Кайта келүү

Долбоор  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомунун 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө автоматташтырылган маалыматтык банк системасын жана эсепке алуу саясаттарын Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин талаптарына ылайык келтирсин.». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:   

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Башкарманын мүчөлөрү А. Айбалаева 

М. Жакыпов 

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков  

Р. Сейткасымова  

З. Чокоев 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) көрсөтүлгөн токтомдун 3-пунктунун үчүнчү абзацынын күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) токтому менен «Мурабаха жана башка кийинки мөөнөткө калтыруу төлөмдөрү менен товардык бүтүмдөр» AAOIFIнин №28 стандартын эске алуу менен коммерциялык банктар тарабынан мурабаха операциясын эсепке алуунун бирдиктүү ыкмасын колдонууга багытталган Мурабаха операциясын эсепке алуу тартиби бекитилген.  

Аталган токтомдун 3-пункту менен төмөнкүлөр белгиленген: 

«3. Ислам каржылоо принциптери боюнча, анын ичинде «ислам терезеси» аркылуу иш алып барган коммерциялык банктар:  

- 2022-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин талаптарына ылайык маалыматтык банк системасын автоматташтыруу боюнча иш-чаралар планын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунуштасын;  

- 2023-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө автоматташтырылган маалыматтык банк системасын жана эсепке алуу саясаттарын Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибине ылайык келтирсин.».  

Токтомдун 3-пунктунун экинчи абзацы боюнча банктык системаны автоматташтыруу боюнча чаралар жөнүндө маалымат ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүү укугуна ээ болгон үч коммерциялык банк тарабынан берилген. 

Бирок, 2022-жылдын ноябрь жана декабрь айларында бардык беш коммерциялык банк (2022-жылдын экинчи жарымында дагы эки коммерциялык банк ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүү укугуна ээ болгон) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-пунктунун үчүнчү абзацы менен күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн жөнөтүшкөн.  

Ушуга байланыштуу, токтомдун долбоорун иштеп чыгуу зарылчылыгы банктардын автоматташтырылган маалыматтык системасын азыркы учурдагы потенциалына жана аны модернизациялоого/сатып алууга зарыл болгон чыгымдарга байланыштуу жана ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүү укугуна ээ банктарды колдоого багытталган. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, жана коррупциялык натыйжалардын болушу мүмкүндүгүн болжолдоо 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Бул пункт боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо 

Токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоонун зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунуш кылынган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча финансылык каражат бөлүүнү талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат 

Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын (мындан ары - Методика) 3-пунктуна ылайык, ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылар жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүнү талап кылат, алар ишкерлер тарабынан жеке же карызга алынган каражаттарды колдонуу тартибин, ишкердик иш үчүн тобокелдиктин деңгээлин, ишкерлердин мүлктүк жоопкерчилигин, ошондой эле пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө жана өлчөмүнө таасирин тийгизген шарттарды тигил же бул деңгээлде аныктайт/өзгөртөт. Токтом долбоору, банктардын токтомдун тиешелүү талаптарына туура келген автоматташтырылган банк системасына өтүүсү үчүн шарттарды жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) «Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомунун талаптарына банктардын өздөрүнүн иштерин ылайык келтирүү мөөнөттөрүн жылдырууга багытталгандыгын эске алганда, сунушталган токтомдун долбоору Методиканын 3-беренесинин талаптарына туура келбейт. 

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Көзөмөлдөө методологиясы  башкармалыгы сунушталган токтом долбоорун карап чыгып, коомдук талкууга чыгарууга уруксат сурайт. 

 

Тиркеме: 4 б. 

 

 

Көзөмөлдөө методологиясы  

башкармалыгынын 

начальниги Э. Жапарова 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ 

Төраганын орун басары М. Жакыпов