Кайта келүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна  

өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 5 жана 6-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын. 

- 8-пунктундагы «1-майына чейин» деген сөздөр «1-ноябрына чейин» дегенге алмаштырылсын. 

2. Токтом 2023-жылдын 28-апрелинен тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, «Кепилдик фонд» ААКты тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

Төраганын милдетин аткаруучу З. Чокоев  

Башкарманын мүчөлөрү: М. Аттокуров  

М. Жакыпов  

У. Жамалидинов  

К. Куленбеков Р. Сейткасымова 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  2022-жылдын  

18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

1. Максаттары жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары - токтом долбоору) 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомдун (мындан ары - токтом) колдонуу мөөнөтүн узартуу зарылдыгына байланыштуу иштелип чыкты. Токтом 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында куралдуу кагылышуунун натыйжасында коммерциялык банктардын/микрофинансылык уюмдардын жабыркаган кардарларына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош областтарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. 

Токтом долбоору жалпысынан коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары тарабынан Баткен областында жашаган жана/же ишкердик кылган карыз алуучуларга кредит берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелерин жөнгө салууга багытталган. 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Баткен жана Ош областтарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү, ошондой эле Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган жарандардын жашоосу жана уюмдардын ишкердикти жүргүзүүсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 22-сентябрында № 313 «Баткен жана Ош областтарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте көрүлүүчү чаралар жөнүндө» Жарлыкка (мындан ары Жарлык) кол койгон. 

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигине келтирилген зыянды баалоо боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн.  

2022-жылдын 30-октябрында Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын № 2 чечими (мындан ары - Мамлекеттик комиссиянын чечими) кабыл алынган. 

Мамлекеттик комиссиянын чечиминин 11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) 2022-жылдын 18-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен областында катталган жана чарба ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттерге коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан карыздык каражаттарды берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү тууралуу каралган тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тапшырма берилген. 

Көрсөтүлгөн чечимди аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2022-жылдын 18-ноябрында токтом кабыл алынган. 

Аталган токтомго ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит/кепилдик алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароо, ошондой эле кредиттерди/кепилдиктерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгуу боюнча сунуштарын берген.  

Токтомдо кредиттерди/кепилдиктерди алууда карыз алуучулар тарабынан берилүүчү документтер боюнча Улуттук банктын талаптарын жеңилдетүү ченемдери каралган.  

Мындан тышкары, токтомго ылайык, карыз алуучуларга кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттердин көлөмү көбөйтүлүп, керектөө кредиттерин берүүдө кредит боюнча ай сайын пландалган төлөмдөрдүн орточо айлык жалпы кирешеге карата катышы кайра каралып чыкты. 

Токтомдун аткарылышы тууралуу маалымат: 

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-мартына чейинки мезгил аралыгында финансы-кредит уюмдары тарабынан Баткен областынын тургундарына 3 884,4 млн сомго 36 299 кредит берилген (анын ичинен: коммерциялык банктар 2 839 млн сом суммасындагы 14 378 кредит жана БФКУ 1 045,4 млн сом суммасындагы 21 921 кредит);  

- «Кепилдик фонду» ААК Баткен областынын тургундарына 129,4 млн сом суммасындагы 255 кредит боюнча кепилдик берген.  

2022-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Өзгөчө кырдаал абалын киргизүү жөнүндө» №284-б буйругу менен Баткен областынын аймагында өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, ал азыркы мезгилде да күчүндө экендигин белгилей кетүү зарыл. 

Буга байланыштуу, ошондой эле Баткен областын калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди эске алуу менен, Баткен областында катталган жана чарба ишин жүргүзүп жаткан ишкердик субъекттерин колдоо максатында, токтом долбоорунда токтомду колдонуу мөөнөтүн 2023-жылдын 1-ноябрына чейин, башкача айтканда 6 айга узартуу сунушталууда. 

Ошол эле учурда, 2023-жылдын 5-апрелинде Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдик маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого кредиттик рейтингдин негизинде карыз алуучуларга берилүүчү кредиттердин суммасын көбөйтүү, ошондой эле керектөө кредиттерин берүүдө кредит боюнча ай сайын пландалган төлөмдөрдүн орточо айлык жалпы кирешеге катышын өзгөртүү жагында өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, токтомдун 5 жана 6-пункттарын күчүн жоготкон катары таануу сунушталат.  

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын келип чыгышы мүмкүндүгүн болжолдоо 

Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Токтом долбоору убактылуу мүнөзгө ээ жана анда Баткен областында жашаган жана/же чарба жүргүзгөн карыз алуучуларды өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган чаралар каралат.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү, ошондой эле, ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга сунушталууга тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий интернет сайтында жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоо   

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каражат бөлүү талап кылынбайт. 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына» ылайык, токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо талап кылынбайт. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 

18-ноябры № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

Колдонуудагы редакция  

Сунушталган редакция 

Банк системасынын жана банк эмес сектордун туруктуулугун сактоо, карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында болуп өткөн куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн № 284-б буйругунун негизинде Баткен областында 2022-жылдын 16-сентябрынан тартып киргизилген өзгөчө кырдаал режимин эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Төмөнкү сунуш-көрсөтмөлөр берилсин:  

- коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар:  

1) Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароо;  

2) кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгуу жана Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуга кредиттерди берүү боюнча жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана тездетүү жагында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо, анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу карыз алуучулардан керектүү документтерди алуу боюнча процесстерди автоматташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;  

- «Кепилдик фонд» ААК:  

1) Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредиттери боюнча кепилдиктерди берүүгө билдирмелерди артыкчылыктуу тартипте кароо;  

2) кепилдик берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгуу жана Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредиттери боюнча кепилдиктерди берүү боюнча жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана тездетүү жагында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо;  

3) Баткен областында жашаган жана/же ишкердикти жүргүзгөн карыз алуучуларга берилүүчү кредиттерди камсыздоо үчүн кепилдиктерди жеңилдетилген шарттарда, анын ичинде кепилдик өлчөмү боюнча берүү мүмкүнчүлүгүн кароо.  

2. Банктар жана микрофинансылык уюмдар Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуларга алардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин жана/же маалыматтардын негизинде кредиттерди берүүгө укуктуу.  

3. Банктар жана микрофинансылык уюмдар Баткен областында жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучуга кредит берүүдө, ошондой эле «Кепилдик фонд» ААК кредит боюнча кепилдиктерди берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарында каралган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган белгиленген формадагы документти (күбөлүктү) же мамлекеттик каттоосуз ишкердик иш жүргүзгөндүгүн тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн карыз алуучудан талап кылбоого укуктуу.  

4. Банктар жана микрофинансылык уюмдар Баткен областында чарба ишин жүргүзгөн юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден (резиденттерден) банкка жана микрофинансылык уюмга Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иштөө боюнча нускоодо каралган, кредит алуу максатында эсеп ачууда салык төлөөчүнүн салыктык каттоодон өткөндүгү фактысы жөнүндө салык кызматы органынын документин берүүсүн талап кылбоого укуктуу

5. Банктар кредит алуу үчүн арыз менен банкка биринчи жолу кайрылган (жаңы кардарлар), Баткен областында жашаган жана/же ишкердик ишин жүргүзгөн карыз алуучуларга кредиттик рейтингдин негизинде 200 000 сомго чейин, ал эми мурда ушул банктан кредит алган банк кардарларына (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ, кайра кайрылган кардарларга-жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге) 500 000 сомго чейинки өлчөмдө кредит берүүгө укуктуу.  

5. күчүн жоготкон катары таанылсын. 

6. Банктар жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар кредит боюнча пландаштырылган ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) карыз алуучунун орточо айлык чогуу алгандагы кирешесине карата катышы төмөнкүнү түзгөн шартта гана карыз алуучуга улуттук валютада керектөө кредитин берүүгө укуктуу:  

- эгерде орточо айлык жалпы киреше 500 эсептик көрсөткүчтөн аз болсо, 40 пайыздан ашык эмес;  

- эгерде орточо айлык жалпы киреше 500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдү түзсө, 50 пайыздан ашык эмес;  

- эгерде жалпы орточо айлык киреше 2000 эсептик көрсөткүчтөн көп болсо 60 пайыздан ашык эмес.  

Мында бул пункттун талаптары кредиттик рейтингдин негизинде берилүүчү кредиттерге жайылтылбайт.  

6. күчүн жоготкон катары таанылсын. 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12\25-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу кошумча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.  

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12\25-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу кошумча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын

8. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-майына чейин колдонулат.  

8. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-ноябрына чейин колдонулат.  

9. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

9. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алгандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

10. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, «Кепилдик фонд» ААКты, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

11. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн

11. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн