Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы бекитилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, кредиттик союздарды, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, «Кепилдик фонд» ААКты, турак-жай-сактык кредиттик компанияларды жана алмашуу бюролорун тааныштырсын. 

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомун тааныштырсын. 

 

6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Юридика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата  

жөнгө салуучу таасирин талдоо  

МЕТОДИКАСЫН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы (мындан ары Методика) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинде жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү талаптарын жана тартибин аныктайт.  

2. Бул Методика «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыккан. 

3. Улуттук банктын ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылары форс-мажордук жагдайларда ишкердикти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, жөнгө салуучу таасирин талдоо талаптарына туура келет. 

4. Төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлору каралып жаткан учурда жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт:  

1) пилоттук долбоорлорду (сыноо, эксперименталдык) өткөрүү жөнүндө, эгерде мындай ченемдик укуктук актынын колдонуудагы мөөнөтү 6 айдан ашпаган болсо; 

2) өзгөчө кырдаалда жана/же өзгөчө абалда шашылыш түрдө, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюу үчүн кабыл алынса; 

3) концепцияларды, стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер планын жана башка ушул сыяктуу документтерди бекитүү жөнүндө

4) юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин аткаруу, ошондой эле бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизияларды жок кылуу, мында укуктук мамилелердин бул чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосунун күчү сакталат.  

5) эл аралык келишимдерди аткарууга байланыштуу; 

6) Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган эл аралык стандарттарга (келишимдерге) ылайык келтирүү жөнүндө

7) ченемдик укуктук актыны же анын бир бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

5. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн жетиштүү негиздер аныкталса, ченемдик укуктук актынын долбоору жана ушул Методикада каралган сунушталган жөнгө салуу негиздемелерин камтыган аналитикалык кат жөнгө салуучу таасирин талдоонун жыйынтыгы болуп саналат. 

6. жөнгө салуучу таасирин талдоо Улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт. 

7. Ушул Методикада төмөнкүдөй терминдер колдонулат: 

1) жөнгө салуучу таасирин талдоо бул, ушул Методика менен жөнгө салынган процесс, ал көйгөйлөрдү талдоону, жөнгө салуунун максаттарын жана ыкмаларын аныктоону, ишкердик иштин субъекттери үчүн алар менен байланышкан кесепеттерге баа берүүнү жана жөнгө салуунун кыйла артыкчылыктуу вариантын негиздөө жол-жоболорун камтыйт; 

2) аналитикалык кат жөнгө салуучу таасирин талдоонун жыйынтыктарын камтыган документ, анын негизинде ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыгат; 

3) жөнгө салуу варианты жөнгө салуучу таасирин талдоонун предмети болуп саналган, коомдук мамилелерди жөнгө салуунун мүмкүн болуучу ыкмаларынын бири; 

4) кызыкдар тараптар иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынган ишкердик субъекттери, иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынган бизнес-ассоциациялар жана юридикалык жактардын бирикмелери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар, жарандык сектордун коммерциялык эмес уюмдары жөнгө салуунун сакталышына же өзгөртүлүшүнө кызыкдар болушу мүмкүн. 

5) сапаттык индикаторлор кызыкдар тараптардын ошол же башка фактыларга, кубулуштарга мамилесин, алардын каалоолорун жана баа берүүсүн көрсөтүүчү, нарктын, салмактын, узундуктун, сандын, натыйжалуулуктун ж.б. так бирдиги менен баалоо өтө татаал болгон, баа берүү менен өлчөнгөн индикаторлор. 

6) сандык индикаторлор белгилүү бир экономикалык же физикалык мааниге ээ болгон айрым сан түрүндө көрсөтүлгөн индикаторлор, алар бардык финансылык жана рыноктук көрсөткүчтөрдү (киреше, таза пайда, туруктуу жана өзгөрмөлүү чыгымдар, сатуу көлөмү, рыноктун үлүшү ж.б.), нарктын, салмактын, узундуктун ж.б. бирдиги менен өлчөнгөн көрсөткүчөрдү, жыйынды бирдиктердин санынын көрсөткүчтөрүн (бузуулардын санын, ишканалардын санын, кызматкерлердин санын ж.б.) камтыйт;  

7) проблемалардын масштабы учурдагы жөнгө салууну колдонуунун натыйжасында терс кесепеттерге ээ болгон, экономикалык, социалдык, аймактык жана башка өлчөмдөрдө берилген ишкердик субъекттеринин, жарандардын саны;  

8) көйгөйлөр аларга карата каршылыктар/нааразычылыктар/кооптонуулар айтылган кызыкдар тараптарга чыгым/зыян алып келген же алып келиши мүмкүн болгон көрүнүштөр, окуялар, иш-аракеттер, процесстер; 

9) ишкердик ишин жөнгө салуу ишкердик субъекттерине жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттенмелерди жана талаптарды белгилөө, ошондой эле Улуттук банк менен иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынуучу ишкердик субъекттеринин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу; 

10) ишкердик субъекттери мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана алардын уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабастан, киреше алуу максатында мыйзамга карама-каршы келбеген иштерди өз тобокелдигине жана мүлктүк жоопкерчилигине алып жүргөн, иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынган юридикалык жактар.  

 

2. Жумушчу топ. Жөнгө салуучу таасирин  

талдоо жүргүзүүгө даярдык 

8. Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн Улуттук банктын буйругу менен жумушчу топ бекитилет. 

9. Жумушчу топтун курамына макулдашуу боюнча Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, иши Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынган ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү киришет. Зарыл болгон учурда жумушчу топтун курамына башка кызыкдар адамдар да киргизилиши мүмкүн.  

 

3. ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО ЭТАПТАРЫ 

1-этап. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүүнүн негиздери 

10. Улуттук банк жумушчу топко ишкердиктин конкреттүү чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну өзгөртүү ниети жөнүндө билдирет жана түзүлгөн жумушчу топко жөнгө салуу боюнча өзүнүн сунуштары жөнүндө маалымдайт. 

11. Жумушчу топ аныкталган проблемаларды тактоо жана толук чагылдыруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды чогултат, экономикалык жана укуктук негиздерин жана аларды чечүүнүн актуалдуулугун аныктайт.  

12. Бул этапты ишке ашыруу үчүн:  

1) жөнгө салуу жолу менен чечилүүгө тийиш болгон проблеманы чагылдыруу, проблеманын келип чыгышынын себеп-натыйжа байланыштарын аныктоо, проблеманы мүнөздөөчү сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдү берүү зарыл; 

Проблеманы аныктоо үчүн каралып жаткан жөнгө салуу чөйрөсүндөгү колдонуудагы жөнгө салууга жана укук колдонуу практикасына карата кызыкдар тараптардын пикирлерин талдоо; 

2) эгер бул колдонулса, статистикалык жана баалоо маалыматтарын колдонуу менен көйгөйлөрдүн масштабын баалоо; 

3) колдонуудагы жөнгө салууну сактоодо болжолдонгон натыйжаларын белгилөө; учурдагы проблемаларды чечүүнүн зарылдыгын, анын ичинде экономикалык жана укуктук негиздерин, ошондой эле аларды чечүүнүн актуалдуулугун негиздеген негизги аргументтерди келтирүү.  

4) мүмкүн болсо кандай проблемалар, кантип чечилгенин, кандай жыйынтыктар алынганын кыскача баяндоо менен, мындай проблемаларды чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын сүрөттөө. Эгерде жок болсо, эл аралык тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү.  

1-этаптын жыйынтыгы аналитикалык каттын биринчи бөлүгүнө киргизилет жана ушул этаптагы аракеттерди аткаруудан алынган бардык корутундулap киргизилет.  

2-этап. Сунуш кылынган жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

13. Бул этапты ишке ашыруу үчүн:  

1) аныкталган проблемаларды чечүүгө багытталган жөнгө салуу максаттарын аныктоо жана түзүү. Максаттар реалдуу жана жетүүгө мүмкүн болушу керек. Максаттарга жетүүдө прогрессти баалоо үчүн пайдаланылуучу сандык жана/же сапаттык индикаторлордун тизмесин, алардын базалык (учурдагы) жана максаттуу маанилерин аныктоо;  

2) максаттарга жетүүнү жана проблемалардын чечилишин камсыз кылуучу милдеттердин тизмесин иштеп чыгуу, сунушталган тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү, же аларды жөнөкөйлөштүрүү/жокко чыгарууну мүнөздөгөн тиешелүү ченемдик актыларды иштеп чыгуу зарыл.  

3-этап. Сунушталган жөнгө салууну баалоо жана негиздөө 

14. Бул этапты аткаруу үчүн сунушталган ченемдик укуктук актыларды ишке ашырууда пайда болушу мүмкүн болгон таасирге баа берүү зарыл: 

1) сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен максатка жетүүдөгү прогрессти баалоо;  

2) экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан оң жана терс таасирин баалоо;  

3) кызыкдар тараптардын негизги топторуна - жөнгө салуунун адресаттарына (мамлекеттик органдар, ишкерлер, коомчулук) күтүлүп жаткан оң жана терс таасирин баалоо; 

4) сунуш кылынган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерине тийгизген таасиринин нарктык баасын көрсөткөн чыгымдарды баалоо;  

5) Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо: 

- сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда келип чыгышы ыктымал, проблеманы чечүүгө жана жөнгө салуунун максатына жетүүгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү;  

- бул тобокелдиктер пайда болгондо терс кесепеттердин орун алуу ыктымалдыгы жана бул тобокелдиктерге каршы аракеттенүү жана алар орун алган учурда терс кесепеттерди азайтуу боюнча чараларды сунуштоо.  

Төмөнкү тобокелдиктер милдеттүү түрдө бааланууга тийиш: 

- зарыл болгон финансылык, материалдык жана адам ресурстарынын жетишсиздик тобокелдиктери; 

- сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу механизмдеринин жетишсиздик тобокелдиктери; 

- сунушталган жөнгө салуу менен киргизип жаткан талаптардын сакталышына талаптагыдай контролду камсыз кылбоо тобокелдиктери; 

- сунушталган жөнгө салуунун Улуттук банктын административдик-башкаруу потенциалына ылайык келбестиги тобокелдиктерине. 

6) айрым ишкердик субъекттери (же субъекттердин топтору) рыноктун башка катышуучуларына караганда негизсиз артыкчылыктарга ээ болгон шарттардын келип чыгуу тобокелдигин баалоого багытталган атаандаштыкка таасирин баалоо;  

7) кызыкдар жактар жөнгө салуу адресаттарынын сунушталып жаткан жөнгө салуу (оң жана терс баа) боюнча пикири жөнүндө маалыматтарды (коомдук талкуулоодон кийин) киргизүү (болгон болсо); 

8) сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча негизги аргументтерди келтирүү

2 жана 3-этаптардын жыйынтыктары аналитикалык каттын 2-бөлүгүнө киргизилет жана анда ар бир пунктту аткарууда алынган бардык корутундулар камтылышы керек.  

4-этап. Жөнгө салуу таасирин талдоо документтерин даярдоо жана коомдук талкууга сунуштоо 

15. Бул этапта талкуулоо жүргүзүлөт жана жөнгө салуу таасирин талдоо документтеринин акыркы варианттары иштелип чыгат: аналитикалык кат жана тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоору. 

16. Аналитикалык кат жана ченемдик укуктук актынын долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

Талкуунун жүрүшүндө түшкөн сунуштар ченемдик укуктук актынын долбооруна карата салыштырма таблицага киргизилет. 

Талкуу аяктагандан кийин жумушчу топ түшкөн сунуштарды эске алуу менен аналитикалык каттын жана ченемдик укуктук актынын долбоорунун акыркы варианттарын даярдайт. 

17. Аналитикалык катка жумушчу топтун бардык мүчөлөрү же аларды алмаштырган адамдар кол коюшат жана Улуттук банктын төрагасы же аны алмаштырган адам тарабынан бекитилет. 

Жумушчу топтун мүчөсү аналитикалык катка кол коюудан баш тартса, жумушчу топтун кол коюудан баш тарткан ошол мүчөсүнүн баш тартуу себеби көрсөтүлгөн түшүндүрмөсү документке тиркелет, ал эми ал жок болсо - жумушчу топтун мүчөсүнүн документке кол коюудан баш тартуу себебин түшүндүрүү менен жумушчу топтун түшүнүк каты тиркелет. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын ченемдик  

укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына карата  

1-тиркеме 

  

Форма 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

______________________________________ 

(кызмат орду) 

______________________________________ 

(кол тамгасы) 

 

20___-жылдын «___» ___________________ 

  

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

_________________________________________________________ 

(ченемдик укуктук актынын долбоорунун aталышы

Иштеп чыгуу үчүн негиздеме: 

_________________________________________________________________________ 

(документтин аталышы) 

20___-жылдын «____» ____________________ № _______ 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү:  

_________________________ 

_________________________ 

  

(башталышы) 

(аякташы) 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

_________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, кол тамгасы) 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

_____________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, кол тамгасы) 

Жооптуу адам менен байланышуу үчүн маалымат: 

_________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, тел., e-mail) 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Бул ченемдик укуктук акты аркылуу чечилүүчү негизги маселе (же проблеманы) чагылдырылсын.  

2. Проблеманын масштабы 

Ченемдик укуктук актынын долбоорунда козголгон ишкердик субъекттеринин саны жөнүндө маалымат берилсин. 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Колдонуудагы жөнгө салуу сакталган шартта, алдын ала болжолдонуп жаткан таасирлер чагылдырылсын. 

Экономикалык жана укуктук негиздерди, ошондой эле аларды чечүүнүн актуалдуулугун кошо алганда, азыркы мезгилде проблемаларды чечүү зарылдыгын шарттаган негизги аргументтерди келтирүү

4. Эл аралык тажрыйба 

Ушул сыяктуу проблемаларды чечүү жагында эл аралык тажрыйба тууралуу кыскача маалымат келтирилсин. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу жөнгө салуунун максаты так берилсин. 

6. Сунушталган жөнгө салуу 

Проблемаларды чечүү жана максатка жетүү үчүн каралган чаралар (механизм) жана жөнгө салуунун негизги ченемдери чагылдырылсын. 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо  

7.1. Белгилүү бир күнгө карата күтүлүп жаткан жыйынтык (жөнгө салуу максатына жетүү деңгээли).  

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага таасири: алгылыктуу жана терс; 

2) социалдык чөйрөгө таасири: алгылыктуу жана терс;  

3) экологияга таасири: алгылыктуу, терс, таасири тийбейт. 

7.3. Кызыкдар тараптар жөнгө салуу адресаттарынын негизги топторуна карата күтүлүп жаткан таасири: 

1) мамлекеттик органдар: алгылыктуу жана терс;  

2) ишкерлер: алгылыктуу жана терс;  

3) калк: алгылыктуу жана терс.  

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо 

Жөнгө салуу максатына жетүү үчүн жөнгө салууну ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон негизги тобокелдиктерди чагылдыруу:  

1-тобокелдиктин аталышы: 

- тобокелдикти баалоо; 

- сунушталып жаткан жеңилдетүү чаралары;  

2-тобокелдик аталышы: 

- тобокелдикти баалоо;  

- сунушталып жаткан жеңилдетүү чаралары. 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Сунуш кылынган жөнгө салуунун ушул жөнгө салуу варианты үчүн атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоонун негизги корутундулары чагылдырылсын. 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Кызыкдар тараптар жөнгө салуу адресаттарынын ар бир тобунун сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө пикири тууралуу маалымат берүү: оң - кыскача, терс - түшүндүрмөлөрдү чагылдыруу менен: 

1) ишкерлер (тандалган критерий боюнча бөлүү менен):  

- оң

- терс; 

2) калктын саны (тандалган критерий боюнча бөлүү менен):  

- оң

- терс. 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздеп берүү 

Сунуш кылынган жөнгө салууну колдоо үчүн негизги аргументтерди келтирүү

12. Тиркеме 

Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет: 

- сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан экономикалык натыйжаларды ар тараптуу баалоо (жумушчу топтун чечими боюнча); 

- жөнгө салуу таасирин талдоого карата чыгарылган тыянактарды жана сунуштарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдар жана башка маалыматтар (жумушчу топтун чечими боюнча);  

- жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн кол коюудан баш тартуусу/өзгөчө пикирлери (бар болсо); 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.  

Тиркемелерди эске албаганда, аналитикалык каттын негизги текстин 10-15 бетке чейин түзүү сунушталат.  

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу  

таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө» токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 9-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына карата жөнгө салуучу таасирин талдоону Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык иштеп чыгат жана жүргүзөт. Буга байланыштуу Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыккан. Долбоордо Улуттук банктын ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинде жөнгө салуучу таасирин талдоо талаптары жана тартиби аныкталат. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каражат бөлүү каралган эмес. 

 

 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча маалымат 

Сунушталган токтом долбоору ишкердикти жөнгө салууга багытталгандыктан, жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынат. Ушуга байланыштуу бул токтом долбооруна белгиленген тартипте жөнгө салуучу таасирин талдоо иштелип чыккан. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

  

  

 

БЕКИТЕМ 

______________________________________ 

(кызматы) 

______________________________________ 

(кол тамгасы) 

20___-жылдын «___» ___________________ 

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО  

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: 

________________________________________________________________________  

(документтин аталышы) 

«_____» ______________________ 20_____ ж. №_____ 

 

Жөнгө салуучу таасирди баалоонун _______________________________ 

мөөнөтү ________________________ 

(башталышы) (аякташы) 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

________________________________________________________________________  

(Аты-жөнү, иштеген жери, кызматы, кол тамгасы) 

Жумушчу топтун мүчөлөрү

________________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү, иштеген жери, кызматы, кол тамгасы) 

 

Жооптуу кызматкердин байланыш маалыматтары: 

Абдыразаков Э.О., 61-10-33, eabdyrazakov@nbkr.kg 

 

                                                                         (аты-жөнү, тел., e-mail) 

 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүүнүн проблемалары жана себептери 

1. Проблема тууралуу маалымат 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын (мындан ары конституциялык Мыйзам) 9-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда банктык жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн эл аралык стандарттарын, анын ичинде Натыйжалуу банктык көзөмөлдөө боюнча Базель комитетинин жана ислам финансы институттары үчүн Бухгалтердик эсеп жана аудит уюму жана Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши тарабынан бекитилген шарият стандарттарын эске алууга укуктуу. 

Банк мыйзамдары банк ишин жүзөгө ашыруу, акча-кредит жана валюта саясатын жүргүзүү, төлөм системасынын иштеши (банктык укуктук мамилелер) чөйрөсүндөгү мамилелерди, ошондой эле банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктук статусун, компетенциясын, өз ара мамилесин жана жоопкерчилигин жөнгө салат. Ыйгарым укуктуу органдын атынан мамлекет, Улуттук банк, банктар жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка жактар, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде, жеке ишкерлер, ошондой эле резидент эмес жактар банктык укуктук мамилелердин катышуучулары болуп саналат. 

Улуттук банктын укуктук актыларына карата жөнгө салуучу таасирин талдоону Улуттук банк белгилеген талаптарга жана тартипке ылайык, Улуттук банк иштеп чыгат жана жүргүзөт. 

Жогорудагы конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күнү 2022-жылдын 17-августунда күчүнө кирген. Конституциялык Мыйзамдын 74-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банк аталган конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде ченемдик укуктук актыларын аталган конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш. 

Ушуга байланыштуу Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө» токтом долбоору даярдалган. 

Жалпысынан, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча иштелип чыккан токтом долбоору төмөнкү проблемаларды четтетүүгө багытталган: 

- банктык укук мамилелери өзгөчөлүккө ээ, анткени ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда банктык жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн эл аралык стандарттары, каржылоонун ислам принциптери ж.б. эске алынат; 

- банктык укук мамилелерине катышкан субъекттердин чектелгендиги: коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредит мекемелери жана Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же жөнгө салынган башка юридикалык жактар, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар ​​- банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр; 

- кабыл алынган конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү

 

2. Проблеманын масштабы 

Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна ылайык, Улуттук банк ченемдик укуктук актынын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк банктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган экендигин эске алганда, проблемаларды талдоо жол-жоболорун жүргүзүү, жөнгө салуу максаттарын жана ыкмаларын аныктоо, аларга байланыштуу ишкердик субъекттери үчүн кесепеттерге баа берүү жана Улуттук банк тарабынан түздөн-түз жөнгө салуунун кыйла артыкчылыктуу вариантын тандоо бир кыйла натыйжалуу жана максатка ылайыктуу болуп саналат. Мында жумушчу топтун курамына макулдашуу боюнча Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Улуттук банктан лицензия алган жана/же иши ал тарабынан жөнгө салынган ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү кирет. Зарыл болгон учурда, жумушчу топтун курамына башка кызыкдар адамдар да киргизилиши мүмкүн. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүүнүн негиздери, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Жөнгө салууну киргизүүгө конституциялык Мыйзамдын  

9-беренесинин 5-бөлүгү негиз болуп саналат, ага ылайык Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына карата жөнгө салуучу таасирин талдоону Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык иштеп чыгат жана жүргүзөт.  

Колдонуудагы жөнгө салуу жол-жобосу сакталган учурда, б.а. Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун кабыл албоо конституциялык Мыйзамдын көрсөтүлгөн ченеминин аткарылбай калышына алып келет. 

 

4. Эл аралык тажрыйба  

Россия Федерациясынын тажрыйбасы: 

- Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-декабрындагы № 1318 (2021-жылдын 1-июлундагы редакциясына ылайык) «Аткаруу бийлигинин федералдык органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун жана Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо тартиби, ошондой эле Россия Федерациясынын айрым актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.  

Жөнгө салуучу таасирин баалоо бул, жол-жобо, анда ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна ишкерлердин ишинде ашыкча административдик жана башка чектөөлөргө, ошондой эле бизнес үчүн жана Россия Федерациясынын бюджеттик системасы үчүн негизсиз чыгымдарга алып келүүчү ченемдерди аныктоо максатында талдоо жүргүзүлөт.  

Актылардын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо аткаруу бийлигинин федералдык органдары тарабынан аткаруу бийлигинин федералдык органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн токтом долбоорлоруна, Россия Федерациясынын Президентинин жарлыктарына, федералдык мыйзамдардын долбоорлоруна, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ал тарабынан Мамлекеттик Думага киргизилген мыйзам долбоорлоруна карата өзгөртүүлөр долбоорлоруна, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечимдеринин долбоорлоруна карата жүзөгө ашырылат.  

Кызыкдар тараптар менен коомдук консультацияларды өткөрүү жөнгө салуучу таасирин баалоо жол-жобосунун маанилүү элементи болуп саналат, ал кызыкдар тараптардын позицияларын аныктоого, актынын долбоорун кароо процессинин ачык-айкындыгын камсыз кылууга, эркин билдирүү жана бул позицияларды эске алуу мүмкүнчүлүгүн берет. 

Жөнгө салуучу таасирин баалоо учурунда regulation.gov.ru сайты аткаруу бийлигинин федералдык органдары иштеп чыккан ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтарды жана аларды коомдук талкуулоонун жыйынтыктарын жайгаштыруу максатында коомдук консультациялар үчүн аянтча болуп саналат, ошондой эле коомдук талкуулоо үчүн актылардын долбоорунун тексттери, пикирлердин корутундулары жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынган тексттери дагы ушул аянтчага жайгаштырылат.  

Жөнгө салуучу таасирин баалоо, иштеп чыгуучу тарабынан даярдалган актынын долбоорунда камтылган жоболордун жөнгө салуучу таасиринин деңгээлине жараша, 15 күндөн 60 календардык күнгө чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.  

 

II. Сунуш кылынган жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Улуттук банктын ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинде жөнгө салуучу таасирин талдоо талаптарын жана тартибин аныктоо жөнгө салуунун максаты болуп саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын долбоорунда Улуттук банктын ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинде жөнгө салуучу таасирине талдоо талаптары жана тартиби аныкталат. 

Долбоор «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан. 

Жөнгө салуучу таасирин баалоо талаптары, форс-мажордук жагдайлардагы ишкердикти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, Улуттук банктын ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларына колдонулат. 

Долбоордо жөнгө салуучу таасирин баалоо талап кылынбаган учурларга негиздер каралган. Терминдер жана аныктамалар берилген. Жөнгө салуучу таасирин баалоо үчүн Улуттук банктын буйругу менен жумушчу топ бекитилет. Жөнгө салуучу таасирин баалоонун этаптары белгиленет: проблемалар жана жобону өзгөртүүнүн себептери, сунушталып жаткан ченемдик укуктук актылардын баяндамасы, сунушталган ченемдик укуктук актыларды баалоо жана негиздөө. Жөнгө салуучу таасирин баалоо документтерин даярдоо жана коомдук талкуу жүргүзүү каралган.  

 

7. Жөнгө салуунун мүмкүн болуучу социалдык жана экономикалык кесепеттерин баалоо 

7.1. Күтүлгөн натыйжа - максималдуу.  

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга тийгизүүчү таасири: 

1) экономикага тийгизген таасири: оң

2) социалдык чөйрөгө таасири: оң

3) экологияга тийгизген таасири: оң 

7.3. Кызыкдар тараптардын негизги топторуна жөнгө салуунун адресаттарына тийгизүүчү таасири: 

1) мамлекеттик органдарга: оң

2) ишкерлерге: оң

3) калкка: оң

 

8. Чыгым жана пайданы баалоо 

8.1. Ишкердик субъекттеринин чыгымын жана пайдасын баалоо: чыгымдар каралган эмес. 

8.2. Мамлекеттик бюджеттин болжолдуу чыгымын жана пайдасын баалоо: чыгымдар камтылган эмес. 

 

9.  Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо 

Ишке ашырууда тобокелдик жок. 

 

10. Атаандаштыктын таасирин баалоо 

Атаандаштыкка таасирин тийгизбейт. 

 

11. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирин талдоонун алдын ала этабынын алкагында Улуттук банктын расмий сайтында 2022-жылдын 7-октябрынан 2022-жылдын 21-октябрына чейинки мөөнөткө коомдук талкуулоо үчүн Улуттук банктын токтом долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жайгаштырылган. Кызыкдар тараптардан сунуш түшкөн жок. 

 

12. Сунушталган ченемдик укуктук актыларды тандоонун негиздери 

Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун белгиленген тартипте кабыл алуу сунушталат, анткени, конституциялык Мыйзамдын 9-беренесинин 5-бөлүгүнүн талабына ылайык, Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына карата жөнгө салуучу таасирин талдоону Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык иштеп чыгат жана жүргүзөт, жана бул талап императивдик мүнөзгө ээ. Демек башка мүмкүн болгон варианттар жок. 

 

13. Тиркеме 

Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет:  

- сунушталган жөнгө салуу боюнча күтүлүп жаткан экономикалык кесепеттерге толук баа берүү (жумушчу топтун каалоосу боюнча);  

- маалыматтык-маалымдама материалдары, жөнгө салуучу таасирин талдоонун корутундуларын жана сунуштарын чагылдыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар (жумушчу топтун каалоосу боюнча);  

- жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн кол коюудан баш тартуусу/өзгөчө пикирлери (бар болсо); 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.