Кайта келүү

Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштар жана жооптор реестри  төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле кызыкдар жактардын сунуштарын топтоо максатында 2022-жылдын 4-ноябрындагы билдирүү 

 

Сунуштар жана жооптор  

РЕЕСТРИ 

(2022-жылдын 4-ноябрындагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча) 

 

Каттоо  

№ 

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу) 

Алынган күн 

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы 

1. 

«ПЭЙ 24» ЖЧК 

2022-ж. 16.11. 

1. Төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун штатында милдеттүү түрдө маалымат коопсуздугу боюнча өзүнчө кызматкердин болушу. 

2. Маалымат коопсуздугу боюнча кызматкер маалыматтык технологиялар бөлүмүндөгү ишти айкалыштырбашы керек, ал эми анын кызматтык нускоосунда кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо үчүн маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн кызматкерлерине мүнөздүү функционалдык милдеттер камтылбашы керек. 

3. Маалымат коопсуздугу боюнча кызматкердин кызматтык милдеттерине төмөнкүлөр кириши керек: 

- Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан ички ченемдик документтердин жана маалымат коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо; 

- Маалымат коопсуздугун коргоого алынган деңгээлин талдоо; 

- Маалымат коопсуздугу боюнча документтердин тизмесин иштеп чыгуу, анын ичинде: 

· Маалымат коопсуздугу боюнча саясат; 

· Төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун маалыматтык технологиялар ресурстарын коопсуз пайдалануу эрежелери; 

· Сыр сөздү коргоого коюлуучу талаптар; 

· Персоналдарды маалымат коопсуздугунун эрежелерине окутууга жана маалымдар болуусуна талаптар. 

Берилген сунуштар ченемдик укуктук актыда белгиленген талаптарга киргизүү үчүн көбүрөөк ылайыктуу. Ушуга байланыштуу алар жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүдөн кийин ченемдик укуктук актынын акыркы версиясында каралат.