Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө 

 

 

Банк системасынын жана банк эмес сектордун туруктуулугун сактоо, карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында болуп өткөн куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн № 284-б буйругунун негизинде Баткен областында 2022-жылдын 16-сентябрынан тартып киргизилген өзгөчө кырдаал шарттарын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Төмөнкү сунуш-көрсөтмөлөр берилсин: 

- коммерциялык банктарга жана микрофинансылык уюмдарга: 

1) Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароо; 

2) кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгуу жана Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуга кредиттерди берүү боюнча жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү жагында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо, анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу карыз алуучулардан керектүү документтерди алуу боюнча процесстерди автоматташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу; 

- «Кепилдик фонд» ААК Баткен областында жашаган жана/же ишкердикти жүргүзгөн карыз алуучуларга жеңилдетилген шарттарда берилген кредиттерди камсыздоо үчүн кепилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн кароого алсын. 

2. Банктар жана микрофинансылык уюмдар Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуларга алардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин жана маалыматтардын негизинде кредиттерди берүүгө укуктуу. 

3. Банктар жана микрофинансылык уюмдар Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуга кредит берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарында каралган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган белгиленген формадагы документти (күбөлүктү) же мамлекеттик каттоосуз ишкердик иш жүргүзгөндүгүн тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн карыз алуучудан талап кылбоого укуктуу. 

4. Банктар жана микрофинансылык уюмдар Баткен областында чарба ишин жүргүзгөн юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден (резиденттерден) банкка жана микрофинансылык уюмга Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иштөө боюнча нускоодо каралган, кредит алуу максатында эсеп ачууда салык төлөөчүнүн салыктык каттоодон өткөндүгү фактысы жөнүндө салык кызматы органынын документин берүүсүн талап кылбоого укуктуу. 

5. Банктар кредит алуу үчүн арыз менен банкка биринчи жолу кайрылган (жаңы кардарлар), Баткен областында жашаган жана/же ишкердик ишин жүргүзгөн карыз алуучуларга кредиттик рейтингдин негизинде 200 000 сомго чейин, ал эми мурда ушул банктан кредит алган банк кардарларына (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ, кайра кайрылган кардарларга-жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге) 500 000 сомго чейинки өлчөмдө кредит берүүгө укуктуу. 

6. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банктар жана микрофинансылык компаниялар кредит боюнча пландаштырылган ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) карыз алуучунун орточо айлык чогуу алгандагы кирешесине карата катышы төмөнкүнү түзгөн шартта карыз алуучуга улуттук валютада керектөө кредитин берүүгө укуктуу: 

- эгерде орточо айлык жалпы киреше 500 эсептик көрсөткүчтөн аз болсо, 40 пайыздан ашык эмес; 

- эгерде орточо айлык жалпы киреше 500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдү түзсө, 50 пайыздан ашык эмес; 

- эгерде жалпы орточо айлык киреше 2000 эсептик көрсөткүчтөн көп болсо 60 пайыздан ашык эмес. 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12\25-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу кошумча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

8. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-майына чейин колдонулат.  

9. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

10. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, «Кепилдик фонд» ААКты, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

11. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

1. Максаттары жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары - токтом долбоору) Баткен областынын карыз алуучуларына каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жагынан колдоо көрсөтүү, административдик-аймактык бирдиктерди, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү, калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Мындай чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 «Баткен жана Ош областтарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте көрүлүүчү чаралар жөнүндө» жарлыгын жана 2022-жылдын 30-октябрындагы № 2 Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимин ишке ашырууга багытталган.  

Токтом долбоору жалпысынан коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары тарабынан Баткен областында жашаган жана/же ишкердик кылган карыз алуучуларга кредиттерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин жөнгө салууга багытталган. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Баткен жана Ош областтарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү, ошондой эле Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган жарандардын жашоосу жана уюмдардын ишкердикти жүргүзүүсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2022-жылдын 22-сентябрында № 313 «Баткен жана Ош областтарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте көрүлүүчү чаралар жөнүндө» жарлыгына (мындан ары Жарлык) кол коюлган. 

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигине келтирилген зыянды баалоо боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн.  

2022-жылдын 30-октябрындагы № 2 Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими (мындан ары - Мамлекеттик комиссиянын чечими) кабыл алынган. 

Мамлекеттик комиссиянын чечиминин 11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) 2022-жылдын 18-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен областында катталган жана чарба ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттерге коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан карыздык каражаттарды берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү каралган тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тапшырма берилген. 

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Өзгөчө кырдаал абалын киргизүү жөнүндө» №284-б буйругу менен Баткен областынын аймагында өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. 

2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болуп өткөн окуяларды эске алуу менен Баткен областынын тургундары каржылоого өтө муктаж болууда. 

Ушундан улам, токтом долбоорун кабыл алуу аркылуу коммерциялык банктарга жана микрофинансылык уюмдарга Баткен областында жашаган жана/же ишкердик жүзөгө ашырган карыз алуучулардын кредит алуу боюнча кайрылууларын артыкчылыктуу жана тез тартипте кароону, ошондой эле алардын ички жол-жоболорун кайра карап чыгуу сунушталууда. Кредиттерди берүү жана Баткен областында жашаган жана/же ишкердик жүргүзгөн карыз алуучуларга кредит берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын ичинде карыз алуучулардан алынуучу зарыл документтерди «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынан алуу процесстерин автоматташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну кароо сунушталууда. 

Мындан тышкары, токтом долбоору менен коммерциялык банктарга жана микрофинансылык уюмдарга төмөнкүлөр боюнча укук берүү сунушталат: 

- Баткен областында жашаган жана/же чарбалык иш жүргүзгөн карыз алуучуларга алардын төлөө жөндөмдүүлүгүн күбөлөндүргөн документтердин жана маалыматтардын негизинде кредиттерди берүүгө

- Баткен областында жашаган жана/же чарбалык иш жүргүзгөн карыз алуучуга кредит берүүдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган белгиленген формадагы документти (күбөлүктү) же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарында каралган мамлекеттик каттоодон өткөрүүсүз ишкердик иш жүргүзгөндүгүн тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн талап кылбоого тийиш; 

- Баткен областында чарбалык иш жүргүзгөн юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден (резиденттерден) банкка/МФУга салык төлөөчүнүн кредит алуу максатында эсеп ачууда салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык кызматынын документин берүүсүн талап кылбоого. 

Буга кошумча, кредиттик рейтингдин негизинде кредиттерди алуу боюнча суммаларды банкка кредит берүү жөнүндө арыз менен биринчи жолу кайрылган карыз алуучуларга (жаңы кардарларга) 200 000 сомго чейин, ал эми мурда ошол банктан кредит алган банк кардарларына (кайталанган кардарларга-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алгылыктуу кредиттик тарыхы бар жеке жактарга жана жеке ишкерлерге) - 500 000 сомго чейин көбөйтүү сунушталат. 

Ошондой эле керектөө кредиттерин берүүдө кредит боюнча пландалган ар айлык төлөмдөрдүн катышын көбөйтүү сунушталат. 

Каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун дагы бир маанилүү аспектиси-кредиттер боюнча жетиштүү камсыздоонун жоктугу. Баткен областынын жашоочулары үчүн камсыздоо маселеси оорлоп, өзгөчө курч маселеге айланууда. Анткени каттоо органдарында кыймылсыз мүлктү жол-жоболоштуруу, укук белгилөөчү документтердин жоктугу, мүлктү жоготуу ж.б. менен байланышкан көптөгөн чечилбеген маселелер бар. Ушуга байланыштуу токтомдун долбоорунда «Кепилдик фонду» ААКга кепилдиктерди жеңилдетилген шарттарда берүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат. 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Токтом долбоору убактылуу мүнөзгө ээ жана анда Баткен областында жашаган жана/же чарба жүргүзгөн карыз алуучуларды өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган чаралар каралат.  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле, ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылат.  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо   

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каражат бөлүү талап кылынбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктуна ылайык, ченемдик укуктук актынын колдонуу мөөнөтү 6 айга чейинки шартта өзгөчө кырдаалды алдын алуу үчүн же өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн шашылыш тартипте кабыл алынуучу учурларда жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт. Ушуга байланыштуу, токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт.