Кайта келүү

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 28-сентябрындагы №2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздарды, «Кепилдик фонд» ААКты, турак жай-сактык кредиттик компанияларды тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын «___» _________  

№ ___ токтомуна карата  

тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын  28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтомдун расмий тилдеги аталышындагы «представлению» деген сөз «предоставлению» деген сөзгө алмаштырылсын. 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- расмий тилдеги жобонун аталышындагы «представлению» деген сөз «предоставлению» деген сөз менен алмаштырылсын; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Бул Жобонун ченемдери микрофинансылык компанияларга (мындан ары МФК), турак жай-сактык кредиттик компанияларга (мындан ары ТЖСКК), кепилдик фонддорго, микрокредиттик компанияларга (мындан ары МКК), мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык ишти жүзөгө ашырган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ микрокредиттик агенттиктерге (мындан ары МКА), өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздарга (мындан ары кредиттик союздар), адистештирилген финансы-кредит уюмдарына (мындан ары АФКУ) (мындан ары БФКУ) таркатылат.»; 

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Бул Жобонун ченемдери жоюу жана банкроттоо процесси жүргүзүлүп жаткан БФКУга таркатылбайт.»; 

- 6-пункттагы «(мындан ары - ФОЭС)» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына» деген сөздөр менен толукталсын; 

- расмий тилдеги 12-пунктунун: 

биринчи абзацындагы «представление» деген сөз «предоставление» деген сөзгө алмаштырылсын; 

экинчи абзацындагы «представления» деген сөз «предоставления» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги 25-пунктунун: 

биринчи пунктчадагы «(напрямую или косвенно посредством дочерних компаний)» деген сөздөрдөн кийин «,» тыныш белгиси алып салынсын; 

экинчи пунктчадагы «(прямое или косвенное посредством дочерних компаний)» деген сөздөрдөн кийин «,» тыныш белгиси алып салынсын; 

- 31-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башкы компания, эгерде ал ФОЭСке жана Улуттук банктын талаптарына ылайык консолидацияланган финансылык отчетту түзсө жана сунуштаса, ушул Жобого ылайык консолидацияланган финансылык отчетту берүүдөн бошотулат.»; 

- расмий тилде 3-главанын аталышындагы «представления» деген сөз «предоставлению» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 37-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«37. МФКнын, кепилдик фонддун, ТЖСККнын жана АФКУнун жылдык финансылык отчеттору (Отчеттук жылдын 31-декабрь күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчетту, Мезгил ичиндеги жыйынды киреше жөнүндө отчетту, Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту жана Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту) аудитордук корутунду менен бирге аудитордук текшерүү аяктагандан кийин отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жалпыга маалымдоонун басма каражаттарына (мындан ары - ЖМК) жарыяланат.  

МКК, МКА жана КС жылдык финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге (бар болсо) же ЖМКда, маалымат агенттигинин порталында же расмий интернет-сайтта аудитордук текшерүү аяктагандан кийин (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн учурда) отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен, мамлекеттик жана/же расмий тилде жарыялоого тийиш. 

ЖМКда же маалымат порталында жылдык финансылык отчеттуулукту жарыялоодо, МКК, МКА жана КС отчеттук жылдын 31-декабрь күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчетту, Мезгил ичиндеги жыйынды киреше жөнүндө отчетту, Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту жана Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту аудитордук корутунду менен бирге (бар болсо), ал эми расмий интернет-сайтта жарыялоодо - бардык компоненттерди, финансылык отчетко карата эскертүүлөрдү жана аудитордук корутундуну (бар болсо) кошо алганда, жылдык финансылык отчетту жайгаштырууга тийиш. 

ЖМКда жарыялоодо сөзсүз түрдө жылдык финансылык отчет, ага карата эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөр менен БФКУнун башкы кеңсесинен, анын филиалдарынан, өкүлчүлүктөрүнөн жана башкы кеңсе жайгашкан жерден тышкары жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнөн толук көлөмдө таанышууга боло тургандыгы жөнүндө эскертүү болушу зарыл. 

Кошумча МФК, кепилдик фонд, ТЖСКК жана АФКУ жылдык финансылык отчетту/консолидацияланган финансылык отчетту жана аудитордук корутундуну электрондук түрдө отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу жарыялоо үчүн ыйгарым укуктуу органга берет. 

