Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасында регулятивдик банктык отчету жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Кыргыз Республикасында регулятивдик банктык отчету жөнүндө» жобо бекитилсин (тиркелет). 

2. Токтомдун 3-пунктунан тышкары, ушул токтом 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

3. Сыноо режиминин алкагында коммерциялык банктар: 

- ушул токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө» жобого ылайык, 2023-жылдын 1-июлунан 2023-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет беришсин. 

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомунун 1-пункту

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 28-декабрындагы № 41/7 «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кызматтарына тарифтер жөнүндө маалыматтар” формасын бекитүү тууралуу» токтому;  

3) Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-февралындагы № 10/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтому; 

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун тиркемесинин II пункту; 

5) Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы 22/10 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому; 

6) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн, Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/12 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү бекитүү тууралуу» токтому; 

7) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн, Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 20-августундагы №32/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү бекитүү тууралуу" токтому; 

8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому; 

9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 35/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;  

10) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн, Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 22-декабрындагы № 48/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы N 26/5 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү бекитүү тууралуу" токтому; 

11) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн, Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 22-декабрындагы №48/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому; 

12) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн, Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-майындагы №24/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому; 

13) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн, Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/14 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому; 

14) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн, Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 16-декабрындагы №49/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому; 

15) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 9-августундагы №61/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому; 

16) “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 85/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;  

17) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы №67/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пункту; 

- 3-пункту; 

- тиркеменин I пункту; 

18) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011- жылдын 21-декабрындагы № 69/15 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому; 

19) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 16-пункту; 

20) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/7 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөн, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому; 

21) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому; 

22) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 12/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө " токтому; 

23) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 11-июнундагы №25/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому; 

24) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-декабрындагы № 55/6 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому; 

25) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому; 

26) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун жетинчи жана сегизинчи абзацтары; 

- тиркеменин 6 жана 7-пункттары; 

27) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун: 

- 1-пунктунун он төртүнчү жана он бешинчи абзацтары; 

- тиркеменин 13 жана 14-пункттары; 

28) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому; 

29) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому; 

30) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-октябрындагы № 42/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- тиркеменин 1-пункту; 

31) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун бешинчи абзацы; 

- тиркеменин 4-пункту; 

32) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун сегизинчи жана тогузунчу абзацтары; 

- тиркеменин 7 жана 8-пункттары; 

33) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-12/34-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары; 

- тиркеменин 1 жана 2-пункттары; 

34) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 2017-П-10/42-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары; 

- тиркеменин 1 жана 2-пункттары; 

35) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-12/51-13-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары; 

- тиркеменин 1 жана 2-пункттары; 

36) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2018-П-13/12-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- тиркеменин 1-пункту; 

37) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-12/33-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна; 

38) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-10/9-5-(НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомуна; 

39) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтары; 

- тиркеменин 3 жана 4-пункттары; 

40) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы; 

- тиркеменин 3-пункту; 

41) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-4-(БФКМ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы; 

- тиркеменин 3-пункту; 

42) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-12/49-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары; 

- тиркеменин 2 жана 3-пункттары; 

43) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-10/62-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары; 

- тиркеменин 1 жана 2-пункттары; 

44) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- тиркеменин 2-пункту; 

45) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 9-декабрындагы № 2020-П-09/71-1-(НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомуна;  

46) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-12/73-10-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун бешинчи абзацы; 

- тиркеменин 4-пункту; 

47) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 20-январындагы № 2021-П-10/2-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому; 

48) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-P-12/51-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктардын тобокелдиктерин жана капиталын башкаруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун: 

- 1-пунктунун бешинчи абзацы; 

- тиркеменин 4-пункту; 

49) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтары; 

- тиркеменин 4 жана 5-пункттары; 

50) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү жана бешинчи абзацтары; 

- тиркеменин 2 жана 4-пункттары; 

51) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары; 

- тиркеменин 2 жана 3-пункттары; 

52) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 23-мартындагы № 2022-П-12/17-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- тиркеменин 2-пункту; 

53) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 23-мартындагы № 2022-П-12/17-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө" токтомуна; 

54) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 2022-П-12/20-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы; 

- тиркеменин 1-пункту; 

55) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун экинчи жана тогузунчу абзацтары; 

- тиркеменин 1 жана 8-пункттары; 

56) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-9-(НПА): "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына бухгалтердик эсепке алуу, аудит жана отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому .  

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы; 

- тиркеменин 3-пункту; 

57) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы N 20/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

58 ) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 14-пункту; 

59) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому; 

60) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 44/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому; 

61) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-12/34-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- тиркеменин 2-пункту; 

62) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун: 

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы; 

- тиркеменин 2-пункту; 

63) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-P-12/78-10-(НПА): "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун;  

- 1-пунктунун он бешинчи абзацы; 

- тиркеменин 14-пункту. 

 

5. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

6. Көзөмөл методологиясы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен “Кыргызстан банктарынын союзу” юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөл методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын ______-________  

№_________________________  

токтомуна карата тиркеме 

   

Кыргыз Республикасында регулятивдик банктык отчет жөнүндө 

ЖОБО  

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул «Кыргыз Республикасында регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) банк операцияларын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырылуучу операцияларды чагылдыруу үчүн бирдиктүү регулятивдик банктык отчеттор аныкталат. 

2. Жобонун талаптары бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ коммерциялык банктарга, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга (мындан ары банк) таркатылат.  

 

2. Максаттар жана милдеттер 

3. Регулятивдик банктык отчеттун максатынан болуп төмөнкү милдеттерди аткарууну камсыз кылуу максатында банктын жана алардын кардарларынын иши жөнүндө ишенимдүү жана толук маалымат берүү саналат: 

- Улуттук банк Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамында бекитилген функцияларды аткаруунун алкагында банктын финансылык абалын талдоо; 

- банктын акционерлери (бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), кызмат адамдары, ошондой эле иши жана кардарлар боюнча операциялары жөнүндө толук, кеңири жана анык маалыматтарды ачык көрсөтүү

- экономиканын финансы секторун макроэкономикалык талдоо үчүн зарыл болгон акча-кредит статистикасын, төлөм балансынын статистикасын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык инвестициялык позициясын эл аралык стандарттарга ылайык түзүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын сакталышын контролдоо үчүн зарыл болгон маалымат менен камсыздоо. 

  

3. Регулятивдик банктык отчеттун мазмуну жана аны берүү мезгилдүүлүгү 

4. Регулятивдик банктык отчетто банктын жана алардын кардарларынын иши жөнүндө маалыматтар камтылат. 

5. Регулятивдик банктык отчеттун түзүмү, курамы, берүү мезгилдүүлүгү, форматы жана мөөнөттөрү ушул Жобого карата 1-тиркемеде келтирилген. 

6. Банктар регулятивдик банктык отчетту консолидацияланган негизде же 1-тиркемеге ылайык башкы кеңсенин жана ар бир филиалдын операциялары боюнча маалыматтарды өз-өзүнчө бөлүп көрсөтүү менен беришет. 

 

4. Регулятивдик банктык отчеттун негизги принциптери жана түзүү эрежелери 

 

7. Регулятивдик банктык отчет электрондук форматта Улуттук банктын регулятивдик банктык отчеттун маалыматтарын чогултуу порталы аркылуу берилет. 

8. Регулятивдик банктык отчетту түзүүдө финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын үзгүлтүксүздүк, эсептөө методу, түшүнүктүүлүк, ишенимдүүлүк жана ачык-айкындуулук, толуктук, салыштыруу, ырааттуулук жана купуялуулук сыяктуу негизги принциптери колдонулууга тийиш. 

9. Регулятивдик банктык отчеттун бланктарын толтурууда төмөнкү эрежелер сакталууга тийиш: 

а) операциялар ишке ашырылган валютанын номиналында чагылдырылууга тийиш (улуттук же чет өлкө валютасында). Мында, чет өлкө валютасындагы маалыматтар камтылган отчеттордо улуттук валютада көрсөтүүлүүчү тилкеде Улуттук банктын операция ишке ашырылган күнгө карата расмий курс боюнча улуттук валютадагы эквивалент чагылдырылууга тийиш; 

б) операциялар отчеттук мезгилде бухгалтердик жана баланстан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде чагылдырылууга тийиш; 

в) отчеттор мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет; 

г) отчеттор банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын электрондук кол тамгасы менен электрондук форматта берилет; 

д) отчеттор белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш. 

 

5. Регулятивдик банктык отчетту берүү тартиби 

10. Регулятивдик банктык отчет Улуттук банкка белгиленген формаларга ылайык, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык электрондук кол тамганы пайдалануу менен электрондук форматта берилет. 

Улуттук банкта регулятивдик банктык отчеттун электрондук форматтары боюнча сын-пикирлери болбосо же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерин четтетүү менен берилсе, регулятивдик банктык отчет Улуттук банк тарабынан кабыл алынды деп эсептелет. 

12 . Банктын финансылык отчетуна жылдык тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин же көз карандысыз аудитордук компаниянын жыйынтык корутундусу боюнча регулятивдик банктык отчет боюнча негиздүү корректировкалар бар болсо, көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусун алгандан кийинки 15 жумуш күнү ичинде корректировкаланган регулятивдик банктык отчетту берүү зарыл. 

13. Регулятивдик банктык отчет, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Улуттук банк жана банктар үчүн иш күнү катары жарыялаган дем алыш жана майрам күндөрү ишке ашырылган бардык операцияларды кошо алганда, ошол мезгил ичинде банкта иш күнү жарыялангандыгына/жарыяланбагандыгына карабастан отчеттук айдын акыркы календардык күнүнө карата абал боюнча өз убагында берилүүгө тийиш. 

14. Кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар бар болсо, регулятивдик банктык отчеттун бланктары толук берилбесе же туура эмес толтурулган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен төмөнкү мөөнөттөрдө отчетту корректировкалоо зарылдыгы жөнүндө билдирет: 

- күндөлүк жана жумалык отчеттор үчүн - 2 жумуш күнү ичинде; 

- ар айлык отчет үчүн - 5 жумуш күнү ичинде; 

- чейректик отчет үчүн - 5 жумуш күнү ичинде; 

- жарым жылдык отчет үчүн - 5 жумуш күнү ичинде; 

- жылдык отчет үчүн - 15 жумуш күнү ичинде. 

Корректировкаланган отчеттор электрондук форматта, жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасын коюу менен регулятивдик банктык отчеттун маалыматтарын чогултуу порталы аркылуу Улуттук банкка берилүүгө тийиш: күндөлүк отчеттор - 1 жумуш күнү ичинде, жумалык отчеттор - 2 жумуш күнү ичинде, калган бардык отчеттор - 3 жумуш күнү ичинде. 

6 . Корутунду жоболор 

15. Регулятивдик банктык отчетто маалыматтардын толук жана анык чагылдырылышы, маалыматтарды салыштыруу мүмкүндүгү жана регулятивдик банктык отчеттун өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик банктын жетекчилигине жана жооптуу кызматкерине жүктөлөт. 

16. Банкта регулятивдик банктык отчеттун маалыматтарын чогултуу порталы аркылуу регулятивдик банктык отчетту жүктөө үчүн жооптуу кызматкерди дайындоо зарыл. Мындан тышкары, бул кызматкерге регулятивдик банктык отчетто камтылган маалыматтарга тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу үчүн жоопкерчилик жүктөлөт. 

17. Регулятивдик банктык отчетту түзүү, контролдоо жана Улуттук банкка берүү процесси ар бир этапта жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдү аныктоо менен банктын ички документтеринде жөнгө салынууга тийиш. 

18. Отчеттордо системалуу түрдө такталбаган маалыматтар берилген болсо жана белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда, банкка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чаралары көрүлүшү мүмкүн. 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме 

Регулятивдик банктык отчеттун (РБО)  

ТҮЗҮМҮ ЖАНА КУРАМЫ  

 

Бөлүк 

Регулятивдик банктык отчеттун аталышы 

Отчеттун мезгилдүүлүгү 

Берүү форматы 

Маалыматтар курамы 

Банктын финансылык абалы жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери жөнүндө отчет 

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

1.1.1 

Активдер 

1.1.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык активдер 

1.2.1 

Милдеттенмелер 

1.2.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык милдеттенмелер 

1.3.1 

Капитал 

1.3.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык капитал 

1.4.1 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

1.4.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

1.5.1 

Системадан тышкары эсепке алуу 

1.5.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык системадан тышкары эсепке алуу 

Банктын финансылык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчет 

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

2.1.1 

Кирешелер 

2.1.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык киреше 

2.2.1 

Чыгашалар 

2.2.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык чыгашалар 

Операциялардын реестри 

 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча маалыматтарды өз-өзүнчө 

3.1 

Улуттук жана эл аралык операциялардын реестри 

Жума сайын, отчеттук мезгилден кийинки жуманын биринчи жумуш күнү  

саат 11:00дөн кечиктирбес-тен 

3.2 

Корреспонденттик эсептер боюнча операциялардын реестри 

3.3 

Электрондук акча менен эсептешүү системалары боюнча улуттук жана эл аралык операциялар 

Консолидацияланган маалыматтар 

3.4 

Коммерциялык банктардын нак/нак эмес чет өлкө валютасы менен операциялары 

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин. 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

3.5 

Коммерциялык банктардын кардарлар менен нак эмес/нак чет өлкө валютасын сомго сатып алуу/сатуу боюнча ички бүтүмдөрү 

 

Пруденциалдык отчеттор 

Отчеттук айдан кийинки айдын биринчи 5 жумуш күнү ичинде/отчеттук жумадан кийинки жуманын биринчи жумуш күнү саат 11:00гө чейин/ кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

4.1.1 

Кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча салмактоо 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде  

 

 

4.1.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча салмактоо  

 

 

4.2 

Операциялык тобокелдик 

4.2.1 

Төлөм системасындагы санкциясыз операциялар жөнүндө маалымат 

4.2.2 

Төлөм системасында санкциясыз операциялар боюнча жүргүзүлгөн доо иштери жөнүндө маалымат 

Чейрек сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде  

4.3 

Башка менчик 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде  

4.4.1 

Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат 

4.4.2 

Акционерлер, кызмат адамдары жана банк менен байланыштуу жактар катышуу үлүшүнө ээ чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндө маалыматтар  

4.4.3 

Акционерлердин/кызмат адамдарынын милдеттенмелеринин бар экендиги жөнүндө маалымат 

4.4.4 

Акционерлердин жана банк менен байланыштуу жактардын туугандык мамилеси бар адамдардын тизмеси 

4.4.5 

Банк менен байланыштуу жактар менен операциялар жөнүндө маалымат (кредиттерди берүү/каржылоо боюнча операцияларды кошпогондо) 

4.5.1 

Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди эсептен чыгаруу жана калыбына келтирүү 

4.5.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди эсептен чыгаруу жана калыбына келтирүү  

4.6.1 

Банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоо 

4.6.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоо 

4.7.1  

Мөөнөттөр боюнча GAP 

4.7.2  

Ислам каржылоо принциптерине ылайык мөөнөттөр боюнча GAP  

4.8 

Банк-корреспонденттер жөнүндө маалымат (анын ичинде лоро-эсептери боюнча) 

4.9 

Экономикалык ченемдер/көрсөткүчтөр 

4.9.1 

Экономикалык ченемдердин сакталышы жана банктын капиталынын кошумча запасын колдоого алуу жөнүндө маалымат («Капитал буфери» көрсөткүчү)  

4.9.2 

Отчеттук мезгил үчүн орточо маанилер (К3.1) 

 

 

4.9.3 

Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет 

4.9.4 

Ликвиддүүлүк ченеминин сакталышы жөнүндө отчет (К3.1) 

Күн сайын (кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин) 

4.9.5 

Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин сакталышы жөнүндө отчет (К3.2) 

Жума сайын (отчеттук жумадан кийинки жуманын биринчи иш күнү саат 11:00гө чейин) 

4.9.6 

Дароо ликвиддүүлүк ченеминин сакталышы боюнча күндөлүк отчет (К3.3) 

Күн сайын (кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин) 

4.9.7 

Жеке адамдар алдында мөөнөттүү депозиттер жана башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет (К 5.1) 

4.9.8. 

Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы жөнүндө отчет (К 5.2) 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде  

4.9.8.2 

Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет (К 5.2) 

Күн сайын (кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин) 

4.9.9 

Баалуу металлдар боюнча ачык позициялар жөнүндө отчет (OPDM) 

Күн сайын (кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин) 

4.9.10 

Ачык валюта позициялары жөнүндө отчет 

4.9.11 

Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө отчет 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде  

4.9.12 

Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентинин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет 

Күн сайын (кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин) 

4.10 

Комплаенс-тобокелдик 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде  

4.10.1 

Ишенимдүү башкаруу боюнча банктык операциялар жөнүндө маалымат 

4.10.2 

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына билдирүүлөрдүн саны жана суммасы жөнүндө маалымат 

4.10.3 

Эсеби боюнча эң эле көп акча жүгүртүүгө ээ кардарлар жөнүндө маалымат 

4.11.1 

Активдерди классификациялоо 

4.11.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо 

4.12.1 

Маалыматтар топтому  

4.12.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык маалыматтар топтому 

4.13.1 

Депозиттер жөнүндө маалымат 

4.13.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык депозиттер боюнча маалымат  

4.14.1 

Пруденциалдык баланс 

4.14.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык пруденциалдык баланс 

4.15.1 

Пайдалар жана чыгымдар жөнүндө пруденциалдык отчет 

 

 

4.15.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык операциялар боюнча кирешелер жана чыгашалар 

Банктын тышкы экономикалык агымы жана запастары жөнүндө отчет 

Чейрек сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20-күнү 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

5.1 

Банктын капиталы жөнүндө маалымат (чет элдик капитал катышкан банктар тарабынан толтурулат) 

5.2 

Банктын чет өлкөлүк ишкананын капиталына катышуусу жөнүндө маалымат (чет өлкөлүк ишканада үлүшү бар банктар тарабынан толтурулат) 

5.3 

Банктын чет өлкөлүк активдеринин кыймылы жана алар боюнча кирешелер 

5.4 

Банктын тышкы милдеттенмелеринин кыймылы жана алар боюнча чыгашалар 

5.5 

Банктын чет өлкө кредиттери боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөөнү болжолдоо (графиги) 

Төлөм карталары жана электрондук капчыктар 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки 5 жумуш күнү ичинде  

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өз- өзүнчө маалымат 

6.1 

Банктык төлөм карталарынын реестри 

6.2 

Банктык төлөм карталары боюнча эсептердеги акча каражаттарынын калдыгы 

6.3 

Электрондук капчыктардын реестри 

Консолидацияланган маалыматтар 

6.4 

Төлөм системалары жөнүндө маалымат 

Ар бир жарым жылда бир жолу, отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен 

Консолидацияланган маалыматтар 

Кардарлардын жана алардын уюштуруучуларынын реестри 

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өз- өзүнчө маалымат 

7.1 

Жеке адамдар (анын ичинде жеке ишкерлер) 

7.2 

Юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) 

7.3 

Уюштуруучулар 

А бөлүгү. Жеке адамдар (анын ичинде жеке ишкерлер) 

B бөлүгү. Юридикалык жактар же коомдук уюмдар 

Банктын жана кардарлардын баалуу кагаздар менен операцияларынын реестри 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде  

 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

8.1 

Банктын жана кардарлардын корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен операцияларынын реестри 

8.2 

Инвестициялардын жана финансылык катышуунун реестри 

Финансы рыногунда банк операциялары 

Жума сайын, жума күндөрү саат 11:00гө чейин 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

9.1 

Банктын кредиттик жана депозиттик операцияларынын реестри 

9.1.1 

Кредиттик операциялардын күрөө реестри 

9.2 

Банктын валюталык операцияларынын реестри 

10 

Депозиттер 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде  

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өз- өзүнчө маалымат 

10.1 

Банктын депозиттик реестри 

10.2 

Аралыктан тейлөө инструменттери 

11 

Банктын кредиттик регистри 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өз- өзүнчө маалымат 

11.1 

Берилген кредит/каржылоо жөнүндө маалымат 

11.2 

Кредит портфели/каржылоо портфели жөнүндө маалымат 

11.3 

Күрөө жөнүндө маалымат 

12 

Аралыкта жайгашкан түзүлүштөр 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

12.1 

Банктын аралыкта жайгашкан түзүлүштөрүнүн реестри 

12.2 

Аралыкта жайгашкан түзүлүш тейлеген төлөм системаларынын аталышы 

13 

Акционерлердин жана кызмат адамдарынын реестри 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

13.1 

Банктын таржымалы 

13.2 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында макулдашуудан/макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызмат адамдары 

13.3 

Банктын акционерлери - жеке адамдар 

13.4 

Банктын акционерлери - юридикалык жактар 

13.5 

Кызмат адамынын иш милдеттерин аткаруусу жана башка компаниялардагы акциялары жөнүндө маалымат 

13.6 

Банктын акционери жеке адамдын башка компаниялардагы акциялары жөнүндө маалымат 

13.7 

Банктын акционери юридикалык жактын башка компаниялардагы акциялары жөнүндө маалымат 

13.8 

Банктын байланыштуу жактары жана түпкү бенефициарлары жөнүндө маалымат 

14 

Чекене агенттери 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

14.1 

Банктын чекене агенттеринин реестри 

14.2 

Банктын чекене агенттери жайгашкан жер 

14.3 

Банктын чекене агенттери көрсөткөн кызматтардын түрлөрү 

15 

Банктын касса жүгүртүүсү жөнүндө отчет 

 

 

 

15.1 

Ай сайын кассага акча каражаттарынын түшүүсү 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өз- өзүнчө маалымат 

15.2 

Ай ичинде кассадан акча каражаттарын берүү 

15.1.1 

Накталай акчанын түшүүсү 

Жума сайын, жума күнү саат 15:00гө чейин 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өз- өзүнчө маалымат 

15.1.2 

Накталай акча берүү 

15.1.3 

Күндүн акырына карата коммерциялык банктын операциялык кассасындагы накталай акчанын калдыгы  

15.1.4 

Күндүн акырына карата Улуттук банктын операциялык кассасындагы накталай акчанын калдыгы  

16 

Банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин реестри 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

Башкы кеңсе, ар бир филиал боюнча өз- өзүнчө маалымат 

16.1 

Валюталык операциялар 

16.2 

Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

17 

Банктын тарифтери жөнүндө отчет 

Чейрек сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

«.xlsx» 

Консолидацияланган маалыматтар 

17.1 

"Жергиликтүү акча которуу системалары" кызматын чечмелөө 

17.2 

"Эл аралык акча которуу системалары" кызматын чечмелөө 

17.3 

Жеке адамдар үчүн башкы кеңселерде жана региондордо депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендер 

17.4 

Юридикалык жактар үчүн башкы кеңселерде жана региондордо депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендер 

17.5 

Башкы кеңселерде жана аймактарда депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендер 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасында регулятивдик банктык отчет» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасында регулятивдик банктык отчет жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоорунун (мындан ары токтом долбоору) максаты регулятивдик банктык отчетту өркүндөтүү жана коммерциялык банктардан кеңири жана толук маалымат алуу үчүн оперативдүү маалыматтарды чогултуу порталын түзүү саналат. 

Токтом долбоорунун максаттарына жетүү үчүн төмөнкү милдеттер аткарылат: 

1. Регулятивдик банктык отчеттун жаңы түзүмү "бир бөлүк - бир тематика" принциби боюнча түзүлгөн; 

2. Маалыматтарды чогултууда “маалымат топтому” ыкмасы ишке киргизилген, атап айтканда, төмөнкү негизги талдоо объекттери жөнүндө маалымат берилген: 

- коммерциялык банк; 

- кардар; 

- депозит; 

- кредит; 

- күрөө

- бүтүмдөрдүн финансылык шарттары; 

- кардарлардын жана коммерциялык банктардын операциялары; 

- банктык төлөм карталары; 

- электрондук акча; 

- банктардын чекене агенттери; 

- аралыкта жайгашкан түзүлүштөр; 

- тобокелдиктер. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Регулятивдик банктык отчет Улуттук банктын функцияларын аткаруу үчүн эң көп колдонулган жана маанилүү маалымат булактарынын бири болуп саналат. 

Белгилей кетсек, коммерциялык банктардын учурдагы мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттуулугу (мындан ары - ПРБО) 37 бөлүктөн турат. Коммерциялык банктардын маалыматы - бул ар башка мезгилде жана маалыматты камтуу деңгээли менен айырмаланган, ошондой эле базалык маалыматтын ошол эле бир көрсөткүчүнүн жалпы суммалары кайталанып берилген маалыматтардын жыйындысы. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, кеңири маалымат берилбеген банктык көрсөткүчтөрдүн олуттуу тизмеги финансылык операцияларды толук чечмелеп берүүгө мүмкүндүк бербейт, жана демек, жетекчилик тарабынан тиешелүү чечимдерди кабыл алуу процессин татаалдаштырышы мүмкүн. 

Мисалы, 2014-жылдан тартып Улуттук банк банктык көзөмөлдү жакшыртуу максатында карыз алуучулардын кредиттик таржымалы жөнүндө маалыматтарды чогулта баштаган. Маалыматтарды чогултуу коммерциялык банктар тарабынан карыз алуучуларга берилген кредиттер боюнча маалыматтарды чогултуу үчүн арналган. Бирок, колдо болгон маалымат анча кеңири жана толук берилген эмес жана алар кредиттик тобокелдикке жана кредиттөө процессине байланыштуу башка тобокелдиктерге шайкеш мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт. Ушундай эле жагдай Улуттук банкка берилген башка маалыматтарда да байкалат. 

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк регулятивдик банктык отчеттун жаңы түзүмүн иштеп чыкты, ал банктардын айрым отчеттук формаларын бириктирет же алмаштырат. 

Жаңы регулятивдик банктык отчеттун долбоору учурда ПРБОдо кездешүүчү төмөнкү олуттуу кемчиликтерди жоюуга багытталган: 

- талдоо үчүн зарыл болгон кеңири маалыматтардын жоктугу; 

- ар башка мезгил аралыгында берилет; 

- жаңы кирген жана чыккан отчетторду түзүү жана колдонууга киргизүү үчүн кыйла узак убакыт (2-3 ай) талап кылынат; 

- ар башка бөлүктөрдөгү маалыматтар кайталанат: мурда колдонуудагы ПРБОнун кирген отчеттору эволюциялык жол менен иштелип чыккан, айрым жаңы отчеттор колдонуудагы регулятивдик отчеттордогу, Улуттук банктын төлөм системаларындагы жеткиликтүү маалыматтарды эсепке албастан киргизилген. Ошентип, учурдагы ПРБОдогу отчеттордун кайталанышы коммерциялык банктардын ишин гана татаалдатпастан, берилген маалыматтардын натыйжасыздыгына жана маалыматтык мазмунунун төмөндүгүнө алып келет; 

- банктардын отчетторунда карама-каршы келген маалыматтардын келип чыгышына алып келет; 

- маалыматты издөө, иштеп чыгуу жана талдоо үчүн Улуттук банктан кошумча убакытты жана ресурстарды талап кылат, ал көбүнчө кол менен жүргүзүлөт; 

- маалыматты жана отчетторду камтыган көптөгөн локалдык каталогдорго жана маалымат базаларына ээ. 

Жогорудагы пункттарды эске алуу менен, учурда статистикалык маалыматтарды даярдоо жана жарыялоо көп ресурстарды талап кыларын жана операциялык тобокелдиктерди жаратышы мүмкүндүгүн белгилей кетүү керек. 

Мындан тышкары, коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу инструменттерин өркүндөтүү максатында Улуттук банк банктарга көзөмөл жүргүзүүнүн жаңы ыкмасын, атап айтканда: тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүктү киргизген. Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк боюнча негизги бизнес-процесстердин бири катары маалыматтарды талдоону автоматташтыруу, ошондой эле алардын пайда болушунун алгачкы баскычында тобокелдиктерди баалоо үчүн зарыл болгон баштапкы маалыматтарды даярдоо саналат, бул да регулятивдик банктык отчеттун жаңы долбоору кабыл алынган учурда чечилиши мүмкүн. 

Ушуга байланыштуу Улуттук банк 17 бөлүктөн турган регулятивдик банктык отчеттун кирген формаларынын долбоорлорун иштеп чыккан: 

1) Банктын финансылык абалы жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери жөнүндө отчет; 

2) Банктын финансылык ишинин натыйжалары жөнүндө отчет; 

3) Операциялардын реестри; 

4) Пруденциалдык отчеттор; 

5) Банктын тышкы экономикалык агымы жана запастары жөнүндө отчет; 

6) Банктын банктык төлөм карталарынын жана электрондук капчыктарынын реестри; 

7) Кардарлардын жана алардын уюштуруучуларынын реестри; 

8) Банктын жана кардарлардын баалуу кагаздар менен операцияларынын реестри; 

9) Банктын финансы рыногундагы операциялары; 

10) Банктын депозиттик реестри; 

11) Банктын кредиттик регистри; 

12) Банктын аралыкта жайгашкан түзүлүштөрүнүн реестри; 

13) Банктын акционерлеринин жана кызмат адамдарынын реестри; 

14) Банктын чекене агенттеринин реестри; 

15) Банктын кассалык жүгүртүүсү жөнүндө отчет; 

16) Банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин реестри; 

17) Банктын тарифтери жөнүндө отчет. 

Жогоруда белгиленген формалардын тизмеси кардарлардын жана коммерциялык банктардын операциялары боюнча маалыматты, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча маалыматтарды чогултууга багытталган. 

Регулятивдик банктык отчеттун 17 бөлүгүнүн ичинен 6 бөлүгүн отчеттор, 11 бөлүгүн реестрлер түзөт. Регулятивдик банктык отчеттун формаларында көптөгөн отчеттор азыркы учурда колдонулуп жаткан ПРБОдо каралбаган толук жана кеңири маалыматтарды алуу үчүн каралган. Мисалы, банктык төлөм карттары, электрондук акчалар, кардарлар, баалуу кагаздар менен операциялар, банктар аралык операциялар, кредиттик келишимдер, аманатчылар, аралыкта жайгаштырылган түзүлүштөр, акционерлер жана кызмат адамдары, банктын чекене агенттери жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча реестрлер иштелип чыккан, бул Улуттук банк коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында толук жана тиешелүү маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. 

Регулятивдик банктык отчетту толтурууда маалыматтарды бирдейлештирүү жана аларды андан ары Улуттук банкта сактоону системага салуу максатында, жумушчу топ коммерциялык банктарга даяр тизмеден керектүү маалыматтарды тандап алууга мүмкүндүк берүүчү жаңы маалымдамаларды иштеп чыккан. Салыштырып карасак, азыркы учурда банктар ПРБОдо 10го жакын гана бирдейлештирилген маалымдамаларды колдонушат, ал эми регулятивдик банктык отчетто 100дөн ашуун стандартташтырылган маалымдамалар бар. 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжалардын, коррупциялык кесепеттердин келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо 

Долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктары козголгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга жана алардын жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүлүүгө тийиш.  

Ушуга байланыштуу, токтом долбоору 2021-жылдын 17-декабрынан тартып 2022-жылдын 1-февралына чейин коомдук талкуудан өтүп, анын жүрүшүндө 14 коммерциялык банктан сунуш-пикирлер келип түшкөн, анын ичинен 3 коммерциялык банктан сын-пикир жана сунуштар түшкөн эмес, 6 коммерциялык банктан түшкөн сын пикирлер жана сунуштар таблицада чагылдырылган (кошо тиркелет). 

Мындан тышкары, коомдук талкуунун алкагында коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен регулятивдик отчеттуулуктун жаңы системасын киргизүүнүн максаттарын жана милдеттерин тактоо үчүн эки онлайн жолугушуу өткөрүлдү

Коммерциялык банктар менен коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча аларды Порталга жүктөө менен жаңы отчеттуулук системасы 2 тесттен өткөрүлдү: биринчи тест 2022-жылдын май айынан августуна чейин, экинчи тест 2022-жылдын 12-декабрынан тартып 2023-жылдын 10-февралына чейин өткөрүлдү. Тестирлөө жөнүндө маалымат А тиркемесинде келтирилген (тиркелет). Эки тест тең оң жыйынтык берди. Биринчи тестирлөөгө 22 коммерциялык банк катышып, регулятивдик банктык отчеттун бардык 17 бөлүгүн толугу менен же жарым-жартылай тапшырып, жумушчу топтун мүчөлөрү коммерциялык банктардын атынан Маалыматтарды чогултуу порталы аркылуу системага жүктөгөн, экинчи тестте 18 коммерциялык банк регулятивдик банктык отчеттун 17 бөлүгүн жарым-жартылай же толугу менен толтурушуп, толтурулган бөлүмдөрдү өз алдынча Маалыматтарды чогултуу порталына жүктөшүп, айкын убакыт ыргагында толтурууда кетирген каталарын көрүшкөн. Орточо алганда, акыркы тесттин жыйынтыгы боюнча регулятивдик банктык отчетту толтуруу пайызы 18 коммерциялык банк тарабынан берилген маалыматтардын жалпы көлөмүнүн 50% жакынын түздү. Автоматташтырылууга тийиш болгон айрым бөлүктөр, так айтканда 3, 7, 10, 11-бөлүктөрдүн көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу, айрым банктар аларды толтуруусуз сунуштаган.  

Бирок, муну да оң натыйжа катары кароого болот, анткени бул ФИНА системасынын функционалдуулугун текшерүүгө мүмкүндүк берди жана коммерциялык банктар регулятивдик банктык отчеттун бөлүктөрүн Порталга кантип жүктөөгө боло тургандыгы жана формаларда эмнелер камтылуусу зарыл экендиги жөнүндө түшүнүк алышты, ошондой эле коммерциялык банктардан бланктарды толтуруу боюнча суроолор да болду. Регулятивдик банктык отчеттун толук толтурулбашы, айрым учурларда маалыматтардын жетишсиздиги, коммерциялык банктар маалыматтарды чогултуу жана берүү процессин автоматташтырууну улантуу үчүн регулятивдик банктык отчеттун бекитилишин күтүп жаткандыгын тастыктоодо. Коммерциялык банктар регулятивдик банктык отчеттун акыркы жана бекитилген формаларын алуу жөнүндө суроолорду беришүүдө

Коомдук талкуунун жана эки тесттин жыйынтыгы боюнча токтом долбооруна жана регулятивдик банктык отчетко өзгөртүүлөр киргизилип, ушундан улам токтом долбоору кайрадан коомдук талкууга коюлду. 

Коммерциялык банктардын катышуусунда регулятивдик банктык отчетту тестирлөө процесси жөнүндө маалымат кошо тиркелет. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо   

Долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоору кабыл алынган шартта, кошумча каражаттарды бөлүү талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуу таасирин талдоо жөнүндө маалымат   

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

  

  

 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

(иштеп чыгуучу органдын аталышы) 

  

  

  

БЕКИТЕМ 

  

  

______________________________________  

(кызмат орду) 

  

  

______________________________________  

(кол тамгасы) 

  

  

20___-жылдын “___” _______________  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

“Кыргыз Республикасында регулятивдик банктык отчет жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбоорунун 

 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

 

 

 

 

Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Улуттук банктын 2022-жылдын 27-октябрындагы № 2022-Пр-121/225-О “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын банктык жөнгө салуу боюнча маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө” буйругу.  

 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо мөөнөттөрү: _______________ _________________ 

(башталышы) (аякташы) 

 

 

 

 

 

 

Жумушчу топтун жетекчиси: 

Э.М.Жапарова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын начальниги 

 

_________ 

 

 

Жумушчу топ: 

М.Б.Исаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн начальниги 

________ 

И.А.Иманходжаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн башчысы. 

________ 

Э.А.Сарыжиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги 

________ 

Ч.А.Биялиева, “Халык Банк Кыргызстан” ААКтын Юридикалык бөлүмүнүн башкы адиси 

 

________ 

Д.М.Мамырбаева, “Дос-Кредобанк” ААКтын юридикалык бөлүмүнүн башчысы 

 

________ 

А.А.  Жораев, “М Булак микрокредиттик компаниясы” ЖЧКсынын ички шарият көзөмөл бөлүмүнүн башчысы 

 

________ 

 

Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: 

Н.А. Ипасова, 31-28-81 , nipasova@nbkr.kg 

(аты-жөнү, телефону, электрондук почтасы) 

  

  

 

 

 

I. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1. Проблема тууралуу маалымат 

Регулятивдик банктык отчет (мындан ары РБО) Улуттук банктын функцияларын аткаруу үчүн эң көп колдонулган жана маанилүү маалымат булактарынын бири болуп саналат. 

Коммерциялык банктардын колдонуудагы мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчету (мындан ары - ПРБО) 37 бөлүмдөн турат. Коммерциялык банктардын маалыматтары ар кандай мезгилдүүлүктө, толуктугу ар кандай даражада жана кайталоолордун болушу менен алынган маалыматтардын топтомунан турат. Алынган маалыматтын көп болушу бир эле негизги маалыматтын ар кандай топторго бөлүнүп берилгендигинде. Бирок, практика көрсөткөндөй, толугу менен чагылдырылбаган банктык көрсөткүчтөрдүн тизмесинин көп болушу финансы операцияларын кеңири ачып бербеши мүмкүн жана тиешелүү түрдө чечим кабыл алуу процессине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, банктардын ишине жүргүзүлгөн талдоонун алкагында маалыматтарды топтоштуруу үчүн жетиштүү жана ыңгайлуу болгон маалыматтардын ошол көлөмүн жана түзүмүн алууга мүмкүндүк бере турган ПРБОнун колдонуудагы формаларын масштабдуу кайра карап чыгуу жана кайра иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты. 

Мындан тышкары, Улуттук банк 2014-жылдан тартып банктык көзөмөлдү жакшыртуу максатында карыз алуучулардын кредиттери боюнча карыздары тууралуу маалыматтарды чогултуп келе жаткандыгын белгилей кетүү керек. Маалымат чогултуу коммерциялык банктар тарабынан карыз алуучулар боюнча берилген кредиттер жөнүндө маалыматтарды чогултууга багытталган. Бирок, кредиттик тобокелдикти жана насыялоо процесси менен байланышкан башка тобокелдиктерди көзөмөлдөө үчүн кененирээк маалымат алуу зарылчылыгына байланыштуу, жаңы РБОнун долбоорунун алкагында азыркы учурдагы муктаждыктарды жаба турган жана ПРБОнун айрым формаларын кайталоону алмаштыра турган жаңы кеңейтилген кредиттик регистрдин долбоору иштелип чыккан. 

Жалпысынан алганда, жаңы РБОнун долбоору бүгүнкү күндө ПРБОдо бар болгон төмөнкү олуттуу кемчиликтерди жоюуга багытталган, башкача айтканда: 

- жаңы кирген жана чыккан отчетторду түзүү жана ишке ашыруу үчүн узак убакыт (2-3 ай) талап кылынат; 

- башка бөлүмдөрдөгү маалыматтарды кайталайт: колдонуудагы ПРБОнун кирген отчеттору мурда эволюциялык жол менен иштелип чыккан, айрым жаңы отчеттор колдонуудагы регулятивдик отчеттордогу жеткиликтүү маалыматтарды, Улуттук банктын төлөм системаларындагы жеткиликтүү маалыматтарды эске албастан киргизилген. Ошентип, колдонуудагы ПРБОдо отчеттордун кайталануусу коммерциялык банктардын ишин татаалдантып гана тим болбостон, берилип жаткан маалыматтардын натыйжасыздыгына жана маалыматтын жетишсиз берилишине алып келет; 

- банктардан ПРБО боюнча отчеттору аркылуу алынган маалыматтарды салыштыруу кыйын; 

- маалыматтарды издөө, иштеп чыгуу жана талдоо үчүн Улуттук банктын кошумча убактысын жана ресурстарын талап кылат, бул көбүнчө кол менен жасалат; 

- маалыматтарды жана отчетторду камтыган жергиликтүү маалымдамалардын жана маалымат базаларынын саны көп. 

 

2. Проблеманын масштабы 

ПРБОнун колдонуудагы формалары банк секторунун өсүшүн, жүргүзүлүп жаткан операцияларды жана банктар өз ишинде туш болгон тобокелдиктерди эске алуу менен жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функцияларын аткаруу максатында зарыл болгон маалыматтардын массивин алуу үчүн жөнгө салуучу тарабынан масштабдуу кайра иштеп чыгууну талап кылат. 

Регулятивдик банктык отчеттун оптималдаштырылган формасын жана түзүмүн киргизүү Улуттук банкка өз функцияларын аткаруу үчүн кеңири жана толугу менен чагылдырылган маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү жана чечимдерди кабыл алуу үчүн актуалдуу маалыматтарды алуунун ыкчамдыгын жогорулатат. 

 

3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу 

Банктык регулятивдик отчеттун жаңы түзүмүн жана формасын иштеп чыгуу жолу менен жогоруда аталган проблемаларды чечүү жаңы банктык регулятивдик отчетту киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Бул маселе мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү менен чечилиши мүмкүн, бул кайталанма маалыматтарды минималдаштырууга жана маалыматтарды бирдейлештирилген маалымдамаларга ылайык системалаштырууга, ошондой эле Улуттук банк тарабынан банктардын ишине тобокелдикке багытталган көзөмөлдү, ошондой эле акча-кредит саясатын жана валюталык жөнгө салууну жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. Тобокелдикке багытталган көзөмөл боюнча негизги бизнес-процесстердин бири маалыматтарды талдоону автоматташтыруу, ошондой эле пайда болгон алгачкы этаптарында эле тобокелдиктерди баалоо үчүн зарыл болгон жыйынтыктарды даярдоо болуп саналат, бул ошондой эле жаңы РБОнун долбоору кабыл алынган учурда чечилиши мүмкүн. 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын (мындан ары - Мыйзам) 6-беренесинин 40-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банк банктардын, банктык топтордун, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын отчет берүүсүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт. 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салууну жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн банктардан, банктык топтордон, банк эмес финансы-кредит уюмдарынан жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардан, алардын акционерлеринен (катышуучуларынан) банктык сырды түзгөн маалыматтарды кошо алганда, кандай гана болбосун маалыматтарды суратып алууга жана алууга укуктуу. 

Мындан тышкары, Мыйзамдын 9-беренесине ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. 

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын иши жана операциялары жөнүндө, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча маалыматтарды топтоого багытталган “Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчеттуулугу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору иштелип чыккан. 

 

4. Эл аралык тажрыйба 

Борбордук (улуттук) банктар маалыматтарды чогултууну автоматташтыруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушат. Россиянын Борбордук банкы менен Казакстандын Улуттук банкы “маалымат-борбордук” ыкманы колдонушат. Ошол эле учурда, учурда Россия Федерациясынын Борбордук банкы менен Казакстандын Улуттук банкы “маалымат-борбордук” ыкмага өтүүнүн үстүндө иштеп жатышат. 

КМШнын борбордук/улуттук банктары колдонгон ыкмалар жана форматтар жөнүндө маалымат. 

 

Өлкө 

Ыкма  

Формат 

Финансылык отчеттуулуктун стандарты 

Армения 

форма-борбордук  

xls, doc 

IFRS, AM GAAP 

Молдова 

маалымат-борбордук 

xbrl, xml 

IFRS, MD GAAP 

Беларусь 

форма-борбордук 

xls, doc 

IFRS, BY GAAP  

Россия Федерациясы 

форма-борбордук (маалымат-борбордукка өтүү

xbrl, xml, edifact, xls 

IFRS, RAS 

Өзбекстан 

форма-борбордук 

xbrl 

IFRS, UZ GAAP 

Казакстан 

форма-борбордук (маалымат-борбордукка өтүү

xbrl,xml 

IFRS, KAZ GAAP 

 

 

Маалымат үчүн: XBRL дүйнөдө кеңири колдонулган ачык бизнес маалымат алмашуу стандарты. XBRL рыноктун катышуучуларынын жана жөнгө салуучу органдардын жалпы отчеттуулук талаптарын семантикалык каражаттарды колдонуу менен билдирүүгө мүмкүндүк берет. Стандарт кеңейтилүүчү XML белгилөө тилине негизделген жана XML Schema, XLink, XPath жана аталыштар мейкиндиги сыяктуу XMLге байланыштуу технологияларды колдонот. XBRL негизги максаттарынын бири финансылык отчет сыяктуу финансылык маалымат алмашууну жөнгө салуу болуп саналат. XBRL тилинин өзгөчөлүгү XBRL International көз карандысыз эл аралык уюму тарабынан иштелип чыгат жана жарыяланат. 

Системаны автоматташтыруу боюнча: 

 

Финансылык отчеттуулуктун стандарты 

Ыкма  

Долбоордун башталышы 

Отчеттун форматы талап кылынабы? 

IFRS 

Форма-борбордукка жакыныраак 

2002 

Кээ бир өлкөлөрдө 2005-жылдан бери милдеттүү 

COREP/FINREP 

Маалымат-борбордук  

2005 

2008-жылдан бери Евробиримдиктин айрым өлкөлөрүндө милдеттүү 

ТӨЛӨМ КӨБӨЛҮМ II 

Маалымат-борбордук  

2012 

2016-жылдын 1-январынан баштап Евробиримдикте милдеттүү 

ECB Statistics  

Маалымат-борбордук  

2011 

ECB 2016-жылы XBRLде отчет бере баштаган 

 

 

II. Жөнгө салууну баяндоо  

 

5. Жөнгө салуунун максаты 

Эл аралык стандарттарга ылайык Кыргыз Республикасынын акча-кредиттик жана финансы статистикасын, төлөм теңдеминин статистикасын жана эл аралык инвестициялык позициясын түзүү үчүн толугу менен чагылдырылган маалыматтарды алуу үчүн регулятивдик банктык отчеттун формасын өркүндөтүү, ошондой эле коммерциялык банктардын, анын ичинде ислам банктарынын жана “ислам терезесине” ээ банктардын ишине натыйжалуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлгөн операциялар боюнча керектүү маалыматтарды ачып берүү жөнгө салуунун максаты болуп саналат

 

6. Сунушталган жөнгө салуу 

Жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианты болуп жаңы регулятивдик банктык отчетту киргизүү саналат. 

Сапаттуу маалыматтык база, натыйжалуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун негизги инструменттеринин бири жана акча-кредиттик жана финансы статистикасын, төлөм теңдеминин статистикасын жана эл аралык стандарттарга ылайык келген эл аралык инвестициялык позицияны түзүү үчүн маанилүү булактардын бири болуп саналат. Демек, регулятивдик банктык отчет максималдуу ачык-айкын, актуалдуу жана толугу менен чагылдырылган болууга тийиш. 

 

7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо 

7.1. Жөнгө салуунун бул түрүнүн күтүлүүчү натыйжалуулугу Улуттук банктын функцияларын аткаруу үчүн коммерциялык банктардан кеңири жана толугу менен чагылдырылган маалыматтарды алууга багытталган. 

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасирлер: 

1) экономикага тийгизген таасири: токтомдун долбоору коммерциялык банктардан маалыматтарды чогултууга багытталган. Ушуга байланыштуу сунушталган жөнгө салуу акча-кредит саясаты жаатында чечимдерди кабыл алуу үчүн, анын ичинде төлөм теңдеминин сапаттуу жана эл аралык стандарттарга ылайык статистикасынын жана акча-кредиттик жана финансы статистикасынын негизинде, коммерциялык банктардын, анын ичинде ислам банктарынын жана “ислам терезесине” ээ банктардын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банктын бизнес процесстерин оптималдаштырат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан түзүлүүчү төлөм теңдеми жана эл аралык инвестициялык позиция боюнча расмий статистика Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тышкы экономикалык саясат жана эл аралык кызматташтык жаатында чечимдерди кабыл алуу үчүн пайдаланылуучу маалыматтардын курамдык бөлүгү болуп саналат; 

2) социалдык чөйрөгө таасири: жөнгө салуу ченемдери банк системасындагы толук жана так маалыматтарды камсыз кылууга багытталган. 

7.3. Жөнгө салууга багытталган негизги кызыкдар тараптардын негизги топторуна күтүлгөн таасир: 

2) ишкерлер: токтомдун долбоору коммерциялык банктардан маалыматтарды чогултууга багытталган. Ушуга байланыштуу коммерциялык банктар тарабынан РБО формаларын автоматташтыруу үчүн финансылык чыгымдар талап кылынаары күтүлүүдө

8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашырууда тобокелдиктерди баалоо 

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү жалпысынан регулятивдик банктык отчет системасын оптималдаштырууга жана автоматташтырууга багытталган. 

Банктык маалыматтарды алуу ыкмасы өзгөрөрүн, башкача айтканда банктардын операциялары, кардарлары жана иши жөнүндө кеңири маалымат сураларын эске алуу менен коммерциялык банктар жөнгө салуучу үчүн маалыматтарды түзүү жана даярдоо системасын өзгөртүшү керек болот, бул системасы автоматташтырылбаган коммерциялык банктар үчүн отчеттуулукту автоматташтыруу үчүн кошумча убакытты жана ресурстарды талап кылат. 

Мындан тышкары, Улуттук банк маалыматтардын толуктугуна жана салыштырмалуулугуна талдоо жүргүзүүсү талап кылынат, ушуга байланыштуу жаңы РБОну киргизүү учурунда тесттик мезгил жана колдонуудагы ПРБОнун формасында болбогон маалыматтарды чогултуу үчүн кошумча убакыт талап кылынат, ал 2023-жылдын 1-июнунан тартып 2023-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилге пландаштырылган. 

9. Атаандаштыктын таасирин баалоо 

Токтомдун долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени долбоор менен айрым ишкерлер үчүн белгилүү бир жеңилдиктер же басмырлоочу шарттар каралган эмес. 

 

10. Кызыкдар тараптардын пикири 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 22-беренесине, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коомдук талкуу жана жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. 

Буга байланыштуу токтом долбоору 2021-жылдын 17-декабрынан 2022-жылдын 1-февралына чейин коомдук талкуудан өтүп, анын жүрүшүндө 14 коммерциялык банктан сын-пикирлер келип түшкөн, анын ичинен 3 банк тарабынан сунуштар жана сын-пикирлер болгон эмес, 6 коммерциялык банк тарабынан сунуштар жана сын-пикирлер берилген, алар 2-тиркемедеги сын-пикирлер таблицасында берилген (тиркелет). 

2022-жылдын февраль айынан 2023-жылдын 30-мартына чейин РБО формаларына өзгөртүүлөр киргизилген, алардын жалпы көлөмү болжол менен 5 пайызды түзөт. 

Мындан тышкары, коомдук талкуунун алкагында коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен регулятивдик отчеттун жаңы системасын киргизүүнүн максаттарын жана милдеттерин тактоо боюнча эки онлайн жолугушуу өткөрүлдү

Коммерциялык банктар менен коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча аларды Порталга жүктөө үчүн жаңы отчеттуулук системасына 2 тесттик сыноо өткөрүлдү: биринчи тест 2022-жылдын май айынан августуна чейин, экинчи тест 2022-жылдын 12-декабрынан 2023-жылдын 10-февралына чейин өткөрүлдү. 3-тиркеме (тиркелет) 

Тестирлөөнүн алкагында РБОнун жумушчу тобу 4-тиркемедеги (тиркелет) маалыматтарды чогултууну толук түшүнүү үчүн, ошондой эле РБОну толтуруу боюнча Нускоонун бөлүмдөрүнүн толук сыпаттамасын иштеп чыгуу үчүн банктардын маселелерин карады. 

 

11. Сунушталган жөнгө салууну тандоону негиздөө 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде токтомдун долбоору төмөнкү аспектилердин аткарылышын камсыз кылгандыктан, кабыл алуу сунушталган: 

- банктардан кеңири жана толугу менен чагылдырылган маалыматты алуу; 

- кайталанма маалыматтарды минималдаштыруу; 

- бирдиктүү маалымдамаларга ылайык маалыматтарды системалаштыруу; 

- Улуттук банк тарабынан банктардын ишине натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү

- актуалдуу маалыматты берүүнүн ыкчамдыгы; 

- тобокелдикке негизделген көзөмөлдүн инструменттерин кеңейтүү

 

12. Тиркеме 

Аналитикалык билдирүүгө тиркелет: 

1. Сунушталган жөнгө салуу боюнча күтүлүп жаткан экономикалык натыйжаларга баа берүү

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасынын регулятивдик банктык отчету жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбооруна банктык комментарийлердин таблицасы; 

3. РБО отчеттун формасын тестирлөөнүн жыйынтыгы; 

4. Банктын тестирлөө процессиндеги суроолорунун журналы; 

5. РБО жана ПРБОну салыштыруу. 

6. АРВ боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук. 


Методические указания по заполнению регулятивной банковской отчетности

Общие справочники

Специальные справочники

Формы РБО