Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, атап айтканда, аталган Мыйзамдын 40-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийлигишпейт. 

Ошентип, улуттук төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы «Элкарт» төлөм карттары менен улуттук эсептешүү системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системалары менен интеграциялоо долбоору боюнча эсептешүү агентин ички ченемдик документтерге ылайык уюмдун тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен өз алдынча аныктоого укуктуу. 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжалардын келип чыгышын болжолдоо  

Токтомдун долбоору социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени сунушталып жаткан токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

4.  Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Токтом долбоору материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын расмий интернет сайтында, ошондой эле коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

5.  Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт. 

6.  Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат  

Токтомдун долбоорун кабыл алууда кошумча финансылык чыгымдар талап кылынбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Ченемдик укуктук актылардын ишкердиктин субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, токтомдун долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт, анткени сунушталып жаткан токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

 

 

Проект 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» жобонун: 

- 1-главасынын:  

4-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-главасындагы: 

1-пунктунун: 

2-4-пунктчалары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын: 

«8) Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдү гросстук системасынын катышуучусу болуп саналат.». 

4-главасынын:  

1-пунктунун 3-пунктчасындагы «орточо айлык» деген сөздөр «орточо күндүк» дегенге алмаштырылсын; 

- 5-главасынын: 

2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.