Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун долбоорун бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоору Улуттук банктын төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.  

Азыркы учурда "Элкарт" төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө" убактылуу жобо колдонулуп жатат.  

Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү максатында, токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды, ага ылайык аталган Жобого Улуттук банктын "Элкарт" улуттук төлөм системасы үчүн эсептешүү агентин тандоо боюнча ыйгарым укуктарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.  

Мындан тышкары, бул Жобону "убактылуу" статусунан "туруктуу" статусуна жеткире иштеп чыгуу зарыл. Ушуга байланыштуу, бардык төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата талаптарды белгилөө зарыл.  

Бул токтом кабыл алынган шартта жогоруда аталган Жобо күчүн жоготот. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжалардын келип чыгышын болжолдоо  

Токтомдун долбоору социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4.  Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалыматтык отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо максатында Улуттук банктын расмий интернет-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

 

5.  Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6.  Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Токтом долбоорун кабыл алуу үчүн кошумча финансылык сарптоолор талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо тууралуу маалымат  

2022-жылдын 2-ноябрындагы № 2022-Пр-141/232-О буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Жөнгө салуучу таасирди талдоо методикасына ылайык токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүдө

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын ____-__________  

№________________________  

токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясынын негизинде иш алып барган төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун эсептешүү банкы (мындан ары Эсептешүү банкы) катары иш алып баруу үчүн коммерциялык банкка карата минималдуу талаптар аныкталган. 

2.  Төлөм уюмдары - Кыргыз Республикасынын резиденттери оператор болуп саналган ири жана чекене төлөмдөр системасы боюнча үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган эл аралык төлөм системаларынын төлөмдөрү боюнча акыркы эсептешүүлөрдү кепилденген жүргүзүү ушул Жобонун максаты болуп саналат. 

3. Бул Жобо локалдык/эл аралык төлөм системасына туташкан төлөм уюмдарына, төлөм системаларынын операторлоруна, коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын резиденттерине таркатылат. 

4. Эсептешүү банкын тандоо жөнүндө чечимди ушул Жободо белгиленген талаптарга, ошондой эле ички ченемдик документтерге ылайык төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму кабыл алат. 

5. Эсептешүү банкы менен төлөм уюмунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Эсептешүү банкы, банктар аралык системалардын катышуучусу болуу менен, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ири же чекене төлөмдөр системасында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча өз убагында эсептешүүлөрдү камсыз кылат. 

6. Эсептешүү банкы өзүнүн корреспонденттик эсептер системасы аркылуу жана системанын эрежелерине ылайык эл аралык төлөм системасы жана/же эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн интеграция жөнүндө келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн эл аралык төлөм системаларынын алкагында, төлөмдөр боюнча кайсы болбосун валютада акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. 

7. Банк түзүлгөн келишимдердин негизинде бир нече төлөм уюмуна/төлөм системаларынын операторлоруна Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.  

8. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму бир нече эсептешүү банкын тандоого жана үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн эсептешүү банктарындагы эсептерде ликвиддүүлүктү тескөө боюнча өз алдынча жоопкерчилик тартууга укуктуу. 

9. Маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторлору негизги жана резервдик Эсептешүү банкына ээ болууга тийиш. 

10. Эсептешүү банкы ушул Жобого, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын кошо алганда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, төлөм системасынын эрежелерине, ошондой эле төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму жана эл аралык төлөм системасынын эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз ишин жүзөгө ашырат.  

11. Эсептешүү банкы жана төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарга ылайык негизги жана резервдик байланыш каналдарын жана өздөрүнүн системаларынын ортосунда интеграцияны камсыз кылат.  

 

2-глава. Эсептешүү банкына коюлган талаптар 

12. Төмөнкү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон коммерциялык банк эсептешүү банкы боло алат: 

- кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана аларды кассалык тейлөө;  

- кредиттик жана төлөм карталарын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, аккредитивдер, векселдер жана башка документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо; 

- кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча жана кардардын атынан чет өлкө валютасын сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу. 

13. Тез төлөмдөр боюнча төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн Эсептешүү банкы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын (мындан ары ГСРРВ) жана пакеттик клиринг системасынын (мындан ары - ПКС) катышуучусу болуп саналат, мында өз ара иш алып баруу операторунун Эсептешүү банкы ГСРРВнын тике катышуучусунан болуусу жетиштүү

2) финансы билдирүүлөрүн (мисалы, SWIFT) берүүнүн эл аралык банктар аралык системасынын катышуучусу болуп саналат жана/же башка өлкөлөрдүн локалдык/эл аралык төлөм системаларынын операторунун эсептешүү банкы менен финансылык билдирүүлөрдү берүү каналдарына ээ болууга; 

3) акыркы отчеттук жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын жоболорун сактоого; 

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болбоого; 

5) акыркы отчеттук датага карата Улуттук банк алдында орду жабылбаган мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу; 

6) жоюу процессинде, убактылуу администрация режиминде болбогон жана/же акыркы отчеттук жыл ичинде эсептешүү банкы катары операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектеген Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары колдонулбагандыгы; 

7) талаптагыдай төлөм кызматтарын көрсөтүү жагында Улуттук банк менен соттук териштирүү жүргүзүлбөгөндүгү

14. Эл аралык система менен интеграцияланган төлөм системасынын операторунун эсептешүү банкы ушул Жобонун 12-пунктунда белгиленген талаптардан тышкары төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

1) Кыргыз Республикасынын рыногунда банк ишин кеминде 5 (беш) жыл жүзөгө ашырат.  

- Эсептешүү банкы болууну пландаштырган эл аралык системанын тике катышуучусу жана/же анын алкагында башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системалары менен система аралык интеграция долбоору ишке ашырылган локалдык төлөм системасынын катышуучусу болуп саналат. 

3) Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын катышуучусу болуп саналат. 

4) эсептешүү банктары/эл аралык төлөм системаларынын операторлорунун агенттери менен колдонуудагы корреспонденттик мамилелерге ээ (артыкчылык); 

5) акыркы эки жыл үчүн бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун белгиленген стандарттарына ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту тастыктаган тышкы аудитордун корутундусунун болушу. 

 

3-глава. Эсептешүү банкынын функциялары 

15. Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму менен келишим түзгөн эсептешүү банкы төмөнкү функцияларды аткарат: 

өздүк төлөмдөрдү жана төлөм системаларынын оператору/төлөм уюмунун системасынын катышуучулары тарабынан өткөрүлгөн төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсепте жетиштүү ликвиддүүлүктү камсыз кылат; 

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте күн сайын ГСРРВ системасында белгиленүүчү чекене төлөм системалары үчүн резервди эсептөөгө, төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму үчүн ар күндүк негизде резервди камтыйт; 

- камсыздандыруу (кепилдик) фондго резервди эсептөөдө банк алар менен Эсептешүү банкынын функцияларын аткаруу жөнүндө келишим түзгөн төлөм уюмдары үчүн резервди камтыйт; 

- Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун системасы үчүн негизги эсептешүү эсебин ачат, анда үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр боюнча акча каражаттары топтолот жана бул эсептен каражаттар үчүнчү жактардын, төлөмдөрдү алуучулардын пайдасына гана жүргүзүлөт. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму бул эсеп боюнча кайсы болбосун башка операцияларды жүргүзүүгө укугу жок; 

- зарыл болгон учурда төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун системасынын негизги эсептешүү эсебинде акча каражаттары жетишпеген учурда бул эсепте резервдик эсепти ачуу жана резерв түзүү талабын белгилейт. Резервдин суммасы белгилүү бир мезгил үчүн талап кылынган ликвиддүүлүккө баа берүүдөн улам эсептелиши мүмкүн; 

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун тапшырмасы боюнча, банктар аралык төлөм системалары аркылуу акча каражаттарын алуучулардын эсептери ачылган банктарга акча каражаттарын өз убагында которууну камсыз кылат; 

- төлөм системасынын операторунун /төлөм уюмунун системасында жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө өз убагында маалымдайт; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган эл аралык төлөм системаларынын төлөмдөрү боюнча келишимдердин/макулдашуулардын шарттарына ылайык каалаган валютада Эсептешүү банкы/эл аралык төлөм системасынын агенти менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат. Өз кезегинде, Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун эрежелерине ылайык башка катышуучулардан которулган каражаттар боюнча ГСРРВ аркылуу улуттук валютадагы эквивалент менен ордун жабууну алат

- төлөм системасынын Эсептешүү банкынан, анын ичинде башка өлкөнүн локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкынан Кыргыз Республикасынын аймагында ошол төлөм системасынын операциялары боюнча акча каражаттарын алат жана ГСРРВ аркылуу ошол системанын катышуучуларынын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептерине тиешелүү суммалардын өз убагында чегерилишин Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун эрежелерине ылайык камсыз кылат

- чет өлкө валюталарынын курсу жагымсыз жагына өзгөргөн учурда валюталык тобокелдиктерди өзүнө кабыл алат. 

 

4-глава. Эсептешүү банкынын милдеттери 

16. Эсептешүү банкы төмөнкүлөргө милдеттүү

- ушул Жобонун 2-главасында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө, ошондой эле өзүнө алган бардык милдеттенмелердин сакталышын камсыз кылууга; 

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте ликвиддүүлүктүн жетишсиздигине, ошондой эле ГСРРВ талаптарына ылайык төлөмдөрдүн кечиктирилишине жана кезектүүлүгүнө жол бербөө (колдонулган учурда); 

- эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу бөлүгүндө иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча Эсептешүү банкынын башкармасы тарабынан бекитилген колдонуудагы планга ээ болуу

- төлөм системаларынын операторлорунун системалары менен интеграцияланган төлөм системаларынын эсептешүү банктары менен билдирүүлөрдү өткөрүүнүн негизги жана резервдик каналдарын камсыз кылуу;  

- төлөм системасына катышкан банктар, ошондой эле бул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен өз убагында өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө кепилдик берүү

- жетиштүү ликвиддүүлүктү эсептөө методикасын, ушул система менен интеграцияланган локалдык/эл аралык төлөм системасынын Эсептешүү банкы менен, ошондой эле бул системанын катышуучулары менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн баскыч боюнча тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-2-(НПА) токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык маалымат системаларына аудит жүргүзүү

маанилүү төлөм системасынын жана системалуу мааниге ээ төлөм системасынын Эсептешүү банкы кеминде 3 (үч) ай ордун жабуу мөөнөтү менен (күрөөгө коюлган портфелди эске албаганда) мамлекеттик баалуу кагаздарынын жана Улуттук банктын баалуу кагаздар портфелин, же болбосо банктык кепилдикти же Эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимдер боюнча төлөм системасынын операторунун локалдык системасы менен интеграцияланган төлөм системасы боюнча жүгүртүүлөрдүн орточо күндүк маанисинен кем болбоого тийиш болгон башка инструментти (өткөн айдын ар бир күнү үчүн жүгүртүүлөрдүн суммасы/төлөмдөр өткөн айдагы күндөрдүн саны) төлөм системасынын оператору үчүн кепилдик катары сунуштоого тийиш: 

Ай ичиндеги жүгүртүүлөрдүн орточо маанисин эсептөө төлөм системасынын оператору тарабынан өткөн ай үчүн маалыматтардын негизинде айына 1 (бир) жолу жана отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин тиешелүү маалымат отчеттук ай ичинде коммерциялык банк - Эсептешүү банкы тарабынан андан ары пайдалануу үчүн Улуттук банкка жана коммерциялык банкка жөнөтүлөт.  

 

5-глава. Келишимге карата талаптар 

17. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму менен Эсептешүү банкынын ортосундагы келишимде, эсептешүү-кассалык тейлөө келишиминин шарттарынан тышкары, кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:  

- төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун укуктары жана милдеттери; 

- Эсептешүү банкынын укуктары жана милдеттери; 

- тараптардын жоопкерчилиги; 

- эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү

- эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө маалымат алмашуу тартиби; 

- тараптардын макулдугу боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн кепилдиги үчүн төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тарабынан сакталган депонирленген сумманын өлчөмү жана аны пайдалануу тартиби;  

өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда кабарлоо тартиби, өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү;  

- талаштарды чечүү тартиби; 

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялар жана сыйлыктар ж.б.); 

- келишимди жокко чыгаруу жана акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби; 

- келишимде башка шарттар дагы камтылышы мүмкүн. 

 

6-глава. Корутунду жоболор 

18. Тараптар келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жана эсептешүүлөр боюнча бардык милдеттенмелердин ордун жабуу шартында түзүлгөн келишимдерге шайкеш келбестигин аныктаган учурда каалаган учурда аны жокко чыгарууга укуктуу.  

ДОЛБООР  

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

БЕКИТЕМ 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы  

Боконтаев К.К.  

__________________  

(кол тамгасы)  

20___ -жылдын «___» __________ 

 

 

«Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө»  

жобонун долбоорунун  

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО  

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: Улуттук банктын 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 2022-Пр-141/232-О буйругу 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөтү: 2022-жылдын ноябрь айы (башталышы), 2022-жылдын декабрь айы (аякташы)  

Жумушчу топ: 

№ 

Аты-жөнү 

Кол тамгасы 

Уюм 

1. 

Султаналиев А.З. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси 

2. 

Акулуева М.Ш. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги 

3. 

Рыспекова Ч.О. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси 

4. 

Мамбеталиева А.З. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (жумушчу топтун катчысы) 

5. 

Осмоналиев Н.А. 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн адиси 

6. 

Момунова Э.Д. 

 

Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын 2-банктык көзөмөл бөлүмүнүн жетектөөчү инспектору 

7. 

Садыков А.У. 

 

Улуттук банктын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын санарип банк операцияларын өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы инспектору 

8. 

Ченгиз Л.Г. 

 

«БАКАЙ БАНК» ААКтын башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча) 

9. 

Кыдырмаев А.Т. 

 

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын төлөм кызматтары жана тиркемелер бөлүмүнүн менеджери (макулдашуу боюнча) 

10.  

Алишев Р.К. 

 

«KG (КЕЙ ДЖИ) төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча) 

11. 

Абдывасиев А.Э. 

 

«KG (КЕЙ ДЖИ) төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча) 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: Мамбеталиева А.З., Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (жумушчу топтун катчысы), тел. 66-90-99, e-mail: azmambetalieva@nbkr.kg.  

 

 

Көлөмү: ________ барак.  

 

I. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

 

1. Проблемаларды чагылдыруу 

Улуттук банктын лицензияларынын негизинде иш алып барган төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору чекене төлөмдөр рыногунда өздөрүнүн төлөм системаларынын ишин, ошондой эле маалымат системаларына негизденген заманбап технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен үй чарбаларынын майда төлөмдөрүн накталай эмес формага которуу ишин камсыз кылышат. Төлөм уюмдары негизинен жеке адамдарга кызматтарын көрсөтөт жана үчүнчү жактардын пайдасына жалпы жана утурумдук төлөмдөрдү (коммуналдык төлөмдөр, мобилдик байланыш балансын толуктоо ж.б.) кабыл алууну жана иштеп чыгууну камсыз кылат.  

Банктар үчүн мындай төлөмдөрдү кабыл алууну автоматташтыруу технологиялык системаларга олуттуу инвестициялардын жумшалышына байланыштуу, ошондуктан банк үчүн төлөм уюмдары менен кызматташуу алда канча пайдалуу, мында төлөм уюмдары калктан төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу агрегатору ролун аткарат, ал эми банктар төлөөчүлөрдүн жана алуучулардын эсептери аркылуу акча каражаттарынын жылышын камсыз кылат. Мындай кызматташтык өз ара пайдалуу болуп саналат, анткени төлөм уюмдары процесстерди автоматташтырууга анча жогору эмес сарптоолорго салыштырмалуу төлөмдөр боюнча комиссиялардан киреше алышат, ал эми банктар төлөм уюмдарынын банкта ачылган эсептеринде топтолгон кошумча акча каражаттарын жана процессти автоматташтырууга кошумча каражаттарды коротпостон, төлөм уюмдарынын системалары аркылуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн алышат.  

Төлөм уюмдары банктар аралык төлөм системаларынын (СПК, ГСРРВ) тике катышуучулары болуп саналбайт, Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептерге ээ эмес, ошондуктан төлөм уюмдарынын чекене төлөмдөр системаларында жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр коммерциялык банк жана төлөм уюму ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде эсептешүү банкы тарабынан жүзөгө ашырылат. 

Пайдаланылып жаткан QR-коддорду милдеттүү түрдө улуттук стандарттын талаптарына ылайык келтирүүгө жана коммерциялык банктардын/төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын өз ара иш алып баруу операторуна кошулуусуна, анын ичинде QR-коддорду кабыл алган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын санынын өсүшүнө байланыштуу, эки өлчөмдүү штрих-код символдорун колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын саны жана көлөмү өсүүдө

Ошону менен бирге төлөм уюмдарынын чекене системалары үчүн эсептешүү банкынын ролу өсүүдө

Коммерциялык банк өз төлөмдөрүн жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн корреспонденттик эсептеги ликвиддүүлүктүн зарыл деңгээлин өз алдынча аныктайт. Төлөм уюмдарынын чекене системалары үчүн эсептешүү банкы болуу менен банк өзүнүн төлөмдөрү боюнча гана эмес, келишим түзгөн төлөм уюмдарынын системасында өткөрүлгөн бардык төлөмдөр боюнча ликвиддүүлүктү да караштыруусу зарыл.  

Ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн жана эсептешүү банкынын ишин жөнгө салуунун алкагында эсептешүү банкынын функцияларын жүзөгө ашырган коммерциялык банкка карата төлөмдөрдүн өз убагында, туура жана коопсуз өткөрүлүшүн гарантиялаган талаптарды белгилөө зарыл.  

Кызыкдар тараптар:  

1) жөнгө салуучу орган Улуттук банк;  

2) коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары;  

3) кызматтардан пайдалануучулар юридикалык жактар жана жеке адамдар. 

2. Проблеманын масштабы  

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму лицензиясына ээ 23 уюм иш алып барууда, алар өлкөнүн бардык аймагында чекене кызматтарды көрсөтүшөт. Алардын системалары ар кандай төлөм системалары, анын ичинде эл аралык системалар менен интеграцияланган, алар аркылуу акча каражаттарын которуу, төлөм карталарын жана эки өлчөмдүү штрих-код символдорун (QR-код) пайдалануу менен эсептешүүлөр жүзөгө ашырылат.  

1-таблицадан көрүнүп тургандай, 2022-жылдын III чейрегинде төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары аркылуу 49,1 млрд сом жалпы суммасына 46,7 млн транзакция жүргүзүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2 млн транзакцияга жана 25,3 млрд сомго көп. 

Бардык төлөмдөрдүн негизги үлүшү банк эсебин толуктоо пайдасына 14,7 млрд сомго (бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө карата 29,5 пайыз) туура келген, анын саны 3,6 млн транзакцияны (төлөмдөрдүн жалпы санынан 7,7 пайыз) түзгөн. 

Мобилдик байланыш операторлорунун пайдасына төлөмдөрдүн көлөмү 9,2 млрд сомду түздү (бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө карата 18,7 пайыз), төлөмдөрдүн саны 29,6 млн транзакцияны түздүөлөмдөрдүн жалпы санынан 63,2 пайыз). 

Мамлекеттик жана коммуналдык товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына төлөмдөрдүн көлөмү (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр, салык жыйымдары, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдар, мамлекеттин бюджетине башка төлөмдөр) 1,5 млрд сомду түздүөлөмдөрдүн жалпы көлөмүнөн 3,1 пайыз), төлөмдөрдүн саны 3,0 млн транзакцияны түздүөлөмдөрдүн жалпы санынан 6,3 пайыз). 

Электрондук капчыктарды толуктоо көлөмү 6,7 млрд сомду түздү (бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө карата 13,8 пайыз), анын саны 3,1 млн транзакцияны түздүөлөмдөрдүн жалпы санынан 6,7 пайыз). 

2020-жылдын июнь айында Р2Р "Мир" улуттук төлөм карттар системасынын (Россия Федерациясы) карттарынан (мындан ары - "Мир" төлөм системасы) "Элкарт" улуттук төлөм системасынын (Кыргыз Республикасы) карталарына которуу долбоору ишке ашырылган, алардын жардамы менен Россия Федерациясынын аймагында жүргөн жарандар, анын ичинде эмгек мигранттары өздөрүнүн каражаттарын которо алышат.  

Долбоор ишке киргизилгенден баштап, так айтканда 2020-жылдын 15-июнунан тартып 2022-жылдын 31-августуна чейин "Мир" төлөм системасынын карталарынан "Элкарт" улуттук төлөм системасынын карталарына которуулар 10,1 млрд сомдон жогору суммага 1,2 миллиондон ашык P2P акча которуу операциялары жүргүзүлгөн (долбоорду пилоттук ишке киргизүүнүн алкагында операцияларды эске алуу менен). 

"Өз ара иш алып баруу оператору" долбоору толугу менен ишке киргизилгендигине байланыштуу, 2022-жылдын 3-июнунан тартып 2022-жылдын 31-августуна чейинки мезгил аралыгында QR-кодду пайдалануу менен жалпы 1,5 млн сом суммасына 1421 төлөм жүргүзүлгөндүгүн кошумча белгилей кетүү зарыл. 

Төлөм карталарын пайдалануу менен 2022-жылдын III чейрегинин жыйынтыгы боюнча жалпы 135,9 млрд сом суммасына 31,9 млн транзакция жүргүзүлгөн (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тиешелүүлүгүнө жараша 46,5 жана 36,0 пайызга жогору).  

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Азыркы учурда "Элкарт" төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүү агентин тандоо критерийлери жөнүндө" убактылуу жобо колдонулуп жатат.  

Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү максатында, токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды, ага ылайык аталган Жобого Улуттук банктын "Элкарт" улуттук төлөм системасы үчүн эсептешүү агентин тандоо боюнча ыйгарым укуктарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.  

 

1-таблица 

2021-2022-жылдар аралыгында III чейректе төлөм уюмдары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

№ 

Төлөмдүн түрү 

Саны 

(бирд.) 

Үлүшү (%) 

Көлөмү 

(миң сом) 

Үлүшү (%) 

 

 

2022-ж. III чейреги 

2021-ж. III чейреги 

2022-ж. III чейреги 

2021-ж. III чейреги 

2022-ж. III чейреги 

2021-ж. III чейреги 

2022-ж. III чейреги 

2021-ж. III чейреги 

Мобилдик байланыш 

29 571 343 

29 763 429  

63,25 

73,42  

9 199 637,0 

6 120 322,1 

18,74 

25,65 

Белгиленген телефон байланышы 

37 876 

54 887  

0,081 

0,14  

9 642,2 

11 512,8 

0,02 

0,05 

Интернет 

619 596 

508 169  

1,33 

1,25  

547 767,7 

431 397,0 

1,12 

1,81 

Коммуналдык кызматтар 

2 692 901 

2 261 637  

5,76 

5,58  

1 300 196,2 

994 101,8 

2,65 

4,17 

Салык жыйымдары 

68 884 

222 256  

0,15 

0,55  

79 365,0 

346 155,1 

0,16 

1,45 

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптык пулдар 

101 488 

109 233  

0,22 

0,27  

58 760,8 

84 483,4 

0,12 

0,35 

Мамлекеттик бюджетке башка төлөмдөр 

100 184 

139 340  

0,21 

0,34  

85 606,5 

96 879,2 

0,17 

0,41 

Банк эсебин толуктоо 

3 626 093 

1 374 901  

7,76 

3,39  

14 702 874,1 

4 473 420,4 

29,95 

18,74 

ФКУга кредит үчүн төлөө 

578 452 

307 164  

1,24 

0,76 

2 326 685,5 

846 241,6 

4,74 

3,55 

10 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр 

2 134 602 

1 071 125  

4,57 

2,64 

9 969 931,9 

4 566 987,0 

20,31 

19,14 

11 

Электрондук капчыкты толуктоо 

3 107 886 

2 255 987  

6,65 

5,56 

6 767 858,0 

3 717 321,9 

13,78 

15,58 

12 

Интернет-дүкөндөр 

118 206 

75 199  

0,25 

0,19 

218 299,4 

158 660,8 

0,44 

0,66 

13 

Социалдык тармактар 

26 801 

11 983  

0,06 

0,03 

16 466,3 

4 012,8 

0,03 

0,02 

14 

Интернет оюндары 

23 484 

64 360  

0,05 

0,16 

9 698,8 

31 381,6 

0,02 

0,13 

15 

Башка интернет-тиркемелерде эсепти толуктоо 

2 046 

2 459  

0,004 

0,006 

2 622,2 

2 030,2 

0,01 

0,009 

16 

Такси кызматтары үчүн төлөө 

1 859 137 

1 179 594  

3,98 

2,91 

293 771,3 

150 042,2 

0,60 

0,63 

17 

Жарнама кызмат көрсөтүүлөрү  

66 283 

46 722  

0,14 

0,12 

30 438,0 

16 768,7 

0,06 

0,070 

18 

Кулактандыруулар 

35 413 

27 988  

0,076 

0,07 

21 121,4 

17 454,0 

0,04 

0,073 

19 

Кайрымдуулук 

4 131 

1 490  

0,009 

0,004 

2 285,1 

236,3 

0,005 

0,001 

20 

Билим берүү 

58 754 

24 711  

0,13 

0,06 

83 615,4 

40 236,3 

0,17 

0,17 

21 

Туристтик сапарлар 

6 448 

2 290  

0,014 

0,006 

34 827,8 

4 078,1 

0,07 

0,02 

22 

Башка төлөмдөр 

1 909 715 

1 036 240  

4,08 

2,56 

3 337 864,0 

1 751 562,5 

6,80 

7,34 

Бардыгы 

46 749 723 

100,0 

40 541 164  

100,0 

49 099 334,6 

23 865 285,8 

100,0 

100,0 

Мындан тышкары, бул Жобону "убактылуу" статусунан "туруктуу" статусуна жеткире иштеп чыгуу зарыл. Ушуга байланыштуу, эсептешүү банкы төлөм уюмдары, өз ара иш алып баруу операторлору, жергиликтүү сыяктуу эле, эл аралык төлөм системаларынын операторлору менен өз ара иш алып баруу талаптарын белгилөө зарыл.  

Жаңы ченемдик укуктук акты иштелип чыккан учурда жогоруда аталган Жобо күчүн жоготот. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Беларусь Республикасы. Эсептешүү борборуна карата талаптар Беларусь Республикасынын 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 164-З “Төлөм системалары жана төлөм кызматтары жөнүндө" мыйзамынын 3-бөлүгүндө жөнгө салынган. 

Россия Федерациясы. 2011-жылдын 27-июнундагы № 161-ФЗ "Улуттук төлөм системасы жөнүндө" федералдык мыйзамдын 19-беренесинде эсептешүү борборунун ишине карата талаптар жөнгө салынган. 

 

II. Сунушталган жөнгө салуу жөнүндө маалымат  

 

5. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты 

Эсептешүү банкына карата талаптарды белгилөө - төлөмдөрдүн өз убагында, туура жана коопсуз өткөрүлүшүнүн жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүнүн алкагында банктык эмес чекене төлөм системалары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу гаранттарынын бири болуп саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу 

6.1. "Өзгөртүүсүз калтыруу" жөнгө салуу варианты. 

6.2. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианты катары төлөм системасынын "Эсептешүү банкынын" ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу саналат. 

 

6.1. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты 

Ар кандай төлөм системаларынын карталары аркылуу чек аралар аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу жана "Элкарт" улуттук төлөм системасынын жана "Мир" төлөм системасынын карталары аркылуу чек аралар аркылуу өтүүчү аралык төлөмдөрдүн өсүшүн, ошондой эле өзүндө ЕАЭБ өлкөлөрүн жана башка чет өлкөлөрдү камтыган "Мир" төлөм системасынын инфраструктурасында "Элкарт" улуттук төлөм системасынын карталары аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, учурдагы системалар аралык интеграциянын алкагында системалар жана ошол системалардын катышуучулары ортосунда акыркы өз ара эсептешүүлөрдү камсыз кылуучу эсептешүү банктарынын ролу өсүүдө.  

Мындан тышкары, өзүнүн банктык эмес төлөм системалары аркылуу чекене төлөмдөрдү кабыл алууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырган төлөм уюмдарынын активдүүлүгүнүн өсүшүн жана ошол системалар аркылуу өткөн төлөмдөрдүн үлүшүнүн туруктуу өсүп жаткандыгын эске алганда, төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде төлөм уюмдарынын системалары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү камсыз кылган эсептешүү банктарына карата талаптарды белгилөө зарыл. 

Учурда колдонулуп жаткан мүмкүнчүлүктөр орун алып турган көйгөйдү чечпей тургандыктан, "Өзгөртүүсүз калтыруу" жөнгө салуу вариантын жогоруда чагылдырылган көйгөйгө карата колдонууга болбойт. 

 

6.2. «Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу» жөнгө салуу варианты 

Чекене ички жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча өз убагында акыркы эсептешүүлөрдүн кепилдигин камсыз кылуу жагында ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, эсептешүү банктарына карата талаптар белгиленген өзүнчө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунушталат.  

Документте төлөм уюму менен эсептешүү банкынын функциясын аткарган коммерциялык банк ортосундагы келишимге карата талаптар; эсептешүү банкынын туруктуулугун камсыз кылууга карата талаптар; өздүк төлөмдөр боюнча да, төлөм уюмдарынын системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча да милдеттенмелерди аткаруу үчүн акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ; банктын Пакеттик клиринг системасы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы, "Элкарт" улуттук төлөм системасы, SWIFT сыяктуу банктар аралык төлөм системаларына милдеттүү түрдө катышуусу жана чет өлкөлүк төлөм системаларынын операторлорунун эсептешүү агенттери менен корреспонденттик мамилелердин болушу боюнча чаралар жөнгө салынууга тийиш. 

Төлөм уюму эсептешүү банкы менен келишим түзүүдө, биринчиден, кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардан кабыл алынган төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында эсептешүү банкына карата белгиленген минималдуу талаптарга таянууга тийиш; экинчиден, төлөм уюму төлөмдөрдү алуучулардын пайдасына эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн эсептешүү банкындагы өз эсебинде каражаттардын жетиштүүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

 

7. Жөнгө салуунун болжолдуу социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Күтүлүп жаткан натыйжалуулук эсептешүү банкына карата талаптар жөнгө салынган жана милдеттенмелер белгиленген ченемдик укуктук актынын болушу. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга карата күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага таасири: алгылыктуу, анткени чекене ички жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү кепилдиги күчөтүлөт; 

2) социалдык чөйрөгө таасири: алгылыктуу, анткени кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар төлөмдөр өз убагында өткөрүлөрүнө ишеним болот; банктык эмес чекене төлөм системаларына жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна болгон ишеними артат; 

3) экологияга таасири: алгылыктуу, анткени накталай эмес төлөмдөр бул маалыматтык технологияларга негизделген толугу менен автоматташтырылган процесс, ал, билгилүү болгондой, кагаз сыяктуу табигый материалдарды колдонууну, накталай акчаны ташуу үчүн бензинди керектөөнү ж.б. талап кылбайт. 

7.3. Жөнгө салуу адресаттарынын - кызыкдар тараптардын негизги топторуна күтүлгөн таасир: 

1) коммерциялык банктар: эсептешүү банкына карата талаптарды сактоо жагынан алганда алгылыктуу, эсептешүү-кассалык тейлөө жана эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүү боюнча келишимдерди түзүүгө төлөм уюмдарын тартуу ыктымалдыгы жогору, анын натыйжасында банк төлөм уюмдарынын банктык эмес чекене системалары аркылуу төлөмдөр боюнча, эсептешүү банкындагы эсептер боюнча топтолгон комиссиялык төлөмдөр аркылуу рентабелдүүлүктү жогорулатууга жана накталай акча каражаттарынын эсебинен ликвиддүүлүктү жогорулатууга мүмкүнчүлүгү бар.  

Мындан тышкары, банк кызматтарды көрсөтүү үчүн өзүнүн каналдарын түзүүгө жана автоматташтырууга финансылык чыгымдарсыз аралыктан банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча кошумча каналдарга ээ болот. 

2) Төлөм уюмдары - алгылыктуу, анткени белгиленген талаптар коммерциялык банкты тандоодо жана ал менен алардын төлөм системалары аркылуу өткөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу боюнча эсептешүү банкынын функцияларын аткаруу үчүн келишим түзүүдө тобокелдиктерди азайтат.  

8. Чыгымдарды жана пайданы баалоо 

8.1. Ишкердик субъекттеринин чыгымдарын жана пайдасын баалоо 

Коммерциялык банктардын сарптоолору экономикалык ыңгайлуулуктарды колдоо үчүн каралган бюджеттердин чегинде күтүлүүдө. Артыкчылыктар төлөм уюмдарын тейлөөгө тартуу менен шартталган, ошону менен бирге кардарлар базасын көбөйтүүгө, депозиттик базаны жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, ошондой эле процесстерди автоматташтыруу үчүн минималдуу чыгымдар менен банктын өздүк кызматтарынан пайдалануу каналдары кеңейет. 

Төлөм уюмдарынын сарптоолору эсептешүү банкынын кызматтарына жогору тарифтерди белгилөөдөн улам же төлөм уюмунун системасы аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн резервдик каражаттарды депондоштуруу боюнча талаптарга байланыштуу көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, төлөм уюмунун каналдары аркылуу көрсөтүлүүчү банктык кызматтарды (банктык эсепти толуктоо, кредит төлөө, ьмикрозайм берүү ж.б.) эске алуу менен эсептешүү банкы менен төлөм уюму ортосунда өз ара кызматташуу шарттарына жетүү ыктымалдуулугу жогору. 

 

8.2. Мамлекеттик бюджеттен сарптоолорду жана пайданы баалоо 

Мамлекеттик бюджеттен сарптоолор каралган эмес, анткени жөнгө салуу коммерциялык түзүмдөргө тиешелүү жана мамлекеттик бюджеттен субсидиялар талап кылынбайт. 

 

9. Ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо 

Эсептешүү банктарына карата минималдуу талаптар жана төлөмдөрдү жүргүзүү процессинде акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү гарантияларын кыйла жогорулаткан коммерциялык банктын сыяктуу эле, төлөм уюмунун да жоопкерчилигинин жана милдеттенмелеринин деңгээли белгилене тургандыгына байланыштуу, талаптарды аткаруу тобокелдиктери мүмкүн эмес. 

 

10. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Бүгүнкү күндө рынокто 22 коммерциялык банк эсептешүү-кассалык кызматтарды сунушташат жана төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмунун лицензияларына ээ 22 уюм өлкөнүн бүтүндөй аймагында чекене кызматтарды көрсөтөт. 

Жөнгө салуучу актыны кабыл алууда чет өлкөлүк банктар менен корреспонденттик мамилелери жок же начар өнүккөн банктар эсептешүү банкынын кызматтарын көрсөтүүгө багыт алган банктарга салыштырмалуу атаандашуу жөндөмдүүлүгү төмөн болушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу, банк төлөм уюму сыяктуу эле, өз ара кызматташуу жана рыноктун үлүшүн арттыруу жана заманбап банктык аралыктан, тез кызматтарды жана чекене төлөмдөрдү, которууларды жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнү тандоо укугуна ээ. 

 

11. Кызыкдар тараптардын пикирлери 

Кызыкдар тараптардын пикирлери тандалып алынат жана коомдук талкуулоо процессинде талдоого алынат.  

 

12. Сунушталган жөнгө салууну тандоо негизи 

2-вариант боюнча токтом долбоору кабыл алууга сунушталууга тийиш, анткени бул вариант ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн азыркы этабында болуп жаткан олуттуу процесстерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.  

 

13. Тиркеме 

Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет: 

- Жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү

- Жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча сунуштардын жана жооптордун реестри; 

 

1-тиркеме 

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсептешүү агенттерине карата минималдуу талаптар боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу, анын жөнгө салуучу таасирин талдоо, ошондой эле кызыкдар жактардан сунуштарды кабыл алуу тууралуу билдирет.  

 

1. Проблемалар жана негиздер.  

Ченемдик актынын долбоорун иштеп чыгуу ченемдик актыларды өркүндөтүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган. 

 

2. Сунушталган жөнгө салуунун максаты  төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары төлөмдөрдү жүргүзүүдө өз убагында өз ара эсептешүүлөрдү камсыз кылуусу үчүн эсептешүү агенттерине карата минималдуу талаптарды белгилөө

 

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

- төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тобокелдиктерин минималдаштыруу. 

  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу алгылыксыз кесепеттерге алып келбейт.  

 

5. Ишкердик субъекттери - жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү

Сунушталган жөнгө салуу төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын ишине тиешелүү

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Сунушталган жөнгө салуу субъекттеринен кошумча сарптоолор талап кылынбайт. 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен чыгашаларды жана пайданы болжолдуу баалоо.  

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашалар талап кылынбайт. 

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:   

- көрсөтүлгөн проблемалар жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган проблема болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз. 

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

 

1. Сунуштарды кабыл алуу: 

 

- электрондук почта аркылуу 

azmambetalieva@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2022-жылдын 9-ноябрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 16-ноябрынан кечиктирбестен  

  

2-тиркеме 

 

Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштар жана жооптор реестри  төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсептешүү агенттерине карата минималдуу талаптарды белгилеген ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо, ошондой эле кызыкдар жактардын сунуштарын топтоо максатында 2022-жылдын 26-октябрындагы билдирүү 

 

 

Сунуштар жана жооптор    

РЕЕСТРИ   

(2022-жылдын 26-октябрындагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча)    

 

Каттоо №   

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу)    

Алынган күн  

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар   

Иштеп чыккан органдын позициясы   

 

 

 

Кароо үчүн сын-пикирлер жана сунуштар түшкөн жок.  

Кароого сын-пикирлер жана сунуштар түшкөн жок.