Кайта келүү

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу; 

- 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Башкарманын мүчөлөрү М. Аттокуров 

М. Жакыпов 

У. Жамалидинов 

К. Куленбеков  

Р. Сейткасымова  

З. Чокоев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «____» __________ 

№___________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобонун: 

1-тиркемесинин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Кредиттик союздун катышуучусун идентификациялоого мүмкүндүк берген инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматындагы документтин көчүрмөсү.»; 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө» жобонун:  

10-тиркемесиндеги: 

- III главанын: 

1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Эгерде, чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген суммага барабар болсо же андан ашып кетсе, нак чет өлкө валютасын сатып алуу кардарды инсандыгын тастыктаган документинин (сүрөтү менен кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документинин) негизинде милдеттүү түрдө идентификациялоо менен жүргүзүлөт. Кассир нак акчанын суммасын кардардын катышуусунда санап чыгат жана кардар сунуштаган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкноттор кардардын көз алдында текшерилүүгө тийиш.»;  

4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Эгерде, чет өлкө валютасын сатуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген суммага барабар болсо же андан ашып кетсе, нак чет өлкө валютасын сатуу кардардын инсандыгын тастыктаган документинин (сүрөтү менен кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документинин) негизинде аны милдеттүү түрдө идентификациялоо менен жүргүзүлөт. Кассир нак акчанын суммасын кардардын катышуусунда санайт жана кардар сунуштаган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкноттор кардардын көз алдында текшерилүүгө тийиш.»; 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча» нускоонун: 

6-пунктунун: 

- 1-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) инсандыгын идентификациялоо жана алардын көчүрмөсүн алуу үчүн, кардардын жана ишеним каттын негизинде иш жүргүзгөн анын ишеним көрсөткөн адамынын (эгер бар болсо) инсандыгын тастыктаган документтердин түп нускасы кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документ;»;  

- 1-пунктчасынын он үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) эгерде, бенефициардык ээси кардар болуп саналбаса, анын инсандыгын тастыктаган документинин кагаз жүзүндөгү же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтин көчүрмөсү;»; 

- 2-пунктчасынын тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) кардардын ишеним көрсөтүлгөн адамынын инсандыгын тастыктаган документи кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документи (эгер болсо) (банкка түп нускасы берилет, андан көчүрмөсү алынат);»; 

- 2-пунктчанын он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) эгерде, бенефициардык ээси кардар болуп саналбаса, анын инсандыгын тастыктаган документинин кагаз жүзүндөгү же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документинин көчүрмөсү;»; 

2-пунктчасынын он алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Эскертүү. Ушул Нускоо күчүнө киргенге чейин түзүлгөн жана ушул убакытка чейин колдонулуп жаткан сактоо келишими боюнча банк бенефициардык ээсинин аты-жөнү тууралуу зарыл маалыматтарды, ошондой эле эгерде ал кардар болуп саналбаса, бенефициардык менчик ээсинин инсандыгын тастыктаган документтин кагаз жүзүндөгү же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтин көчүрмөсүн алууга тийиш.»; 

- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Кардарда сейфтин ачкычы (сейфке механикалык кулпу салынган болсо), анын инсандыгын тастыктаган документ кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документ жана зарылчылыгына жараша кардардын ал сейфти пайдаланууга ыйгарым укугун тастыктаган башка документтер болгон учурда, ошондой эле тараптар тарабынан сактоо келишиминин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген шарттары аткарылган шартта гана кардар сейфти пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.»;  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 « Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

- 38-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Кардардын атынан иш алып барган жак өзүнүн ким экендигин тастыктаган документти кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документти, ошондой эле эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин далилдеген документтерди көрсөтүүгө тийиш.»; 

- 40-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кардардын инсандыгын тастыктаган документ (39-пунктта көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, көчүрмөсү алынган түп нуска кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документ таанышып чыгуу үчүн берилет);»; 

- 42-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Эгерде кардар (ата-энеси, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жак) баланын пайдасына эсеп ачса, анда ал эсеп анын пайдасына ачылып жаткандыгы жөнүндөгү маалыматты; эсеп ачып жаткан адам жөнүндө маалыматты (ата-энесинин, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактын ким экендигин тастыктаган документти кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документи) камтыган өтүнүч катты; баланын ким экендигин тастыктаган документти (паспорт кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документ же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн); эсептеги акча каражаттарын тескөөгө укуктуу болгон адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточканы берүүгө тийиш.»; 

- 43-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) юридикалык жактын акча каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документ (жеке тейлөө учурунда көчүрмөсү алынган түп нуска кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документ таанышып чыгуу үчүн берилет).»; 

1-тиркемеде: 

- 5-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта же инсандыгын тастыктаган мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документ);»; 

- 5-пунктунун 1-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- айдоочунун күбөлүгү кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы күбөлүгү (кардардын банктык эсеби үчүнчү жактар тарабынан, ошондой эле банкта эсеби бар кардарлар тарабынан гана толукталган шартта);»; 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

1-тиркемесиндеги: 

- 1-пункттун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүндүк берген, анын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтин көчүрмөсү;»; 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк жана иши каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобонун:  

1-тиркемесинин: 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Кредиттик союздун кардарын идентификациялоого мүмкүндүк берген инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтин көчүрмөсү.»; 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 27-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) персоналды ишке кабыл алууда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү, анын ичинде мүнөздөмөсүн жана сунуштамасын, резюмесинин тактыгын жана толуктугун, билимин жана квалификациясын, ошондой эле инсандыгын тастыктаган документтерин (кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтерин);»; 

- 36-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) жеке адамды идентификациялоо инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн (кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтин) негизинде жүзөгө ашырылат. Насыялык таржымалды пайдалануучунун же субъекттин өкүлү кайрылган учурда анын инсандыгын тастыктаган күбөлүгү жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишеним кат (ыйгарым укук чегерүү) текшерилет;»; 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун: 

- 37-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«37. Кардардын атынан иш алып барган жак кагаз жүзүндө инсандыгын тастыктаган документин же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документин, ошондой эле эсеп ачуу үчүн тиешелүү ыйгарым укукка ээ экендигин далилдеген документтерди көрсөтүүгө тийиш.»;  

- 39-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) кардардын инсандыгын тастыктаган документи (38-пунктта көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, андан көчүрмө алынган кагаз жүзүндө документтин түп нускасы кароо учурунда берилет же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документ берилет);» 

- 41-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41. Эгерде кардар (ата-энеси, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жак) жашы жете элек баланын пайдасына эсеп ачса анда ал эсеп анын пайдасына ачылып жаткан адам жөнүндө маалыматты; эсеп ачып жаткан адам жөнүндө маалыматты (ата-энесинин, башка мыйзамдуу өкүлү же үчүнчү жактын кагаз жүзүндө инсандыгын тастыктаган документи же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документи) камтыган арызды; жашы жете элек баланын кагаз жүзүндө инсандыгын тастыктаган документин (паспорт же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документин же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн); эсептеги акча каражаттарын тескөөгө укуктуу болгон адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточканы берүүгө тийиш.» 

- 42-пунктунун 9-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдын кагаз жүзүндө инсандыгын тастыктаган документи же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документи (жеке тейлөө учурунда андан көчүрмө алынган түп нускасы сунушталат).»; 

1-тиркеменин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Кардарды идентификациялоо жол-жобосунда кардардын инсандыгын сүрөтү чапталган жана анын инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндө документтин же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтин негизинде аныктоо (жашы жете элек балдар болсо сүрөт талап кылынбайт), бенефициардык ээсин аныктоо, ушул Нускоого ылайык кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды топтоо болжолдонгон.»; 

- 4-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кардар-юридикалык жак боюнча банк эсебин ачууда, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдө банк эсеп ачууга жана/же кардардын эсебиндеги акча каражаттарын тескөө укугуна ээ адамдардын инсандыгын тастыктоого тийиш (инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндө документтин же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтин негизинде).» 

- 5-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документ);» 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун:  

- 27-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) эгерде чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы 70000 сомго (же операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелген чет өлкө валютасына эквиваленттүү суммага) барабар болсо же андан ашса, кардарды идентификациялоо, ошондой эле кардар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкандыгы жөнүндө маалымат камтылган санкциялык тизмеде жана жактар, топтор жана уюмдар тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү анын инсандыгын тастыктаган документтин (сүрөтү менен кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтин) негизинде жүргүзүлөт;»; 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 6-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 1) 70000 сомдон 1000000 сомго чейинки суммага (же операция (бүтүм) ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу менен эсептелген чет өлкө валютасына эквиваленттүү суммага) нак улуттук жана/же чет өлкө валютасын сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланыштуу бир жолку операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылганда, инсандыгын тастыктаган документтин негизинде кардардын инсандыгын аныктоо иштери жүргүзүлөт.  

Инсандыгын тастыктаган документтерге төмөнкүлөр кирет:  

- Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча:  

а) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылы чыккан үлгүдөгү паспорту (ID-карта же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы инсандыгын тастыктаган документ);  

б) идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылы чыккан үлгүдөгү паспорту (ID карта же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы инсандыгын тастыктаган документ);  

в) Жарандык абалды каттоо актылары органынын жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жарандары үчүн;  

г) аскердик билет;  

д) айдоочунун күбөлүгү (кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы күбөлүгү);  

- чет өлкө жарандары боюнча:  

а) чет өлкө жаранынын паспорту;  

б) Кыргыз Республикасында убактылуу жашоо укугун тастыктоочу документ; 

- жарандыгы жок адамдар боюнча - Кыргыз Республикасында убактылуу жашоого укугун тастыктоочу документ;  

- качкындар боюнча:  

а) качкын деп табуу жөнүндө өтүнүчтү каттоо күбөлүгү;  

б) качкын күбөлүгү.  

Кардардын инсандыгын аныктоодон тышкары алмашуу бюросунун кызматкерлери алар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышкандыгы жөнүндө маалымат камтылган санкциялык тизмеде жана жактар, топтор жана уюмдар тизмегинде бар же жок экендигин текшерүүсү зарыл.»; 

- 2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кардарды талаптагыдай текшерүү - бул кардарды идентификациялоо: кардар-жеке адамдын инсандыгын аныктоо: аты-жөнүн, жашаган жерин, туулган жылын, жарандыгын - инсандыгын тастыктаган документтин (сүрөтү менен кагаз жүзүндө же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтин) жана чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында убактылуу жашоого укугун тастыктаган документтин негизинде же жашаган (катталган) жерин же убактылуу жашап турган дарегин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (болгон болсо) же социалдык коргоо күбөлүгүнүн номерин, акча каражаттарын же мүлктү тескөөгө ыйгарым укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка маалыматтарды аныктоо.»; 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

2-тиркемесинин: 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Катышуучуну идентификациялоого мүмкүндүк берген кагаз жүзүндө инсандыгын тастыктаган документтин же мамлекеттик маалыматтык системалардан алынган санарип форматтагы документтин көчүрмөсү.»; 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна  

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы кабыл алынган № 637 «Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан..  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Токтом долбоорунда Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган (салыштырма таблицасы кошо тиркелет): 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу; 

- 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо. 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат  

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын  

19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына түздөн-түз тиешелүү болгон, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо  

Сунушталып жаткан токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат  

Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрында № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 4-пунктунун 4-пунктчасынын, аларды юридикалык күчү боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү жагындагы жоболоруна ылайык, сунушталып жаткан токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн эмес.