Кайта келүү

Долбоор 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС)  

«Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, банктардын жана төлөм системаларынын операторлордун/төлөм уюмдардын мобилдик тиркемелерин колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн соода-тейлөө ишканаларынын эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) кеңейтүү жана камтуу максатында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64- беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Коммерциялык банктар, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын /төлөм уюмдарынын операторлору жана алардын агенттери 2024-жылдын 1-апрелине чейин туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын соода-тейлөө ишканаларында QR коддорун толук масштабдуу орнотууну камсыз кылышсын: 

1)  Минималдуу чектүү мааниде соода-тейлөө ишканаларынын жалпы санынан жумалык өсүшү (%) менен: 

- соода-тейлөө ишканалардын саны 1-500 учурунда 10 %, бирок 10 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес; 

- соода-тейлөө ишканалардын саны 501-1000 учурунда 7%, бирок 30 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес; 

- соода-тейлөө ишканалардын саны 1001 2000 учурунда 5%, бирок 40 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес; 

- соода-тейлөө ишканалардын саны 2001 ашык учурунда 3%, бирок 50 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес.  

2) Кошумча сапаттык көрсөткүч катары Кыргыз Республикасынын региондорундагы соода-тейлөө ишканаларында QR-коддорунун төмөнкүдөй катышы белгиленсин: 

- мобилдик тиркемеси бар төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары жана алардын агенттери үчүн соода-тейлөө ишканалардын жалпы санынын 40% кем эмес; 

- Кыргыз Республикасынын региондорунда филиалдык тармагы бар банктар  

(20-филиалдан ашык) үчүн соода-тейлөө ишканалардын жалпы санынын 30% кем эмес; 

- калган банктар үчүн соода-тейлөө ишканалардын жалпы санынын 10% кем эмес. 

3. Мобилдик тиркемелери бар коммерциялык банктар, ошондой эле төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана алардын агенттери соода-тейлөө ишканаларына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү үчүн эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу боюнча окутууларды өткөрүү жагында зарыл болгон консультациялык-техникалык жардам көрсөтүшсүн. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

6. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.  

7. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын «____»_______ 

№________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелеринин: 

1) 1-пункту "Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү" дегенден кийин "жана которууларды" деген сөздөр менен толукталсын; 

2) 5-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«Негизги өз ара аракеттенүү оператору - Улуттук банк тарабынан катталган жана өз ара аракеттенүү операторлорунун реестрине киргизилген «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору, ага жаңы өз ара аракеттенүү операторлору кошулууга/интеграцияланууга тийиш.»; 

3) 6.2.-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«6.2. Негизги өз ара иш алып баруу операторуна Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына каршы келген, атаандашууга жол бербөөгө, чектөөгө же четтетүүгө багытталган жана төлөм системаларынын башка катышуучулары алдында негизсиз артыкчылыктарды белгилеген иш-аракеттерди жүргүзүүгө (өзүнүн операциялык эрежелеринде талаптарды белгилөөгө), анын ичинде башка өз ара иш алып баруу операторлоруна туташуудан/интеграциялоодон баш тартууга, Кыргыз Республикасынын бюджетине түздөн-түз багытталган төлөмдөрдү кабыл алууну/өткөрүүнү кошпогондо, айкын экономикалык мааниси жок жана/же тараптардын бири чыгым тартуу менен иш алып баруусун шарттаган келишимдик мамилелерди түзүүгө тыюу салынат. Бул талаптарды бузууга жол бергендиги тууралуу фактылар аныкталган учурда негизги операторго карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат.»; 

4) 7-пунктундагы "башка" деген сөздөр "негизги" дегенге алмаштырылсын; 

5) Ушул Эрежелердин 1-главасы төмөнкү мазмундагы 7.1 жана 7.2-пункттар менен толукталсын: 

«7.1. Жаңы өз ара аракеттенүү оператору негизги өз ара аракеттенүү оператору менен интеграциялоо аяктаган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка QR -кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн операциялык эрежелерин (мындан ары - операциялык эрежелер), техникалык регламентти жана негизги өз ара аракеттенүү оператору менен келишимди берет. Негизги өз ара аракеттенүү оператору менен түзүлгөн келишим ушул Эрежелердин 23.1-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

7.2. Улуттук банкка берилген жана бирден ашык барактарды камтыган операциялык эрежелердин жана техникалык регламенттин ар бир барагы жазылып, көктөлгөн, номерленген, кол коюлган жана жетекчинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн болууга тийиш.”; 

6) 12-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

“- өз ара аракеттенүү операторунун системасы QR- кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча клирингдик файлдарды өткөрүп берүү/алмаштыруу жана ГСРРВда катышуучулардын өз ара эсептешүүлөрүн жүргүзүү үчүн өз ара аракеттенүүнүн негизги операторуна интеграцияланган/кошулган болушу керек.»; 

7) Ушул Эрежелердин 2-главасы төмөнкү мазмундагы 13.1 жана 13.2-пункттар менен толукталсын: 

«13.1. Төлөм системасынын оператору төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясынын жана өз ара аракеттенүү схемасын, өз ара аракеттенүү протоколдорун, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору менен интеграциялык иштерди жүргүзүү мөөнөттөрүн ушул Эрежелердин 7-пунктунун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу үчүн өз ара аракеттенүү операторунун функцияларын жүзөгө ашыруу жөнүндө билдирүү келгенге чейин Улуттук банкка макулдашууга тийиш. Ушул Эрежелердин 12-пунктунун талаптарына шайкештиги тууралуу чек- баракчага арыз ээсинин каты/өз ара аракеттенүү операторунун/операторлорунун каты/өз ара аракеттенүүнүн мөөнөттөрү жана схемалары боюнча алдын ала келишимдин көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш. 

13.2. Ушул Эрежелерге ылайык Улуттук банкка берилген жана бирден ашык баракты камтыган документтер ар бир барагы жазылып, көктөлгөн, номерленген, кол коюлган жана жетекчинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн болууга тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук түрдө берилиши мүмкүн.»; 

8) Ушул Эрежелердин 2-главасы төмөнкү мазмундагы 14.1-пункт менен толукталсын: 

«14.1. Улуттук банк белгиленген мөөнөттө өз ара аракеттенүү операторуна ыйгарылган каттоо номерин көрсөтүү менен аны өз ара аракеттенүү операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтөт. Өз ара аракеттенүү операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.»; 

9) 15-пункту "талаптар" деген сөздөн кийин "7 жана" деген сөздөр менен толукталсын; 

10) Ушул Эрежелердин 2-главасы төмөнкү мазмундагы 15.1 жана 15.2-пункттар менен толукталсын: 

«15.1. Өз ара аракеттенүү оператору өз ара аракеттенүү операторлорунун реестринен чыгарылган учурда, Улуттук банкка берилген документтер жана алардын көчүрмөлөрү арыз ээсине кайтарылып берилбейт. 

15.2. Өз ара аракеттенүү операторунун функцияларын ишке ашыруу үчүн арызды жана документтерди кайра берүүгө өз ара аракеттенүү операторлорунун реестринен чыгарылган күндөн тартып же ушул Эрежелердин 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин жол берилет (бул мөөнөттөр бузулган учурда).»; 

11) 16-пунктундагы "QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн (мындан ары - операциялык эрежелер)" деген сөздөр алып салынсын жана төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Өз ара аракеттенүү оператору ушул Эрежелердин 7-1-пунктунун талаптарына ылайык Улуттук банкка көрсөтүлгөн документтерди берет.»; 

12) Ушул Эрежелердин 3-главасы төмөнкү мазмундагы 23.1-пункт менен толукталсын: 

«23.1. Өз ара аракеттенүү операторлорунун ортосундагы келишим төмөнкү милдеттүү шарттарды камтууга тийиш: 

- QR-кодду колдонуу менен өз ара аракеттенүү жана системалар аралык интеграцияда, төлөмдөрдүн багытын түзүүдөүргүзүүдө жана өз ара эсептешүүлөрдө тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- QR -кодду колдонуу менен системалар аралык интеграцияда, төлөмдөрдүн багытын түзүүдө/ жүргүзүүдө коопсуздукту сактоо боюнча негизги талаптар; 

- тараптардын ишин токтотууга байланыштуу кырдаалдар (лицензияны жокко чыгаруу, банкроттук ж.б.), система менен иштөөдө өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле форс-мажордук кырдаалдар келип чыкканда тараптардын өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча жоопкерчилиги; 

- доо иштерин жүргүзүү тартиби; 

- коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттары бузулган учурда тараптардын ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү

- тарифтер; 

- талаш маселелерди кароо тартиби; 

- келишимди бузуу тартиби. 

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн.»; 

13) 25-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«7) өз ара аракеттенүү оператору ага кошулган төлөм системасынын катышуучуларынын QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн күн сайын клирингдик файлдарды өз убагында түзүүнү камсыздайт жана жалпы клирингдик файлды түзүү үчүн аны негизги өз ара аракеттенүү операторуна жөнөтөт. Мында ар бир өз ара аракеттенүү оператору анын катышуучулары үчүн акыркы эсептешүүлөрдүн кепилдигин камсыз кылууга милдеттүү.»; 

14) 28-пунктундагы "регламенттин" деген сөздөн кийин "ушул Эрежелердин жана башкалардын" деген сөздөр менен толукталсын; 

15) 6-главанын 39-пунктундагы "(документтин сканерден өткөн версиясы)" деген сөздөр алып салынсын; 

16) Ушул Эрежелердин 6-главасы төмөнкү мазмундагы 39.1 жана 39.2-пункттар менен толукталсын.  

«39.1 Өз ара аракеттенүү оператору ушул Эрежелердин 3-тиркемесиндеги формага ылайык QR-коддор аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр жана которуулар жөнүндө маалыматты ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 5 (бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен, электрондук түрдө Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

39.2. Соода жана тейлөө ишканаларын QR-коддор менен камтуу боюнча сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн төлөм системаларынын катышуучулары маалыматтарды жума сайын (ар бейшемби күнү) ушул Эрежелердин 3 жана 4-тиркемелериндеги формаларга ылайык, электрондук формада Улуттук банкка берүүлөрү тийиш.  

17) ушул Эрежелердин 2-тиркемесиндеги "Системалар аралык" деген сөздөн кийин "которуулар" деген сөз менен толукталсын; 

18) ушул Эрежелердин 2-тиркемесиндеги "Системалар аралык төлөмдөр" деген сөздөн кийин "(чыккан)" деген сөз алып салынсын; 

19) Эреже төмөнкү мазмундагы 4-тиркеме менен толукталсын: 

«Эки өлчөмдүү штрих-код  

белгилерин (QR-код) колдонуу  

менен төлөмдөрдү жана 

которууларды жүргүзүү  

эрежелеринин  

4-тиркемеси 

 

Өз ара аракеттенүү оператору аркылуу өткөн транзакциялардын саны жана көлөмү жөнүндө ОТЧЕТ 

 

Өз ара аракеттенүү операторунун аталышы ___________________________________ _________________________ карата абал боюнча 

(ар айлык мезгили көрсөтүлөт) 

 

Ай 

Бир мезгил ичиндеги транзакциялардын саны 

Бир мезгил ичиндеги төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

янв.23 

 

 

фев.23 

 

 

мар.23 

 

 

апр.23 

 

 

май.23 

 

 

июн.23 

 

 

июл.23 

 

 

авг.23 

  

  

сен.23 

  

  

окт.23 

  

  

ноя.23 

  

  

дек.23 

  

  

Жыйынтыгында: 

 

 

 

.»; 

 

20) Эреже төмөнкү мазмундагы 5-тиркеме менен толукталсын: 

«Эки өлчөмдүү штрих-код  

белгилерин (QR-код) колдонуу  

менен төлөмдөрдү жана 

которууларды жүргүзүү  

эрежелеринин  

5-тиркемеси 

 

 

Кардарларга QR-кодду колдонуу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу пландаштырылып жаткан же иш жүзүндө камсыз кылынган соода-тейлөө ишканаларынын жалпы саны боюнча отчет (өсүш тартибинде)  

 

Жумуш күнүнүн акырына карата абал боюнча 2023-жылдын 5-апрели 

Жумуш күнүнүн акырына карата абал боюнча  

2023-жылдын 12-апрели 

Жумуш күнүнүн акырына карата абал боюнча  

2023-жылдын 19-апрели 

...жана андан ары- ар бир шаршембидеги жумуш күнүнүн акырына карата абал боюнча 

план 

факт 

план 

факт 

план 

факт 

план 

факт 

 

21) Эреже төмөнкү мазмундагы 6-тиркеме менен толукталсын: 

«Эки өлчөмдүү штрих-код  

белгилерин (QR-код) колдонуу  

менен төлөмдөрдү жана 

которууларды жүргүзүү  

эрежелеринин  

6-тиркемеси 

 

Товарларга жана кызмат көрөтүүлөргө төлөөлөрдү QR-кодду колдонуу менен кабыл алышкан соода-тейлөө ишканалары боюнча маалымат 

(алардын аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен ) 

 

 

№ 

QR-кодду колдонуу менен төлөөлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар соода-тейлөө ишканасынын аталышы 

Соода-тейлөө ишканасынын жайгашкан жери 

областы 

шаары/айыл өкмөтү/ калк жашаган пункту 

көчө, үй №  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин» бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

 

Учурда колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакциясы 

1. Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүүнүн ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын аймагында эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин жана төлөм шилтемелерин (мындан ары - QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү жана которууларды (мындан ары - төлөмдөр), ошондой эле алар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин белгилейт. 

1. Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүүнүн ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын аймагында эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин жана төлөм шилтемелерин (мындан ары - QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү жана которууларды (мындан ары - төлөмдөр), ошондой эле алар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин белгилейт. 

5. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар 4-пунктта көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларда жана документтерде келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет. 

Эрежелерде буга кошумча төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

 

QR-код - төлөм маалыматтарын берүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгиси. 

 

Төлөм шилтемеси - төлөм маалыматтарын берүү үчүн белгилердин текст түрүндө топтому. 

 

Төлөм маалыматтары - төлөм тууралуу толук маалыматтарды чагылдырган, белгилер топтому. 

 

Өз ара иш алып баруу оператору - ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясына ээ, төлөм системасынын катышуучулары менен техникалык өз ара иш алып барууну жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн клиринг файлдарынын түзүлүшүн камсыз кылган төлөм системасынын оператору. 

 

QR-коддорду түзүү системасы - төлөмдөрдү өткөрүү жана андан ары эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн маалыматтарды даярдоодо QR-коддорду түзүү үчүн автоматташтырылган маалымат системасы. 

 

Төлөм инструменти - колдонуучуга төлөмдөрдү кабыл алуу жана/же акча каражаттарын которуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган төлөм системасынын катышуучусунун төлөм тиркемеси жана/же техникалык чечими. 

5. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер жана аныктамалар 4-пунктта көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларда жана документтерде келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет. 

Эрежелерде буга кошумча төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

 

QR-код - төлөм маалыматтарын берүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгиси. 

 

Төлөм шилтемеси - төлөм маалыматтарын берүү үчүн белгилердин текст түрүндө топтому. 

 

Төлөм маалыматтары - төлөм тууралуу толук маалыматтарды чагылдырган, белгилер топтому. 

 

Өз ара иш алып баруу оператору - ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясына ээ, төлөм системасынын катышуучулары менен техникалык өз ара иш алып барууну жана QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн клиринг файлдарынын түзүлүшүн камсыз кылган төлөм системасынын оператору. 

 

QR-коддорду түзүү системасы - төлөмдөрдү өткөрүү жана андан ары эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн маалыматтарды даярдоодо QR-коддорду түзүү үчүн автоматташтырылган маалымат системасы. 

 

Төлөм инструменти - колдонуучуга төлөмдөрдү кабыл алуу жана/же акча каражаттарын которуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган төлөм системасынын катышуучусунун төлөм тиркемеси жана/же техникалык чечими. 

 

Негизги өз ара аракеттенүү оператору - Улуттук банк тарабынан катталган жана өз ара аракеттенүү операторлорунун реестрине киргизилген «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору, ага жаңы өз ара аракеттенүү операторлору кошулууга/интеграцияланууга тийиш

6.2. Өз ара иш алып баруу операторуна Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына каршы келген, атаандашууга жол бербөөгө, чектөөгө же четтетүүгө багытталган жана төлөм системаларынын башка катышуучуларына карата негизсиз артыкчылыктарды берүү жагында иш-аракеттерди жүргүзүүгө (өзүнүн операциялык эрежелеринде талаптарды белгилөөгө), Кыргыз Республикасынын бюджетине түздөн-түз багытталган төлөмдөрдү кошпогондо, айкын экономикалык мааниси жок жана/же тараптардын бири чыгым тартуу менен иш алып баруусун шарттаган келишимдик мамилелерди түзүүгө тыюу салынат. 

6.2. Негизги өз ара иш алып баруу операторуна Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына каршы келген, атаандашууга жол бербөөгө, чектөөгө же четтетүүгө багытталган жана төлөм системаларынын башка катышуучулары алдында негизсиз артыкчылыктарды белгилеген иш-аракеттерди жүргүзүүгө (өзүнүн операциялык эрежелеринде талаптарды белгилөөгө), анын ичинде башка өз ара иш алып баруу операторлоруна туташуудан/интеграциялоодон баш тартууга, Кыргыз Республикасынын бюджетине түздөн-түз багытталган төлөмдөрдү кабыл алууну/өткөрүүнү кошпогондо, айкын экономикалык мааниси жок жана/же тараптардын бири чыгым тартуу менен иш алып баруусун шарттаган келишимдик мамилелерди түзүүгө тыюу салынат. 

Бул талаптарды бузууга жол бергендиги тууралуу фактылар аныкталган учурда негизги операторго карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат. 

7. Өз ара иш алып баруу операторлору төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин, ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөмдүн өткөрүлүшүн жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүшүн камсыз кылуу үчүн өз ара интеграцияланууга жана иш алып барууга тийиш. Мында өз ара иш алып баруунун жаңы операторлору алар Улуттук банктын өз ара иш алып баруу операторлорунун реестрине кирген күндөн тартып үч ай ичинде башка өз ара иш алып баруу операторлору менен интеграцияны камсыз кылууга тийиш. 

7. Өз ара иш алып баруу операторлору төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин, ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөмдүн өткөрүлүшүн жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүшүн камсыз кылуу үчүн өз ара интеграцияланууга жана иш алып барууга тийиш. Мында өз ара иш алып баруунун жаңы операторлору алар Улуттук банктын өз ара иш алып баруу операторлорунун реестрине кирген күндөн тартып үч ай ичинде негизги өз ара иш алып баруу оператору менен интеграцияны камсыз кылууга тийиш. 

……. 

7.1. Жаңы өз ара аракеттенүү оператору негизги өз ара аракеттенүү оператору менен интеграциялоо аяктаган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка QR -кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн операциялык эрежелерин (мындан ары - операциялык эрежелер), техникалык регламентти жана негизги өз ара аракеттенүү оператору менен келишимди берет. Негизги өз ара аракеттенүү оператору менен түзүлгөн келишим ушул Эрежелердин 23.1-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

7.2. Улуттук банкка берилген жана бирден ашык барактарды камтыган операциялык эрежелердин жана техникалык регламенттин ар бир барагы жазылып, көктөлгөн, номерленген, кол коюлган жана жетекчинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн болууга тийиш. 

12. Өз ара иш алып баруу оператору төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга; 

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (процессинг, клиринг) ишин кеминде 2 жылдан бери жүзөгө ашыруусу; 

- акыркы 12 ай ичинде ага карата Улуттук банк тарабынан эч кандай таасир этүү чаралары (айыптар, төлөмдөрдү кабыл алууга чектөөлөр жана/же лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр, лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, лицензияны кайтарып алуу түрүндө) көрүлбөгөн болууга; 

 

- QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн жана клиринг файлдарды өз убагында түзүүсүн камсыз кылуу; 

....... 

- өз ара иш алып баруу операторунун системасы "Элкарт" улуттук төлөм системасынын операторунун системасына туташтырылууга тийиш; 

- өз ара иш алып баруу операторунун системасы Улуттук банктын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына туташтырылууга тийиш; 

- QR-кодду генерациялоо системасы Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелерге карата 1-тиркеменин талаптарына ылайык келүүгө тийиш; 

12. Өз ара иш алып баруу оператору төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (процессинг, клиринг) сунуштоого Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга; 

- ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо (процессинг, клиринг) ишин кеминде 2 жылдан бери жүзөгө ашыруусу; 

- акыркы 12 ай ичинде ага карата Улуттук банк тарабынан эч кандай таасир этүү чаралары (айыптар, төлөмдөрдү кабыл алууга чектөөлөр жана/же лицензиянын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр, лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, лицензияны кайтарып алуу түрүндө) көрүлбөгөн болууга; 

 

- QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн жана клиринг файлдарды өз убагында түзүүсүн камсыз кылуу; 

- өз ара аракеттенүү операторунун системасы QR- кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча клирингдик файлдарды өткөрүп берүү/алмаштыруу жана ГСРРВда катышуучулардын өз ара эсептешүүлөрүн жүргүзүү үчүн өз ара аракеттенүүнүн негизги операторуна интеграцияланган/кошулган болушу керек;  

- өз ара иш алып баруу операторунун системасы "Элкарт" улуттук төлөм системасынын операторунун системасына туташтырылууга тийиш; 

- өз ара иш алып баруу операторунун системасы Улуттук банктын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына туташтырылууга тийиш; 

- QR-кодду генерациялоо системасы Улуттук стандарттын жана ушул Эрежелерге карата 1-тиркеменин талаптарына ылайык келүүгө тийиш

....... 

13.1. Төлөм системасынын оператору төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясынын жана өз ара аракеттенүү схемасын, өз ара аракеттенүү протоколдорун, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору менен интеграциялык иштерди жүргүзүү мөөнөттөрүн ушул Эрежелердин 7-пунктунун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу үчүн өз ара аракеттенүү операторунун функцияларын жүзөгө ашыруу жөнүндө билдирүү келгенге чейин Улуттук банкка макулдашууга тийиш. Ушул Эрежелердин 12-пунктунун талаптарына шайкештиги тууралуу чек- баракчага арыз ээсинин каты/өз ара аракеттенүү операторунун/операторлорунун каты/өз ара аракеттенүүнүн мөөнөттөрү жана схемалары боюнча алдын ала келишимдин көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш. 

13.2. Ушул Эрежелерге ылайык Улуттук банкка берилген жана бирден ашык баракты камтыган документтер ар бир барагы жазылып, көктөлгөн, номерленген, кол коюлган жана жетекчинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн болууга тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук түрдө берилиши мүмкүн. 

...... 

14.1. Улуттук банк белгиленген мөөнөттө өз ара аракеттенүү операторуна ыйгарылган каттоо номерин көрсөтүү менен аны өз ара аракеттенүү операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтөт. Өз ара аракеттенүү операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

15. Өз ара иш алып баруу операторунун ушул Эреженин 12-пунктунун талаптарына туура келбегендиги аныкталган учурда, аталган өз ара иш алып баруу оператору Кыргыз Республикасынын аймагындагы өз ара иш алып баруу операторлорунун реестринен чыгарылат жана ага карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

15. Өз ара иш алып баруу операторунун ушул Эреженин 7 жана 12-пунктуларынын талаптарына туура келбегендиги аныкталган учурда, аталган өз ара иш алып баруу оператору Кыргыз Республикасынын аймагындагы өз ара иш алып баруу операторлорунун реестринен чыгарылат жана ага карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

 

15.1. Өз ара аракеттенүү оператору өз ара аракеттенүү операторлорунун реестринен чыгарылган учурда, Улуттук банкка берилген документтер жана алардын көчүрмөлөрү арыз ээсине кайтарылып берилбейт. 

15.2. Өз ара аракеттенүү операторунун функцияларын ишке ашыруу үчүн арызды жана документтерди кайра берүүгө өз ара аракеттенүү операторлорунун реестринен чыгарылган күндөн тартып же ушул Эрежелердин 7-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин жол берилет (бул мөөнөттөр бузулган учурда). 

16. Өз ара иш алып баруу оператору QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн өздүк операциялык эрежелерин (мындан ары - операциялык эрежелер) жана Улуттук стандарттын, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен техникалык регламентти иштеп чыгат. 

16. Өз ара иш алып баруу оператору QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн (мындан ары - операциялык эрежелер) өздүк операциялык эрежелерин жана Улуттук стандарттын, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен техникалык регламентти иштеп чыгат. 

Өз ара аракеттенүү оператору ушул Эрежелердин 7-1-пунктунун талаптарына ылайык Улуттук банкка көрсөтүлгөн документтерди берет. 

 

23.1. Өз ара аракеттенүү операторлорунун ортосундагы келишим төмөнкү милдеттүү шарттарды камтууга тийиш: 

- QR-кодду колдонуу менен өз ара аракеттенүү жана системалар аралык интеграцияда, төлөмдөрдүн багытын түзүүдөүргүзүүдө жана өз ара эсептешүүлөрдө тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- QR -кодду колдонуу менен системалар аралык интеграцияда, төлөмдөрдүн багытын түзүүдө/ жүргүзүүдө коопсуздукту сактоо боюнча негизги талаптар; 

- тараптардын ишин токтотууга байланыштуу кырдаалдар (лицензияны жокко чыгаруу, банкроттук ж.б.), система менен иштөөдө өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле форс-мажордук кырдаалдар келип чыкканда тараптардын өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча жоопкерчилиги; 

- доо иштерин жүргүзүү тартиби; 

- коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттары бузулган учурда тараптардын ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү

- тарифтер; 

- талаш маселелерди кароо тартиби; 

- келишимди бузуу тартиби. 

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. 

25. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү үчүн төмөнкүдөй ырааттуу иш-аракеттер аткарылат: 

1) QR-коддорду түзүү системасы аркылуу төлөмдү алуучу тарабында QR-кодду түзүүлөт; 

2) төлөөчү техникалык жабдуулар (смартфон же башкалар) аркылуу түзүлгөн QR-кодду сканерден өткөрөт/төлөм шилтемеси боюнча өткөрөт; 

3) төлөөчү төлөм системаларынын катышуучусу тарабынан автоматтык түрдө сунушталган, төлөм реквизиттерин карап чыгат; 

4) төлөөчү зарылчылыкка жараша төлөм суммасын же реквизиттерин көрсөтөт; 

5) төлөөчү төлөмдү аткарууга жиберүү менен аны тастыктайт; 

6) төлөөчү жана төлөмдү алуучу төлөмдүн өткөрүлгөндүгүн тастыктаган онлайн билдирүү алышат; 

7) өз ара иш алып баруу оператору ага туташтырылган төлөм системаларынын катышуучуларынын QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр үчүн клирингдик файлдардын күн сайын өз учурунда түзүлүшүн камсыз кылат. 

25. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү үчүн төмөнкүдөй ырааттуу иш-аракеттер аткарылат: 

1) QR-коддорду түзүү системасы аркылуу төлөмдү алуучу тарабында QR-кодду түзүүлөт; 

2) төлөөчү техникалык жабдуулар (смартфон же башкалар) аркылуу түзүлгөн QR-кодду сканерден өткөрөт/төлөм шилтемеси боюнча өткөрөт; 

3) төлөөчү төлөм системаларынын катышуучусу тарабынан автоматтык түрдө сунушталган, төлөм реквизиттерин карап чыгат; 

4) төлөөчү зарылчылыкка жараша төлөм суммасын же реквизиттерин көрсөтөт; 

5) төлөөчү төлөмдү аткарууга жиберүү менен аны тастыктайт; 

6) төлөөчү жана төлөмдү алуучу төлөмдүн өткөрүлгөндүгүн тастыктаган онлайн билдирүү алышат; 

7) өз ара иш алып баруу оператору ага туташтырылган төлөм системаларынын катышуучуларынын QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр үчүн клирингдик файлдардын күн сайын өз учурунда түзүлүшүн камсыз кылат 

өз ара аракеттенүү оператору ага кошулган төлөм системасынын катышуучуларынын QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн күн сайын клирингдик файлдарды өз убагында түзүүнү камсыздайт жана жалпы клирингдик файлды түзүү үчүн аны негизги өз ара аракеттенүү операторуна жөнөтөт. Мында ар бир өз ара аракеттенүү оператору анын катышуучулары үчүн акыркы эсептешүүлөрдүн кепилдигин камсыз кылууга милдеттүү

28. QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү төлөм системасынын катышуучусу же өз ара иш алып баруу оператору тарабынан, эгерде ага төлөм системасынын катышуучусу туташкан болсо, өз операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыз кылынууга тийиш. 

28. QR-кодду колдонуу менен өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү төлөм системасынын катышуучусу же өз ара иш алып баруу оператору тарабынан, эгерде ага төлөм системасынын катышуучусу туташкан болсо, өз операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине, ушул Эрежелердин жана башкалардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыз кылынууга тийиш. 

39.Төлөм системаларынын катышуучулары чейрек сайын Улуттук банкка ушул Эрежелерге карата 2-тиркеменин формасына ылайык QR-код аркылуу жүзөгө ашырылган төлөмдөр жана которуулар жөнүндө маалыматтарды отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинен) кечиктирбестен, кагаз түрүндөгү версиясын кошумча жөнөтүү менен электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясын) берүүгө тийиш. 

39.Төлөм системаларынын катышуучулары чейрек сайын Улуттук банкка ушул Эрежелерге карата 2-тиркеменин формасына ылайык QR-код аркылуу жүзөгө ашырылган төлөмдөр жана которуулар жөнүндө маалыматтарды отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинен) кечиктирбестен, кагаз түрүндөгү версиясын кошумча жөнөтүү менен электрондук түрдө берүүгө тийиш. 

 

39.1 Өз ара аракеттенүү оператору ушул Эрежелердин 4-тиркемесиндеги формага ылайык QR-коддор аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр жана которуулар жөнүндө маалыматты ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 5 (бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен, электрондук түрдө Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

39.2. Соода жана тейлөө ишканаларын QR-коддор менен камтуу боюнча сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн төлөм системаларынын катышуучулары маалыматтарды жума сайын (ар бейшемби күнү) ушул Эрежелердин 5 жана 6-тиркемелериндеги формаларга ылайык, электрондук формада Улуттук банкка берүүлөрү тийиш. 

 

 

Эки өлчөмдүү штрих-код  

белгилерин (QR-код) колдонуу  

менен төлөмдөрдү жана 

которууларды жүргүзүү  

эрежелеринин  

4-тиркемеси 

 

Өз ара аракеттенүү оператору аркылуу өткөн транзакциялардын саны жана көлөмү жөнүндө ОТЧЕТ 

 

Өз ара аракеттенүү операторунун аталышы ___________________________________ _________________________ карата абал боюнча 

(ар айлык мезгили көрсөтүлөт) 

 

Ай 

Бир мезгил ичиндеги транзакциялардын саны 

Бир мезгил ичиндеги төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

янв.23 

 

 

фев.23 

 

 

мар.23 

 

 

апр.23 

 

 

май.23 

 

 

июн.23 

 

 

июл.23 

 

 

авг.23 

  

  

сен.23 

  

  

окт.23 

  

  

ноя.23 

  

  

дек.23 

  

  

Жыйынтыгында: 

 

 

 

 

 

«Эки өлчөмдүү штрих-код  

белгилерин (QR-код) колдонуу  

менен төлөмдөрдү жана 

которууларды жүргүзүү  

эрежелеринин  

5-тиркемеси 

 

 

Кардарларга QR-кодду колдонуу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу пландаштырылып жаткан же иш жүзүндө камсыз кылынган соода-тейлөө ишканаларынын жалпы саны боюнча отчет (өсүш тартибинде)  

 

Жумуш күнүнүн акырына карата абал боюнча 2023-жылдын 5-апрели 

Жумуш күнүнүн акырына карата абал боюнча  

2023-жылдын 12-апрели 

Жумуш күнүнүн акырына карата абал боюнча  

2023-жылдын 19-апрели 

...жана андан ары- ар бир шаршембидеги жумуш күнүнүн акырына карата абал боюнча 

план 

факт 

план 

факт 

план 

факт 

план 

факт 

 

«Эки өлчөмдүү штрих-код  

белгилерин (QR-код) колдонуу  

менен төлөмдөрдү жана 

которууларды жүргүзүү  

эрежелеринин  

6-тиркемеси 

 

Товарларга жана кызмат көрөтүүлөргө төлөөлөрдү QR-кодду колдонуу менен кабыл алышкан соода-тейлөө ишканалары боюнча маалымат 

(алардын аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен ) 

 

 

№ 

QR-кодду колдонуу менен төлөөлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар соода-тейлөө ишканасынын аталышы 

Соода-тейлөө ишканасынын жайгашкан жери 

областы 

шаары/айыл өкмөтү/ калк жашаган пункту 

көчө, үй №  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) банктардын жана төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелерин колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн соода жана тейлөө ишканаларында QR-коддорун кеңейтүү жана камтуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн региондорго жетишсиз деңгээлде жайылышы жана Бишкек шаарында жана областтык борборлордо төлөм системаларынын концентрациялануу проблемасы калууда. 

Накталай эмес төлөмдөрдүн колдонууга кирүү деңгээли накталай эмес төлөмдөр үчүн аралыкта орнотулган жабдууларды, өзгөчө региондордо көбөйтүү үчүн төлөм системасынын катышуучуларынын олуттуу инвестицияларды салуу зарылдыгы менен колдоого алынат. Мындай шарттарда товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүүдө, ошондой эле мобилдик тиркемелерде QR-кодду колдонуу менен акча каражаттарын которууда QR-кодду кабыл алган соода жана тейлөө түйүндөрүнүн көбөйүшү калктын төлөм кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, банктардын жана төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелерин колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн соода-тейлөө ишканаларынын эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) көбөйтүү жана кеңири жайылтуу максатында, токтом долбоорунда чакан соода-тейлөө ишканаларында (базарлар, таксилер жана тез тамактануучу жайлар ж.б.) да QR-коддорду толук масштабдуу орнотуу үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча төмөнкү талаптарды киргизүү сунушталат: 

1) Коммерциялык банктар, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын/төлөм уюмдарынын операторлору жана алардын агенттери соода жана тейлөө ишканаларынын жалпы санынын жума сайын өсүшү (%) менен минималдуу чектүү мааниде QR коддорун киргизсин: 

· соода-тейлөө ишканалардын саны 1-500 учурунда 10 %, бирок 10 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес; 

· соода-тейлөө ишканалардын саны 501-1000 учурунда - 7%, бирок 30 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес; 

· соода-тейлөө ишканалардын саны 1001 2000 учурунда 5%, бирок 40 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес; 

· соода-тейлөө ишканалардын саны 2001 ашык учурунда 3%, бирок 50 соода-тейлөө ишканасынан кем эмес.  

2) Кошумча сапаттык көрсөткүч болуп Кыргыз Республикасынын региондорундагы соода жана тейлөө ишканаларындагы QR коддорунун төмөнкү катышын белгилөө саналат: 

• мобилдик тиркемеси бар төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары жана алардын агенттери үчүн соода-тейлөө уюмдарындагы жалпы санынын кеминде 40%; 

• Кыргыз Республикасынын региондорунда филиалдык тармагы (20дан ашык филиалы) бар банктар үчүн соода-тейлөө ишканаларынын жалпы санынын кеминде 30%; 

• башка банктар үчүн соода-тейлөө ишканаларынын жалпы санынын кеминде 10%. 

Мындан тышкары, QR-коддорду жайылтуу жана киргизүү боюнча практикалык тажрыйбанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен бекитилген “Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR код) пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелеринин” айрым пункттарын бардык катышуучулар бир тараптуу түшүнүүсү, колдонуусу жана аткаруусу үчүн, толуктоо жана тактоо боюнча өзгөртүүлөр киргизилди, атап айтканда: 

• «негизги өз ара аракеттенүү оператору» түшүнүгү киргизилди, ага төлөм системаларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык жаңы өз ара аракеттенүү операторлору кошулууга тийиш; 

өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу протоколуна ылайык, төлөм системасынын оператору төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн схемасын, өз ара аракеттенүү протоколдорун, ошондой эле өз ара аракеттенүү операторунун функцияларын ишке ашыруу жөнүндө Улуттук банкка кабар бергенге чейинки өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору менен интеграциялык иштердин мөөнөттөрү, документтерди кайталап берүү мөөнөтү ж.б.;  

өз ара аракеттенүү операторунун статусун алууда өз ара аракеттенүү операторун Улуттук банк тарабынан өз ара аракеттенүү операторлорунун реестрине киргизүү/чыгарып салуу тартибине тактоолор киргизилген; 

• жаңы өз ара аракеттенүү операторлорун кошуу жана аларды иштеп жаткан операторлор менен интеграциялоо боюнча - өз ара аракеттенүү операторлорунун ортосундагы келишимге талаптар белгиленген; 

өз ара эсептешүүлөр жана эсептешүү банктары үчүн негизги өз ара аракеттенүү оператору тарабынан бирдиктүү клирингдик файлды түзүү жана ар бир өз ара аракеттенүү оператору тарабынан анын катышуучулары үчүн акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн кепилденгендиги боюнча QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү максатында, күн сайын клирингдик файлдарды өз убагында түзүү үчүн тактоолор киргизилди; 

• берилүүчү отчет үчүн - отчет берүү формасына жана мөөнөтүнө өзгөртүүлөр киргизилген (өз ара аракеттенүү операторлору үчүн ай сайын, төлөм системаларынын катышуучулары үчүн соода-тейлөө ишканаларына QR-коддорун киргизүү боюнча алардын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн аткаруусуна мониторинг жүргүзүү үчүн - жума сайын). 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык терс натыйжаларды болжолдоо  

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.  

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат  

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына коомдук талкууга сунуштоо үчүн жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат  

Токтом долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.  

 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу малымат  

Мыйзам долбооруна карата жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 10-августундагы №444 бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жүргүзүлөт.