Кайта келүү

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жөнүндө контитуциялык мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн 3 (үч) жумуш күнү ичинде тааныштырсын. 

 

5. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Башкарманын мүчөлөрү А. Айбалаева 

М. Жакыпов  

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков 

Р. Сейткасымова 

З. Чокоев 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

20___-жылдын __-_________ 

№____ токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Кассалык документтерди тариздөө (акча чегин эске албаганда), кассалык журналдарды жүргүзүү, жүргүзүлгөн операциялар тууралуу документтердин касса кызматкерлери тарабынан толтурулушу, автоматташтырылган программаларды, компьютердик жабдууларды жана электрондук кассалык аппараттарды колдонуу менен, анын ичинде электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документ түрүндө ишке ашырылат»;  

- 9-пунктунун 17-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«касса документи  бул, акчага байланыштуу документ (кириш кассалык ордер, чыгыш кассалык ордери, накталай салууларга кулактандыруу, чек, төлөм ведомосту жана операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болгон, анын ичинде электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документтер түрүндөгү башка документ), ал боюнча баалуулуктарды кабыл алуу жана берүү боюнча кассалык операциялар жүзөгө ашырылат жана таризделет»;   

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. Касса башчысы отчеттук маалым каттардагы маалыматтар боюнча жыйынтыкталган маалым кат түзөт (7-тиркеме) жана анын жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алуу маалыматтары менен салыштырып текшерет. Маалым каттын жыйынтыктарын салыштыруулар бухгалтердик кызматкердин кол тамгасы/электрондук кол тамга аркылуу күбөлөндүрүлөт»; 

- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«25. Касса документтери кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш. Ар бир күн үчүн кассалык документтер менен иш көктөмөлөрүн түзүү иштери, касса башчысы же брошюралоо милдети жүктөлгөн касса кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Касса документтери түзүү учурунда кириш жана чыгыш кассалары боюнча өзүнчө, баланстык эсеп боюнча тандалып алынат. Автоматташтырылган программаларды колдонуу учурунда касса документтери чыгаруу формаларына жана отчетторуна жана/же электрондук документ түрүндө түзүлөт. Касса документтеринин суммаларын китептеги (8-9 тиркемелер) маалыматтар менен салыштырып текшергенден кийин папканын алдыңкы бетине касса башчысынын жана күндөлүк иш көктөмөсүн түзгөн касса кызматкеринин колу/электрондук кол тамгасы коюлат»; 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«35. Баалуулуктарды кабыл алуу аяктагандан кийин касса башчысы/касса кызматкери жана инкассаторлор тиешелүү коштомо документтерине кол тамгасын/электрондук кол тамгаларын коюшат». 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбооруна карата 

САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ 

 

Биринчи каралган редакциясы 

Өзгөртүүлгөн редакциясы 

2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо 

8. Кассалык документтерди тариздөө (акча чегин эске албаганда), кассалык журналдарды жүргүзүү, жүргүзүлгөн операциялар тууралуу документтердин касса кызматкерлери тарабынан толтурулушу, автоматташтырылган программаларды, компьютердик жабдууларды жана электрондук кассалык аппараттарды колдонуу менен ишке ашырылат.   

8. Кассалык документтерди тариздөө (акча чегин эске албаганда), кассалык журналдарды жүргүзүү, жүргүзүлгөн операциялар тууралуу документтердин касса кызматкерлери тарабынан толтурулушу, автоматташтырылган программаларды, компьютердик жабдууларды жана электрондук кассалык аппараттарды колдонуу менен анын ичинде электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документ түрүндө ишке ашырылат. 

9. Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

касса документи  бул, акчага байланыштуу документ (кириш кассалык ордер, чыгыш кассалык ордери, накталй салууларга кулактандыруу, чек, төлөм ведомосту жана операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болгон башка документ), ал боюнча баалуулуктарды кабыл алуу жана берүү боюнча кассалык операциялар жүзөгө ашырылат жана таризделет;   

9. Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

касса документи  бул, акчага байланыштуу документ (кириш кассалык ордер, чыгыш кассалык ордери, накталй салууларга кулактандыруу, чек, төлөм ведомосту жана операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болгон анын ичинде электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документтер түрүндөгү башка документ), ал боюнча баалуулуктарды кабыл алуу жана берүү боюнча кассалык операциялар жүзөгө ашырылат жана таризделет; 

23. Касса башчысы отчеттук маалымкаттардагы маалыматтар боюнча жыйынтыкталган маалымкат түзөт (7-тиркеме) жана аны жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алуу маалыматтары менен салыштырып текшерет. Маалымкаттын жыйынтыктарын салыштыруулар бухгалтердик кызматкердин колу менен күбөлөндүрүлөт.   

23. Касса башчысы отчеттук маалым каттардагы маалыматтар боюнча жыйынтыкталган маалымкат түзөт (7-тиркеме) жана аны жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алуу маалыматтары менен салыштырып текшерет. Маалым каттын жыйынтыктарын салыштыруулар бухгалтердик кызматкердин кол тамгасы/электрондук кол тамга аркылуу күбөлөндүрүлөт. 

25. Касса документтери кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш. Ар бир күн үчүн кассалык документер менен делолорду түзүү иштери, касса башчысы же брошюралоо милдети жүктөлгөн касса кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Касса документтери түзүү учурунда кириш жана чыгыш кассалары боюнча өзүнчө, баланстык эсеп боюнча тандалып алынат. Автоматташтырылган программаларды пайдаланууда касса документтери чыгыш формаларына жана отчетторуна ылайык түзүлөт. Касса документтеринин суммаларын китептеги (8-9 тиркемелер) маалыматтар менен салыштырып текшергенден кийин папканын алдыңкы бетине касса башчысынын жана делону түзгөн касса кызматкеринин колу коюлат.   

25. Касса документтери кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш. Ар бир күн үчүн кассалык документер менен иш көктөмөлөрүн түзүү иштери, касса башчысы же брошюралоо милдети жүктөлгөн касса кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Касса документтери түзүү учурунда кириш жана чыгыш кассалары боюнча өзүнчө, баланстык эсеп боюнча тандалып алынат. Автоматташтырылган программаларды колдонуу учурунда касса документтери чыгаруу формаларына жана отчетторуна жана/же электрондук документ түрүндө түзүлөт. Касса документтеринин суммаларын китептеги (8-9 тиркемелер) маалыматтар менен салыштырып текшергенден кийин папканын алдыңкы бетине касса башчысынын жана күндөлүк иш көктөмөсүн түзгөн касса кызматкеринин колу/электрондук кол тамгасы коюлат. 

35. Баалуулуктарды кабыл алуу аяктагандан кийин касса башчысы/касса кызматкери жана инкассаторлор тиешелүү коштомо документтерине кол коюшат.   

35. Баалуулуктарды кабыл алуу аяктагандан кийин касса башчысы/касса кызматкери жана инкассаторлор тиешелүү коштомо документтерине кол тамгасын/электрондук кол тамгаларын коюшат. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) банк системасын жөнгө салуу чөйрөсүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, коммерциялык банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик жана кассалык документтерди электрондук кол тамгаларды колдонуу менен электрондук документ менен иш алып баруусун жүзөгө ашырууга тандоо укугун берүү аркылуу санариптештирүүнүн өнүгүүсүнө түрткү берүү максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 128 “Электрондук кол тамга жөнүндө” Мыйзамына ылайык кассалык операцияларды аткаруу, электрондук кол тамганы колдонуу менен кассалык жана бухгалтердик документтерди тариздөө жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Жогоруда аталган Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына өзгөртүүлөрдү киргизилген учурда, ага ылайык колдонуудагы кассалык жана бухгалтердик кадимки документ менен иш алып баруудан тышкары, финансы-кредит уюмдары электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ иш алып баруунун ишенимдүү инфраструктурасы болгон шартта финансы-кредит уюму жүргүзүү укугуна ээ болот. Бул өзгөртүүлөр, өз кезегинде, финансы-кредит уюмдары үчүн колдонуудагы кадимки документ менен иш алып баруу же электрондук кол тамгаларды колдонуу менен электрондук документ менен иш алып барууну колдонуу укугун шарттайт. Мындан ары бул жаатта санариптештирүү чакан жана орто ишкердикти санариптештирүүнү өнүктүрүүгө кошумча түрткү болот жана Кыргыз Республикасынын алыскы айыл аймактарында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн финансы-кредит уюмдары үчүн өзгөчө актуалдуу. 

Ушундай түрдө, долбоордо сунуш кылынган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын күчүнө кирген талаптары менен ченемдерди актуалдаштырууга багытталган.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобосунун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын түздөн-түз кызыкчылыктарын камтыган, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга коюлат жана анын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлөт.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн бирдиктүү порталга жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат  

Сунушталган токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каражат талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн.