Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына бухгалтердик эсепке алуу, аудит жана отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына бухгалтердик эсепке алуу, аудит жана отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунда тышкы аудитордун көз карандысыздыгы жана аудитордук уюмду тартуу, ошондой эле банктык топтордун консолидацияланган финансылык отчетту даярдоо маселелерине мазмуну жана техникалык өзгөчөлүктөрү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.  

Токтомдун долбооруна ылайык өзгөртүүлөр Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына киргизилет: 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобо»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

- 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобо; 

- 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобо; 

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобо

- 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планы; 

- 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө» жобо; 

- 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобо; 

- 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобо. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдап-иликтөө 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4-пункчасынын талаптарына ылайык, юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору кароого алынган учурда алардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө талап кылынбайт. 

 

 

 

 

Долбоор 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

бухгалтердик эсепке алуу, аудит жана отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобону жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын бекитүү тууралуу»; 

- 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону» бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

«____» ____________________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым  

ченемдик укуктук актыларына бухгалтердик эсепке алуу, аудит жана отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобонун: 

- 12-пунктунун 4-пункчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Улуттук банк тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар;»; 

- 31-пунктунун таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

Аманатчылар 

Агылып чыгуу коэффициенти, % 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, жергиликтүү бийлик органдарынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу), мамлекеттик бийлик органдарынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик секторунун түзүмдөрүнүн, эл аралык финансы уюмдарынын аманаттары (депозиттери)  

40 

Юридикалык жактардын аманаттары (депозиттери) (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо)  

40 

Жогорку категорияларга кошулбаган башка уюмдардын аманаттары (депозиттери)  

100 

»; 

- 41-пунктунун таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

Контрагент 

Агылып чыгуу коэффициенти, % 

Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин кредиттик линиялары  

Юридикалык жактардын кредиттик линиялары (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо)  

10 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана бийлик органдарынын, эл аралык финансы уюмдарынын кредиттик линиялары  

10 

Коммерциялык банктардын кредиттик линиялары  

40 

Финансы-кредит уюмдарынын кредиттик линиялары  

40 

Башкалар  

100 

»; 

- 46-пунктунун таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

Контрагент 

Агылып кирүү коэффициенти, % 

Жеке адамдардын, жеке ишкерлердин кредиттери  

50 

Юридикалык жактардын кредиттери (финансы-кредит уюмдарын кошпогондо)  

50 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана бийлик органдарынын, эл аралык финансы уюмдарынын кредиттери  

50 

Коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын кредиттери  

100 

». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 18-пунктунун 3-пункчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) аудитордук уюм же ошол эле эл аралык тармакта жайгашкан уюм тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар: 

- бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү жана жүргүзүү

- бухгалтердик эсептин методдорун иштеп чыгуу менен байланышкан; 

- финансылык отчет түзүү

- ички аудит»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Аудитордук корутундудагы маалыматтар аудит программасына киргизилүүгө тийиш болгон сунуштамаларды кошуп алганда, аудиттин эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык чагылдырылууга тийиш. Мында финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык анын бардык пайдалануучулары үчүн финансылык отчеттун аудитордук корутундусу бирдей болууга тийиш.»; 

- 51-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«51. Эгерде Улуттук банк аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбейт деп тааныган учурда, банк өз эсебинен башка аудитордук уюмду тартуу менен кайрадан аудит жүргүзүүгө милдеттүү

Эгерде ушул аудитордук уюмдун же аудитордун мурунку аудитордук корутундусу кабыл алынбаса же Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбейт деп таанылган учурда, банк кийинки финансылык жылда ал аудитордук уюмду же аудиторлорду аудит жүргүзүү үчүн тартууга укугу жок.»; 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобону жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунда: 

бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктык жана/же финансылык иш менен алектенген, ошондой эле контролдукту бир же ошол эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же башка адамдар (жактар) менен биргеликте жүзөгө ашырган банкты камтыган юридикалык жактар тобу.»; 

он алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк менен байланыштуу жактар - Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында чагылдырылган мааниде түшүнүү зарыл.»; 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлөт. Банктык топтун башында турган банк, же банктык холдингдик компания, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти болбогон башкы/башкаруучу компания (банктык холдингдин башкаруучу компаниясы) аудитордук фирманын (аудитордун) корутундусу менен тастыкталып, мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилгенден кийин өзүнүн консолидацияланган бухгалтердик отчетторун жана пайда жана чыгымдар боюнча консолидацияланган отчетторун жыл сайын жарыялап турат.»; 

- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Банктын акцияларын сатып алууга билдирме берүүдө Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын, «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык тиешелүү маалыматтар сунушталууга тийиш.»; 

- 47-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында каралган негиздер боюнча туунду же караштуу компанияны сатып алууга/түзүүгө банктын укугу жок.»; 

- 96-пунктунда: 

биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктык топтун кайсы болбосун катышуучусуна (жеке адамдарга жана юридикалык жактарга) же алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында каралган талаптарга ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.  

Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында каралган негиздер боюнча, учурларда жана тартипте колдонулат. Улуттук банк таасир этүү чараларын колдонуунун максатка ылайыктуулугун, түрүн жана тартибин өз алдынча аныктайт.»; 

2-пунктчасынын «д» абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«д) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамында каралган негиздер боюнча, анын ичинде: 

- банкка жана банктык топтун катышуучуларына карата талаптагыдай консолидацияланган көзөмөл жүргүзүүгө тоскоолдуктар келип чыкса;   

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузууга жол берилсе.»; 

- 4-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобого карата 4-тиркеме 

Банктык топтун аффилирленген жактары жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

____________________________________________________________________ 

Башкы компаниянын аталышы жана 2 же 3-топтун түзүмүнүн аталышы көрсөтүлөт 

№ 

Аффилирленген жактын аталышы 

Банктык топтун катышуучусунун аталышы 

Аффилирленген жактын банктык топтун катышуучусу менен өз ара мамилесинин мүнөзү 

Банктык топтун катышуучуларына карата мамилеге жараша акцияларга/үлүшкө ээлик кылуу пайызы 

Аффилирленген жактын аталышы/аты-жөнү/негизги иш 

Эскертүү 

 

Банктык топтун катышуучусунан актив алган банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагынын аталышы көрсөтүлөт  

Банктык топтун катышуучусунун толук аталышы көрсөтүлөт  

Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзам ченемдерине ылайык көрсөтүү зарыл  

Ээлик кылуу пайызы/үлүшү көрсөтүлөт  

Аффилирленген жактын толук аталышы же аффилирленген жактын аты-жөнү; негизги иштин түрү көрсөтүлөт  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

…. 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесине ылайык төмөнкүлөр аффилирленген жак катары таанылат:  

- юридикалык жактын олуттуу катышуучулары;  

- бир эле юридикалык жак олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар.  

  

Кызмат орду ____________ Аты-жөнү _______________ Кол тамгасы ________________ 

Банктык топ менен байланыштуу жактар тууралуу 

МААЛЫМАТТАР 

№ 

Банктык топ менен байланыштуу жактын аты-жөнү 

Банктык топтун катышуучусунун компанияда ээлеген кызмат орду 

Байланыштуу адамдын аты-жөнү 

Байланыштуулук деңгээлин ачык көрсөтүү 

Туугандык даражасы (ата-энеси, күйөөсү/аялы ж.б.) 

 

Байланыштуу жактын аты-жөнү көрсөтүлөт  

Байланыштуу жактын кызматы көрсөтүлөт  

Байланыштуу жактын аты-жөнү көрсөтүлөт  

Байланыштуулук деңгээли көрсөтүлөт  

Байланыштуу адам менен тууганчылык даражасы көрсөтүлөт  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

… 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эскертүү: «байланыштуу жак» деген түшүнүктүн чечмелениши Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесинде көрсөтүлгөн. 

Кызмат орду _________ Аты-жөнү ________________ Кол тамгасы ________________ 

 

»; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобонун: 

- 23-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 2-тиркемеде 10.2. «Баалуу кагаздар портфели» бөлүмүнүн 130-графасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«130 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана/же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар».  

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

- 2.1-пунктунун «а» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында бекитилген функциялардын аткарылышынын чегинде банктын финансылык абалына;»; 

- 4.10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.10. Дем алыш күндөрү жана майрам күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Улуттук банк жана коммерциялык банктар үчүн жумуш күнү деп жарыяланган жана сунуш кылынган күндөр үчүн маалыматтар, ошол күндөрү банк иштегенине же иштебегенине карабастан, ПРБОдо камтылууга жана белгиленген мөөнөттөрдө берилүүгө тийиш. Мында, сом эквивалентинде чет өлкө валютасындагы маалыматтарды камтыган отчеттор Улуттук банктын отчетту түзүү күнүнө карата белгиленген расмий курсун пайдалануу менен түзүлүүгө тийиш.»; 

- 2-тиркемесинин «Баалуу кагаздар портфели» 5-бөлүгүнүн бүтүндөй тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын Министерлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- «Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө отчет» 14.Ж бөлүгүнүн бүтүндөй тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын Министерлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- «Чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө отчет» 14.З бөлүгүнүн бүтүндөй тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын Министерлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 15.2. «Баалуу кагаздар портфели» бөлүгүнүн 130-графасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«130. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана/же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар».  

5. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планында: 

1-класс. Активдер: 

- 10301 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10301 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар»; 

- 10401 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10401 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары»; 

- 10501 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10501 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары»; 

- 11402 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11402 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар»; 

- 11412 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11412 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар»; 

- 11422 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11422 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар»; 

2-класс. Милдеттенмелер: 

- 20800 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынан эсептери жана кредиттери» деген топтун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20800-топ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү бийлик органдарынан эсептери жана кредиттери»; 

- 21052 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын депозиттери жана кредиттери боюнча төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздар» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21052 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын депозиттери жана кредиттери боюнча төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздар»; 

6-класс. Кирешелер:  

- 60001 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60001 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси»; 

- 60011 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60011 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси»; 

- 60021 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60021 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси»; 

 

- 1-тиркемедеги: 

- бүтүндөй тексти боюнча «эсептик курсу» деген сөздөр «расмий курсу» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

1-класс. Активдер: 

- 10301 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10301 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган, амортизацияланган нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар 

Бул эсепте банк тарабынан сатылып алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карыздык баалуу кагаздары эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10302 эсебинде чагылдырылган сый акыларды жана дисконтторду эске алуу менен номиналдык нарк боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдо маанисинде болууга тийиш. Баалуу кагаздар сатылып алынган учурда эсеп дебеттелет, ал эми баалуу кагаздар сатылган же төлөнгөн учурда, эсеп кредиттелет.»; 

- 10401 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10401 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары. 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздары эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10402-эсепте чагылдырылган сый акыны же дисконтту эске алуу менен номиналдык нарк боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болуусу зарыл. Баалуу кагаздарды сатып алууда эсеп дебеттелет. Баалуу кагаздарды сатууда же алардын ордун жабууда эсеп кредиттелет.»; 

- 10501 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10501 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары. 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздары эсепке алынат. Бул эсептеги баалуу кагаздар 10502-эсепте чагылдырылган сый акыны же дисконтту эске алуу менен номиналдык нарк боюнча чагылдырылууга тийиш. Эсеп дебеттик сальдого ээ болуусу зарыл. Баалуу кагаздарды сатып алууда эсеп дебеттелет. Баалуу кагаздарды сатууда же алардын ордун жабууда эсеп кредиттелет.»; 

- 11402 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11402 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар. 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган жана амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болуусу зарыл. Алууга карата пайыздар суммасын кошуп эсептөөдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө карата акча каражаттары түшкөн учурда эсеп кредиттелет.»; 

- 11412 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11412 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар. 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган жана пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болуусу зарыл. Алууга карата пайыздар суммасын кошуп эсептөөдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө карата акча каражаттары түшкөн учурда эсеп кредиттелет.»; 

- 11422 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11422 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар. 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган жана башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болуусу зарыл. Алууга карата пайыздар суммасын кошуп эсептөөдө эсеп дебеттелет. Пайыздарды төлөөгө карата акча каражаттары түшкөн учурда эсеп кредиттелет.»; 

2-класс. Милдеттенмелер: 

- 20800 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана кредиттери» эсептер тобу төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20800-топ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана кредиттери. 

Бул топто бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы эсептерди эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен жана жергиликтүү бийлик органдарынан алынган эсептер камтылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана кредиттери номиналдык валютада эсепке алынат. Финансылык отчетто көрсөтүү максатында бул эсептердеги чет өлкө валютасындагы суммалар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сом эквивалентине которулууга тийиш.»; 

- 21052 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын депозиттери жана кредиттери боюнча төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздар» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21052 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын депозиттери жана кредиттери боюнча төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздар. 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын депозиттери жана кредиттери боюнча төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздар эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болуусу зарыл. Алууга карата пайыздар суммасын кошуп эсептөөдө эсеп кредиттелет. Пайыздарды төлөөдө эсеп дебеттелет.»; 

6-класс. Кирешелер:  

- 60001 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60001 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси. 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин амортизацияланган нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болуусу зарыл. Киреше түшкөн учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабууда эсеп дебеттелет.»; 

- 60011 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60011 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси. 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган, пайда жана чыгым аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча банктын пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болуусу зарыл. Киреше түшкөн учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабууда эсеп дебеттелет.»; 

- 60021 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси» эсеби төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60021 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешеси. 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган, башка жыйынды киреше аркылуу адилет нарк боюнча баалануучу баалуу кагаздар боюнча банктын пайыздык кирешесинин суммасы эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болуусу зарыл. Киреше түшкөн учурда эсеп кредиттелет. Финансылык жылдын акырында убактылуу эсептерди жабууда эсеп дебеттелет.». 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Жободо Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында, Мамлекеттик өнүктүрүү банкында жана башка финансы-кредит уюмдарында (мындан ары банктар) Бухгалтердик эсепке алуу эсептеринин планын (мындан ары Эсептер планы) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык түзүүсүнө карата талаптар белгиленет.»; 

- 3.2-пунктунун бүтүндөй тексти боюнча: 

- «эсептик курсу боюнча» деген сөздөр «расмий курсу боюнча» дегенге алмаштырылсын; 

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын. 

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- 5.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1. ФКУ эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда төмөнкүлөргө таянууга тийиш:     

- Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө» мыйзамына;     

- Кыргыз Республикасынын банктык операцияларын жөнгө салган мыйзам актыларына жана ченемдик укуктук актыларына;     

- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына;    

- Ушул жобого.  

ФКУ, кошумча методологиялык жактан камсыздоо катары эсепке алуу саясатынын мисалдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иштелип чыккан башка методологиялык материалдарды пайдалана алат. 

Эскертүү

(1) Бул жерде ФКУ бул маселелер банктык мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынарын эске алуусу зарыл.». 

 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жобо Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-9-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» жобого ылайык сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталган системалуу мааниге ээ коммерциялык банктарга (мындан ары  банктар) таркатылат.»; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына, ошондой эле Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин эл аралык стандарттарына ылайык иштелип чыккан жана рынок катышуучуларына тиешелүү маалыматтар менен таанышып жана анын негизинде банктын иш чөйрөсү, тобокелдиктерге дуушарлануусу жана тобокелдиктерди баалоо жана тескөө процесстери, банк капиталынын жетиштүүлүгү тууралуу негизги маалыматтарга баа берүү мүмкүнчүлүгүн берген маалыматтарды чечмелөө аркылуу рынокто иш жүргүзүү тартибине өбөлгө түзүүгө багытталган.»; 

- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктык сыр - Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык аныкталган маалымат.»; 

- 13-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун тиркемесине ылайык капиталдын түзүмү;».