Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорду, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын _______________ № _________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Жобо керектөөчүлөр укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо максатында иштелип чыккан жана анда Улуттук банктан лицензияланган, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактардын (банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын) (мындан ары - ФКУ) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана алардан пайдаланышкан керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароого алуу ишине карата минималдуу талаптар белгиленген, ошондой эле Улуттук банктын керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы компетенциясы жана ФКУ менен ушул багытта өз ара иш алып баруу тартиби аныкталган.» 

-  3-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү - Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү; » 

-11-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Керектөөчү менен түзүлгөн келишим, ошондой эле башка макулдашуулар, керектөөчүлөрдүн тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт, аны тастыктоо катары кардардын кредиттик келишимди өзү тандаган тилде түзүүгө жазуу жүзүндө же электрондук макулдугу эсептелинет. Бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт жана сакталат. » 

- 21-пункттунда: 

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин, керектөөчүлөргөүмкүн болуучу зайымчыларга) кредит берүү шарттары жөнүндө толук маалыматтарды толугу менен ачып берүү камсыз кылынууга тийиш жана кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө көрсөтүү менен, кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. » 

4-пунктчасындагы «карыз алуучуга» деген сөздөр « гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунда финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата талаптарына тиешелүү мазмуну жана техникалык өзгөчөлүктөрү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.  

Токтомдун долбооруна ылайык өзгөртүүлөр 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого киргизилет. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгы козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдап-иликтөө 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4-пунктчасынын талаптарына ылайык, юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору кароого алынган учурда алардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө талап кылынбайт. 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна жобого киргизилген өзгөртүүлөр боюнча  

 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Колдонулуп жаткан редакциясы  

Сунушталып жаткан редакция  

ңдоо режиминде)  

Өзгөртүү киргизүү себеби  

1. Жобо керектөөчүлөр укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо максатында иштелип чыккан жана анда Улуттук банктан лицензияланган, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - ФКУ) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана алардан пайдаланышкан керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароого алуу ишине карата минималдуу талаптар белгиленген, ошондой эле Улуттук банктын керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы компетенциясы жана ФКУ менен ушул багытта өз ара иш алып баруу тартиби аныкталган. 

1. Жобо керектөөчүлөр укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо максатында иштелип чыккан жана анда Улуттук банктан лицензияланган, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактардын (банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын) (мындан ары - ФКУ) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана алардан пайдаланышкан керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароого алуу ишине карата минималдуу талаптар белгиленген, ошондой эле Улуттук банктын керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы компетенциясы жана ФКУ менен ушул багытта өз ара иш алып баруу тартиби аныкталган. 

КР 2022-жылдын 11-августундагы N 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 6 беренесине  

3. Бул жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулган:  

2) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү - Улуттук банктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү

3. Бул жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулган:  

2) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү - Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү

КР 2022-жылдын 11-августундагы N 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" КОНСТИТУЦИЯЛЫК Мыйзамынын 5 беренесинин 15 пунктуна ылайык 

 

11. Керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык жана башка мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Керектөөчүлөр менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдер Шариат стандарттарына жооп бериши зарыл. Келишимдердин тексти он экиден кем эмес өлчөмдөгү бирдей тамга менен жазылып, мүмкүн болушунча так баяндалып, керектөөчүлөрдүн кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Керектөөчүнүн тандоосу боюнча келишимдин тексти мамлекеттик же расмий тилде, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалууга тийиш түзүлөт. ФКУ ыңгайына жараша келишимдин текстин милдеттүү түрдө мамлекеттик же расмий тилде түзүү менен аны башка тилге котортушу мүмкүн. 

Керектөөчү келишимге (макулдашууга) кол коюлган учурга чейин келишим (макулдашуу) долбоорун ага карата кошо тиркелген документтер менен бирге ФКУдан тышкары таанышуу үчүн бир күндөн үч күнгө чейин убакытка алууга укуктуу, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалууга тийиш. 

11. Керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык жана башка мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Керектөөчүлөр менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдер Шариат стандарттарына жооп бериши зарыл. Келишимдердин тексти он экиден кем эмес өлчөмдөгү бирдей тамга менен жазылып, мүмкүн болушунча так баяндалып, керектөөчүлөрдүн кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Керектөөчүнүн тандоосу боюнча келишимдин тексти мамлекеттик же расмий тилде, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалууга тийиш түзүлөт. ФКУ ыңгайына жараша келишимдин текстин милдеттүү түрдө мамлекеттик же расмий тилде түзүү менен аны башка тилге котортушу мүмкүн. 

Керектөөчү келишимге (макулдашууга) кол коюлган учурга чейин келишим (макулдашуу) долбоорун ага карата кошо тиркелген документтер менен бирге ФКУдан тышкары таанышуу үчүн бир күндөн үч күнгө чейин убакытка алууга укуктуу, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалууга тийиш. 

Керектөөчү менен түзүлгөн келишим, ошондой эле башка макулдашуулар, керектөөчүлөрдүн тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт, аны тастыктоо катары кардардын кредиттик келишимди өзү тандаган тилде түзүүгө жазуу жүзүндө же электрондук макулдугу эсептелинет. Бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт/сакталат. 

КР 2022-жылдын 11-августундагы N 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 8 беренесине ылайык 

21. 

2) кредиттик келишимди түзүүгө чейин кредиттик продуктунун толук наркы (негизги суммасы, пайыздары, комиссиялары жана кредитти алууга жана тейлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрү) жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредитти сунуштоо шарттары тууралуу так маалыматтар чечмеленип берилүүгө тийиш;  

 

21. 

2) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин, керектөөчүлөргөүмкүн болуучу зайымчыларга) кредит берүү шарттары жөнүндө толук маалыматтарды толугу менен ачып берүү камсыз кылынууга тийиш жана кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө көрсөтүү менен, кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү

КР 2022-жылдын 11-августундагы N 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 10 беренесине ылайык 

КР 2022-жылдын 11-августундагы N 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 10 жана 11 беренесине ылайык 

4) кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткара албай калуудан же талаптагыдай аткарбай коюдан улам келип чыккан кесепеттер жана бул боюнча анын жоопкерчилиги карыз алуучуга кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш;  

 

4) кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткара албай калуудан же талаптагыдай аткарбай коюдан улам келип чыккан кесепеттер жана бул боюнча анын жоопкерчилиги карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш;  

КР 2022-жылдын 11-августундагы N 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 10 беренесине ылайык