Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаттары жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо жана баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу, токтом долбоорунда Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелери (мындан ары эреже); 

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» жобо (мындан ары Жобо). 

Кароого сунушталып жаткан токтом долбоору Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо жана баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө багытталган. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22 жана 23-беренелерине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктары түздөн-түз козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш. 

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкуу жүргүзүү үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн бирдиктүү порталында жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

 

6. Каржылоо зарылдыгы тууралуу маалымат 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө талап кылынбайт, анткени ал даражасы боюнча юридикалык күчү жогору турган ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүүгө багытталган. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы №2019-П-15/32-1-НПА «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтому; 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

«____» ____________________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

28-мартындагы №10/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» жобонун: 

- 7-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы №2019-П-15/32-1-НПА «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелеринин: 

- 1-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын». 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» 

Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ  

 

№ 

Колдонуудагы редакция 

(редакциялануучу жоболор кара тамгалар менен берилген, ал эми өчүрүлүүчү жоболор - сызылган) 

Сунушталып жаткан редакция 

(редакцияланып жаткан жоболор кара тамга менен берилген) 

1. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/9  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды  

депозитардык эсепке алуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому 

1.1 

7. Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары.  

7. Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар   бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары. 

2. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы №2019-П-15/32-1-НПА  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтому 

2.1 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) күрөө предмети катары Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу жана Улуттук банкта депозитарийде банктар аралык кредиттик операциялар боюнча эсепке алынуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары саналган күрөө келишимдерин каттоо процессин, ошондой эле күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылган же аткарылбаган учурларда күрөөлүк мүлккө карата иш-аракеттерди бир калыпка келтирүү максатында иштелип чыккан. 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) күрөө предмети катары Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу жана Улуттук банкта депозитарийде банктар аралык кредиттик операциялар боюнча эсепке алынуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары саналган күрөө келишимдерин каттоо процессин, ошондой эле күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылган же аткарылбаган учурларда күрөөлүк мүлккө карата иш-аракеттерди бир калыпка келтирүү максатында иштелип чыккан. 

2.2 

2. Ушул Эреженин максатын ишке ашыруу үчүн төмөнкү терминдер колдонулат:  

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар бул, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары баалуу кагаздар).  

2. Ушул Эреженин максатын ишке ашыруу үчүн төмөнкү терминдер колдонулат:  

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар бул, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары баалуу кагаздар).