Кайта келүү

Долбоор  

 

 

 

 

«Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук  

каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кепилдик фонд» ААКты, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «____»________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

«Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»  

ЖОБО 

 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Жобонун талабы бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктарга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары - банктар) таркатылат. 

2. Кыргыз Республикасынын аймагында долбоордук каржылоону, анын ичинде ислам каржылоо принциптерине ылайык сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптарды аныктоо ушул Жобонун максаты болуп саналат. 

3. Долбоордук каржылоо долбоорлорду каржылоо формасы, мында каржыланган долбоорду ишке ашыруудан топтолгон акчалай түшүүлөрдүн жана кирешелердин агымдары карыздык милдеттенмелерди төлөөнүн негизги булагы болуп саналат.  

Долбоордук каржылоо бланктык кредиттерге кирбейт. 

4. Инвестициялык долбоорлордун масштабына жана мөөнөтүнө жараша кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү долбоордук каржылоо болуп бөлүнөт.  

Кыска мөөнөттүү долбоордук каржылоо долбоордун белгилүү бир баскычтарын ишке ашыруу үчүн 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.  

Узак мөөнөттүү долбоордук каржылоо масштабдуу ишке ашыруу үчүн 3 жылдан ашык мөөнөткө берилет. 

5. Долбоордук каржылоо кирешелүүлүк, мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, коопсуздук жана максаттуу мүнөздөгү каржылоо сыяктуу принциптерге негизделет.  

6. Банк, долбоордук каржылоону жүзөгө ашыруунун алкагында каржылоону долбоордун капиталына инвестициялоо же капитал түзүүгө багытталган кредит аркылуу берүүгө укуктуу.  

Долбоордун капиталына инвестициялоодо банк, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана банктын капиталга катышуу натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, башкаруу органдарынын деңгээлинде добуш берүү жана/же чечимдерди кабыл алуу укугу менен долбоордун күндөлүк ишин башкарууга активдүү катышууга тийиш.  

Коммерциялык банктардын туунду же көз каранды компанияларын түзүү жана/же сатып алуу эрежелеринде документтерди Улуттук банкка берүү жана банктын туунду жана/же көз каранды компанияларын түзүү жана/же сатып алуу боюнча Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатын алуу бөлүгүндө каралган талаптар капиталга инвестициялоо жолу менен долбоордук каржылоого таркатылбайт. 

Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер долбоордук каржылоону алуучу болууга укуктуу. 

7. Долбоордук каржылоо каржылануучу объекттин акциялары жана капиталга катышуу үлүшү менен камсыздалышы мүмкүн. 

8. Кайсы болбосун финансылык салымдарды жана берилген кредиттерди кошо алганда, ар бир долбоорго инвестициялардын өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын он пайызынан азыраагын түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын элүү пайызынан ашпоосу зарыл.  

Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктар үчүн банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын отуз пайызынан азыраагын түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын алтымыш пайызынан ашпоого тийиш. 

 

2. Банктын инвестициялык саясаты жана стратегиясы 

9. Долбоордук каржылоо банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, банктын инвестициялык саясатына, ошондой эле кредиттик стратегиясына жана саясатына ылайык жүзөгө ашырылат. 

10. Банк долбоорлордун түрүн өз алдынча аныктайт, инвестициялык ишин жүзөгө ашырууда инвестициялык портфель түзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын чегинде пайыздык чендерди белгилейт. 

11. Долбоордук каржылоо боюнча банк ишин камтыган инвестициялык саясат өзүнө кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- банк жетишүүнү пландаштырган максаттуу рыноктор жана алардын жалпы мүнөздөмөлөрү (анын ичинде диверсификация деңгээли, инвестициялык долбоордун сапатын баалоодо пландаштырылган көрсөткүчтөр ж.б.); 

- негизги каржылоо булактары (банк каржылоо булактарын, долбоордук каржылоону кайсы каражат эсебинен жүзөгө ашыруу пландаштырып жатканын көрсөтүүсү зарыл); 

- кыйыр-валюта тобокелдигине талдоо жүргүзүү жөнүндө талап; 

- инвестициялардын үлүшүнүн банктын активдерине карата катышы; 

- рыноктук шарттар жана банктын финансылык абалы, ошондой эле анын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү

- күтүлүп жаткан пайда; 

- кредиттик тобокелдикке дуушар болгон, активдердин кайтарылышына байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон чыгымдар; 

- банктын кыска мөөнөттүү/орто мөөнөттүү/узак мөөнөттүү пландары; 

- инвестициялык портфелге талдоо жүргүзүү жөнүндө талап. Банкта инвестициялык долбоорлорду коштоп жүргөн тобокелдиктерди баалоого өбөлгө түзгөн мындай талдоо жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу документтер болууга тийиш; 

- экономикалык ченемдердин жана банктын көрсөткүчтөрүнүн сакталышы боюнча маалымат; 

- банктын уюштуруу түзүмү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана банктын долбоордук каржылоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга жооптуу персоналынын жана жетекчилигинин потенциалы (квалификациясы, штаттык саны).  

12. Инвестициялык стратегия банктын Бизнес планына өзүнчө/кошумча бөлүк менен камтылууга тийиш. 

13. Инвестициялык саясатта долбоордук каржылоого катышуу боюнча бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш: 

Жалпы жоболор, анын ичинде: 

- долбоордун потенциалдуу катышуучуларынын саны; 

- каржылоо максаттарына жана башка шарттарга жараша долбоордук каржылоонун түрү

- каржылоо лимиттери; 

- каржылоо мөөнөттөрү

- долбоордун катышуучусунун төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо критерийлери; 

- пайыздык чендер жана аларды белгилөө ыкмалары; 

- долбоордун катышуучусунун финансылык маалыматына карата талаптар; 

- географиялык чектөөлөр; 

- каржылоо валютасы; 

- камсыздоонун наркын жана алгылыктуулугун, анын ичинде күрөө предмети долбоордун капиталдагы үлүшү болуп саналса, тобокелдиктерди баалоо критерийлери; 

- долбоордук каржылоого катышуу жол-жобосунун сакталышын контролдоо; 

- банк тарабынан долбоордук каржылоонун камсыздоосу катары гарантиялардын колдонулушу боюнча талаптар; 

- долбоордук каржылоого катышуу үлүшүнүн активдерге карата катышы; 

- кредит портфелиндеги ар бир инвестициялык долбоордун салыштырма салмагы; 

- жана башкалар. 

14. Банктын Директорлор кеңеши ушул Жобонун 8-пунктун эске алуу менен долбоордук каржылоону жүзөгө ашыруусуна банктын катышуусунун алгылыктуу деңгээлин бекитүүгө, ар бир инвестициялык долбоор үчүн лимиттер системасын, кредиттик каражаттарды башкаруу инструменттерин жана жол-жоболорун, инвестициялык долбоорлордун ички аудит системасын белгилөөгө тийиш.  

15. Банк Башкармасы банктын инвестициялык саясатынын жана стратегиясынын аткарылышына жоопкерчиликтүү болот, ал үчүн Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды банк ишинде колдонууга милдеттүү.  

 

3. Банктардын долбоордук каржылоо боюнча ишин уюштуруу 

16. Долбоордук каржылоону уюштуруу банк ушул Жободо каралган шарттарда долбоорду каржылоого билдирмени алган учурдан тартып башталат.  

17. Банкта долбоордук каржылоону уюштуруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган долбоорду каржылоого билдирмени кароо тартиби белгиленүүгө, ошондой эле сунушталган долбоорго карата минималдуу талаптар белгиленүүгө тийиш. 

18. Банк долбоордун акчалай агымдарына талдоо жүргүзүү жана долбоорду каржылоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн билдирме ээсинен аз дегенде төмөнкү документтерди кагаз жүзүндө же электрондук формада суроого тийиш:  

1) каржылоо үчүн толтурулган билдирме: ишинин түрү, жүгүртүү каражаттарынын өлчөмү, валюталар боюнча киреше (тапкан акча) түзүмүн (чет өлкө валютасында каржылоодо), долбоорду ишке ашыруу планын жана эгер бар болсо, негизги бизнес-өнөктөштөрү ж.б.; 

2) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жана эгерде мыйзам талаптарына ылайык нотариалдык күбөлөндүрүүгө мүмкүн болбосо, юридикалык жактын мөөрү жана жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде билдирме ээси юридикалык жак); 

3) кеминде төмөнкү маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү менен бизнес-план: 

- долбоордун максаты жана милдеттери; 

- долбоорду ишке ашыруунун техникалык жана экономикалык жолун сүрөттөө

- долбоорду ишке ашыруунун жалпы пландаштырылган наркы; 

өздүк каражаттарды (өздүк капиталды) бөлүү менен каржылоонун пландаштырылган көлөмү, талап кылынган каржылоо өлчөмү, долбоор боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары жана бюджеттик каражаттары, эгер бар болсо; 

- долбоордук каржылоонун бүтүндөй мөөнөтүн камтууга тийиш болгон акчалай түшүүлөрдүн болжолу жана долбоорду ишке ашыруу мезгилиндеги пайданын пландаштырылган өлчөмү

- инвестициялык долбоордун негизги окуяларын жана тиешелүү иш-чаралардын ишке ашырылышына жооп берген адамдарды көрсөтүү менен долбоорду ишке ашыруунун жылдар боюнча план-графиги (аралык мезгилдер атайын контракт менен каралышы мүмкүн); 

- долбоорду ишке ашыруу тобокелдиктерин, анын ичинде долбоордун ишке ашырылышына терс таасирин тийгизүүчү макроэкономикалык, демографиялык, саясий, географиялык факторлорду талдоо, инвестициялык долбоордун өзгөрүлмөлүүлүгүн, кошумча перспективаларын, келечекте кеңейтүү жана масштабын чоңойтуу мүмкүнчүлүктөрүн талдоо; 

4)  арыз ээсинин акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету (бар болсо). Эгерде арыз ээси юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, анда финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл.  

5) гарантты (кепилдик берүүчүнү) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер), гарантиялардын (кепилдиктин) суммалары ж.б. (эгерде катышуучулар гарантия (кепилдик) берилишин талап кылышса), ошондой эле гаранттын финансылык отчету (эгерде гарант юридикалык жак болсо) зарылчылыгына жараша); 

6) юридикалык жактын/жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн тастыкталган көчүрмөсү;  

7) юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрүнүн) электрондук маалымат базасында сакталган, долбоордук каржылоонун катышуучусу жөнүндө маалыматтар; 

8) күрөөгө коюлуучу мүлктүн тизмеги, булардын түрлөрү күрөө жөнүндө келишимде, кийинчерээк аны түзүүдө көрсөтүлүүгө тийиш, ошондой эле ээлик кылуу укугун (эгерде кыймылдуу/кыймылсыз мүлк), пайдалануу укугун тастыктаган документтер жана банктын ички документтерине ылайык башка документтер; 

9) банкка зарыл болгон, анын ичинде долбоорду баалоо үчүн башка документтер (контракттар, макулдашуулар, сунуштама каттар, мамлекеттик ресстрлердин көчүрмөсү, кредиттик бюродон маалымат ж.б), булар электрондук документ формасында же кагаз жүзүндө берилиши мүмкүн.  

19. Долбоорду талдоодо сарптоолор жана кирешелер долбоордун катышуучулары ортосунда тобокелдиктин бөлүштүрүлүшүн эске алуу менен бааланат.  

20. Банк долбоорду каржылоо же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн корутунду түзөт, анда долбоорду каржылоонун максатка ылайыктуулугу же арыз ээсине долбоорду каржылоодон баш тартуунун себептери көрсөтүлөт. 

21. Банк келишимде белгиленген шарттардын аткарылышын жана/же долбоордун белгилүү бир баскычтарын ишке ашырууну талап кылуу менен долбоорлорду каржылоону кредиттик линия түрүндө жүзөгө ашырууга укугу бар.  

22. Банк камсыздоосу жетишсиз болгон долбоорлорду төмөнкү шарттарда каржылай алат: 

- арыз ээсинин каржылануучу долбоор боюнча иш тажрыйбасынын болушунда, ошондой эле анын тармак боюнча ишкердик аброюн жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен; 

- арыз ээсинин каржылануучу долбоордун наркынын 10%нан кем эмес баштапкы төгүмүнүн болушунда. 

Мында банк инвестициялык долбоордун келечегин, ошондой эле долбоорду ишке ашырууда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди баалоого тийиш. Мындан тышкары, банк капиталы жетишсиз долбоорлорду каржылоо боюнча ички лимиттерди белгилөөгө тийиш. 

23. Долбоордук каржылоо боюнча документтер негизги шарттарды (каржылоо наркы, каржылоо мөөнөтү, акчаны колдонуу мөөнөтү, кайтарып берүү, гарантиялар, тараптар милдеттенмелерин талапка ылайык аткарбаган учурларда көрүлгөн чаралар жана башкалар) белгилеген келишимди камтыйт.  

 

4. Долбоордук каржылоо мониторинги 

24. Банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык долбоордук каржылоону ишке ашырууга байланыштуу тобокелдиктерди үзгүлтүксүз аныктоонун, баалоонун, мониторингдин жана контролдоонун комплекстүү системасын камсыз кылуусу зарыл. 

25. Банк каржылоо каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүгө тийиш. 

26. Банк каржыланган субъектин финансылык абалын, долбоорду ишке ашыруунун алкагында акчалай агымдарды, долбоордун рентабелдүүлүгүн жана башка параметрлерди кошо алганда, инвестициялык долбоорлорго кеминде айына бир жолу комплекстүү мониторинг жүргүзүп турат.  

27. Долбоорлорго мониторинг жүргүзүү процессинде банк финансылык көрсөткүчтөрдү долбоордун пландык көрсөткүчтөрү менен салыштыруусу жана четтөөлөр катталган учурда себебин аныктоосу зарыл. 

28. Банк топтолгон маалыматтардын негизинде тобокелдиктерге жана өзгөрүлмөлүүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө жана долбоордун ишин оптималдаштыруу/корректировкалоо боюнча чараларды колдонууга тийиш.  

29. Инвестициялык портфель банктын тобокелдик менеджменти боюнча өзүнчө бөлүмү/башкармалыгы же каржылоо процессине көз каранды болбогон тобокелдик-менеджери тарабынан көз карандысыз бааланууга тийиш. Көз карандысыз баалоонун натыйжасы жана тобокелдикти төмөндөтүү жана резервдердин жеткиликтүү деңгээлин түзүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр банк Башкармасына айына кеминде бир жолу жана банктын Директорлор кеңешине чейрек ичинде кеминде бир жолу берилип турууга тийиш. 

30. Директорлор кеңеши мезгил-мезгили менен бирок чейрек ичинде кеминде бир жолу банк тарабынан каржыланган долбоорлорду, долбоордук каржылоонун катышуучуларынын финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрүн карап турат жана зарыл учурда, тобокелдикти төмөндөтүү боюнча тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөрдү берет жана чечимдерди чыгарат.  

 

5. Долбоордук каржылоонун алкагында сунушталган кредиттерди классификациялоо 

31. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун өз убагында жабуу үчүн, ошондой эле реалдуу финансылык абалын жана долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун аныктоо максатында, банктар долбоордук каржылоонун алкагында сунушталуучу өз активдеринин сапатын үзгүлтүксүз баалоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв түзүүгө милдеттүү болушат.  

32. Классификациялоо категорияларынын аныктамалары ар кандай чечмелениши ыктымал болгондугуна байланыштуу сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөр киргизилет. Эки же андан ашык белгилердин жыйындысы, эгерде ушул Жободо башкасы белгиленбесе, классификациялоо категориясын аныктайт.  

33. Ушул Жобого ылайык активдердин сапатын баалоо жана алардын классификациясы долбоордук каржылоонун алкагында берилген банктын активдерине таркатылат. 

34. Банктар долбоордук каржылоонун алкагында берилген активдерди төмөнкү учурларда «нормалдуу активдер» катары карай алышат:  

1) эгерде активдин өлчөмүнүн кеминде 50 пайызын түзгөн актив Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен берилген кепилдик менен камсыздалган болсо; 

2) эгерде актив Кепилдик фонддун кепилдиги менен камсыздалган болсо. Мында банк төмөнкү шарттардын бардыгын бир мезгилде сактоого тийиш:  

- Кепилдик фонддун активдеринин 50 пайыздан ашыгы кепилдик берүү күнүнө карата тобокелдиксиз актив болуп саналат;  

- Кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган активдердин көлөмү кепилдик фондунун жогорку ликвиддүү активдеринин суммасынан эки эседен ашпоого тийиш. 

Ушул пункттун максаттары үчүн «тобокелдиксиз активдер» деп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздарын, ошондой эле төмөнкү шарттарга жооп берген банктарда жайгаштырылган мөөнөттүү депозиттерди түшүнүү зарыл:  

- мамлекеттик катышуунун олуттуу үлүшүнүн жана/же Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын катышуу үлүшүнүн болушу;  

- улуттук жана/же чет өлкө валютасында жүргүзүлө турган банктык операциялардын уруксат берилген тизмесине чектөөлөрдүн жоктугу;  

- экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоо;  

- киргизилген атайын режимдердин жоктугу;  

3) эгерде актив күрөө менен камсыздалса, ал каржылоонун негизги суммасын жана пайыздык чендин суммасын толугу менен жапса; 

4) эгерде актив мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) макулдашуулардын алкагында түзүлгөн Өнүктүрүү фондунун (мындан ары өнүктүрүү фонду) каражаттарынын эсебинен берилген болсо; 

5) эгерде актив өнүктүрүү фонду тарабынан берилген гарантия менен кепилденген болсо жана ал коммерциялык банкта жайгаштырылган өнүктүрүү фондунун акча каражаттары менен камсыздалып, ошол эле учурда төмөнкү шарттар сакталса: 

өнүктүрүү фонду тарабынан кепилдик берилген кредиттердин көлөмү өнүктүрүү фонддун коммерциялык банкта жайгаштырылган акча каражаттарынын калдыгынан эки эсесинен ашпоого тийиш;  

- өнүктүрүү фонду менен банктын ортосундагы гарантиялык келишимде өнүктүрүү фонддун гарантиялары менен кепилденген милдеттенмелер боюнча банктын алдында келип чыккан мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр боюнча акча каражаттарын өнүктүрүү фонддун банкта ачылган жана тейленген учурдагы эсептеринен 5 (беш) жумуш күнү ичинде акцептсиз тартипте эсептен чыгаруу укугу каралышы керек;  

өнүктүрүү фондунун банктагы күндөлүк эсептердеги акча каражаттарынын минималдуу калдыгы жалпы берилген каржылоо толук ишке ашырылганга чейин өнүктүрүү фонддун гарантиясы менен берилген банктын кредиттеринин баланстык наркынын 50 пайызынан кем эмес деңгээлде сакталууга тийиш

өнүктүрүү фонддун гарантиясы менен кепилденген, банк алдында келип чыккан милдеттенмелер боюнча өнүктүрүү фондунун акча каражаттары акцептсиз тартипте эсептен чыгарылган учурда өнүктүрүү фонд банктагы күндөлүк эсебин кеминде эсептен чыгарылган каражаттардын суммасына 3 жумуш күнү ичинде толуктоого тийиш; 

35. Төмөнкү белгилер пайда болгон учурда, банктар 15% өлчөмдө резерв түзүү менен активдерди «байкоо алдындагы активдерге» классификациялоого тийиш; 

- активди камсыздоонун толук жок болушу же актив берилүүчү кредиттин өлчөмүнүн 50 пайызынан аз камсыздалган болсо; 

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча кайтарып берүүнү кечиктирүү 30 (отуз) күндөн ашпаса; 

- документтердин толук эместигинен же баалоо эксперттеринин жок болушунан улам, каражаттардын максаттуу колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана контролдоо, анын ичинде сатып алуулардын жана берүүлөрдүн ишке ашырылышын контролдоо мүмкүн эмес болсо; 

- камсыздоонун ликвиддүүлүгүнүн төмөндөөсү (баанын төмөндөөсү, валюта курсунун түшүүсү) же гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлоо тенденциясы орун алса (эгерде актив гарантия/кепилдик менен камсыздалса);  

- кардардын финансылык абалынын начарлоо тенденциясы орун алса, финансылык көрсөткүчтөрдү долбоордун пландык көрсөткүчтөрүнөн четтесе; 

- активди кайтарууга таасирин тийгизе турган рыноктук шарттардын өзгөрүүсү

36. Төмөнкү белгилер орун алган шартта банктар 25% өлчөмүндө резерв түзүү менен активди «субстандарттуу» катары классификциялоого тийиш: 

- пландык төлөмдөр боюнча 30 күндөн 90 күнгө чейин мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз; 

- карызды төлөө үчүн акча агымдарынын жетишсиздиги; 

- карыз алуучунун ушул банкта жана/же башка финансы-кредит уюмунда кайсы болбосун кредит боюнча негизги сумма жана/же пайыздары боюнча 30 күндөн ашык мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо; 

- «байкоо алдындагы актив» белгисине ээ активди кайра реструктуризациялоодо; 

37. Кепилдик/гарантия менен толук камсыздалган активди төлөө мөөнөтү 60 күнгө кечиктирилген шартта, «субстандарттуу» (25% өлчөмүндө резерв түзүү менен) катары классификациялоо зарыл. 

38. Төмөнкү белгилер орун алган шартта, банктар 50% өлчөмүндө резерв түзүү менен активди «шектүү» катары классификациялоого тийиш: 

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча 90 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз; 

- кардардын финансылык абалынын олуттуу начарлоосу (же кардар банкротко учуроо чегинде турат), инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун пландаштырылган графиктен четтөөсү

- инвестициялык долбоордун алкагында кредит алган кардардын кепилдик берүүчүсүнүн/гарантынын жана/же контрагентинин финансылык абалынын начарлоосу;  

- карызды төлөөнүн күрөөнү сатып өткөрүүдөн же кепилдик берүүчүнүн/гаранттын каражат эсебинен көз карандылыгы; 

- «субстандарттуу актив» белгисине ээ активди кайрадан реструктуризациялоо. 

39. Кепилдик/гарантия менен толук камсыздалган активди төлөө мөөнөтү 90 күнгө кечиктирилген учурда «шектүү» катары (50% өлчөмүндө резерв түзүү менен) классификациялоо зарыл. 

40. Актив төлөө мөөнөтү 180 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилген учурда «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш, бул учурда мындай активдин сапаттык белгилери анын классификациясында колдонулбайт.  

 

6. Долбоордук каржылоо боюнча капиталга  

инвестициялардын классификациясы 

41. Компаниянын капиталына инвестициялар «cубстандарттык» катары классификацияланат жана 25% өлчөмүндө резерв түзүлөт.   

42. Банктар долбоордук каржылоого инвестицияларды төмөнкү шарттар аткарылган учурда «нормалдуу» катары классификациялай алышат:  

- компания ишин кеминде 4 (төрт) жылдан бери жүзөгө ашыруусу;  

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчет менен тастыкталган, көз карандысыз аудитордук уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн (эгерде арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар жылдык аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо) туруктуу финансылык абалга ээ болуусу жана аралык финансылык отчеттун (эгерде арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык берүүгө тийиш болсо) жана алгылыктуу финансылык узак мөөнөттүү өнүгүү келечегинин болуусу;  

- долбоорду ишке ашыруу жагында тиешелүү тажрыйбасы бар жана долбоордун рентабелдүүлүгүн/кирешелүүлүгүн кылдат талдоо натыйжасы менен тастыкталган, алардын алгылыктуу деңгээлде толук ишке ашырылгандыгы тууралуу маалыматтын болушу; 

- каражаттардын максаттуу колдонулушу үчүн комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана контролдоо, анын ичинде сатып алуулардын жана берүүлөрдүн жүргүзүлүшүн ар айлык негизде контролдоо; 

- инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын, рентабелдүүлүгүн, өзүн-өзү актай алышын жана башка параметрлерин талдоо;  

- инвестициялык долбоорду башкарууга катышуу; 

- финансылык көрсөткүчтөрдү инвестициялык долбоордогу көрсөткүчтөр менен талдоо. 

43. Банктар активдерин инвестициялашкан компанияны төлөөгө жөндөмсүз деп жарыялаган учурда, мындай инвестициялар «жоготуулар» катары классификацияланууга тийиш. 

44. Компаниянын капиталына инвестициялар боюнча РППУ банкттын ошол компаниядагы инвестицияларынын жалпы өлчөмүнө карата түзүлүүгө тийиш. 

7. Долбоордук каржылоо боюнча активди классификациялоого кошумча талаптар 

45. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун талаптары банктарга ушул Жобого каршы келбеген бөлүктөрү боюнча колдонулат. 

46. Банк менен банктык көзөмөл инспекторлорунун ортосунда активди тиги же бул категорияга кошуу маселеси боюнча пикир келишпестиктердин орун алышында, тиешелүү талдоолорду жана классификациялоонун тууралыгынын далилдерин берүү банктын милдеттенмесине кирет.  

47. Ушул Жобонун талаптары сакталбаган, же так эмес жана/же толук эмес маалымат берилген учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банкка карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) инвестициялык долбоорлорду каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле долбоорлорду каржылоодо банктын кредиттик тобокелдиктерин натыйжалуу тескөө максатында иштелип чыкты.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Сунушталган токтом долбоорунун алкагында стартаптарды кредиттөө үчүн коммерциялык банктар тарабынан каржылоону сунуштоонун концептуалдуу жаңы механизмин киргизүү каралууда. Алсак, документте долбоордук каржылоонун аныктамасы, коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону жүзөгө ашыруу боюнча критерийлер, тартиптер жана талаптар камтылган. 

Долбоордук каржылоо боюнча токтомдун долбоору иштеп жаткан ишкердик субъекттери үчүн да, жаңыдан баштаган стартаптар үчүн да ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. 

Бул инструменттин алкагында коммерциялык банктарга долбоордун катышуучуларынын ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү жолу менен долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгү берилет. Долбоорго банктар, өнүктүрүү фонддору, Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешине караштуу долбоордук кеңсе (мындан ары долбоордук кеңсе), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу финансылык кредиттик фонд, «Кепилдик фонд» ААК жана башкалар катыша алышат. 

Потенциалдуу долбоорлор үчүн критерийлер, ошондой эле каржылоо зарыл болгон артыкчылыктуу багыттар Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңеши тарабынан аныкталат. 

Ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту камсыз кылуу үчүн механизмге долбоорлорду алгачкы талдоону, долбоордук кеңсе тарабынан бизнес-пландарды иштеп чыгууну жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү киргизүү сунушталат. Мындан тышкары, долбоордун түзүмүн көрсөтүү, ошондой эле долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү зарыл. 

Долбоордук кеңсенин корутундусунун негизинде долбоорлордун реестри түзүлөт, алар каржылоо үчүн банктарга жана өнүктүрүү фонддоруна сунушталат. Ошентип, каржылоо үчүн эң ылайыктуу жана талданган долбоорлор даярдалат. 

Долбоорлорду камсыз кылуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы финансы-кредиттик фонд, ошондой эле «Кепилдик фонд» ААК тарабынан кепилдик берүүчү куралдарды колдонсо болот. 

Сунушталган долбоордун алкагында иштеп жаткан ишкердик субъекттери да, жаңыдан баштаган стартаптар да тандалып алынышы мүмкүн. 

Коммерциялык банктар долбоорлорго жараша түздөн-түз каржылоо же/жана ишкердик субъекттерин капиталга тартуу жолу менен долбоорлорду каржылоого катыша алышат. Долбоордун капиталына инвестициялоодо банк добуш берүү укугу менен долбоордун учурдагы ишин башкарууга жана/же долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана банктын капиталга катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, башкаруу органынын деңгээлинде чечим кабыл алууга катышуусу зарыл. 

Долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, токтом долбоорунда «баштапкы капиталы» жетишсиз долбоорлорду төмөнкү шарттарда каржылоо сунушталат: 

- кайрулуучунун каржылануучу долбоор боюнча иш тажрыйбасы, ошондой эле кайрылуучунун тармактагы ишкердик аброю жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун кепилдигин камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү болгон учурда; 

- кайрылуучунун баштапкы төгүмү болгон учурда - каржылануучу долбоордун наркынын 10%нан кем эмес. 

Мындан тышкары, токтомдун долбоорунда кредиттик тобокелдикти төмөндөтүү максатында банктын инвестициялык саясатына, банктын ишин уюштурууга, инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүүгө жана долбоордук каржылоону классификациялоонун критерийлерине карата минималдуу талаптар каралган. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Токтом долбоору боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат   

Сунушталган токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн. 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

____________________________ 

(кызматы) 

  

  

____________________________ 

(кол тамгасы) 

  

  

20___ -жылдын «___» ______ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы № 2022-Пр-121/225-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъектилеринин ишин жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

______________ __________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын начальниги Э.М. Жапарова 

 

________ 

 

Жумушчу топ: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү  начальниги М.Б. Исаев 

________ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармылыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги И.А. Иманходжаев 

________ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги Э.А. Сарыажиев  

________ 

«Халык банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун юридика башкармалыгынын башкы адиси Ч.А. Биялиева 

 

________ 

«Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомунун юридика башкармалыгынын начальниги Д.М. Мамырбаева 

 

________ 

«М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ички Шариат көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчеси А.А. Жораев 

 

________ 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

Н.А. Ипасова, 31 28 81, nipasova@nbkr.kg 

(аты-жөнү, тел., e-mail) 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар кредиттерди берүүдө салттуу ыкма менен кредит берүү механизмдерине жана тартиптерине таянат. Ошол эле учурда, рынокто стартаптар баштаган ири, кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү долбоорлорду колдоого жана каржылоону камсыз кылууга багытталган финансылык инструменттер же өнүмдөр сунушталбайт. 

Ушуга байланыштуу, инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана кеңейтүү үчүн Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомунун долбоору (мындан ары токтом долбоору) иштелип чыккан. 

Долбоордук каржылоо, каржылоо үчүн сунушталган долбоордун алкагында пайда болгон акча агымдары карызды тейлөөнүн негизги булагы болуп саналаарын жана көпчүлүк учурда камсыздоонун кандайдыр бир түрү менен камсыз болушу мүмкүн эместигин эске алганда, бул инструмент коммерциялык банктар үчүн кыйла жогорку кредиттик тобокелдиктерге ээ. 

Ошентип, токтом долбоору менен тобокелдиктерди башкаруу жана аларды минималдаштыруу үчүн долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча талаптар сунушталат. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Каралып жаткан маселенин масштабдарына коммерциялык банктардын иши, атап айтканда, долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча иштер таасир этет. Долбоордук каржылоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен банктарга банктын ишин уюштуруу жана инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүү боюнча инвестициялык саясатка карата минималдуу талаптар жана долбоордук каржылоодо активдерди классификациялоо үчүн критерийлер сунушталат.  

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Белгилүү болгондой, долбоорду каржылоонун ийгилиги долбоор дуушар болушу мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди жана долбоорду ишке ашыруунун бардык этабын кылдаттык менен талдоого негизделет. 

Тобокелдик долбоорду каржылоо чөйрөсүндө чечүүчү фактор болуп саналат, анкени ал долбоордун чыгымдарын жабуу, кредиторлор алдындагы карызды тейлөө мүмкүнчүлүгү өзгөрүшүнө таасир берет. Ошондой эле тобокелдиктер акча агымдарына таасирин тийгизет, эгерде тобокелдиктер алдын ала аныкталбаса жана кылдат бааланбаса, бул сунушталган кредиттик каражаттарды кайтарууда кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Эгерде кредиторлорго төлөө үчүн акча каражаты жетишсиз болсо, долбоор техникалык жактан дефолт абалында болот. 

Улуттук банктын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларында кредиттер боюнча кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча талаптар каралган. Мында долбоордук каржылоо тобокелдикти баалоонун өзгөчө ыкмасын жана баалоо ыкмасын талап кылган айырмалоочу белгилерди камтыйт. 

Ушуга байланыштуу, тобокелдикти минималдаштыруу максатында, токтом долбоору менен коммерциялык банктар үчүн долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча талаптарды белгилөө сунушталат. 

Коммерциялык банктар долбоорлорго жараша түздөн-түз каржылоо же/жана ишкердик субъекттеринин капиталга катышуу жолу менен долбоорлорду каржылоого катыша алышат. Долбоордун капиталына инвестициялоодо банк добуш берүү укугу менен долбоордун учурдагы ишин башкарууга жана/же долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана банктын капиталга катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, башкаруу органынын деңгээлинде чечим кабыл алууга катышуусу зарыл. 

Юридикалык жактар карыз алуучу болуп эсептелген салттуу банктык кредиттөөдөн айырмаланып, долбоордук каржылоонун кайтарымдуулугу долбоорду ишке ашыруудан келип чыккан финансылык агымдардын негизинде түзүлөт. Көпчүлүк учурда каржылоонун бул түрү жетиштүү деңгээлде камсыздалбайт. 

Ушуга байланыштуу, аталган токтом долбоорунун алкагында банктарга долбоордун катышуучуларынын ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү жолу менен долбоорлорду каржылоого мүмкүнчүлүк берилет. Долбоорго банктар, өнүктүрүү фонддору, Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин алдындагы долбоордук кеңсе, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу финансы-кредиттик фонд, «Кепилдик фонд» ААК жана башкалар катыша алышат. 

Долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, токтом долбоору менен «баштапкы капиталы» жетишсиз долбоорлорду төмөнкү шарттарда каржылоо сунушталды: 

- каржылануучу долбоор чөйрөсүндө кайрылуучунун иш тажрыйбасы, ошондой эле кайрылуучунун тармактагы ишкердик аброю жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун кепилдигин камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү болгондо; 

- кайрылуучунун баштапкы төгүмү болгон учурда - каржылануучу долбоордун наркынын 10%нан кем эмес. 

Мындан тышкары, токтомдун долбоорунда кредиттик тобокелдикти төмөндөтүү максатында, банктын инвестициялык саясатына, банктын ишин уюштурууга жана инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жана долбоордук каржылоону классификациялоо критерийлери каралган. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Эл аралык тажрыйбада долбоорду каржылоо көбүнчө долбоордун ар кандай этаптарын каржылоону камтыган ири өнөр жай же инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат. Мисалы, курулуш учурунда-кошумча транспорт системасын же электр энергиясын өндүрүү боюнча объектти куруу. Ушул сыяктуу долбоорлор олуттуу баштапкы капиталды талап кылат жана курулуш этабы аяктаганга чейин киреше алып келбейт. Алар ошондой эле салыштырмалуу жогорку тобокелдикке ээ, анткени курулуш баскычында күтүлбөгөн көйгөйлөр долбоордун иштебей калышына алып келиши мүмкүн. Долбоорду каржылоо мындай демилгелер үчүн жакшы иштейт, анткени ал баштапкы чыгымдарды жабуу үчүн бир топ суммадагы акча каражаттарына мүмкүнчүлүк берет. Көптөгөн өлкөлөр мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде долбоордук каржылоону колдонушат. 

Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуштары боюнча кредиттик тобокелдиктерди жөнгө салуу бөлүгүндө кредиттик тобокелдикке стандартташтырылган ыкманы колдонот. Банктар пруденциалдык ченемдерди эсептөө жана күтүлгөн чыгымдарды жабуу үчүн рейтинг агенттиктеринин кредиттик рейтингинин негизинде резерв түзүшөт. 

- Россия Федерациясы: Россияда кредиттик операциялар банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдар, Россия Федерациясынын Граждандык кодекси, ошондой эле Россия Банкынын ченемдик талаптары менен жөнгө салынат. 

Кредиттик тобокелдикти баалоо жагынан Россия Базель III стандартынын алкагында стандартташтырылган ыкманы колдонот, ал эми айрым банктар Россия банкынын уруксаты менен ички рейтингдин негизинде тобокелдикти баалоону колдонушат.  

- Казакстан Республикасы: Казакстанда долбоордук каржылоо 2006-жылдын 20-февралындагы Казакстан Республикасынын «Долбоордук каржылоо жана секьюритизация жөнүндө» мыйзамы менен жөнгө салынат, анда долбоордук каржылоодо жана секьюритизациялоодо талап кылуу укугун жана мүлктүн укуктук режимин өткөрүп берүүнүн өзгөчөлүктөрү, атайын финансылык компаниянын укуктук абалы, ошондой эле синдикатталган каржылоонун укуктук негиздери жана шарттары аныкталган. 

2017-жылдан тартып Казакстан Базель III стандартынын алкагында кредиттик тобокелдикти баалоодо стандартташтырылган ыкманы колдонуп келет, ошондой эле күтүлгөн кредиттик чыгымдарга резерв түзүү бөлүгүндө финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты «Финансылык инструменттер» деп аталган 9-стандарты колдонулат. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ошондой эле коммерциялык банктардын ишиндеги тобокелдиктерди минималдаштыруу болуп саналат. 

5.2. 2022-жылдын 30-сентябрга карата банк секторунун өнүгүү тенденциялары. 

Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү жыл башынан 6,8 пайызга өсүү менен 194,2 млрд сомду түзгөн (2021-жылдын акырында  181,8 млрд сом), анын ичинде:  

Экономиканын сектору 

Кредит портфели 

Жылдын башынан бери өзгөрүүлөр 

өнөр жайы 

13,2 млрд сом 

4,5 пайызга азаюу менен 

айыл чарбасы 

37,6 млрд сом 

13,3 пайызга өсүү менен 

соода чөйрөсү 

52,3 млрд сом 

1,9 пайызга өсүү менен 

курулуш 

13,1 млрд сом 

3,5 пайызга азаюу менен 

ипотека 

22,7 млрд сом 

13,7 пайызга өсүү менен 

керектөө кредиттери 

29,9 млрд сом 

34,7 пайызга өсүү менен 

башка кредиттер 

25,5 млрд сом 

8,3 пайызга азаюу менен 

Банк системасынын кредит портфелиндеги классификацияланган кредиттердин үлүшү 12,8 пайызды же 24,8 млрд сомду түзгөн.  

Банк секторунун жалпы милдеттенмелеринин көлөмү жыл башынан 16,4 пайызга өсүү менен 360,2 млрд сомду түзгөн (2021-жылдын акырында  309,4 млрд сом).  

Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн колдонулган банк системасынын таза суммардык капиталынын көрсөткүчү жыл башынан бери 44,3 пайызга өсүү менен 75,6 млрд сомду (2021-жылдын акырында таза суммардык капитал  52,4 млрд сом) түзгөн. Банк секторунун капиталында чет өлкөнүн катышуусунун үлүшү банк секторунун төлөнгөн уставдык капиталынын 24,4 пайызын же 10,8 млрд сомду түзгөн (2021-жылдын акырында  29,2 пайыз же 10,8 млрд сом).  

Банк системасынын суммардык капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (12 пайыз ченеминде) 25,1 пайыз чегинде катталган (2021-жылдын акырында  22,2 пайыз), ал эми левераж коэффициенти (6 пайыз ченеминде) 17,5 пайызды түзгөн (2021-жылдын акырында  14,5 пайыз).  

Банк системасынын ликвиддүүлүк коэффициенти (45 пайыз ченеминде) 79,6 пайызды түзгөн (2021-жылдын акырында  71,3 пайыз).  

Банк секторунун активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) 6,2 пайызды (2021-жылдын акырында  1,2 пайыз), ал эми салынган капиталдын кирешелүүлүгү (ROЕ) 43,4 пайызды (2021-жылдын акырында  7,8 пайыз) түзгөн.  

Финансылык ортомчулуктун жалпы (активдер/ИДӨ) деңгээли 52,1 пайызды түзгөн (2021-жылдын акырына  49,9 пайыз).  

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунуш кылынган жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону берүүдө кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомунун долбоорун бекитүү болуп саналат. 

Токтом долбоорун кабыл алуу коммерциялык банктардын долбоордук каржылоону камсыз кылуудагы тобокелдиктерин минималдаштырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтет. Негизги жөнгө салуучу ченемдер болуп банктын инвестициялык саясатына талаптарды белгилөө, мониторингдин жүрүшүндө банктын ишин уюштуруу жана долбоордук каржылоону классификациялоо критерийлери саналат. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1 Жөнгө салуунун бул түрүнүн күтүлгөн эффективдүүлүгү банктын тобокелдигин төмөндөтүүгө, ошондой эле долбоорлорду каржылоодо банктын ички контролдоосун уюштурууга багытталган. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага таасири: токтомдун долбоору кредиттик ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду жана бизнес-идеяларды ишке ашырууга багытталган. Ушуга байланыштуу, сунушталып жаткан жөнгө салуу бизнеске жана бүтүндөй экономикага оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө

2) социалдык чөйрөгө таасири: чарба жүргүзүүчү субъекттердин өнүгүүсү экономиканын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизиши күтүлүүдө

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу, жалпысынан, долбоордук каржылоону камсыздоодо кредиттик тобокелдикти төмөндөтүүгө багытталган. 

Жобонун долбоору жаңы ченемдик укуктук акт экенин эске алуу менен, жөнгө салуу максатына жетүү үчүн ишке ашыруунун жүрүшүндө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынышы мүмкүн. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтомдун долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоор менен айрым ишкерлер үчүн айрым жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү үчүн Улуттук банктын расмий сайтында долбоорду каржылоо боюнча ченемдик укуктук актынын иштелип чыккандыгы тууралуу билдирмелер жайгаштырылган. Кызыктар тарабынан сунуштар жана сын-пикирлер берилген эмес. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздеп берүү 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде токтомдун долбоору кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш, анткени ал төмөнкү аспектилерди ишке ашырууну камсыз кылат: 

- иштеп жаткан ишкердик субъекттери, ошондой эле жаңыдан баштаган стартаптар үчүн кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү

- долбоордук каржылоону жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти минималдаштыруу. 

 

12. Тиркеме 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.