Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

кредиттик тобокелдик, активдерди классификациялоо, кыймылсыз мүлк 

менен иштөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»

- 2004-жылдын 15-сентябрыңдагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»;  

- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»;  

- 2020-жылдын 28-декабры № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын кардарларга-жеке адамдарга кредиттерди берүүсүнө карата талаптар жөнүндө» токтому;  

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

31-октябрындагы № 41/9 «Улуттук банк Башкармасынын 12-жылдын 18-майындагы № 19/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын жашка финансы-кредит мекемелеринин кардарларга-жеке адамдарга кредиттерди берүүсүнө карата талаптар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому; 

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун 24-пунктчасы;  

- аталган токтомдун тиркемесинин 24-пункту. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банкттарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын «____»_________  

№__________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына кредиттик тобокелдик, активдерди классификациялоо,  

кыймылсыз мүлк менен иштөө маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын  

21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:  

- 4.1.1-пунктунун он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар киреше түзүмүнө карабастан, 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди банктын ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) макулдашуунун алкагында түзүлгөн өнүктүрүү фонду (мындан ары Өнүктүрүү фонду) тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фонду тарабынан башка чет өлкөлүк финансы институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, ошондой эле Өнүктүрүү фондунун каражаттарынан каржылоо эсебинен орду жабылган жана кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү каралган кредиттерге да таркатылат.»; 

- 4.1.2, 4.3.5, 5.1.2 жана 5.1.3-пункттарындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрыңдагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоонун: 

- 3.1.3-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 3.2.1-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 3.2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2.3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздары же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздар менен камсыздалган талаптар. Мында, ошол баалуу кагаздардын рыноктук наркы кредиттин негизги суммасынан кеминде 20% артып турууга тийиш.  

Ушул нускоонун 3.1.3., 3.2.2. жана 3.2.3-пунктчаларында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына берилген кредиттер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гарантиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджетинде алардын чагылдырылышын тастыктоону кошо алганда, тиешелүү түрдө таризделинүүгө тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гарантиялар банктын накта суммардык капиталынын 60% өлчөмүнүн ашпоосу зарыл.».  

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинин: 

- 2-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

- «2. Атайын классификация колдонулуучу кредиттерди аныктоочу критерийлер». 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын  

30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 30-1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.»;  

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Банк ушул жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн факторлорду аныктоо максатында, потенциалдуу карыз алуучуга түшүндүрмө берүүгө тийиш. Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө берүүчүгө кол койдуруу менен тиешелүү келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо кесепеттери түшүндүрүлүүсү зарыл (бул тууралуу тиешелүү келишимге кол коюшат). Кредит берүү учурунда ушул жобонун 30-пунктунда белгиленген талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик кредит берүү чечимин кабыл алган ыйгарым укуктуу адамдарга жүктөлөт.»; 

- 41-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кредитти (лизингди) мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу.»; 

- 42-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик келишимге 6-тиркемеде белгиленгендерден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөөнүн негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат.»;  

- 6-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«  

  

Кыргыз Республикасынын 

банкынан лицензия алышкан 

коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит 

уюмдарында кредиттик 

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата 

6-тиркеме 

 

Банк кардарынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн)  

жана айыптык санкциялардын 

ТИЗМЕГИ 

 

Банк кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредит суммасы 

Келишимге ылайык көрсөтүлөт 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөөгө чейин кредит алуудан баш тарткан учурда билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм 

Комиссия болгон шартта, банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздарда же нарктык туюндурулушунда көрсөтүлөт 

Эсептешүүүндөлүк)/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу (эгерде эсеп кредиттик келишим түзүүдөн улам ачылса) жана тейлөө (эгерде кредит боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылса) үчүн комиссиялык төлөм 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акча каражаттарын салуусу жана алуусу) 

Кардардын өтүнүч каты боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредитти реструктуризациялоо учурларын эске албаганда) 

Эгерде келишимде кредиттик каражаттарды берүү боюнча банктын шексиз милдеттенмеси каралган болсо, акча каражаттарын резервге коюу үчүн комиссиялык төлөм (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, мамлекеттик органдарда каттоо кызматтарына ж.б. төлөө

Келечекте мындай чыгашалар өзгөрүшү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен ошол чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат 

Банктын айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдү төлөөнү кечиктиргендиги үчүн 

Банкта түзүлгөн келишимдин негизинде кармалып калуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмүнө ылайык, пайыздык катышта же нарктык туюндурулушунда чагылдырылат 

Кредит боюнча күрөөгө сунушталган, депозит 30 календардык күндөн бери толукталбагандыгы үчүн 

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтомун өз убагында кайтарбагандыгы үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана банк тарабынан каралууга милдеттүү болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз убагында кайтарбаган учурларды эске албаганда) 

Акча каражаттарын алгандан кийин келишимди токтотуу шарттары 

Башка чыгашалар (төлөмдөр) 

  

____________________________ 

_____________ 

_______________________ 

(банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү

  

  

  

____________________________ 

___________ 

___________________________ 

(банктын кардарынын аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү

 

». 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун: 

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин: 

- 14-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) кредиттердин жүгүртүүдөгү товарлар, кампа күбөлүктөрү жана баалуу металлдар менен гана камсыздалышы кредиттин суммасынын кеминде 150% түзүүгө тийиш, мында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймалар эске алынбайт.»; 

- 31-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Мында, эгерде күрөө предметинен өндүрүп алуу процессинде тараптардын макулдашуусунда сатуунун башка ыкмасы каралбаса, турак жай түрүндөгү кыймылсыз күрөө предмети ачык тооруктар аркылуу гана сатылат.». 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун:  

- 7-пунктунун д) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«д) эгерде бул маселелер банктын ички ченемдик документтеринде баяндалбаса, эсепке алууну жана отчет берүүнү;»; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Банк, башка кыймылсыз мүлктү күтүүгө байланыштуу келип чыккан чыгашалардын ордун жабуу үчүн ушул жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпаган мөөнөткө ижара келишимин (келишимдин формасын, мында башка кыймылсыз мүлктү убактылуу ээликке жана/же убактылуу пайдаланууга өткөрүлөт) түзүүгө укуктуу. Башка кыймылсыз мүлктү ижарага берүү мөөнөтүн бузууга жол берилген учурларда, банкка карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.»; 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Директорлор кеңешинин/баардык мүчөлөрү кол койгон, аффилирленген/банк менен байланыштуу жак менен операцияларды колдоого алган отурумдун протоколунда, ошол аффилирленген/банк менен байланыштуу жак чечим кабыл алууга катышпагандыгы жана ал үчүн добуш бербегендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Протоколго Директорлор кеңешинин отурумунан толтурулган, добуш берүүгө катышкан бардык мүчөлөр кол коюп, аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен бүтүмдүн бардык шарттары жана жагдайы иликтөөгө алынып бүтүм банк үчүн адилет наркта, мыйзамдарга ылайык түзүлгөндүгүн тастыктаган стенограммадан көчүрмө кошо тиркелүүгө тийиш.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Мында «кредит боюнча карыздын» кыймылсыз мүлктүн адилет наркынан кандай болбосун ашып кетүүсү, Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген, «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого (мындан ары «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобо) ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга чегерилүүгө тийиш.»; 

- 30- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Банк башка кыймылсыз мүлктү ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечиктирбестен сатууга тийиш.»; 

- 31-1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк кыймылсыз мүлктү финансылык ижарага берүү келишимин/кийин бөлүп төлөө шартында сатып алуу келишимин же башка ушул сыяктуу келишимди түзүүдө банк «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды 25% өлчөмүндө түзүү менен мындай активди (башка менчикти) «субстандарттык» актив катары классификациялашы мүмкүн. Төлөөлөр кечиктирилген шартта жана жаңыдан түзүлгөн келишим боюнча ордун төлөө графиги бузууга жол берилген учурда, классификация Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.». 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабры № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун: 

- 17, 20, 40, 43, 45, 68-пункттарындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 30-пунктунун он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде алар ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банк эмес финансы-кредит уюмдар киреше түзүмүнө карабастан 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди банк эмес финансы-кредит уюмунун ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) келишимдин алкагында түзүлгөн фонддун (мындан ары Өнүктүрүү фонду) берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фонду тарабынан башка чет өлкөлүк финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондунун каражаттарынан каржылоо эсебинен орду жабылган жана кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү каралган кредиттерге да таркатылат.». 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик, активдерди классификациялоо, кыймылсыз мүлк менен иштөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик, активдерди классификациялоо, кыймылсыз мүлк менен иштөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбооруна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына мазмуну жана техникалык жагынан өзгөртүүлөр киргизилүүдө

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобого; 

- 2004-жылдын 15-сентябрыңдагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоого; 

- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибине»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого; 

- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобого; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибине»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобого; 

- 2020-жылдын 28-декабры № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобого. 

Мындан тышкары, токтом долбоору 2012-жылдын 18-майындагы № 19/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын кардарларга-жеке адамдарга кредиттерди берүүсүнө карата талаптар жөнүндө» токтомун күчүн жоготкон катары таанылуусун камтыйт. Анткени, 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо, күчүн жоготкон катары таанылуучу токтомдун ченемдери камтылган. 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле, ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылат.  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4-пунктчасынын, аларды юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү жагындагы жоболоруна ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес.