

13-пунктунда: 

- «Мушарака же Мудараба» деген сөздөр «кемүүчү мушарака же мудараба» дегенге алмаштырылсын; 

2.12-главанын аталашы жаңы редакцияда берилсин: 

«2.12-глава. Ишенимдүү (вадиайад аманат) жана гарантияланган түрдө (вадиайад дамана) сактоо келишимдери»; 

1-пунктунун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Ишенимдүү сактоо келишими (вадиайад аманат).»; 

1-пунктунун 1.1-пунктчасындагы «Вади'а Йад Амана бүтүмү (келишими)» деген сөздөр «вадиайад аманат келишими» дегенге алмаштырылсын; 

1.2-пунктчасындагы «Вади'а Йад Амана» деген сөздөр «вадиайад аманат» дегенге алмаштырылсын; 

2.13-глава жаңы редакцияда берилсин: 

«Хиба сый акысы кард, вади'айад дамана жана пайызсыз негиздеги башка депозиттик (аманаттык) операциялар шарттарында акча каражаттарын жайгаштырган банктын кардарларына төлөнүүчү материалдык колдоо.  

Кард, вади'айад дамана жана башка пайызсыз негиздеги башка депозиттер (аманаттар) келишимдеринде гарантияланган кирешелүүлүк каралбагандыгынан улам, хиба сый акысын төлөө, банк ишинин натыйжасына жараша, анын эрки боюнча жүргүзүлөт.  

Банк акчалай түрүндө сыяктуу эле, белектер, жеңилдиктер жана банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча тарифтерге жеңилдиктер түрүндөгү башка формада хиба сый акысын төлөп бериши мүмкүн. 

Кард, вади'айад дамана жана пайызсыз негиздеги башка депозиттер (аманаттар) келишимдери боюнча ислам аманаттарын (депозиттерин) кабыл алууга тиешелүү маалыматтарды жайгаштырууда банк, ислам аманаттарын (депозиттерин) кабыл алуу жөнүндө банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, иште алгылыктуу натыйжага жетишилген шартта, аманатчыларга алар салган аманаттын (депозиттин) өлчөмүнө көз карандысыз хиба сый акысын колдоо түрүндө төлөп бериши мүмкүндүгүн потенциалдуу кардарларына (аманатчыларына) маалымдоого милдеттүү.»; 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун:  

2.1-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1-глава. Мудараба келишими»; 

2.1.1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1.1 Мудараба келишими бул келишим, ага ылайык бир тарап - инвестор капиталды (акча каражаттарын) сунуштайт, ал эми экинчи тарап (мудариб) ошол капиталды кабыл алуу менен пайда алуу максатында аларды тескөөгө алат. Мында алынган пайда келишим шарттарына ылайык, тараптар ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүлүүгө тийиш. Мударибдин же башка тараптын инвестор алдындагы карызын/милдеттенмесин мудараба келишиминде капитал катары пайдаланууга жол берилбейт.»;  

2.1.2-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«2.1.2 Мудараба келишимдери төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: 

Чектелген (атайын) мудараба мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор мударибдин инвестициялоосу үчүн активдердин түрлөрүн же долбоорлорун аныктайт. 

Чектелбеген (жалпы) мудараба мудараба келишими, анын шарттарына ылайык мудариб каражаттарды иш чөйрөсүнүн кайсыл болбосун багытына өз каалоосу боюнча пайдаланууга укуктуу. 

Ачык мудараба бул мудараба келишими, анын шарттарына ылайык, инвестор мудариб тарабынан берилген каражаттарды мөөнөтүнөн мурда (биринчи талап боюнча) алууга укуктуу. Мында банк (эгерде ал мудариб катары саналса) инвесторго акыркы толук мезгил (ай, жыл) үчүн пайданы төлөп берет. 

Тараптар инвестордун капиталды акырындап кайтарып алуусун макулдашышы мүмкүн.»; 

2.1.3., 2.1.6., 2.1.7-пункттарында: 

- «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2.2-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2-глава. Шарика/мушарака келишими»; 

2.2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.2.1. Шарика/мушарака келишими эки же андан көп тараптардын ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөктөш тийиштүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө шарика/мушарака келишимине ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш жүргүзүүгө укук берет, ал эми келип чыккан чыгымды ар бир өнөктөш компаниянын жалпы капиталындагы салымына жараша өз мойнуна алат»; 

2.2.11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.2.11. Тараптар шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын тескөө боюнча кызмат көрсөтүү түрүндө өз салымын кошкон же өз кызматын кандайдыр бир башка формада сунуштаган, мисалы, бухгалтердик эсеп жагында кызмат көрсөткөн өнөктөшкө белгиленген сый акыларды карашы мүмкүн. Мында шарика/мушарака келишиминин тараптары мындай өнөктөшкө анын өнөктөштүк капиталдагы өз үлүшүнө ылайык иштеп тапканына караганда, пайданын көбүрөөк бөлүгүн белгилеши мүмкүн.»;  

2.2.16-пунктундагы “шарика” деген сөз “шарика/мушарака” дегенге алмаштырылсын; 

2.3-главанын аталышында «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.1-пунктунун биринчи абзацы жаңы редакцияда берилсин:  

«2.3.1 Мурабаха келишими бул, кардардын билдирмеси боюнча банк тарабынан сатылып алынган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды бөлүп төлөө шартында сатуу келишими. Мурабаха келишими боюнча тиешелүү лицензиясы бар банк кардардын билдирмеси боюнча өзү сатып алган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды бөлүп төлөп берүү шартында кардарга сатууга милдеттенет. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөө (транспорттук чыгымдар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммасынан турат.»;  

2.3.2-пунктундагы «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.3-пунктундагы «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.7-пунктунун онунчу абзацындагы «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

он биринчи абзацы жаңы редакцияда берилсин: 

«Мурабаха келишиминин тараптарына шарика/мушарака келишиминде же тараптардын биринин шарика/мушарака келишиминде катышуусун (үлүшүн) же кийинкиге калтырылган милдеттенмелерин мурабаха келишиминин жарамы менен нак акча каражатына сатып алуу милдеттенмеси каралган келишиминде катышууга тыюу салынат.»;  

глава төмөнкү мазмундагы 2.3.13-пункту менен толукталсын:  

«2.3.13 Банк мурабаха тиджария (коммерциялык мурабаха) келишими боюнча операцияларды жүргүзүүгө укуктуу (коммерциялык мурабаха).»; 

төмөнкү мазмундагы 2.3.14-пункту менен толукталсын:  

«2.3.14 Мурабаха тиджария келишимдин шарттарына ылайык товарларды сатып алуу жана сатууну камтыган мурабаханын ислам финансылык түзүмүнө негизделген операциянын бир түрү.»; 

төмөнкү мазмундагы 2.3.15-пункту менен толукталсын:  

«2.3.15 Мурабаха тиджария келишими пайда алуу максатында, банктын өзүнүн каалоосу боюнча кардарга андан ары сатуу үчүн товарды сатып алуу боюнча соода келишими. Бул келишимге ылайык, банк кардардын билдирмесисиз товарды сатып алат жана мурабаха тиджария келишиминин шарттарына ылайык бул товарды үчүнчү жакка сатат.»; 

төмөнкү мазмундагы 2.3.16-пункту менен толукталсын:  

«2.3.16 Мурабаха тиджариянын негизги шарттары: 

1) банк дароо төлөө шарттарында товарды өз алдынча (кардардын билдирмесисиз) сатып алууга укуктуу; 

2) банк товарга жана аны сатуу мүмкүнчүлүгүнө кылдат талдоо жүргүзүүгө тийиш; 

3) келишимдин предмети болуп өзүнүн керектөө касиеттерин узак мөөнөткө  

(1 жылдан ашык) сактаган керектелбеген товарлар жана күйүүчү-майлоочү материалдар гана саналат. Керектелбеген товарларга имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорт каражаттары, тиричилик техникасы, эмерек ж.б. кирет. 

4) банк «мурабаха тиджария» келишими боюнча баалуу металлдар (алтын жана күмүш) жана чет өлкө валютасы менен бүтүмдөрдү ишке ашырууга укугу жок. 

5) банк товарларды «чектелген мудараба» келишимдери боюнча ишке тартылган юридикалык жактардын инвестициялык аманаттарынын эсебинен гана сатып алат. Банктын менчигинде турган товарлардын жалпы наркы «чектелген мудараба» келишимдери боюнча тартылган юридикалык жактардын инвестициялык аманаттарынын суммасынан жана банктын уставдык капиталынын 10%ынан ашпоого тийиш; 

6) «Мурабаха тижария» келишими боюнча сатып алынган товарлар баланста таанылгандан 90 күн өткөндөн кийин банктын башка менчигинин категориясына которулат жана Улуттук банктын талаптарына ылайык «субстандарттуу» актив катары классификацияланат; 

7) мурабаха тижария келишими боюнча сатуу максатында сатылып алынган банктын башка мүлкү (товар), эгерде ал төмөндөгү мөөнөттөр өткөндөн кийин сатылбаса, жоготуу катары классификацияланат: 

- кыймылдуу мүлккө алты ай; 

- кыймылсыз мүлккө менчик укугу пайда болгон учурдан тартып бир жыл. 

8) банк үчүнчү жакка (акыркы сатып алуучуга) товарларды сатуу боюнча агент катары сунуштоочуну же башка юридикалык жакты дайындоого милдеттүү. Мында агент керектүү инфраструктурага ээ болушу жана төмөнкү шарттарга ылайык келүүсү зарыл: 

- соода үчүн/кампа аянтынын болушу; 

- тастыктоочу документтерди берүү менен акыркы 3 жылдан кем эмес соода ишинде тажрыйбасы болушу; 

- салык жана социалдык төлөмдөрдү кошо алганда, мөөнөтү өтүп кеткен карызы болбоого тийиш; 

9) банк менен байланышкан юридикалык жактар/аффилирленген компаниялар же банктын кызматкерлери товарларды сатуу боюнча агент боло алышпайт.»; 

2.3.1-главанын аталышында «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.1.1-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«2.3.1.1 Товардык мурабаха (таваррук) акча каражаттарын алуу максатында түзүлгөн, эки келишимден турган келишим: мурабаха келишиминин шарттарында төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен товарды сатып алуу жана андан ары бул товарды баштапкы сатуучу болуп саналбаган үчүнчү жакка дароо сатуу.»; 

2.3.1.2-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«2.3.1.Товардык мурабаха (таваррук) келишими банк тарабынан акча каражаттарын, анын ичинде инвестиция тартуунун инструменти катары колдонулат. Бул келишим банктын кардарларынан акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонулушу мүмкүн эмес. 

Товардык мурабаха (таваррук) келишими, эгерде келишимдин тараптары финансылык-кредиттик уюмдар болуп саналса, келишимдин тараптарынын бири үчүн акча каражаттарын жайгаштыруу инструменти катары каралышы мүмкүн. 

Товардык мурабаха (таваррук) келишими банк тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте катталган юридикалык жактын же жеке ишкердин (мындан ары юридикалык жак) каржылоо инструменти катары төмөнкү шарттардын бирин сактоо менен пайдаланылышы мүмкүн: 

- товардык мурабаха (таваррук) келишиминен башка бүтүмдөрдүн жана келишимдердин түрлөрүн пайдалануу менен каржылоону берүү каржылоонун максатына жетүүгө мүмкүндүк бербесе; 

- келишим ликвиддүүлүктү камсыз кылуу, же ликвиддүү каражаттардын тартыштыгынын ордун жабуу мүмкүн болбогондуктан же кардарларынын чыгымын болтурбоо максатында түзүлгөн; 

- келишимдин максаты банктын юридикалык жактын ислам каржылоо принциптерине ылайык көрсөтүлүүчү кызматтарга толук өтүү жөнүндө негиздүү чечимин алгандыгына байланыштуу, юридикалык жактын кредиттерин кайра каржылоо болуп саналат.»; 

2.3.1.4-пунктундагы «бүтүмүнүн» деген сөз «келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.1.7-пунктундагы «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.1.8-пунктундагы «бүтүмүнө» деген сөз «келишимине» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.1.9. пунктундагы «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2.3.1.10-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«Товардык мурабаха (таваррук) келишими ушул главанын талаптарын, ошондой эле төмөнкү талаптарды сактоо менен валюта тобокелдигин хеджирлөө инструменти катары колдонулушу мүмкүн: 

- биржалык товарлар менен келишимдер түзүлөт; 

- бир валютадагы товардык мурабаха (таваррук) келишими жана биринчи валютадан башка валютадагы кайтарым товардык мурабаха келишими өз ара байланышта болбосо. Тараптар ортосунда келишилген бир келишимдин аткарылбашы экинчи бүтүмдү жокко чыгарууга алып келбейт; 

- эки келишимди аткаруу мөөнөттөрү дал келүүгө тийиш.»;  

2.3.1-главанын 2.3.1.11-пунктундагы «бүтүмүн» деген сөз «келишимин» дегенге алмаштырылсын. 

2.4-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4-глава. Иджара келишими»; 

2.4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4.1. «Иджара келишими бул ижарага берүүчү кардардын билдирмеси боюнча менчигине сатып алган, же ижарачы кайрылган учурда анын менчигинде турган мүлктү же болбосо ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча пайдалануу укугуна ээ болгон мүлктү ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы төлөө үчүн пайдаланууга (ижарага) сунуштоо келишими. 

Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык ижарага берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча мындай укукту макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы үчүн ижарачыга андан ары берүү менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугуна ээ болот.»; 

2.4.3-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи сүйлөмүндөгү «бүтүмүнө» деген сөз «келишимине» дегенге алмаштырылсын; 

2.4.5- пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4.5. «Иджара келишиминин предмети катары кыймылдуу (акчаны, баалуу кагаздарды жана керектелүүчү мүлктү кошпогондо) жана кыймылсыз мүлк же болбосо андан алынуучу пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шарият стандарттарына каршы келбеген учурда колдонулуучу кызмат көрсөтүүлөр болушу мүмкүн.»; 

2.4.39-пункту жаңы редакцияда берилсин:  

«2.4.39 Иджара келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) иджара келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө

3) мүлк ижарачыга сатылганда; 

4) тараптарга байланыштуу болбогон башка себептерден улам.»; 

2.4.40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4.40 Иджара мунтахия биттамлик келишими - бул (иджара келишиминин шарттары камтылган) келишим, ага ылайык кардар келишимдин шарттарына ылайык ижарага алынган мүлктү сатып алууга милдеттенет.»; 

төмөнкү мазмундагы 2.4.48-пункт менен толукталсын: 

«2.4.48 Иджара келишими бир тараптуу түрдө токтотулушу мүмкүн: 

1) иджара келишиминин шарттары бузулганда; 

2) иджара төлөмдөрүнүн мөөнөтү сакталбаганда же токтотулганда; 

3) келишимде көрсөтүлгөн башка себептер боюнча.»; 

2.4.1-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.4.1-глава. Иджара сервис келишими»; 

2.4.1.1-пунктундагы «Сервис» деген сөз «сервис» дегенге алмаштырылсын; 

2.4.1.2., 2.4.1.3., пункттарында: 

- «Иджара Сервис бүтүмү» деген сөздөр «Иджара сервис келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2.4.1.4-пунктунда: 

- «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2.4.1.5., 2.4.1.11., 2.4.1.12., 2.4.1.13., 2.4.1.14-пункттарында: 

- «Иджара Сервис» деген сөздөр «иджара сервис» дегенге алмаштырылсын; 

2.4.1.10-пунктунда: 

- «Иджара Сервис бүтүмүнүн» деген сөздөр «иджара сервис келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

2.5-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.5-глава. Кард келишими». 

2.5.1-пунктунда: 

- «Кард хасан бүтүмү» деген сөздөр «Кард келишими» дегенге алмаштырылсын. 

2.5.2-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«2.5.2. Кард келишими жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт. 

Кард келишиминде келишим түзгөн биринчи тараптан эч кандай кирешелүүлүктүн жоктугу жана келишим түзгөн экинчи тараптын алынган каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгү болжолдонот. 

Кард келишиминде төмөнкү негизги параметрлер жана шарттар камтылат: 

- берилген сумманын өлчөмү

- келишимдин колдонуу мөөнөтү, кайтарып берүү күнү

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- учурдагы эсепти жүргүзүү үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө өлчөмү жана шарттары.»; 

2.5.3-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«2.5.3. Банк ишинде кард келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары банктын ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча депозиттер катары каралат. 

Кард келишиминин шарттары боюнча кардар банкка акча каражаттарын пайызсыз негизде, кардардын аларды эркин башкаруу мүмкүнчүлүгү менен берет, ал эми банк өз кезегинде өзүнүн инвестициялык саясатына ылайык тартылган ресурстардын бөлүгүн пайдалана алат. 

Банк учурдагы ликвиддүүлүктүн талап кылынган деңгээлин жана милдеттенмелерди өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүн кармап туруу үчүн кассадагы же корреспонденттик эсептеги акча каражатынын жетиштүү көлөмүн кармап турууга тийиш. 

Кард келишиминин шарттары боюнча банк эсеп ээсин чек китепчесин же болбосо пластик карточкасын пайдалануу менен тейлей алат. Бул учурда банк эсеп ээсинен күндөлүк эсепти жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдү ала алат. 

Өзүнчө учурларда банк кардарга кард келишиминин шарттарында ссуда берүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.»; 

2.5.4-пунктунда: 

- «кард хасан» деген сөздөр «кард» дегенге алмаштырылсын; 

2.6-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6-глава. Истиснаа келишими жана параллель истиснаа келишими»; 

2.6.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6.1. Истиснаа келишими бул, анын шарттарына ылайык, бир тарап (подрядчы) экинчи тараптын (буйрутмачынын) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга жана анын натыйжасын белгиленген мөөнөттө буйрутмачыга тапшырууга милдеттенген, ал эми буйрутмачыны иштин натыйжасын кабыл алууга жана алдын ала макулдашылган наркын төлөөгө милдеттендирген келишим.»; 

2.6.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6.2. Истиснаа келишиминин предмети болуп, подрядчынын колдо болгон материалдарды (чийки затты) милдеттүү түрдө колдонуу менен объектти даярдоо, иштеп чыгуу (объекттин сапатын жакшыртуу же анын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн өзгөртүү) же кайра иштетүү (колдо болгонун жок кылуу натыйжасында жаңы объектти түзүү) боюнча иши же болбосо башка ишти аткаруу жана анын натыйжасын белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык тапшыруу саналат.»; 

2.6.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6.3 Параллель истиснаа келишими өзүнчө эки истиснаа келишиминин негизинде колдонулат, аларга ылайык, бир эле жак биринчи учурда - берүүчү катары катыша алат жана буйрутмачы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзөт, ал эми экинчи учурда - сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи истиснаа келишиминин алкагында өзүнүн буйрутмачынын алдындагы белгилүү бир милдеттенмелерин аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчысы менен башка келишим түзөт.»; 

2.6.13-пунктунда: 

- «Бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

2.7-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.7-глава. Гарантия жөнүндө келишим»; 

2.7.1-пункту төмөнкү абзацтар менен толукталсын: 

«2.7.1 Гарантия жөнүндө келишим (милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу бүтүмү) боюнча бир тарап экинчи тараптын алдындагы үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча гарант болуп саналат. Милдеттенмелер бир эле убакта бир нече ыкма менен аткарылышы мүмкүн.  

Төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча шек жаратпаган, кынтыксыз иш аброюна ээ болгон кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак гарант боло алат.»;  

2.8-главанын аталышында:  

- «бүтүмү» деген сөз «келишими» менен алмаштырылсын; 

2.8.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.8.1 Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте белгиленген мөөнөттө экинчи тарапка (сатып алуучуга) товарды өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишимин түзүү учурунда ошол товар үчүн төлөөгө милдеттенет.»; 

2.8.2. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.8.2 Параллель салам келишими бул өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу болуп саналат жана белгилүү бир товарды сатып алуу, андан кийин аны берүү жана келишимге кол койгон учурда төлөөнү жүзөгө ашыруу жөнүндө буйрутмачы менен келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн эле товарды, ошол эле санда жана датада, экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркын төлөгөн башка буйрутмачыга сатат.»; 

2.8.17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.8.17 Баалуу металлдар (алтын, күмүш) келишимдин предмети боло албайт.»; 

2.8.39-пунктунда: 

- «бүтүмдөрүндө» деген сөз «келишимдеринде» дегенге алмаштырылсын; 

2.10-главанын 2.10.4. пунктунда: 

- «бүтүмүнүн» деген сөз «келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

2.10.13-пунктунда: 

- «мушарака бүтүмдөрүнүн» деген сөздөр «кемүүчү мушарака келишимдеринин» дегенге алмаштырылсын; 

2.11-главанын 2.11.1-пунктунда: 

- «бүтүмүнүн» деген сөз «келишиминин» дегенге алмаштырылсын; 

2.12-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.12-глава. Ишенимдүү (вадиайад аманат) жана гарантияланган түрдө (вадиайад дамана) сактоо келишимдери»;»; 

2.12-главанын 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Вадиайад аманат келишими»; 

1-пунктунун 2.12.1.1-пунктчасында: 

- «Вади'а йад аманат бүтүмү (келишими)» деген сөздөр «Вадиайад аманат келишими» дегенге алмаштырылсын; 

2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2. Вадиайад дамана келишими.»; 

2-пунктунун 2.12.2.1-пунктчасында: 

- «Вади'а йад даман бүтүмү» деген сөздөр «Вадиайад дамана келишими» дегенге алмаштырылсын. 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө » жобонун: 

2-главасынын 2.1.9-пунктунда: 

- «бүтүмүн» деген сөз «келишимин» дегенге алмаштырылсын. 

3-главасынын 3.1-пунктунда: 

- «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын. 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобонун 3-тиркемесинин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

- «Кардардын иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети боюнча 

БИЛДИРМЕСИ.»; 

«бүтүмдүн шарттары» деген сөздөр «келишимдин шарттары» дегенге алмаштырылсын.  

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

30-сентябрындагы № 39/5 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

2.3-пункту жаңы редакцияда берилсин: 

«2.3 Банктын эсепке алуу саясаты түзүү ыкмасынан көз карандысыз, банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган төмөндө келтирилген операциялардын ар бир түрү боюнча бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү түшүндүрмөсүн камтууга тийиш: 

- мурабаха операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- мудараба операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- кемүүчү мушарака операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- салам жана параллель салам операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- истиснаа жана параллель истиснаа операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- иджара жана иджара мунтанхийя биттамлик операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- кард операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- вади'айад аманат операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- вади'айад дамана операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- валюталык операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- пайдаларды теңдештирүү үчүн резервдерди эсепке алуу принциптери.». 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча» нускоонун:  

24-пунктунун «5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 100%)» бөлүгүнүн «е)» пункчасындагы экинчи, үчүнчү абзацтарда «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

24-пунктунун «7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 400%)» бөлүгүндө:  

- «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобонун:  

23-3-пунктунун төртүнчү абзацында: 

- «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

24-4-пунктунун сегизинчи абзацында: 

- «шарика» деген сөз «шарика/мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун:  

1.А.БАЛАНСТЫК ОТЧЕТ бөлүгүндөгү

4-пунктта: 

- «в)» пунктчасында «хасан» деген сөз алып салынсын; 

- «г)» пунктчасында «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын;  

8-пунктунун «г)» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«шарика/мушарака/кемүүчү мушарака келишими боюнча»; 

9-пунктунун «г)» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«шарика/мушарака/кемүүчү мушарака келишими боюнча»; 

20, 21-пункттардын «в)» пунктчасында «хасан» деген сөз алып салынсын; 

20, 21-пункттардын «г)» пунктчасында «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын;  

25-пунктунун «б)» пунктчасында хасан» деген сөз алып салынсын; 

25-пунктунун «в)» пунктчасында «вади'а йад даман» деген сөздөр «вади'айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

«ТҮШКӨН ПАЙДА, КЕТКЕН ЧЫГЫМДАР ЖАНА ЧОГУУ АЛГАНДАГЫ КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ» деп аталган 2-бөлүгүндө

7, 8, 20-пункттардын «в)» пунктчасында «шарика/мушарака мунтахийя биттамлик» деген сөздөр «шарика/мушарака/кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

«КАРЖЫЛОО (уландысы)/БАШКА АКТИВДЕР» деп аталган 15.4-бөлүгүнүн 370-пунктундагы «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

25-сентябрындагы №35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

5-главасынын 30-пунктунун үчүнчү абзацындагы «Мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын. 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

31-майындагы № 21/13 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобонун 1-тиркемесинин: 

- 1, 2, 7, 8, 11, 12-пункттарында «хасан» деген сөз алып салынсын. 

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

31-майындагы №21/14 «Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобонун 1-тиркемесинин: 

- 1, 2, 7, 8, 11, 12-пункттарындагы «хасан» деген сөз алып салынсын. 

 

 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 18-июлундагы № 2018-П-12/30-3-(БС) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

2-пунктунун төртүнчү абзацында: 

- «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

41-пунктунун 1-пунктчасында: 

- «мушарака» деген сөз «кемүүчү мушарака» дегенге алмаштырылсын; 

42-пунктунун 3, 4-пунктчаларындагы: 

- «бүтүм» деген сөз «келишим» дегенге алмаштырылсын; 

- «бүтүмдөрдү (келишимдерди)» деген сөздөр «келишимдерди» дегенге алмаштырылсын; 

48-пунктунун 4 пунктчасындагы: 

- «бүтүмдөрдү» деген сөз «келишимдерди» дегенге алмаштырылсын; 

76-пунктунун 1-пунктчасында: 

- «бүтүмдөрү» деген сөз «келишимдери» дегенге алмаштырылсын; 

76-пунктунун 2-пунктчасында: 

- «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын. 

 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:  

9-главасынын:  

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Вади'айад дамана гарантиялык сактоо келишими, анын шарттарына ылайык банк ага ишеним менен берилген каражаттарды тескөөгө жана аларды жайгаштыруудан пайда алууга укуктуу. Вади'айад дамана депозитине карата талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) эрежелери таркатылат.»; 

5-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кард бул, ага ылайык бир тарап (карыз берүүчү) экинчи тарапка анын биринчи эле талабы боюнча гарантиялык кайтаруу шарттарында насыя түрүндө (сактоо) капитал (акча каражаттарын) сунуштаган келишим.»; 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Хиба (сый акы) акча каражаттарын кард, вади'айад дамана келишимдеринин шарттарында жайгаштырган банк аманатчыларына төлөнүүчү материалдык сый акы түрү.»; 

12-пунктунун экинчи сүйлөмүндө «хасан» деген сөз алып салынсын;  

15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп бул, талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулуучу эсеп. Талап боюнча төлөнүүчү депозит эсеби кард же вади'айад дамана келишимдери боюнча тейленет.   

Кард келишиминин шарттары боюнча аманатчы банкка акча каражаттарын карызга кайтарымдуулук жана ал үчүн акы алуусуз, кардар аларды эркин пайдалануусу шартында сунуштайт, ал эми банк, өз кезегинде, тартылган ресурстарды инвестициялык саясатына ылайык пайдаланышы мүмкүн.   

Кард, вади'айад дамана келишимдерине ылайык гарантияланган киреше каралбайт, ал эми сый акы (хиба) банктын чечими боюнча төлөнөт.   

Кард жана вади'айад дамана келишим шарттары боюнча банк эсеп ээсин чек китепчесин же болбосо төлөм картын пайдалануу менен тейлеши мүмкүн.   

Кард жана вади'айад дамана келишиминде банктын күндөлүк эсепти жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө суммасы да көрсөтүлүшү мүмкүн.   

Банк ишинде кард, вади'айад дамана келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары банктын ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча төлөнүүчү депозит катары каралат.   

Банк күндөлүк ликвиддүүлүктүн талап кылынган деңгээлин, ошондой эле кард жана вади'айад дамана келишими боюнча милдеттенмелерди өз учурунда аткаруу мүмкүнчүлүгүн колдоого алуу максатында, кассада же болбосо корреспонденттик эсебинде акча каражаттарынын жетиштүү көлөмү болуусу зарыл.   

Банктын кардарлардан алган акча каражаттарын толук көлөмдө кайтарылышын гарантиялоосу кард жана вади'айад дамана келишимдеринин өзгөчөлүгү болуп саналат. Кардар банктын тобокелдиктери үчүн жоопкерчилик тартпайт жана банктын кирешесине да катышпайт.   

Кард жана вади'айад дамана келишими боюнча ачылган жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебине кардардын өздүк каражаттарынан тышкары, анын эмгек акысы, автордук гонорарлары, пенсиясы, алименттери, социалдык жөлөк пулдары, башка банктык эсептеги каражаттары, мураска байланыштуу төлөмдөр, эсеп ээсине таандык жеке мүлктү сатуу үчүн төлөм, акча которуулар жана каржылоо боюнча төлөмдөрдү кошо алганда, башка акчалай түшүүлөр жана төлөмдөр чегерилиши мүмкүн. Жеке адамдын кард жана вади'айад дамана талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебинен кардар өз төлөмдөрүн, анын ичинде жеке максатта сатып алган товарлары (сунушталган кызматтар) үчүн төлөмдөрдү, каржылоо үчүн төлөөлөрдү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана өзүнө тиешелүү башка ушул сыяктуу төлөмдөрдү ишке ашырышы мүмкүн.»; 

16-пунктунун он биринчи абзацындагы «хасан» деген сөз алып салынсын. 

 

15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

15-ноябрындагы № 2019-П-12/56-3-(НПА) «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобонун:  

2-главасынын: 

11-пунктунун 1-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Вади'айад аманат келишиминин шарттары боюнча операциялар». 

11-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Мурабаха келишиминин шарттарындагы операцияларды:   

- баалуу металлдарды өзүнүн атынан кардардын эсебинен спот эсептөө шарттарында сатып алуу жана сатуу, мында келишим боюнча төлөө дароо ишке ашырылат;  

- баалуу металлдарды өзүнүн атынан өз эсебинен спот эсептешүү шарттарында сатып алуу жана сатуу, мында келишим боюнча төлөө дароо ишке ашырылат.»;  

11-пунктунун 3-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Нак жана нак эмес формада кард келишиминин шарттарында операцияларды.». 

 

16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

25-ноябрындагы № 2020-П-12/67-3-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча» нускоонун: 

1-главасынын 3-пунктунун он үчүнчү абзацындагы «кард хасан, вади҆ а йад дамана» деген сөздөр «кард, вади҆ айад дамана» дегенге алмаштырылсын; 

2-главасынын 12-пункту жаңы редакцияда берилсин:  

«12. Банк каржылоо портфелинин пулуна банктын капиталын (ликвиддүү активдер/нак акча каражаттары түрүндө жеткиликтүү), мудараба (мударабанын чектелбеген эсептеринде), кард жана вадиайад дамана депозиттериндеги акча каражаттарын бириктире алат. Мында, банк кард жана вадиайад дамана келишимдеринин негизинде күндөлүк депозиттердин бардык тобокелдиктерин өзүнө алат. Андыктан банк пайданы/чыгымды эсептөө жана бөлүштүрүү үчүн банктын жайгаштырылган капиталы менен кард жана вадиайад дамана күндөлүк депозиттерин бириктириши мүмкүн.»;  

 

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин

4-пунктундагы экинчи, алтынчы, жетинчи-абзацтарында: 

- «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын.