Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) кеминде 1,0 млрд сом өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капитал төмөнкү минималдуу өлчөмдө белгиленсин жана ал төмөнкү мөөнөттөрдө түзүлсүн: 

- 2024-жылдын 1-июлуна чейин 800 млн сом; 

- 2026-жылдын 1-июлуна чейин 1 млрд сом. 

3. Иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2,0 млрд. сом өлчөмүндө белгиленсин. 

4. Эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө маалымдалган күндөн тартып бир жыл ичинде банк уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген талапка чейин жеткирүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 

5. Жаңыдан түзүлгөн жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) ушул токтомдун 2 жана 3-пункттарында иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө белгиленсин. 

Мында, эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө банкка маалымдалган күндөн тартып 3 (үч) ай ичинде белгиленген өлчөмгө чейин жеткирилүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-3-(НПА) « Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтому 2024-жылдын 30-июнунан тартып күчүн жоготкон катары таанылсын. 

7. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

8. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

9. Лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күн ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, «Кепилдик фонд» ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

10. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

«Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомдун долбоору (мындан ары токтом долбоору) банк системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатуу, ошондой эле банк системасынын тобокелдиктеринин ордун жабуу жана банктардын коопсуз иши үчүн зарыл болгон капиталдык базаны чыңдоо жана колдоо максатында иштелип чыккан. 

Уставдык капитал капиталдын туруктуу бөлүгү болуп саналат, аны өлкөдөн түз алып чыгууга болбойт (банк жоюлганга чейин), бул капиталдын аталган бөлүгү дайыма Кыргыз Республикасынын экономикасында кала берет дегенди билдирет. Бул механизмди колдонуу, албетте, өлкөдө капиталдын жүгүртүлүшүн, капиталдын туруктуу өсүшүн жана коммерциялык банктардын аманатчылары алдында милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн колдоого жардам берет, бул калктын банк системасына ишенимин жогорулатуу фактору болуп саналат жана, демек, экономиканы каржылоо үчүн банктардын ресурстук базасынын өсүшүнө, ал эми узак мөөнөттүү келечекте пайыздык чендерди төмөндөтүүгө жана акчаны узак мөөнөткө каржылоого шарт түзөт. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунда жаңыдан түзүлгөн жана иштеп жаткан банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн түзүү боюнча талаптарды (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) 1,0 жана 2,0 млрд сом өлчөмүндө (системалуу мааниге ээ банктар үчүн) белгилөө сунушталууда. 

Иштеп жаткан банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн 1,0 млрд сомго чейин көбөйтүү талаптарын төмөнкүчө ишке ашыруу сунушталат: 

- 2024-жылдын 1-июлуна чейин 800 млн сом; 

- 2026-жылдын 1-июлуна чейин 1 млрд сом. 

Ошону менен бирге, системалуу мааниге ээ банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн 2023-жылдын 1-июлуна карата 2,0 млрд сомго чейин көбөйтүү талаптарын белгилөө сунушталууда. Өз кезегинде, эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө маалымдалган күндөн тартып бир жыл ичинде банк уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген талапка чейин жеткирүүгө тийиш.  

Ошол эле учурда, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Улуттук банк тарабынан системалуу маанилүүлүк критерийлерине ээ болгондугу жөнүндө банкка маалымдалган күндөн тартып 3 (үч) ай ичинде белгиленген өлчөмгө чейин жеткирилүүгө тийиш. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Улуттук банк Башкармасынын ушул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.  

Бирок, коммерциялык банктар үчүн экономикалык кесепеттерге алып келет. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Улуттук банк тарабынан 2022-жылдын 22-сентябрында расмий интернет-сайтта жарыяланган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө, ошондой эле кызыкдар жактардан сунуштар кабыл алына тургандыгы жөнүндө билдирүүнүн алкагында, АКБ «Толубай» ЖАКтан жана «Халык Банк Кыргызстан» ААКтан сунуштар түшкөн. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Кароого сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Бир нече коммерциялык банктардын капиталындагы мамлекеттик катышуу үлүшүнө байланыштуу, токтом долбоорунун ченемдерин жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык каражаттар талап кылынат. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча маалымат 

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөн.  

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

  

  

  

Жөнгө салуучу таасирин толугу менен/айрым бөлүктөрүн талдоо 

(керектүүсүнүн алды сызылат) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

БЕКИТЕМ  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы  

К.К. Боконтаев 

 

__________________ 

(кол тамгасы

20___ -жылдын «___» _________ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 10-ноябрындагы №2022-Пр-171/239-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Лицензиялоо башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу.  

 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

______________ ____________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

А.К. Садыров, Улуттук банктын Лицензиялоо башкармалыгынын начальниги 

 

 

 

________ 

 

Жумушчу топ: 

Е.А. Букаренко, Улуттук банктын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын көзөмөлдөө методологиясы бөлүмүнүн банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө методологиясы тобунун жетекчиси 

 

 

 

________ 

И.А. Иманходжаев, Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги 

 

 

 

________ 

А.М. Токтосунов, Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын 1-банктык көзөмөл бөлүмүнүн институционалдык инспектору 

 

 

 

________ 

П.Н. Довлетова, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча) 

 

 

 

________ 

И.О. Алексеева, «РСК Банк» ААКтын кредиттик департаментинин методологу (макулдашуу боюнча) 

 

 

 

________ 

П.А. Алдыракманова, «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын юридика башкармалыгынын методологу (макулдашуу боюнча) 

 

 

 

________ 

А.И. Исраилов, «Кыргызстан кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча) 

 

 

 

________ 

А.Н. Кубанычбекова, «Альянс» акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин бухгалтери (макулдашуу боюнча)  

 

 

 

________ 

А.Дж. Елебесова, «Насыялык маалыматты пайдалануучуулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин башкы директору (макулдашуу боюнча) 

 

 

 

________ 

А.А. Жораев, «М Булак» микрокредиттик компаниясы» ЖЧКнын Шарият кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча) 

 

 

 

________ 

  

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

З.Ш. Осокеева, тел.: 31-30-96, zosokeeva@nbkr.kg 

 

 

1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер 

1.1. Проблемаларды чагылдыруу 

Банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык, кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү, финансылык ортомчулуктун деңгээлин акырындык менен жогорулатуу аркылуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу жана сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча максатка жетүү банк секторун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу максаттарынын бири болуп саналат.  

Ошондой эле, орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын банк системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири болуп банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу жана чыңдоо, банк ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн, ошондой эле банк секторунун натыйжалуу ишин колдоого алуу саналат. 

Капиталдык базанын ресурстары банктардын маанилүү булагы болуп саналат, ошондой эле кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө шарт түзөт. 

Ошентип, банк системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатуу, ошондой эле банк системасынын тобокелдиктеринин ордун жабуу жана банктардын коопсуз иши үчүн зарыл болгон капиталдык базаны чыңдоо жана колдоо максатында, жаңыдан түзүлгөн жана иштеп жаткан банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн түзүү боюнча талаптарды (анын ичинде чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда)  

1,0 млрд сом жана 2,0 млрд сом өлчөмүндө (системалуу мааниге ээ банктар үчүн) белгилөө сунушталууда. 

Иштеп жаткан банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн 1,0 млрд сомго чейин көбөйтүү талаптарын төмөнкүчө ишке ашыруу сунушталат: 

- 2024-жылдын 1-июлуна чейин 800 млн сом; 

- 2026-жылдын 1-июлуна чейин 1 млрд сом. 

Ошону менен бирге, системалуу мааниге ээ банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн 2023-жылдын 1-июлуна карата 2,0 млрд сомго чейин көбөйтүү талаптарын белгилөө сунушталууда. Өз кезегинде, эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Улуттук банк банкты системалуу мааниге ээ катары тааныган күндөн тартып бир жыл ичинде банк уставдык капиталдын өлчөмүн белгиленген талапка чейин жеткирүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Улуттук банк банкка системалуу мааниге ээ критерийлерине ылайык келгендиги жөнүндө билдирген күндөн тартып 3 (үч) ай ичинде белгиленген өлчөмгө чейин жеткирүүгө тийиш. 

 

1-проблема. Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды жогорулатуу зарылчылыгы 

Банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды жогорулатуу маселесин кароонун алкагында 2017-жылдан 2021-жылга чейин, ошондой эле 2022-жылдын тогуз айына карата абал боюнча банк секторундагы активдердин өсүшүнө талдоо жүргүзүлгөн. 

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банк системасынын активдери 360 595 млн сомду түздү, анын ичинен кредит портфели 181 231 млн сомду, банк секторунун милдеттенмелери көбөйүп, 303 957 млн сомду түзгөн, ошол эле учурда капиталдын өлчөмү 52 357 млн сомду, ал эми төлөнгөн уставдык капиталдын өлчөмү 36 955 млн сомду түзгөн. 

2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча банк системасынын активдери  

420 620 млн сом түздү, анын ичинен кредит портфели 193 806,6 млн сомду түзгөн, ошол эле учурда капиталдын өлчөмү 74 319 млн сомду, ал эми төлөнгөн уставдык капиталдын өлчөмү 44 126 млн сомду түзгөн.  

2017-2021-жылдар аралыгында банк секторунун активдери 163 708,6 млн сомго же 1,8 эсеге (183 пайызга) көбөйгөн.  

2022-жылдын 1-октябрына карата банк системасынын таза пайдасы 17 175,0 млн сомду (2022-жылдын 1-августуна карата 10 838 млн сом), Биринчи деңгээлдеги базалык капитал 54 151,2 млн сомду (2022-жылдын 1-августуна карата 52 615,6 млн сом), Биринчи деңгээлдеги капитал 55 328 млн сомду (2022-жылдын 1-августуна карата 53 828,1 млн сом), таза суммардык капитал 75 553,2 млн сомду (2022-жылдын 

1-августуна карата 67 657,8 млн сом) жана банк системасынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) экономикалык ченемдери төмөнкүнү түзгөн: 

- К2.1 27,8%, белгиленген талап боюнча 12 % кем эмес (2022-жылдын 1-августуна карата 26,4%); 

- К2.2 20,3%, белгиленген талап боюнча 6 % кем эмес (2022-жылдын 1-августуна карата 21,0%); 

- К2.3 19,9%, белгиленген талап боюнча 4,5 % кем эмес (2022-жылдын 1-августуна карата 20,5%); 

- К2.4 18,0%, белгиленген талап боюнча 8 % кем эмес (2022-жылдын 1-августуна карата 17,1%). 

Буга чейин Улуттук банк COVID-19 жана учурдагы геосаясий кырдаалга байланыштуу төрт реструктуризациялоо боюнча классификациялоо категориясын сактап туруу мүмкүнчүлүгүн берген. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы мурда жүргүзүлгөн реструктуризациялоолордун санын эсепке алуусуз «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык классификациялоого өтүүнү сунуштаган. 

Коммерциялык банктар азыркы учурда жана ушул жылдын аягына чейин кирешелүү ишкердик жүргүзө тургандыгын эске алып, кредит портфелинин сапатына реалдуу баа берүү жана тиешелүү РППУ өлчөмүн түзүү максатында, Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Убактылуу классификациялоо эрежелерин колдонуу мөөнөтүн 2022-жылдын 1-декабрына чейин белгилөөнү сунуштады. Мында, банктар тиешелүү мезгил аралыгына РППУ түзүү милдеттерин бөлүштүрүү менен Убактылуу классификациялоо эрежелеринен Туруктуу негизде колдонулуучу жобонун талаптарына өтүү боюнча ички планды иштеп чыгууга тийиш. 

Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12-60-2-(НПА) токтому менен (мындан ары токтом) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомун жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. 

Коммерциялык банктар, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар, кепилдик фонддор жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) токтому менен бекитилген Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелердин 5-главасынын ченемдерин колдонууга укугу жок. 

Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып активдерди реструктуризациялоодо аларды классификациялоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. 

Токтом 2022-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет, ал эми ушул токтомдун 2-пункту расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү Кыргыз Республикасынын интеграциялык процесстеринин алкагында банктардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. ЕАЭБ жөнүндө келишимде ЕАЭБге мүчө мамлекеттер банк лицензияларын өз ара таануу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган ченемдер каралган. 

Демек, эгерде ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин банктары ушул Концепциянын алкагында же андан кийин лицензияларды өз ара таануу эрежелерин бекитүүдө Кыргыз Республикасынын финансы рыногуна аралашуу жөнүндө чечим кабыл алышса, уставдык/өздүк (жөнгө салуучу) капитал 1 млрд сом өлчөмүндө белгиленсе да Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктардын көпчүлүгү атаандашуу жөндөмдүүлүгүн сактап калуусу кыйынга турат. 

Жаңыдан түзүлүп жаткан жана иштеп жаткан банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата жаңы талаптарды (анын ичинде чет өлкөлүк банктардын филиалдарынын капиталына карата талаптар) белгилөөнүн максатка ылайыктуулугун талдоодо, капиталдын түзүмүнө жана анын кыскарышына ички жана тышкы факторлордун таасири боюнча көз караштан алып караганда, өздөрүнүн (жөнгө салуучу) капиталына гана карата талаптарды өзгөртүү варианты каралган. Мисалы, жогоруда белгиленгендей, ЕАЭБге мүчө эки мамлекетте (Армян Республикасы жана Беларусь Республикасы) уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын өлчөмүнө карата ар башка талаптар белгиленген. 

Бирок, Лицензиялоо башкармалыгы келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер же күтүлбөгөн кризистик кырдаалдардан алып караганда бул ыкманы колдонууга болбойт деп эсептейт, анткени мындай жагдайлар келип чыккан учурда банктардын акционерлери бөлүштүрүлбөгөн пайданы дивиденддерди төлөөгө багыттоо чечимин кабыл алышы мүмкүн жана Кыргыз Республикасынын экономикасынан акча каражаттарынын олуттуу агылып чыгышын шартташы мүмкүн. 

Уставдык капитал капиталдын туруктуу бөлүгү болуп саналат, аны өлкөдөн түз алып чыгууга болбойт, бул капиталдын аталган бөлүгү дайыма Кыргыз Республикасынын экономикасында кала берет дегенди билдирет (банк жоюлганга чейин). Бул механизмди колдонуу, албетте, өлкөдө капиталдын жүгүртүлүшүн, капиталдын туруктуу өсүшүн жана коммерциялык банктардын аманатчылары алдында милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн колдоого жардам берет, бул калктын банк системасына ишенимин жогорулатуучу фактор болуп саналат жана, тиешелүү түрдө экономиканы каржылоо үчүн банктардын ресурстук базасынын өсүшүнө, ал эми узак мөөнөттүү келечекте пайыздык чендерди төмөндөтүүгө жана акчаны узак мөөнөткө каржылоого шарт түзөт. 

 

1.2. Кызыкдар тараптардын пикирин талдоо 

Улуттук банк жөнгө салуучу таасирин талдоо жана кызыкдар жактардын сунуштары кароого алына тургандыгы жөнүндө билдирүү жиберүүдө АКБ «Толубай» ЖАК жана «Халык Банк Кыргызстан» ААКнан сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн. 

 

1.3. Проблеманын масштабы 

Уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын өлчөмүнө олуттуу төмөн талаптар, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин банктарына салыштырмалуу атаандашуу маселеси жана калкты кредиттө үчүн арзан ресурстардын жоктугу. 

 

1.4. Эл аралык тажрыйба 

Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуштарында (Базель 3) капиталга карата талаптарды жана банктык ликвиддүүлүк стандарттарын күчөтүү болжолдонгон, бул банктардын нормалдуу сценарийинде дагы, жоюу сценарийинде дагы чыгымдарды жабуу мүмкүнчүлүгүнүн жогорулашына алып келиши зарыл. 

ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун ишке ашыруунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин жалпы финансы рыногун түзүү концепциясы (мындан ары Концепция) бекитилди, анда лицензияларды таануунун алгачкы баскычы катары стандартташтырылган лицензия механизмди киргизүү каралган, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында туунду банктарды түзүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби белгиленет.  

Стандартташтырылган лицензия алган банкка карата ченемдик капиталдын (өздүк каражаттары) өлчөмү боюнча талаптар 60 млн АКШ долларынан же 4 811 млн сомдон төмөн эмес өлчөмдө белгиленген (Кыргыз Республикасы үчүн 50 млн АКШ долларынан же 2030-жылга чейин өтүү мезгилинин алкагында 4 009 млн сомдон төмөн эмес) (Улуттук банктын 2022-жылдын 1-октябрына карата курсу боюнча). 

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын өлчөмүнө төмөнкүдөй талаптар белгиленгендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз: 

- Армян Республикасынын банктары үчүн баштапкы (өздүк) капиталдын минималдуу өлчөмү Армян Республикасынын 30 млрд драмы, Улуттук банктын 2022-жылдын 1-октябрына карата курсу боюнча 5,9 млрд сом, Армян Республикасынын банктарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 50 млн драм, Улуттук банктын 2022-жылдын 1-октябрына карата курсу боюнча 9,8 млн сом; 

- Россия Федерациясынын банктары үчүн уставдык капиталдын жана өздүк каражаттардын (капиталдын) минималдуу өлчөмү төмөнкү суммада белгиленет: 

1) 1 млрд рубль (Улуттук банктын 2022-жылдын 1-октябрына карата курсу боюнча 1,4 млрд сом) - универсалдуу лицензияга ээ банк үчүн; 

2) 300 млн рубль (Улуттук банктын 2022-жылдын 1-октябрына карата курсу боюнча 412,1 млн сом) базалык лицензияга ээ банк үчүн;  

- Беларусь Республикасынын банктары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 45 млн беларусь рубли, Улуттук банктын 2022-жылдын 1-октябрына карата курсу боюнча 1,5 млрд сом, Беларусь Республикасынын банктары үчүн ченемдик капиталдын минималдуу өлчөмү 66,66 млн беларусь рубли, Улуттук банктын 2022-жылдын  

1-октябрына карата 2,2 млрд сом; 

- Казакстан Республикасынын банктары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 10 млрд теңге, Улуттук банктын 2022-жылдын 1-октябрына карата курсу боюнча 1,7 млрд сом, Казакстан Республикасынын банктары үчүн өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү 10 млрд теңге, Улуттук банктын 2022-жылдын 1-октябрына карата курсу боюнча 1,7 млрд сом. 

 

2. Жөнгө салуунун каралып жаткан варианттарын чагылдыруу жана баа берүү 

2.1. Жөнгө салуу максаты 

Токтомдун долбоору банк системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатуу, ошондой эле банк системасындагы тобокелдиктерди жабуу жана банктардын коопсуз иштеши үчүн зарыл болгон капиталдык базаны бекемдөө жана колдоо максатында иштелип чыккан. 

 

2.2. Жөнгө салуунун каралган варианттары 

1-вариант. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты 

Бул вариантты тандоого болбойт, анткени бүгүнкү күндө уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын өлчөмүн жогорулатуу зарылчылыгы бар. 

2-вариант. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунун сунушталган жаңы долбоорун бекитүү». 

 

3. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу 

вариантын тандоого негиздеме 

Токтом долбоору 2-вариант боюнча кабыл алынууга сунушталууга тийиш, себеби бул вариант банк системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатуу, ошондой эле банк системасындагы тобокелдиктерди жабуу жана банктардын коопсуз иштеши үчүн зарыл болгон капиталдык базаны бекемдөө жана колдоо максатында иштелип чыккан. 

 

4. Күтүлүп жаткан экономикалык кесепеттерге жана атаандаштыкка тийгизген таасирине баа берүү боюнча тиркеме 

Бул токтомдун кабыл алынышы коммерциялык банктарга экономикалык кесепеттерди алып келет жана бир нече коммерциялык банктардын капиталына мамлекеттин катышуу үлүшү бар болгондугуна байланыштуу, мамлекеттик бюджетке кошумча финансылык жүктү артат. 

 

 

 

Аналитикалык  

катка карата  

1-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбооруна жөнгө салуу варианты боюнча 

 

АТААНДАШТЫККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИН ТАЛДОО БОЮНЧА КОРУТУНДУ 

 

Талдоо жүргүзүлгөн методика (аталышы):  

  

Жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүдө атаандаштыкка тийгизген таасирин талдоо методикасы   

  

Талдоо датасы: 2022-ж. «___» __________ 2022-ж. «___»________ чейин  

  

Атаандаштыкка тийгизген таасирине талдоо жүргүзүүнүн негизги (кыскача) жыйынтыгы:  

- жөнгө салуунун варианты атаандаштыкка таасирин тийгизет   

  

Атаандаштыкка тийгизген таасирин талдоо жөнүндө кеңири маалымат:  

  

Товар рыногунун негизги параметрлери   

- банк ишин жөнгө салуу 

  

Товар рыногунун географиялык чеги:  

- географиялык жактан чектелбейт   

  

Товар рыногунун көлөмү (маалымат болгон учурда):  

- 2022-жылдагы тогуз айдын жыйынтыгы боюнча капиталдын өлчөмү 74 319 млн сомду, ал эми төлөнгөн уставдык капиталдын өлчөмү 44 126 млн сомду түзгөн.  

 

1) Товар рыногунда иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттердин курамы (маалымат болгон учурда)  

финансы-кредиттик уюмдар үлүшү (%): 23 коммерциялык банк, анын ичинде чет өлкөлүк банктын филиалы. 

 

(аталышы) 

 

- Баа берүүлөр  

 

Фактордун аталышы 

Баа берүү «ооба» же «жок» 

«Ооба» деген баа берүүнүн негиздемеси 

Товар рыногунун концентрациялануу деңгээлине баа берүү   

 

 

Аталган товар рыногунда кайсы бир чарба жүргүзүүчү субъекттин үлүшү 35 пайызды (же андан ашыкты) түзгөн үстөмдүк кылуучу абал барбы? маалымат болгон учурда 

жок 

 

Мындай учурда алардын ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көбүрөөк жана жалпысынан 50 пайыздан ашкан үчтөн ашык чарба жүргүзүүчү субъекттердин чогуу алгандагы үстөмдүгү же алардын ар биринин үлүшү тиешелүү рыноктогу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүнөн жогору болгон, бештен ашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин чогуу алгандагы үлүшү басымдуулук кылган абал барбы? маалымат болгон учурда 

жок 

 

Товар рыногуна кирүү-чыгуу боюнча экономикалык чектөөлөргө баа берүү 

Жаңы жөнгө салуу пропорционалдуу болбогон жогору сарптоолорго алып келеби: 

- иштеп жаткандарга караганда, рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн; 

- ири ишканаларга караганда, чакан ишканалар үчүн ж.б.  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу рыноктогу сунуштары чектелүү болгон потенциалдуу катышуучулардын ресурстарга жеткиликтүүлүгүн чектөөгө алып келеби (материалдык-буюмдук, материалдык эмес ж.б.)?  

жок 

 

 

Жаңы жөнгө салууга байланыштуу аталган товар рыногунда иш мажбурлап токтотулган шартта, алардын иши мажбурлап токтотулган шартта, иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттерди (экономикалык туруктуулукка доо кетирүүгө жөндөмдүү) жогору чыгымдарга дуушар кылабы? 

жок 

 

 

Товар рыногуна кирүү боюнча административдик чектөөлөргө баа берүү 

 

 

Жаңы жөнгө салуу лицензиялоо талаптарынын жана рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн лицензияларды алуу жол-жоболорунун наркынын кыйла жогорулашына алып келеби?  

ооба 

Банк рыногуна кирүү үчүн зарыл болгон минималдуу уставдык капиталга карата талаптарды жогорулатуу 

Жаңы жөнгө салуу чектелген ресурстарды административдик бөлүштүрүүдө чарба жүргүзүү субъекттердин тең укуктуулук шарттарын бузууга алып келеби?  

жок 

 

Жаңы жөнгө салуу иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттерди баа түзүү механизмдерин тандоону, продукциянын сапатын, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жайгаштыруу ордун аныктоону чектөөгө алып келеби?  

жок 

 

Товар рыногуна кирүүгө стратегиялык чектөөлөрдү баалоо  

Жаңы жөнгө салуу чарбалык интеграциянын ар кандай туруктуу формаларынын катышуучулары үчүн (холдингдер, финансылык-өндүрүштүк бирикмелер, анын катышуучуларынын өз ара атаандаштык деңгээли төмөн жана кооперациянын жогорку деңгээли болгон кластерлер ж.б.) интеграциянын мындай формаларына кирбеген рыноктун башка потенциалдуу катышуучуларына салыштырмалуу кошумча артыкчылыктарды береби?  

ооба 

Иштеп жаткан банктар үчүн капиталдын минималдуу өлчөмүн этап-этабы менен жогорулатуу боюнча талаптар белгиленет, ал эми рыноктун потенциалдуу катышуучулары үчүн жаңыдан белгиленген өлчөмдөр боюнча талаптар, башкача айтканда системалык мааниде 1,0 же 2,0 млрд белгиленет