МФКнын, кепилдик фонддун, ТЖСККнын жана АФКУнун финансылык отчеттору, анын ичинде бардык компоненттери, финансылык отчетко эскертүүлөр жана аудитордук корутунду расмий интернет-сайтта жарыяланууга тийиш. Кредиттик союздар бардык компоненттерин, финансылык отчетко карата эскертүүлөрдү жана аудитордук корутундуну кошо алганда, жылдык финансылык отчетту расмий интернет-сайтта (бар болсо) жарыялай алат.»; 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. БФКУнун жылдык финансылык отчету маалымат агенттигинин порталында да жарыяланышы мүмкүн. 

Маалымат агенттигинин порталына шилтеме электрондук почта аркылуу Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтүлүүгө тийиш.»; 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. БФКУ финансылык отчеттун формаларын аудитордук корутунду менен бирге пайдалануучуларга кеңири жайылтуу жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, аларды жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тандайт.»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. БФКУ жылдык финансылык отчетту (Отчеттук жылдын 31-декабрь күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчетту, Мезгил ичиндеги жыйынды кирешелер жөнүндө отчетту, Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту жана Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту) бардык кеңселердеги, филиалдардагы, өкүлчүлүктөрдөгү жана түзүмдүк бөлүмдөрдөгү маалымат такталарына жайгаштырышы зарыл. 

Жылдык финансылык отчет БФКУда мамлекеттик жана/же расмий тилде (башкы кеңсе, филиалдар, өкүлчүлүктөр, башкы кеңсе жайгашкан жерден тышкары жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөр) пайдалануучулар үчүн толук көлөмдө жеткиликтүү болууга жана таанышуу үчүн алардын биринчи талабы боюнча берилүүгө тийиш.»; 

- 41-пункттун: 

расмий тилде биринчи абзацындагы «представлена» деген сөз «предоставлена» деген сөзгө алмаштырылсын;  

экинчи абзацы алып салынсын; 

- 4-главанын расмий тилдеги аталышындагы «представления» деген сөз «предоставления» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. МФК, кепилдик фонд, ТЖСКК жана АФКУ жылдык финансылык отчетту ЖМКда жарыялоодон тышкары, чейректик финансылык отчетту жарыялайт жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жарыялоо жөнүндө билдирүү жөнөтөт.»; 

- 44-пункттагы «Эскертүү: Аралык мезгил - бул, узактыгы толук финансылык жылдан кыска болгон отчеттук мезгил;» деген сөздөр алып салынсын; 

- 45-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«45. МФКнын, кепилдик фонддун, ТЖСККнын жана АФКУнун чейректик финансылык отчету чейрек аяктагандан кийинки 30 календардык күндөн кечиктирилбестен, расмий интернет-сайтка (бар болсо) жана ЖМКга мамлекеттик жана/же расмий тилде жарыяланууга тийиш. ЖМКга жарыялоодо чейректик финансылык отчет менен толук көлөмдө башкы кеңседен, филиалдардан, өкүлчүлүктөрдөн жана башкы кеңсе жайгашкан жерден тышкары жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрдөн таанышууга боло тургандыгы жөнүндө эскертүү милдеттүү түрдө болууга тийиш. 

ЖМК ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келүүгө тийиш. 

МКК, МКА жана КС чейректик финансылык отчетту чейрек аяктаган учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбей, расмий интернет-сайтта (бар болсо) жарыялай алышат. 

БФКУ чейректик финансылык отчетту чейрек аяктаган учурдан тартып  

30 календардык күндөн кечиктирбей, бардык кеңселердеги, филиалдардагы, өкүлчүлүктөрдөгү жана түзүмдүк бөлүмдөрдөгү маалымат такталарында жарыялоого тийиш.»; 

- 46-пунктунун: 

расмий тилде биринчи абзацындагы «представлена» деген сөз «предоставлена» деген сөзгө алмаштырылсын, «скрин-көчүрмөлөрдү» деген сөздөр «басылманын көчүрмөлөрүн» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

экинчи абзацтагы «электрондук почта аркылуу» деген сөздөрдөн кийин «Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө» деген сөздөр менен толукталсын; 

расмий тилде үчүнчү абзацтагы «(копию)» деген сөз алып салынсын; 

- расмий тилдеги 48-пунктунун: 

төртүнчү абзацындагы «образованные» деген сөз «образованных» деген сөзгө алмаштырылсын; 

алтынчы абзацтагы «имущества» деген сөздөн кийин «,» белгиси алып салынсын; 

- 49-пункттагы «консолидацияланган» деген сөздөн кийин «чейрек сайын берилүүчү» деген сөз менен толукталсын; 

- расмий тилде 61-пункттагы «не может» деген сөздөн кийин «представлять» деген сөз менен толукталсын; 

- 69-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«69. БФКУ акча каражаттарынын жана акча эквиваленттеринин курамын аныктап, аны финансылык отчетто ачып берүүгө тийиш. Мындан тышкары, БФКУ акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто камтылган суммаларды финансылык абал жөнүндө отчетто берилген ушул сыяктуу статьялар менен салыштырууну камсыз кылууга тийиш.»; 

- 80-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«80. ФОЭСтин талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн БФКУнун жана кардарлардын активдери, кредиттери жана финансылык ижарасы боюнча кошуп эсептелген пайыздар боюнча РППУнун өлчөмдөрү финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө кошумча чагылдырылууга тийиш.»; 

- расмий тилде 1 жана 2-тиркемелердин аталышындагы «представлению» деген сөз «предоставлению» деген сөзгө алмаштырылсын. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору БФКУнун түрүнө жараша БФКУнун финансылык отчеттун жарыялоо бөлүгүндө Улуттук банктын талаптарын актуалдаштыруу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Ченемдик укуктук актынын долбоорунда МФКнын, кепилдик фонддордун, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, АФКУнун чейрек сайын берилүүчү жана жылдык финансылык отчетторун жалпыга маалымдоонун басма каражаттарында, расмий интернет-сайтта, финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийинде жана маалымат такталарында берүү жана жарыялоо боюнча милдеттүү талаптар каралган. 

Мында МКК, МКА жана кредиттик союздар жылдык финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге (бар болсо) же жалпыга маалымдоонун басма каражаттарында же маалыматтык агенттиктин порталында же расмий интернет-сайтта аудитордук текшерүү (эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлсө) аяктагандан кийин мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыялоого тийиш. 

Жылдык жана чейрек сайын берилүүчү финансылык отчеттуулукту маалымат такталарына жайгаштыруу жөнүндө талап бардык БФКУларга жайылтылат. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат  

Бул бөлүм боюнча маалымат коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча берилет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдар талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат 

Сунушталган токтомдун долбоору жөнгө салуучу таасирин талдоону талап кылат, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган. Ушуга байланыштуу токтомдун бул долбооруна белгиленген тартипте жөнгө салуучу таасирин талдоо иштелип чыгат. 

 

 

Долбоор 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

жөнгө салуучу таасирин толугу менен/айрым бөлүктөрүн талдоо 

(керектүүсүнүн асты сызылат) 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

(иштеп чыккан органдын аталышы) 

 

 

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын төрагасы 

К.К.Боконтаев  

  

  

____________________________ 

(кол тамгасы

  

  

20___ -жылдын ___- ______ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын  

28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы № 2022-Пр-121/224-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы тарабынан банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын жөнгө салуу маселелери боюнча иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү боюнча туруктуу иштеген жумушчу топ түзүү тууралуу» буйругу. 

 

  

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү

2023-жылдын_____ 2023-жылдын __________ (башталышы) (аякташы) 

 

 

 

 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын начальниги Э.М. Жапарова 

 

________ 

 

Жумушчу топ: 

 

- Э.Ч. Абдраимов, Улуттук банктын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги _____________; 

- Э.О. Абдыразаков, Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн башкы юристи______________; 

- М.Б. Исаев, Улуттук банктын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн начальниги _______________; 

- А.А. Акбаралиев, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору _________________ ; 

- А.И. Исраилов, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин президенти ______________; 

- А.Дж. Елебесова, «Насыялык маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин генералдык директору _______________; 

- Э.Т. Мамытова, «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиктерди администрлөө бөлүмүнүн начальниги ______________; 

- А.Н. Кубанычбекова, «Альянс» акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин бухгалтери _________________; 

- А.С. Ибралиев, «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясы» ААКтын юристи________________. 

 

 

 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

М. Алманбетова, тел.: 31 32 73, malmanbetova@nbkr.kg 

  

 

 

 

 

 

1. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары - Улуттук банк) 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо) колдонуудагы редакциясында банк эмес финансы-кредиттик уюмдар (мындан ары БФКУ) тарабынан чейрек сайын берилүүчү жана жылдык финансылык отчетторду жалпыга маалымдоонун басма каражаттарында же маалымат агенттиктеринин порталдарында, ошондой эле расмий-интернет сайттарда (бар болсо) милдеттүү түрдө жарыялоо жөнүндө ченем каралган. Расмий интернет-сайт жок болгон учурда, Жободо БФКУ үчүн жылдык жана чейрек сайын берилүүчү финансылык отчетту маалымат такталарына жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралган. 

Бул талап банк эмес финансы-кредиттик уюмдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн киргизилген. 

Финансылык отчетту жарыялоо тартибине жана мөөнөттөрүнө, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына карата талаптар кошумча белгиленген. 

БФКУнун Жобонун колдонуудагы ченемдерин аткарууда кыйынчылыктарды жараткан бир катар маселелерди, ошондой эле МКК тарабынан жүргүзүлүп жаткан финансылык операциялардын түрлөрү чектелүү экендигин эске алуу менен депозиттерди тартуучу жана тартпаган БФКУлар үчүн талаптарды бөлүштүрүү сунушталган, анткени Жобо микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын ортосундагы жөнгө салуучу чектерди так ажыратпайт жана депозиттерди тартпаган БФКУларга кызыкдар жактардын таанышуусу үчүн жылдык финансылык отчетту жайгаштыруу ыкмасын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталган. 

Мындан тышкары, Улуттук банктын дарегине «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ жана «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» ЮЖБдан «МКК «М Булак» ЖЧКнын демилгеси боюнча колдонуудагы Жобонун МККнын финансылык отчетун ЖМКда жарыялоо жөнүндө ченемдерин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу менен кайрылуу келип түшкөн. 

 

2. Проблеманын масштабы 

Бүгүнкү күндө жылдык жана чейрек сайын берилүүчү финансылык отчетторду милдеттүү түрдө жарыялоо боюнча ченемдер микрофинансылык компанияларга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, кепилдик фонддорго, өз ишине ар жылдык негизде тышкы аудит жүргүзүүчү микрокредиттик компанияларга, мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык иш алып барган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ микрокредиттик агенттиктерге, өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союздарга, адистештирилген финансы мекемелерине жана адистештирилген финансылык-кредит уюмдарына таркатылат.  

Бирок финансылык отчетту жарыялоо боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын адистештирилген мыйзамдарында бардык эле БФКУлар үчүн көрсөтүлгөн эмес. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Долбоордо жалпыга маалымдоонун басма каражаттарында МФКнын, Кепилдик фонддордун, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана АФКУнун жылдык финансылык отчетторун (отчеттук жылдын 31-декабрь күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчетту, мезгил ичиндеги жыйынды киреше жөнүндө отчетту, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту жана өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту) аудитордук корутунду менен бирге аудитордук текшерүү аяктагандан кийин отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыялоо каралат.  

МКК, МКА жана Кредиттик союздар жылдык финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге (бар болсо) же жалпыга маалымдоонун басма каражаттарында, же маалымат агенттигинин порталында, же расмий интернет-сайтта аудитордук текшерүү аяктагандан кийин (текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн учурда) отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыялоого тийиш. 

ЖМКларда же маалымат порталында жылдык финансылык отчеттуулукту жарыялоодо МКК, МКА жана Кредиттик союздар отчеттук жылдын 31-декабрь күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчетту, мезгил ичиндеги жыйынды киреше жөнүндө отчетту, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту жана өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту аудитордук корутунду менен бирге (бар болсо), ал эми расмий интернет-сайтта жарыялоодо - бардык компоненттерди, финансылык отчетко карата эскертүүлөрдү жана аудитордук корутундуну (бар болсо) кошо алганда, жылдык финансылык отчетту жайгаштырууга тийиш. 

Жалпыга маалымдоонун басма каражаттарында жарыялоодо сөзсүз түрдө жылдык финансылык отчет, ага карата эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөр менен БФКУнун башкы кеңсесинен, анын филиалдарынан, өкүлчүлүктөрүнөн жана башкы кеңсе жайгашкан жерден тышкары жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөрүнөн толук көлөмдө таанышууга боло тургандыгы жөнүндө эскертүү болушу керек. 

Кошумча МФК, Кепилдик фонддор, турак жай-сактык кредиттик компаниялар жана АФКУлар жылдык финансылык отчетту/консолидацияланган финансылык отчетту жана аудитордук корутундуну электрондук түрдө отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу жарыялоо үчүн ыйгарым укуктуу органга берет. 

МФКнын, Кепилдик фонддордун, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана АФКУнун финансылык отчеттору, анын ичинде бардык компоненттер, финансылык отчетко карата эскертүүлөр жана аудитордук корутунду расмий интернет-сайтта жарыяланууга тийиш. Кредиттик союздар бардык компоненттерди, финансылык отчетко карата эскертүүлөрдү жана аудитордук корутундуну кошо алганда, жылдык финансылык отчетту расмий интернет-сайтта (бар болсо) жарыялай алышат. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Россия Федерациясы: Россия Федерациясынын «Микрофинансылык иш жана микрофинансылык уюмдар жөнүндө» федералдык мыйзамына ылайык микрофинансылык компаниянын бухгалтердик (финансылык) отчет жана бухгалтердик (финансылык) отчету жөнүндө аудитордук корутундусу Россия Банкынын ченемдик актысы менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө ачып көрсөтүлүүгө тийиш. 

Мында, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын 2020-жылдын 3-августундагы № 5523-У «Микрофинансылык компаниялардын жана микрокредиттик компаниялардын отчетторун түзүү жана Россия Банкына берүү формалары, мөөнөттөрү жана тартиби, микрофинансылык компаниялар тарабынан жылдык бухгалтердик (финансылык) отчету жөнүндө аудитордук корутундусун Россия Банкына берүү тартиби жана мөөнөтү, микрофинансылык компаниялар тарабынан бухгалтердик (финансылык) отчетту жана жылдык бухгалтердик (финансылык) отчету жөнүндө аудитордук корутундусун ачып көрсөтүү тартиби жана мөөнөтү жөнүндө» көрсөтмөсүнө ылайык, жылдык бухгалтердик (финансылык) отчет жана жылдык бухгалтердик (финансылык) отчет жөнүндө аудитордук корутунду микрофинансылык компания тарабынан отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлунан кечиктирбестен ачып көрсөтүлүүгө тийиш. 

Орто аралык бухгалтердик (финансылык) отчет микрофинансылык компания тарабынан отчеттук мезгил аяктагандан кийин 40 календардык күн ичинде ачып көрсөтүлүүгө тийиш. 

Бухгалтердик (финансылык) отчет жана жылдык бухгалтердик (финансылык) отчет жөнүндө аудитордук корутунду микрофинансылык компания тарабынан интернет-сайтына хронологиялык тартипте жайгаштыруу аркылуу, жайгаштыруу күнүнөн тартып 3 (үч) жылдан кем эмес мөөнөткө ачып көрсөтүлүүгө тийиш.  

Ачып көрсөтүлүүчү маалыматка кирүү мүмкүнчүлүгүнө тоскоол кылуучу техникалык, программалык жана башка себептер келип чыккан учурда, микрофинансылык компания аларды четтетүү жана ачып көрсөтүлүүчү маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кайра берүү боюнча чараларды көрүүгө жана ачып көрсөтүлүүчү маалыматка кирүү мүмкүнчүлүгүн токтотуу (чектөө) себеби, күнү жана убактысы, ошондой эле ачып көрсөтүлүүчү маалыматка кирүү мүмкүнчүлүгүн кайра берүүнүн болжолдуу күнү жана убактысы тууралуу маалыматты интернет-сайтына жайгаштырууга тийиш. 

Армения Республикасы: Армения Республикасынын «Кредиттик уюмдар жөнүндө» мыйзамында кредиттик уюмдар финансылык жыл аяктагандан кийин алты айлык мөөнөттө финансылык отчетун жана аудитордук корутундусун ЖМКга жарыялоого, ошондой эле ар бир чейректен кийинки айдын 15ине чейин чейректик финансылык отчетун жарыялоого милдеттүү экендиги каралган. 

 

II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат 

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

Жөнгө салуунун бул варианты БФКУнун түрүнө жараша БФКУнун финансылык отчетун жарыялоо бөлүгүндө Улуттук банктын талаптарын актуалдаштырууга багытталган. 

 

6. Сунушталган жөнгө салуу  

Жөнгө салуунун бул варианты БФКУнун түрүнө жараша БФКУнун финансылык отчетун жарыялоо бөлүгүндө Улуттук банктын талаптарын актуалдаштырууга багытталган. 

Ошентип, долбоор МФКнын, кепилдик фонддун, ТЖСККнын жана АФКУнун чейректик жана жылдык финансылык отчетторун жалпыга маалымдоо каражаттарына, расмий интернет-сайтка, Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берүү жана жарыялоо боюнча милдеттүү талапты карайт. 

Мында МКК, МКА жана КС аудитордук текшерүү аяктагандан кийин (эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлсө) жылдык финансылык отчетту аудитордук корутунду менен бирге (бар болсо) же басма сөз каражаттарында же маалыматтык агенттиктин порталында же расмий интернет-сайтта мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыялоого тийиш. 

Жылдык жана чейректик финансылык отчетту маалымат такталарына жайгаштыруу жөнүндө талап бардык БФКУга жайылтылат. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Жөнгө салуунун бул түрүнүн күтүлүүчү натыйжалуулугу БФКУнун бардык түрлөрүн эске алуу менен аталган Жобонун ченемдеринин аракетин тактоо аркылуу тобокелдикти азайтууга багытталган. Жөнгө салуунун бул вариантын ишке ашыруудагы тобокелдиктер минималдуу, анткени долбоорду кабыл алууда финансылык отчетту басма сөз каражаттарына жарыялоо боюнча милдеттүү талаптар айрым БФКУ (МФК, кепилдик фонд, ТЖСКК жана АФКУ) үчүн гана каралат. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасирлер: 

- экономикага таасир этүү: БФКУнун финансылык абалы, ишинин финансылык натыйжалары, активдери, милдеттенмелери, капиталы, кирешелери, чыгашалары, пайда жана чыгымыдары жөнүндө маалыматты ырааттуу түрдө берүү алар тарабынан экономикалык чечимдерди кабыл алууда пайдалануучулардын кеңири чөйрөсү үчүн пайдалуу болот. 

- социалдык чөйрөгө таасир этүү: микрокаржылоо секторунун ачык-айкындуулугу кредиттик портфель, финансылык көрсөткүчтөр, коомчулукту кеңири камтуусу жана ага социалдык таасири жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө топтоого жана аларды пайдаланууга өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде калктын микрофинансылык уюмдарга болгон ишенимин жогорулатууга көмөк көрсөтүшү мүмкүн. 

Буга байланыштуу, сунушталган жөнгө салуу социалдык чөйрөгө жана бүтүндөй экономикага оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө

 

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо  

8.1. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин чыгымдарын жана пайдаларын баалоо: сунушталган долбоорду кабыл алууда МКК, МКА жана КС үчүн басма сөз каражаттарына жарыялоого кеткен чыгымдар азаят. 

8.2. Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын баалоо: сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каражаттар талап кылынбайт.  

 

9. Атаандаштыкка таасирин баалоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоордо айрым ишкерлер үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн бул боюнча атайын топтун мүчөлөрүнө ченемдик укуктук актынын иштелип чыккандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөн.  

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, токтомдун долбоору кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш, анткени ал төмөнкү аспектилерди ишке ашырууну камсыз кылат: 

- депозиттерди тарткан жана тартпаган БФКУ үчүн финансылык отчетту жарыялоо боюнча милдеттүү талаптар аныкталган; 

- Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу жылдык финансылык отчетту жайгаштыруу талабын белгилөө жолу менен айрым БФКУнун (МФК, ГФ,ТЖСКК жана АФКУ) отчетторунун тышкы колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; 

- БФКУнун ар башка түрлөрүнүн ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонуудагы Жобонун ченемдерин жаңылоону жана оптималдаштырууну камсыз кылат. 

 

12. Тиркеме 

- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө маалымдоо; 

- жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук.