Кайта келүү

Долбоор  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым 

ченемдик укуктук актыларына капитал шайкештиги, банктык эсептер жана сейфтер 

маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» Нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) «Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын «___» __________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата  

тиркеме  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына капитал шайкештиги, банктык эсептер жана сейфтер маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 3.2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Карыздык каражаттардын эсебинен уставдык капиталды түзүүгө, банктын акцияларын сатып алууга, ошондой эле банктын капиталында чектүү катышууну сатып алууга тыюу салынат.»;  

- 3.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.3. Банк өз акцияларын күрөөгө алууга жана сатып алууга укугу жок.»; 

- 8.4-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана көрсөткүчтөрдүн бузулушуна алып келсе;».  

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча нускоонун: 

- 28-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Сейфте сакталган буюмдарга арест соттук актынын негизинде коюлушу мүмкүн.»; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Сейфти ачуу, тинтүү, карап чыгуу, алып чыгуу жана анда сакталган буюмдарга карата башка процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө органдары тарабынан соттук актынын негизинде гана жүргүзүлөт.»; 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Сейфти ачуу, тинтүү, карап чыгуу, алып чыгуу жана анда сакталган буюмдарга карата башка процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү, ошондой эле аларга арест коюу мыйзамдардын жана банктын ички документтерине ылайык банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин катышуусунда ишке ашырылат. Мында, сейфте сакталган буюмдарга опись жүргүзүлөт, ага катышкан банк кызматкерлери кол коюуга тийиш, ошондой эле сейфти ачуу, тинтүү, карап чыгуу же алып чыгуу, ошондой эле сейфте сакталган буюмдарга карата башка процессуалдык иш-аракеттер видео тасмага түшүрүлүүгө тийиш.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун: 

- 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» жана «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктан лицензия алынган шартта банктардын юридикалык жактардан жана жеке адамдардан депозиттерди жана башка акча каражаттарын тартуу операцияларынын негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат.»; 

- 35-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эсептерге арест соттук актынын негизинде коюлушу мүмкүн.»; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эсептердеги акча каражаттарды конфискациялоо мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) «Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибинин: 

- 14-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктардын капиталынын шайкештик коэффициентин эсептөө Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Коммерциялык банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого жана Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык жүргүзүлөт.».  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына капитал шайкештиги, банктык эсептер жана сейфтер маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына капитал шайкештиги, банктык эсептер жана сейфтер маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда төмөнкү маселелерге мазмундуу жана техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

- уставдык капиталды түзүү, банктын акцияларын жана банктын капиталында чектүү катышууну сатып алуу; 

- эсептерге жана сейфте сакталган буюмдарга арест коюу; 

- дивиденддерди төлөөгө Улуттук банк тарабынан тыюу салуу же чектөөлөрдү белгилөө үчүн негиздерди кеңейтүү

Токтом долбооруна ылайык өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына киргизилүүдө

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоого;  

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча нускоого; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоого; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(НПА) Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал денгээлин аныктоо тартибине. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын  

10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын  

4-пунктунун 4-пунктчасынын, аларды юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү жагындагы жоболоруна ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес.