Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) локалдык акча которуу системаларынын операторлоруна карата каттоону жокко чыгаруу боюнча талаптар менен толуктоо максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Колдонуудагы Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине (мындан ары Эреже) ылайык, каттоону жокко чыгаруу боюнча талаптар эл аралык акча которуу системаларынын операторлоруна карата гана каралган. Буга байланыштуу токтомдун долбоорунда Эрежелердин 3.2-1-пунктун локалдык акча которуу системаларынын операторлоруна карата каттоону жокко чыгаруу боюнча талаптар менен толуктоо сунушталат. Сунушталган толуктоолор локалдык акча которуу системасынын операторун каттоону жокко чыгарууга жана акча которуу системасынын операторлорунун реестринен чыгарууга мүмкүндүк берет.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө  

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат 

Аталган токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу кошумча финансылык каржылоону талап кылбайт.  

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын (мындан ары Методика) 3-пунктуна ылайык, ал күч жеткис шарттарда ишкердик ишти жөнгө салуу учурларынан тышкары, жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө талаптарына Улуттук банктын ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылары туура келет.  

Локалдык акча которуу системасынын операторунун каттоосун жокко чыгаруу боюнча сунушталган өзгөртүүлөр ишкердик ишке таасирин тийгизбей тургандыгына байланыштуу токтом долбоору Методиканын 3-пунктуна туура келбейт. Ушул себептен токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү талап кылынбайт.  

 

 

 

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын ______________ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын  

15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелердин: 

- 3.2-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана акча которуу системаларынын операторлорунун реестрине тиешелүү жазууну киргизет:  

1) жайгашкан өлкөнүн иштин ушул түрүн лицензиялоочу/жөнгө салуучу финансылык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча которуу системаларынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген акча которуу системасынын операторунун уруксат берүү документтери жана лицензиясы/сертификаты/каттоо жөнүндө күбөлүгү кайтарылып алынган/жокко чыгарылган учурда;  

2) акча которуу системасынын оператору тарабынан аны Улуттук банктагы акча которуу системаларынын операторлорунун реестринен чыгаруу жөнүндө арыз же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системасынын операторунун ишин токтотуу жөнүндө кат жүзүндө башка билдирүү берилген учурда. Эл аралык акча которуу системасынын оператору төлөм системасынын катышуучулары менен акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана каттоону жокко чыгаруу жана реестрден чыгаруу жөнүндө арыз берет. Акча которуулардын локалдык системасынын оператору каттоону жокко чыгаруу жана реестрден чыгаруу жөнүндө арызды акча которууларды алуучулар/жөнөтүүчүлөр жана системанын катышуучулары менен бардык өз ара эсептешүүлөрдү эске алып, акча которуулар системасында акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана берет. 

Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана башка кызыкдар тараптарга каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат жүзүндө билдирет, ошондой эле бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат.  

Акча которуу системасынын оператору, Улуттук банк аны тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш.». 

 

 

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

3.2-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана акча которуу системаларынын операторлорунун реестрине тиешелүү жазууну киргизет:  

1) резидент эмес оператордун уруксат берүү документтери жана жайгашкан өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча иштин ушул түрүн лицензиялоочу/жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча которуу системаларынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензиясы/сертификаты/каттоо жөнүндө күбөлүгү кайтарылып алынган/жокко чыгарылган учурда;  

2) эл аралык акча которуу системасынын оператору тарабынан аны Улуттук банктагы акча которуу системаларынын операторлорунун реестринен чыгаруу жөнүндө арыз же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасынын операторунун ишин токтотуу жөнүндө кат жүзүндө билдирүү берилген учурда. Эл аралык акча которуу системасынын оператору төлөм системасынын катышуучулары менен акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана арызды берет.  

Улуттук банк эл аралык акча которуу системасынын операторуна, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана башка кызыкдар тараптарга каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат түрүндө билдирет жана бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат. 

Эл аралык акча которуу системасынын оператору Улуттук банк аны тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш. 

3.2-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана акча которуу системаларынын операторлорунун реестрине тиешелүү жазууну киргизет:  

1) жайгашкан өлкөнүн иштин ушул түрүн лицензиялоочу/жөнгө салуучу финансылык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча которуу системаларынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген акча которуу системасынын операторунун уруксат берүү документтери жана лицензиясы/сертификаты/каттоо жөнүндө күбөлүгү кайтарылып алынган/жокко чыгарылган учурда;  

2) акча которуу системасынын оператору тарабынан аны Улуттук банктагы акча которуу системаларынын операторлорунун реестринен чыгаруу жөнүндө арыз же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системасынын операторунун ишин токтотуу жөнүндө кат жүзүндө башка билдирүү берилген учурда. Эл аралык акча которуу системасынын оператору төлөм системасынын катышуучулары менен акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана каттоону жокко чыгаруу жана реестрден чыгаруу жөнүндө арыз берет. Акча которуулардын локалдык системасынын оператору каттоону жокко чыгаруу жана реестрден чыгаруу жөнүндө арызды акча которууларды алуучулар/жөнөтүүчүлөр жана системанын катышуучулары менен бардык өз ара эсептешүүлөрдү эске алып, акча которуулар системасында акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана берет. 

Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана башка кызыкдар тараптарга каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат жүзүндө билдирет, ошондой эле бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат.  

Акча которуу системасынын оператору, Улуттук банк аны тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш.