Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

2022-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 17-августунда күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына кол койгон. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарга ылайык, Улуттук банк аталган мыйзамдар күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамдарга ылайык келтирүүгө тийиш. 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын кабыл алынган мыйзамдарга ылайык келтирүүгө багытталган жана мыйзам актыларына шилтемелер жагында редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү камтыйт. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамын кабыл алууга байланыштуу концептуалдык өзгөртүүлөр «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына киргизилет. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжалардын болушу мүмкүндүгүн болжолдоо  

Токтом долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4.  Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине ылайык, токтом долбоору коомдук талкуудан өткөрүү үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

 

5.  Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.  

 

6.  Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат  

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен жана Улуттук банктын бюджетинен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт, анткени ал юридикалык күчү жагынан жогору болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүүгө багытталган. 

 

Долбоор 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет): 

- 2008-жылдын 30-июлундагы № 30/6 «Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты бекитүү жөнүндө»; 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө»; 

- 2018-жылдын 17-январындагы №2018-П-14/2-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-2-(ПС) «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2021-жылдын 1-декабрындагы № 2021-П-14/66-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө». 

- 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

 

2. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде: 

токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын __-___________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата  

тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-июлундагы № 30/6 «Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүн эрежелеринин: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча эрежелерде (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасында Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында (мындан ары - Система) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү тартиби, ошондой эле төлөөчүнүн, банк-төлөөчүнүн, алуучунун жана банк-алуучунун (мындан ары биргелешип катышуучулар) жана Системанын Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөндө көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларына ылайык өз ара иш алып баруусу жана милдеттенмелери аныкталган: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө» жобо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы № 38/11 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» нускоо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген «Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө» нускоо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/10 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелери (мындан ары Форматтарды толтуруу эрежелери)». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» дегенге алмаштырылсын. 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясаттын: 

- 2-главасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ушул Саясаттын максаттарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жободо белгиленген терминдер жана аныктамалар колдонулат.». 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» дегенге алмаштырылсын. 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-январындагы №2018-П-14/2-6-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобонун: 

- 15-пунктунун з) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

з) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү.». 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-2-(ПС) «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 7-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарында» деген сөздөр ««Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарында» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

1) 7-пунктунун он биринчи жана он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Олуттуу катышуу» жана «контролдоо» деген терминдер Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт. 

«Кынтыксыз ишкердик аброй» түшүнүгүнүн критерийлери Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 45-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 1-декабрындагы № 2021-П-14/66-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарында» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.».  

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун: 

- 106-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамы» деген сөздөр Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамы.» деген сөздөргө алмаштырылсын.». 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Колдонуудагы редакция  

Сунушталган редакция  

Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобо 

2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт. 

2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт. 

Кыргыз Республикасында төлөм системасына көзөмөлдүк боюнча саясат 

2. Терминдер жана аныктамалар  

Ушул Саясаттын максаттарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Мыйзамдары жана «Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобо менен белгиленген терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

2. Терминдер жана аныктамалар  

Ушул Саясаттын максаттарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобо менен белгиленген терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Төлөм системасы боюнча Комитет жөнүндө жобо 

15. Комитет төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:  

а) төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата акчалай айып пул белгилөө;  

б) төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын иштен четтетүү же алмаштыруу;  

в) лицензиянын алкагында төлөмдөрдү кабыл алууну чектөө жана/же төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүнү чектөө;  

г) төмөнкү түрдөгү атайын режим киргизүү:  

- тике банктык көзөмөл;  

- убактылуу администрация;  

д) лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу;  

е) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык лицензияны кайтарып алуу;  

ж) төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын саясаттарын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү жөнүндө талаптар;  

з) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү». 

15. Комитет төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:  

а) төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата акчалай айып пул белгилөө;  

б) төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын иштен четтетүү же алмаштыруу;  

в) лицензиянын алкагында төлөмдөрдү кабыл алууну чектөө жана/же төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүнү чектөө;  

г) төмөнкү түрдөгү атайын режим киргизүү:  

- тике банктык көзөмөл;  

- убактылуу администрация;  

д) лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу;  

е) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык лицензияны кайтарып алуу;  

ж) төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын саясаттарын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү жөнүндө талаптар;  

з) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү». 

Кыргыз Республикасындагы 

банктык төлөм карттар жөнүндө жобо 

2. «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иш жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы талаптар аныкталган. 

2. «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы талаптар аныкталган. 

Пакеттик клиринг системасында  

төлөмдөрдү тике дебеттөө формасында өткөрүү эрежелери 

1.1. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча эрежелерде (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук цифралык кол тамга жөнүндө» Мыйзамдарга жана төлөм системаларынын иши боюнча төмөндө көрсөтүлгөн башка ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн Пакеттик клиринг системасында (мындан ары - Система) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү тартиби, ошондой эле төлөөчүнүн, банк-төлөөчүнүн (мындан ары биргелешип - катышуучулар) жана Системанын өз ара мамилелери жана милдеттенмелери аныкталат:  

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобо;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/8 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 18-январындагы № 8-06 номеринде каттоодон өткөн «Кыргыз Республикасында майда Чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө» жобо;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы № 38/11 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында № 88-07 номеринде каттоодон өткөн «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» нускоо (мындан ары - нускоо);  

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 3-сентябрында № 82-07 номеринде каттоодон өткөн «Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө» нускоо;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/10 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 23-мартында № 25-06 номеринде каттоодон өткөн «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелери (мындан ары - Форматтарды толтуруу эрежелери).  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

1.1. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча эрежелерде (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө» Мыйзамдарына жана төмөндө көрсөтүлгөн башка ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн Пакеттик клиринг системасында (мындан ары - Система) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү тартиби, ошондой эле төлөөчүнүн, банк-төлөөчүнүн (мындан ары биргелешип - катышуучулар) жана Системанын өз ара мамилелери жана милдеттенмелери аныкталат:  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 8-декабрындагы № 2021-П-14/68-7-(ПС) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобо;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда Чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө» жобо;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы № 38/11 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» нускоо (мындан ары - нускоо);  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/5 токтому менен бекитилген «Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө» нускоо;  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/10 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелери (мындан ары - Форматтарды толтуруу эрежелери).  

Төлөм системасындагы штаттан  

тышкаркы жагдайлар жөнүндө 

2. Бул Жобонун талаптары өз ишин Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ төлөм системасынын катышуучуларына жана операторлоруна, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине таркатылат.  

2. Бул Жобонун талаптары өз ишин Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ төлөм системасынын катышуучуларына жана операторлоруна, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине таркатылат.  

7. Бул Жобонун максаттарында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген терминдер жана аныктамалар колдонулат. Бул Жободо ошондой эле төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

7. Бул Жобонун максаттарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген терминдер жана аныктамалар колдонулат. Бул Жободо ошондой эле төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө жобо 

3. Ушул жобонун талаптары банктын атынан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарына (мындан ары - Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары), ушул жобого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык калкка банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзгөн банктарга жана чекене агенттерге таркатылат.  

3. Ушул жобонун талаптары банктын атынан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарына (мындан ары - Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары), ушул жобого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык калкка банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзгөн банктарга жана чекене агенттерге таркатылат. 

Төлөм уюмдарын жана төлөм системаларын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө жобо 

7. Ушул жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Өтүнүч ээси - ушул жобого ылайык төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган акционердик коом/жоопкерчилиги чектелген коом.  

Лицензиат - Улуттук банктан тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору.  

Кызмат адамдары - башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңеши, болгон учурда), башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү (жетекчи/техникалык директор, башкы бухгалтер) жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар.  

Төлөм уюмдары жана/же төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу жактар:  

1) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары;  

2) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун капиталында тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар же жеке адамдар;  

3) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактардын башкаруу боюнча байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;  

4) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары;  

5) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар аларда олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар.  

«Олуттуу катышуу» жана «контролдукту» терминдери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 85-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт».  

«Кынтыксыз кызматтык аброй» түшүнүгүнүн критерийлери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 108-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт». 

7. Ушул жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Өтүнүч ээси - ушул жобого ылайык төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган акционердик коом/жоопкерчилиги чектелген коом.  

Лицензиат - Улуттук банктан тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору.  

Кызмат адамдары - башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңеши, болгон учурда), башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү (жетекчи/техникалык директор, башкы бухгалтер) жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар.  

Төлөм уюмдары жана/же төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу жактар:  

1) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары;  

2) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун капиталында тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар же жеке адамдар;  

3) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактардын башкаруу боюнча байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;  

4) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары;  

5) ушул аныктаманын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар аларда олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар.  

«Олуттуу катышуу» жана «контроль» деген түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт. 

«Кынтыксыз ишкер аброй» түшүнүгүнүн критерийлери «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинде көрсөтүлгөн маанилерде түшүнүлөт. 

Кыргыз Республикасында  

электрондук акча жөнүндө жобо 

106. Банк-эмитенттин лицензиясы кайтарылып алынган учурда алардын ээлерине чыгарылган электрондук акчаларды, агенттердин камсыздандыруу (гарантиялык) төгүмдөрүн жана оператордун төгүмдөрүн төлөө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.  

106. Банк-эмитенттин лицензиясы кайтарылып алынган учурда алардын ээлерине чыгарылган электрондук акчаларды, агенттердин камсыздандыруу (гарантиялык) төгүмдөрүн жана оператордун төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.  

«Төлөм системаларынын операторлорунун / төлөм уюмдарынын бухгалтердик 

эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө» жобо 

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан берилген лицензиялардын негизинде иштеген төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу эсептер планын түзүүгө коюлган негизги талаптарды аныктайт.  

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан берилген лицензиялардын негизинде иштеген төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу эсептер планын түзүүгө коюлган негизги талаптарды аныктайт.