Кайта келүү

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын ___ ______________ 

№ ___________________________  

токтомуна карата тиркеме 

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптардын: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Ал боюнча талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) кредиттерди берүүдө жана алар белгиленген талаптарга шайкеш келишин текшерүүдө күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредит портфелине камтылуучу, коммерциялык банктардын (мындан ары банктар), депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдардын (мындан ары БФКУ) кредиттерине/лизингдерине карата мүнөздөмөлөрдү жана талаптарды аныктоо ушул минималдуу талаптардын максаты болуп саналат.»

- 2-пунктунун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредит портфели ал боюнча талап кылуу укуктары Улуттук банк кредиттерди берүүдө күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, ушул минималдуу талаптарда белгиленген белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген, банк/БФКУ тарабынан берилген кредиттердин/лизингдердин жыйындысы.»; 

- 4-пунктунун 10-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө», «Акыркы инстанция кредити жөнүндө», «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жана «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанциядагы кредиттер жөнүндө» жоболордун алкагында берилген, күрөөлүк камсыздоо катары улуттук валютада берилген кредиттер саналган кредиттик ресурстар боюнча.»; 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.Кредит портфелине камтылуучу кредиттер/лизингдер төмөнкү мүнөздөмөлөргө дал келүүгө тийиш: 

1) кредиттин максаттуу багыты банк/БФКУ тарабынан текшерилди жана карыз алуучу тарабынан документ түрүндө тастыкталды (квитанциялар, чектер, сатып алуу актылары, келишимдер ж.б.);   

2) карыз алуучу/лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат жана банк/БФКУ менен аффилирленген же байланыштуу жак болуп саналбайт;   

3) төлөө графигинде кредиттин/лизингдин мөөнөтүнүн аягында негизги карыздын бүтүндөй суммасын же анын олуттуу бөлүгүн (70% жана андан жогору) төлөө каралган эмес;   

4) банк/БФКУ Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ошондой эле банктын/БФКУнун кредиттик саясатына жана ички жол-жоболоруна ылайык, карыз алуучунун/лизинг алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү бааланган жана карыз алуучунун/лизинг алуучунун алгылыктуу кредиттик таржымалы кредиттик бюро тарабынан сунушталган маалымат менен тастыкталган;     

5) кредит/лизинг банктар үчүн «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган БФКУ үчүн «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жоболоруна ылайык, нормалдуу жана канааттандырарлык кредиттердин (активдердин) мүнөздөмөлөрүнө дал келет;    

6) карыз алуучу/лизинг алуучунун кредит боюнча маалыматы банк/БФКУ тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык таризделген. Карыз алуучу/лизинг алуучу менен банктын/БФКУнун ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимде/финансылык ижара (лизинг) жөнүндө келишимде, башкаларды эске албаганда, төмөнкүлөр камтылууга тийиш:    

- карыз алуучуга/лизинг алуучуга сунушталган кредит/лизинг талап кылуу укугу кредит берүү учурунда үчүнчү жак тарабынан күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон кредиттер портфелине камтылышы ыктымалдыгы тууралуу шарт;   

- талап кылуу укугу үчүнчү жакка карыз алуучунун/лизинг алуучунун колундагы көлөмдө жана ошол эле шарттарда өткөрүлгөндүгү жөнүндө карыз алуучуга/лизинг алуучуга кат жүзүндө билдирүү боюнча банктын/БФКУнун милдеттенмеси.  

7) кредит ушул минималдуу талаптардын 15-пунктунда каралган жана  

16,17-пункттарында көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген күрөө менен камсыздалган.»;  

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Улуттук банкка сунушталуучу кредит портфели ага карата укукка кандайдыр бир чектөөлөрдөн эркин (милдеттенме жүктөлбөгөн) болууга, банктын/БФКУнун башка милдеттенмесин камсыздоого күрөөгө коюлбаган болууга тийиш. Банк/БФКУ бул талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот.»; 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Улуттук банкка  сунушталуучу кредит портфели Улуттук банк тарабынан банкка/БФКУга сунушталган кредит боюнча мөөнөттөн кеминде бир айга ашыгыраак мөөнөткө банк/БФКУ берилген кредиттерди/лизингдерди камтууга тийиш.»; 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери кредит портфелине камтылган кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда каралган мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсү жагында текшерүүлөрдү (арасынан бирден алып же бир-бирден) банкка/БФКУга 2 (эки) күн мурун маалымдоо аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.»; 

- 11-пунктунун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Банк/БФКУ, талаптагыдай ички контролдук системасын камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөргө баа берүү үчүн кредит портфелине камтылуучу кредиттерге/лизингдерге мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү:»; 

- 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Эгерде, кредит портфели боюнча талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан күрөө катары кабыл алынса, анда банк/БФКУ кредит портфели боюнча отчетту күрөө жөнүндө келишимдин талаптарына ылайык, отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка электрондук форматта ай сайын берип турат.»; 

- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13.  Кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө туура келбегендиги банк/БФКУ тарабынан жана/же Улуттук банк тарабынан аныкталган учурда, банк/БФКУ аларды ушул минималдуу талаптарга ылайык келген кредиттерге/лизингдерге алмаштырууга же Улуттук банктын кредиттик ресурстары боюнча күрөөлүк камсыздоо катары берилген Кредит портфелинен чыгарууга милдеттүү.»; 

- 15-пунктунун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Кредит портфелине камтылган кредит күрөөнүн төмөнкү түрлөрү менен камсыздалууга тийиш:  

1) кредит берилген банкта/БФКУда жайгаштырылган депозит;»; 

- 18-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«18-1. Кредитти «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун гарантиясы менен камсыз кылган учурда, «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун талаптары сакталууга тийиш.»; 

- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Кредит/лизинг боюнча документтерди тариздөөдө банк/БФКУ тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын бардык талаптары сакталууга тийиш.». 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

27-декабрындагы № 2017-П-15 /54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары Минималдуу талаптар) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

1-пунктунда депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдардын (мындан ары БФКУлар) кредиттерин кредит портфелине кошуу боюнча өзгөртүү киргизүү сунушталат, алар боюнча талап кылуу укуктары Улуттук банк акыркы инстанциядагы кредитти берүүдө күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн, анткени «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында Улуттук банк өзгөчө учурларда төлөө жөндөмдүүлүгү жагында проблемаларга дуушар болгон депозиттерди тартуу менен алып барган БФКУларга акыркы инстанциядагы кредитти берүүгө укуктуу экендиги аныкталган.  

Жобону Улуттук банктын активдерди классификациялоону жана БФКУлардын резервдерин түзүүсүн жөнгө салуучу ченемдик документине шилтеме берүү менен толуктоо сунушталат. 

Мындан тышкары, өзгөртүүлөр редакциялык түзөтүүлөрдү камтыйт: Минималдуу талаптардын бүтүндөй тексти боюнча «банк» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө «банк/БФКУ» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

3. Болушу мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын  

22 жана 23-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктары, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын долбоорлору коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. 

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каражат бөлүүнү талап кылбайт. 

 

 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат 

Токтом долбоору «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган жана жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүнү талап кылбайт. 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) бекитилген  

«Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомдун долбооруна 

САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ 

Учурдагы редакция 

Сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

жаңы редакцияда 

Өзгөртүүнүн себептери жана эмне үчүн 

1. Жалпы жоболор 

1. Талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан кредит берүү учурунда күрөөкатары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредит портфелине камтылган коммерциялык банктардын (мындан ары банктар), кредиттеринин/лизингдеринин мүнөздөмөлөрүн жана аларга коюлган талаптарды аныктоо жана аларды минималдуу талаптарга шайкеш келиши көз карашында текшерүү, ушул минималдуу талаптардын максаты болуп саналат.  

 

 

2. Минималдуу талаптарда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:  

«Кредит портфели талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан кредит берүү учурунда күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, ушул минималдуу талаптарда белгиленген белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген, банк тарабынан карыз алуучуга берилген кредиттер/лизингдер. 

1. Талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары  Улуттук банк) тарабынан кредит берүү учурунда күрөөкатары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредит портфелине камтылган коммерциялык банктардын (мындан ары  банктар), депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары БФКУ) кредиттеринин/лизингдеринин мүнөздөмөлөрүн жана аларга коюлган талаптарды аныктоо жана аларды минималдуу талаптарга шайкеш келиши көз карашында текшерүү, ушул минималдуу талаптардын максаты болуп саналат.   

2. Минималдуу талаптарда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:  

«Кредит портфели талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан кредит берүү учурунда күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, ушул минималдуу талаптарда белгиленген белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген, банк/БФКУ тарабынан карыз алуучуга берилген кредиттер/лизингдер. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 6 жана 17 беренелерине ылайык келтирүү

2. Кредит портфелине камтылган кредиттердин/лизингдердин мүнөздөмөлөрү 

4. Кредит портфели экономиканын төмөнкү тармактарында иш алып барышкан юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге берилген кредиттердин/лизингдердин эсебинен тузүлүүгө тийиш:  

өнөр жай;    

- айыл чарба, даярдоо жана кайра иштетүү;  

- транспорт, байланыш жана тейлөө тармагы;    

- соода жана коммерциялык операциялар;    

- курулуш;  

- туризм чөйрөсү.    

Мындан тышкары, айыл чарба тармагында иш алып барган физикалык жактарга берилген кредиттер кредит портфелине камтылышы мүмкүн.  

Кредиттик линиянын алкагында кредиттер (транштар) боюнча талап кылуу укугу, ушул минималдуу талаптарды эске алуу менен күрөөлүк камсыздоону ар бир кредит (транш) боюнча өз-өзүнчө идентификациялап бөлүштүрүү мүмкүн болгон шартта, ал күрөөлүк камсыздоо катары каралышы мүмкүн». 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген жобонун алкагында берилген кредиттик ресурстар боюнча күрөөлүк камсыздоо катары улуттук валютада берилген кредиттер каралат. 

 

 

 

5.Кредит портфелине камтылуучу кредиттер/лизингдер, төмөнкү мүнөздөмөлөргө дал келүүлөрү тийиш: 

 

1) кредиттин максатка ылайык багытталуусу банк тарабынан текшерилди жана карыз алуучу тарабынан документ түрүндөтастыкталган (квитанциялар, чектер, сатып алуучу актылар, келишимдер ж.б.);   

2) карыз алуучу/лизинг алуучу  Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат жана банктын инсайдери же аффилирленген жагы болуп саналбайт;   

 

3) төлөө графигинде кредиттин/лизингдин мөөнөтүнүн аягында карыздын негизги суммасын толугу менен же көбүрөөк бөлүгүн (70% жана андан ашык) төлөө каралган эмес;   

 

 

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ошондой эле банктын кредиттик саясатына жана ички жол-жоболоруна ылайык, банк тарабынан карыз алуучу/лизинг алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү бааланган жана карыз алуучу/лизинг алуучунун алгылыктуу кредиттик таржымалы кредиттик бюро тарабынан сунушталган маалымат менен тастыкталган;    

 

5) кредит/лизинг Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген, «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүүчегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык, нормалдуу жана канааттандырарлык кредиттердин (активдердин) мүнөздөмөлөрүнө дал келет;    

 

 

 

6) карыз алуучу/лизинг алуучунун кредит боюнча маалыматы Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензиялануучу коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык банк тарабынан таризделген. Карыз алуучу/лизинг алуучу менен банктын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимде/финансылык ижара (лизинг) жөнүндө келишимде, башкаларды эске албаганда, төмөнкүлөр камтылууга тийиш:    

- карыз алуучуга/лизинг алуучуга сунушталган кредит/лизинг талап кылуу укугу кредит берүү учурунда үчүнчү жак тарабынан күрөөкатары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредиттер портфелине камтылышы ыктымал деген шарт;   

- талап кылуу укугу үчүнчү жакка карыз алуучунун колундагы көлөмдө жана ошол эле шарттарда өткөрүлгөндүгү жөнүндө карыз алуучуга/лизинг алуучуга кат жүзүндө билдирүү жагында  банктын милдеттенмеси.  

7) кредит ушул минималдуу талаптардын 15-пунктунда каралган жана 16,17- пункттарында көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген күрөөменен камсыздалган.  

6. Улуттук банкка сунушталуучу кредит портфели ага карата укукка кандайдыр бир чектөөлөрдөн эркин (милдеттенме жүктөлбөгөн) болууга, банктын башка милдеттенмесин камсыздоого күрөөгө коюлбаган болууга тийиш. Банк бул талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот.   

7. Улуттук банкка  сунушталуучу кредит портфели, Улуттук банк тарабынан банкка сунушталган кредит боюнча мөөнөттөн кеминде бир айга ашыгыраак мөөнөткө банк берген кредиттерди/лизингдерди камтууга тийиш.   

4. Кредит портфели экономиканын төмөнкү тармактарында иш алып барышкан юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге берилген кредиттердин/лизингдердин эсебинен тузүлүүгө тийиш:  

өнөр жай;    

- айыл чарба, даярдоо жана кайра иштетүү;  

- транспорт, байланыш жана тейлөө тармагы;    

- соода жана коммерциялык операциялар;    

- курулуш;  

- туризм чөйрөсү.    

Мындан тышкары, айыл чарба тармагында иш алып барган физикалык жактарга берилген кредиттер кредит портфелине камтылышы мүмкүн.  

Кредиттик линиянын алкагында кредиттер (транштар) боюнча талап кылуу укугу, ушул минималдуу талаптарды эске алуу менен күрөөлүк камсыздоону ар бир кредит (транш) боюнча өз-өзүнчө идентификациялап бөлүштүрүү мүмкүн болгон шартта, ал күрөөлүк камсыздоо катары каралышы мүмкүн». 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө», «Акыркы инстанция кредити жөнүндө», «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жана «Банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга акыркы инстанциядагы кредиттер жөнүндө» жоболорунун алкагында берилген кредиттик ресурстар боюнча күрөөлүк камсыздоо катары улуттук валютада берилген кредиттер каралат. 

5.Кредит портфелине камтылуучу кредиттер/лизингдер, төмөнкү мүнөздөмөлөргө дал келүүлөрү тийиш: 

1) кредиттин максатка ылайык багытталуусу банк/БФКУ тарабынан текшерилди жана карыз алуучу тарабынан документ түрүндөтастыкталган (квитанциялар, чектер, сатып алуучу актылар, келишимдер ж.б.);   

2) карыз алуучу/лизинг алуучу  Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат жана банктын/БФКУнун инсайдери же аффилирленген жагы болуп саналбайт;   

3) төлөө графигинде кредиттин/лизингдин мөөнөтүнүн аягында карыздын негизги суммасын толугу менен же көбүрөөк бөлүгүн (70% жана андан ашык) төлөө каралган эмес;   

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ошондой эле банктын/БФКУнун кредиттик саясатына жана ички жол-жоболоруна ылайык, банк/БФКУ тарабынан карыз алуучу/лизинг алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү бааланган жана карыз алуучу/лизинг алуучунун алгылыктуу кредиттик таржымалы кредиттик бюро тарабынан сунушталган маалымат менен тастыкталган;     

5) кредит/лизинг «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөбанктар үчүн жана «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» депозиттерди тартуучу БФКУ үчүн жоболоруна ылайык, нормалдуу жана канааттандырарлык кредиттердин (активдердин) мүнөздөмөлөрүнө дал келет;    

6) карыз алуучу/лизинг алуучунун кредит боюнча маалыматы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензиялануучу коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык банк/БФКУ тарабынан таризделген. Карыз алуучу/лизинг алуучу менен банктын/БФКУнун ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимде/финансылык ижара (лизинг) жөнүндө келишимде, башкаларды эске албаганда, төмөнкүлөр камтылууга тийиш:    

- карыз алуучуга/лизинг алуучуга сунушталган кредит/лизинг талап кылуу укугу кредит берүү учурунда үчүнчү жак тарабынан күрөөкатары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредиттер портфелине камтылышы ыктымал деген шарт;   

- талап кылуу укугу үчүнчү жакка карыз алуучунун колундагы көлөмдө жана ошол эле шарттарда өткөрүлгөндүгү жөнүндө карыз алуучуга/лизинг алуучуга кат жүзүндө билдирүү жагында  банктын/БФКУнун милдеттенмеси.  

7) кредит ушул минималдуу талаптардын  

15-пунктунда каралган жана 16,17- пункттарында көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген күрөөменен камсыздалган.  

6. Улуттук банкка сунушталуучу кредит портфели ага карата укукка кандайдыр бир чектөөлөрдөн эркин (милдеттенме жүктөлбөгөн) болууга, банктын/БФКУнун башка милдеттенмесин камсыздоого күрөөгө коюлбаган болууга тийиш. Банк/БФКУ бул талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот.   

7. Улуттук банкка  сунушталуучу кредит портфели, Улуттук банк тарабынан банкка/БФКУга сунушталган кредит боюнча мөөнөттөн кеминде бир айга ашыгыраак мөөнөткө банк/БФКУ берген кредиттерди/лизингдерди камтууга тийиш.   

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 6 жана 17 беренелерине ылайык келтирүү

10. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери кредит портфелине камтылган кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда каралган мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсү жагында текшерүүлөрдү (арасынан бирден алып же бир-бирден) банкка 2 (эки) күн мурун маалымдоо аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.   

 

11. Банк, талаптагыдай ички контролдук системасын камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөргө баа берүү үчүн кредит портфелине камтылуучу кредиттерге/лизингдерге мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү:    

10. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери кредит портфелине камтылган кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда каралган мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсү жагында текшерүүлөрдү (арасынан бирден алып же бир-бирден) банкка/БФКУга 2 (эки) күн мурун маалымдоо аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.   

11. Банк/БФКУ, талаптагыдай ички контролдук системасын камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөргө баа берүү үчүн кредит портфелине камтылуучу кредиттерге/лизингдерге мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү:    

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 6 жана 17 беренелерине ылайык келтирүү

12. Эгерде, кредит портфели боюнча талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан күрөө катары кабыл алынса, анда банк кредит портфели боюнча отчетту күрөө жөнүндө келишимдин талаптарына ылайык кагаз жүзүндө жана электрондук форматта отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка ай сайын берип турат.  

 

13.  Кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө туура келбегендиги банк тарабынан жана/же Улуттук банк тарабынан аныкталган учурда, банк аларды ушул минималдуу талаптарга ылайык келген кредиттерге/лизингдерге алмаштырууга же Улуттук банктын кредиттик ресурстары боюнча күрөөлүк камсыздоо катары берилген Кредит портфелинен чыгарууга милдеттүү

12. Эгерде, кредит портфели боюнча талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан күрөө катары кабыл алынса, анда банк/БФКУ кредит портфели боюнча отчетту күрөө жөнүндө келишимдин талаптарына ылайык кагаз жүзүндө жана электрондук форматта отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка ай сайын берип турат.  

13.  Кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө туура келбегендиги банк/БФКУ тарабынан жана/же Улуттук банк тарабынан аныкталган учурда, банк/БФКУ аларды ушул минималдуу талаптарга ылайык келген кредиттерге/лизингдерге алмаштырууга же Улуттук банктын кредиттик ресурстары боюнча күрөөлүк камсыздоо катары берилген Кредит портфелинен чыгарууга милдеттүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 6 жана 17 беренелерине ылайык келтирүү

3. Күрөө/лизинг предметине карата талаптар  

15. Кредит портфелине камтылган кредит күрөөнүн төмөнкү түрлөрү менен камсыздалууга тийиш:   

1) кредит берилген банкта жайгаштырылган депозит;   

15. Кредит портфелине камтылган кредит күрөөнүн төмөнкү түрлөрү менен камсыздалууга тийиш:   

1) кредит берилген банкта/БФКУда жайгаштырылган депозит;   

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 6 жана 17 беренелерине ылайык келтирүү

18-1. Кредитти «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун гарантиясы менен камсыз кылган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун талаптары сакталууга тийиш. 

19. Кредит/лизинг боюнча документтерди тариздөөдө банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын бардык талаптары сакталууга тийиш.  

18-1. Кредитти «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун гарантиясы менен камсыз кылган учурда «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун талаптары сакталууга тийиш. 

19. Кредит/лизинг боюнча документтерди тариздөөдө банк/БФКУ тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын бардык талаптары сакталууга тийиш.  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 6 жана 17 беренелерине ылайык келтирүү