Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

мамлекеттик баалуу кагаздар маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. 2023-жылдын 1-августунан тартып коммерциялык банктар тарабынан мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялардын жалпы көлөмүн сактоонун мөөнөтү белгиленсин. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомун, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорун, «KG (КЕЙ-ЖИ) Төлөм тутумдарынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын __-____________ 

№ ________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым  

ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик баалуу кагаздар маселеси боюнча өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобонун: 

2-тиркемесинин: 

- 14. В. «Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет» бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. В БӨЛҮГҮ. УЛУТТУК БАНКТЫН ТАЛАПТАРЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

Белгилөө 

Ченемди эсептөө 

Айкын мааниси (%) 

Белгиленген маани 

Белгиленген мааниден четтөө  

Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

Бланктык кредиттер 

  

ТСКдан 50% жогору эмес 

 

ТСК 

Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

Чогуу алгандагы карыз  

 

ТСКдан 60% жогору эмес 

 

ТСК 

Банк эмес уюмдарга жалпы инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

Инвестициялардын көлөмү 

  

Өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын 60% төмөн 

 

Өздүк (жөнгө салуучу) капитал 

Банктык жайларга инвестициялардын максималдуу өлчөмү (негизги каражаттар) 

Инвестициялардын көлөмү 

  

төлөнгөн уставдык капитал өлчөмүнүн 100% жогору эмес 

 

Төлөнгөн уставдык капитал 

Башка мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестицияларынын максималдуу көлөмү 

Инвестициялардын көлөмү 

  

ТСКнын 100% жогору эмес  

 

ТСК 

Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын максималдуу өлчөмү 

Инвестициялардын көлөмү 

  

ТСКнын 50% жогору эмес 

 

ТСК 

Банктын ири тобокелдиктеринин жалпы өлчөмү 

Банктын ири тобокелдиктеринин жалпы суммасы 

 

ТСКнын беш эселик өлчөмүнөн  

100% жогору эмес 

 

ТСКнын беш эсептик өлчөмү 

Банктын мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

Инвестициялардын көлөмү 

 

Өздүк (регулятивдик) капиталдын 100% төмөн 

 

Өздүк (жөнгө салуучу) капитал 

». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-глава. «Жалпы жоболор» төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: 

«2-1. Аудит милдеттүү жана/же демилгеленген болушу мүмкүн. Демилгеленген аудит, аудит жүргүзгөн субъекттин чечими боюнча, ошондой эле аудиттин башка буйрутмачысынын талабы боюнча конкреттүү милдеттенмелерди, аудиттин мөөнөтүн жана көлөмүн эске алуу менен жүргүзүлөт.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-1-(БС) «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 7-пунктунун биринчи абзацындагы «төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн» деген сөздөр «аз дегенде төмөнкүлөр камтылууга тийиш» дегенге алмаштырылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Аффилирленген жана/же байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин аффилирленген жана байланыштуу жактардын банк алдында чогуу алгандагы карызы катары туюндурулган максималдуу өлчөмү, банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 60% ашпоого тийиш. 

Аффилирленген жана/же банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөөдө банктын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик баалуу кагаздарына инвестициялары алынып салынат.»; 

11-главада: 

- главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11-глава. Мамлекеттик баалуу кагаздарга, башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициянын көлөмү»; 

- глава төмөнкү мазмундагы 53-1 жана 54-1 пункттары менен толукталсын: 

«53-1. Банктын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик баалуу кагаздарына инвестицияларынын жалпы көлөмү банктын өздүк капиталынын 100% ашпоого тийиш. 

54-1. Банк баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн валюталардын курсунун өзгөрүүсү боюнча болжолдоолорду эске алууга жана ушул главада белгиленгенден төмөн болууга тийиш болгон ички максималдуу маанилерди караштыруусу зарыл. 

Валюталардын курсу өзгөрүшүнөн улам белгиленген маанинин өлчөмүнөн ашып кетсе, банк бузууга жол берилген датадан тартып бир ай ичинде айкын маанини белгиленген өлчөмгө чейин кыскартууга тийиш.». 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

мамлекеттик баалуу кагаздар маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик баалуу кагаздар маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) банк системасынын туруктуулугун сактоо максатында иштелип чыкты.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Сунушталып жаткан токтом долбоорунун алкагында аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар ​​менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөөгө өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар боюнча өзүнчө талапты белгилөө каралган. 

Аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо, банк ишинин ачык-айкындуулугун, операцияларды жүргүзүүдө калыстыкты камсыз кылуу, банктар үчүн жагымсыз натыйжаларга алып келиши мүмкүн болгон, байланыштуу тараптар менен операцияларды жүргүзүүдө келип чыккан кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо максатында белгиленген. 

Бүгүнкү күндө мамлекеттик баалуу кагаздар ликвиддүү инструменттер болуп саналат. Мында, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларда аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча алып салуу ченемдер каралган эмес. 

Ушуга байланыштуу, токтом долбоорунда аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөөдө мамлекеттик баалуу кагаздарды алып салуу сунушталат. 

Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин натыйжалуу банктык көзөмөлүнүн негизги принциптерине ылайык, көзөмөл органдары банктарга же банк системасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы шарттарга чара көрүүсү зарыл. Мамлекеттик баалуу кагаздардын ашыкча топтолушу жана ликвиддүүлүктүн ашыкча көбөйүшү банктын ишине дагы таасирин тийгизе турган капитал рыногуна чыгууну чектеши мүмкүн. 

Азыркы учурда айрым банктарда мамлекеттик баалуу кагаздарга салымдардын өсүшү байкалууда, ал кирешелүүлүктүн төмөндөшүнө, ошондой эле төлөө мөөнөтү боюнча активдердин жана милдеттенмелердин ажырымына таасирин тийгизет. Бул жагдайлар ликвиддүүлүк тобокелдигин жана банктардын рыноктук тобокелдигин жогорулатышы мүмкүн. 

Ушуга байланыштуу, банктардын туруктуулугун колдоо жана банк системасындагы системалуу тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн токтомдун долбоорунда банктын мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөө сунушталат. 

Токтомдун долбоорунда ошондой эле банктар тарабынан тышкы аудитти жана демилгеленген аудитти жүргүзүү талаптары боюнча тактоочу мүнөздөгү ченемдер камтылган. 

Мындан тышкары, токтомдун долбоорунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактарды баа түзүү саясатында көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери боюнча компоненттерди ачып берүүгө милдеттендирген императивдик ченемди киргизүү сунушталат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын түздөн-түз кызыкчылыгына тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Токтом долбоору коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына коомдук талкууга жайгаштырылат. 

  

5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат   

Сунушталган токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

____________________________ 

(кызматы) 

  

  

____________________________ 

(кол тамгасы) 

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик баалуу кагаздар маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы № 2022-Пр-121/225-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын банктык жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

______________ __________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын начальниги Э.М. Жапарова 

 

________ 

 

Жумушчу топ: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн  начальниги М.Б. Исаев 

________ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги И.А. Иманходжаев 

________ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги Э.А.Сарыажиев  

________ 

 

«Халык банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун Юридика башкармалыгынын башкы адиси Ч.А. Биялиева 

 

________ 

 

«Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомунун Юридика башкармалыгынын начальниги Д.М. Мамырбаева 

 

________ 

 

«М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун Ички шарият контролдоо бөлүмүнүн жетекчиси А.А. Жораев 

 

________ 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

Н.А. Ипасова, 31 28 81, nipasova@nbkr.kg 

(аты-жөнү, тел., e-mail) 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Мамлекеттик баалуу кагаздар мамлекеттик чыгашаларды каржылоодо, банк системасынын ликвиддүүлүгүн колдоодо, бүтүндөй экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Ошол эле учурда, акыл ченемдүү макроэкономикалык саясат туруктуу финансы жана банк системасынын негизи болуп саналат. Саясат кылдат иштелип чыкпаса, ар кандай тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн, алар бүтүндөй финансы системасынын туруктуулугуна таасирин тийгизиши ыктымал. Алсак, ири өлчөмдөгү мамлекеттик карыз жана чыгашалар, ошондой эле ликвиддүүлүктүн кыйла жетишсиздиги же ашыкча ликвиддүүлүк буга мисал боло алат. 

Ушуга байланыштуу, концентрациялануу тобокелдигин төмөндөтүү максатында банктарга карата тобокелдикти тескөө же азайтуу жагында талаптарды белгилөө зарыл. Көзөмөл органдары банктардын айрым контрагенттерге же байланыштуу контрагенттер топторуна дуушар болушун чектөө үчүн алгылыктуу лимит белгилөөгө тийиш. 

Бүгүнкү күндө айрым банктарда мамлекеттик баалуу кагаздарга салымдардын өсүшү байкалууда, алар кирешелүүлүктүн төмөндөшүнө таасирин тийгизет жана төлөө мөөнөттөрү боюнча активдер менен милдеттенмелер ортосунда ажырым пайда болууда. Бул жагдайлар концентрациялануу тобокелдигин жана рыноктук тобокелдикти жогорулатып, ошондой эле ликвиддүүлүк деңгээлине таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Натыйжалуу банктык көзөмөл системасы кадимки жана курч экономикалык, финансылык шарттарда көзөмөлдөө саясатын натыйжалуу иштеп чыгууга, жүзөгө ашырууга, контролдоого жана сакталышын камсыз кылууга жөндөмдүү болууга тийиш. Көзөмөл органдары банктарга же банк системасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы шарттарды жөнгө салууга жөндөмдүү болууга тийиш. Иш жүзүндө көзөмөлдүн натыйжалуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизүүчү бир катар элементтер же өбөлгөлөр бар. Ушундайча, көзөмөл органдары өбөлгөлөр банктарды жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн деп кооптонгон учурда, көзөмөл органдары тиешелүү органдарга ал жөнүндө, алардын иш жүзүндөгү же потенциалдуу терс таасирлери жөнүндө билдирүүгө тийиш. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Каралып жаткан маселенин масштабы коммерциялык банктардын ишине, атап айтканда, мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар боюнча концентрациялануу тобокелдигин жана аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча максималдуу тобокелдикти тескөөгө алууга тиешелүү

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Калктын жана компаниялардын аманаттарын топтогон жана рынок экономикасында инвестициялык процесстерди камсыз кылган финансылык ортомчу катары банктардын өзгөчө ролу Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында алардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө зарылдыгын аныктайт. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинде (мындан ары Мыйзам) Улуттук банк жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында банктын, банк эмес финансы-кредит уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын уставдык жана өздүк (регулятивдик) капиталынын минималдуу өлчөмүн, алардын түзүмүн, ошондой эле банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилей тургандыгы көрсөтүлгөн. 

Мыйзамдын 9-беренесине ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда банктык жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн эл аралык стандарттарын, анын ичинде натыйжалуу банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарын эске алууга укуктуу. 

Алсак, банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин натыйжалуу банктык көзөмөлүнүн негизги принциптерине ылайык, көзөмөл органдары банктарга же бүтүндөй банк системасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы шарттарды жөнгө салууга жөндөмдүү болуусу зарыл. Мамлекеттик баалуу кагаздардын топтолушу жана ашыкча ликвиддүүлүк капитал рыногуна аралашууну чектеши мүмкүн, бул да банктын ишине таасирин тийгизет. 

Ушуга байланыштуу, банктардын туруктуулугун колдоо жана банк системасындагы система тобокелдиктерин төмөндөтүү үчүн Улуттук банк тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик баалуу кагаздар маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) иштелип чыккан. 

Мындан тышкары, токтом долбоорунда Кыргыз Республикасынын «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамына ылайык банктар тарабынан тышкы аудитти жана демилгеленген аудитти жүргүзүү талаптары боюнча тактоо мүнөзүндөгү ченемдер камтылган. 

Ошондой эле, токтом долбоорунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактын баа түзүү саясатынын мазмуну жөнүндө диспозитивдүү ченемди императивдүү ченемге өзгөртүү сунушталат. Бул ченем жөнгө салуучу тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан белгиленген банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн комиссиялык төлөмдөрүнүн/тарифтеринин компоненттерине баа берүү, ошондой эле алардын шайкештигин жана негиздүүлүгүн аныктоо максатында киргизилген. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Банктардын капиталына карата ири тобокелдиктерди өлчөө жана чектөө зарылдыгы банктык көзөмөл боюнча Базель комитети тарабынан белгиленген. Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин натыйжалуу банктык көзөмөлүнүн негизги принциптеринде банктар бир контрагентке карата өз тобокелдиктерин кандайча өлчөө жана топтоо керектиги, айрым юридикалык жактарды же ага байланыштуу контрагенттердин тобун түзүүдө кандай факторлорду эске алуу керектиги көрсөтүлбөйт. Ушуга байланыштуу, банк менен байланышкан тараптардын аныктамасы ар кандай юрисдикциялар ар түрдүү

Мындан тышкары, ири тобокелдиктерди өлчөө жана контролдоо боюнча Базель принциптерине ылайык, мамлекеттерге талаптарды алып салуулар каралган. Мында контрагенттин бул түрлөрүнө стандартташтырылган мамиле колдонулат, анда рейтингдик агенттиктердин суверендүү рейтингдери колдонулат. 

- Россия Федерациясы: Россия Банкынын көрсөтмөсүнө ылайык 2016-жылдын 17-ноябрындагы №4203-У «Жактын (жактардын) кредиттик уюм менен мүмкүн болгон байланышынын белгилери жөнүндө» стратегиялык ишканалар болуп саналган юридикалык жактарга карата өзгөчө ченемдер каралган. 

- Казакстан Республикасы: Казакстанда Казакстан Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 29-октябрындагы №273 токтому менен «Казакстан Республикасынын резидент эмес банкынын филиалы болгон Банкка байланыштуу жактарга жеңилдетилген шарттарды берүүгө тыюу салууну белгилөөнүн айрым маселелери жөнүндө» мамлекеттик мекемелер банк менен байланышы жок деп эсептелет. 

Мында мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар боюнча чектөөлөр жогоруда аталган өлкөлөрдө белгиленген эмес. 

Аудит боюнча Казакстан Республикасынын «Аудитордук иш жөнүндө» Мыйзамында аудиттин милдеттүү жана демилгеленген түрлөрү каралган. Демилгеленген аудит салыктар боюнча жана аудит жүргүзүлүүчү объекттин демилгеси боюнча жүргүзүлөт. 

Эл аралык практикада демилгеленген аудит көбүнчө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт: 

- кызмат адамдары алмашканда; 

- ишкана өзгөртүлүп түзүлгөндө (кошулганда, бириккенде, жоюлганда); 

- үчүнчү тараптардын талабы боюнча; 

- эсепке алууну жүргүзүү сапатына шек жаралган учурларда ж. б. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

5.1. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты банктардын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн сактоо жана концентрациялануу тобокелдигин төмөндөтүү болуп саналат. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Сунушталган жөнгө салуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик баалуу кагаздар менен операцияларга карата чектөөлөрдү белгилөө жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү

Токтомдун долбоорун кабыл алуу коммерциялык банктардын тобокелдиктерин минималдаштырууга, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча талаптарды сактоого мүмкүндүк берет. 

Ошондой эле токтом долбоору демилгеленген аудит жана ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн комиссиясы/тарифтери боюнча тактоочу ченемдер киргизилген. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1 Жөнгө салуунун бул түрүнүн күтүлгөн натыйжалуулугу банктын тобокелдигин азайтууга, ошондой эле баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашырууда банктын ички контролдугун уюштурууга багытталган. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүп жаткан таасири: 

1) экономикага тийгизген таасири: токтом долбоору банктардын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн сактоого багытталган. Ушуга байланыштуу, сунушталган жөнгө салуу жалпысынан банк секторуна оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө

2) социалдык чөйрөгө таасири: жөнгө салуу ченемдери тобокелдиктерди азайтууга жана аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. 

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү банктардын концентрациялануу тобокелдигин жана рыноктук тобокелдигин азайтууга багытталган. Бүгүнкү күндө айрым банктарда мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү сунушталган чектен ашып кетти. Буга байланыштуу токтом долбоорун ишке ашыруунун алкагында банктарга жаңы талаптарды сактоо үчүн убакыт талап кылынат. 

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтомдун долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоор менен айрым ишкерлер үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирди талдоо үчүн мамлекеттик баалуу кагаздар маселеси боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү АРВ боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. Мында жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан сунуштар жана сын-пикирлер берилген эмес. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде токтомдун долбоору кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш, анткени ал төмөнкү аспектилерди ишке ашырууну камсыз кылат: 

- банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн колдоо; 

- банктардын концентрациялануу тобокелдигин жана ликвиддүүлүк тобокелдигин төмөндөтүү

- капитал рыногуна жеткиликтүүлүктү кеңейтүү

 

12. Тиркеме 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук; 

- банктардын ишине мамлекеттик баалуу кагаздардын таасирин талдоо.