Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган (салыштырма таблицасы кошо тиркелет): 

2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12\45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө»; 

2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2018-жылдын 19-декабрындагы № 2018-П-12/55-6-(НПА) «Укук бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 2-июнунундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

1998-жылдын 14-декабрындагы №34/9 «Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелери»; 

- 2018-жылдын 28-февралындагы № 2018-П-12/7-7-(НПА) «Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө»; 

- 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/12 «ЭкоИсламикБанк» ЖАК тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда аффилирленген жана банкка байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө жобо тууралуу»; 

- 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө». 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын  

10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын  

4-пунктунун 4-пунктчасынын, аларды юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү жагындагы жоболоруна ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес. 

 

 

Ишиңиздерге ийгилик каалап, 

Көзөмөлдөө методологиясы 

башкармалыгынын начальниги Э. Жапарова 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ: 

Төраганын орун басары М. Жакыпов 

 

 

 

 

Долбоор  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12\45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу; 

- 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2018-жылдын 19-декабрындагы № 2018-П-12/55-6-(НПА) «Укук бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 2-июнунундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

1998-жылдын 14-декабрындагы №34/9 «Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө»; 

- 2018-жылдын 28-февралындагы № 2018-П-12/7-7-(НПА) «Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/12 «ЭкоИсламикБанк» ЖАК тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда аффилирленген жана банкка байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Башкарманын мүчөлөрү: А. Айбалаева 

М. Жакыпов 

К. Куленбеков  

Н. Сагындыков  

Р. Сейткасымова  

З. Чокоев 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын «____» __________ 

№___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

12-августундагы № 2020-П-12\45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун:  

- 6-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын  

48-беренесине жана Улуттук банктын талаптарына ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында операцияларды жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун: 

онунчу абзацында «Өкмөтүнө» деген сөз «Экономика жана коммерция министрлигине» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

отуз биринчи абзацында «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасы Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдагы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдагы» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 67-пунктунун «б» пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун:  

- 15-пунктунунун биринчи абзацында ««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзам» деген сөздөр ««Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзам» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 21-пунктунун 1-пунктчасынын биринчи абзацында «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

19-декабрындагы № 2018-П-12/55-6-(НПА) «Укук бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Укук бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө нускоонун: 

- 2-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү (Лицензиялоо башкармалыгы, Банктык көзөмөл башкармалыгы, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы, Төлөм системалары башкармалыгы, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү) - Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 299-301, 305, 306, 323-беренелеринде жана 355-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар үчүн;». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоонун: 

- 16-пунктунун экинчи сүйлөмүндө «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын  

14-декабрындагы №34/9 «Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелеринин: 

- «1. Жалпы жоболор» главасынын биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын  

28-февралындагы № 2018-П-12/7-7-(НПА) «Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозиттик эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Улуттук банктагы депозиттик эсептерине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштырууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн Банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды Улуттук банкта жайгаштыруу ниетин билдирүү менен расмий кайрылууга тийиш. Кайрылуу Улуттук банк тарабынан бир жумуш күнү ичинде каралат. Мында, Банк төмөнкү талаптарга жооп берүүсү зарыл: 

- Улуттук банкта корреспонденттик эсеби болууга; 

- финансылык абалды чыңдоо иш-чараларын өткөрбөөгө

- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган атайын режим белгиленбөөгө (убактылуу администрация, тике банктык көзөмөл).  

Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими боюнча финансылык абалын чыңдоо иш-чараларын жүргүзгөн/Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган атайын режимдер (убактылуу администрация, тике көзөмөлдүк) киргизилген банктар чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын депозиттик эсептерине жайгаштыра алышат.»; 

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими боюнча финансылык абалын чыңдоо иш-чараларын жүргүзгөн/Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган атайын режимдер (убактылуу администрация, тике банктык көзөмөл) киргизилген банктар үчүн жайгаштыруу шарттары ар бир жагдай жана ар бир валюта боюнча өзүнчө аныкталышы жана белгилениши мүмкүн.». 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

17-майындагы № 19/13 «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

- преамбуласынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул Жободо банктын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, банк эмес финансы-кредит уюму, башка юридикалык жак (алмашуу бюросу, кредиттик бюро, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму) же жеке адамдын сотко чейин даттануусу, анын ичинде таасир этүү чараларын жана/же айыптык төлөмдү колдонуу чечимине (мындан ары таасир этүү чаралары), ошондой эле лицензиялоо маселелери боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамдары (түзүмдүк бөлүмдөр), Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети (мындан ары Комитет) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компетенциянын чегинде кабыл алынган чечимдер боюнча даттануу тартиби жөнгө салынат.»;  

- 2-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Апеллянт» Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамынын (түзүмдүк бөлүмдүн), Төраганын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн же Комитеттин чечимине ушул жободо белгиленген тартипке ылайык даттанган банк, банк эмес финансы-кредит уюму, башка юридикалык жак же жеке адам.»  

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Банк» - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктан лицензия алган жана/же иши ал тарабынан көзөмөлгө алынган коммерциялык банк, банк эмес финансы-кредит уюму.» 

бешинчи абзацындагы «же финансы-кредит уюму» деген сөздөр «же банк эмес финансы-кредит уюму» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

27-августундагы № 22/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмеси жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын (*) ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтердин тизмесинин:  

- 1-статьясында «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 3-статьясында «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 117-статьясында «Өкмөттүн» деген сөз «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

Тизмеге карата тиркемеде: 

- 1.5-пунктунда: 

«1996-жылдагы» деген сөздөр алып салынсын; 

«Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архивдик кызматынын» деген сөздөр «Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 2.8-пуктунда: 

«Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архивдик кызматынын» деген сөздөр «Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

31-майындагы № 21/12 «ЭкоИсламикБанк» ЖАК тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда аффилирленген жана банкка байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «ЭкоИсламикБанк» ЖАК тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда аффилирленген жана банкка байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 15-пунктунун биринчи абзацында ««Кыргыз Республикасынынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзам» деген сөздөр ««Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзам» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1.2.-пунктунда «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамда» деген сөздөр ««Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамда» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын  

30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 4-пунктунун экинчи абзацындагы ««Кыргыз Республикасынынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын  

30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун: 

- 4-пунктунун «а» пунктчасында «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамында» деген сөздөргө алмаштырылсын.