Кайта келүү

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

монополияга каршы жөнгө салуу, бааны белгилөө, туунду же көз каранды компанияларын маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2005-жылдын 2-марты № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керкетөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу»; 

- 2007-жылдын 28-марты № 16/5 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобо жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 10-июну № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2021-жылдын 29-декабры № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорду, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

«____» ____________________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

монополияга каршы жөнгө салуу, бааны белгилөө, туунду же көз каранды компанияларын маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керкетөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ФКУдин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатынын жана негизги принциптеринин: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк - эмес финансы-кредит уюмдары, башка юридикалык жактардын, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо Саясаты жана негизги принциптери»; 

- 1.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген лицензиянын (күбөлүктүн) негизинде ФКУдин кызматтарды көрсөтүүчү коммерциялык банктардын, банк - эмес финансы-кредит уюмдардын, башка юридикалык жактардын, төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдардын иш-аракеттерине алар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү, маркетингдик иш, бааларды белгилөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча монополияга каршы мыйзамды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары сактоолору боюнча контролдукту жүзөгө ашырат.» 

- 1.3.-пунктунда: 

«башка» деген сөз «банк эмес» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

«финансы-кредит уюмдары,» деген сөздөрдөн кийин «башка юридикалык жактар,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.4.-пунктунда: 

«башка» деген сөз «банк эмес» деген сөзгө алмаштырылсын; 

«финансы-кредит уюмдары,» деген сөздөрдөн кийин «башка юридикалык жактар,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.1.-пунктун күчүн жоготту катары таанылсын; 

- 2.2.-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Бул Саясатта кошумча төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: 

«атаандаштыкка каршы макулдашуу (макулдашылган аракеттер) - бир документте же бир нече документтерде чагылдырылган кат жүзүндө макулдашуу, ошондой эле оозеки макулдашып алуу. Банктык кызмат көрсөтүү рыногундагы жагдайдын өзгөрүүсүнө талдап-иликтөөлөр мунун далилинен болушу мүмкүн. 

банктык кызмат көрсөтүүлөр - банктардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактарга жана жеке адамдарга көрсөтүүчү операциялары жана кызматтары; 

банктык кызмат көрсөтүү рыногунда үстөмдүк кылуу абалы - банктын банктык кызмат көрсөтүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү жана/же банктык кызмат көрсөтүү рыногуна Кыргыз Республикасынын башка банктарынын кирүүлөрүнө кыйынчылык келтирүүчү өзгөчө абалы; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык - ФКУдер ортосундагы эркин атаандаштык, мында алардын өз алдынча иш-аракеттери алардын ар биринин банктык жана башка финансы-кредит уюмдарынын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишкердикти жүзөгө ашыруу шарттарына, анын ичинде кызматтардын сегменттери боюнча, бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелет; 

банктык кызмат көрсөтүү рыногундагы монополиялык ишкердик - бул, ФКУдердин, жактардын тобунун басымдуу абалды ээлөөдөн кыянаттык менен пайдаланышы, монополияга каршы мыйзамдарга карама-каршы аракеттенүүгө макулдашуусу же макулдашып аракеттениши, ФКУдин (жактардын тобунун) атаандаштыкка бөгөт коюуга, чектөөгө же четтетүүгө багытталган аракеттери (аракеттенбей коюулары); 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда адилетсиз атаандаштык - банктардын монополияга каршы мыйзамдарга жана иштердин адаттагы жүрүшүнө каршы келүүчү, банктык кызматтарды көрсөтүүдө негизсиз артыкчылыктарды белгилөөчү жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы башка атаандаш банктарга зыян келтирген жана келтириши мүмкүн болуучу же алардын ишкердик абройлоруна шек келтирүүчү аракеттери; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда тиешесиз жарнамалык иш-аракеттер - банктын Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жалпы жана/же атайын талаптарын бузуучу иш-аракеттери; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр негизсиз жогорку/төмөн баасы - банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштык баасынан олуттуу айырмаланган жана (же) башка уюмдардын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна чыгуусун кыйындаткан жана (же) атаандаштыкка терс таасирин тийгизген банктык кызмат көрсөтүүнүн баасы; 

банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын бөлүгүндөгү банктардын ишаракеттеринин керектөөчүлөргө банктык кызматтардын көрсөтүлгөн жердин негизинде аныкталуучу чөйрөсү;» 

- 3.3.-пунктунун «в» жана «г» пунктчадары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) сунушталуучу кызматтарга негизсиз жогорку/төмөн баалардын белгилениши; 

г) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган ФКУлардын кирүүсүнө тоскоолдуктарды жасоо;» 

- 4.1.-пунктунун: 

б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жарнаамалык иштердин формаларын жана ыкмаларын бузуу;»; 

төмөнкү реакциядагы «в-1» пунктчасы менен толукталсын: 

«Көрсөтүлгөн банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө атайылап жалган, такталбаган, ачыкталбаган же бурмаланган, анын ичинде кошумча керектөө чыгымдарына алып келген маалыматтарды берүү менен кардарларды адаштыруу;»; 

- 5.2.-пунктунундагы «тарифтерди» деген сөздөрдү «бааларды» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 7.1.-пунктунун: 

7.1.5.-пунктчасы күчүн жоготту катары таанылсын; 

7.1.6.-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.1.6. Төмөнкүдөй чечимдер кабыл алат: 

«а) ФКУга, төлөм системаларынын операторуна жана төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына Укук бузуулар жөнүндө кодексинине ылайык айып пул түрүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө

б) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы мыйзамдын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик актылардын бузулгандыгы жөнүндө, анын ичинде монополияга каршы мыйзамга жана ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларга каршы келүүчү келишимдерди толук же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга; 

в) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы мыйзамды жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларды бузуунун натыйжасында алынган пайдаларды мамлекеттик бюджетке чегерүү тууралуу сотко кайрылуу жөнүндө

г) ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы мыйзамдын жана атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актылардын бузулгандыгы жөнүндө арызды, ошондой эле монополияга каршы мыйзамды жана ФКУ кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларды бузууларга байланыштуу кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иштерин козгоо жөнүндө маселелерди чечүү үчүн материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына багыттоо жөнүндө.»; 

- төмөнкү редакцияда 7.2.-пункту менен толукталсын: 

«7.2. Монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Улуттук банк ФКОлорго, төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонот.»; 

- 8.3.-пунктунун «төлөм уюмдарынын» деген сөздөрдөн кийин «маркетингдик иши» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 8.4.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8.4. Улуттук банк текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчеттордо камтылган, сырттан көзөмөлдүктү жана лицензиялоону жүзөгө ашыруу процессинде аныкталган маалыматтардын негизинде, ФКУдер, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан монополияга каршы Мыйзам талаптарынын, атап айтканда төмөнкү жагдайларды кароого алат: 

- монополияга каршы мыйзамдарга каршы келген бүтүмдөргө келишүүдө аракеттерди; 

- баа түзүү тартибин бузууга жол берип, анын ичинде негизсиз жогорулатылган/ төмөндөтүлгөн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө, колдоого алуу учурларын; 

- атаандаштыкты чектөө максатында келишип алуулар. ФКУ рынокто жагдайдын өзгөрүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү мунун далилинен болушу мүмкүн; 

- банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда туура эмес жарнамалык иш-аракеттерин; 

- ФКУ кызматтардан пайдалануучулардын Мыйзам бузуулардын орун алып жаткандыгын далилдеген документтерди кошо тиркөө менен кат жүзүндө кайрылуусу.»; 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-марты № 16/5 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобонун: 

- 1.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан - ары Улуттук банк) коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, башка юридикалык жактар, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары жана Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактар) көзөмөлдүккө алган тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык, микрофинансылык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр жана операциялар (мындан ары - банктык кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы иш-аракеттери аныкталган.»; 

- 1.3.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул жобонун максатында Кыргыз Республикасынын ФКУдин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатында жана негизги принциптеринде көрсөтүлгөн түшүнүктөр пайдаланылат.»; 

- 2.3.-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«сунушталуучу кызматтарга негизсиз жогорку/төмөн баалардын белгилениши»; 

- 2.5.-пункту төмөнкү редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«басымдуулук абалынан кыянатчылык менен пайдалануу - банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар аракеттери, алар банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда өзүнүн жыйынтыктары менен атаандаштыктын олуттуу чектөөсүнө ээ же ээ болушу мүмкүн жана/же башка атаандаш банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар таламдарына доо кетириши мүмкүн.»; 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июну № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу Эрежелеринин: 

- 1.4.-пунктунун 5 - пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында чектөөлөр белгиленген жактар компаниялардын катышуучуларынан болуп саналса.»; 

- 1.5.-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эскертүү: Инвестицияларды жүзөгө ашырууда талаптар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамынын 50-беренесине ылайык белгиленет.»; 

- төмөнкү редакциядага 3.7.-пункту менен толукталсын: 

«3.7. Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банк туунду же көз каранды компанияны түзгөндө жана/же сатып алганда, компаниянын өзүнүн Шариат кеңеши болууга тийиш. Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси Улуттук банкка берилиши керек.»; 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабры № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 7-пунктунун 10-пунктчасында «пайыздык чендерин» деген сөздөрдөн кийин «,комиссиялык сый акыларын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 11-пунктунда «пайыздык чендердин өлчөмү» деген сөздөрдөн кийин «,комиссиялык сый акысы» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына монополияга каршы жөнгө салуу, бааны белгилөө, туунду же көз каранды компанияларын маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына монополияга каршы жөнгө салуу, бааны белгилөө, туунду же көз каранды компанияларын маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунда монополияга каршы жөнгө салуу, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын бузуу боюнча таасир этүү чараларды колдонуу, туунду же көз каранды компанияларын түзүү жана/же сатып алуу, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын белгилөө маселелерине мазмуну жана техникалык өзгөчөлүктөрү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.  

Токтомдун долбооруна ылайык өзгөртүүлөр Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына киргизилет: 

- 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын ФКУдин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясаты жана негизги принциптери»;  

- 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобо; 

- 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелери»; 

- 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдап-иликтөө 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4-пункчасынын талаптарына ылайык, юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору кароого алынган учурда алардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө талап кылынбайт.