Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:   

 

- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»; 

2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»; 

- 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө»; 

- 2008-жылдын 16-январындагы № 3/3 «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу;  

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө Нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/5 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-6-(НПА) «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кепилдик фонд» ААКты, турак жай-сактык кредиттик компанияларын, алмашуу бюролорун тааныштырсын. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен  Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын «___» _________  

№ ___ токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын  

19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин: 

- 2.5.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5.4. Улуттук банктын алардын ишине карата коюлган талаптарынын МФК тарабынан аткарылбагандыгы, маалыматтарды бербей койгондугу же аларды өз учурунда бербегендиги, ошондой эле такталбаган маалыматтарды бергендиги фактылары аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга карата таасир этүү чараларын кабыл алууга укуктуу.»; 

- 5.5.2-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 6.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6.6. Микрофинансы компаниялары экономикалык нормативдерди жана башка талаптарды сактабагандыгынын, алар маалыматтарды бербегендигинин ошондой эле өз учурунда бербегендигинин же такталбаган маалыматты бергендигинин фактылары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамдарына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик актыларына ылайык МФКларга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын  

4-майындагы № 14/2 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, финансы системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиттик союздардын катышуучуларынын таламдарын коргоо максатында, бардык кредиттик союздар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилейт.»; 

- 5.3.2, 5.5.1 жана 5.5.2-пункттарындагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын  

28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.9. Тышкы аудитор тышкы аудитти жүргүзүп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана аудиттин эл аралык стандарттарында белгиленген талаптарга ылайык тариздетилген аудитордук корутундуну, МКК/МКА жетекчилигине катты, аудит программасына киргизилиши зарыл болгон сунуш-көрсөтмөлөр, ошондой эле тышкы аудитти жүргүзүү боюнча келишимде белгиленген бардык отчетторду МКК/МКАга сунуштоого тийиш.  

Улуттук банк, эгерде төмөнкүлөрдү камтыган жагдайлардын орун алгандыгы аныкталган болсо, МКК/МКАнын тышкы аудиторунун корутундусун кабыл албай коюуга жана башка аудитордук уюмду тартуу менен кайталап аудит жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу:  

- Кыргыз Республикасынын «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык, аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр орун алгандыгы тууралуу тыянак чыгарууга негиз болгон маалыматтарды жаап-жашыруу фактылары аныкталса;  

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан тышкы аудитор квалификациялык сертификатынан/лицензиясынан ажыратылган (кайтарылып алынган) болсо; 

- тышкы аудитордун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун 3.4-пунктунун талабына ылайык келбеген жагдайлар орун алгандыгын тастыктаган фактылар аныкталса.  

Улуттук банк жогоруда белгиленген жагдайлар аныкталган шартта, мөөнөттөрүн белгилеп жана негиздүү себептерин көрсөтүү менен кайталап аудит жүргүзүү талабын МКК/МКАнын дарегине жөнөтөт. МКК/МКА Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык кайталап тышкы аудит жүргүзүүгө милдеттүү. Кайталап жүргүзүлгөн аудит МКК/МКАнын эсебинен ишке ашырылат. 

Эгерде ушул аудитордук уюмдун же аудитордун мурунку аудитордук корутундусу кабыл алынбаса же Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбейт деп таанылган болсо, банк кийинки финансылык жылда ал аудитордук уюмду же аудиторлорду аудит жүргүзүү үчүн тартууга укугу жок.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын  

16-январындагы № 3/3 «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 2.1-пунктунун «а» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« а) Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамында бекитилген функцияларды аткаруунун алкагында кредиттик союздун финансылык абалына;». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

27-майындагы № 25/3 «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 2.1-пунктунун «а» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамы, «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамында жана «Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө» жободо бекитилген функцияларды аткаруусунун алкагында МКК/МКА финансылык абалына;»; 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 4-пунктунун «а» пункчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамында жана «Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө» жободо белгиленген функциялардын аткарылышынын чегинде МФКнын финансылык абалына;». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 5.2.2-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткарбай коюу же талапка ылайыксыз аткаруунун кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш.»; 

- 5.2.6-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- катышуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти каалаган убакта толук же бөлүк-бөлүк менен мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу»; 

- 2-тиркемедеги «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин» деген сөздөр «Мамлекеттик органдарда каттоо кызматынын» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 18-пунктундагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө 

алмаштырылсын; 

- 27-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. КСФКнын туунду же караштуу компанияларды түзүп же сатып алуусу учурунда «Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын  

26-беренесинин 5 жана 6-бөлүгүнүн жана 79-беренесинин жана Улуттук банктын туунду же караштуу компанияларды түзүү жана/же сатып алуу тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыларынын талаптары аткарылууга тийиш.»; 

- 34-пунктундагы «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 52-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«52. КСФК тарабынан ушул Эрежелерде белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталбай жатышы, алардын учурунда берилбей же такталбаган жана/же толук эмес маалыматтардын берилиши, экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча отчетторду жарыялоо мөөнөттөрүнүн сакталбашы боюнча фактысы аныкталса, ошондой эле КСФК ишинде башка кемчиликтерге жол берсе, Улуттук банк ага карата Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык, таасир этүү чараларын колдонот.»;  

- 1-тиркемеде: 

- «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААК тарабынан экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө 20__-жылдын «__» ________ карата абал боюнча маалымат» деген таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААК тарабынан экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө 20__-жылдын «__» ________ карата абал боюнча МААЛЫМАТ 

 

Ченемдердин жана талаптардын аталышы  

Белгилениши  

Ченемди эсептөө  

Ченемдин айкын мааниси  

Ченемдин белгиленген мааниси  

Белгиленген ченемден четтөө  

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин эң жогорку өлчөмү  

К1 

СЗ  --- -------  ЧСК 

 

25% ашпаган 

 

Капиталдын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандарты 

К2.1 

ЧСК  --- -------  ЧРА 

 

12% кем эмес 

 

К2.2 

ЧКПУ  ---- ------  ЧРА 

 

6% кем эмес 

 

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)  

К4 

ЛА  -- --------  О 

 

30% кем эмес 

 

 

»; 

«14.В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет» деген таблицада «Өкмөттүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААК тарабынан 20__-жылдын ______ чейреги ичинде 20__-жылдын «__» ______ карата абал боюнча экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө  

МААЛЫМАТ (*)  

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы  

Ченемдин белгиленген мааниси  

Ченемдин айкын мааниси  

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин эң жогорку өлчөмү (К1)  

25% ашпаган  

   

Суммардык капиталдын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенти (К2.1)  

12% ашпаган  

   

Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүгүнүн коэффициенти (К2.2)  

6% ашпаган  

   

ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К4)  

30% ашпаган  

   

(*) Бул маалыматтар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 62, 65-беренелерине ылайык ачып көрсөтүлүүгө тийиш.».  

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. МФУ өз ишин Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө», «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле МФУнун уставына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясынын/күбөлүгүнүн негизинде жүзөгө ашырууга милдеттүү.»; 

- биринчи 5-1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 24-пунктунун 2) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кредит (лизинг) боюнча карызын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрсүз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз мөөнөтүнөн мурда төлөөгө;»; 

- 30-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткарбай коюу же талапка ылайыксыз аткаруунун кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш.»; 

- 3-тиркемедеги «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин» деген сөздөр «Мамлекеттик органдарда каттоо кызматынын» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобонун: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында, «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында берилген аныктамалар колдонулат.»; 

- 30-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткарбай коюу же талапка ылайыксыз аткаруунун кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш.»; 

- 33-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- катышуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, активди каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу». 

 

10. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр кирилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» Нускоонун: 

- 1-тиркемесиндеги «Эсептик» деген сөз «Расмий» деген сөзгө алмаштырылсын. 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоонун: 

- Тиркемесиндеги «Валютанын эсептик курсу» деген сөздөр «Валютанын расмий курсу» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

30-майындагы № 24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, микрофинансылык уюм милдеттүү түрдө аткарууга жана сактоого тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө ушул Эрежелердин максаты болуп саналат.»;  

- 28-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Микрокаржылоо компаниялары экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды сактабагандыгы, алар маалыматтарды бербегендиги, ошондой эле өз убагында бербегендиги же такталбаган маалыматты бергендиги фактылары аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамдарына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык, МФКга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.».  

 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

16-июлундагы № 32/5 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 22, 31 жана 33-пункттарындагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

17-октябрындагы № 45/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун:  

-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы № 26/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө» жобого ылайык (мындан ары - мыйзамдар), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын (мындан ары - МФК) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.»; 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы № 26/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө» жобого ылайык (мындан ары - мыйзамдар), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин (мындан ары - МКК жана МКА) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.»; 

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө« мыйзамына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын (мындан ары - кредиттик союздар) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.». 

 

15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен кабыл алынган Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 9.2-пунктундагы «Өкмөт» деген сөздөр «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 19-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Адистештирилген финансы мекемелери автоматташтырылган эсепке алуу жана отчет берүү системаларына ээ болууга тийиш, алар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-20/72-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.». 

 

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-6-(НПА) «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоонун: 

- 22-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФК, ТСКК ички документтери МФК, ТСКК кызмат адамдарын кредиттөө жөнүндө жобону камтууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө жана кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:»;  

- 26-пунктунун 1-пунктчасындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

18. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- үчүнчү пунктунун: 

он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Финансылык чалгындоо органы - Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.»; 

жыйырма экинчи абзацындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 15-пунктундагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

19. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын атынан» деген сөздөр алып салынсын; 

- 9-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;; 

онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  

25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт.»; 

- 23-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөр «Финансылык чалгындоо органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.  

 

20. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3, 4 жана 10-пункттарындагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 6-пункттун 2) пунктчасынын үчүнчү абзацындагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 6-пункттун 4) пунктчасынын тогузунчу абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

21. Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 15-пунктундагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

22. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Улуттук банк турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу боюнча мыйзамдарына, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык көзөмөлдөйт жана жөнгө салат.»; 

- 8 жана 87-пункттарындагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

- 9-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

23. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 15-пункту «БФКУ» аббревиатурасынан кийин «алардын акционерлери/катышуучулары/уюштуруучулары жана кызмат адамдары» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. Улуттук банк аракеттери (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банк тажрыйбасы катары таанылган кайсы болбосун БФКУга, анын акционерлерине/катышуучуларына/уюштуруучуларына жана кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияны/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алууга чейинки таасир этүү чараларын колдоно алат.»; 

22-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Жазма буйрук негизги жана кошумча таасир этүү чарасы катары колдонулушу мүмкүн.»; 

- 26-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. БФКУ тарабынан Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө», «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген нормалар, талаптар жана чектөөлөр бузулган учурда, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети айып салууга укуктуу: 

1) активдердин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө БФКУга карата; 

2) төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн (кызматтык маяна, премия, бонустар ж.б.) кошкондо, жылдык орточо сый акыдан ашпаган өлчөмдө БФКУнун кызмат адамына карата. 

Айып пул негизги жана кошумча таасир этүү чарасы катары колдонулушу мүмкүн.»; 

- 26-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына» дегенге алмаштырылсын; 

- 31-пунктундагы «бузуулар» деген сөз «укук бузуулар» деген сөз менен алмаштырылсын; 

- 54-пункттун 1-пунктчасында жана 55-пунктта «ченемдердин» деген сөздөн кийин «жана талаптардын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 68-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«68. Адистештирилген финансы-кредиттик компаниянын лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдарында баяндалган негиздер боюнча кабыл алынат.»; 

жогорудагы Жобонун 1-тиркемесинин: 

- 16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. Улуттук банк тарабынан колдонулган жазма буйруктарды жана/же башка таасир этүү чараларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарбоо.». 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.  

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ушул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын  

10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4-пунктчасынын аларды юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү жагындагы жоболоруна ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес.