Кайта келүү

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алгандан кийин үч жумуш күнү ичинде: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын үч жумуш күнү ичинде тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын ___________ 

№______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 4-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусуна ээ болот. 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Банк өзүнүн фирмалык (расмий) аталышы катары уставында жазылган аталышты колдонот. Банк уставында көрсөтүлгөн аталыштан башка аталышты кандай болбосун документтерде, кулактандырууларда же жарнамаларда колдонууга укугу жок. 

Банктын фирмалык (расмий) аталышы Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин жана ушул жобонун 7-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.»; 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу банктын уюштуруучусунан (акционеринен) боло алат.»; 

- 11-пунктунун 5 жана 6-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин кошпогондо, республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу юридикалык жактар; 

«6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык аларга карата тыюу салуулар же чектөөлөр орун алган жеке адамдар жана юридикалык жактар. Ушул пункттун 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн чектөөлөр 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөн аз суммадагы банктык акцияларга ээ болгон банктын акционерлерине жайылтылбайт.» 

- 20-пункттун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Жободо камтылган терминдер (атоолор) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында, банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын банктык терминдер глоссарийинде каралган аныктамаларына ылайык колдонулат.»; 

- 29-пунктунун: 

4-пунктчасынын “б” абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык белгиленген мамлекеттик жана расмий тилдеги толук жана кыскача фирмалык (расмий) аталышы;  

-8-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын талаптарын эске алуу менен түзүлгөн бизнес-план - эки түп нускада (суроолор тизмеги 7-тиркемеде келтирилген);»; 

- 37-пунктунун: 

4-пунктчасынын “б)” абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык келген мамлекеттик жана расмий тилдеги толук жана кыскача фирмалык (расмий) аталышы;»; 

-8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын талабын эске алуу менен түзүлгөн бизнес-план - эки түп нуска (ислам банкы үчүн суроолор тизмеги 8-тиркемеде келтирилген);»; 

- 53-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын капиталынын курамына уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу милдеттенмеси камтылбаган жана Улуттук Банктын талаптарына жооп берген уставдык капитал гана кирет.»; 

- 54-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«54. Банктын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жана уюштуруучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен гана нак эмес формада топтолот. 

Карыздык каражаттардын эсебинен уставдык капиталды түзүүгө, банктын акцияларын сатып алууга, ошондой эле банктын капиталына чектүү катышууга тыюу салынат.»; 

- 62-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«62. Банктын бардык уюштуруучуларынын (акционерлеринин) юридикалык иштери жана банкты уюштурууда уставдык капиталды түзүү, андан ары - уставдык капитал өлчөмүн (төлөм документтеринин, уставдык капитал өлчөмүн өзгөртүүгө байланыштуу чечимдеринин жана башка документтердин көчүрмөлөрүн кошо алганда), акциялардын санын жана банк акционерлеринин курамын өзгөртүү боюнча баштапкы документтердин көчүрмөлөрү банк тарабынан аларга өзүнчө номенклатуралык номер берилип, өзүнчө көктөмөдө сакталууга жана алар туруктуу сактоо мөөнөтүнө ээ болууга тийиш. Банк бул көктөмөлөрдүн (юридикалык иштердин) талаптагыдай түзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылган жооптуу адамды аныкташы зарыл. 

Уюштуруучулардын (акционерлердин) юридикалык иштери Банктын капиталына чектүү катышууну алуу жөнүндө ушул жободо каралган бардык маалыматтарды, ал эми банктын акцияларынын он пайызынан азына ээ болгон акционерлер (уюштуруучулар) боюнча маалымат ушул Жобонун 125-1 жана 125-2-пункттарына ылайык камтууга тийиш.» 

- 81-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Өтүнүч жана документтер топтому ушул главанын жана ушул Жобонун 91 жана 92-пункттарынын талаптарына ылайык берилет.»; 

- 87-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 94-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбеген жана документтер топтому толук берилбеген учурда, банкка жеткире иштеп чыгууга жана сын-пикирлерди четтетүү зарылдыгы жөнүндө кат жөнөтүлөт. Банк алтымыш календарлык күндөн кечиктирбестен сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди Улуттук банкка берүүгө тийиш. Жеткире иштелип чыккан документтер белгиленген мөөнөттө берилбеген учурда, Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын орун басарынын/мүчөсүнүн банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескеген чечиминин негизинде, Улуттук банк банктын өтүнүчүн кароону токтотот. Банктын өтүнүчүн кайра кароо үчүн банк жаңыланган өтүнүчтү жана документтер топтомун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана банктын финансылык абалынын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш.»; 

- 103-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатын, ошондой эле бир же бир нече бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында олуттуу катышуучу болгон же Банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга Улуттук банктан мурда уруксат алган адамга контролдукту жүзөгө ашырган жакка алуу талап кылынат.  

Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдардын олуттуу акционерлеринин (катышуучуларынын) курамына өзгөртүүлөр, Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында белгиленген чектөөлөргө туш болбогон шартта, Улуттук банктан уруксат алууну талап кылбайт. Мында, банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон жак тарабынан Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык мындай жактар жөнүндө документтер жана маалыматтар Улуттук банкка берилүүгө тийиш.»; 

- 104-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«104. Банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон, чектүү маанинин өзгөрүшүнө таасир этүүчү санда ажыратуу ыкмасына карабастан акцияларды жеке же башка жактар менен биргеликте ээликтен ажыратууга ниеттенген кайсы болбосун жеке же юридикалык жак бүтүм жасалганга чейин кеминде бир ай мурда бул жөнүндө Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү, ошондой эле, потенциалдуу сатып алуучуга банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга Улуттук банктан алдын ала уруксат алуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү.»; 

- 117-пункттун: 

9, 10, 11-пунктчалары төмөнкүдөй мазмунда берилсин: 

«9) өтүнүч ээсинин бенефециардык менчик ээлерин идентификациялоого же акча каражаттардын келип чыгуу булактарын аныктоо жана алардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоо; 

10) өтүнүч ээси банктын финансылык туруктуулугуна, ишенимдүүлүгүнө же анын аманатчыларынын кызыкчылыктарына коркунуч келтирген банк саясатынын олуттуу өзгөрүүсүн болжолдойт; 

11) өтүнүч ээси, түзүлгөн (катталган) өлкөсүнүн көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш болгон чет өлкө юридикалык жак болсо жана эгерде:  

а) түзүлгөн (катталган) өлкөсүндө натыйжалуу, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалымат алар тарабынан Улуттук банкка сунушталбаса;  

б) Улуттук банктын берген баасы боюнча өтүнүч ээсине таасирдүү көзөмөл, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл жүзөгө ашырылбаса;  

в) ал өтүнүч ээси жайгашкан (катталган) мамлекетинин көзөмөл органы менен кызматташууга мүмкүн болбосо.»; 

- 119-пунктунун: 

5) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) эгерде кызмат адамы Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин же чет өлкөнүн банктык көзөмөл боюнча компетенттүү органынын чечими боюнча банкка карата таасир этүү чарасын колдонуу тартибинде ээлеген кызматынан бошотулса;»; 

6) пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 120-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Ошондой эле, банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон акционер тарабынан кийинки чекке жетпеген акциялар сатып алынган учурда, акционер Улуттук банкка акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтарды жана акцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин же менчик укугу өткөн башка документтин көчүрмөсүн жана акциялар үчүн акы төлөө фактысын тастыктаган документтерди гана берет.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 121-1-пункт менен толукталсын: 

«121-1. Эгерде банктын капиталына чектүү катышуу Улуттук банктын уруксаты жок жеке жана юридикалык жак тарабынан сатып алынган болсо, Улуттук банк мындай бузуу аныкталган күндөн тартып бир ай аралыгында аталган жакка аны четтетүү жөнүндө кат жүзүндө талап жөнөтөт, аны менен капиталына чектүү катышуу сатып алынган банкты банктын капиталындагы чектүү катышууга ээ болгон юридикалык жактын (жактардын), ошондой эле көрсөтүлгөн банктын көз карандысыз реестр жүргүзүүчүсүн жана/же банктын капиталына чектүү катышууга ээлик кылуучу юридикалык жактын (жактардын) реестр жүргүзүүчүлөрүнө тааныштырат.  

Улуттук банктын талабын алган жак аны алган күндөн тартып отуз календардык күн ичинде талапты аткаруу же аны аткаруудан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш. 

Ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө талап жөнөтүлгөн жактан жооп болбогон шартта, Улуттук банк, Улуттук банктын талабын жөнөткөндүгү жөнүндө маалыматты расмий интернет-сайтына жайгаштырат.  

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн талап жөнөтүлгөн жак төмөнкүлөргө милдеттүү

көрсөтүлгөн талапты алган күндөн тартып бир ай аралыгында (ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында каралган учурда) Улуттук банктын расмий интернет-сайтында талапты жөнөтүү жөнүндө маалыматты жайгаштыруу күнүнөн тартып бир ай аралыгында, Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, уруксат алуу тууралуу арыз менен кайрылат. Аталган жактын арызы Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык каралат;  

банктын капиталында чектүү катышуу сатып алууга уруксат алгандыгы тууралуу арыз берилбеген учурда, Улуттук банктын көрсөтүлгөн талабын Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыялаган күндөн тартып үч ай аралыгында банктын капиталында чектүү катышууну токтотууга багытталган бүтүмдөрдү жасоого.  

Улуттук банк ушул бөлүктүн бешинчи абзацында көрсөтүлгөн банктын капиталындагы чектүү катышууну сатып алууга уруксат алгандыгы жөнүндө Улуттук банктын арызын канааттандыруудан Улуттук банк баш тарткан учурда.  

Ушул бөлүктүн алтынчы жана жетинчи абзацтарында каралган учурларда банктын капиталына чектүү катышууну токтотпосо, Улуттук банк банктын капиталында чектүү катышууну токтотууга багытталган бүтүмдөргө мажбурлап келишүүгө жол берген тиешелүү доо менен сотко кайрылат.»; 

- 124-1- пункту төмөнкү редакцияда толукталсын: 

«124-1. Ушул Жобонун 121-1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптары жарыяланган күндөн тартып: 

- ушул Жобонун 121-1-пунктуна ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууда бузууга жол берген жеке же юридикалык жак, эгерде мындай макулдук алуу зарылдыгы ушул Мыйзам жана жана банк мыйзамдарында каралса, аларга карата Улуттук банктан өзүнчө уруксат алынган банктын акцияларынын ошондой саны боюнча гана добуш берүү укугуна ээ болот; 

- ушул Жобонун 121-1-пунктуна ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууда бузууга жол берген жеке же юридикалык жак контролдогон банктын акционери (уюштуруучусу) банктын акцияларынын он пайызынан ашпаган банктын акциялары боюнча гана добуш берүү укугуна ээ болот. 

Бузууга жол берүү менен сатып алынган же ага карата ушул пунктунун талаптарын бузуу менен контролдоо белгиленген банктын акционерине (уюштуруучусуна) таандык болгон банктын калган акциялары добуш берүүчү акция болуп саналбайт жана алар банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын кворумун аныктоодо эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны маңызы боюнча чечим кабыл алууга таасирин тийгизсе, ушул беренени бузуу менен мурда кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет. 

- 125-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«125-1. Банктын капиталында олуттуу катышуудан төмөн өлчөмдөгү акцияларына ээлик кылган баардык банк акционерлери Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесинде белгиленген чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын жоктугун тастыктоого милдеттүү.»; 

- 125-2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

Биринчи чектүү катышуу деңгээлинен (олуттуу катышуу) төмөн өлчөмдөгү акцияларды сатып алган кандай болбосун жак акцияларга менчик укугуна ээ болгондон кийинки 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) жеке адамдар үчүн:  

а) паспортунун көчүрмөсүн;  

б) акча каражаттарын алуу булактары тууралуу маалыматты (банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо);  

в) кредиттик бюродон же өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынан мөөнөтү өтүп кеткен карызынын жоктугу жөнүндө маалым катты (Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн) (банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөрүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон акционерлерин кошпогондо);  

г) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелеринин жоктугун тастыктаган маалым кат же башка документ (салык кызматынын жана Социалдык фонд органдары (маалыматты ведомстволор аралык өз ара иш алып баруу маалымат системасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан берилбейт) же түзүлгөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы (Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн) (банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөрүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо); 

д) соттолбогондугун тастыктаган маалым катты же башка документти (Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн) (банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөрүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо);  

е) негизги иши тууралуу маалыматты (эмгек китепчеси, патенти же иши тууралуу маалымат) (банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо);  

2) юридикалык жактар үчүн:  

а) уюштуруу документтеринин көчүрмөсүн;  

б) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн же болбосо өтүнүч ээси түзүлгөн (катталган) өлкөнүн мыйзамдарына ылайык юридикалык жак каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документке теңештирилген башка документ;  

в) кредиттик бюродон же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан мөөнөтү өтүп кеткен карызынын жоктугу жөнүндө маалым катты (Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн) (банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо);  

г) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө жөнүндө маалым кат (маалыматты ведомстволор аралык өз ара иш алып баруу маалымат системасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан берилбейт) (банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөрүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо);  

д) юридикалык жактын уюштуруучуларынын, акционерлеринин, катышуучуларынын, аткаруу органынын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин соттолбогондугун юридикалык жак тастыктаган маалым кат же башка документ (маалыматты ведомстволор аралык өз ара иш алып баруу маалымат системасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан берилбейт) (банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөрүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо); 

е) негизги иши тууралуу маалымат (акыркы 2 (эки) жылдын финансылык отчеттор, ошондой эле акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтар, банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөрүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо);  

ж) акционерлердин, катышуучулардын реестри, ошондой эле алардын паспортторунун көчүрмөлөрү (банктын миң минималдуу эсептик көрсөткүчтөрүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо);  

з) акцияларга (мүлккө, пайларга, үлүшкө) ээлик кылуу үлүшүн, негизги иши жана каттоо жери тууралуу маалымат көрсөтүү менен туунду, караштуу компаниялар тууралуу маалымат (банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөрүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо);  

и) юридикалык жактын түпкү бенефициарлары (жеке адамга чейин же логикалык акыркы түпкү пайда алуучулар) тууралуу маалымат (банктын 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөрүнөн төмөн суммадагы акцияларына ээ болгон банктын акционерлерин кошпогондо). Эгерде бенефициардык менчик ээси катары мамлекеттик орган же мамлекет иш алып барса, тиешелүү мамлекеттик орган же мамлекет көрсөтүлөт.  

Эгерде жогоруда аталган жактар банктар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 1000 минималдуу эсептик көрсөткүчүнөн төмөн суммадан жогору өлчөмдө банк акцияларын сатып алса, анда алар акцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин же анын негизинде менчик укугу өткөн башка документтин көчүрмөсүн жана акциялар үчүн төлөө фактысын тастыктаган документтерди кошумча сунуштоого тийиш. 

-126-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) Банк Башкармасынын курамына кирген же милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин тескөөгө алган башкаруучу директор»; 

- 137-пунктунун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«137. Директорлор кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо, ошондой эле, Аудит боюнча комитеттин төрагасын дайындоо Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамынын 37-беренесинин талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- 138-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) акыркы төрт жыл ичинде ушул банктын Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин же банк менен байланыштуу кайсы болбосун юридикалык жактын курамына кирген эмес.»; 

- 141-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«141. Ислам банкынын жана "ислам терезесине" ээ банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрү жалпы жыйында банктын уюштуруучулары (акционерлери) тарабынан кумулятивдик добуш берүү ыкмасында 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланат. 

Шариат кеңешинин мүчөлөрү бирден ашык банкта жана эки банктык эмес финансы-кредит уюмдарында Шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордун ээлей алышпайт.»; 

- 142-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«142. Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө көз карандысыздыктын зарыл санын жана критерийлери бөлүгүндө банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн каралган ушул Жобонун 138-пунктунун талаптары таркатылат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. Банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, “Кыргыз Республикасынын “Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамында Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр жайылтылат.»; 

-149-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«149. Төлөм документтерине биринчи кол тамга коюу укугу менен кызмат ордуна талапкерлерди Улуттук банк менен макулдашуу учурунда, кол коюу укугу төраганын орун басарынын же Башкарманын башка мүчөсүнүн кызмат ордуна макулдашуу жол-жобосунан өткөн адамга ыйгарылышы мүмкүн. Эгерде банкта төлөм документтерине кол коюуга укук чегерүү үчүн макулдашуудан өткөн кызмат адамы жок болсо (Улуттук банк менен макулдашуу боюнча), төлөм документтерине кол коюу укугу макулдашуу жол-жобосунан өткөн башка адамга жүктөлүшү мүмкүн.  

Банктын өтүнүчү боюнча төлөм документтерине кол коюу укугун ыйгарууну макулдашуу жөнүндө чечим банктын көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселесин тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кабыл алат.»; 

-150-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) талапкерлер ушул Жобонун 17, 18, 19-главаларында алардын кызмат орду үчүн белгиленген талаптарга, Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү үчүн - "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүндөгү, төраганын жана Башкарманын мүчөлөрү үчүн - "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдын 41-беренесинин 7-бөлүгүндөгү кошумча талаптарга жооп бербейт.».»; 

- 152-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«152. Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды Улуттук банк менен макулдашуу, алардын кылмыш иши боюнча шектүү/айыпталуучу катары ишке тартылгандыгы тууралуу жана же талапкер менен мурунку иш берүүчүнүн ортосунда аларды иштен бошотууга же тартип жазасын колдонууга байланыштуу соттук териштирүүлөрү болсо Улуттук банк маалымат алган учурдан баштап убактылуу токтотулат.»; 

-176-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банктык ишти ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө ашыруучу банктын туунду компаниялары инвестициялоо иши менен алектене алышат. Ишин банктык иштин ислам принциптерине жана каржылоосуна ылайык жүзөгө ашыруучу банктын туунду компаниясынын инвестициялык ишти жүргүзүү тартиби жана эрежелери Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.»; 

-193-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) ушул Жобонун 191-пунктунда каралган документтер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү талап кылынбаган филиалынын жайгашкан жери өзгөргөн учурда.»; 

- кийинки мазмундагы 304-1-пункту менен толукталсын: 

«304-1. Уставга киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуудан төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: 

1) берилген документтер коюлган талаптарга ылайык келбесе же анык эмес документтер жана маалыматтар берилсе; 

2) эгерде акционерлердин жалпы жыйынынын чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынса; 

3) эгерде уставдык капиталдын өлчөмү белгиленген минималдуу өлчөмдөн аз болсо; 

4) эгерде мурунку эмиссия боюнча акцияга жазылуу жүргүзүлбөсө, алардын толук наркы белгиленген мөөнөттө төлөнбөсө, же болбосо акциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен чыгарылса жана төлөнсө, же акцияларды сатып алууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булагынын мыйзамдуулугу тастыкталбаса; 

5) банк мыйзамдарына ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга Улуттук банктын уруксаты жок болгон учурда; 

6) эгерде бул банктын туруктуулугуна жана коопсуз ишине коркунуч туудурса.»; 

- 361-пунктунун ж) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«ж) ар бир кайра өзгөртүлүп түзүлгөн банктын жакынкы эки жылга каралган бизнес-планы Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 25-беренесинин талаптарын эске алуу менен эки түп нускада түзүлгөн (маселелердин тизмеги 7-тиркемеде келтирилген).»; 

- 387-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«387. ««Өтмө» банк юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык ага өткөрүлүп берилген милдеттенмелерден тышкары, кайра өзгөртүп түзүлүп жаткан банктын укугу өткөндөрдөн болуп саналбайт жана анын кандайдыр бир башка милдеттенмелери үчүн жоопкерчилик тартпайт. Убактылуу администратор тарабынан «өтмө» банкка өткөрүлүп берилбеген активдер жана милдеттенмелер кайра өзгөртүп түзүлүп жаткан банкта калат.»; 

- 390-пунктунун 9) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) банктын бизнес-планы - Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 25-беренесинин талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан бизнес-пландын эки түп нускасы (суроолор тизмеги 7-тиркемеде келтирилген);»; 

- 405-пунктунун 3) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) кеминде беш жыл микрофинансылык уюм катары иш алып барган жана акыркы эки жыл ичинде лицензиянын негизинде депозиттерди тартуу операцияларын жүргүзгөн. Ушул пунктчанын талаптары мурда банктан МФКга кайрадан каттоодон өткөн МФКларга таркатылбайт;»;  

- 4-тиркемедеги “Кард Хасан” сөздөрү “Кард” сөзүнө алмаштырылсын;  

- Жобого карата 18-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

18-тиркеме 

______________________________________ (банктын аталышы) 

банктын капиталында чектүү суммага ээлик кылган же аны тескөөгө алган ______________________________ (юридикалык жактын толук аталышы) кызмат адамдарынын курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу 

МААЛЫМАТ 

1. Аты-жөнү  

(чет өлкө жарандары үчүн аты-жөнү англис тилинде)  

2)Жарандыгы ____________________________________________________________ 

3) Паспорттук маалыматтары ____________________ (серия, номер, берилген күнү, ким тарабынан берилген)  

4) Үй дареги _____________________________________________________________ 

5) Кайсы кызматка дайындалды (шайланды)  

6) Дайындалган (шайланган) күнү ________________________ (ыйгарым укуктуу органдын дайындоо (шайлоо) жөнүндө чечиминин жылы, күнү, айы жана/же контрактка кол коюу күнү).  

7) экономика чөйрөсүндө кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн алынып салынбаган жана жоюлбаган соттуулугу барбы (бар/жок); 

8) банк, финансы, аудитор, камсыздандыруу жана инвестициялоо чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө укуксуз деген соттун же Улуттук банктын чечими боюнча банк чөйрөсүндө алып барууга укугу жок деген сизге карата чечим барбы (бар/жок); 

9) башка чөйрөлөрдө иш алып барууга сизге мүмкүндүк бербеген соттун чечими барбы (бар/жок). Эгерде болсо, анкетага кошо тиркөө зарыл; 

10) Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин же болбосо чет өлкөнүн банктык көзөмөл боюнча компетенттүү органынын сизди ээлеп турган кызматтан бошотуу үчүн банкка карата таасир этүү чарасын колдонуу жагында чечими барбы (бар/жок). Эгерде болсо, анкетага кошо тиркөө зарыл; 

11) банктын капиталына чектүү катышууну сатып алуу боюнча талапты бузууга жол берүү фактысы сизде аныкталганбы (ооба/жок); 

12) өз финансылык милдеттенмелерди төлөө боюнча соттун аткарылбай калган чечими барбы (ооба/жок).  

Эгерде болсо, чечимдин аткарылбай калышынын себептерин көрсөтүп жана түшүндүрмө берүү зарыл; 

13) Сизге же сиз олуттуу катышуучу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же башка бир кызмат адамы катары байланышыӊыз болгон компанияга карата кайсы бир учурда, кайсы бир өлкөдө

- акыркы 3 (үч) жыл аралыгында, анын ичинде айыптоолор токтотулган же алынып салынган учурда да, укук бузууларга, кемчиликтерге, алгылыксыз жосундарга, кылмыштарга жол берилгендиги үчүн айыптоолор коюлганбы (ооба/жок) ________________. Эгерде болсо, алар боюнча түшүндүрмө берүү зарыл; 

- акыркы 3 (үч) жыл ичинде тартип жаза чарасы, кылмыш жоопкерчилиги чарасы колдонулганбы (ооба/жок) _________________. Колдонулган болсо, алар боюнча түшүндүрмө берүү зарыл; 

14) Сиз же директор (менеджер), жетекчи, уюштуруучу, акционер катары байланышыӊыз болгон компания кайсы бир өлкөдө иш алып баруу максатында лицензия же башка уруксат алуу документтерин алуу үчүн кайрылдыңыз беле? Кайрылган болсоңуз, кайсы өлкөдө ишкердиктин кайсы түрүн жүзөгө ашырууга ниеттенгениңизди көрсөтүү зарыл  

_________________________________________________________________________ 

15)  

а) Сизге же директор (менеджер), жетекчи, уюштуруучу, акционер катары байланышыӊыз болгон компанияга лицензия (уруксат) берүүдөн баш тартылган, же болбосо лицензия (уруксат) берген орган тарабынан лицензия кайтарылып алынган учур болду беле? Эгерде мындай учурлар орун алган болсо, лицензия берүүдөн эмне үчүн баш тартылган, берилбей калган же лицензия кандай себептен улам кайтарылып алынгандыгы боюнча түшүндүрмө бергиле (анын ичинде сиз иштен бошонуп кеткен 3 (үч) жылды кошуу менен) 

_________________________________________________________________________ 

б) Сизге же жетекчи (менеджер), кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.у.с.) же олуттуу катышуучу катары (анын ичинде сиз иштен бошонуп кеткен 3 (үч) жылды кошуу менен) байланышыӊыз болгон мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессине дуушар болгон ар бир компанияны көрсөтүңүз. 

_________________________________________________________________________ 

Директор, кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары байланышыӊыз болгон, ошондой эле мажбурлап банкроттоого, жоюлууга байланыштуу шарттар коюлган компанияда аткарган ролуңузду жана жоопкерчилигиңизди толук негиздеп берүү зарыл. 

_________________________________________________________________________ 

16) Сизге же кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.у.с.) же олуттуу катышуучу катары байланышыӊыз болгон компанияга карата мамлекеттик же жөнгө салуучу орган, анын ичинде укук коргоо органдары тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол берилишине байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлдү беле. Жүргүзүлгөн болсо, кандай себептер боюнча экендигин чечмелеп көрсөтүү зарыл. 

Ушул аркылуу анкетада берилген маалымат толук жана анык экендигин билдирем.  

Күнү 

Кол тамгасы ______________________ Аты-жөнү, кызматы  

Мөөр»;  

 

- Жобого карата 21-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

  

  

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

21-тиркеме 

 

Ушул жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн банктын кызмат адамдары тарабынан толтурулат. 

 

  

  

 

  

  

  

 

 

  

  

Сиздин түстүү сүрөтүңүз 

(документтерди тапшыруу 

учурдагы түп нускасы) 

Кызмат адамынын 

АНКЕТАСЫ  

Мен, _________________________________________________________________,  

аты-жөнү  

Мен тараптан атайын бурмалоолор жана калтырып кетүүлөр болсо, бул сунушталып жаткан кызматка макулдук берүүдөн баш тартууга негиз болот жана мыйзамга ылайык жоопко тартылууга алып келет деп билемин. Бул анкетада камтылган маалымат өзгөргөн учурда, (резидент) 20 жумуш күнү ичинде /(резидент эмес) бир ай ичинде, Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө билдирүүгө милдеттенем.  

_________________________________ 

-ж. "__" _______________________ 

                      кол тамга 

                           күнү 

1. Жеке маалымат 

1.1. Аты-жөнү (мамлекеттик, расмий, англис тилдерде), болжолдонуп жаткан кызмат орду  

1.2. Жынысы  

- эркек  

- аял  

1.3 Туулган күнү (жыл/күн/ай)  

1.4. Туулган жери  

1.5. Жарандыгы  

1.6. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:  

Паспорттун номери жана сериясы  

__________________________________________  

Колдонуудагы башка паспорттун маалыматтарын (жарандык (чет өлкөлүк) болгон шартта)____________________________________________________________________.  

1.7. Эгерде аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана кайсы себептер менен экендигин жана мурдагы аты-жөнүңүздү көрсөтүңүз_______________________________.  

1.8. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:  

- катталган жерди  

- анык жашаган жерди _______________________________________________.  

1.9. Телефондор:  

- уюлдук: __________________________________________________________.  

- үй _______________________________________________________________.  

1.10 Электрондук почтанын дареги_____________________________________.  

2. Билими, квалификациясы, эмгек жолу 

2.1.  

  

Окуу жайдын аталышы, эл аралык сертификат 

Окуу жайдын жайгашкан орду 

Окуу жылдары (___ж. баштап, ___ж чейин) 

Факультет 

Адистиги 

Окумуштуулук даражасы 

Эл аралык квалификациялык даражасы 

   

  

  

  

  

  

  

Ар кандай окуу борборлору тарабынан өткөрүлгөн курстарда, анын ичинде бул анкетанын 2.4-пунктунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча билим алуусу.  

Семинардын же курстун темасы 

Семинардын уюштуруучусу 

Өткөргөн жери 

Өткөргөн күндөрү (___ж. баштап, ___ж. чейин) 

Сертификаттын болушу (бар/жок) 

   

  

  

  

  

2.2. Кайсы тилдерди билесиз?  

- кыргыз тили;  

- англис тили;  

- орус тили;  

- башка тилдер (көрсөтүңүз)";  

2.3. Сиздин эмгек жолуңуз тууралуу төмөнкү маалыматты көрсөтүңүз, анын ичинде байкоочу органдын мүчөсү (Директорлор кеңеши) (эмгек китепчесинде жазуунун болушуна карабастан, айкын эмгек жолунун маалыматтары көрсөтүлөт):  

Ишке кабыл алынган жана иштен бошотулган күнү 

Уюмдун аталышы 

Уюмдун иш чөйрөсү 

Жайгашкан жери 

Телефон номери 

Кызмат орду, негизги милдеттери (негизги милдеттер банк ишине байланыштуу болбогон кызмат орундары үчүн көрсөтүлөт) 

Иштен бошонуу үчүн негиздер 

Эмгек китепчесинде жазуулар жок болсо, белгилөө зарыл 

  

  

  

  

  

  

  

  

2.4. Талапкерде төмөндөгүлөр боюнча билимдин бар экендиги жөнүндө маалымат (бар/жок,):  

- банктык мыйзамдар ________________________________________________;  

- корпоративдик башкаруу ____________________________________________;  

- финансылык отчетту жана бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү __________;  

- банктын отчетторун түзүү тартиби ____________________________________;  

- кредиттик иш ______________________________________________________;  

- инвестициялык иш __________________________________________________;  

- стратегиялык пландаштыруу__________________________________________;  

- банктык тобокелдикти тескөө _________________________________________;  

- ликвиддүүлүктү тескөө ______________________________________________;  

- аудит стандарттары _________________________________________________;  

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү _________________________________________________________;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптери ___________________________; 

- ААОIFI стандарттары _______________________________________________; 

- ислам каржылоо принциптери боюнча эсептер планы _____________________.  

2.5. Сиз учурда жана\же акыркы 10 жыл аралыгында уюштуруучу, акционер (ээ) болгон компанияларды, анын ичинде финансы-кредит уюмдарын көрсөтүңүз:  

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду 

Юридикалык жактын ишинин түрү 

Карамагындагы акциялардын саны 

Капиталдагы үлүшү, сом түрүндө 

Юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшү % түрүндө 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

Үлүштү сатып алган күнү/үлүштү берүү күнү/ишти токтотуу күнүөрсөтүү зарыл) 

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду 

  

  

  

  

  

  

  

 

2.6. Кынтыксыз ишкердик абройду тастыктоо: 

1) экономика чөйрөсүндө кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн алынып салынбаган жана жоюлбаган соттуулугу барбы (бар/жок); 

2) банк, финансы, аудитор, камсыздандыруу жана инвестициялоо чөйрөсүндө иш алып барууга укуксуз деген соттун же Улуттук банктын чечими боюнча банк чөйрөсүндө иштөөгө укугу жок деген сизге карата чечимдер барбы (бар/жок); 

3) башка чөйрөлөрдө иш алып барууга сизге мүмкүндүк бербеген соттун чечими барбы (бар/жок). Эгерде болсо, анкетага кошо тиркөө зарыл; 

4) Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин же болбосо чет өлкөнүн банктык көзөмөл боюнча компетенттүү органынын сизди ээлеп турган кызматтан бошотуу үчүн банкка карата таасир этүү чарасын колдонуу жагында чечими барбы (бар/жок). Эгерде болсо, анкетага кошо тиркөө зарыл; 

5) банктын капиталына чектүү катышууну сатып алуу боюнча талапты бузууга жол берүү фактысы сизде аныкталганбы (ооба/жок); 

6) өз финансылык милдеттенмелерди төлөө боюнча соттун аткарылбай калган чечими барбы (ооба/жок). 

Эгерде болсо, чечимдин аткарылбай калышынын себептерин баяндап жана чечмелеп көрсөтүү зарыл; 

7) Сизге же сиз олуттуу катышуучу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же башка бир кызмат адамы катары байланышы болгон компанияга карата кайсы бир учурда, кайсы бир өлкөдө

- акыркы 3 (үч) жыл аралыгында, анын ичинде айыптоолор токтотулган же алынып салынган учурда да, укук бузууларга, кемчиликтерге, алгылыксыз жосундарга, кылмыштарга жол берилгендиги үчүн айыптоолор коюлганбы (ооба/жок) ________________. Эгерде болсо, алар боюнча түшүндүрмө берүү зарыл; 

- акыркы 3 (үч) жыл ичинде тартип жаза чарасы, кылмыш жоопкерчилиги чарасы колдонулганбы (ооба/жок) _________________. Колдонулган болсо, алар боюнча түшүндүрмө берүү зарыл; 

8) Сиз же директор (менеджер), жетекчи, уюштуруучу, акционер катары байланышыӊыз болгон компания кайсы бир өлкөдө иш алып баруу максатында лицензия же башка уруксат алуу документтерин алуу үчүн кайрылдыңыз беле? Кайрылган болсоңуз, кайсы өлкөдө, ишкердиктин кайсы түрүн жүзөгө ашырууга ниеттенгениңизди көрсөтүү зарыл_______________________________________________________________________ 

9)  

а) Сизге же директор (менеджер), жетекчи, уюштуруучу, акционер катары байланышыӊыз болгон компанияга лицензия (уруксат) берүүдөн баш тартылган же болбосо лицензия (уруксат) берген орган тарабынан лицензия кайтарылып алынды беле? Эгерде мындай учурлар орун алган болсо, лицензия берүүдөн эмне үчүн баш тартылган, берилбей калган же лицензия кандай себептен улам кайтарылып алынгандыгы боюнча түшүндүрмө бергиле (анын ичинде сиз иштен бошонуп кеткен 3 (үч) жылды кошуу менен)_______________________________________________________________________ 

б) Сизге же жетекчи (менеджер), кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.у.с.) же олуттуу катышуучу катары (анын ичинде сиз иштен бошонуп кеткен 3 (үч) жылды кошуу менен) байланышыӊыз болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессине дуушар болгон ар бир компанияны көрсөтүңүз____________________________________________________________________ 

Директор, кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары байланышыӊыз болгон, ошондой эле мажбурлап банкроттоого, жоюлууга байланыштуу шарттар коюлган компанияда аткарган ролуңузду жана жоопкерчилигиңизди толук негиздеп берүү зарыл________________________________________________________________________ 

10) Сизге же кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.у.с.) же олуттуу катышуучу катары байланышыӊыз болгон компанияга карата мамлекеттик же жөнгө салуучу орган, анын ичинде укук коргоо органдары тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол берилишине байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлдү беле. Жүргүзүлгөн болсо, кандай себептер боюнча экендигин чечмелеп көрсөтүү зарыл. 

2.7. Кимдир бирөөлөр алдында ссудалык карыз (башка милдеттенмелери) бар болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкү маалыматтарды көрсөтүңүз (чет өлкө жарандары үчүн тиешелүү валюта жана АКШ долларына карата валюта курсу же АКШ долларында көрсөтүлүүгө тийиш):  

Кредитордун аталышы  

  

  

Берилген күнү (жыл, ай)  

  

  

Зайымдын (кредиттин) суммасы, миң сом  

  

  

Пайыздык чен  

  

  

Зайымдын (кредиттин) багыты  

  

  

Күрөө тууралуу маалымат жана анын суммасы  

  

  

Төлөө мөөнөтү (жыл, ай)  

  

  

Зайым (кредит) боюнча карыздын калдыгы, миң сом түрүндө  

  

  

Зайым (кредит) үчүн пайыздар боюнча карыздын калдыгы, миң сом түрүндө  

  

  

2.8. Төмөнкү маалыматтарды бериңиз:  

____-жылдын "___" ________ карата абал боюнча активдер жөнүндө жеке отчет (анкета толтурулган күнгө карата көрсөтүлөт).  

1-таблица (валютаны көрсөтүңүз).  

  

Активдер 

Сумма (сом түрүндө/чет өлкө жарандары үчүн тиешелүү валютаны жана АКШ долларына карата валюта курсун же АКШ долларын көрсөтүңүз) 

Негизги иштеген жери боюнча эмгек акы (айына)  

  

Негизги иштеген жеринен тышкары эмгек акы (айына)  

  

Накталай  

  

Финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик каражаттар (пайыздык ченди, үстөк бааны көрсөтүү менен)  

  

Баалуу кагаздар (баалуу кагаздын түрүн көрсөтүү менен)  

  

Күрөөгө коюлбаган же арестке коюлбаган кыймылсыз мүлк (мүлк сүрөттөлөт жана наркы көрсөтүлөт)  

  

Күрөөгө коюлган же арестке коюлган кыймылсыз мүлк (мүлк сүрөттөлөт жана наркы көрсөтүлөт)  

  

Дебитордук карыз (анын ичинде зайымга берилген каражаттар)  

  

2.9. Учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө катышып жатасызбы? Эгерде ошондой болсо, түшүндүрмө бериңиз _____________________________________.  

2.10. Үй-бүлөлүк абалы: (никеси бар ж.б.) 

_________________________________________  

Жакын туугандарыңызды көрсөтүңүз (ата-энеси, балдары, жубайы (жолдошу), багып алгандар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир, энелеш/аталаш бир туугандар жана бир тууган ага-ини, эже-карындаштары, чоң ата, чоң эне, небере), ошондой эле аталган тизмеге киргизүү зарыл деп эсептелген башка туугандар  

Аты-жөнү 

Туугандык мамилеси 

Туулган күнү жана жери 

Кызматы жана иш орду 

  

  

  

  

3. Олуттуу катышуусу жана өз ара байланыштуулугу. 

1. Банктын кызмат адамдары, акционерлери же өтүнүч билдирген банктын аффилирленген компанияларынын кызмат адамдары, акционерлери менен тууганчылык же ишкердик мамиледе турганыңызды көрсөтүнүз (эгерде болсо, кандай мамилелерде).  

2. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдын 38-беренесинин талаптарына алардын ылайык келүүсүн көрсөтүү зарыл  

__________________________________________________________________________. 

__________________________________________________________________________. 

__________________________________________________________________________. 

4. Сиздин көз карашыңыз боюнча белгилей турган маанилүү маалымат барбы?  

- жок  

- ооба (кеңири чагылдыруу зарыл)  

5. Пункт банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан гана толтурулат  

Мен, Директорлор кеңешинин ишин жөнгө салган документ менен таанышып чыктым  

- ооба  

- жок  

6. Ушул анкетада жогоруда берилген маалымат анык жана толук экендигин жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча менин билимиме жана маалыматтарга ылайык сунушталгандыгын тастыктаймын.  

Эскертүү:  

1) Анкетаны толтурган кызмат адамы анын ар бир бетине кол коюшу зарыл. 

Күнү (жыл/күн/ай) ____________________________________  

Талапкердин кол тамгасы 

  

кол тамганын үлгүсү 

 

- Жобого карата 32-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

  

  

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

32-тиркеме 

Кызмат адамын макулдашуу жөнүндө 

ӨТҮНҮЧ  

(Директорлор кеңешинин жана Шариат кеңешинин мүчөлөрүнөн тышкары, 

ушул жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн бардык кызмат адамдарына толтурулат) 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын төрагасына  

  

Урматтуу_____________________________  

(Аты-жөнү) ___________________ талапкерлигин ________________________________________________ кызмат ордуна  

(талапкер сунушталып жаткан кызмат ордун, банктын аталышын көрсөтүү зарыл)  

карап берүүнү өтүнөбүз.  

Ушул өтүнүчкө "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жободо талап кылынган документтер тиркелгендигин тастыктаймын.  

Жогоруда көрсөтүлгөн адам милдеттерин аткаруунун алкагында жоопкерчилигинде турган маселелер боюнча квалификациясы жетиштүү жана компетенттүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын укуктук 

актыларында белгиленген талаптарга ылайык келгендигин тастыктаймын, анын ичинде:  

1) талапкер кынтыксыз ишкердик абройго ээ ______ (ооба/жок);  

2) "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун 20-главасында каралган талапкерди макулдашуудан баш тартууга негиздер" ________________ (аныкталды/аныкталган жок); 

3) Дайындоо жана сый акы төлөө комитетинин талапкердин ылайык келиши тууралуу корутундусу бар ______ (ооба/жок);  

  

__________________________ (Аты-жөнү) Кол тамгасы ____________ күнү 20__-жылдын "_____" _______________________  

(Башкарманын төрагасы тарабынан кол коюлат)»; 

- Жобого карата 33-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

  

  

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата  

33-тиркеме 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга субъектинин макулдугу 

 

Калктуу пункт, күнү 

  

Мен, ___________________________________________________________________________________ 

                                                    (фамилиясы, аты, атасынын аты) 

______________________________________________________________________________________________________________________________дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документ: _______________________________________________________ 

                                                                                              (документтин түрү

сериясы _______________________________ № ______________________________________________ 

берилди _____________________________________________________________________________ 

                                                       (берилген күнү) (ким тарабынан берилген) 

______________________________________________________________________________ негизинде 

                     (ишеним каттын, мыйзамдын жана башка укуктук актынын) 

____________________________________ (ишеним кат берилген адамдар үчүн) атынан иш алып барган  

      (фамилиясы, аты, атасынын аты) 

___________________________________________________________________ дареги боюнча жашаган, 

инсандыгын күбөлөндүргөн документ: ________________________________________________________ 

                                                                                                    (документтин түрү

__________________________ сериясы ________________________ № ________________________ 

берилди _____________________________________________________________________________ 

                                                         (берилген күнү) (ким тарабынан берилген) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким менен, ыктыярдуу түрдө төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем: 

- иштетүүгө (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: 

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык); 

- жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине) менин жеке өзүмө гана тиешелүү болгон бардык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамынын талабына жана "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого ылайык берилишине. 

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: фамилияма, атыма жана атамдын атына (өзгөртүлгөн болсо) (мурдагы аты-жөнүм өзгөрткөн күн жана ага түрткү берген себептер); төрөлгөн жерим жана төрөлгөн күнүмө; жарандыгым тууралуу маалыматтардын (анын ичинде мурдагы жарандыгым, башка жарандыкты алгандыгым); алган билим тууралуу маалыматтардын (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жыл, билимге, квалификацияга ээ болгон, кайра даярдыктан өткөн багыт же документ боюнча алган билимим); илимий даражага ээ экендигим тууралуу маалыматтардын, чет тилдерди кандай деңгээлде билүүгө тиешелүү маалыматтардын, жашаган жеримдин дарегине (келген жеримдин дареги); байланыш телефон номерлериме жана башка байланыш каналдары боюнча маалыматтардын; инсандыгымды тастыктаган документтин түрүнө, сериясына, номерине, ошол документти берген органдын аталышына, документ берилген күнгө; салык төлөөчүнүн идентификациялык номерине; үй-бүлөлүк абалыма, үй-бүлө курамына, жакын туугандарыма тиешелүү маалыматтардын; эмгек жолума тиешелүү маалыматтардын (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырып иштөө, ишкердик иш, кызмат көрсөтүүнү сунуштоо келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктарга, башка сыйлыктарга, артыкчылык белгилерине (ким тарабынан жана качан берилген) ээ болгондугума тиешелүү маалыматтардын; соттолгондугум же болбосо соттолбогондугум тууралуу маалыматтардын, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендигим үчүн мага карата колдонулган тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтардын; кирешелер, чыгашалар, мүлкүм жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле мүлк мүнөздөгү милдеттенмелериме тиешелүү маалыматтардын, сүрөтүмдүн берилишине да тиешелүү болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзам талабына жана "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого ылайык, Улуттук банк тарабынан лицензиялоо жол-жобосун ишке ашыруу (анын ичинде кызмат адамдарын макулдашуу, акцияларды сатып алуу, банктардын иш чөйрөсүн кеңейтүү) максатында сунушталат. 

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген жеке маалыматтарды топтоо жана аларды иштеп чыгууга субъектинин макулдугун алуу, жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берилиши жөнүндө ага маалымдоо тартибинин жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм. 

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

  

20__-ж. ___-_______________ 

____________________________________ 

                     Кол тамгасы                                                                                 Аты-жөнү.». 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) жаңыдан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Жобого өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын күчүнө кириши менен байланыштуу киргизилген, анын максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым беренелерин ишке ашыруу, ошондой эле банк иши чөйрөсүндөгү укук ченемдерин шайкеш келтирүү, системага салуу, коллизияларды жоюу жана банк мыйзамдарындагы кемчиликтерди жоюу болуп саналат. Мыйзам аркылуу банк ишин жүзөгө ашыруу маселелери, банктарды түзүү, реструктуризациялоо, банктарды жоюу тартиби, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды жүгүртүү тартиби жөнгө салынат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы №444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 7-пунктчасынын, алардын юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү жагындагы жоболоруна ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес.