Кайта келүү

Проект  

 

«Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө » нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомун;  

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 24-пункту; 

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

27-ноябрындагы № 53/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:  

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы;  

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту;  

5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:  

- 1-пунктунун бешинчи абзацы;  

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 4-пункту;  

6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттөө жана таасир этүү чаралары маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:  

- 1-пунктунун онунчу абзацы;  

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 9-пункту;  

7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:  

- 1-пунктунун бешинчи абзацы;  

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 4-пункту;  

8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын  

23-декабрындагы № 2020-П-12/73-10-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:  

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы;  

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 3-пункту; 

9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

15-декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунда:  

- токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;  

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды жана «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКты тааныштырсын. 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын ____-________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө  

НУСКОО 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Нускоо бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары - банктар) таркатылат. 

2. Ушул нускоонун максаты болуп кредиттөө чектерин, ошондой эле банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптарды жана жол-жоболорду белгилөө эсептелет. 

3. Кредиттөө чектери - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары - Улуттук банк) «Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү» экономикалык ченеми аркылуу бир карыз алуучуга жана аны менен байланыштуу жактарга (мындан ары текст боюнча - бир карыз алуучу) карата тобокелдикти чектөө

 

2-глава. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин  

эсептөө тартиби 

 

4. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К1) төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

 

К1 = ЧК/ТСК * 100%, 

 

мында, чогуу алгандагы карыз же талаптар - ЧК катары бир карыз алуучунун төмөнкүлөр боюнча жалпы карызын түшүнүүгө болот: 

- кредиттер (төлөө мөөнөтүнө карабай); 

- факторинг; 

- финансылык ижара; 

- банктар аралык жайгаштыруулар; 

- карыздык милдеттенмелер формасындагы инвестициялар; 

- алууга карата чегерилген пайыздар; 

- негизинен кредитти алмаштыруучу болуп саналган каражаттарды карыз алуучуларга кайсыл болбосун, тике же кыйыр түрдө берүүлөр; 

- ошол карыз алуучуга берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин (кредиттерди берүүгө гарантиялардын, аккредитивдердин, милдеттенмелердин) суммасы боюнча; 

- милдеттүү түрдө ошол карыз алуучу тарабынан гарантияланган үчүнчү тарапка карата банктын кандай болбосун тобокелдиги; 

- мурда алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар боюнча. Ар бир карыз алуучунун кредиттик делосунда ошол карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын мурда эсептен чыгарылган кредиттери жана ал боюнча пайыздар жөнүндө маалыматтар көктөлүүгө тийиш, анда: карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын аты-жөнү, эсептен чыгарылган кредиттин жана пайыздардын суммасы, эсептен чыгаруу датасы жана аталган карыз эмне үчүн эсептен алынгандыгынын себептери сыяктуу маалыматтар камтылат. Эгерде мындай маалыматтар камтылбаса, анда кредиттик делодо банктын ыйгарым укуктуу адамынын ошол карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын буга чейин эсептен алынган карызы жоктугу жөнүндөгү корутундусу болууга тийиш.  

ТСК - банктын таза суммардык капиталы. 

5. Банк менен байланышы болбогон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш: 

- банктарды кошпогондо, карыз алуучулар үчүн (К1.1.) - 20% ашпаган өлчөмдө

- банктар үчүн (К1.3) - 30% ашпаган өлчөмдө

6. Банк менен байланыштуу жактарды кредиттөө чеги жана тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/5 токтому менен бекитилген, Банктын аффилирленген жактар жана банк менен байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоого ылайык аныкталат. 

7. Ушул Нускоодо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди дагы кошумча төмөндөтүү максатында банктарга кредиттөөнүн ички чектерин белгилөө сунуш кылынат, алар Улуттук банк тарабынан ушул Нускоонун 5-пунктунда белгиленген чектен төмөн болууга тийиш. 

 

3-глава. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөгү өзгөчө учурлар 

 

8. Күрөө менен байланыштуу болбогон өзгөчө учурларда: 

1) Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги каражаттар. 

2) «Standard and Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ болгон же «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей кредиттик рейтингге ээ болгон коммерциялык банктарга жайгаштырылган каражаттар, ошондой эле ушундай банктар тарабынан гарантияланган кредиттер. Ушундай өзгөчө учурларга ылайык келиши үчүн банктын ыйгарылган рейтингди тастыктоочу тиешелүү документтери болууга тийиш, атап айтканда: рейтингдик агенттиктин аталышы, рейтинг алгач ыйгарылган жана ыйгарылган рейтингдин акыркы жолу тастыкталган датасы, рейтинг жөнүндө алгылыктуу маалымат булагы, ошондой эле банк-корреспонденттин акыркы жылдык отчету. 

3) Банктын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздарына жайгаштырылган каражаттар же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздары. 

4) «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)», «Moodys Investors Service» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөргө же борбордук банктарга карата талаптар. 

9. Күрөөгө байланыштуу өзгөчө учурлар: 

1) Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө төмөнкүлөр менен камсыз болгон талаптар гана эске алынбайт: 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздары менен; 

- ошол банктагы өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар менен. 

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына карата талаптар же банк тарабынан кабыл алынган жана алар боюнча мамлекеттик гарантиялар болгон баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздары же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздар менен камсыздалган талаптар. Мында, ошол баалуу кагаздардын рыноктук наркы кредиттин негизги суммасына караганда кеминде 20%га жогору болууга тийиш. 

Ушул Нускоонун 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына берилген кредиттер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гарантиялар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджетинде алардын чагылдырылышын тастыктоону кошо алганда, тиешелүү түрдө таризделүүгө тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гарантиялар банктын таза суммардык капиталынын 60%ынан ашпоого тийиш. 

4) Ошол банкта өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар менен камсыз болгон талаптар. Өзүнчө депозиттик эсеп - жеке же юридикалык жактын обочолонгон депозиттик эсеби. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктын корреспонденттик эсеби камсыздоо катары пайдаланылбайт.  

Мында төмөндөгү шарттар аткарылууга тийиш: 

- депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда турууга тийиш;  

- кредиттик келишимде жана күрөө жөнүндө келишимде, эгерде карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарбай койгон учурда, анын өзүнчө депозиттик эсебиндеги акча каражаттарынан банк акцептсиз тартипте өндүрүп алууга укуктуу экендиги каралууга тийиш; 

- каалаган учурда банкта тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана ал келишимде каралган мөөнөт аяктаганга чейин депозиттин сакталып турушун камсыз кылган ички контролдук жүзөгө ашырылууга тийиш; 

- талаптарды камсыздоочу депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, же болбосо валюталардын жалпыга жеткиликтүү жана так котировкаларынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертацияланган валютада болууга тийиш. Мында, эгерде депозит талапта көрсөтүлгөн ошол эле валютада болсо, ал талаптын суммасынан кеминде 100%, ал эми талап белгиленген валютадан айырмаланган валютадагы депозит - сом эквивалентиндеги кеминде 120%ын жабууга тийиш. 

- активди камсыздоочу катары активдин валютасынан айырмаланган валютадагы акча каражаттары берилген учурда, депозитти жума сайын кайрадан баалоо милдеттүү түрдө өткөрүлүшү зарыл. 

5) «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)», «Moodys Investors Service» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан же эл аралык финансы институттары (ЕӨРБ, АӨБ ж.б.) тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар тарабынан гарантияланган талаптар; 

6) «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)», «Moodys Investors Service» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар бенефициар болуп саналган банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

7)  Банк тарабынан башка банкка кайра сатып алуу укугу жок сатылган кредитке катышуу үлүшүнүн суммасы. Бул сатып алып жаткан банк кредит берүү шарттарында кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин толугу менен өзүнө алат дегенди түшүндүрөт. Кредитке катышуу жөнүндө макулдашууда эгерде, милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, ар бир банктын жоготууга учуроо тобокелдиги алардын кредитке катышуусунун пайыздык катышына жараша боло тургандыгы каралышы зарыл. Кредитти алууда Улуттук банктын бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө чектөөлөр боюнча ченемдери сакталууга тийиш. 

 

4-глава. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөн өзгөчө учурду камсыз кылуучу күрөөгө карата талаптар 

 

10. Эгерде, баалуу кагаздар жана/же акча каражаттары күрөө предмети катары колдонулса, анда күрөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөгө коюу формасында жүзөгө ашырылат. 

11. Эгерде, документтештирилбеген баалуу кагаздар күрөөнүн предмети катары колдонулса, анда банк аталган күрөөнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документацияга ээ болууга тийиш. Мында, банк, анын күрөө предметин өндүрүү боюнча талабы биринчи кезекте аткарылууга тийиш экендигин караштырууга тийиш. 

12. Күрөө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык таризделет. 

13. Күрөө жөнүндө келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөөгө коюлгандардын башка жакка күрөөгө коюлушуна жол берилбеши каралууга тийиш. 

14. Күрөө предметинин рыноктук наркы төмөндөгөн учурда, банк ушул Нускоонун талаптарына ылайык анын наркын жогорулатууну жана бул талаптын 10 жумуш күнүнүн ичинде аткарылышын камсыз кылууну дароо талап кылууга милдеттүү

15. Банк ушул Нускоонун 3 жана 4-главаларынын талаптарга ылайык, күрөөнүн ылайык келүүсүнө мониторинг жүргүзүү үчүн тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыгууга жана ички контролдукту жүзөгө ашырууга милдеттүү

16. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул нускоонун күрөөгө тиешелүү талаптары (күрөөнү каттоодон өткөрүү жол-жоболорун, күрөөгө карата тиешелүү түрдө тастыкталган тескөөчү ыйгарым укуктар боюнча документтердин болушу) аткарылбаса, анда бул талап бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөгү өзгөчө учурларга кирбейт. 

17. 3 жана 4- главанын талаптарына туура келбеген кредиттин үлүшү бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө ушул Нускоонун жалпы эрежелерине ылайык каралууга тийиш. 

 

5-глава. Концентрациялануу тобокелдигин чектөө боюнча талаптар 

 

18. Бир карыз алуучунун банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 10% ашкан чогуу алгандагы карызы олуттуу (ири) тобокелдик катары каралат. 

19. Банктын бардык олуттуу (ири) тобокелдиктеринин жалпы суммасы таза суммардык капиталдын беш эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

20. Ири тобокелдикти түзгөн ар бир талап банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин отурумунун протоколунда аны берүүнү жактыруу, ошондой эле Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы так көрсөтүлүшү зарыл. 

21. Ири тобокелдикти аныктоого туура келсе же ошол абалы сакталып турса, ушул Нускоонун 20-пунктунун шарттары ошол карыз алуучуга карата кайсыл болбосун кошумча талаптардын катарына кирет. 

22. Бланктык кредиттердин чогуу алгандагы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50%ынан ашпоого тийиш. 

 

 

6-глава. Байланыштуу карыз алуучулар тобу 

 

23. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө, эгерде бир карыз алуучунун финансылык кыйынчылыктары башка жактарга төлөө көйгөйүн алып келиши мүмкүн болсо, анда ар кайсы карыз алуучулардын карызы суммаланып, байланыштуу бирдиктүү чогуу алгандагы карыз катары каралууга тийиш. 

24. Ушул Нускоонун максаттарында кредит/кредитти алмаштыруучулар жана/же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди (инвестиция, товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн алдын ала төлөөлөр ж.б. түрүндө) сунуштаган жактарды/жактардын тобу «карыз алуучу» катары берилет. 

25. Банк, өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралган талапты сактоо менен инвестициялоону жүзөгө ашырышы мүмкүн (анын ичинде кредиттерди/кредитти алмаштыруучуларды берүү, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди жайгаштыруу).  

26. Кредиттөөдө концентрациялануу тобокелдигин тескөө айрым карыз алуучулар ортосунда потенциалдуу байланышы болууга тийиш, анткени кредит алууда банк менен өз-өзүнчө иш алып барган эки (жана андан көп) карыз алуучу өз ара байланыштуу болгон бирдиктүү юридикалык жана экономикалык тобокелдикти шартташы мүмкүн. 

Өз ара байланыштуу карыз алуучуларды аныктоодо консолидацияланган отчетту сунуштаган жана/же сунуштоо болжолдонуп жаткан компаниялар тобун гана кароого алуу жетишсиз. Карыз алуучулардын байланыштуулугу/өз ара байланыштуулугу, мисалы, биргелешип ээлик кылуу, контролдоо же башкаруу сыяктууларды камтышы мүмкүн. Кайчылаш гарантиялар карыз алуучулардын өз ара байланыштуулугунун көрсөткүчү катары дагы кызмат кылышы мүмкүн.  

Банк өз иш тажрыйбасында карыз алуучуларга байланыштуу тобокелдиктерди аныктоо үчүн алардын кайсы болбосун маалыматты бурмалоосун жана/же сунуштабай койгондугун (карыз алуучулар ортосунда байланышты жашыруу максатында) аныктоо үчүн кылдат кароого алууга жана мүмкүн болушунча бардык күч-аракетин жумшоого тийиш. 

27. Атап айтканда, ар кандай карыз алуучулардын карызы суммаланууга тийиш, эгерде: 

- бир карыз алуучу башкасын контролдукка алса; 

- кредит юридикалык жакка да, ушул юридикалык жактын катышуучусуна/уюштуруучусуна да берилсе; 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары контролдоочу жак же олуттуу катышуучу болгон учурларды эске албаганда, алар эң аз дегенде бир контролдоочу жакка же олуттуу катышуучуга ээ болсо;  

- бир нече карыз алуучулар ортосунда олуттуу финансылык өз ара көз карандылык орун алса. Өз ара кызматташтык жөнүндө макулдашууну кошо алганда, олуттуу түрдө финансылык өз ара көз карандылык, эреже катары, эгерде, бир карыз алуучунун жылдык дүң кирешесинин/чыгашасынын 50 же андан көп пайызы же келип түшкөн башка каражаттары же төлөмдөрү башка карыз алуучулар менен бүтүмгө келишүүдөн улам келип чыккан учурда гана орун алат; 

- карыз алуучулар кредиттик каражаттарды жалпы ишканада же жалпы ишке катышуу үчүн пайдаланган же экөө тең бир эле төлөөнүн экинчилик булагын (күрөөгө) колдонгон жагдайды кошо алганда, кредитти төлөө үчүн бир эле булак пайдаланылат; 

- карыз алуучулардын бири экинчисинин милдеттенмесин гарантиялаган (кросс гарантия) же ошол эле үчүнчү жак эки карыз алуучунун тең гаранты болуп санала турган болсо; 

- бир же бир нече карыз алуучу тарабынан алынган каражаттар үчүнчү жактын (банк тарабынан бул үчүнчү жакка карата талап коюлганбы же коюлган эмеспи, ага карабастан) тике пайдасы үчүн колдонулса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тышкары, же бизнестин жүрүшүндө товарлар же кызмат көрсөтүүлөр сатылып алынган учурларды эсепке албаганда, каражаттар же ошол алынган каражаттарга сатылып алынган активдер үчүнчү жакка берилсе. 

- алар бир карыз алуучуга ээ, мында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы күрөө коюучу катары болуп саналган жагдайлар эске алынбайт. 

 

7-глава. Белгиленген чектөөлөргө ылайык келбей калган учурларда ушул Нускоонун талаптарын колдонуу тартиби 

 

28. Эгерде, бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банк ишинде тобокелдик келип чыккан учурунда ушул Нускоодо белгиленген чектөөлөрдү аткарууга мүмкүндүк берип, бирок кийинчерээк алардан ашса (мисалы, алмашуу курсу өзгөргөн учурда), анда банк бул факт тууралуу Улуттук банкка дароо билдирүүгө милдеттүү. Улуттук банк таасир этүү чараларын колдонуусуз эле, ошол ылайык келбеген шартты четтетүүгө боло турган белгилүү бир мезгил аралыгын белгилеши мүмкүн. 

 

8-глава. Отчеттуулук 

 

29. Банк туруктуу негизде маалымат базасын толуктап турууга жана байланыштуу карыз алуучулар тобун эсепке алуу журналын жүргүзүүгө милдеттүү, анда ар бир карыз алуучуга жана ал менен байланыштуу жакка карата бардык талаптар тууралуу маалымат камтылууга тийиш. 

30. Банк, банктык отчеттун алкагында ушул нускоонун 8-пунктунун талаптарына ылайык рейтингге ээ болгон бардык ири тобокелдиктер жана банк-корреспонденттер жөнүндө маалыматтарды Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

31. Ушул Нускоонун талаптарына дал келбей калуу учурлары келип чыккан шартта, банк Улуттук банкка алар жөнүндө ар бир айдын акыркы күнүн кошо алгандагы абал боюнча маалымат берет (1-тиркеме). 

 

9-глава. Башка талаптар 

 

32. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын кредит берүү боюнча коллегиалдуу органынын курамына кирген жана ушул Нускоонун талаптарын бузууга жол берүү менен кредиттин берилишин жактырган мүчөлөрү, банкка карыздардын ушул талап же операциялар боюнча кайтарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 

33. Эгерде, кредитти берүү же операцияларды жүргүзүү ушул Нускоонун талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылса жана анын натыйжасында банк жоготууга дуушар болгон болсо, анда банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын кредит берүү боюнча коллегиалдуу органынын курамына кирген, операцияны жактырган ар бир мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

 

 

 

1-тиркеме 

 

 

 

Ушул Нускоонун талаптарына ылайык келбей калган учурлар жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

 

  

Карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын аты 

Чогуу алгандагы карыздын отчеттук датага карата калдыгы (ЧК) (миң сом) 

Ченемден ашкан сумма, (миң сом) 

Келишим боюнча төлөө датасы 

Реструктуризациянын саны 

Классификация 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жалпы чогуу алгандыгы карыз 

  

  

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын мыйзамдын ченем түзүү техникасына тиешелүү талаптарына, анын ичинде документтин мамлекеттик жана расмий тилдердеги текстине шайкеш келиши жагында талаптарга ылайык келтирүү боюнча иштердин алкагында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунун алкагында Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө нускоого ченем түзүү талаптарына ылайык техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилген.  

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш. Ошондуктан Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) коомдук талкууга жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

2022-жылдын 21-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому №2022-П-02/81-6-(НПА) менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык, аларды юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү жагындагы жоболоруна ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес.